1 Иордандын аркы љйєзєндљгє Паран менен Топелдин, Лабан менен Хатсейроттун жана Ди-Забамдын аралыгында жайгашкан Суфтун каршысындагы тєзљњ чљлдљ Мусанын Ысрайыл элине айткан сљздљрє.
2 Хорептен Сеир тоосу аркылуу Кадеш-Барнейиге чейин он бир кєндєк жол.
3 Ысрайыл элинин Мисирден чыкканына кырк жыл болгондо, он биринчи айдын биринчи кєнє Тењир эмнени буйруса, ошонун бардыгын Муса Ысрайыл уулдарына айтты.
4 Муса бул мыйзамды Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду жана Эдрейдеги Аштаротто жашаган Башан падышасы Огду љлтєргљндљн кийин,
5 Иордандын аркы љйєзєндљ, Маап жеринде мындай деп тєшєндєрљ баштады:
6 «Кудай-Тењирибиз Хорепте бизге мындай деп айткан эле: “Бул тоодо жетишерлик жашадыњар.
7 Жолго чыккыла, аморлуктар жашаган тоого, аларга коњшулаш жаткан тєздєккљ, тоолорго, ойдуњ жерлерге, тєштєк аймагына, дењиз жээгине, Канаан жерине, Лебанонго, атєгєл, улуу Эфрат дарыясына чейин баргыла.
8 Мен силердин ата-бабаларыњар Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка жана алардын укум-тукумуна берем деп убада кылган жерди силерге бердим. Барып, ал жерди мураска алгыла”.
9 Мен силерге ошол учурда: “Мен силерди љзєм жалгыз алып бара албайм.
10 Кудай-Тењирињер силерди кљбљйттє. Силер азыр асмандагы жылдыздардай кљбљйдєњљр.
11 Ата-бабаларыњардын Кудай-Тењири силерди азыркыдан мињ эсе кљбљйтсєн. Ал Љзє айткандай, силерге батасын берсин.
12 Силердин кыйынчылыктарыњарды, тєйшєктљрєњљрдє, чыр-чатактарыњарды љзєм жалгыз кантип кљтљрљм?
13 Ар бир уруудан акылдуу, эстєє, сындан љткљн адамдарды тандап алгыла, мен аларды силерге эл башчы кылып коёюн”, – дегем.
14 Ошондо силер мага: “Жакшы нерсени айтып жатасыњ”, – дегенсињер.
15 Мен силердин ар бир урууњардан акылдуу, сындан љткљн, белгилєє адамдарды алып, урууларыњарга мињ башы, жєз башы, элєє башы, он башы, кљзљмљлчє кылып койгом.
16 Мен ошондо силердин башкаруучуларыњарга мындай буйрук бергем: “Бир туугандарыњардын талаш-тартыштарын угуп, бир тууганыњар менен бир тууганыњардын ортосунда, бир тууганыњар менен келгиндин ортосунда адилет сот жєргєзгєлљ.
17 Сот ишинде бет карамалык кылбагыла, чоњ-кичине дебей, бирдей уга билгиле. Эч кимден коркпогула, анткени сот жєргєзєє – Кудайдын иши. Силер єчєн оор болгон ишти мага айткыла, аны мен угайын”.
18 Мен ошондо силерге аткарышыњар керек болгон бардык ишињер жљнєндљ буйрук бергем.
19 Ошентип, биз Кудай-Тењирибиз буйругандай, Хорептен чыгып, аморлуктардын тоосун кљздљй, силер кљргљн ушул эбегейсиз чоњ, коркунучтуу чљлдє басып, Кадеш-Барнейиге келдик.
20 Ошондо мен силерге мындай дегем: “Силер Кудай-Тењирибиз берип жаткан аморлуктардын тоосуна келдињер.
21 Кудай-Тењирињ бул жерди сага берди, ата-бабаларыњардын Кудай-Тењири айткандай, бар да, ал жерди ээлеп ал. Коркпо да єрљйєњдє учурба”.
22 Бирок баарыњар мага келип: “Ал жерди байкап келе турган, биз жєрљ турган жолдорду, биз бара турган шаарларды кљрєп, алар тууралуу маалымат алып келе турган адамдарды љзєбєздљн мурда жљнљтљлє”, – дегенсињер.
23 Бул сљз мага жагып, ар бир уруудан бирден адам – он эки адам тандагам.
24 Алар жљнљп кетишти. Тоого чыгып, Эшкол љрљљнєнљ барып, ал жерди карап чыгышты.
25 Ал жердин тєшємєнљн бизге алып келишти. Маалымат беришти да: “Кудай-Тењирибиз бизге берип жаткан жер жакшы жер экен”, – деп айтышты.
26 Бирок силер баргыњар келбей, Кудай-Тењирињердин буйругуна каршы болдуњар.
27 Чатырларыњарда отуруп алып, минтип наалыдыњар: “Тењир бизди жек кљргљндєктљн, аморлуктардын колуна салып берип, кырып салуу єчєн, Мисир жеринен алып чыгыптыр.
28 Эми биз кайда барабыз? Бир туугандарыбыз жєрљктє тєшєрєп: «Ал эл бизден кљп да, чоњ да экен. Алардын шаарлары чоњ, бийик дубалдар менен курчалган экен. Биз ал жерден Анактын алп уулдарын да кљрдєк», – дешти”.
29 Ошондо мен силерге мындай дегем: “Жєрљгєњљр тєшпљсєн, алардан коркпогула.
30 Кудай-Тењирињер силердин алдыњарда бара жатат. Анын Мисир жеринде силер єчєн кандай кєрљшкљнєн кљрдєњљр, эми да так ошондой кєрљшљт.
31 Сен чљлдљн бул жерге жеткенге чейин, жолду катар Кудай-Тењирињ сени атасы баласын кљтљргљндљй кљтљрєп келгенин кљрдєњ”.
32 Бирок силер ошондо да Кудай-Тењирињерге ишенген жоксуњар.
33 Ал силерге токтогонго жай таап, тєн ичинде от болуп, кєндєз булут болуп жол кљрсљтєп, силердин алдыњарда жєрдє.
34 Тењир силердин сљздљрєњљрдє укканда, каарданып, мындай деп ант берген:
35 “Мен силердин ата-бабаларыњарга берем деп убада кылган жер соорусун бул элдин ичинен, бул ниети жаман тукумдун ичинен эч ким кљрбљйт.
36 Аны Жепундун уулу Калеп гана кљрљт. Тењирге баш ийгендиги єчєн, басып љткљн жерин ага жана балдарына берем”.
37 Силердин айыњардан Тењир мага да каарданып, мындай деди: “Ал жерге сен да кирбейсињ.
38 Ал жерге сенин жаныњдагы Нундун уулу Жашыя кирет. Аны дайында, анткени ал Ысрайылды ошол жерди ээлеткени алып барат.
39 Ал жерге душманга олжо болуп калат деген балдарыњар, жаман-жакшыны ажырата билбеген уулдарыњар барат. Ал жерди аларга берем, ал жерди ошолор ээлешет.
40 Силер болсо артыњарга кайрылып, Кызыл дењизди карай кеткен жол менен чљлгљ жљнљгєлљ”.
41 Ошондо силер мага: “Биз Тењирдин алдында кєнљљгљ баттык, Кудай-Тењирибиз бизге буйругандай, барабыз да салгылашабыз”, – деп, ар кимињер согуш куралын асындыњар, тоого чыкканды оњой кљрдєњљр.
42 Бирок Тењир мага мындай деди: “Аларга мындай деп айт: «Тоого чыкпагыла, салгылашпагыла, анткени Мен силер менен болбойм, душманыњар силерди кыйратып салат»”.
43 Мен силерге айткам, бирок силер мени укпай, Тењирдин буйругуна каршы чыктыњар, љжљрлєк кылып тоого чыктыњар.
44 Ошондо ошол тоодо жашаган аморлуктар силерге каршы чыгып, силерди Сеир тоосунан Хорманын љзєнљ чейин аары талагандай артыњардан кууп барып талкалады.
45 Силер кайрылып келип, Тењирдин алдында ыйладыњар, бирок Тењир силердин ыйыњарды уккан жок, силерге кљњєл бурган жок.
46 Ошентип, силер Кадеште кљп убакыт туруп калдыњар.
1 Биз кайра артка кайрылып, Тењирдин мага айтканы боюнча Кызыл дењизди карай кеткен жол менен чљлгљ жљнљдєк. Ошентип, биз Сеир тоосунун тегерегинде кљпкљ жєрдєк.
2 Анан Тењир мага мындай деди:
3 “Бул тоонун тегерегинде жетишерлик эле жєрдєњљр, тєндєктє карай кеткиле.
4 Элге мындай буйрук бер: «Силер Сеирде жашаган бир тууганыњар Эйсаптын уулдары жашаган жерлерден љтљсєњљр. Алар силерден коркушат, бирок алар менен согушпагыла, сак болгула.
5 Мен силерге алардын жеринен алакандай да жер бербейм, анткени Сеир тоосун Эйсаптын карамагына бергем.
6 Тамакты алардан кємєшкљ сатып алып жегиле, сууну алардан кємєшкљ сатып алып ичкиле.
7 Анткени Кудай-Тењирињ сенин бардык ишиње батасын берип, ушул эбегейсиз чоњ чљлдљ жер кезип жєргљнєњдљ калкалап келген. Кудай-Тењирињ сени менен кырк жыл бирге болду. Сен эч нерседен кем болгон жоксуњ»”.
8 Ошентип, биз Эйлат менен Этсион-Геберден чыгып, Сеир тоосунда жашаган бир тууганыбыз Эйсаптын уулдарынын жанынан тєздєк менен Маап чљлєнљ бет алдык.
9 Тењир мага мындай деди: “Мааптыктар менен касташпа да согушпа. Мен сенин карамагыња анын жеринен бербейм, анткени Ар шаарын Лот уулдарынын энчисине бергем.
10 Мурун ал жерде Анактын уулдарындай алп, узун бойлуу, кљп сандаган эймимдер жашаган.
11 Алар репалыктардын арасында Анактын уулдары болуп эсептелишчє. Мааптыктар болсо аларды эймимдер дешет.
12 Сеирде болсо мурун хориликтер жашачу, бирок Эйсаптын уулдары ал жерди тартып алышкан. Ысрайыл эли Тењир мураска берген жерди кантип ээлеп алса, Эйсаптын уулдары да аларды жок кылып, алардын жерин ошентип ээлеп алышкан”.
13 Тењир мага: “Жыйналып, Зерет љрљљнєнљн љткєлљ”, – деди. Ошондо биз Зерет љрљљнєнљн љттєк.
14 Биз Кадеш-Барнейиден чыгып, Зерет љрљљнєнљн љткљнгљ чейин отуз сегиз жыл љттє. Биздин арабыздагы согушка жараган эркек аттуунун баары кырылды, анткени Тењир аларга ушундай убада берген.
15 Биздин арабыздан аларды жок кылыш єчєн, алар кырылып жок болгончо, Тењир Љз колун алардын єстєнљн алган жок.
16 Согушка жараган эркек аттуунун баары љлгљндљн кийин,
17 Тењир мага мындай деди:
18 “Сен азыр Маап чек арасы Ардын жанынан љтєп,
19 амондуктарга жакындап калдыњ. Алар менен касташпа да согушпа. Мен сенин энчиње амондуктардын жеринен бербейм, анткени ал жерди Лоттун уулдарынын энчисине бергем”.
20 Ал жер репалыктардын да жери болуп эсептелчє. Мурун ал жерде репалыктар жашачу. Амондуктар болсо аларды зумзумдуктар дешет.
21 Алар Анактын уулдарындай алп, узун бойлуу, кљп сандаган эл болгон. Тењир аларды амондуктардын кљз алдында кырып салган. Амондуктар алардын жерин ээлеп алып, ошол жерге отурукташып калышкан.
22 Тењир Сеирде жашаган Эйсаптын уулдарынын кљз алдында хориликтерди кырып салгандай эле, амондуктар да аларды кууп, алардын жерине отурукташып, бєгєнкє кєнгљ чейин жашап калышты.
23 Каптордон чыккан капторлуктар да Азанын тегерегиндеги айыл-кыштактарда жашаган абахтыктарды кырып, алардын ордуна отурукташып алышты.
24 Тењир мага: “Жыйналып, жолго чыккыла да, Арнон суусунан љткєлљ. Эми Мен Кешпон падышасы аморлук Сихонду жери менен кошо колуња берем. Ал жерди ээлей башта, аларга каршы согуш ач.
25 Мен бєгєндљн баштап жер єстєндљгє элдерди сенден коркуп, єрљйє уча тургандай кылам. Сен жљнєндљ уккандар сенден коркуп, єрљйє уча турган болушат”, – деген.
26 Анан мен Кедемот чљлєнљн Кешпон падышасы Сихонго тынчтык жљнєндљ сєйлљшкљнє элчилерди жљнљттєм. Алар ага мындай деп айтышты:
27 “Сенин жерињен љтєєгљ уруксат эт. Мен жол менен љтљм, оњго да, солго да кайрылбайм.
28 Тамак-ашты мага кємєшкљ сат, сатып алып жейин; сууну да кємєшкљ сат, сатып алып ичейин да, бутум баскан жер менен гана љтєп кете берейин.
29 Сеирде жашаган Эйсаптын уулдары менен Арда жашаган мааптыктар мага кандай кылышса, Кудай-Тењирибиз берип жаткан жерге Иордан аркылуу љтєп кеткенче, сен да ошондой кыл”.
30 Бирок Кешпон падышасы Сихон бизди љз жеринен љткљрєєгљ макул болгон жок, анткени Кудай-Тењир аны сенин колуња салып бериш єчєн, љзєњ кљрєп тургандай, аны катаалдантып, љжљрлљнтєп салган.
31 Анан Тењир мага мындай деди: “Эми Мен сага Сихонду жери менен кошо колуња салып бере баштайм, анын жерин ээлей башта”.
32 Ошондо Сихон бєт эли менен бизге каршы Жааста согуш ачты.
33 Кудай-Тењирибиз аны биздин колубузга салып берди, биз анын љзєн да, балдарын да, бєт элин кырып салдык.
34 Биз ошол учурда анын бардык шаарларын басып алып талкалап салдык, эркектерин да, аялдарын да, балдарын да тирєє калтырган жокпуз.
35 Бирок биз басып алган шаарлардагы алардын мал-мєлкєн олжолоп алдык.
36 Арнон суусунун жээгиндеги Аройер шаарынан тартып љрљљндљ жайгашкан шаардан тартып Гилатка чейин биз басып албаган бир да шаар калган жок. Бардыгын Кудай-Тењирибиз биздин колубузга салып берди.
37 Кудай-Тењирибиз бизге тыюу салган амондуктардын жерине, Жабок суусунун тегерегиндеги жерлерге, тоо койнундагы шаарларга гана жакындаган жоксуњ.
1 Биз ал жерден бурулуп, Башанга бет алдык. Башан падышасы Ог љз эли менен Эдрейдин жанында бизге каршы согуш ачты.
2 Ошондо Тењир мага: “Андан коркпо, анткени аны бєт эли-жери менен кошо сенин колуња салып берем. Сен Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду кандай кылсањ, аны да ошондой кыласыњ”, – деди.
3 Анан Кудай-Тењирибиз Башан падышасы Огду бардык эли менен биздин колубузга салып берди. Биз алардын эч кимисин тирєє калтырбай кырып салдык.
4 Биз ошол учурда анын бардык шаарларын басып алдык. Алардын биз басып албаган бир да шаары калган жок. Алтымыш шаарды, аргоптуктардын бєт аймагын, Башан падышасы Огдун падышачылыгын басып алдык.
5 Бул шаарлардын бардыгы бийик дубалдар менен курчалган, дарбазалары бекем кулпулар менен бекитилген шаарлар экен. Булардан сырткары дубал менен курчалбаган кљптљгљн шаарларды басып алдык.
6 Кешпон падышасы Сихондун бєт шаарларын талкалап, эркектерин, аялдарын, балдарын кырып салгандай, аларды да талкалап, элин кырып салдык.
7 Ал эми алардын шаарларындагы мал-мєлкєн олжолоп алдык.
8 Биз ошол учурда аморлук эки падышанын колунан Иордандын берки љйєзєндљгє Арнон суусунан Хермон тоосуна чейинки жерлерди тартып алдык.
9 Сидондуктар Хермонду Сирион дешет, аморлуктар болсо аны Сенир дешет.
10 Тєздєктљгє бардык шаарларды, бєткєл Гилат жерин, Салха менен Эдрейге чейинки бєткєл Башан жерин, Башан падышасы Огдун шаарларынын бардыгын басып алдык.
11 Репалыктардын ичинен Башан падышасы Ог гана калды. Анын жаткан орду темирден, ал азыр амондуктар жашаган Рабеде турат. Эркектердин чыканагы менен ченегенде, анын узундугу тогуз чыканак, туурасы тљрт чыканак.
12 Биз ошол учурда Арнон суусунун жээгиндеги Аройерден тартып Гилат тоолоруна чейинки шаарларды басып алдык. Гилат тоосунун жарымын шаарлары менен Рубейин, Гат урууларына бердим.
13 Ал эми Гилаттын калган жарымын, Ог падышачылык кылган бєт Башан жерин, Башан жериндеги Аргоп аймагын Менашенин жарым уруусуна бердим.
14 Менашенин уулу Жайыр Гешур менен Маах чегине чейин жаткан бєткєл Аргоп аймагын басып алып, Башан аймагын љз аты менен Жайыр кыштактары деп атады. Ал азыр да ушундай аталат.
15 Махирге мен Гилатты бердим.
16 Ал эми Рубейин менен Гат уруусуна Гилаттан Арнон суусуна чейин, Арнондон Амон уулдарынын чек арасы болгон Жабок суусуна чейин бердим.
17 Ошондой эле Кинереттен тартып чыгышты карай кеткен Пизги тоосунун этегинде жаткан Туздуу дењизге чейинки тєздєктє жана батыш чек арасы болуп эсептелген Иорданды бердим.
18 Мен ошол учурда силерге мындай буйрук бергем: “Кудай-Тењирињер ушул жерлерди бєт бойдон силердин энчињерге берди. Согушка жараганыњардын баары куралданып, бир тууганыњар болгон Ысрайыл уулдарынын алдында жљнљгєлљ.
19-20 Тењир силерге берген тынчтыкты бир туугандарыњарга да бермейинче жана алар Кудай-Тењирињер берип жаткан Иордандын аркы љйєзєндљгє жерлерди ээлеп алышмайынча, аялдарыњар, балдарыњар, малыњар гана мен берген шаарларда калышсын. Ээлеп алышкандан кийин гана ар бирињер мен берген љз энчињерге кайтып келесињер”.
21 Ошол учурда Жашыяга да мындай осуят бергем: “Кудай-Тењирињер ушул эки падышаны эмне кылганын љз кљзєњ менен кљрдєњ. Тењир сен басып љтљ турган падышачылыктарды да ошондой кылат.
22 Алардан коркпогула, анткени силердин Кудай-Тењирињер силер єчєн Љзє кєрљшљт”.
23 Мен ошол учурда Тењирге мындай деп сыйынгам:
24 “О Эгедер Тењирим, Сен Љз кулуња Љзєњдєн улуулугуњ менен кєчтєє колуњду кљрсљтљ баштадыњ, анткени асманда да, жерде да Сен кылган иштерди кыла ала турган, Сенин кудуретињди кљрсљтљ ала турган кудай жок!
25 Мени Иордандын аркы љйєзєнљ љткљрєп, жер соорусун, эњ кооз тоону жана Лебанонду кљрсљт”.
26 Бирок Тењир силердин айыњардан мага каарданып, мени укпай, мага мындай деди: “Болду, жетишет, мындан ары Мага ал тууралуу айтпа.
27 Пизги тоосунун чокусуна чыгып, дењиз жакка, тєндєккљ, тєштєккљ, чыгышка кљз чаптырып, љз кљзєњ менен кљрєп ал, анткени сен мына бул Иордандан ары љтпљйсєњ.
28 Жашыяга акыл-насаат айтып, дем-кєч берип бекемде, анткени ал элди жетектеп, сен кљз чаптырып кљрљ турган жерди аларга энчилеп бљлєп берет”.
29 Ошентип, биз Бейт-Пейордун каршысындагы љрљљнгљ келип токтодук.
1 Ошондуктан, Ысрайыл, љлєп калбашыњар єчєн жана ата-бабаларыњардын Кудай-Тењири берип жаткан жерге барып, аны мурастап алышыњар єчєн, мен силерге аткарууну єйрљтєп жаткан кљрсљтмљлљр менен мыйзамдарды ук.
2 Мен силерге эмнени осуяттасам, ага эч нерсе кошпогула да, андан эч нерсе албагыла. Кудай-Тењирињер берген осуяттарды аткаргыла.
3 Тењирдин Баал-Пейорду эмне кылганын љз кљзєњљр менен кљрдєњљр. Баал-Пейорду ээрчиген адамдарды Кудай-Тењирињ силердин арањардан кырып жок кылды.
4 Силердин арањардан Кудай-Тењирињерге жабышкандары азыркыга чейин тирєє.
5 Мен силерге Кудай-Тењирим берген мыйзамдар менен кљрсљтмљлљрдє єйрљттєм. Ээлегени бара жаткан жерге барганыњарда, ушуларды аткаргыла.
6 Ушуларды сактагыла жана аткаргыла, анткени башка элдердин алдындагы силердин акылдуулугуњар менен эстєєлєгєњљр ушунда. Алар бул мыйзамдарды угуп: “Ушул улуу эл гана даанышман да, акылман да экен”, – деп айтышат.
