БАШКАРУУЧУЛАР

1-БЉЛЄМ

Жєйєт менен Шымондун канаандыктар менен болгон согуштары

1 Жашыя кљз жумгандан кийин, Ысрайыл уулдары Тењирден: «Канаандыктар менен согушууга бизден ким биринчи болуп барат?» – деп сурашты.

2 Тењир аларга: «Жєйєт барат. Мен жерди анын колуна берип жатам», – деди.

3 Жєйєт болсо љзєнєн бир тууганы Шымонго: «Мени менен бирге согушканы бар, канаандыктар менен согушабыз. Анан мен сени менен бирге согушканы барам», – деди. Ошентип, Шымон аны менен кетти.

4 Жєйєт согушка жљнљдє. Тењир канаандыктар менен периздиктерди алардын колуна салып берди. Ошентип, алар Безекте алардын он мињ адамын кырышты.

5 Безекте алар Адону-Безек менен беттешип, салгылашып, канаандыктар менен периздиктерди талкалашты.

6 Адону-Безек качып жљнљдє, бирок алар артынан кууп жетип, кармап алышты да, анын колу менен бутунун баш бармактарын кесип салышты.

7 Ошондо Адону-Безек: «Колдору менен буттарынын баш бармактары кесилген жетимиш падыша менин єстљлємдєн астынан кєкєм терип жешчє. Мен кандай кылсам, Кудай мени так ошондой жазалады», – деди. Аны Иерусалимге алып келишти, ал ошол жерде љлдє.

8 Жєйєттєн уулдары Иерусалимге каршы согуш ачып, аны багынтып, элин кылычтап кырып, шаарды љрттљп жиберишти.

9 Анан Жєйєттєн уулдары тоодо, тєштєктљ жана ойдуњ жерлерде жашаган канаандыктар менен согушууга жљнљштє.

10 Анан Жєйєт Хеброндо жашаган (Хеброндун мурунку аты Кирийат-Арба болчу) канаандыктарга кол салып, Шейшайды, Акиманды, Талмайды љлтєрдє.

11 Ал жерден ал Дебирдин тургундарына каршы жљнљдє. Дебирдин мурунку аты Кирийат-Сейпер болчу.

12 Ошондо Калеп: «Ким Кирийат-Сейперди талкалап, аны басып алса, ага кызым Аксаны аялдыкка берем», – деди.

13 Ал жерди Калептин иниси Кеназдын уулу Отниел басып алды. Калеп ага кызы Аксаны аялдыкка берди.

14 Кыз узай турган болгондо, Отниел ага атањдан жер сура деп єйрљтєп койду, ошондо ал эшектен тєштє. Калеп кызынан: «Сага эмне керек?» – деп сурады.

15 Акса атасына: «Батањды бер, сен мага тєштєк жерин бердињ, суу башаттарын да бер», – деди. Калеп кызына жогору жактагы башатты да, тљмљн жактагы башатты да берди.

16 Мусанын кайын атасы кейни Итронун уулдары Жєйєттєн уулдары менен Курма шаарынан чыгып, Араттын тєштєгєндљгє Жєйєт чљлєнљ барышты да, эл арасына отурукташып калышты.

17 Жєйєт бир тууганы Шымон менен барып, Сепатта жашаган канаандыктарды кыйратты. Ошондон улам бул шаар Хорма деп аталып калган.

18 Жєйєт ошондой эле Азаны, Ашкелонду, Экронду тегерек-чети менен басып алды.

19 Тењир Жєйєт менен болду, ал тоо аймагын ээлеп алды. Бирок љрљљндљ жашагандарды кууп чыга алган жок, анткени алардын темирден жасалган майдан арабалары бар эле.

20 Муса айткандай, Калепке Хебронду беришти. Калеп ал жерден Анактын єч уулун кууп чыкты.

21 Бирок Иерусалимде жашаган жебустуктарды Бенжемин уулдары кууп чыгышкан жок. Жебустуктар Бенжемин уулдары менен Иерусалимде бєгєнкє кєнгљ чейин бирге жашашат.

Эпрайым жана Менаше урууларынын Бейтелди басып алышы

22 Ошондой эле Жусуптун уулдары да Бейтелге каршы аттанышты, Тењир алар менен болду.

23 Жусуптун уулдары Бейтелди карап чыгышты (шаардын мурдагы аты Луз эле).

24 Сакчылар шаардан келе жаткан адамды кљрєп, ага: «Бизге шаарга кире турган жерди кљрсљтєп берсењ, сага ырайым кылабыз», – дешти.

25 Ал шаарга кире турган жерди кљрсљтєп берди, алар шаарды кылычтап кыйратышты да, тиги кишини урук-туугандары менен коё беришти.

26 Ал киши хеттиктердин жерине барып, шаар куруп, аны Луз деп атады. Ал бєгєнкє кєнгљ чейин ошондой аталат.

Канаандыктарды кууп чыкпаган Ысрайыл уруулары

27 Менаше Бейт-Шейанда, Таанахта, Дордо, Иблейемде, Мегидодо жана алардын карамагындагы шаарларда жашаган элдерди кууп чыккан жок. Ошентип, канаандыктар ошол жерлерде кала беришти.

28 Ысрайыл кєч алганда, канаандыктарга салык тљлљтєп койду, бирок аларды кууп чыккан жок.

29 Эпрайым да Гезерде жашаган канаандыктарды кууп чыккан жок. Канаандыктар алардын арасында, Гезерде жашап калышты.

30 Забулун да Китрон менен Налолдун тургундарын кууп чыккан жок. Канаандыктар алардын арасында жашап, салык тљлљп калышты.

31 Ашыр да Аконун, Сидондун, Аклаптын, Аказиптин, Хелбанын, Апиктин жана Рехоптун тургундарын кууп чыккан жок.

32 Ашыр ушул жерлерде жашаган канаандыктардын арасында жашап калды, анткени аларды кууп чыккан жок.

33 Напталы да Бейт-Шемештин, Бейт-Анаттын тургундарын кууп чыккан жок. Ал ушул жерлерде жашаган канаандыктардын арасында жашап калды. Бейт-Шемеш менен Бейт-Анаттын тургундары ага салык тљлљп калышты.

34 Аморлуктар Дан уулдарын љрљљнгљ тєшєрбљй, тоого сєрєп салышты.

35 Аморлуктар Херес тоосунда, Айалондо, Шаалбимде жашап калышты, бирок Жусуптун уулдары аморлуктарды багындырып алышты. Аморлуктар аларга салык тљлљп калышты.

36 Аморлуктардын жери Акрабым дљњсљљсєнљн жана Селадан жогору карай кетет.

2-БЉЛЄМ

Тењирдин периштеси Бохимде

1 Тењирдин периштеси Гилгалдан Бохимге келип, мындай деди: «Мен силерди Мисирден алып чыгып, ата-бабаларыњарга берем деп убада кылган жерге алып келип: “Мен силер менен тєзгљн келишимимди тєбљлєккљ бузбайм.

2 Силер болсо бул жердин тургундары менен келишим тєзбљгєлљ, алардын курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла”, – деп айттым эле. Бирок силер Менин єнємдє укпай койдуњар. Эмне єчєн мындай кылдыњар?

3 Ошондуктан Мен: “Аларды арањардан кууп чыкпайм, алар силер єчєн сыйыртмак болот, алардын кудайлары силер єчєн жайылган тор болот”, – деп айтам».

4 Тењирдин периштеси Ысрайыл уулдарына ушул сљздљрдє айтканда, эл боздоп ыйлап жиберди.

5 Ошондуктан ал жерди Бохим деп аташат. Ал жерде алар Тењирге курмандык чалышты.

Ысрайылдын Кудайдан четтеши

6 Жашыя элди коё бергенде, Ысрайыл уулдары љз энчисине тийген жерлерди ээлегени жљнљшкљн.

7 Алар Жашыянын кљзє тирєєсєндљ, ошондой эле Тењирдин Ысрайыл єчєн кылган улуу иштеринин баарын кљргљн, Жашыядан узагыраак жашаган аксакалдардын кљзє тирєєсєндљ, Тењирге кызмат кылышчу.