7 Качан чакырса да, ушунчалык жакын болгон биздин Кудай-Тењирибиздей кудайы бар улуу эл барбы?
8 Мен бєгєн силерге берип жаткан мыйзамдай ушунчалык адилеттєє мыйзамдары менен кљрсљтмљлљрє бар улуу эл барбы?
9 Сак бол, жаныњды бек сакта, љз кљзєњ менен кљргљн иштерди унутпа, аларды љмєрєњ љткљнчљ жєрљгєњдљн чыгарба. Аларды балдарыња, балдарыњдын балдарына єйрљт.
10 Сен Хорепте Кудай-Тењирињдин алдында турган кєн тууралуу, ошондо Тењирдин мага: “Элди Мага жыйнап кел, Мен аларга сљзємдє айтам, ал сљздљн алар жер єстєндљгє бєт љмєрєндљ Менден коркуп жєрєєнє єйрљнєшљт, аны балдарына да єйрљтєшљт”, – дегенин айт.
11 Ошондо силер чогулуп келип, тоонун этегинде турдуњар. Тоо болсо асманга жете жалындап кєйєп, булут жана карањгылык каптап турган.
12 Ошондо Тењир силерге от ичинен сєйлљгљн. Силер Анын сљздљрєн уктуњар, бирок бейнесин кљргљн жоксуњар, силер Анын єнєн гана уктуњар.
13 Ал силер аткара турган он осуяттан турган Љзєнєн келишимин жарыялап, эки таш лоокко жазган.
14 Тењир мага ошол учурда ушул мыйзамдар менен кљрсљтмљлљрдє силерге єйрљтєєнє буйруду. Аларды љзєњљр барып ээлеп ала турган жерде аткарышыњар керек.
15 Хорепте Тењир силерге от ичинен сєйлљгљн кєнє Анын бейнесин кљрбљгљнєњљр эсињерден чыкпасын.
16 Бузуктук кылып, балбалдарды, эркектин же аялдын тєспљлєндљгє жалган кудайларды,
17 жер єстєндљ жашаган кандайдыр бир жаныбардын, асман астында учкан кандайдыр бир канаттуунун,
18 жерде сойлоп жєрєєчє кандайдыр бир сойлоочу жаныбардын, жерден тљмљн жаткан суулардагы кандайдыр бир балыктын тєспљлєн жасабагыла.
19 Асманды карап, кєндє, айды, жылдыздарды жана асман кошуунун кљрєп, аларга азгырылып, таазим кылып кызмат кылба, анткени Кудай-Тењирињ аларды жер єстєндљ жашаган бардык элдер єчєн жараткан.
20 Силерди болсо Тењир Љзєнєн эли кылып алыш єчєн, темир эритєєчє мештен, Мисирден, алып чыкканын љзєњљр кљрєп турасыњар.
21 Тењир силердин айыњардан мага каарданып, мени Иордандын аркы љйєзєнљ љткљрбљйм деп убада бергендиктен, мен эми Кудай-Тењирињ сенин энчиње берип жаткан жер соорусуна кирбейм.
22 Мен эми Иордандан ары љтпљй, ушул жерде љлљм. Силер болсо андан ары љтєп, ошол жер соорусун ээлейсињер.
23 Кудай-Тењирињердин силер менен тєзгљн келишимин унутуп, Кудай-Тењирињер буйругандай, бир нерсенин тєспљлєндљгє жалган кудай жасагандан сак болгула.
24 Анткени Кудай-Тењирињ – жалмап салуучу от, кызганчаак Кудай.
25 Балалуу, неберелєє болуп, жер єстєндљ узак жашап калганда, бузуктук кылып, бир нерсенин тєспљлєн кудай кылып алып, Кудай-Тењирињердин алдында ушундай кыянаттык кылып, Аны каардантсањар,
26 анда силерге асман менен жерди кєбљ кылып айтып коёюн: Иордандан љтєп мураска ала турган жерињерден кљп узабай айрыласыњар, ал жерде кљпкљ турбайсыњар, кырыласыњар.
27 Тењир силерди башка элдердин арасына таратып жиберет. Тењир силерди алып барган элдердин арасында азыњар гана каласыњар.
28 Ал жерде адамдардын колу менен жасалган, кљрбљгљн, укпаган, тамак жебеген, жыт сезбеген, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларга табынып каласыњар.
29 Бирок сен ал жерде Кудай-Тењирињди издесењ, Аны табасыњ. Эгерде Аны чын жєрљгєњдљн, жан-дилињ менен издей турган болсоњ, анда табасыњ!
30 Башыња мєшкєл тєшкљндљ, айтылгандардын баары башыња тєшкљндљ, акыркы кєндљрдљ Кудай-Тењириње кайрылып, Ага моюн сунасыњ.
31 Кудай-Тењирињ – боорукер Кудай, Ал сени таштабайт да љлтєрбљйт, Ал сенин ата-бабаларыњ менен тєзгљн, анты менен бекемдеген келишимин унутпайт.
32 Кудай адамды жараткан кєндљн тартып сенин убагыња чейинки байыркы мезгилдер жљнєндљ сура, асмандын бир четинен экинчи четине чейин сура: ушундай улуу иш болду беле же ушундай ишти бирљљ укту беле?
33 От ичинен сєйлљгљн Кудайдын єнєн сендей болуп угуп тирєє калган эл барбы?
34 Же болбосо љзєњљр кљргљндљй, силерди Мисирден жазалары, жышаандары, кереметтери, согуштары, кєчтєє колу, зор коркунучу менен алып чыккан Кудай-Тењирињерге окшоп кайсы элдин кудайы љзєнєн элин башка элдин арасынан алып чыкты эле?
35 Тењир гана Кудай экенин жана Андан башка Кудай жок экенин билишињ єчєн, сага ушуларды кљрсљттє.
36 Сени єйрљтєш єчєн, асмандан єнєн угузду, жерде Љзєнєн улуу отун кљрсљттє, сен Анын єнєн от ичинен уктуњ.
37 Ал сенин ата-бабаларыњды сєйгљндєктљн, алардын кийинки укум-тукумун – силерди тандап алып, Љзєнєн улуу кєчє менен Мисирден Љзє алып чыкты.
38 Азыр кљрєп турганыњдай, сенден кљп, сенден кєчтєє элди сенин алдыњан кууп чыгып, сени ал жерге алып барып, алардын жерин сага энчилеп берген.
39 Ошондуктан азыр Тењир гана Кудай экенин, жогорку асманда, тљмљнкє жер бетинде Андан бљлљк Кудай жок экенин билип, кљњєлєњљ тєйєп ал.
40 Кудай-Тењирињ тєбљлєккљ берип жаткан жерде кљпкљ жашашыњ єчєн, сага да, сенден кийинки балдарыња да жакшы болуш єчєн, азыр мен сага берип жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын бек сакта».
41 Ошондо Муса Иордандын берки љйєзєндљ, кєн чыгыш тарапта жайгашкан єч шаарды бљлєп койду.
42 Ал шаарларга љз жакынын мурун кас болбой туруп, кокустан љлтєрєп алган киши качып барсын. Ал тљмљнкє шаарлардын бирине качып барып, тирєє калсын:
43 Рубейин уруусу жашаган тєздєктљгє Бетсер шаары, Гат уруусу жашаган Гилат тоосундагы Рамот шаары, Менаше уруусу жашаган Башандагы Голан шаары.
44 Мусанын Ысрайыл уулдарына берген мыйзамы ушул.
45 Ысрайыл уулдары Мисирден чыккандан кийин, Мусанын аларга берген буйруктары, мыйзамдары, кљрсљтмљлљрє ушулар.
46 Буларды Муса Мисирден чыккандан кийин, Иордандын берки љйєзєндљгє, Бейт-Пейордун каршысындагы љрљљндљ Ысрайыл уулдары менен бирге Кешпондо жашаган аморлук Сихондун жерин басып алгандан кийин айткан.
47 Ошентип, алар Иордандын берки љйєзєндљгє кєн чыгыш тарапта жайгашкан аморлуктардын эки падышасынын – Кешпон падышасы Сихондун жана Башан падышасы Огдун жерлерин,
48 Арнон суусунун жээгиндеги Аройерден Хермон деп аталган Сион тоосуна чейинки жерлерди,
49 Иордандын берки љйєзєндљгє чыгышты карай кеткен тєздєктє Пизги тоосунун этегинде жаткан дењизге чейин ээлеп алышты.
1 Муса бєткєл Ысрайыл элин чакырып алып, аларга мындай деди: «Ук, Ысрайыл эли, мен бєгєн силерге айта турган кљрсљтмљлљр менен мыйзамдарды уккула, аларды жаттап алгыла, аткарганга аракет кылгыла.
2 Кудай-Тењирибиз биз менен Хорепте келишим тєздє.
3 Тењир ал келишимди биздин ата-бабаларыбыз менен эмес, бєгєн ушул жерде тирєє турган биз менен тєздє.
4 Тењир силер менен тоодо от ичинен бетме-бет сєйлљшкљн.
5 Мен болсо ошол учурда Тењирдин сљзєн силерге жеткириш єчєн, Тењир менен силердин ортоњордо турдум, анткени силер оттон коркуп, тоого чыккан жоксуњар. Ошондо Ал мындай деген:
6 “Сени Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон Кудай-Тењирињ Менмин.
7 Сенин Менден башка кудайларыњ болбосун.
8 Жогорку асмандагы, тљмљнкє жердеги, жерден тљмљн суудагы нерселерди сєрљттљп, жасалма кудай жасаба.
9 Аларга табынып кызмат кылба, анткени сенин Кудай-Тењирињ Мен кызганчаак Кудаймын. Мени жек кљргљндљрдєн балдарын ата-бабаларынын кєнљљсє єчєн єчєнчє, тљртєнчє тукумуна чейин жазалаган Кудаймын.
10 Мени сєйгљндљрдєн, Менин осуяттарымды аткаргандардын мињинчи тукумуна чейин ырайым кылган Кудаймын.
11 Кудай-Тењирињдин ысымын курулай эле айта бербе, анткени Анын ысымын курулай эле айта бергенди Тењир жазасыз калтырбайт.
12 Ишемби кєндє дайыма ыйык тут, Кудай-Тењирињ сага осуяттагандай, аны ыйык сакта.
13 Алты кєн иштеп, ар кандай жумушуњду кыл.
14 Ал эми жетинчи кєн – Кудай-Тењирињдин ишемби кєнє. Ал кєнє љзєњ да, уулуњ да, кызыњ да, кулуњ да, кєњєњ да, љгєзєњ да, эшегињ да, башка малыњ да, єйєњдљгє келгин да эч кандай жумуш кылбасын, љзєњ эс алгандай, кулдарыњ да, кєњдљрєњ да эс алсын.
15 Мисир жеринде кул болгонуњду, бирок Кудай-Тењирињ ал жерден сени сунулган колу, кєчтєє билеги менен алып чыкканын эсињден чыгарба, ошондуктан Кудай-Тењирињ сага ишемби кєндє ыйык тутууну буйруган.
16 Кудай-Тењирињ берип жаткан жерде љзєњљ жакшы болсун десењ, љмєрєњ узун болсун десењ, Кудай-Тењирињ сага буйругандай, атањ менен энењди сыйла.
17 Киши љлтєрбљ.
18 Ойноштук кылба.
19 Уурдаба.
20 Бирљљ жљнєндљ жалган ушак айтпа.
21 Жакыныњдын аялына да, єйєнљ да, жерине да, кулуна да, кєњєнљ да, љгєзєнљ да, эшегине да, эч бир нерсесине кљз артпа”.
22 Бул сљздљрдє Тењир тоодо, от ичинен, булут ичинен, карањгылык ичинен катуу єн чыгара бєткєл жамаатыњарга айткан, андан башка эч нерсе айткан эмес. Ал сљздљрдє эки таш лоокко жазып, мага берген.
23 Силер карањгылык ичинен єндє укканда, тоо жалындап кєйєп турган, ошондо силер уруу башчыларыњар, аксакалдарыњар менен мага келип, мындай дегенсињер:
24 “Кудай-Тењирибиз бизге Љзєнєн дањкы менен улуулугун кљрсљттє. Биз от ичинен Анын єнєн уктук. Бєгєн биз Кудайдын адам менен сєйлљшкљнєн кљрдєк, ал адам тирєє калды.
25 Биз, эмне, љлєшєбєз керекпи? Эми бул коркунучтуу от бизди жалмап салат. Эгерде Кудай-Тењирибиздин єнєн дагы бир жолу уксак, љлєп калабыз.
26 От ичинен сєйлљгљн тирєє Кудайдын єнєн биздей болуп угуп тирєє калган адам барбы?
27 Сен барып, Кудай-Тењирибиз эмнени айтса, ошонун бардыгын угуп кел. Кудай-Тењирибиз сага эмнени айтса, ошонун бардыгын бизге айтып бер, биз аны угабыз жана аткарабыз”.
28 Тењир силердин мени менен сєйлљшкљндљ айткан сљздљрєњљрдє угуп, мага мындай деди: “Мен бул элдин сага айткан сљздљрєн уктум, алардын айткандарынын баары жакшы.
29 Бирок алардын жєрљгє ушундай болсо кана! Менден коркуп, љмєрлљрє љткљнчљ Менин осуяттарымды аткарышса, аларга да, алардын балдарына да тєбљлєккљ жакшы болор эле.
30 Аларга барып: «Љз чатырларыњарга кайткыла», – деп айт.
31 Сен болсо бул жерде Мени менен кал, Мен сага мыйзамдар менен кљрсљтмљлљрдє айтам, сен ошол мыйзамдар менен кљрсљтмљлљрдє аларга єйрљтєшєњ керек. Мен аларга энчилеп берип жаткан жерде ушуларды аткарышсын”.
32 Байкагыла, Кудай-Тењирињер кандай буйрук кылса, так ошондой кылгыла. Андан оњго да, солго да бурулбагыла.
33 Кудай-Тењирињер кљрсљткљн жол менен жєргєлљ, ошондо тирєє калып, љз энчињерге алган жерде жакшы жашап, узак љмєр сєрљсєњљр.
1 Силерге єйрљтєш єчєн берген Кудай-Тењирињердин осуяттары, мыйзамдары, кљрсљтмљлљрє ушулар. Аларды љзєњљр ээлегени бара жаткан жерде аткаргыла.
2 Кудай-Тењирињден корккун жана узак љмєр сєрєш єчєн, мен сага осуяттап жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын љзєњ, балдарыњ, балдарыњдын балдары љмєрєњљр љткљнчљ аткаргыла.
3 Ошентип, кулак сал, Ысрайыл, сенин ата-бабаларыњдын Кудай-Тењири сага берем деген, сєт менен бал аккан жерде жакшы жашап, укумдап-тукумдап кљбљйєшєњ єчєн, ушуларды аткарууга аракет кыл.
4 Кулак сал, Ысрайыл: силердин Кудай-Тењирињер – бир Кудай.
5 Кудай-Тењирињди чын жєрљгєњ менен, жан-дилињ менен, бардык кєч-кубатыњ менен сєй.
6 Мен бєгєн осуяттап жаткан ушул сљздљрдє жєрљгєњдљ сакта.
7 Аларды єйдљ отурганыњда да, жолдо бара жатканыњда да, жатканыњда да, турганыњда да балдарыња кайра-кайра айтып єйрљт.
8 Аларды эсињден чыгарбаш єчєн, колуња байлап, мањдайыња тањып ал.
9 Аларды эшигињдин кашектерине, дарбазања жазып кой.
10 Кудай-Тењирињ ата-бабаларыњ Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп убада кылган жерге сени алып барганда, сен курбаган чоњ жана кооз шаарларды,
11 сен жыйнабаган байлыкка толгон єйлљрдє, сен казбаган кудуктарды, сен тикпеген жєзємзарларды, сен отургузбаган зайтун дарактарын берет. Сен алардан тойгончо жейсињ.
12 Ошондо байкагын, сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Тењирди унутпа.
13 Кудай-Тењирињден корккун, Ага гана кызмат кыл, Анын ысымы менен ант бер.
14 Башка кудайларды ээрчибегиле, тегерегињерде жашаган башка элдердин кудайларын ээрчибегиле.
15 Анткени арањарда жашаган Кудай-Тењирињер – кызганчаак Кудай. Кудай-Тењирињ сага каарданып, сени жер бетинен жок кылып салбасын.
16 Кудай-Тењирињерди Масада сынагандай сынабагыла.
17 Кудай-Тењирињдин сага берген осуяттарын, кљрсљтмљлљрєн, мыйзамдарын бек сакта.
18 Тењирињ ата-бабаларыња убада кылган жер соорусуна барып, аны ээлеп алышыњ єчєн жана ал жерде сага жакшы болуш єчєн, Тењирге жаккан, адилеттєє, жакшы иштерди кыл.
19 Ошондо Тењир Љзє айткандай, сенин алдыњан бардык душмандарыњды кууп жиберет.
20 Эгерде сенин балањ кийин сенден: “Кудай-Тењирињ берген осуяттар, мыйзамдар, кљрсљтмљлљр эмнени билдирет?” – деп сураса,
21 балања мындай деп айт: “Биз Мисирде фараонго кул болгонбуз, бирок Тењир бизди Љзєнєн кєчтєє колу менен Мисирден алып чыккан.
22 Тењир биздин кљз алдыбызда Мисир жерине, фараонго, анын єйлљрєнљ жышаандарды, чоњ кереметтерди, кљрсљткљнєн, аларды жазалаганын кљрдєк.
23 Ата-бабаларыбызга убада кылган жерге бизди алып барып, ал жерди бизге бериш єчєн, бизди Мисирден алып чыкты.
24 Ошондо Кудай-Тењирибизден коркушубуз єчєн, љмєрєбєз љткљнчљ бизге жакшы болуш єчєн, љмєрєбєз бєгєнкєдљй сакталып калышы єчєн, ушул мыйзамдардын баарын аткарууну буйруган.
25 Эгерде биз ушул мыйзамдардын баарын Кудай-Тењир буйругандай, Анын алдында аткарууга аракет кылсак, биздин адилеттигибиз ушунда”.
1 Кудай-Тењирињ сени ээлегени бара жаткан жерге алып барганда, сенден алда канча кљп жана кєчтєє мына бул жети элди: хеттиктерди, гиргештиктерди, аморлуктарды, канаандыктарды, перездиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды сенин алдыњан кууп чыгып,
2 аларды колуња салып берет, сен аларды кырып саласыњ. Ошондо алардын бирин да калтырбай кырып сал, алар менен келишим тєзбљ, аларды аяба.
3 Алар менен куда-сљљк да болбо: кыз алышып, кыз беришпе.
4 Анткени алар сенин уулдарыњды Менден алыстатат, уулдарыњ башка кудайларга кызмат кылып калышат. Ошондо Тењир каарданып, силерди тез эле кырып салат.
5 Аларга мындай кылгыла: курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла, мамыларын кулаткыла, токойчолорун кыйгыла, балбалдарын отко ыргытып, љрттљп жибергиле.
6 Анткени сен Кудай-Тењирињдин ыйык элисињ. Жер бетиндеги бардык элдердин ичинен сен Анын Љз эли болушуњ єчєн, сени Кудай-Тењирињ тандап алган.
7 Тењир силерди башка элдерден кљп болгонуњар єчєн тандап алган жок, силер башка элдерге караганда аз сандагы элсињер.
8 Тењир силерди сєйгљндєктљн, силердин ата-бабаларыњарга берген убадасын аткарыш єчєн, силерди Љзєнєн кєчтєє колу менен алып чыкты. Ал сени кулчулуктан, Мисир падышасы фараондун колунан куткарып алды.
9 Ошондуктан билип жєр: сенин Кудай-Тењирињ – Кудай, Љзєнєн келишимин сактаган ишенимдєє Кудай. Ал Љзєн сєйгљндљрдєн жана Љзєнєн осуяттарын аткаргандардын мињинчи тукумуна чейин Љзєнєн ырайымын кљрсљтљт.
10 Ал Љзєн жек кљргљндљрдєн ар бирин љзєнчљ жазалайт. Ал Љзєн жек кљргљндєн жеке љзєн кечиктирбестен жазалайт.
11 Ошондуктан мен бєгєн сага берип жаткан осуяттарды, кљрсљтмљлљрдє, мыйзамдарды аткар.
12 Эгерде сен ушул мыйзамдарга баш ийсењ, аларды сактасањ, аткарсањ, анда Кудай-Тењирињ ата-бабаларыња убада кылгандай, Љзєнєн келишимин бек сактап, сага ырайым кылат.
13 Ал ата-бабаларыња убада кылып, сага берген жерде сени сєйєп, сага батасын берип, укумдатып-тукумдатып кљбљйтљт. Балдарыња, жерден алган тєшємєњљ, эгиниње, жєзємєњдєн ширесине, зайтун майыња батасын берет, бодо малыњ менен майда малыњды тљлдљтљт.
14 Башка элдерге караганда баталуу болосуњ. Сенде тукумсуз эркек, тљрљбљс аял, тљлдљбљс мал болбойт.
15 Сени ар кандай оорудан алыс кылат жана Мисирдеги сен билген оор дарттардын эч бирин жолотпойт, бирок аларды сени жек кљргљндљрдєн баарына жиберет.
16 Кудай-Тењирињ колуња салып берип жаткан элдерди жок кыласыњ. Аларды аяба, алардын кудайларына табынба, анткени алар сага жайылган тор болот.
17 Эгерде сага “Бул элдер менден алда канча кљптєк кылат, аларды мен кантип кууп чыгам?” деген ой келсе,
18 алардан коркпо, Кудай-Тењирињдин фараонго жана бєткєл Мисир жерине эмне кылганын эсте.
19 Љз кљзєњ менен кљргљн ошол улуу сыноолорду, жышаандарды, кереметтерди, Кудай-Тењирињдин сунулган колу, кєчтєє билеги менен алып чыкканын эсте. Сен коркуп жаткан ал элдерге Кудай-Тењирињ так ошондой кылат.
20 Тирєє калгандарды, качып кеткендерди жок кылмайынча, Кудай-Тењирињ аларга чоњ аарыларды жиберет.
21 Алардан коркпо, анткени сенин Кудай-Тењирињ – улуу жана коркунучтуу Кудай.
22 Кудай-Тењирињ ал элдерди сенин жерињден акырындык менен кууп чыгат. Талаа жырткычтары кљбљйєп, сага кол салбашы єчєн, сен ал элдерди тез аранын ичинде жок кылбайсыњ.
23 Бирок аларды сенин колуња Кудай-Тењирињ Љзє салып берет. Аларга дєрбљлљњ тєшєрљт, ошондо алар кырылып жок болушат.
24 Алардын падышаларын да колуња салып берет, сен алардын атын жер єстєнљн љчєрљсєњ. Сен аларды жок кылмайынча, сенин алдыњда эч ким туруштук бере албайт.
25 Алардын жасалма кудайларын љрттљп жибергиле. Ал жасалма кудайлардагы алтын-кємєштє алам деп ойлобо, болбосо торго тєшєп каласыњ. Бул сенин Кудай-Тењирињ єчєн жийиркеничтєє.
26 Ага окшоп каргышка калбашыњ єчєн, андай жийиркеничтєє нерсени єйєњљ жолотпо. Аны жек кљр, андан жийиркен, анткени ал – каргышка калган нерсе.
1 Тењир ата-бабаларыњарга убада кылган жерге барып, аны ээлеп, тирєє калышыњар єчєн жана укумдап-тукумдап кљбљйєшєњљр єчєн, мен бєгєн силерге берип жаткан осуяттардын баарын аткарууга аракет кылгыла.
2 Кудай-Тењирињ сени чљлдљ алып жєргљндљгє бєт жолуњду эсињден чыгарба. Анын осуяттарын сактарыњды же сактабарыњды, жєрљгєњдљ эмне бар экенин билиш єчєн, сени сынаш єчєн, сени жоошутуу єчєн алып жєргљнєнљ кырк жыл болду.
3 Ал сага адам нан менен гана эмес, Тењирдин оозунан чыккан сљз менен жашарын кљрсљтєш єчєн, сени жоошутту, ачкачылык менен алсыратты жана сен билбеген, сенин ата-бабаларыњ билбеген манна менен азыктантты.
4 Ошол кырк жылдын ичинде кийимињ жыртылган жок, бутуњ шишиген жок.
5 Атасы баласын єйрљткљндљй, Кудай-Тењирињ сени єйрљтєп жатканын эсињден чыгарба.
6 Ошондуктан Кудай-Тењирињдин жолу менен жєр, Андан корк, Анын осуяттарын аткар.
7 Анткени Кудай-Тењирињ сени љрљљндљрє менен тоолорунан дарыялар, булактар жана кљлдљр агып чыккан,
8 буудай, арпа, жєзєм, анар жана анжыр дарактары, зайтун дарактары љскљн, бал аккан жерге алып бара жатат.
9 Ал жерде сен нанды тойгончо жеп, эч нерседен кем болбойсуњ, ал жердин таштары – темир, ал жердин тоолорунан жез кенин аласыњ.
10 Жеп-ичип тойгонуњда, сага берген асыл жери єчєн Кудай-Тењириње алкыш айт.
11 Байкагын, бєгєн мен сага берип жаткан Анын осуяттарын, мыйзамдарын, кљрсљтмљлљрєн аткарбай койбо, Кудай-Тењирињди унутуп калба.
12 Жеп-ичип тойгонуњда жана зањгыраган єйлљрдє салып жашап жатканыњда,
13 бодо малыњ менен майда малыњ, алтыныњ менен кємєшєњ кљбљйгљндљ, сенде бардыгы жетиштєє болгондо,
14 байкагын, жєрљгєњ текеберденип кетпесин, сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Кудай-Тењирињди унутуп калба.
15 Ал сени уулуу жылан, кара курт жашаган коркунучтуу ээн кара чљл менен, бир тамчы суусу жок жерлер менен алып љткљн. Ал сага аска таштан суу чыгарып берген.
16 Акырында сага жакшылык кылыш єчєн, сени жоошутуш єчєн, сыноодон љткљрєш єчєн, сени ошол чљлдљ ата-бабањ билбеген манна менен азыктанткан.
17 Ичињден: “Ушул байлыкты љз колум менен, љз кєчєм менен таптым”, – деп айтпа,
18 Кудай-Тењирињди эсињден чыгарба, сенин ата-бабаларыња ант берип тєзгљн Љзєнєн келишимин аткарыш єчєн, байлык тапканга кєч-кубатты сага Ал берип жатат.
19 Эгерде сен Кудай-Тењирињди унутуп, башка кудайларды ээрчип кетсењ, аларга табынып, кызмат кылсањ, мен азыр эле айтып коёюн: сен кырылып жок болосуњ.
20 Кудай-Тењирињдин єнєн укпаганыњ єчєн, Тењир сенин алдыњда жок кылып жаткан элдерге окшоп, сен да жок болосуњ.
1 Кулак сал, Ысрайыл, кљк тиреген чептєє чоњ шаарлары бар, сенден алда канча кљп жана кєчтєє элди басып алыш єчєн, сен азыр Иордандын аркы љйєзєнљ љтєп бара жатасыњ.
2 Ал эл – саны кљп, узун бойлуу Анактын уулдары. Сен алар жљнєндљ билесињ жана “Анактын уулдарына ким каршы тура алат?” деген сљздє угуп жєрљсєњ.
3 Билип кой азыр, Кудай-Тењирињ бардыгын жалмап жиберєєчє оттой болуп, сенин алдыњда бара жатат. Тењир аларды кырат, сага багынтып берет; Тењир сага айткандай, сен аларды кууп жибересињ, тез эле кырып саласыњ.
4 Кудай-Тењирињ аларды сен єчєн кууп чыкканда, љз жєрљгєњдљ: “Адил болгонум єчєн Тењир мени бул жерге ээ кылды, мыйзамсыз болгону єчєн Тењир бул элди менин алдыман кууп чыгарып жатат”, – деп айтпа.
5 Сен алардын жерин адил болгонуњ єчєн, жєрљгєњ таза болгону єчєн мурастаганы бара жаткан жоксуњ. Бирок сенин Кудай-Тењирињ ал элдерди мыйзамсыз иштери єчєн жана сенин ата-бабањ Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берген убадасын аткарыш єчєн, сенин алдыњан кууп жатат.
6 Ошондуктан билип кой, Кудай-Тењирињ бул жер соорусун сага адил болгондугуњ єчєн берип жаткан жок, сен тоњ моюн элсињ.
7 Кудай-Тењирињди чљлдљ канча жолу каардантканыњды эсињден чыгарба, Мисир жеринен чыккан кєндљн тартып, дал ушул жерге келгенге чейин, Тењирге моюн сунган жоксуњ.
8 Хорепте да силер Тењирди каарданткансыњар, ошондо Ал каарданып, силерди кырып салгысы келген.
9 Мен Тењирдин силер менен тєзгљн келишими жазылган лоокторун, таш лоокторду, алганы тоого чыгып, нан жебей, суу ичпей, ал тоодо кырк кєн, кырк тєн болдум.
10 Ошондо Тењир мага Љз сљљмљйє менен жазган эки таш лоокту берди. Алардын бетине силер тоого чогулуп келген кєнє Тењирдин силерге от ичинен айткан сљздљрє жазылган.
11 Кырк кєн, кырк тєн љткљндљн кийин, Тењир мага келишим жазылган эки таш лоокту берди.
12 Анан Тењир мага: “Тоодон тезирээк тєш, анткени Мисирден алып чыккан элињ бузулду. Ал Мен кљрсљткљн жолдон тез эле бурулуп кетти, ал љзєнљ буркан жасап алды”, – деди.
13 Анан Тењир мага дагы мындай деди: “Мен бул элди билем, ал – тоњ моюн эл.
14 Мени токтотпо, Мен аны жок кылам, анын атын жер єстєнљн љчєрљм. Сенден болсо андан алда канча кљп, кєчтєє эл чыгарам”.
15 Ошондо мен тоодон кайтып келдим. Тоо болсо жалындап кєйєп жатты. Келишим жазылган эки таш лоок эки колумда эле.
16 Мен силердин алтындан музоо куюп, Тењир кљрсљткљн жолдон тез эле бурулуп, Кудай-Тењирињерге каршы кєнљљ кылганыњарды кљрдєм.
17 Ошондо мен эки колумдагы эки таш лоокту силердин кљзєњљрчљ жерге ыргытып, талкалап салдым.
18 Анан Тењирдин алдына жыгылып, силердин Тењирге жакпаган иш кылып, Аны каардантып, кєнљљгљ батканыњар єчєн, мен нан жебей, суу ичпей, мурункудай эле кырк кєн, кырк тєн сыйындым.
19 Анткени Тењирдин каарданып, силерди жок кылып салгысы келгенинен корктум. Тењир мени бул жолу да укту.
20 Тењир Арунга да каарданып, аны љлтєргєсє келди, бирок мен ошол учурда Арун єчєн да сыйындым.
21 Силердин кєнљљњљрдє – силер жасаган музоону алып, отко љрттљп салдым. Мен аны талкалап, топурактай майдалап, тоодон тєшкљн сууга чачып жибердим.
22 Силер Тењирди Табейрада да, Масада да, Киброт-Атаапта да каарданттыњар.
23 Тењир силерди Кадеш-Барнейиден: “Баргыла да, Мен силерге берген жерди ээлеп алгыла”, – деп жљнљткљндљ, силер Кудай-Тењирињердин буйругуна каршы болдуњар, Ага ишенген жоксуњар, Анын єнєн укпай койдуњар.
24 Мен силерди билген кєндљн бери силер Тењирге баш ийбей келе жатасыњар.
25 Ошондо мен Тењирдин алдына жыгылып, кырк кєн, кырк тєн жалынып сыйындым, анткени Тењир силерди кырып салгысы келген.
26 Мен Тењирге мындай деп сыйындым: “О Эгедер Тењирим, Љз элињди, Љз энчињди жок кыла кљрбљ, Сен ал элди улуу кудуретињ менен куткарып, Мисирден кєчтєє колуњ менен алып чыккансыњ.
27 Љзєњдєн кулдарыњ Ыбрайым, Ыскак, Жакыпты эстегин. Бул элдин тоњ моюндугуна, бузулгандыгына, кєнљљсєнљ караба.
28 Сен бизди алып чыккан жерде жашагандар: «Тењир Љзє убада кылган жерге алып бара алган жок, аны жек кљргљндєктљн, чљлдљ љлтєрєп салыш єчєн алып чыккан», – деп айтпасын.
29 Алар Сенин элињ, Сенин энчињ, Сен аларды Љзєњдєн сунулган колуњ, кєчтєє билегињ менен Мисир жеринен алып чыккансыњ”.
1 Ошол учурда Тењир мага мындай деди: “Мурунку таш лоокторго окшош эки таш лоок жасагын да, тоого чыгып, Мага кел. Жыгачтан сандык жаса.
2 Ал таш лоокторго сен сындырган мурунку таш лоокторго жазылган сљздљрдє жазып берем. Сен аларды сандыкка салып кой”.
3 Ошондо мен акация жыгачынан сандык жасадым да, мурункудай эки таш лоок жасап алып, тоого чыктым. Ал эки таш лоок менин колумда эле.
4 Тењир ал таш лоокторго силер чогулуп келген кєнє тоодо от ичинен айткан, мурунку таш лоокторго жазылган он осуятты жазып, аларды мага берди.
5 Анан мен артка кайрылып, тоодон тєшєп келдим да, Тењир мага буйругандай, таш лооктор сандыкта болушу єчєн, аларды љзєм жасаган сандыкка салдым.
6 Анан Ысрайыл уулдары Бейрот-Беней-Жаакандан чыгып, Мосейрага жљнљштє. Арун ошол жерде кљз жумуп, ошол жерге коюлду. Анын ордуна уулу Элазар ыйык кызмат кылуучу болду.
7 Ал жерден Гуткотко жљнљштє, Гуткоттон Жотпатка, дарыялуу жерге келишти.
8 Тењир ошол учурда Леби уруусун Љзєнєн келишим сандыгын кљтљрєп жєрєшє єчєн, Љзєнєн алдына келип турушу єчєн, Љзєнљ кызмат кылып, Љзєнєн атынан бата берип турушу єчєн бљлєп койду, бул ушул кєнгљ чейин ошондой.
9 Ошондуктан лебилерге бир туугандары менен кошо єлєш тийген жок. Кудай-Тењирињ ага Љзє убада кылгандай, анын энчиси – Љзє.
10 Мен тоодо мурункудай эле кырк кєн, кырк тєн болдум, Тењир мени бул жолу да укту. Ошентип, Тењир сени жок кылбай турган болду.
11 Ошондо Тењир мага мындай деди: “Тур, бул элдин алдына тєшєп, жолго чык. Алар барып, Мен ата-бабаларына берем деп убада кылган жерди ээлеп алышсын”.
12 Ошентип, Ысрайыл, Кудай-Тењирињ сенден эмнени талап кылып жатат? Тењир сенден, болгону, Кудай-Тењирињден коркушуњду, Анын жолдору менен жєрєшєњдє, Аны сєйєшєњдє, Ага чын жєрљгєњ менен, жан-дилињ менен кызмат кылышыњды,
13 љзєњљ жакшы болуш єчєн, мен бєгєн берип жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын сакташыњды талап кылып жатат.
14 Анткени асман жана асмандардын асманы, жер жана андагынын бардыгы Кудай-Тењирињдин колунда.
15 Азыр љзєњљр кљрєп тургандай, Тењир башка элдердин ичинен силердин ата-бабаларыњарды гана сєйєп, алардын тукуму болгон силерди тандап алган.
16 Ошондуктан жєрљгєњљрдє сєннљткљ отургузгула, мындан ары тоњ моюн болбогула.
17 Анткени силердин Кудай-Тењирињер – кудайлардын Кудайы, эгедерлердин Эгедери, улуу, кудуреттєє, коркунучтуу Кудай. Ал адамдын жєзєнљ карабайт, белек албайт.
18 Ал жетим менен жесирге калыс карайт, келгинди жакшы кљрєп, ага нан берип, кийим кийгизет.
19 Силер да келгинди сєйгєлљ, анткени љзєњљр да Мисир жеринде келгин болгонсуњар.
20 Кудай-Тењирињден корк, жалгыз Ага кызмат кыл. Ага жабышып, Анын аты менен ант бер.
21 Ал сенин дањазањ, Ал – љз кљзєњ менен кљргљн ошол улуу жана коркунучтуу иштерди сен єчєн кылган Кудай.
22 Сенин ата-бабаларыњ Мисирге жетимиш жан болуп барган, азыр болсо Кудай-Тењирињ сени асмандагы жылдыздардай сансыз кылып кљбљйттє.
1 Кудай-Тењирињди сєй, Анын аткар деп берген кљрсљтмљлљрєн, мыйзамдарын, осуяттарын љмєрєњ љткљнчљ аткар.
2 Бєгєн билип койгула, силердин балдарыњар Кудай-Тењирињердин жазаларын, улуулугун, сунулган колу менен кєчтєє билегин,
3 Мисирде Мисир падышасы фараонго, анын бєт жерине кљрсљткљн кереметтери менен иштерин,
4 Мисир аскерлери силердин артыњардан кууп келгенде, аларды аттары, майдан арабалары менен кошо Кызыл дењизге чљктєрєп, толугу менен жок кылганын,
5 силер бул жерге жеткиче, чљлдљ силер єчєн эмне кылганын,
6 Рубейин уулу Элийаптын уулдары Датан менен Абырамды эмне кылганын, аларды жана алардын єй-бєлљлљрєн чатырлары, болгон мал-мєлктљрє менен кошо Ысрайыл элинин кљз алдында жер араанын ачып жутуп алганын билишкен эмес, кљрєшкљн эмес.
7 Силер болсо Тењирдин бардык улуу иштерин љз кљзєњљр менен кљргљнсєњљр.
8 Кєч алып, ээлегени бара жаткан жерињерди ээлеп алышыњар єчєн,
9 Тењир ата-бабаларыњарга жана алардын укум-тукумуна берем деп убада кылган, сєт менен бал аккан жерде узак жашашыњар єчєн, мен бєгєн силерге берип жаткан Анын бардык осуяттарын аткаргыла.
10 Анткени сен ээлегени бара жаткан жер сен чыккан Мисир жериндей эмес. Мисирде сен єрљн сээп, аны бутуњду тындырбай, зайтун багын сугаргандай сугарчусуњ.
11 Ал эми силер ээлегени бара жаткан жер – тоолуу, љрљљндєє, жамгыр менен сугарылган жер.
12 Ал жер – Кудай-Тењирињ кам кљргљн жер. Кудай-Тењирињдин кљзє жылдын башынан аягына чейин ошол жерде.
13 Эгерде силер Мен бєгєн берип жаткан осуяттарды уксањар, Кудай-Тењирињерди сєйсљњљр, Ага чын жєрљгєњљр менен, жан-дилињер менен кызмат кылсањар,
14 анда жерињерге кеч кєздљгє, эрте жаздагы жамгырды љз учурунда жаадырып турам. Ошондо сен тєшєм жыйнап, жєзєм ширесин, зайтун майын алып турасыњ.
15 Талаања малыњ єчєн чљп љстєрљм. Тамак-ашыњ мол болот.
16 Сак болгула, жєрљгєњљр азгырылып, четтеп кетпегиле, башка кудайларга кызмат кылып, аларга табынып кетпегиле.
17 Ошондо Тењир силерге каарданып, асманды бекитип салат да, жамгыр жаабай калат. Жер тєшєм бербей калат, Тењир берип жаткан асыл жерде тез эле кырылып каласыњар.
18 Ошондуктан Менин бул сљздљрємдє кљњєлєњљргљ тєйєп, эсињерден чыгарбагыла. Унутпаш єчєн, аларды колуњарга жана чекењерге байлап алгыла.
19 Аларды балдарыња єйрљт, аларды єйдљ отурганыњда да, жолдо баратканыњда да, жатканыњда да, турганыњда да айт.
20 Аларды эшигињдин кашектерине жана єйєњдєн дарбазасына жазып кой.
21 Ошондо асман жер єстєндљ канча кєн турса, Кудай-Тењирињер ата-бабаларыњарга берем деп убада кылган жерде силердин љмєрєњљр жана балдарыњардын љмєрє ошончо кљп кєн болот.
22 Эгерде мен силерге аткар деп берген ушул осуяттардын баарын аткарсањар, Кудай-Тењирињерди сєйсљњљр, Анын жолдору менен жєрсљњљр жана Ага жабышсањар,
23 анда Тењир ушул элдердин баарын силердин алдыњардан кууп чыгат. Ошондо силер љзєњљрдљн алда канча кљп жана кєчтєє элди басып аласыњар.
24 Таманыњар баскан жердин баары силердики болот. Чљлдљн Лебанонго чейин, Эфрат дарыясынан Жер ортолук дењизине чейин силердин жерињер болот.
25 Силерге эч ким каршы тура албайт. Кудай-Тењирињер таманыњар баскан жердин баарына Љзє айткандай коркунуч каптатат.
26 Мына, мен силерге бєгєн батаны жана каргышты сунуш кылып жатам:
27 эгерде Кудай-Тењирињердин мен бєгєн берип жаткан осуяттарын аткарсањар, бата аласыњар;
28 эгерде Кудай-Тењирињердин мен бєгєн берип жаткан осуяттарын аткарбасањар, жолдон чыгып, љзєњљр билбеген башка кудайларды ээрчисењер, каргышка каласыњар.
29 Ээлеп алыш єчєн бара жаткан жериње Кудай-Тењирињ алып барганда, Гаризим тоосунда бата сљздљрєн айт, ал эми Эйбал тоосунда каргыш сљздљрєн айт.
30 Ал тоолор Иордандын аркы љйєзєндљ, кєн батыш тарапта, Море токоюна жакын Гилгалдын каршысындагы тєздєктљ жашаган канаандыктардын жеринде.
31 Анткени Кудай-Тењирињер берип жаткан жерге барып, аны ээлеп алыш єчєн, Иордандан љтљсєњљр, анан ал жерди ээлеп, анда жашап каласыњар.
32 Ошондуктан Анын мен бєгєн силерге берип жаткан кљрсљтмљлљрє менен мыйзамдарын аткарганга аракет кылгыла.
1 Ата-бабаларыњдын Кудай-Тењири энчиње берген жерде жашап жатканыњда, љмєрєњ љткљнчљ аткарууга аракет кыла турган кљрсљтмљлљр менен мыйзамдар мына булар:
2 силер ээлей турган жердеги элдердин бийик тоолордогу, дљњсљљлљрдљгє жана жашыл дарактардын тєбєндљгє кудайларына сыйынган жерлерин жок кылгыла.