8 Бирок Тењирдин кулу Нундун уулу Жашыя жєз он жашка чыгып кљз жумуп,

9 аны љз энчисине тийген жерге, Гааш тоосунан тєндєктє карай кеткен Эпрайым тоосундагы Тимнат-Хереске коюшкандан кийин,

10 бул эл ата-бабалары жаткан жайга кеткенден кийин, алардын ордуна Кудайды тааныбаган, Анын Ысрайылга кылган иштерин билбеген башка муун келгенден кийин,

11 Ысрайыл эли Тењирдин алдында мыйзамсыз иштерди жасап, Баалга кызмат кыла баштады.

12 Алар Мисир жеринен алып чыккан ата-бабаларынын Кудай-Тењирин таштап, башка кудайларга, алардын айланасында жашаган элдердин кудайларына кайрылып, ошолорго табынып, Тењирди каардантышты.

13 Тењирди таштап, Баал менен Ашейрага кызмат кыла башташты.

14 Тењир Ысрайылга каарданып, аларды талап-тоноочулардын колуна салып берди. Аларды талап-тоношту. Аларды айланасындагы душмандардын колуна салып берди, алар кас душмандарына туруштук бере албай калышты.

15 Алар кайда барбасын, Тењир аларга айткандай, Тењир аларга ант бергендей, Тењирдин колу бардык жерде аларга каршы турду. Алардын абалы љтљ оор болду.

Башкаруучулардын коюлушу

16 Ошондо Тењир аларга башкаруучуларды коюп турду. Башкаруучулар аларды талап-тоноочулардан куткарып турушту.

17 Бирок алар башкаруучуларды да укпай, башка кудайларды ээрчип, аларга табынып, Тењирдин осуяттарын аткарган ата-бабаларынын жєргљн жолунан тез эле четтеп кетишти, осуяттарды аткарышкан жок.

18 Тењир аларга башкаруучуларды коюп турган, Тењир Љзє башкаруучу менен болуп, башкаруучунун кљзє тирєєсєндљ аларды кас душмандарынан куткарып турган, анткени аларды эзип, кысымга алышканда, Тењир алардын зар-муњун угуп аяган.

19 Бирок башкаруучунун кљзє љтљрє менен, алар кайра эле башка кудайларды ээрчип, аларга табынып, кызмат кылып, ата-бабаларыныкынан да жаман иштерди кылышкан. Алар љжљрлљнєп, жаман иштерин токтотушкан эмес.

Тењирдин каары

20 Ошондо Тењир Ысрайылга каарданып, мындай деген: «Ата-бабалары менен тєзгљн келишимимди бузушканы єчєн, Менин єнємдє угушпаганы єчєн,

21 Жашыя љлљр алдында калтырып кеткен элдердин бирин да Мен булардын арасынан кууп чыкпайм.

22 Анткени алар аркылуу Ысрайылды ата-бабалары жєргљн Тењирдин жолу менен жєрєшљбє же жєрєшпљйбє деп сынайм».

23 Тењир бул элдерди калтырып койгон, аларды дароо кууп чыккан эмес, Жашыянын колуна салып берген эмес.

3-БЉЛЄМ

Куулуп чыгарылбаган элдер

1 Тењир канаандыктар менен болгон согуштар тууралуу билбеген Ысрайыл уулдарынын кийинки муундарын сыноо єчєн,

2 алар согушканды єйрљнєшє єчєн, мына бул элдерди калтырган:

3 пелиштиликтердин беш тљрљсє, бардык канаандыктар, сидондуктар жана Баал-Хермон тоосунан Хаматтын кире беришине чейинки Лебанон тоосунда жашаган хибилер.

4 Алар ысрайылдыктарды сыноо єчєн, Тењирдин Муса аркылуу ата-бабаларына берген осуятына алардын баш иер-ийбесин билиш єчєн калтырылган.

5 Ысрайыл уулдары канаандыктардын, хеттиктердин, аморлуктардын, периздиктердин, хибилердин жана жебустуктардын арасында жашап калышты.

6 Анан алардын кыздарын аялдыкка алып, љздљрєнєн кыздарын алардын уулдарына берип, алардын кудайларына кызмат кыла башташты.

Отниел

7 Ысрайыл уулдары Тењирдин кљз алдында жаман иш кылышты: љздљрєнєн Кудай-Тењирин унутуп, Баал менен Ашейра бурканына кызмат кылышты.

8 Ошондо Тењир Ысрайылга каарданып, аларды Месопотамия падышасы Кушан-Ришатайымдын колуна салып берди. Алар Кушан-Ришатайымга сегиз жыл кызмат кылышты.

9 Ошондо Ысрайыл уулдары Тењирге боздоп кайрылышты. Тењир аларга куткаруучуну койду, аларды куткарган Калептин иниси Кеназдын уулу Отниел болчу.

10 Тењирдин Руху анын єстєндљ эле. Ал Ысрайылга башкаруучу болду. Ал согушка аттанды, Тењир анын колуна Месопотамия падышасы Кушан-Ришатайымды салып берди, ал Кушан-Ришатайымды багынтып алды.

11 Ошентип, жер єстєндљ кырк жыл тынчтык болду. Кеназдын уулу Отниел кљз жумду.

Эйут

12 Ысрайыл уулдары Тењирдин алдында кайрадан жаман иштерди кыла башташты. Тењирдин алдында жаман иштерди кылышкандыгы єчєн, Тењир Маап падышасы Эглонго ысрайылдыктар менен согушууга кєч берди.

13 Ал амондуктар менен амалыктыктарды топтоду да, Ысрайылга кол салып, аны багындырып, Курма шаарын ээлеп алды.

14 Ысрайыл уулдары Маап падышасы Эглонго он сегиз жыл кызмат кылышты.

15 Ошондо Ысрайыл уулдары Тењирге боздоп кайрылышты. Тењир аларды куткарууга Бенжемин уруусунан Гейранын уулу, куткаруучу сологой Эйутту койду. Ысрайыл уулдары Эйуттан Маап падышасы Эглонго белек берип жиберишти.

16 Эйут узундугу чыканактай, кош миздєє кылыч жасап алып, чапанынын ичине, оњ жамбашына байлады.

17 Ал белекти Маап падышасы Эглонго алып барып берди. Эглон љтљ семиз киши эле.

18 Эйут Эглонго белектерди тартуулагандан кийин, Эглон белек алып келген кишилерди чыгарып жиберди.

19 Эйут болсо Гилгалда турган таш буркандарга барып, ал жерден кайра кайтып келип: «Падыша, сага айта турган жашыруун сљзєм бар», – деди. Падыша ага: «Акырын!» – деди. Ошондо алдында тургандардын бардыгы чыгып кетишти.

20 Эйут анын жанына келди. Ал љзєнєн єстєнкє бљлмљсєндљ отурган эле. Анан Эйут: «Сага айта турган Кудайдын сљзє бар», – деди. Эглон ордунан турду.

21 Эйут сол колун сунуп, оњ жамбашынан кылычын сууруп алды да, аны ичке сайды.

22 Кылыч сабы менен кошо кирип кетти, аны казысы жаап калды, анткени Эйут кылычты кайра сууруп алган эмес, кылыч артын кљзљп љттє.

23 Эйут єстєнкє бљлмљнєн эшиктерин бекитип, кире бериш бљлмљгљ чыкты.

24 Ал чыгып кеткенден кийин, Эглондун кулдары келип, єстєнкє бљлмљнєн эшиктери бек экенин кљрєшєп: «Ал муктаждыгын канааттандыруу єчєн салкын бљлмљдљ болсо керек», – дешти.

25 Кљпкљ кєтєштє, бирок єстєнкє бљлмљнєн эшиктерин эч ким ачпагандыктан, ачкычты алып, эшикти ачышты да, жерде љлєп жаткан тљрљсєн кљрєштє.

26 Алар кљпкљ кєтєп турганда, Эйут узап кетти. Ал таш буркандардын жанынан љтєп, Сеирге качып келди.

27 Келери менен ал Эпрайым тоосунда сурнай тартты. Ысрайыл уулдары аны менен тоодон тєшєштє. Ал алардын алдында бара жатты.

28 Анан аларга: «Менин артымдан жєргєлљ, анткени Тењир душманыњар мааптыктарды силердин колуњарга салып берди», – деди. Алар анын артынан ээрчишти да, Иордандын Маапка љтєєчє љткљљлєн басып алып, эч кимди љткљрбљй турушту.