3 Алардын курмандык чалынуучу жайларын кыйраткыла, мамыларын талкалагыла, мазар теректерин љрттљгєлљ, жасалма кудайларын талкалагыла, ал жерлерден алардын атын љчєргєлљ.
4 Силер љзєњљрдєн Кудай-Тењирињерге алардай табынбашыњар керек.
5 Бирок Кудай-Тењирињер бардык урууларыњдын ичинен тандап алган, Анын ысымы бар болуп турган жерге кайрылгыла, ошол жерге келгиле.
6 Ошол жерге бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыгыњарды, курмандыктарыњарды, ондуктарыњарды, љйдљ кљтљрљ турган курмандыктарыњарды, убада боюнча алып келєєчє курмандыктарыњарды, љз каалооњор боюнча алып келєєчє курмандыктарыњарды, бодо жана майда малыњардын биринчи тљлєн алып келгиле.
7 Аларды ошол жерде, Кудай-Тењирињердин алдында жегиле, колуњар менен кылган, Кудай-Тењирињер батасын берген иштерињердин жемишине љз єй-бєлљњљр менен бирге кубангыла.
8 Азыр бул жерде ар бирибиз љзєбєзгљ эмне туура кљрєнсљ, ошону кылып жатабыз, бирок силер ал жерде андай кылбашыњар керек.
9 Анткени Кудай-Тењирињер берип жаткан бейпил жерге кире элексињер.
10 Бирок Иордандан љтєп, Кудай-Тењирињер энчињерге берип жаткан жерге отурукташканыњарда, Тењир тегерегињерде жашаган бардык душмандарыњардан куткарып, силерге тынчтык бергенде, бейкут жашайсыњар.
11 Ошондо Кудай-Тењирињер Љзєнєн ысымы бар болуп турушу єчєн кайсы жерди тандап алса, ошол жерге мен силерге осуяттагандардын бардыгын: бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарыњарды, курмандыктарыњарды, ондуктарыњарды, љйдљ кљтљрљ турган курмандыгыњарды, Тењирге убада кылган, убада боюнча алып келєєчє курмандыктарыњардын тандалмаларын алып келгиле.
12 Ошол жерде, Кудай-Тењирињердин алдында балдарыњар, кыздарыњар, кулдарыњар, кєњдљрєњљр жана силердин арањарда жашаган лебилер менен бирге кљњєл ачкыла, анткени лебилерге силер менен кошо єлєш бљлєнгљн эмес.
13 Байкагын, кљрєнгљн жерге эле бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыгыњды алып келе бербе.
14 Урууларыњдын ичинен Тењир Љзє кайсы жерди тандап алса, ошол жерге гана алып кел. Ошол жерге бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыгыњды алып келип, мен сага осуяттагандын бардыгын жаса.
15 Бирок кайсы жерде жашасањ да, Кудай-Тењирињ берген малды каалашыњча Кудай-Тењирињдин батасы менен союп жесењ болот. Ал мал жейрен болобу, бугу болобу, аны таза да, таза эмес да адам жесе болот.
16 Канын гана жебегиле, аны суу тљккљндљй эле жерге тљгєп салгыла.
17 Эгинињдин, шарабыњдын, зайтун майыњдын ондон бир бљлєгєн, бодо жана майда малыњдын биринчи тљлєн, убада кылган, убада боюнча алып келєєчє курмандыктарыњды, љз каалооњ боюнча алып келєєчє курмандыктарыњды, љйдљ кљтљрљ турган курмандыктарыњды єйєњдљ жебе.
18 Аларды Кудай-Тењирињ тандап алган жерде – Тењирдин алдында балдарыњ, кыздарыњ, кулдарыњ, кєњдљрєњ жана шаарыњда жашаган лебилер менен жеп, Кудай-Тењирињдин алдында љз колуњдун эмгеги єчєн кљњєл ач.
19 Байка, љзєњ жашаган жерде лебилерди љмєрєњ љткљнчљ таштаба.
20 Кудай-Тењирињ Љзє айткандай, жерињди кењейткенде, эт жегињ келип: “Эт жегим келип жатат”, – десењ, анда каалашыњча же.
21 Кудай-Тењирињ Љзєнєн ысымы бар болуп турушу єчєн тандап алган жер сенден алыс болсо, анда мен буйругандай, Тењир берген бодо жана майда малыњдан союп, каалашыњча єйєњдљ жей бер.
22 Бирок аларды жейрен менен бугуну союп жегендей же. Аны таза да, таза эмес да адам жесе болот.
23 Бирок канын жебе, себеби кан – бул жан. Жанын эти менен кошо жебе.
24 Канын жебе, аны суу тљккљндљй эле жерге тљгєп сал.
25 Тењирге жаккан иш кылгыњ келсе, аны жебе, ошондо љзєњљ да, љзєњдљн кийинки балдарыња да жакшы болот.
26 Тењир тандап алган жерге љзєњдєн ыйык нерселерињди жана убада боюнча алып келєєчє курмандыктарыњды гана алып келсењ болот.
27 Ошол жерде бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыгыњды чал. Анын каны менен этин Кудай-Тењириње, курмандык чалынуучу жайга алып кел. Бирок башка курмандыктарыњдын канын Кудай-Тењириње курмандык чалынуучу жайдын жанына тљгєп сал, этин болсо же.
28 Кудай-Тењириње жаккан жакшы иштерди кылам десењ, љзєњљ жана љзєњдљн кийинки балдарыња тєбљлєккљ жакшы болсун десењ, анда мен айтып жаткан ушул сљздљрдєн баарын угуп, аткар.
29 Сен ээлегени бара жаткан жердеги элдерди Кудай-Тењирињ сенин алдыњдан жок кылганда, ал жерлерди ээлеп алып, отурукташып каласыњ.
30 Ошондо сак бол, аларды жок кылгандан кийин, алардын жолун жолдоп, торго тєшєп калба, алардын кудайларын издеп, “Бул элдер љз кудайларына кандай табынышса, мен да ошондой табынам” дебе.
31 Кудай-Тењириње андай кылба, анткени алар љз кудайларына Тењир жийиркенген, жек кљргљн нерселерди кылышат. Алар кудайларына арнап балдары менен кыздарын отко љрттљшљт.
32 Мен осуяттагандардын бардыгын аткарганга аракет кылгыла. Аларга эч нерсе кошпогула да, алардан эч нерсе албагыла.
1 Эгерде силердин арањардан пайгамбар же тєш жоругуч чыгып, силерге жышаан же керемет кљрсљтљ турган болсо,
2 ал айткан жышаан же керемет аткарылса, анан ал: “Жєр, сен билбеген башка кудайларга барабыз, ошолорго табынабыз”, – дей турган болсо,
3 анда ал пайгамбардын же ал тєш жоругуч адамдын сљздљрєн укпа, анткени Кудай-Тењирињер Љзєн чын жєрљгєњљр, жан-дилињер менен сєйљр-сєйбљсєњљрдє билиш єчєн, силерди ушул аркылуу сынап жатат.
4 Кудай-Тењирињердин жолу менен жєргєлљ, Андан корккула. Анын осуяттарын аткаргыла, Анын єнєн уккула, Ага кызмат кылгыла, Ага жабышкыла.
5 Силерди Мисир жеринен алып чыгып, кулчулуктан куткарган Кудай-Тењирињерден четтљљгљ єндљгљнє єчєн, Кудай-Тењирињ осуяттаган жолдон чыгарууга аракет кылганы єчєн, ал пайгамбарды же тєш жоругучту љлєм жазасына тартуу керек. Љз ичињдеги жамандыкты ушинтип жок кыл.
6 Эгерде сени бир тууганыњ, энењдин уулу, же уулуњ, же кызыњ, же жаныњда жаткан аялыњ, же жаныњдай кљргљн жан досуњ: “Жєр, сен да, ата-бабаларыњ да билбеген башка кудайларга табынабыз”, – деп,
7 сенин тегерегињдеги, жакын же алыс жашаган, жердин бир четинен экинчи четине чейин жашаган элдердин кудайларына жашыруун азгырса,
8 анда ага макул болбо, анын сљзєн укпа. Аны кечирбе, аяба, жашырып койбо.
9 Аны љлтєрєп сал. Аны љлтєрєєгљ баарынан мурун сен кол кљтљрєшєњ керек, андан кийин бєт эл кол кљтљрсєн.
10 Аны таш барањга алып љлтєр, анткени ал сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Кудай-Тењирињден алыстатууга аракет кылды.
11 Муну бєткєл Ысрайыл эли угуп, коркуп калат да, ошондон кийин сенин ичињде андай жамандыкты кылбай калат.
12 Эгерде Кудай-Тењирињ сага жашаганга берип жаткан шаарлардын биринен,
13 сенин элињдин ичинен бузулган адамдар чыгып, шаардын тургундарын азгырып: “Жєргєлљ, силер билбеген башка кудайларга табынабыз”, – дегенин уксањ,
14 анда издеп, иликтеп, жакшылап сура. Эгерде бул жийиркеничтєє иш арањарда чыны менен болсо,
15 анда ал шаардын тургундарын кылычтап кырып сал, малын, эмнеси болсо, ошонун бардыгын жок кыл.
16 Бардык олжону аянттын ортосуна чогулт, шаарды бардык олжо менен кошо Кудай-Тењириње арнап бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык катары љрттљп сал. Ал шаар тєбљлєккљ урандыга айлансын, эч качан кайрадан курулбасын.
17 Каргышка калган нерселерден эч нерсе алба, ошондо Тењир Љзєнєн каарын токтотуп, ата-бабаларыња убада кылгандай, сага ырайым кылып, укумдатып-тукумдатып кљбљйтљт.
18 Эгерде Кудай-Тењирињди уксањ, мен бєгєн сага берип жаткан осуяттардын бардыгын аткарсањ, Тењирге жаккан иштерди кылсањ, Ал ушул айткандарын аткарат.
1 Силер Кудай-Тењирињердин балдарысыњар. Љлгљндљр єчєн аза кєткљнєњљрдє билдирип, денењерге так салбагыла, чачыњарды кыркпагыла.
2 Анткени сен Кудай-Тењирињдин ыйык элисињ. Сени Тењир жер єстєндљгє бардык элдердин ичинен Љз эли болушуњ єчєн тандап алган.
3 Эч кандай арам нерсе жебегиле.
4 Силер жей турган мал мына булар: уй, кой, эчки,
5 бугу, жейрен, топоз, элик, зубр, багыш, тоо теке.
6 Ача туяктуу, салаасы терењ, кепшеген жаныбарларды жесењер болот.
7 Бирок кепшеген, ача туяктуу, салаасы терењ жаныбарлардын ичинен тљљнє, коёнду, суурду жебегиле, анткени алар кепшегени менен, ача туяктуу эмес, силер єчєн алар арам болуп эсептелет.
8 Чочкону да жебегиле, анткени ал ача туяктуу болгону менен кепшебейт. Ал силер єчєн арам. Алардын этин жебегиле, љлєгєнљ колуњарды тийгизбегиле.
9 Сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сєзљ турган канаты жана кабырчыгы бар жаныбарлардын бардыгын жесењер болот.
10 Ал эми канаты менен кабырчыгы жок жаныбарларды жебегиле. Алар силер єчєн арам.
11 Адал канаттуулардын баарын жегиле.
12 Бирок алардын ичинен буларды жебешињер керек: бєркєт, жору, суу бєркєтє,
13 кулаалы, шумкар, ылаачын жана анын тєрлљрє,
14 карга жана анын тєрлљрє,
15 тљљ куш, єкє, чардак, туйгун жана анын тєрлљрє,
16 чекир кљз єкє, ибис, ак куу,
17 биргазан, ак кажыр, балыкчы куш,
18 кљк кытан, илегилек жана анын тєрлљрє, сасык єпєп, жарганат.
19 Канаты бар курт-кумурскалардын баары силер єчєн арам. Аларды жебегиле.
20 Адал канаттуулардын баарын жегиле.
21 Эч бир жаныбардын љлєгєн жебегиле. Аны силердин арањарда жашаган бљтљн жерликке бер, ошол жесин, же ошого сат, анткени сен Кудай-Тењирињдин ыйык элисињ. Улакты энесинин сєтєнљ бышырба.
22 Жыл сайын алган тєшємєњдєн ондон бир бљлєгєн бљлєп кой.
23 Кудай-Тењирињ Љзєнєн ысымы бар болуп турушу єчєн тандап алган жерде эгинињдин, жєзємєњдєн ширесинин, зайтун майыњдын ондон бир бљлєгєн, бодо жана майда малыњдын биринчи тљлєн же, Кудай-Тењирињден љмєрєњ љткљнчљ коркуп жєрєєнє ошентип єйрљнљсєњ.
24 Кудай-Тењирињ Љзєнєн ысымы бар болуп турушу єчєн, сага батасын бериш єчєн тандап алган жер сенден алыс болуп, ушуларды алып бара албасањ, сен єчєн жол алыс болсо,
25 анда аларды кємєшкљ алмаштырып, Кудай-Тењирињ тандап алган жерге алып кел.
26 Ал жерден кємєштљрєњљ эмне кааласањ, ошону: љгєз болобу, кой болобу, шарап болобу, кєчтєє ичимдик болобу, сатып ал. Аларды Кудай-Тењирињдин алдында єй-бєлљњ менен бирге ичип-жеп кљњєл ач.
27 Сени менен жашаган лебилерди таштаба, анткени алар сени менен бирге єлєш алышкан жок.
28 Yч жыл љткљндљн кийин, ошол жылы алган тєшємєњдєн ондон бир бљлєгєн кампаларыња сал.
29 Аны лебилер келип алсын, анткени аларга сени менен кошо єлєш бљлєнгљн жок. Сенин жаныњда жашаган келгиндер, жетимдер, жесирлер тойгончо жешсин, ошондо Кудай-Тењирињ ар бир ишиње батасын берет.
1 Жетинчи жылы кечирим кыл.
2 Кечирим тљмљнкєлљрдє камтыйт: жакынына же бир тууганына карыз берген ар бир адам карызын кечирсин, тљлљтєп албасын, анткени ал кечирим Тењир єчєн жарыяланган.
3 Бљтљн жерликтен тљлљтєп ал, ал эми бир тууганыња берген карызыњды кечир.
4 Сен жашаган жерде жакырлар болбойт, анткени мурастап алышыњ єчєн энчиње берип жаткан жерге Кудай-Тењирињ батасын берет.
5 Эгерде бєгєн мен сага берип жаткан осуяттардын бардыгын аткарып, Кудай-Тењирињдин єнєн уга турган болсоњ,
6 Кудай-Тењирињ Љзє айткандай, батасын берет, ошондо сен кљп элдерге карыз бересињ, љзєњ карыз албайсыњ. Кљп элдерге єстљмдєк кыласыњ, алар сага єстљмдєк кылышпайт.
7 Эгерде Кудай-Тењирињ сага берип жаткан жерде сага жакын жашаган бир туугандарыњдын ичинен кимдир бирљљ жакыр болсо, анда жакыр бир тууганыња таш боор болбо, колуњду жумба.
8 Колуњду ачып, анын муктаждыгына жараша карыз бер.
9 Сак бол, сага “Жетинчи жыл жакындап келе жатат, ал – кечирим жылы” деген жаман ой келип, жакыр бир тууганыња кайрымсыз болуп, кечирим кылбай койбо, болбосо ал сага нааразы болуп, Тењирге боздоп жиберет, ошондо сен кєнљљкљр болуп каласыњ.
10 Ага карыз бер, карыз берип жатканда, ичињ оорубасын. Ошондо Кудай-Тењир сенин бардык иштериње, кыла турган иштериње батасын берет.
11 Анткени жардылар сенин жерињде дайыма болот, ошондуктан мен сага буйрук кылам: љз жерињдеги бир тууганыња, жакырга колуњ дайыма ачык болсун.
12 Эгерде сенин бир тууганыњ эврей же эврей аял љзєн сага сата турган болсо, анда ал сага алты жыл кул болсун, ал эми жетинчи жылы аны боштондукка чыгар.
13 Сен аны боштондукка чыгарганыњда, куру кол чыгарба.
14 Ага Кудай-Тењирињ батасын берген малыњдан, эгинињден, жєзємєњдєн ширесинен бер.
15 Сен да Мисир жеринде кул болгонуњду, Кудай-Тењирињ сени куткарып алганын эсињден чыгарба. Ошондуктан мен ушуну бєгєн сага осуяттап жатам.
16 Ал кул сенин єйєњдљ жакшы жашагандыктан, сага: “Сеникинен кетпейм, себеби мен сени жана сенин єйєњдє жакшы кљрљм”, – десе,
17 анда шибеге алып, ал кулду эшиктин кашегине алып барып, кулагын кљзљп кой. Ошондо ал тєбљлєккљ сенин кулуњ болуп калат. Кєњєњдє да ошондой кыл.
18 Аны боштондукка чыгаруу сен єчєн оор болбосун, анткени ал сага алты жылдын ичинде жалданма жумушчудан эки эсе кљп иштеп берди. Ошондо сенин кыла турган ишињдин бардыгына Кудай-Тењирињ батасын берет.
19 Бодо жана майда малыњдын биринчи эркек тљлєнєн бардыгын Кудай-Тењириње арна. Љгєздєн биринчи тљлєн жумушка чекпе, майда малыњдын биринчи тљлєн кыркпа.
20 Аларды Тењир тандап алган жерде жыл сайын єй-бєлљњ менен союп же.
21 Эгерде алардын кемчилиги болсо, аксак же сокур болсо, же башка кемчилиги болсо, анда андай малды Кудай-Тењириње курмандыкка чалба.
22 Аны љз єйєњдљ же. Жейрендин же бугунун этин жегендей эле, аны таза эмес да, таза да адам жей берсе болот.
23 Анын канын гана жебе, аны суу тљккљндљй эле жерге тљгєп сал.
1 Абыт айын эсињден чыгарба, ушул айда Кудай-Тењириње арнап Пасах майрамын љткљр, себеби Кудай-Тењирињ сени Мисирден Абыт айында, тєн ичинде алып чыккан.
2 Тењирињ Љзєнєн ысымы бар болуп турушу єчєн тандап алган жерде Кудай-Тењириње арнап, Пасах курмандыгына бодо же майда малдан сой.
3 Аны ачыган нерсе менен жебе, аны “оор кєндєн наны” деп аталган ачыткысыз нан менен жети кєн же, анткени сен Мисир жеринен шашылыш чыккансыњ, Мисир жеринен чыккан кєндє љмєрєњ љткљнчљ эсињден чыгарба.
4 Жети кєн бою сенин жерињде эч кимдин єйєндљ ачыган нерсе болбосун, биринчи кєнє кечинде алып келген курмандыгыњдын этинен эртењ мененкиге калбасын.
5 Тењирињ берген жерде жашап жатканыњда, Пасах курмандыгын љзєњ каалаган жерде сойбо.
6 Пасах курмандыгын кєн батканда, Мисирден кайсы убакта чыксањ, так ошол убакта, Кудай-Тењирињ Љзєнєн ысымы бар болуп турушу єчєн тандап алган жерде гана сой.
7 Аны бышырып, Кудай-Тењирињ тандап алган жерде же, эртеси єйєњљ кайтып кел.
8 Алты кєн бою ачыткысыз нан же, ал эми жетинчи кєндє Кудай-Тењириње арнап майрамда. Эч кандай жумуш кылба.
9 Тєшєм жыйнай баштаган кєндљн тартып жети жума эсепте.
10 Анан Кудай-Тењириње арнап Жети кєндєк майрам љткљр. Кудай-Тењирињдин бергенине жараша, Ага љз каалооњ менен бер.
11 Кудай-Тењирињ Љзєнєн ысымы бар болуп турушу єчєн тандап алган жерде балањ, кызыњ, кулуњ, кєњєњ менен, силер менен жашаган лебилер менен, арањарда жашаган келгиндер, жетимдер, жесирлер менен бирге кљњєл ачкыла.
12 Мисирде кул болгонуњду эсињден чыгарба жана бул мыйзамдарды аткар.
13 Эгинињди жыйнап, жєзємєњдєн ширесин алганда, жети кєн Алачыктар майрамын љткљр.
14 Бул майрамда балањ, кызыњ, кулуњ, кєњєњ, сени менен жашаган лебилер, келгиндер, жетимдер, жесирлер менен бирге кљњєл ач.
15 Кудай-Тењирињ Љзє тандап алган жерде Кудайыња арнап жети кєн майрам љткљр, ошондо сенин ала турган тєшємєњљ, бардык иштериње Кудай-Тењирињ батасын берет, сен болсо кљњєл ачасыњ.
16 Жылына єч жолу эркек аттуунун баары Кудай-Тењирињ Љзє тандап алган жерге келиши керек. Ачыткысыз нан майрамында, Жумалар майрамында жана Алачыктар майрамында Тењирдин алдына эч ким куру кол келбесин.
17 Ар кимињер Кудай-Тењирињердин берген батасына жараша алып келгиле.
18 Элге адилет љкєм чыгарып турушу єчєн, Кудай-Тењир берген жерлерге ар бир уруудан башкаруучулар менен кљзљмљлдљљчєлљрдє дайында.
19 Мыйзамды бурмалаба, адамдын жєзєнљ караба, пара алба, анткени пара акылдуулардын кљзєн тунартат, адилеттєєлљрдєн ишин бурмалайт.
20 Адилет болууга, адилет болууга умтул, ошондо Кудай-Тењирињ берип жаткан жерди ээлеп жашайсыњ.
21 Кудай-Тењириње арнап курган курмандык чалынуучу жайдын жанына мазар теректерди отургузба.
22 Кудай-Тењирињ жек кљргљн мамыларды орнотпо.
1 Кудай-Тењириње кемчилиги бар, же болбосо бир жаман нерсеси бар малды, љгєз болобу, кой болобу, курмандыкка алып келбегиле, анткени бул Кудай-Тењирињ єчєн жийиркеничтєє.
2 Эгерде Кудай-Тењирињ берип жаткан жерлердин биринде силердин арањардан эркек же аял Кудай-Тењирињдин келишимин бузуп, Ага жакпаган ишти кыла турган болсо,
3 же мен тыюу салган башка кудайларды ээрчип, ага табына турган болсо, же кєнгљ, же айга, же асман кєчтљрєнљ таазим кыла турган болсо,
4 сага ушинтип айтып келишсе, ушундайды уксањ, анда оболу жакшылап иликте. Эгерде Ысрайылда ушундай жийиркеничтєє иштин болгону чын болсо,
5 анда ушундай жийиркеничтєє ишти кылган эркекти же аялды дарбазанын алдына алып чыгып, таш барањга алып љлтєр.
6 Ал эки же єч кєбљнєн сљзє менен љлєм жазасына тартылууга тийиш. Љлєм жазасына бир кєбљнєн сљзє менен тартылбасын.
7 Аны љлтєрєєгљ кєбљлљр биринчи кол кљтљрєшсєн, анан бардык эл кол кљтљрєшє керек. Љз ичињдеги жийиркеничтєє ишти мына ушинтип жок кыл.
8 Бирљљнє бирљљ љлтєрєп койгондо, бирљљ менен бирљљ чатакташа кеткенде, бирљљнє бирљљ сабап, денесине зыян келтиргенде, ал ишти чечєє сен єчєн кыйын болсо, дарбазањдын алдында пикир келишпестик болсо, анда Кудай-Тењирињ тандап алган жерге барып,
9 ошол убактагы ыйык кызмат кылуучу лебилерге жана башкаруучуларга кайрыл, алар сага эмне кылууну айтып беришет.
10 Тењир тандап алган жерде алар кандай айтса, ошондой кыл, алар кандай буйрук берсе, ошонун баарын аткарууга аракет кыл.
11 Алар єйрљткљн мыйзам боюнча, алар берген кљрсљтмљ боюнча кыл, алардын айтканынан оњго да, солго да бурулба.
12 Ким Кудай-Тењирињдин алдында кызмат кылып жаткан ыйык кызмат кылуучуну же башкаруучуну текеберденип укпай койсо, ал љлєшє керек. Ысрайыл элиндеги жамандыкты ушинтип жой.
13 Муну бардык эл угуп, коркуп калат. Ошондон кийин текеберденбей калышат.
14 Кудай-Тењирињ берип жаткан жерге барып, аны ээлеп, ага отурукташканыњда: “Тегерегимде жашаган башка элдер сыяктуу эле љзємљ падыша коём”, – дей турган болсоњ,
15 анда љзєњљ Кудай-Тењирињ тандаган падышаны кой, падышаны бир туугандарыњдын арасынан танда. Падышаны сенин бир тууганыњ болбогон, бљтљн жерликтен койбо.
16 Бирок ал падыша љзєнљ жылкы кљбљйтєп албасын, љзєнљ жылкы кљбљйтєш єчєн, элди Мисирге жибербесин, анткени Тењир силерге: “Мындан ары ал жол менен баспагыла”, – деген.
17 Ал падыша кљп аял алып жєрљгє бузулбасын. Алтын-кємєштє ашык жыйнабасын.
18 Ал падышачылык тактыга отурганда, ыйык кызмат кылуучу лебилердин китебинен мыйзамдарды кљчєрєп алсын.
19 Ал китеп анын колунда болсун, љмєрє љткљнчљ окусун. Кудай-Тењиринен коркууга єйрљнсєн, ошол мыйзамдар менен кљрсљтмљлљрдєн бардыгын аткарууга аракеттенсин.
20 Љзєн бир туугандарынан жогору койбосун. Мыйзамдан оњго да, солго да бурулбасын, ошондо ал љзє да, анын уулдары да Ысрайылда кљп жыл падышачылык кылышат.
1 Ыйык кызмат кылуучу лебилерге, Лебинин бардык укум-тукумуна Ысрайыл менен бирге єлєш бљлєнгљн эмес. Алар Тењирге арналган курмандыктардан жана Анын єлєшєнљн азыктанышсын.
2 Бир туугандарынын арасынан аларга єлєш тийбейт. Тењир Љзє айткандай, алардын єлєшє – Тењирдин Љзє.
3 Элдин курмандыкка алып келген љгєздљрє менен койлорунун этинен ыйык кызмат кылуучуларга мына булар тиешелєє: далы, жаак, карын.
4 Ошондой эле эгинден, жєзємдљн, зайтун майынан алган биринчи тєшємєњдє жана койлоруњдун алгачкы кырккан жєнєн ыйык кызмат кылуучуга алып кел.
5 Анткени Кудай-Тењирињ бардык урууларыњдын ичинен аны жана анын уулдарын Кудай-Тењирдин алдында љмєрє љткљнчљ кызмат кылышы єчєн тандап алган.
6 Эгерде бир леби Ысрайылдагы шаарларыњдын биринен, љзє жашаган жерден Тењир тандап алган жерге љз каалоосу менен келип,
7 ал жерде, Тењирдин алдында кызмат кылып жаткан леби бир туугандарына окшоп, Кудай-Тењирине кызмат кылса,
8 анда атасынан калган мал-мєлктє сатканда тєшкљн акчасы бар болгонуна карабастан, алар сыяктуу эле љз тиешесин алсын.
9 Кудай-Тењирињ берип жаткан жерге барганда, ошол жердеги элдер кылган жийиркеничтєє иштерди кылба.
10 Сенин элињде уулун же кызын отко салгандар, кљзє ачыктар, тљлгљчєлљр, кљз боочулар, бєбє-бакшылар,
11 эмчи-домчулар, љлгљндљрдєн рухун чакыруучулар, сыйкырчылар, љлгљндљрдєн руху менен сєйлљшкљндљр болбосун.
12 Анткени муну кылгандар Тењирдин алдында жийиркеничтєє. Ошондуктан бул жийиркеничтєє иштер єчєн Кудай-Тењирињ аларды сенин алдыњдан кууп чыгып жатат.
13 Кудай-Тењирињдин алдында кемчиликсиз бол.
14 Анткени сен кууп чыгып жаткан бул элдер кљзє ачыктардын, сыйкырчылардын сљзєн угушат. Сага болсо Кудай-Тењирињ алардын кылганын кылууга уруксат берген эмес.
15 Кудай-Тењирињ сенин элињден, сенин бир туугандарыњдын ичинен мендей пайгамбар чыгарат. Ошону уккула.
16 Силер Хорепке чогулуп келген кєнє: “Љлєп калбашыбыз єчєн Кудай-Тењирибиздин єнєн мындан ары укпайлы, Анын бул улуу отун мындан ары кљрбљйлє”, – деп, Кудай-Тењирињерден љтєнгљндєктљн,
17 Тењир мага мындай деди: “Алардын айткан сљзє жакшы.
18 Мен алардын бир туугандарынын ичинен сендей пайгамбар чыгарам. Анын оозуна Љзємдєн сљздљрємдє салам, ошондо ал Мен буйрук кылгандардын баарын аларга айтып берет.
19 Менин атымдан сєйлљгљн ошол пайгамбар айткан Менин сљздљрємдє укпаган адамды Мен жазалайм.
20 Мен буйрук кылбаганды Менин атымдан сєйлљљгљ батынган, башка кудайлардын атынан сєйлљгљн пайгамбарды љлєм жазасына тарткыла”.
21 Эгерде ичињден: “Ал сљздљрдє Тењир айтпаганын кантип билебиз?” – десењ, анда мындан бил:
22 эгерде бир пайгамбар Кудайдын атынан сєйлљсљ, бирок ал сљз ордунан чыкпаса, аткарылбаса, анда ал сљздє Тењир айткан эмес, аны пайгамбар текебердигинен улам айткан. Анда андан коркпо.
1 Кудай-Тењирињ сага берип жаткан жердеги элдерди жок кылганда, сен алардын жерлерин ээлеп, алардын шаарларына, єйлљрєнљ отурукташканыњда,
2 Кудай-Тењирињ сага ээлик кылышыњ єчєн берип жаткан жердин ортосунан єч шаарды бљлєп кой.
3 Ошол шаарларга барчу жол салып, Кудай-Тењирињ энчиње берип жаткан жерди єчкљ бљл. Алар киши љлтєргљн адамдар баш калкалай турган шаарлар болот.
4 Ал шаарларга тљмљнкєдљй шартта киши љлтєргљн адамдар качып барып тирєє калышат: ким мурун кас болбой туруп, љз жакынын кокусунан љлтєрєп алса,
5 ким љз жакыны менен отун кыюуга токойго барып, карагайга шилтеген балтанын башы чыгып кетип, жакынына тийип, ал љлєп калса, анда ал киши тирєє калыш єчєн, баш калкалоочу шаарлардын бирине качып барсын.
6 Эгерде ал шаарларга жол алыс болсо, кан кууган адам киши љлтєргљн адамдын артынан кууп жетип, ачууга алдырып, аны љлтєрєп койбосун. Анткени ал љлєм жазасына тартылбашы керек, себеби љлтєрєп алган адамына мурун кас болгон эмес.
7 Ошондуктан мен сага: “Yч шаарды бљлєп кой”, – деп буйрук кылып жатам.
8 Кудай-Тењирињ сенин ата-бабаларыња убада кылгандай, сенин жерињди кењейтип, ата-бабаларыња убада кылган жерлердин бардыгын колуња бергенде,
9 љмєрєњ љткљнчљ Кудай-Тењирињди сєйєп, Анын жолунда жєрєп, мен бєгєн сага берип жаткан ушул осуяттарды аткарууга аракеттене турган болсоњ, анда бул єч шаарга дагы єч шаар кошуп ал.
10 Кудай-Тењирињ сенин энчиње берип жаткан жерде сенин мойнуњда кан калбас єчєн, сенин жерињде айыпсыз адамдардын каны тљгєлбљсєн.
11 Ким љз жакынына кас болуп, жашырынып барып, атайылап кол салып аны љлтєрєп, баш калкалоочу шаарлардын бирине качып барса,
12 анда шаар аксакалдары аны ал шаардан алып келєєгљ кишилерин жљнљтєп, аны кан кууган адамдын колуна салып беришсин, ал љлєм жазасына тартылсын.
13 Ага ырайым кылба. Ысрайылдан айыпсыздын канын жууп сал, ошондо сага жакшы болот.
14 Кудай-Тењирињ сага ээлик кылышыњ єчєн берген, сага тийген жерде ата-бабаларыњ койгон жакыныњдын чегин бузба.
15 Айыпка жыгылган адамга, же кылмыш кылган адамга, же кєнљљ кылган адамга бир кєбљ жетишсиз. Иш эки же єч кєбљнєн сљзє боюнча каралышы керек.
16 Ким бирљљнє кылмыш кылды деп айыптап, жалган кєбљ болсо,
17 анда ортосунда талаш-тартышы бар эки киши тењ Тењирдин алдына, ошол убактагы ыйык кызмат кылуучулар менен башкаруучулардын алдына келсин.
18 Башкаруучулар жакшылап териштиришсин. Эгерде ал кєбљ љз бир тууганына жалган жалаа жапкан болсо,
19 анда љз бир тууганына ойлогон жамандыкты анын љзєнљ жасагыла. Љз ичињдеги жамандыкты ушинтип жок кыл.
20 Ошондо башкалар угуп, коркуп калышат да, ошондон кийин сенин ичињде ошондой жамандыкты кылышпайт.
21 Ага бооруњ ачыбасын. Жанга жан, кљзгљ кљз, тишке тиш, колго кол, бутка бут болсун.
1 Душманга каршы согушка чыкканыњда, алардын аттары менен майдан арабалары, эли сеникинен алда канча кљп экенин кљргљнєњдљ, алардан коркпо, анткени сени Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Тењирињ сени менен.
2 Согушка кирерињерде, ыйык кызмат кылуучу келип, элге кайрылып, мындай десин:
3 “Кулак сал, Ысрайыл! Силер бєгєн душмандарыњар менен согушасыњар. Жєрљгєњљр опколжубасын, тынчсызданбагыла, коркпогула.
4 Анткени Кудай-Тењирињер силердин душмандарыњар менен салгылашыш єчєн, силерди сакташ єчєн, силер менен бара жатат”.
5 Кљзљмљлдљљчєлљрєњљр болсо элге мындай деп айтышсын: “Ким єй салып, ага кире элек болсо, ал єйєнљ кайтсын, себеби ал согушта љлєп калса, башка бирљљ кирип алат.
6 Ким жєзємзар отургузуп, анын тєшємєн жыйнай элек болсо, ал єйєнљ кайтсын, себеби ал согушта љлєп калса, башка бирљљ анын тєшємєн жыйнап алат.
7 Ким убадалашып коюп єйлљнљ элек болсо, согушта љлєп калбашы єчєн, колуктусун башка бирљљ алып албашы єчєн, єйєнљ кайтсын”.
8 Кљзљмљлдљљчєлљр элге дагы мындай деп айтышсын: “Ким коркок, суу жєрљк болсо, ал бир туугандарын майтарылтпаш єчєн, єйєнљ кайтсын”.
9 Кљзљмљлдљљчєлљр булардын баарын элге айтып бєткљндљн кийин, элге аскер башчыларды дайындашы керек.
10 Шаарды басып алганы жакындаганыњда, ага тынчтык сунуш кыл.
11 Эгерде ал сени менен тынчтык келишимин тєзєєгљ макул болуп, сага дарбазасын ачып берсе, анда шаарда жашаган бардык эл сага салык тљлљп, кызмат кылсын.
12 Эгерде ал тынчтык келишимин тєзєєгљ макул болбой, сени менен согуша турган болсо, анда шаарды курча.
13 Кудай-Тењирињ аны сенин колуња салып бергенде, ал жердеги эркек аттуунун баарын кылычтап кырып сал.
14 Кудай-Тењирињ колуња салып берген душманыњдын шаарындагы аялдарды, балдарды, малды, болгон дєнєйљсєн алып пайдалан.
15 Ал элдерге караштуу эмес, сенден љтљ алыс жайгашкан шаарларды да так ушундай кыл.
16 Ал эми Кудай-Тењирињ сенин энчиње берип жаткан мына бул элдердин шаарларында жашаган адамдардын бирин да тирєє калтырба.
17 Кудай-Тењирињ буйругандай, хеттиктерди, аморлуктарды, канаандыктарды, перездиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды кырып сал.
18 Алар силерди љз кудайларына табынуу учурунда кылган жийиркеничтєє иштерине єйрљтпљшє єчєн, Кудай-Тењирињердин алдында кєнљљ кылбашыњар єчєн, аларды кырып салгыла.
19 Эгерде бир шаарды басып алыш єчєн, курчоодо кљпкљ кармап турсањ, анда жемиши желе турган дарактарына тийбе, аларды кыйба, анткени талаадагы дарактар сенден качып жашынгыдай, адам эмес.
20 Љзєњ билген, жемиши жегенге жарабаган дарактарды гана кыйып, кулатсањ болот. Алардан сени менен салгылашып жаткан шаарларга каршы чептерди курсањ болот.
1 Эгерде Кудай-Тењирињ энчиње берип жаткан жерде талаадан ким љлтєргљнє белгисиз адам табылса,
2 анда аксакалдар менен башкаруучулар барып, љлтєрєлгљн кишинин тегерегиндеги шаарларга чейинки аралыкты љлчљп чыгышсын.
3 Љлтєрєлгљн кишиге жакын жайгашкан шаардын аксакалдары мойнуна моюнтурук салына элек, жумушка чегиле элек кунажынды алып келишсин.
4 Ал шаардын аксакалдары ал кунажынды айдалбаган, єрљн себилбеген ээн талаага жетелеп барып, ошол жерде союшсун.
5 Ал жерге Лебинин ыйык кызмат кылуучу уулдары келишсин.
6 Љлтєрєлгљн кишиге жакын жайгашкан шаардын бардык аксакалдары талаада союлган, мойну сындырылган кунажындын єстєнљ колдорун жуушсун.
7 Анан мындай деп жарыялашсын: “Бул канды биздин колубуз тљккљн жок жана биздин кљзєбєз кљргљн жок.
8 Тењир, Љзєњ куткарып алган Ысрайыл элињди тазала. Айыпсыз бирљљнєн канын Љз элињ Ысрайылдын мойнуна жєктљбљ”. Ошондо алар тљгєлгљн кандын кунунан кутулушат.
9 Тењирдин алдында ак ниет жана адилет болгуњ келсе, айыпсыздын канын љзєњдљн ушундай кылып жуушуњ керек.
10 Душмандарыња каршы согушка чыкканыњда, Кудай-Тењирињ аларды сенин колуња салып берип, аларды туткунга алганыњда,
11 туткундардын арасынан сулуу аялды кљрєп жактырып калып, аны алгыњ келсе,
12 анда аны єйєњљ алып кел. Ал чачын кырдырып, тырмактарын алсын.
13 Туткунга тєшкљндљгє кийимдерин чечип, сенин єйєњдљ жашап калсын. Анан бир ай бою атасы менен энесин жоктоп ыйласын. Ошондон кийин гана сен ага жакындап, кєйљљсє боло аласыњ, ал сенин аялыњ болуп калат.
14 Эгерде ошондон кийин ал сага жакпай калса, каалаган жагына коё бер, бирок кємєшкљ сатпа, кєњ кылып салба, себеби сен ага зордук менен жакындагансыњ.
15 Кимдин эки аялы болсо, алардын бири сєйгљн аялы, экинчиси сєйбљгљн аялы болсо, сєйгљн аялы да, сєйбљгљн аялы да ага эркек балдарды тљрљп беришсе, тун уулу сєйбљгљн аялынан болсо,
16 анда ал љз уулдарына энчи бљлєштєргљндљ, сєйбљгљн аялынын тун уулунун алдында сєйгљн аялынын уулуна тунгучтукту бере албайт.
17 Бирок сєйбљгљн аялы тљрљгљн уулду тун уулум деп эсептеп, колунда болгон мал-мєлкєнљн ага сєйгљн аялынын тун уулуна бергенинен эки эсе кљп берсин, анткени ал – анын кєч-кубатынын башаты, туну.
18 Кимдин уулу ээнбаш, тентек чыкса, атасынын да, энесинин да тилин албаса, алар аны жазаласа да тил албаса,
19 анда атасы менен энеси аны кармап, шаар аксакалдарына, дарбаза алдына алып келип,
20 љздљрєнєн шаарынын аксакалдарына мындай дешсин: “Биздин бул балабыз тентек, ээнбаш чыкты, сљзєбєздє укпайт, жатып ичер, аракеч”.
21 Ошондо шаардын эли аны таш барањга алып љлтєрсєн. Љз ичињен жамандыкты ушинтип жок кыл, муну ысрайылдыктар угуп, коркуп калышат.
22 Эгерде кимдир бирљљ љлємгљ татыктуу кєнљљ кылса, аны љлтєргљндљн кийин, жыгачка асып ташта.
23 Бирок анын љлєгєн жыгачка тєнљтпљй, ошол эле кєнє кљмєп сал, анткени жыгачка асылган ар бир адам Кудайдын алдында каргышка калган. Кудай-Тењирињ энчиње берип жаткан жерди булгаба.
1 Бир тууганыњдын жоголуп кеткен љгєзєн же коюн таап алсањ, аны таштап салбай, бир тууганыња кайтарып бер.
2 Эгерде малдын ээси алыс жашаса, же анын ким экенин билбесењ, анда ал малды љз єйєњљ алып кел. Малдын ээси љзє издеп келгиче, єйєњдљ кармап тур, анан кайтарып бер.
3 Жакыныњдын жоготуп алган эшегин таап алсањ да, кийимин таап алсањ да, буюмун таап алсањ да, ошондой кыл. Бул айтылгандан четтебе.
4 Жакыныњдын эшеги же љгєзє жолдо жыгылып калганын кљрсљњ, таштап кетпе, ага аларды тургузууга жардам бер.
5 Аял эркектин, эркек аялдын кийимин кийбеши керек, анткени ушундай кылган ар бир адам Кудай-Тењирињдин алдында жийиркеничтєє.
6 Эгерде жолдон даракка же жерге салынган канаттуунун уясын кљрсљњ, ал уяда энеси балапандарын же жумурткаларын басып жатса, анда энесин балапандары менен кошо алба.
7 Љзєњљ жакшы болушу єчєн, љмєрєњ узун болушу єчєн, энесин коё берип, балапандарын ал.
8 Кимдир бирљљ єйєњдєн єстєнљн кулап тєшпљшє єчєн, айыптуу болуп калбашыњ єчєн, єй кура турган болсоњ, єйєњдєн єстєнљ тегерете тосмо жасап кой.
9 Жєзємзарыња эки тєрдєє єрљн сеппе, болбосо сепкен єрљнєњдєн тєшємє да, алган жєзємєњ да ыйык болуп калат.
10 Љгєз менен эшекти кошуп жер айдаба.
11 Жєн менен зыгыр буласы аралаш токулган кездемеден кийим кийбе.
12 Yстєњљ жамына турган жамынчыњдын тљрт бурчуна чачы жасап ал.
13 Ким аял алып, ага жакындагандан кийин, аны жек кљрєп калса,
14 анан: “Мен єйлљнєп, ага жакындаганда, кыздыгы жок болуп чыкты”, – деп, жалган жерден айыптап, жаман сљз таратса,
15 анда кыздын атасы менен энеси шаар аксакалдарына, дарбаза алдына кызды алып келсин да, кызынын кыздык белгисин далилдесин.