29 Ошол учурда мааптыктардын он мињге жакын кишисин кырып салышты. Бардыгы алыбеттєє, кєчтєє адамдар эле, бирок эч кимиси качып кутулган жок.

30 Ошол кєнє мааптыктар ысрайылдыктарга ошентип багынышты. Жер єстєндљ сексен жыл тынчтык болду.

Шамгар

31 Эйуттан кийин Анаттын уулу Шамгар башкаруучу болду. Ал љгєз айдаган учтуу таяк менен пелиштиликтердин алты жєз кишисин љлтєрдє. Ал да ысрайылдыктарды куткарып калган.

4-БЉЛЄМ

Дебора менен Барак

1 Эйут кљз жумгандан кийин, Ысрайыл уулдары Тењирдин кљз алдында кайрадан жаман иштерди кыла башташты.

2 Тењир аларды Хатсордо бийлик кылган Канаан падышасы Жабиндин колуна салып берди. Анын аскер башчысы Харошет-Агойимде жашаган Сисра эле.

3 Анын тогуз жєз темир арабасы болгон, ал Ысрайыл уулдарын жыйырма жыл аёосуз эзди, ошондо Ысрайыл уулдары Тењирге боздоп кайрылышты.

4 Ошол кезде Ысрайылдын башкаруучусу пайгамбар аял Дебора болчу, ал Лапидоттун зайыбы эле.

5 Ал Рама менен Бейтелдин ортосундагы Эпрайым тоосунда, Деборанын курмасынын тєбєндљ отурчу. Ысрайыл уулдары ага кењеш сураганы келип турушчу.

6 Дебора чабарман жљнљтєп, Кедеш Напталыдан Абынаамдын уулу Баракты чакыртып алып, ага мындай деди: «Ысрайылдыктардын Кудай-Тењири сага буйрук кылат: “Бар, Напталы менен Забулундун уулдарынан он мињ адам алып, Табор тоосуна чык.

7 Мен болсо Жабиндин аскер башчысы Сисраны майдан арабалары жана кљп сандаган аскерлери менен сага, Кишон дарыясына алып келип, сенин колуња салып берем”».

8 Барак ага: «Эгерде сен мени менен барсањ, барам, эгерде сен мени менен барбасањ, барбайм», – деди.

9 Дебора Баракка: «Сени менен барарын барам, бирок сен бул согушта атакка ээ болбойсуњ. Тењир Сисраны аялдын колуна салып берет», – деди. Анан Дебора ордунан турду да, Барак менен бирге Кедешке жљнљдє.

10 Барак Забулун уулдары менен Напталы уулдарын Кедешке чакырды. Анын соњунан он мињ адам жљнљдє, алар менен кошо Дебора да жљнљдє.

11 Кейни Хебер Мусанын кайнагасы Хобаптын уулдарынан – кейнилерден бљлєнєп калды да, Кедештен алыс эмес Эйлон-Бетсаананимдеги эмен токоюнун жанына чатырын тикти.

12 Абынаам уулу Барак Табор тоосуна чыкты деп, Сисрага билдиришти.

13 Сисра бардык майдан арабаларын, темирден жасалган тогуз жєз майдан арабасын, љзєнєн бєт элин чогултуп, Харошет-Агойимден Кишон дарыясын кљздљй жол тартты.

14 Ошондо Дебора Баракка: «Ордуњан тур, анткени Тењир Сисраны сенин колуња бєгєн салып берет. Тењир Љзє сенин алдыњда барат», – деди. Барак Табор тоосунан тєшкљндљ, артынан он мињ адам кошо тєштє.

15 Ошондо Тењир Барактын кылычы менен Сисраны, анын бардык майдан арабалары менен аскерлерин дєрбљлљњгљ тєшєрдє. Сисра майдан арабадан тєшєп, жљљ качып жљнљдє.

16 Барак анын майдан арабалары менен аскерлерин Харошет-Агойимге чейин кууп барды. Сисранын бардык аскери кылычтан кырылды, эч кимиси аман калган жок.

17 Сисра кейни Хебердин аялы Жаелдин чатырын кљздљй жљљ качты, анткени Хатсор падышасы Жабин менен кейни Хебердин єй-бєлљсє љз ара ынтымактуу эле.

18 Жаел Сисраны тосуп чыгып, ага: «Кир мырзам, кир менин єйємљ, коркпо», – деди. Ал анын чатырына кирди, аял аны килем менен жаап койду.

19 Сисра аялга: «Мага ичкенге суу берчи, тањдайым кургап турат», – деди. Аял сєт куйган чаначты чечип, анын суусунун кандырды да, кайрадан жаап койду.

20 Сисра аялга: «Чатырдын оозунда тур, эгерде кимдир бирљљ келип, сенден: “Мында ким бар?” – деп сурап калса, “Эч ким жок”, – де», – деди.

21 Ал чарчап уктап калганда, Хебердин зайыбы Жаел чатырдын казыгын алып, колуна балка кармап, акырын жанына басып келип, казыкты анын чыкыйына сайып, жерге житире урду, ал љлдє.

22 Ошол учурда Сисраны сая кууган Барак жетип келди. Жаел аны утурлай чыгып, ага: «Кир, мен сага издеп жєргљн кишињди кљрсљтљйєн», – деди. Ал аялдын чатырына кирип, љлєп жаткан Сисраны кљрдє, казык чыкыйында сайылып турган эле.

23 Тењир ошол кєнє Ысрайыл уулдарына Канаан падышасы Жабинди багынтты.

24 Канаан падышасы Жабинди љлтєргєчљ, Ысрайыл уулдары барган сайын кєч алды.

5-БЉЛЄМ

Дебора менен Барактын ыры

1 Ошол кєнє Дебора менен Абынаам уулу Барак тљмљнкєдљй ыр ырдашты:

2 «Ысрайыл кегин алды, калайык ынталуулук кљрсљттє. Тењирди дањктагыла!

3 Падышалар, кулак салгыла! Тљрљлљр, кљњєл бургула! Мен Тењирге ырдайм! Ысрайылдын Кудай-Тењирине аспап чертип ырдайм!

4 Сен, Тењир, Сеирден чыкканыњда, Эдом талаасынан салтанат менен чыкканыњда, жер солкулдап, асмандан суу тамчылап, булуттар жамгыр тљккљн.

5 Тењирдин алдында тоолор, Ысрайылдын Кудай-Тењиринин алдында Синай тоосу солкулдаган.

6 Анаттын уулу Шамгардын убагында, Жаелдин убагында жолдор ээн жаткан, мурда тєз жолдор менен жєргљндљр ошол убакта айланма жолдор менен жєрєп калышкан.

7 Мен, Дебора – Ысрайылдагы эне, ордуман турганга чейин, Ысрайылдын кыштактарында эч ким жашабай калган.

8 Алар жањы кудайларды тандап алышканда, дарбаза алдында согуш болду. Кырк мињ ысрайылдыктын калканы менен найзасын кљрдєњљр беле?

9 Жєрљгєм силер менен, Ысрайыл башчылары, љз ыктыяры менен элин коргогондор! Тењирди дањктагыла!

10 Ак ургаачы эшекке минип жєргљндљр, килемде отургандар, жолдо кетип бараткандар, ырдагыла!

11 Кудуктардын жанына малын чогулткандар Тењирди дањктап, Ысрайыл жол башчыларын мактап ырдашсын! Ошондо Кудайдын эли дарбазаларды карай жљнљдє.

12 Шаттан, Дебора! Шаттан, Дебора! Ыр ырдап, дањкта! Тур, Барак, Абынаам уулу, туткундарыњды алып бас!

13 Ошондо Тењир кєчтєєлљрдє аз сандагы адамдарга багынтып берген. Тењир мага эр жєрљктљрдє багынтып берген.

14 Амалыктын жерине отурукташып калган эпрайымдыктар келишкен. Анын артынан Бенжемин љз эли менен келген. Эл башчылар Махирден, калем кармаганды билген катчылар Забулундан келишкен.

15 Исахардын тљрљлљрє Дебора менен келишти, Исахар да Барактай болуп љрљљнгљ жљљ тєштє. Рубейин уулдарынын арасында чоњ келишпестик бар.

16 Малдын маараганын угуп, мал короолордо эмне отурасыњ? Рубейин уулдарынын арасында чоњ келишпестик бар.

17 Иордандын аркы љйєзєндљ Гилат тынч жашап жатат, кемелери бар Дан эмнеден корксун? Ашыр дењиз жээгинде отурат, кемелер токтоочу жайдын жанында тынч жашап жатат.

18 Забулун – љз жанын тобокелге салган эл, Напталы да – дљњсљљлљрдљ љз жанын тобокелге салган эл.

19 Падышалар келишти, салгылашышты. Ошондо Канаан падышалары Мегидо сууларынын жанындагы Танахта салгылашышты, бирок кємєш олжолоп алышкан жок.

20 Асманда жылдыздар салгылашышты, љз жолдорунда Сисра менен салгылашышты.

21 Аларды Кишон дарыясы, байыркы дарыя, Кишон дарыясы агызып кетти. Жаным, душмандарымдын кєчєн тебеле!

22 Анын кєчтєєлљрє качканда, аттарынын туяктары майтарылып сынды.

23 Мейроз шаарын каргагыла, – дейт Тењирдин периштеси, – анда жашагандарды каргагыла, анткени алар Тењирге жардамга келишкен жок, Тењирге жана кайраттууларга кљмљк беришкен жок!

24 Кейни Хебердин зайыбы Жаел, чатырларда жашаган аялдардын арасындагы ал, баталуу болсун!

25 Сисра суу сураганда, ал сєт берди, тљрљлљр ичкен чљйчљккљ эњ жакшы сєт куюп келди.

26 Сол колуна казык, оњ колуна темир устанын балкасын алып, Сисраны чыкыйга сайып, башын жарды.

27 Ал аялдын бутуна жыгылып жатып калды, анын бутуна кулады, кулаган жеринде љлдє.

28 Сисранын энеси тор терезеден карап: “Анын майдан арабасы эмнеге мынча кечигет, анын майдан арабасынын дљњгљлљктљрєнєн дабышы эмнеге угулбайт?” – деп боздойт.

29 Анын кызматчы аялдарынын акылдуулары ага жооп берет, ал љзєнљ љзє жооп берет:

30 “Алар олжо таап алып, бљлєшєп жатышса керек, ар бир жоокерге бирден же экиден кыз тийсе керек. Олжодон Сисрага ар кыл тєстєє, ичи-тышы саймаланган, туткундун жонунан сыйрылып алынган кийим тийсе керек”.

31 Тењир, Сенин кас душмандарыњ мына ушинтип жок болсун! Тењирди сєйгљндљр болсо бардык кєч-кубаты менен жаркырап чыккан кєндљй болсун!» Ошентип, жер єстєндљ кырк жыл тынчтык болду.

6-БЉЛЄМ

Гидон

1 Ысрайыл уулдары Тењирдин алдында кайрадан жаман иштерди кыла баштаганда, Тењир аларды жети жылга мидиандыктардын колуна салып берди.

2 Мидиандыктар ысрайылдыктарды аёосуз эзишти. Ысрайыл уулдары мидиандыктардан качып, љздљрєнљ жашыруун жерлерди, єњкєрлљрдє, баш калкалоочу жайларды даярдашты.

3 Ысрайылдыктар эгин айдаган мезгилде, мидиандыктар менен амалыктыктар жана чыгыш элдери келип,

4 алардын жерине чатырларын тигип, Азага чейинки эгиндин баарын жок кылышчу, ысрайылдыктарга азык єчєн кой да, љгєз да, эшек да калтырышчу эмес.

5 Анткени алар мал-жаны, чатырлары менен келип, сан жеткис чегирткелердей каптап калышчу. Љздљрє да, тљљлљрє да сансыз кљп болчу. Алар Ысрайыл жерин кыйратуу єчєн келишчє.

6 Мидиандыктар Ысрайылды абдан жакырлантышты. Ошондо Ысрайыл уулдары Тењирге зар какшашты.

7 Ысрайылдыктар Тењирге мидиандыктар тууралуу боздоп кайрылышканда,

8 Тењир Ысрайыл уулдарына пайгамбар жљнљтєп, аларга мындай деди: «Ысрайылдын Кудай-Тењири мындай дейт: “Мен силерди Мисирден, кулчулуктун жеринен алып чыккам.

9 Силерди мисирликтердин колунан, силерди эзгендердин баарынын колунан бошотуп, аларды силердин алдыњардан кууп чыгып, жерлерин силерге тартып бергем.

10 Мен силерге: "Мен силердин Кудай-Тењирињермин. Љзєњљр жашаган жердеги аморлуктардын кудайларына табынбагыла", – деп айткам. Бирок силер Менин єнємдє укпай койгонсуњар”».

11 Тењирдин периштеси келип, Абиезердин тукуму Жаашка таандык болгон Опрадагы эмендин тєбєнљ отурду. Ошол учурда анын уулу Гидон буудайды мидиандыктардын кљзєнљ кљрсљтпљш єчєн, жєзєм сыгылуучу жайда жанчып жаткан.

12 Ошондо ага Тењирдин периштеси келип: «Эр жєрљк эркек, Тењир сени менен!» – деди.

13 Ага Гидон: «Тљрљм! Эгерде Тењир биз менен болсо, анда эмне єчєн ушунун баары башыбызга тєштє? “Мисирден бизди Тењир алып чыккан”, – деп, ата-бабаларыбыз айткан Анын кереметтери кайда? Тењир бизди таштап салды, Ал бизди мидиандыктардын колуна салып берди», – деди.

14 Тењир аны карап туруп: «Ушул кєч-кубатыњ менен бар да, Ысрайылды мидиандыктардын колунан куткар. Сени Мен жљнљтєп жатам», – деди.

15 Гидон Ага: «Тењирим! Ысрайылды мен кантип куткарам? Менин єй-бєлљм – Менаше уруусундагы эњ жарды єй-бєлљ, єй-бєлљдљ мен эњ кичєєсємєн», – деди.

16 Тењир ага: «Мен сени менен болом, мидиандыктарды сен бир кишини кыйраткандай кыйратасыњ», – деди.

17 Ага Гидон мындай деди: «Эгерде мен Сенин алдыњда ырайым тапкан болсом, анда мага Сен сєйлљп жатканыњды ырастаган жышаан бер.

18 Мен барып, тартуумду алып келип, Сенин алдыња коймоюнча, бул жерден кетпе». Ал: «Сен барып келгенче, Мен ушул жерде болом», – деди.

19 Гидон барып, улак союп, бир эйфа ундан ачыткысыз нан бышырды. Этти себетке салып, сорпону карапага куюп, эмендин тєбєнљ алып келип, Ага тартуу кылды.

20 Ошондо Тењирдин периштеси ага: «Эт менен ачыткысыз нанды алып, бул таштын єстєнљ кой да, сорпону тљк», – деди. Ал ошондой кылды.

21 Тењирдин периштеси колундагы таягынын учун эт менен ачыткысыз нанга тийгизди, таштан от чыгып, эт менен нанды жалмап кетти. Ошондон кийин Тењирдин периштеси кљздљн кайым болду.

22 Гидон анын Тењирдин периштеси экенин кљрєп: «О Эгедер Тењирим! Мага кайгы, анткени мен Тењирдин периштесин бетме-бет кљрдєм», – деди.

23 Тењир ага: «Сага тынчтык болсун, коркпо, сен љлбљйсєњ», – деди.

24 Гидон ал жерге Тењирге арнап курмандык чалынуучу жай куруп, аны «Жахаба-Шалом»1 деп атады. Ал ушул кєнгљ чейин Абиезердин Опрасында турат.

25 Ошол тєнє Тењир ага: «Атањдын бир љгєзєн, єч асый дагы бир љгєзєн алып кел да, атањдын Баалга курмандык чалуучу жайын талкала, анын жанындагы Ашейра дарагын кыйып сал.

26 Анан Тењириње, љз Кудайыња, ушул асканын чокусуна, даярдалган жерге курмандык чалынуучу жай кур да, экинчи љгєздє алып, љзєњ кыя турган Ашейра дарагынан алынган отундун єстєнљ коюп, бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка чал», – деди.

27 Гидон он кулун алды да, Тењирдин айтканындай кылды, бирок атасынын єйєндљгєлљрєнљн жана шаар тургундарынан корккондуктан, муну кєндєз эмес, тєн ичинде кылды.