16 Кыздын атасы шаар аксакалдарына: “Мен кызымды бул кишиге аялдыкка бергем, ал азыр кызымды жек кљрєп калды.
17 Аны жаманатты кылып: «Мен сенин кызыњдын кыздыгын кљргљн жокмун», – деп жатат. Бирок менин кызымдын кыздык белгиси мына”, – деп, кызынын кыздык белгиси калган кийимин шаар аксакалдарынын алдына жайсын.
18 Ошондо шаардын аксакалдары кєйљљсєн алып келип жазага тартсын.
19 Ал Ысрайыл кызын жаманатты кылып, ушак таратканы єчєн, анын мойнуна жєз шекел кємєш салышсын, кємєштє кыздын атасына беришсин. Кызы анын аялы болуп кала берсин. Ал љмєр бою аны менен ажыраша албайт.
20 Эгерде анын айтканы чындык болуп, кыздын кыздыгы жок болуп чыкса,
21 анда кызды атасынын єйєнљ алып барышсын, аны шаардын эли таш барањга алып љлтєрсєн, анткени ал атасынын тљрєндљ ойноштук кылып, Ысрайыл элинин арасында жийиркеничтєє иш кылды. Љз элињдин ичинен жамандыкты ушинтип жок кыл.
22 Эгерде кєйљљсє бар аял менен жаткан бирљљ кармалса, анда экљљ тењ: аял менен жаткан эркек да, эркек менен жаткан аял да љлтєрєлсєн. Ысрайыл элинин ичинен жамандыкты ушинтип жок кыл.
23 Бойго жеткен кыз жигити менен убадалашып койгондон кийин, шаардан бирљљ жолугуп калып, аны менен жатса,
24 анда экљљнє тењ ошол шаардын дарбазасынын алдына алып келип, таш барањга алып љлтєрєшсєн. Кызды кыйкырып жардамга чакырбаганы єчєн, эркекти жакынынын аялын булгагандыгы єчєн љлтєрєшсєн. Љз элињдин ичиндеги жамандыкты ушинтип жок кыл.
25 Эгерде кимдир бирљљ убадалашып койгон кызга талаадан жолугуп калып, аны кармап алып зордуктап койсо, анда аны зордуктап койгон эркек гана љлєм жазасына тартылсын.
26 Кызга болсо тийбегиле, анын љлємгљ тете кєнљљсє жок. Эгерде аны љлєм жазасына тартсањар, анда бул љз жакынына кол кљтљрєп љлтєргљнгљ барабар болуп калат.
27 Анткени ал убадалашып койгон кызга ээн талаадан жолугуп калган, кыз жардам сурап кыйкырса да, куткара турган эч ким болгон эмес.
28 Эгерде кимдир бирљљ убадалашпаган кызга жолугуп калып, аны зордуктап жатканда, єстєнљн бирљљлљр чыгып калса,
29 анда аны менен жаткан эркек кыздын атасына элєє шекел кємєш берсин. Ал аны аялдыкка алсын, анткени аны зордуктап койду. Ал аны менен љмєр бою ажыраша албайт.
30 Эч ким атасынын аялын албасын, атасынын тљшљгєн ачпасын.
1 Кимдин энеги зыянга учураган болсо же бала тљрљтљ турган мєчљсє бычылып калса, ал Тењирдин жамаатына кирбесин.
2 Никесиз тљрљлгљн бала да Тењирдин жамаатына кирбесин, анын онунчу мууну да Тењирдин жамаатына кирбесин.
3 Амондуктар менен мааптыктар да Тењирдин жамаатына кирбесин, алардын онунчу мууну да Тењирдин жамаатына кирбесин.
4 Анткени силер Мисирден чыкканда, алар силерди нан, суу менен тосуп алышкан эмес, сени каргаш єчєн, Месопотамиянын Пыторунан Бейор уулу Биламды алар сага каршы жалдашкан.
5 Бирок Кудай-Тењирињ Биламды уккусу келген жок. Кудай-Тењирињ анын каргышын батага айлантты, анткени Кудай-Тењирињ сени сєйљт.
6 Љмєрєњ љткљнчљ аларга тынчтык да, ийгилик да каалаба.
7 Эдомдуктарды жек кљрбљ, анткени алар сенин бир туугандарыњ. Мисирликтерди да жек кљрбљ, анткени сен алардын жеринде келгин болгонсуњ.
8 Алардын єчєнчє муунунан тљрљлгљн балдар Тењирдин жамаатына кире алат.
9 Душманыња каршы согушка бет алганыњда, бардык жаман нерселерден сактан.
10 Эгерде тєнкє окуядан улам кимдир бирљљ таза эмес болуп калса, анда ал стандын сыртына чыксын, станга кирбесин.
11 Кеч киргенде денесин сууга жуусун. Станга кєн батканда кирсин.
12 Чыга турган жерињ стандын сыртында болсун.
13 Куралыњдан тышкары кєрљгєњ да болсун. Стандын сыртына чыкканыњда, чуњкур казып отур да, чыккан нерсени кљмєп сал.
14 Анткени Кудай-Тењирињ сени куткарыш єчєн жана душмандарыњды колуња салып бериш єчєн, станыњды аралап жєрљт, ошондуктан Ал сенин таза эмес бир нерсењди кљрєп, сенден кетип калбашы єчєн, станыњ ыйык болсун.
15 Кожоюнунан качып келген кулду кожоюнуна кармап бербе.
16 Ал сен жашаган жердин кайсы жерин жактырып тандап алса, ошол жерде, силердин арањарда жашай берсин, аны кысымга алба.
17 Ысрайыл кыздарынын арасында бузулган кыз, Ысрайыл уулдарынын арасында бузулган уул болбосун.
18 Бузулган аялдын же бузулган эркектин кайсы убада боюнча болбосун алып келген нерсесин Кудай-Тењирињдин єйєнљ киргизбе, анткени Кудай-Тењирињдин алдында экљљнєкє тењ жийиркеничтєє.
19 Бир тууганыња карызга кємєш же дан берсењ, єстљк кошуп алба.
20 Сен ээлегени бара жаткан жерде Кудай-Тењирињ бардык иштериње батасын бериши єчєн, бљтљн жерликтен єстљк алсањ ал, бирок бир тууганыњдан алба.
21 Эгерде Кудай-Тењириње убада берсењ, аны кечиктирбей аткар, анткени Кудай-Тењирињ аны сенден тљлљтєп алат, сенин мойнуњда кєнљљ калат.
22 Эгерде убада бербесењ, анда кєнљљлєє болбойсуњ.
23 Оозуњдан чыкканды бек кармап, так аткар, анткени Кудай-Тењириње љз каалооњ менен тартуу берем деп, љз оозуњ менен убада бергенсињ.
24 Бирљљнєн жєзємзарына кирсењ, анын мљмљсєнљн каалашынча же, бирок идишиње салып алба.
25 Бирљљнєн эгин талаасына барсањ, машактарынан колуњ менен єзєп ал, бирок орок менен оруп алба.
1 Ким аял алып, анан аялынын бир жаман жагын кљрєп калып, аны жактырбай калса, анда ага талак кат жазып, колуна берип, єйєнљн чыгарып жиберсин.
2 Аялы анын єйєнљн кетип, башка кєйљљгљ тийип алса,
3 бирок кийинки кєйљљсє да аны жаман кљрєп, талак кат жазып, колуна берип, єйєнљн чыгарып салса же љлєп калса,
4 анда аны коё берген биринчи кєйљљсє булганып калган аялын кайра албасын, анткени бул Тењирдин алдында жийиркеничтєє. Кудай-Тењирињ энчиње берип жаткан жерди булгаба.
5 Ким жакында эле єйлљнсљ, анда ал согушка барбасын, анын мойнуна эч нерсе жєктљлбљсєн. Ал љз єйєндљ бир жыл бош болуп, алган аялынын кљњєлєн ачсын.
6 Эч ким жаргылчактын єстєнкє же астынкы ташын кєрљљгљ албасын, анткени ал жанды кєрљљгљ алган болуп калат.
7 Ким љз бир тууганы болгон Ысрайыл уулдарынын ичинен бирљљнє уурдап алып, аны кул кылып алса, же сатып жиберсе, анда андай ууруну љлтєрєш керек. Љз элињдин ичиндеги жамандыкты ушинтип жок кыл.
8 Байкагын, ыйык кызмат кылуучу лебилер єйрљткљн пес оорусу жљнєндљгє мыйзамдын баарын так аткар. Мен аларга буйруганды так аткаргыла.
9 Силер Мисирден чыгып келе жатканда, Кудай-Тењирињер Мириямды эмне кылганын эсињерден чыгарбагыла.
10 Эгерде сен жакыныња карызга бир нерсе берсењ, анын єйєнљ кєрљљ алыш єчєн кирбе.
11 Сыртта тура турсањ, сен карыз берген киши кєрљљсєн сыртка алып чыгып берет.
12 Эгерде ал жарды болсо, анын кєрљљсєн тањ атканга чейин калтырба.
13 Ал љз кийими менен жатып, сага батасын бериши єчєн, кєрљљсєн кєн батканча кайтарып бер. Кудай-Тењирињ муну сага адилеттик катары эсептейт.
14 Сенин жерињде жашаган келгиндердин же бир туугандарыњдын арасындагы жалчыны, жардыны, жакырды кысымга алба.
15 Анын акысын ошол эле кєнє, кєн батканча бер, анткени ал жарды, ал акыга зар болуп турат. Ал сен єчєн Тењирге зарлап жибербесин, сен кєнљљкљр болуп калба.
16 Балдары єчєн атасы, атасы єчєн балдары љлєм жазасына тартылбасын. Љлєм жазасына ар ким љз кєнљљсє єчєн тартылсын.
17 Келгин менен жетимдин ишин бурмалап соттобо, жесирдин кийимин кєрљљгљ алба.
18 Сен да Мисирде кул болгонуњду, ал жерден сени Тењир алып чыкканын эсињден чыгарба. Ошон єчєн мен сага ушуларды кылууну буйруп жатам.
19 Талаадан эгин оруп, боологон бооњду унутуп калсањ, аны алууга кайрылып барба. Кудай-Тењирињ бардык иштериње батасын бериши єчєн, аны келгинге, жетимге, жесирге калтыр.
20 Зайтун дарактарыњдын жемишин жыйнаганда, калгандарын кайра терип алба. Ал келгинге, жетимге, жесирге калсын.
21 Жєзєм тергенде, калып калгандарын кайра терип алба. Ал келгинге, жетимге, жесирге калсын.
22 Љзєњдєн Мисир жеринде кул болгонуњду эсињден чыгарба, ошондуктан мен сага ушуларды буйруп жатам.
1 Эгерде эки адамдын ортосунда чатак болсо, алардын ишин башкаруучулар териштиришсин. Алар иши акты актап, иши караны айыпташсын.
2 Эгерде айыпкер балак алууга татыктуу болсо, анда башкаруучу љзєнєн кљзєнчљ андан айыбына жараша балак алдырсын.
3 Андан кырктан ашык балак алынбасын. Эгерде ашык балак алынса, сенин алдыњда бир тууганыњ кемсинтилген болот.
4 Эгин бастырып жаткан љгєзєњдєн оозун тањба.
5 Эгерде эки бир тууган бирге жашап, анын бири бала кљрбљй љлєп калса, анда љлгљндєн аялы бљтљн кишиге турмушка чыкпасын. Кайын агасы болобу, кайын иниси болобу, аны алып, аны менен жашасын.
6 Љлгљн бир тууганынын аты Ысрайыл элинин арасынан љчпљшє єчєн, анын тун баласы љлгљн бир тууганынын баласы болуп эсептелсин.
7 Эгерде ал жесир келинин же жењесин алгысы келбесе, жесир жењеси же келини дарбаза алдына, аксакалдарга барып: “Кайним (кайнагам) менден баш тартып, љз бир тууганынын атын Ысрайыл арасынан љчєргљнє жатат, мени алгысы келбей жатат”, – десин.
8 Ошондо шаардын аксакалдары аны чакыртып алып, кљндєрєшє керек. Эгерде ал: “Аны алгым келбейт”, – деп туруп алса,
9 анда жењеси (келини) аксакалдардын кљзєнчљ ага басып барып, љтєгєн чечип алып, бетине жаба тєкєрєп: “Љз бир тууганынын тукумун улантпаган кишини ушундай кылат”, – десин.
10 Ысрайылда ага “Жылањаяктын єйє” деген ат коюшат.
11 Эркектер љз ара мушташып жатканда, биринин аялы уруп жаткандын колунан љз кєйљљсєн чыгарып алыш єчєн, тигинин жан жерин кармап алса,
12 анда аялдын колун кесип сал. Ага бооруњ ачыбасын.
13 Баштыгыња эки башка салмактагы, чоњ жана кичинекей тараза таштарын салба.
14 Сенин єйєњдљ сыйымдуулугу эки башка, чоњ жана кичине болгон эйфа болбосун.
15 Кудай-Тењир берип жаткан жерде узак љмєр сєрєшєњ єчєн, тараза ташыњ да, эйфањ да так жана туура болсун.
16 Анткени ушундай жалган иш кылган адам Кудай-Тењирињдин алдында жийиркеничтєє.
17 Силер Мисирден чыгып келе жатканда, амалыктыктардын силерге эмне кылганын эсињерден чыгарбагыла.
18 Ал сени жолдо кандай тосконун, чарчап-чаалыгып келе жатканыњда, Кудайдан коркпой, сенин артыњда алсырап калгандарды љлтєргљнєн эсињден чыгарба.
19 Ошондуктан Кудай-Тењирињ берип жаткан жерди ээлеп алганыњда, Кудай-Тењирињ сени тегерегињдеги бардык душмандарыњдан куткарып, сага тынчтык бергенде, амалыктыктарды жер єстєнљн жок кыл, унутпа.
1 Кудай-Тењирињ энчиње берип жаткан жерге барып, аны ээлеп, ага отурукташканыњда,
2 Кудай-Тењирињ берип жаткан жерден алган бардык тєшємєњдєн алгачкыларын алып, себетиње салып, Кудай-Тењирињ Љзєнєн ысымы бар болуп турушу єчєн тандап алган жерге барып,
3 ошол убактагы ыйык кызмат кылуучуга мындай деп айт: “Мен бєгєн Тењир биздин ата-бабаларыбызга убада кылган жерге келгенимди Кудай-Тењирињдин алдында билдиремин”.
4 Ошондо ыйык кызмат кылуучу колуњдан себетти алып, Кудай-Тењириње арналган курмандык чалынуучу жайдын алдына коёт.
5 Сен болсо Кудай-Тењирињдин алдында мындай дегин: “Менин атам жер кезген арамейлик киши болгон. Ал Мисирге барып, ал жерге бир нече киши менен отурукташып калган. Ошол жерде андан эњ кєчтєє, эњ кубаттуу, сансыз кљп эл тараган.
6 Бирок мисирликтер бизге жаман мамиле кылып, кысымга алып, оор жумушка салышкан.
7 Ошондо биз ата-бабаларыбыздын Кудай-Тењирине боздоп кайрылдык. Тењир биздин боздогон єнєбєздє укту, башыбызга тєшкљн мєшкєлдє, жумушубуздун оордугун, эзилгенибизди кљрдє.
8 Тењир бизди Мисирден сунулган колу, кєчтєє билеги менен, зор коркунучтары менен, жышаандары менен, кереметтери менен алып чыгып,
9 ушул жерге алып келип, мына ушул сєт менен бал аккан жерди берди.
10 Мына эми, Тењир, Љзєњ берген жердин тєшємєнєн алгачкыларын алып келдим”. Анан аларды Кудай-Тењирињдин алдына коюп, Ага таазим кыл.
11 Кудай-Тењирињ сага жана єй-бєлљњљ берген бардык жакшы нерселерге кубанып, элињдин арасында жашаган лебилер жана келгиндер менен бирге кљњєл ач.
12 Жерињден алган тєшємдєн ондон бир бљлєгєн ондуктун жылы болгон єчєнчє жылы бљлєп алып, лебилерге, келгиндерге, жетимдерге, жесирлерге бер. Алар сенин жерињде тойгончо ичип-жешсин.
13 Анан Кудай-Тењирињдин алдында мындай деп айт: “Мен Сенин мага берген буйруктарыњ боюнча єйємдљ болгон нерселердин ыйык бљлєгєн алып, лебилерге, келгиндерге, жетимдерге, жесирлерге бердим. Мен Сенин осуяттарыњдын бардыгын аткардым, аларды унуткан жокмун.
14 Кайгыга батканымда андан жеген жокмун, аны таза эмес болуп турганымда жыйнаган жокмун, андан љлгљндљр єчєн берген жокмун. Кудай-Тењиримдин тилин алып, Сенин мага берген осуяттарыњдын бардыгын аткардым.
15 Ыйык жайыњдан, асмандан бизге назар салып, Љз элињ Ысрайылга жана ата-бабаларыбызга убада кылып, бизге берген сєт менен бал аккан жерге батањды бер”.
16 Бєгєн Кудай-Тењирињ сага ушул кљрсљтмљлљр менен мыйзамдарды аткарууну буйруйт. Аларды чын жєрљгєњ менен, жан-дилињ менен аткарганга аракет кыл.
17 Сен бєгєн Тењирге Ал сенин Кудайыњ экенин, Анын жолу менен жєрљрєњдє, Анын кљрсљтмљлљрє менен мыйзамдарын, осуяттарын аткарарыњды жана Анын айтканын угарыњды айттыњ.
18 Тењир да бєгєн сага, Љзє айткандай, эгерде сен Анын бардык осуяттарын аткара турган болсоњ, Анын Љз эли болоруњду,
19 ошондой эле Љзє жараткан элдердин ичинен сени баарынан жогору коёрун, сен урмат-сыйга, дањкка, улуулукка бљлљнљрєњдє, Љзє айткандай, Кудай-Тењирињдин ыйык эли болоруњду убада кылды».
1 Муса Ысрайыл аксакалдары менен бирге элге кайрылып, мындай деди: «Мен бєгєн силерге берип жаткан осуяттардын бардыгын аткаргыла.
2 Кудай-Тењирињер берип жаткан жерге Иордан аркылуу љткљн кєнє чоњ-чоњ таштарды коюп, акиташ менен актагыла.
3 Кудай-Тењирињ сенин ата-бабаларыња убада кылган, сєт менен бал аккан жерге кириш єчєн, Иордан суусунан љткљн кєнє ал таштарга ушул мыйзамдарды жазып кой.
4 Иордандан љткљндљн кийин, мен бєгєн силерге буйругандай, ал таштарды Эйбал тоосуна коюп, акиташ менен актагыла.
5 Ошол жерге Кудай-Тењириње арнап, темирдин учун тийгизбей, таштан курмандык чалынуучу жай кур.
6 Кудай-Тењирињерге курмандык чалынуучу жайды бєтєн таштардан кургула. Анан Кудай-Тењирињерге арнап бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык чалгыла.
7 Ошол жерге тынчтык курмандыктарын алып келип жеп, Кудай-Тењирињердин алдында кљњєл ачкыла.
8 Андан кийин ал таштарга ушул мыйзамдын бардык сљздљрєн даана кылып жазып койгула».
9 Анан Муса менен ыйык кызмат кылуучу лебилер бєткєл Ысрайыл элине мындай деп айтышты: «Кљњєл буруп, кулак сал, Ысрайыл, бєгєн сен Кудай-Тењирдин Љз эли болдуњ.
10 Ошондуктан Кудай-Тењирињдин сљзєнљ кулак салып, мен бєгєн берип жаткан Анын осуяттары менен буйруктарын аткар».
11 Ошол кєнє Муса элге мындай деп буйрук берди:
12 «Иордандан љткљндљн кийин, мына бул уруулар элге бата берип туруш єчєн, Гаризим тоосуна чыгып турушу керек: Шымон, Леби, Жєйєт, Исахар, Жусуп жана Бенжемин.
13 Ал эми мына бул уруулар каргаш єчєн Эйбал тоосуна чыгып турушу керек: Рубейин, Гат, Ашыр, Забулун, Дан жана Напталы.
14 Лебилер катуу єн менен бєт ысрайылдыктарга мындай деп айтышсын:
15 “Оюп же куюп буркан жасап, аны жашыруун жерге катып койгон кишиге каргыш тийсин! Анткени сєрљтчєнєн колунан чыккан чыгарма Тењирдин алдында жийиркеничтєє”. Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
16 “Атасына же энесине тил тийгизгенге каргыш!” Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
17 “Жакынынын чек арасын бузганга каргыш!” Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
18 “Сокурду жолдон адаштырганга каргыш!” Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
19 “Келгинге, жетимге жана жесирге адилетсиз љкєм чыгарганга каргыш!” Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
20 “Атасынын аялы менен бир тљшљккљ жатканга каргыш, анткени ал атасынын тљшљгєн ачты”. Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
21 “Жаныбар менен жатканга каргыш!” Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
22 “Љз карындашы же эжеси менен, атасынын же энесинин кызы менен жатканга каргыш!” Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
23 “Кайын энеси менен жатканга каргыш!” Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
24 “Љз жакынын жашыруун љлтєргљнгљ каргыш!” Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
25 “Айыпсыз адамды љлтєрєш єчєн акы алганга каргыш!” Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
26 “Бул мыйзамды аткарбаганга, бул мыйзам боюнча жашабаганга каргыш!” Бєт эл катуу єн менен: “Оомийин!” – десин.