28 Эртењ менен турган шаар тургундары Баалга курмандык чалуучу жай талкаланганын, анын жанындагы Ашейра дарагы кыйылганын, жањы курулган курмандык чалынуучу жайда экинчи љгєздєн бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка чалынганын кљрєп,

29 бири-бирине: «Муну ким кылды?» – дешти. Издешти, сураштырышты, кимдир бирљљлљр: «Муну Жааштын уулу Гидон кылды», – дешти.

30 Анан шаар тургундары Жаашка: «Уулуњду алып чык. Баалга курмандык чалуучу жайды талкалап, жанындагы Ашейра дарагын кыйгандыгы єчєн, ал љлєшє керек», – дешти.

31 Ошондо Жааш келгендердин бардыгына: «Баалга болуша турган, аны коргой турган силерби? Ким аны жактаса, ушул эле тањда љлємгљ дуушар болот. Эгерде ал Кудай болсо, љзєн љзє коргосун; ким анын курмандык чалынуучу жайын бузса, аны љзє жазаласын», – деди.

32 «Баалга курмандык чалуучу жайды бузгандыгы єчєн, аны менен Баал љзє эсептешсин», – деп, ошол кєнє Гидонго Жеруп-Баал деген ат койду.

33 Ошол арада мидиандыктар менен амалыктыктар жана чыгыш элдери чогулуп, дарыядан љтєп, Изрейел љрљљнєнљ стандары менен жайланышышты.

34 Гидонду болсо Тењирдин Руху курчады. Ал мєйєз тартып, Абиезердин тукумун чакырды, алар анын артынан жєрєєгљ даяр болду.

35 Ал Менаше уруусуна элчилерди жљнљттє, алар да анын артынан жєрєєгљ даяр болушту. Ошондой эле Ашырга, Забулунга, Напталыга элчилерди жиберди, алар да анын артынан жєрєєгљ даяр болушту.

36 Ошондо Гидон Кудайга: «Эгерде Сен Љзєњ айткандай, мен аркылуу Ысрайылды куткара турган болсоњ,

37 анда мен мына бул кырманга кыркылган жєндє тљшљйм. Эгерде ушул жєнгљ шєєдєрєм тєшєп, калган жер кургак калса, анда Љзєњ айткандай, Сен мен аркылуу Ысрайылды куткарасыњ деп билем», – деди.

38 Так ошондой болду: эртеси эртењ менен эрте туруп, ал жєндє сыгып, бир чљйчљк толтура суу алды.

39 Ошондо Гидон Кудайга: «Эгерде мен дагы бир сљз айтсам, мага каарданба. Жєн менен кылган сыноону дагы бир кайталайын. Жєндєн љзє кургак калсын да, жерге шєєдєрєм тєшсєн», – деди.

40 Кудай ошол тєнє так ошондой кылды. Жєн гана кургак калып, жерге шєєдєрєм тєштє.

7-БЉЛЄМ

Согушка даярдануу

1 Жеруп-Баал (Гидон) эртењ менен эрте турду. Аны менен келген бєт эл стандары менен Эйин-Харот булагынын жанына жайланышты. Мидиан станы болсо тєндєктє карай кеткен љрљљндљгє Аморе адырында эле.

2 Тењир Гидонго мындай деди: «Сени менен келген эл љтљ кљп. Ысрайылдыктар Менин алдымда: “Љзємдє љзєм куткардым”, – деп текеберденип кетпеши єчєн, мидиандыктарды Мен алардын колуна салып бербейм.

3 Ошондуктан элге угуза айт: “Ким жєєнє бош, коркок болсо, Гилат тоосунан тєшєп, келген жагына кетсин”». Ошондо жыйырма эки мињ киши артка кайтты, он мињ киши калды.

4 Анан Тењир Гидонго мындай деди: «Дагы эле эл кљп. Буларды сууга алып бар, ошол жерден мен сага тандап берем. Мен кимди: “Сени менен барсын”, – десем, ошол сени менен барсын, Мен кимди: “Сени менен барбашы керек”, – десем, ал барбасын».

5 Ал элди сууга алып келди. Тењир Гидонго: «Сууну итке окшоп тили менен шалпып ичкендерди љзєнчљ бљл, тизе бєгєп, эњкейип ичкендерди љзєнчљ бљл», – деди.

6 Єч жєз киши сууну кочуштап сузуп, оозу менен шалпып ичти. Калгандары сууну тизе бєгєп, эњкейип ичишти.

7 Ошондо Тењир Гидонго: «Сууну шалпып ичкен єч жєз киши аркылуу Мен силерди мидиандыктардан куткарам, аларды колуњарга салып берем. Ал эми калгандары љз-љз чатырларына кайтышсын», – деди.

8 Алар кеткендердин азыктары менен мєйєздљрєн алып калышты. Гидон єч жєз кишини алып калып, калган ысрайылдыктарды љз-љз чатырларына таратты. Мидиандыктардын станы тљмљн жактагы љрљљндљ эле.

9 Ошол тєнє Тењир ага мындай деди: «Тур, станга кир, Мен аны сенин колуња салып берем.

10 Эгерде жалгыз баргандан коркуп жатсањ, станга љз кызматчыњ Пура менен бар.

11 Ошондо алардын эмне деп жатканын угасыњ да, карууња кєч кирип, станга киресињ». Анан ал кызматчысы Пура менен стандагы кєзљттљ турган аскерлерге тєшєп барды.

12 Мидиандыктар менен амалыктыктар жана бардык чыгыш элдери љрљљндє чегирткедей каптап калышкан эле. Тљљлљрє эсепсиз, љздљрє дењиз жээгиндеги кумдай сансыз эле.

13 Гидон келди. Ошондо бирљљ бир кишиге кљргљн тєшєн айтып жатты: «Тєшємдљ бир тоголок арпа нан Мидиан станын аралап, тоголонгон бойдон чатырга келип бир тийди, чатыр кулап калды; аны аласалтты, чатыр жыгылып калды».

14 Экинчиси ага мындай деп жооп берди: «Бул – ысрайылдык Жааштын уулу Гидондун кылычы, андан бљлљк нерсе эмес. Кудай мидиандыктарды жана бєт станды анын колуна салып берди».

15 Гидон тєштє жана анын чечмеленишин угуп, Кудай-Тењирге таазим этип, станына кайтып келди да, мындай деди: «Тургула! Кудай Мидиан станын колуњарга салып берди!»

16 Анан ал єч жєз кишини єч топко бљлєп, бардыгынын колдоруна мєйєздљрдє жана бош кумураларды берди, ошондой эле кумуралардын ичине салганга шам берди.

17 Анан аларга мындай деди: «Мени карап, мен кылганды кылгыла. Мен алардын станына жакындаганда, эмне кылсам, силер да ошону кылгыла.

18 Мен жана мени менен бараткандар мєйєздљрдє тартканда, силер да мєйєздљрдє бєт станды айланта тартып: “Тењир єчєн, Гидон єчєн!” – деп кыйкыргыла».

19 Анан Гидон ортоњку кєзљт убагында жєз киши менен станга келип, сакчыларды ойготуп, мєйєздљрдє тартып, колдорундагы кумураларды талкалашты.

20 Ошондо єч топ мєйєздљрдє тартып, кумураларын талкалады. Алар сол колдоруна шамдарын кармап, оњ колдорундагы мєйєздљрдє тартып, жер жањырта: «Тењир єчєн, Гидон єчєн!» – деп кыйкырышты.

21 Станды тегеректеген алардын ар бири љз ордунда турду. Бєт стан дєрбљлљњгљ тєшєп, кыйкырып, туш-тушка качып жљнљдє.

22 Єч жєз киши мєйєздљрдє тартканда, Тењир мидиандыктардын бєт станын бири-бирине каршы кылыч кљтљрттє. Кошуун Серейрага карай Бейт-Ашитке чейин, Табатанын жанындагы Абел-Мекеланын чек арасына чейин качты.

23 Напталы, Ашыр урууларынан жана Менашенин бєт уруусунан ысрайылдыктар чакыртылды. Анан алар мидиандыктардын артынан кууп жљнљштє.

24 Гидон болсо Эпрайым тоосундагылардын баарына мындай деп айттырыш єчєн, элчилерин жљнљттє: «Мидиандыктарды утурлап чыккыла да, Бейт-Бара менен Иордан дарыясынын љткљљлдљрєн бљгљп тургула». Ошондо бєткєл эпрайымдыктар чакыртылып, Бейт-Бара менен Иорданга чейинки љткљљлдљрдє бљгљп турушту.

25 Алар мидиандыктардын Орейип менен Зейеп деген эки тљрљсєн колго тєшєрєп, Орейипти Сур-Орейипте, Зейепти Жекеп-Зейепте љлтєрєштє да, мидиандыктарды андан ары кууп жљнљштє. Орейип менен Зейептин баштарын Иордандын берки љйєзєнљ, Гидонго алып келишти.

8-БЉЛЄМ

Мидиандыктардын жењилиши

1 Эпрайымдыктар Гидонго: «Мидиандыктар менен согушканы барганда, сен эмне єчєн бизди чакырган жоксуњ?» – деп, аябай ачууланышты.

2 Гидон аларга мындай деди: «Менин кылганымды силердин кылганыњарга салыштырып болобу? Абиезер жыйнап алган жєзємгљ караганда, Эпрайым терип алган жєзєм артык эмеспи?

3 Мидиан тљрљлљрє Орейип менен Зейепти Кудай силердин колуњарга салып берди. Силер кылганды мен кыла алдымбы?» Ал ушундай сљздљрдє айтканда, ага нааразы болуп жаткан эпрайымдыктар тынчып калышты.

4 Гидон жана анын душманды кууп чарчаган єч жєз адамы Иордандан љтєштє.

5 Анан Гидон Сукоттун тургундарына кайрылып: «Менин адамдарыма нан бергиле, алар чарчашты. Мен Мидиан падышалары Зебак менен Салмунду кууп жєрљм», – деди.

6 Сукоттун тљрљлљрє: «Биз сенин аскерлериње нан бергидей, Зебак менен Салмунду колуња тєшєрєп алдыњ беле?» – дешти.

7 Гидон: «Ушинткенињер єчєн, Зебак менен Салмунду Тењир колума салып бергенде, денењерди чљлдєн тикенеги менен, тикендєє жыгач менен жанчыйм», – деди.

8 Ал жерден ал Пенуелге барды да, анын жашоочуларына да ошол эле сљздє айтты. Ага Пенуелдин жашоочулары да Сукоттун жашоочуларындай жооп беришти.

9 Ал Пенуелдин жашоочуларына да: «Жењиш менен кайтканымда, бул мунараны талкалайм», – деди.

10 Зебак менен Салмун чыгыш элдеринин кошуунундагы аман калган он беш мињге жакын аскери менен Каркордо эле. Кылычты кынынан сууруй алгандардын арасынан жєз жыйырма мињ адам љлгљн.

11 Гидон Нобах менен Жокпеянын чыгыш тарабындагы чатырларда жашагандардын жолу менен барып, бейкапар жаткан кошуунду талкалады.

12 Зебак менен Салмун качып жљнљдє. Гидон мидиандыктардын эки падышасы Зебак менен Салмунду кууп жетип, колго тєшєрєп, бєт кошуунду дєрбљлљњгљ салды.

13 Жааштын уулу Гидон Херес дљњсљљсєнљн, согуштан кайтып келип,

14 Сукоттон бир жаш жигитти кармап алып, суракка алды. Ал Сукоттун жетимиш жети тљрљсєнєн жана аксакалдарынын тизмесин жазып берди.

15 Анан ал Сукоттун тургундарына келип: «Зебак менен Салмун мына! Булар єчєн мени: “Сенин алсыраган аскерлериње нан бергидей, Зебах менен Салмунду колуња тєшєрєп алдыњ беле?” – деп шылдыњ кылгансыњар», – деди да,

16 шаардын аксакалдарын, Сукоттун тургундарын, чљлдєн тикенеги менен, тикендєє жыгач менен жазалады.

17 Пенуел мунарасын да талкалап, анын тургундарын да љлтєрдє.

18 Анан Зебак менен Салмунга: «Силер Табордо љлтєргљн кишилердин сырткы кљрєнєшє кандай эле?» – деди. Алар: «Алар сага окшош эле, ар бири падыша уулдарына окшош эле», – дешти.

19 Гидон: «Алар менин бир туугандарым, менин энемдин уулдары болчу. Тењир тирєє! Аларды тирєє калтырсањар, мен силерди љлтєрмљк эмесмин», – деди.

20 Анан тун уулу Жетерге: «Тур, буларды љлтєр!» – деди. Бирок уулу жаш болгондуктан коркуп, кылычын сууруп чыккан жок.

21 Ошондо Зебак менен Салмун: «Туруп, бизди љзєњ љлтєр, анткени адамдын кєчє љзєнљ жараша болот», – деди. Гидон ордунан туруп, Зебак менен Салмунду љлтєрдє да, алардын тљљлљрєнєн мойнундагы формасы жарты айдай болгон жасалгаларын чечип алды.

22 Ысрайылдыктар Гидонго: «Бизди сен башкар, уулуњ, уулуњдун уулу башкарсын, анткени сен бизди мидиандыктардын колунан куткарып алдыњ», – дешти.

23 Гидон аларга: «Силерди мен да, менин уулум да башкарбайт. Силерди Тењир башкарсын», – деди.

24 Гидон аларга мындай деди: «Силерден бир гана нерсе сурайм, алган олжоњордон ар бирињ мага бирден сырга бергиле (Анткени душмандары ысмайылдыктар болгондуктан, аларда алтын сыргалар кљп эле)».

25 Алар: «Беребиз», – дешти. Кийим жайып, єстєнљ ар бири љз олжосунан бирден сырга таштады.

26 Мидиан падышалары кийген кочкул кызыл кийимдерди, алтын топчуларды, жасалгаларды жана алардын тљљлљрєнєн мойнундагы алтын чынжырларды кошпогондо, ал сурап алган алтын сыргалардын салмагы бир мињ жети жєз алтын шекел болду.

27 Алардан Гидон бир эфод жасап, аны љз шаары Опрага койду. Ысрайылдыктар ага табына башташты, ал Гидонго жана анын бєт єй-бєлљсєнљ жайылган тор болду.

28 Ысрайыл уулдарына мидиандыктар ушинтип багынышты, алар ошондон кийин баш кљтљргєс болушту. Гидондун убагында жер єстєндљ кырк жыл тынчтык болду.

Гидондун кљз жумушу

29 Жааш уулу Жеруп-Баал єйєнљ кайтты.

30 Гидондун жетимиш уулу болгон, анткени анын аялдары кљп эле.

31 Шекемде жашаган кєњ аялы да уул тљрљп берди. Ал анын атын Абы-Мелек койду.

32 Жааштын уулу Гидон љтљ карыган кезде кљз жумду, анын сљљгє атасы Жааш коюлган жерге, Абиезердин Опра шаарына коюлду.

33 Гидон љлгљндљн кийин, Ысрайыл уулдары кайрадан бузулуп, Баалды ээрчип, љздљрєнљ Баал-Беритти кудай кылып коюп алышты.

34 Ысрайыл уулдары љздљрєн курчап турган бардык кас душмандардын колунан куткарган Кудай-Тењирин унутуп коюшту.

35 Ысрайылга жакшылык кылганына карабастан, Жеруп-Баалга – Гидондун єй-бєлљсєнљ ырайым кылышкан жок.

9-БЉЛЄМ

Абы-Мелек

1 Жеруп-Баалдын уулу Абы-Мелек Шекемге барып, энесинин бир туугандарына жана бардык урук-тууганына мындай деди:

2 «Шекемдин бардык тургундарына айткыла: “Силер єчєн кайсынысы жакшы: Жеруп-Баалдын жетимиш уулу башкарганы жакшыбы же бир эле адам башкарганы жакшыбы? Мен силердин љз сљљгєњљр, љз денењер экенимди эстегиле”».

3 Анын бул сљздљрєн энесинин бир туугандары Шекемдин тургундарына айтышты. «Ал биздин бир тууганыбыз эмеспи», – деп, алардын жєрљгє Абы-Мелекке бурулду.