1 Эгерде сен мен бєгєн берип жаткан Анын осуяттарынын бардыгын так аткарып, Кудай-Тењирињдин єнєн угуп, тил ала турган болсоњ, Кудай-Тењирињ сени бардык элдерден жогору коёт.
2 Эгерде Кудай-Тењирињди уксањ, анда Ал сага мына бул баталарды берет, сен ушул баталарды аласыњ.
3 Тењир сага шаарда да, талаада да батасын берет.
4 Тењир сенин укумдап-тукумдап кљбљйєшєњљ, тєшємєњљ, малыњдын, бодо малыњдын, койлоруњдун тљлєнљ батасын берет.
5 Тењир сенин кырмандарыњ менен кампаларыња батасын берет.
6 Тењир сага киргенињде да, чыкканыњда да батасын берет.
7 Тењир сага каршы чыккан душманды кырып жок кылат. Алар сага каршы бир жол менен келип, сенден жети жол менен качып кетет.
8 Тењир сенин кампаларыња, бардык иштериње батасын берет. Кудай-Тењирињ Љзє берип жаткан жерде сага батасын берет.
9 Эгерде сен Кудай-Тењирињдин осуяттарын аткарсањ, Анын жолу менен жєрсљњ, Љзє сага убада бергендей, сени Љзєнєн ыйык эли кылып алат.
10 Сен Тењирдин ысымы менен аталып жатканыњды жер жєзєндљгє бардык элдер кљрєп, сенден коркуп калышат.
11 Тењирињ Љзє ата-бабаларыња убада кылып, сага берген жерде сени укумдатып-тукумдатып кљбљйтљт, малыњдын тљлєн, жерињдин тєшємєн – бардыгын мол кылат.
12 Тењир сенин жериње љз убагында жамгыр берип туруш єчєн, сенин иштериње батасын берип туруш єчєн, Љзєнєн берекелєє казынасы болгон асманын ачат. Ошондо сен кљп элге карыз бересињ, љзєњ карыз албайсыњ.
13 Эгерде сактагыла жана аткаргыла деп, мен бєгєн берип жаткан Кудай-Тењирињдин осуяттарын аткарсањ, Тењир сени куйрук эмес, баш кылат, тљмљн жакта эмес, жогору жакта болосуњ,
14 бљлљк кудайлардын артынан ээрчип, ага табынбашыњ єчєн, мен бєгєн силерге берип жаткан осуяттардан оњго да, солго да бурулба.
15 Эгерде мен бєгєн сага берип жаткан Кудай-Тењирињдин осуяттарын, мыйзамдарын аткарууга аракет кылбасањ, Анын єнєн укпасањ, анда Тењирдин мына бул каргыштары тиет.
16 Шаарда да, талаада да Тењирдин каргышы тиет.
17 Кырмандарыњ менен кампаларыња Тењирдин каргышы тиет.
18 Укум-тукумуња да, жерињдин тєшємєнљ да, бодо малыњдын, койлоруњдун тљлєнљ да Тењирдин каргышы тиет.
19 Киргенињде да, чыкканыњда да Тењирдин каргышы тиет.
20 Мени таштап кеткенињ єчєн, жаман иштерињ єчєн Тењирдин каргышы тийип, башыња мєшкєл тєшљт. Кырылып жок болмоюнча, кандай иш кылсањ да, андан баар таппайсыњ, кыска убакыттын ичинде кырылып жок болосуњ.
21 Ээлегени бара жаткан жерде сени кырып жок кылмайынча, Тењир сага жугуштуу оору жиберет.
22 Тењир сага кургак учук, безгек, кулгуна жиберет, жерињди кургакчылык, ысык шамал менен кєйгєзљт, кырылып жок болмоюнча, алардан арылбайсыњ.
23 Yстєњдљгє асман жез болот, астыњдагы жер темир болот.
24 Тењир жамгырдын ордуна чањ жаадырат, сен кырылып жок болмоюнча, асмандан сага топурак жаай берет.
25 Тењир сени душмандарыњдын колуна салып берет. Бир жол менен ага каршы барасыњ да, жети жол менен качасыњ. Жер жєзєндљгє бєт падышачылыктарга тарайсыњ.
26 Сенин љлєгєњ асмандагы жырткыч куштарга, жердеги жырткыч айбандарга жем болот, аларды кубалай турган жан болбойт.
27 Тењир сага Мисирдин айыккыс пес оорусун, чечек оорусун, ирињдєє жарасын, котурун жиберет.
28 Тењир сени акылыњдан адаштырат, сокур, коркок кылат.
29 Ошондо сен чак тєштљ сокурга окшоп жер сыйпалап каласыњ, ишињдин ийгилигин кљрбљйсєњ, љмєрєњ љткљнчљ сени кысымга алып кордошот, сага эч ким болушпайт.
30 Аял аласыњ, бирок аны менен башка бирљљ жатат. Yй курасыњ, бирок ал єйдљ љзєњ жашабайсыњ. Жєзємзар тигесињ, бирок мљмљсєн љзєњ жебейсињ.
31 Љгєзєњдє сенин кљзєњчљ союп алышат, анын этинен жебейсињ. Эшегињди жетелеп кетишет, кайтарып беришпейт. Койлоруњду кас душмандарыња айдап барып беришет, сени эч ким коргобойт.
32 Балдарыњ менен кыздарыњды башка элдер алып кеткенин љз кљзєњ менен кљрљсєњ. Љмєрєњ љткљнчљ аларды кєтєп жол карайсыњ, бирок эч нерсе кыла албайсыњ.
33 Сен айдаган жердин тєшємєн, сенин эмгегињди сен тааныбаган башка эл жейт. Љмєрєњ љткљнчљ куугунтукталасыњ жана эзилесињ.
34 Ушуларды љз кљзєњ менен кљрєп, акылдан ажырайсыњ.
35 Тењир сенин тизењ менен шыйрагыња, таманыњдан тљбљњљ чейин айыккыс пес оорусун каптатат.
36 Тењир сени жана сен такка отургузган падышаны љзєњ да, ата-бабањ да билбеген элге алып барат. Ал жерде сен жыгачтан жана таштан жасалган кудайларга табынып каласыњ.
37 Тењир алып барган жердеги элдер сени кљрєп єрљйє учат, аларга шылдыњ, ылакап болосуњ.
38 Талаања кљп єрљн сээп, аз тєшєм аласыњ, анткени аны чегиртке жеп кетет.
39 Жєзємзар тигип љстєрљсєњ, бирок мљмљсєн жыйнап, шарап ичпейсињ, анткени аны курт жеп салат.
40 Бардык жерињде зайтун дарагы болот, бирок майы менен майланбайсыњ, анткени мљмљлљрє жерге тєшєп калат.
41 Уулдарыњ, кыздарыњ тљрљлљт, бирок алардын бири да колуњда болбойт, анткени туткундалып кетишет.
42 Бак-дарактарыњ менен жерињдин тєшємєн чегиртке жеп жок кылат.
43 Арањда жашаган келгин сенден жогору кљтљрєлгљндљн кљтљрєлљт, сен тљмљндљгљндљн тљмљндљйсєњ.
44 Ал сага карыз бере баштайт, сен ага карыз бере албай каласыњ. Ал баш болот, сен болсо куйрук болосуњ.
45 Кудай-Тењирињ берген осуяттарды жана мыйзамдарды аткарбагандыгыњ єчєн, Анын єнєн укпай койгондугуњ єчєн, сага ушул каргыштардын баары тийип, кырып жок кылмайынча, артыњдан тєшєп, акыры тєбєњљ жетет.
46 Сага жана сенин укум-тукумуња тийген ал каргыштар башкаларга тєбљлєккљ жышаан жана эскертєє болот.
47 Бардыгы ашып-ташып турганда Кудай-Тењириње кубаныч менен, чын жєрљгєњ менен кызмат кылбаганыњ єчєн,
48 ачарчылык, кургакчылык, ач-жылањачтык, жокчулук учурунда Кудай Љзє сага каршы жиберген душманыња кызмат кыласыњ. Ал сени кырып жок кылмайынча, мойнуњдан темир моюнтурукту тєшєрбљйт.
49 Тењир сага алыстан, жердин бир бурчунан эл жљнљтљт. Сен тилин тєшєнбљгљн эл сага бєркєттљй шукшурулуп тиет.
50 Ал эл улуусун сыйлабаган, кичєєсєн аябаган таш боор эл болот.
51 Ал эл сени тєгљтєп бєтмљйєнчљ, малыњды да, тєшємєњдє да жейт, сени кырып жок кылмайынча, эгинињди да, шарабыњды да, майыњды да, бодо малыњ менен койлоруњдун тљлєн да калтырбайт.
52 Сенин жерињдеги сен таянган бийик, бекем дубалдарыњды уратып бєтмљйєнчљ, бардык жагыњдан курчап алып кысымга алат. Кудай-Тењирињ берген жерлерди бардык жагынан курчап алып кысымга алат.
53 Душманыњ сени курчап алып кысымга алганда, Кудай-Тењирињ берген уул-кыздарыњды, љз балдарыњдын этин жейсињ.
54 Арањардагы жыргалчылыкка, байлыкка кљнгљн адам љз бир тууганына, аялына, колунда калган балдарына ырайымсыздык менен карайт,
55 сенин бардык шаарларыњды душман курчап алып кысымга алганда, жегенге эч нерсеси калбагандыктан, балдарынын этин эч кимге бербей жейт.
56 Жыргал турмушка, байлыкка кљнгљн, байлыгына чиренген, эркелигинен жерге бутун койбогон аял кєйљљсєнљ, баласына, кызына ырайымсыздык менен карайт.
57 Сенин бардык шаарларыњды душманыњ курчап алып кысымга алганда, жокчулук болгондуктан, эки бутунун ортосунан чыгып келаткан баланын тонун жана жатынынан чыккан ымыркайды, жањы тљрљгљн баласынын этин эч кимге бербей, жашыруун жейт.
58 Эгерде бул китепке жазылган мыйзамдын бардык сљздљрєн аткарууга аракет кылбасањ, дањктуу, коркунучтуу Кудай-Тењирињдин ысымынан коркпосоњ,
59 анда Тењир сага жана сенин укум-тукумуња мурун болуп кљрбљгљн, узакка созулган оор кєндљрдє, айыккыс, жугуштуу ооруларды жиберет.
60 Љзєњ корккон Мисирдин бардык ооруларын жиберет, алардан арыла албайсыњ.
61 Кырылып жок болмоюнча, Тењир сага мыйзам китепте жазылбаган ар кандай жугуштуу ооруларды, оор кєндљрдє жибере берет.
62 Ошондо асмандагы жылдыздардай жайнаган сансыз элињен аз эле эл калат, анткени сен Кудай-Тењирињдин єнєн укпай койдуњ.
63 Тењир силерге жакшылык кылганда, тукумуњарды кљбљйткљндљ кандай кубанса, силерди кырып жок кылганына так ошондой кубанат. Сен ээлегени бара жаткан жерден кайра куулуп чыгасыњ.
64 Тењир силерди жердин бир четинен экинчи четине чейин, башка элдердин арасына чачыратып жиберет. Ал жерде силер да, ата-бабаларыњар да билбеген башка кудайларга, жыгачтарга жана таштарга табынып каласыњар.
65 Бирок ал элдердин арасында да силерге тынчтык болбойт, аягыњар жай таппайт, Тењир ал жерде да жєрљгєњљрдє титиретип, кљзєњљрдє талытып, жаныњарды сыздатат.
66 Љмєрєњ кылдын учунда асылып, кєнє-тєнє титиреп, тирєє каларыња кљзєњ жетпейт.
67 Сени каптаган коркунучтан улам, љз кљзєњ менен кљргљн нерселерден улам, эртењ менен: “О, кеч кирсе экен!” – дейсињ, кечинде: “О, тањ атса экен!” – дейсињ.
68 Мен сага: “Экинчи ал жерди кљрбљйсєњ”, – деген Мисир жерине Тењир сени кемеге салып кайра жиберет. Ал жерде силер душмандарыњарга кулдукка жана кєњдєккљ сатыласыњар, бирок сатып алууга эч ким чыкпайт».
1 Тењир Ысрайыл уулдары менен Хорепте тєзгљн келишимин Маап жеринде кайрадан кайталоо жљнєндљ Мусага мындай буйрук берген:
2 Муса Ысрайыл уулдарын чакырып алып, аларга мындай деди: «Тењир силердин кљз алдыњарда Мисир жеринде фараонду, анын кулдарын, анын бєт жерлерин эмне кылганын баарыњар кљрдєњљр.
3 Ошондогу катуу жазаларды, укмуштуудай жышаандар менен кереметтерди љз кљзєњљр менен кљрдєњљр.
4 Бирок бєгєнкє кєнгљ чейин Тењир силерге туюнганга жєрљк, кљргљнгљ кљз, укканга кулак берген жок.
5 Кырк жыл силерди чљлдљ алып жєрдє, єстєњљрдљгє кийимињер эскирген жок, бутуњардагы бут кийимињер жыртылган жок.
6 Силердин Кудай-Тењирињер Мен экенимди билишињер єчєн, силер нан жеген жоксуњар, шарап жана кєчтєє ичимдик ичкен жоксуњар.
7 Силер бул жерге келгенињерде, Кешпон падышасы Сихон менен Башан падышасы Ог биз менен салгылашканы чыкты, биз аларды жењдик.
8 Алардын жерин басып алып, Рубейин менен Гат уруусуна жана Менашенин жарым уруусуна бердик.
9 Бардык ишињердин ийгилигин кљрєшєњљр єчєн, бул келишимдеги осуяттарды аткаргыла.
10 Бєгєн силер, ысрайылдыктар, Кудай-Тењирињердин алдында уруу башчыларыњар, аксакалдарыњар, кљзљмљлдљљчєлљрєњљр,
11 балдарыњар, аялдарыњар, арањарда жашаган келгиндерињер, отун жарып, суу ташыгандарыњар менен турасыњар.
12 Бєгєн силер Кудай-Тењирињердин келишимине, Кудай-Тењирињер менен тєзєлгљн анттуу келишимге кириш єчєн турасыњар.
13 Тењир Љзє сага жана сенин ата-бабаларыњ Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка убада кылгандай, Ал бул келишимди сенин Кудайыњ болуп, сени Љз эли кылып алыш єчєн тєзљт.
14 Бул келишимди жана анттуу келишимди мен силер менен гана эмес,
15 бєгєн Кудай-Тењирибиздин алдында биздин арабызда тургандар менен, ошондой эле бєгєн биздин арабызда турбагандар менен тєзєп жатам.
16 Анткени Мисир жеринде кандай жашаганыбызды, башка элдердин арасынан кандай љткљнєбєздє љзєњљр билесињер.
17 Алардын жийиркеничтєє иштерин, жыгачтан, таштан, кємєштљн, алтындан жасап алган кудайларын да кљрдєњљр.
18 Бєгєн силердин арањарда ошол элдердин кудайларына кызмат кылуу єчєн барган, жєрљгє Кудай-Тењирибизден алыстаган эркек, же аял, же уруу, же єй-бєлљ болбосун. Силердин арањарда уулуу жана ачуу жемиш бере турган тамыр болбосун.
19 Ушул каргыштарды угуп туруп, љз ичинен: “Љзєм каалагандай жашасам деле бактылуу болом”, – деп мактанган адам болбосун. Анын айынан айыпсыз да жок болот.
20 Тењир андай адамды кечирбейт, Тењир ага ошол замат каарданат. Ага бул китепте жазылган келишимдин бєт каргыштары тиет, Тењир анын атын жер єстєнљн љчєрљт.
21 Бул мыйзам китебинде жазылган келишимдин каргыштарына ылайык, Тењир аны жок кылуу єчєн, Ысрайылдын бардык урууларынын арасынан бљлєп коёт.
22 Тењир Љзє кыйроолор менен, оорулар менен жабыркаткан бул жерди силердин тукумуњар жана алыс жактан келген бљтљн жерликтер кљрєп, мындай деп айтышат:
23 “Бєт жер љрттљнєп, жерди кєкєрт менен туз каптап калыптыр. Тењир каарданып, астын-єстєн кылып, кєлєн сапырып салган Содом, Амор, Адма жана Себоим сыяктуу, бул жер да айдалбайт, эч нерсе љспљйт, чљп да чыкпайт”.
24 Ошондо бєт элдер мындай деп сурашат: “Эмне єчєн Тењир бул жерди ушундай кылды? Ал эмне єчєн ушунчалык каарданды?”
25 Аларга: “Тењир алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыккандан кийин, алар менен тєзгљн келишимин таштап салышканы єчєн,
26 Кудай тыюу салган башка кудайларга, љздљрє билбеген кудайларга барып кызмат кылып, табына башташканы єчєн ушундай болду.
27 Мына ошондуктан бул жерге Тењир каарданып, аны ушул китепте жазылган келишимдин каргыштарына калтырды.
28 Тењир аларга ачууланып, жаалданып, катуу каарданып, љздљрєнєн жеринен кууп чыгып, азыр биз кљрєп турганыбыздай, башка жерге таштап салды”, – деп жооп беришет.
29 Жашыруун нерселер Кудай-Тењирибизге таандык. Ушул мыйзамдын бардык сљздљрєн аткарышыбыз єчєн, ачык нерселер тєбљлєккљ бизге жана биздин балдарыбызга таандык.
1 Мен сага айткан бардык сљздљр – баталар менен каргыштар аткарылганда, Кудай-Тењирињ башка элдердин арасына чачыратып жиберген жерде аларды жєрљгєњљ кабыл алсањ,
2 Кудай-Тењириње кайрылсањ жана мен сага бєгєн берип жаткан осуяттарды укум-тукумуњ менен кошо чын жєрљгєњ, жан-дилињ менен аткарсањ,
3 Кудай-Тењирињ сага ырайым кылып, туткундагыларыњды кайра алып келет, Кудай-Тењир сени чачыратып жиберген элдердин арасынан кайрадан чогултат.
4 Сен жердин тєбєнљ чейин чачырасањ да, Кудай-Тењирињ сени ошол жактан чогултуп, ошол жактан алып келет.
5 Кудай-Тењирињ сени ата-бабаларыњ ээлеген жерге алып келет. Сен ал жерди љз энчиње аласыњ. Сага жакшылык кылат, укум-тукумуњду ата-бабаларыњдан да кљп кылат.
6 Љмєр сєрєшєњ єчєн, Кудай-Тењирињ сенин жєрљгєњдє жана укум-тукумуњдун жєрљгєн Кудай-Тењирињди чын жєрљгєњ, жан-дилињ менен сєйљ турган кылып љзгљртљт.
7 Ошондо Кудай-Тењирињ бул каргыштардын баарын сенин душмандарыња, сени жек кљрєп кубалагандарга жиберет.
8 Сен болсо кайрадан Тењирдин єнєн угуп, мен бєгєн берип жаткан Анын бардык осуяттарын аткарасыњ.
9 Кудай-Тењирињ иштериње ийгилик берет, укумдатып-тукумдатып кљбљйтљт, малыњдын тљлєнљ, жерињдин тєшємєнљ батасын берет, Тењир сенин ата-бабаларыња жакшылык кылып кубангандай, сага да жакшылык кылып, кайрадан кубанат.
10 Кудай-Тењирињдин бул мыйзам китепте жазылган осуяттары менен мыйзамдарын аткарып, Анын єнєн уксањ, Кудай-Тењириње чын жєрљгєњ, жан-дилињ менен кайрылсањ, Ал ошондой кылат.
11 Анткени мен бєгєн сага берип жаткан осуят сен єчєн тєшєнљ алгыс да, алыс да эмес.
12 “Биз єчєн ким асманга чыгып, аны алып келип берет. Бизге аны ким айтып берет, ошондо биз аны аткарар элек”, – деп айткыдай, ал асманда да эмес.
13 “Биз єчєн ким дењиздин ары жагына барып, аны алып келип берет. Бизге аны ким айтып берет, ошондо биз аны аткарар элек”, – деп айткыдай, ал дењиздин ары жагында да эмес.
14 Ал сљз сага љтљ жакын жерде. Сен аткара турган сљз сенин оозуњда жана жєрљгєњдљ.
15 Мен сага бєгєн љмєр менен жакшылыкты, љлєм менен жамандыкты сунуш кылдым.
16 Мен сага бєгєн: “Кудай-Тењирињди сєй, Анын жолу менен жєр, Анын осуяттарын, мыйзамдарын аткар”, – деп осуяттап жатам. Ошондо љмєр сєрљсєњ да, укумдап-тукумдап кљбљйљсєњ. Сен ээлегени бара жаткан жерде Кудай-Тењирињ сага батасын берет.
17 Эгерде Кудайдан алыстап, Аны укпай турган болсоњ, жолдон чыгып, башка кудайларга табынып, кызмат кыла турган болсоњ,
18 анда ээлеш єчєн Иордандан љткљн жерињде кљпкљ турбай љлљрєњдє бєгєн мен сага айтып коёюн.
19 Бєгєн силердин алдыњарда асман менен жерди кєбљгљ тартам. Мен сага љмєр менен љлємдє, алкыш менен каргышты сунуш кылдым. Љзєњ жана укум-тукумуњ љмєр сєрєшє єчєн, љмєрдє тандап ал.
20 Кудай-Тењирињди сєй, Аны ук, Ага жабыш. Анткени Ал сенин љмєрєњ. Ал сенин ата-бабаларыњ Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деп убада кылган жерде сага узун љмєр берет».