4 Алар Баал-Берит деген жасалма кудайдын єйєнљн ага жетимиш шекел кємєш алып беришти. Ал кємєштљргљ Абы-Мелек бекерпоз, жењил ойлуу адамдарды жалдап алды. Алар анын артынан ээрчишти.

5 Анан ал Опрага, атасынын єйєнљ келип, бир туугандарын, Жеруп-Баалдын жетимиш уулун бир таштын єстєндљ љлтєрдє. Жеруп-Баалдын кенже уулу Жотам гана тирєє калды, анткени ал жашынып калган эле.

6 Шекемдин бардык тургундары жана Мило єйєндљгєлљр чогулуп, Шекемге жакын эмен дарагынын тєбєндљ Абы-Мелекти падыша кљтљрєп алышты.

7 Муну Жотамга айтышканда, ал барып, Гаризим тоосунун чокусуна чыгып, аларга мындай деп катуу кыйкырды: «Шекемдин тургундары, мени уксањар, Кудай да силерди угат!

8 Љздљрєнљ падыша кылып майлаш єчєн, дарактар зайтун дарагына барып: “Бизге падыша бол”, – дешти.

9 Зайтун дарагы аларга: “Адамдар менен кудайларды урматтоодо колдонулган майымды таштап, дарактардын арасында сандалып жєрмљк белем?” – деди.

10 Ошондо дарактар анжырга: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

11 Анжыр аларга: “Таттуу, жакшы мљмљмдє таштап, дарактардын арасында сандалып жєрмљк белем?” – деди.

12 Ошондо дарактар жєзєм сабагына: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

13 Жєзєм сабагы аларга: “Адамдар менен кудайларды кубандырган ширемди таштап, дарактардын арасында сандалып жєрмљк белем?” – деди.

14 Акырында бардык дарактар тикендєє бадалга: “Сен келип, бизге падыша бол”, – дешти.

15 Тикендєє бадал дарактарга: “Эгерде силер, чындыгында эле, мени љзєњљргљ падыша коюп жатсањар, анда менин тєбємљ кљлљкљлљгєлљ. Эгерде андай кылбасањар, анда тикендєє бадалдан от чыгып, Лебанон кедрлерин љрттљп салат”, – деди.

16 Кана айткылачы, Абы-Мелекти падыша коюп, силер адилеттик, акыйкаттык кылдыњарбы? Жеруп-Баалга жана анын єй-бєлљсєнљ адилеттик кылдыњарбы? Анын кылган жакшылыгына жараша жооп бердињерби?

17 Менин атам силер єчєн салгылашкан, љз љмєрєн аяган эмес, силерди мидиандыктардын колунан куткарган.

18 Силер болсо менин атамдын єй-бєлљсєнљ каршы кљтљрєлєп, атамдын жетимиш уулун бир таштын єстєндљ љлтєрдєњљр. Бир тууганыњар болгону єчєн Шекемдин тургундарына атамдын кєњ аялынын уулу Абы-Мелекти падыша койдуњар.

19 Эгерде силер Жеруп-Баалга жана анын єй-бєлљсєнљ адилеттик, акыйкаттык кылган болсоњор, анда Абы-Мелектин падыша болгонуна сєйєнгєлљ, ал да силер єчєн сєйєнсєн.

20 Эгерде андай кылган эмес болсоњор, анда Абы-Мелектен от чыгып, Шекемдин тургундары менен Мило єйєндљгєлљрдє љрттљп кетсин же Шекемдин тургундары менен Мило єйєндљгєлљрдљн от чыгып, Абы-Мелекти љрттљп кетсин».

21 Жотам бир тууганы Абы-Мелектен качып, Бейирге келди да, ошол жерде жашап калды.

22 Абы-Мелек Ысрайылга єч жыл падышачылык кылды.

23 Кудай Абы-Мелек менен Шекем тургундарынын ортосуна жаман рух жиберди. Ошондо Шекемдин тургундары Абы-Мелекке баш ийбей калышты.

24 Жеруп-Баалдын жетимиш уулунун љчє ушинтип алынды. Алардын каны аларды љлтєргљн бир тууганы Абы-Мелектин жана бир туугандарын љлтєрєєгљ жардам берип колдоп турган Шекем тургундарынын мойнуна жєктљлдє.

25 Шекемдин тургундары тоолордун баштарына ага каршы буктурма коюшту, буктурмадагылар жолдон љткљн ар кимди талап-тоношту. Ошондо бул тууралуу Абы-Мелекке билдиришти.

26 Шекемге бир туугандары менен Эбеданын уулу Гаал келди, алар Шекемди аралап жєрєштє. Шекемдин тургундары аларга таянышты.

27 Алар талаага чыгып, жєзєм жыйнап, ширесин сыгышты да, майрам љткљрєп, љздљрєнєн кудайынын єйєнљ барып, ичип-жеп, Абы-Мелекти каргашты.

28 Эбеданын уулу Гаал мындай деди: «Биз ага кызмат кылгыдай, Абы-Мелек ким эле, Шекем эмне эле? Ал Жеруп-Баалдын уулу эмеспи, анын башчысы Зебул эмеспи? Ага эмнеге кызмат кылмак элек? Андан кљрљ Шекемдин атасы Хамордун тукумуна кызмат кылгыла.

29 Бул элди колума берсе, мен Абы-Мелекти падышачылыктан тєшєрєп салмакмын». Анан ал Абы-Мелекке: «Аскерињди кљбљйт да, беттешєєгљ чык», – деди.

30 Эбеданын уулу Гаалдын бул сљзєн угуп, шаар башчысы Зебулдун каары кайнады.

31 Ал Абы-Мелекке жашыруун тєрдљ элчилерин жиберип: «Эбеданын уулу Гаал бир туугандары менен Шекемге келип, шаарды сага каршы тукуруп жатат,

32 ошондуктан жаныњдагы аскерлер менен тєн ичинде туруп, талаага буктурма кой.

33 Эртењ менен эрте туруп, кєн чыгар алдында шаарга кол сал. Ал љзєнєн аскерлери менен сени беттеп чыкканда, колуњдан келгенин кыл, аларды аяба», – деп айттырды.

34 Абы-Мелек љзєнєн аскерлери менен тєн ичинде туруп, тљрт тобун Шекемдин жанына буктурмага койду.

35 Эбеданын уулу Гаал шаардан чыгып, дарбазанын алдында турду. Абы-Мелек љз аскерлери менен буктурмадан чыкты.

36 Гаал элди кљрєп, Зебулга: «Эл тоолордун баштарынан тєшєп келе жатат», – деди. Зебул болсо ага: «Тоолордун кљлљкљсє сага эл кљрєнєп жатса керек», – деди.

37 Гаал дагы мындай деди: «Эл тоодон тљмљн тєшєп келе жатат. Бир аскер тобу Мейоненим эмен дарагына кетчє жолдон чыкты», – деди.

38 Зебул ага: «“Абы-Мелекке кызмат кылгыдай, ал ким эле?” – дебедињ беле? Сен тоотпогон эл ушул. Кана эми булар менен салгылашып кљр», – деди.

39 Ошондо Гаал Шекем тургундарын баштап чыгып, Абы-Мелек менен салгылашты.

40 Гаал качып жљнљдє, Абы-Мелек анын артынан тєштє. Љлгљндљр љтљ кљп болуп, шаар дарбазасынын алдында љлєктљр жатты.

41 Абы-Мелек Арумда калды. Зебул Гаалды жана анын бир туугандарын Шекемде жашатпай кууп чыкты.

42 Эртеси эл талаага чыкты. Бул тууралуу Абы-Мелекке билдиришти.

43 Ошондо ал љз элин єч топко бљлєп, талаага буктурмага койду. Ал шаардан чыгып келе жаткан элге кол салып, аларды кырып салды.

44 Абы-Мелек љз топтору менен шаардын дарбазасынын жанына келип турган кезде башка эки топ талаада турган элге кол салып, аларды кырып жатты.

45 Абы-Мелек шаардын эли менен ошол кєнє кечке салгылашып, шаарды басып алды да, андагы элди кырып, шаарды талкалап, ага туз сээп салды.

46 Муну угуп, Шекем мунарасындагылардын баары Баал-Берит бутканасынын мунарасына кирип кетишти.

47 Шекем мунарасындагылардын баары чогулганын Абы-Мелекке билдиришти.