1 Муса Ысрайыл уулдарына мына бул сљздљрдє айтты:
2 «Азыр мен жєз жыйырма жашка чыктым, мындан ары силерди баштап жєрљ албайм. Тењир Љзє да мага: “Сен бул Иордандан љтпљйсєњ”, – деген.
3 Кудай-Тењирињ сенин алдыњда Љзє барат. Ал бул элдерди сенин алдыњан жок кылат, сен аларды кууп чыгасыњ. Тењир айткандай, Жашыя сенин алдыњда барат.
4 Тењир аморлуктардын падышалары Сихон менен Огду жана алардын жерлерин кандай кылса, буларды да так ошондой кыйратат.
5 Тењир аларды силердин колуњарга салып берет, аларга мен буйругандай кылгыла.
6 Бекем, кайраттуу болгула, алардан коркпогула, єрљйєњљрдє учурбагыла, анткени Кудай-Тењирињер Љзє силер менен барат, силерден алыстабайт, силерди таштабайт».
7 Анан Муса Жашыяны чакырып алып, ысрайылдыктардын кљзєнчљ ага мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, анткени сен бул эл менен Тењир ата-бабаларына убада кылган жерге барып, ал жерди ага бљлєп бересињ.
8 Тењир Љзє сенин алдыњда барат, Љзє сени менен болот, сенден алыстабайт, сени таштабайт, коркпогун жана єрљйєњ учпасын».
9 Анан Муса бул мыйзамды жазып, аны ыйык кызмат кылуучуларга, Тењирдин келишим сандыгын кљтљрєп жєргљн Леби уулдарына жана Ысрайыл аксакалдарына берди.
10 Муса аларга мындай деп осуяттады: «Жети жылда бир болуучу кечирим жылында, Алачыктар майрамында,
11 бєткєл Ысрайыл эли Кудай-Тењирињдин алдына, Ал Љзє тандап алган жерге келгенде, бєткєл Ысрайыл элине бул мыйзамды угуза окуп бер.
12 Элињди: эркектер менен аялдарды, балдарды, арањарда жашаган келгиндерди чогултуп кел. Алар бул мыйзамды угуп, Кудай-Тењирден коркууну єйрљнєшсєн, мыйзамдын бардык сљздљрєн аткарууга аракет кылышсын.
13 Бул мыйзамды билбеген алардын балдары да силер ээлеш єчєн Иордандан љтєп бара жаткан жерде жашап жатканыњарда, аны угуп, Тењирден коркууну єйрљнєшсєн».
14 Анан Тењир Мусага: «Сенин љлљ турган кєнєњ жакындап калды. Жашыяны чакыр, экљљњ жыйын чатырынын алдына келгиле, Мен ага кљрсљтмљ берем», – деди. Муса менен Жашыя жыйын чатырынын алдына келип турушту.
15 Ошондо Тењир жыйын чатырына булут ичинде келди. Булут мамысы жыйын чатырынын алдына туруп калды.
16 Анан Тењир Мусага мындай деди: «Сен эми ата-бабаларыња кошуласыњ, бул эл барган жеринде бузулуп, башка кудайларды ээрчип, љзє менен тєзгљн келишимимди бузуп, Мени таштап кетет.
17 Ошол кєнє Мен бул элге каарданып, аны таштап салам, андан Љз жєзємдє жашырам. Ошондо ал кырылат, кљп кырсыкка учурап, кайгыга батат, ошол кєнє: “Арабызда Кудай-Тењирибиз жок болгондуктан, ушундай кырсыкка учурап жатабыз”, – деп айтат.
18 Алар башка кудайларга кайрылып, кылган мыйзамсыздыктары єчєн, ошол кєнє Мен алардан Љз жєзємдє жашырам.
19 Ошондуктан бул ырды жазып алып, Ысрайыл уулдарына єйрљткєлљ. Ысрайыл уулдарынын алдында Мага кєбљ болуп турушу єчєн, бул ырды Ысрайыл уулдарына жаттаткыла.
20 Анткени Мен аларды сєт менен бал аккан жерге, алардын ата-бабаларына убада кылган жерге алып барам. Алар ичип-жеп тоюп, семиргенден кийин, башка кудайларга кайрылып, аларга табынып калышат. Менден баш тартып, Менин келишимимди бузушат.
21 Алар кљп кырсыктарга учурап, кайгыга батышканда, бул ыр аларга каршы кєбљ болсун, себеби бул ыр алардын укум-тукумунун оозунан тєшпљйт. Азыр эмнени ойлоп жатышканын Мен аларды убада кылган жерге алып бара электе эле билип турам».
22 Муса ал ырды ошол кєнє жазып алып, Ысрайыл уулдарына єйрљттє.
23 Анан Тењир Нундун уулу Жашыяга мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, анткени сен Ысрайыл уулдарын Мен аларга убада кылган жерге алып барасыњ, Мен сени менен болом».
24 Муса бул мыйзамдын баарын китепке жазып бєткљндљ,
25 Тењирдин келишим сандыгын кљтљрєп жєргљн лебилерге мындай буйрук берди:
26 «Бул мыйзам китебин алып, Кудай-Тењирињердин, келишим сандыгынын оњ жагына салып койгула, ал ошол жерде сага каршы кєбљ болот.
27 Анткени мен сенин љжљр жана тоњ моюн экенињди билем. Азыр мен силер менен бирге жашап жатканда да, силер Тењирдин алдында љжљрсєњљр. Мен љлгљндљн кийин, силер ого бетер кєчљйсєњљр.
28 Мага уруу аксакалдарыњарды, кљзљмљлдљљчєлљрєњљрдє чогултуп келгиле. Мен бул сљздљрдє аларга угуза айтып берейин, аларга каршы асман менен жерди кєбљгљ тартайын.
29 Анткени мен љлгљндљн кийин, кљрсљткљн жолдон чыгып бузуларыњарды билем. Тењирге жакпаган иштерди кылып, Аны каардантканыњар єчєн, акыркы кєндљрє башыњарга мєшкєл тєшљт».
30 Муса бєткєл Ысрайыл элине ал ырды аягына чейин ырдап берди:
1 «Кулак сал, асман, мен сєйлљйм. Кулак сал, жер, менин сљзємљ.
2 Жамгыр болуп куюлат єйрљткљнєм, шєєдєрємдљй тунук менин сљздљрєм, љсємдєккљ жааган майда тамчыдай, кээде чљпкљ жаба жааган нљшљрдљй.
3 Тењирдин ысымын мактаймын, дањктагыла биздин Кудайды.
4 Ал – таяныч. Анын иштери жеткилењ, Анын жолдору – чындык. Кудай ишенимдєє, Анда адилетсиздик жок. Ал – акыйкат, Ал – чындык.
5 Бирок алар Тењирдин алдында бузулушту, алар – кежир, бузулган тукум, ошондуктан Анын балдары эмес.
6 О акылсыз, тєшєнєгє жок эл, Тењирге кыларыњар ушубу? Сени тапкан, сени жараткан, сени жайгаштырган Атањ Ошол эмеспи?
7 Байыркы кєндљрдє эстегин, љтєп кеткен уруулар жљнєндљ ойлон. Атањдан сура, ал сага айтып берет; карыяларыњдан сура, алар сага айтып беришет.
8 Бардыгынан Жогору Турган элдерди бљлєп, аларга жер бљлєп жатканда, Ысрайыл уулдарынын санына жараша чек араларды койгон.
9 Анткени Тењирдин єлєшє – Љз эли. Жакып – Анын мурастай турган энчиси.
10 Ал аны ээн талаа, эрме чљлдљн таап алган. Аны коргоп, багып, кљзєнєн карегиндей сактаган.
11 Уясын коруп, балапандарынын єстєнљн айланып учкан, канатын жайып тосуп алып, канатынын єстєндљ кљтљрєп жєргљн бєркєттљй болуп,
12 Тењир аны жалгыз Љзє алып жєрдє, Анын жанында башка кудай болгон эмес.
13 Тењир аны бийик жерге алып чыгып, жердин жемиши менен багып, таштын арасынан бал чыгарып, аска-зоо арасынан май сыдырып,
14 уйдун майы менен, койдун сєтє менен, козулардын майлары менен, Башандын койлору, текелери менен, дандуу буудайлар менен бакты, жєзєм ширесинен ичирди.
15 Ошондо Ысрайыл эли семирип, кежир тартты. Толуп, жооноюп, кљкєрљгєн май басты. Љзєн жараткан Кудайды таштады, љзєнєн куткарар таянычын жек кљрљ баштады.
16 Алар Аны башка кудайлары менен, жийиркеничтєє иштери менен каардантышты.
17 Кудайга эмес, жиндерге, љздљрє билбеген, ата-бабаларынын да оюна келбеген кошуна элдердин кудайларына, жањы кудайларга курмандыктарды чалышты.
18 Сен љзєњдє жараткан Коргоочуњду, љзєњдє жараткан Тењирди унуттуњ.
19 Тењир муну кљрєп каарданып, Љз балдары менен кыздарынан баш тартып, мындай деди:
20 “Мен булардан жєзємдє жашырам, ошондо булардын арты кандай болорун кљрљм, анткени булар – бузулуп бєткљн тукум, ишенимсиз балдар.
21 Алар Мени эч нерсеге жарабаган жалган кудайлары менен каардантышты. Мен да буларды эл катары эсептелбеген акылсыз адамдар менен капа кылам.
22 Анткени Менин каарымдан от чыгып, љлгљндљр жаткан жайдын тєбєнљ чейин кєйгєзєп жатат, жерди єстєндљгє љсємдєктљрє менен кошо жалмап, тоонун тєбєн љрттљп жатат.
23 Аларга мєшкєл тєшєрљм, бєт жебелеримди коё берем.
24 Ачкачылыктан арыктап, жугуштуу оорудан кырылып љлєшљт. Жырткыч айбандар менен уулуу жыландарды жиберем.
25 Алардын сырттагылары кылычтан, єйєндљгє уландары, кыздары, эмчектеги балдары, ак чач баскан карылары коркунучтан љлєшљт.
26 Мен: «Аларды чачыратып, алардын атын адамдар арасынан љчєрљм», – деп айткам.
27 Бирок душман аларды: «Мунун баарын Тењир эмес, биздин кєчтєє колубуз кылды», – деп табалап, басынтпашы єчєн, Мен айтканымды кылган жокмун.
28 Анткени алар – акылын жоготкон эл, аларда тєшєнєк жок.
29 Оо, алар бул тууралуу ойлонуп, эмне болорун баамдаса кана!
30 Эгерде Коргоочусу салып бербесе, Тењири салып бербесе, анда бир киши мињ кишини, эки киши тємљндє кантип кууп чыкмак эле!
31 Анткени алардын коргоочусу биздин Коргоочубуздай эмес. Буга душмандардын љздљрє калыс.
32 Анткени алардын жєзємє Содом менен Амордун жєзємєнљн. Алардын мљмљсє – уу, сабагы ачуу.
33 Шарабы – ажыдаардын уусу, уулуу жыландын мєрт љлтєрєєчє уусу.
34 Бул Менде катылып турат, Менин кампамда бекитилип турат.
35 Алар жыгылганда, Мен аларды жазалап, алардан љчємдє алам, анткени алардын љлљр кєнє жакын калды, аларга дайындалган жаза жакын калды”.
36 Бирок алардын кєчє кетип, туткундагылары да, сырттагылары да калбай калганда, Тењир Љз элине Љзє љкєм чыгарып, Љз кулдарына Љзє ырайым кылат.
37 Ошондо Тењир мындай деп айтат: “Алардын таянган тиреги, ємєт кылган кудайлары кайда?
38 Алардын курмандыктарынын майын жеп, куюлуучу курмандыктарын ичкен кудайлары кайда? Кана, алар козголуп, орундарынан туруп, силерге жардам беришсинчи, силерге калканыч болушсунчу!
39 Љзєњљр кљрєп турасыњар, бул – Мен, Кудаймын, Менден башка Кудай жок. Љлтєргљн да, тирилткен да Менмин, ооруткан да, айыктырган да Менмин. Менин колумдан эч ким куткарып ала албайт.
40 Мен колумду асманга кљтљрєп, мындай дейм: «Мен тєбљлєк тирєємєн!»
41 Мен жаркылдаган кылычымды кайрап, љкєм чыгарам, душмандарымдан љч алам, Мени жек кљргљндљрдє жазага тартам.
42 Жебелерим канга тоёт, кылычым денелерге, љлтєрєлгљндљр менен туткундардын канына, душмандын аскер башчыларынын башына тоёт”.
43 Элдер, Анын элин дањктагыла, анткени Ал кулдарынын каны єчєн љч алат, душмандарын жазалап, Љз жерин, Љз элин тазалайт!»
44 Муса Нундун уулу Жашыя менен элдин алдында туруп, ушул ырды элге угуза ырдап берди.
45 Муса бєткєл Ысрайыл элине ушул сљздљрдєн баарын айтып бєткљндљн кийин, мындай деди:
46 «Мен бєгєн силерге айткан сљздљрдєн баарын кљњєлєњљргљ тєйєп, балдарыњарга айткыла. Бул мыйзамдын баарын аткарууга аракеттениши єчєн, балдарыњарга єйрљткєлљ.
47 Анткени бул силерге айтылган курулай сљз эмес, бул силердин љмєрєњљр. Силер ээлеп алыш єчєн Иордандан љтєп барган жерде бул аркылуу узак љмєр сєрљсєњљр».
48 Ошол эле кєнє Тењир Мусага мындай деди:
49 «Жерихонун каршысындагы Маап жериндеги бул Абарым тоолорунан Ныбо тоосуна чыгып, Мен Ысрайыл уулдарынын энчисине берген Канаан жерин карап кљр.
50 Бир тууганыњ Арун Ор тоосунда кљз жумуп, љз элине кошулгандай эле, сен да љзєњ чыккан тоодо кљз жумуп, љз элиње кошуласыњ.
51 Анткени Син чљлєндљ, Кадештеги Мериба суусунун боюнда, Ысрайыл уулдарынын алдында Мага каршы кєнљљ кылгансыњар, Ысрайыл уулдарынын алдында Менин ыйыктыгымды кљрсљткљн эмессињер.
52 Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерди сен алыстан кљрљсєњ, бирок ал жерге кирбейсињ».
1 Кудайдын кишиси Мусанын Ысрайыл уулдарына љлљр алдында берген батасы мындай:
2 «Тењир Синайдан келди, аларга Сеирден жаркырап кљрєндє, Паран тоосунан кљрєндє, сансыз ыйыктар менен келди. Анын оњ жагында мыйзам оту жалындап турат.
3 Чынында, Ал Љз элин сєйљт. Анын ыйыктары Љз колунда, Сенин сљздљрєњдє угуш єчєн, алар бутуња жыгылышты.
4 Муса бизге мыйзам берди, Жакыптын жамаатына мурас калтырды.
5 Ысрайыл уруулары менен бирге элдин башчылары чогулганда, ал Ысрайылга падыша болду.
6 Жашасын Рубейин, ал љлбљсєн, тукуму аз болбосун!»
7 Ал эми Жєйєт жљнєндљ мындай деди: «Тењир, Жєйєттєн єнєн ук, аны љз элине алып кел. Ал љзєн љз колу менен коргой алсын, Сен ага душмандарына каршы кєрљштљ жардам бер».
8 Леби жљнєндљ мындай деди: «Сенин уримињ менен тумимињ Сен Масада сынаган, Мериба суусунун боюнда Сени менен тирешкен ыйык адамыњдын єстєндљ.
9 Ал атасы менен энеси жљнєндљ: “Мен аларды карабайм”, – деп айтат. Ал љз бир туугандарын да тааныбайт, љз балдарын да билбейт. Анткени алар – Сенин сљзєњдє аткарган, Сенин келишимињди сактаган лебилер.
10 Алар Жакыпка Сенин мыйзамыњды, Ысрайылга Сенин осуяттарыњды єйрљтєшљт, Сенин алдыњда жыпар жыттуу зат тєтљтєп, Сага арнап бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарды чалышат.
11 Анын кєч-кубатына батањды бер, Тењир, анын иштерине ийгилик бер, анын алдында туруштук бере албашы єчєн, ага каршы чыккандардын, аны жек кљргљндљрдєн белин сындыр».
12 Бенжемин жљнєндљ мындай деди: «Тењир сєйгљн адам Анын алдында бейкапар жашайт, ар кєнє аны Кудай калкалайт, ал Кудайдын жеринде коопсуз жашайт».
13 Жусуп жљнєндљ мындай деди: «Тењир анын жерин асман байлыктары менен, шєєдєрєм менен, жердин тєпкєрєндљ жаткан байлыктар менен,
14 кєн менен айдын астында љскљн эњ жакшы жемиштер менен,
15 байыркы тоолордо, тєбљлєктєє дљбљлљрдљ љскљн эњ сонун мљмљлљр менен,
16 жерди толтурган эњ жакшы тєшєм менен жалгасын. Тикенектєє бадалга Келгендин батасы Жусупка тийсин, бир туугандарынын ичинен эњ жакшысына тийсин.
17 Анын кєчє биринчи туулган буканыкындай, мєйєзє буйволдун мєйєзєндљй. Ал мєйєзє менен бєт элдерди жердин тєбєнљ чейин сєзљ качырсын. Бул – Эпрайымдын тємљндљгљн тукуму, бул – Менашенин мињдеген тукуму».
18 Забулун жљнєндљ мындай деди: «Љз жолуњда ойноп-кєл, Забулун. Љз чатырыњда кљњєл ач, Исахар.
19 Алар тоого эл чакырып, ал жерде ыраазычылык курмандыктарын чалышат, анткени алар дењиз байлыктары менен азыктанып, кумдун ичинде жаткан кенчке бљлљнєшљт».
20 Гат жљнєндљ мындай деди: «Гат тукумун Таратканга дањк! Ал арстандай болуп жатат, колду да, башты да талкалайт.
21 Ал жердин жакшысын тандап алды, ошол жерде ал башчынын энчисин алып урматка бљлљндє. Ал эл башчылары менен келип, Тењирдин адилеттигин жана љкємдљрєн Ысрайыл менен бирге ишке ашырды».
22 Дан жљнєндљ мындай деди: «Башандан чуркап чыккан Дан – жаш арстан».
23 Напталы жљнєндљ мындай деди: «Напталы жакшылыкка тунган, Тењирдин батасын мол алган. Дењиз менен тєштєк тарап ага таандык».
24 Ашыр жљнєндљ мындай деди: «Башка уулдарынын ичинен Ашырга кљбєрљљк бата тийген, ал бир туугандарынын арасында кадырлуу, бутун майга малат.
25 Дарбазаларыњ темир менен жезден болот, байлыгыњ кєн санап кљбљйљт.
26 Булуттардын єстєндљ атак-дањкы менен асмандан сага жардамга келген Ысрайылдын Кудайындай Кудай жок.
27 Сенин баш паанањ – байыркы Кудай, сени тєбљлєктєє колдор коргойт. Ал сенин алдыњдан душмандарыњды кууп чыгып: “Кыргыла!” – дейт.
28 Ысрайыл коопсуз жашайт, ал жалгыз. Жакып данга бай, шарабы мол, асмандан шєєдєрєм тамчылаган жерди кљрєп турат.
29 Бактылуусуњ сен, Ысрайыл! Тењир сактаган сендей эл барбы? Ал сенин коргоочу калканыњ, дањктуу кылычыњ! Душмандарыњ сага жасакерленишет, сен алардын бийик жерлерин тебелеп-тепсейсињ».
1 Муса Маап тєздєгєндљгє Жерихонун каршысындагы Ныбо тоосунун Пизги чокусуна чыкты. Тењир ага Гилаттан Данга чейинки жерлерди,
2 Напталынын жерин, Эпрайым менен Менашенин жерин, Жєйєттєн жерин, атєгєл, кєн батыштагы дењизге чейинки жерлерди,
3 тєштєк жерлерин, Жерихо љрљљнєн, Курма шаарын, Соарга чейинки жерлерди кљрсљттє.
4 Анан Тењир ага мындай деди: «Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка: “Сенин тукумуња берем,” – деп убада кылган жер мына ушул. Бул жерди Мен сага кљрсљттєм, бирок сен ага кирбейсињ».
5 Тењирдин кулу Муса Тењирдин сљзє боюнча Маап жеринде кљз жумду.
6 Ал Бейт-Пейордун мањдайындагы Маап жериндеги љрљљнгљ коюлду, ал коюлган жерди бєгєнкє кєнгљ чейин эч ким билбейт.
7 Муса жєз жыйырма жашка чыгып кљз жумду. Жєз жыйырма жашында да анын кљзєнєн курчу кеткен эмес, алдан-кєчтљн тайган эмес.
8 Ысрайыл уулдары Маап тєздєгєндљ Мусаны жоктоп, отуз кєн аза кєтєп ыйлашты. Ошентип, Мусаны жоктоп ыйлаган аза кєтєє кєндљрє да љттє.
9 Нундун уулу Жашыя акылмандыктын рухуна толду, анткени Муса ага колун койгон эле. Ошондуктан Ысрайыл уулдары ага баш ийип, Тењир Мусага буйругандай кылышты.
10 Ошондон кийин Ысрайылда Тењир жєзмљ-жєз сєйлљшкљн Мусадай пайгамбар болгон жок.
11 Тењир аны Мисир жериндеги фараонго, анын кулдарына, анын бєт жерине жышаандарды, кереметтерди кљрсљтєш єчєн жиберген.
12 Муса ал улуу иштерди, зор кереметтерди бєткєл Ысрайыл элинин кљз алдында кљрсљткљн.