48 Абы-Мелек љзєнєн бєт эли менен Салмон тоосуна чыгып, балталарын алып, дарактардын бутактарын кыйып, ийнине койду да, љзє менен келген элге мындай деди: «Менин эмне кылганымды кљрдєњљрбє? Силер да тезинен мен кылганды кылгыла».

49 Ошондо келген элдин баары бутактарды кыйып, Абы-Мелектин артынан кљтљрєп келишти да, аларды мунаранын тегерегине ташташты. Анан бутактарга от коюп, мунараны љрттљштє. Шекем мунарасындагылардын баары љлдє, анда мињге жакын эркек жана аял бар эле.

50 Анан Абы-Мелек Тейбеске барып, аны курчоого алып, басып алды.

51 Шаардын ортосунда бекем мунара бар болчу. Эркектер менен аялдар, шаардын бардык эли ошол мунарага качып кирип, эшигин бекитип, єстєнљ чыгып кетишти.

52 Абы-Мелек мунарага келип, аны курчады. От коюп љрттљш єчєн, мунаранын эшигине келди.

53 Ошол учурда бир аял Абы-Мелектин башына тегирмен ташынын сыныгын таштап жиберди, ал анын баш сљљгєн талкалап кетти.

54 Абы-Мелек ошол замат курал кљтљргљн жигитин чакырып: «Кылычыњды кынынан сууруп, мени љлтєрєп сал, “Аны аял љлтєрдє” деп айтышпасын», – деди. Жаш жигит аны сайып салды, ал љлдє.

55 Абы-Мелектин љлгљнєн кљргљн ысрайылдыктар љз жайларына тарап кетишти.

56 Жетимиш бир тууганын љлтєрєп, атасына кылган кыянаттыгы єчєн, Тењир Абы-Мелекти ушундай жазалады.

57 Шекемдин тургундарынын кылган бардык жамандыгын Кудай алардын љз башына салды. Жеруп-Баалдын уулу Жотамдын каргышы аларга тийди.

10-БЉЛЄМ

Тола

1 Абы-Мелектен кийин Ысрайылды куткарыш єчєн, Исахар уруусунан Додонун уулу, Пуянын уулу Тола чыкты. Ал Эпрайым тоосундагы Шамирде жашачу.

2 Ал Ысрайылга жыйырма єч жыл башкаруучу болду. Кљз жумуп, Шамирге коюлду.

Жайыр

3 Андан кийин гилаттык Жайыр чыкты, ал Ысрайылга жыйырма эки жыл башкаруучу болду.

4 Анын отуз жаш эшекке минип жєргљн отуз уулу болгон, алардын отуз шаары бар эле. Аларды ушул кезге чейин Гилат жериндеги Жайырдын шаарлары дешет.

5 Жайыр кљз жумуп, Камонго коюлду.

Иптах

6 Ысрайыл уулдары кайрадан Тењирдин кљз алдында жаман иштерин кыла башташты. Алар Баалдар менен Ашейраларга, арамейликтердин, сидондуктардын, мааптыктардын, амондуктардын, пелиштиликтердин кудайларына кызмат кылып жатышты. Тењирди таштап, Ага кызмат кылбай калышты.

7 Тењир Ысрайылга каарданып, аларды пелиштиликтер менен амондуктардын колуна салып берди.

8 Алар ошол жылдан тартып Иордандын аркы љйєзєндљ, аморлуктардын Гилаттагы жеринде жашаган ысрайылдыктарды он сегиз жыл кысымга алып эзишти.

9 Амондуктар Жєйєт, Бенжемин жана Эпрайым уруулары менен согушуу єчєн, Иордандан љтєп келишти. Ысрайыл уулдары абдан кыйналышты.

10 Ошондо Ысрайыл уулдары Тењирге боздоп кайрылышты: «Биз Сенин алдыњда кєнљљгљ баттык, себеби Кудайыбызды таштап, Баалдарга кызмат кылдык».

11 Тењир Ысрайыл уулдарына мындай деди: «Силерди мисирликтер, аморлуктар, амондуктар, пелиштиликтер,

12 сидондуктар, амалыктыктар, мааптыктар эзишкенде, силер Мага кайрылганда, Мен силерди алардын колунан куткарып турган жок белем?

13 Силер болсо Мени таштап, башка кудайларга табынып кеттињер. Ошон єчєн Мен силерди эми куткарбайм.

14 Баргыла да, љзєњљр тандап алган кудайларыњарга жалынгыла, башыњарга тєшкљн кыйынчылыктан силерди ошолор куткарсын».

15 Ошондо Ысрайыл уулдары Тењирге: «Кєнљљгљ баттык, бизди эмне кылсањ, Љзєњ бил, азыр бизди куткарып кал», – дешти.

16 Ошентип, алар бљтљн кудайларды таштап, Тењирге кызмат кыла башташты. Ысрайылдын азап тартып жатканын кљрєп, Ал чыдап тура алган жок.

17 Амондуктар чогулуп, стандары менен Гилатка жайланышышты. Ысрайыл уулдары да чогулуп, стандары менен Миспага жайланышышты.

18 Ошондо Гилаттын эли менен тљрљлљрє бири-бирине: «Амондуктарга каршы салгылашты ким биринчи баштаса, ошол бардык Гилат тургундарынын башчысы болот», – дешти.

11-БЉЛЄМ

1 Бузулган аял тљрљгљн, Гилаттын баласы гилаттык Иптах тайманбас адам эле.

2 Аялы да Гилатка эркек балдарды тљрљп берди. Аялы тљрљгљн балдар эр жеткенде, Иптахты: «Сен биздин атабыздын єйєндљ мураскор эмессињ, анткени сени бљлљк аял тљрљгљн», – деп кууп жиберишти.

3 Иптах бир туугандарынан качып барып, Тоб деген жерде жашап калды. Иптахтын тегерегине бекерпоз кишилер топтолуп, аны ээрчип жєрєшчє.

4 Бир нече убакыттан кийин амондуктар ысрайылдыктарга каршы согуш ачышты.

5 Амондуктар менен ысрайылдыктар согушуп жаткан учурда Гилаттын аксакалдары Тоб жеринен Иптахты алып кетиш єчєн келишип, Иптахка:

6 «Бизге келип, жол башчы бол, амондуктар менен согушабыз», – дешти.

7 Ошондо Иптах Гилаттын аксакалдарына: «Мени жектеп, атамдын єйєнљн кууп жибербедињер беле?! Мага эмнеге келдињер, башыњарга кыйынчылык тєшкљндљ келип калдыњарбы?» – деди.

8 Гилаттын аксакалдары болсо Иптахка: «Сага келгенибиздин себеби мындай: биз менен барып, амондуктар менен согуш, бизге – Гилаттын бардык тургундарына башчы бол», – дешти.

9 Иптах Гилаттын аксакалдарына: «Эгерде амондуктар менен согушуу єчєн кайра барсам, Кудай аларды менин колума салып берсе, мен силерге башчы болуп каламбы?» – деди.

10 Гилаттын аксакалдары Иптахка: «Тењир кєбљ, сен айткандай кылабыз», – дешти.

11 Ошентип, Иптах Гилаттын аксакалдары менен жљнљп кетти, эл аны љзєнљ башкаруучу жана аскер башчы кылып алды. Иптах айтчу сљздљрєнєн баарын Миспада, Тењирдин алдында айтты.

12 Анан Иптах амондуктардын падышасына тљмљнкє сљздљрдє айттырыш єчєн, элчилерин жљнљттє: «Биздин жерге кол салгыдай, биз сага эмне кылдык?»

13 Амондуктардын падышасы Иптахтын элчилерине: «Ысрайылдыктар Мисирден келе жатканда, Арнондон тартып Жабок менен Иорданга чейинки жеримди тартып алышкан. Эми аны мага тынчтык менен кайтарып бер», – деди.

14 Ошондо Иптах амондуктардын падышасына экинчи жолу элчилерин жљнљттє.

15 Ага мындай деп айттырды: «Иптах мындай дейт: “Мааптыктар менен амондуктардын жерлерин ысрайылдыктар тартып алган эмес.

16 Анткени Ысрайыл Мисирден келе жатканда, чљлдљн љтєп, Кызыл дењизге, анан Кадешке келген.

17 Ал жерден ысрайылдыктар Эдом падышасына чабарман жљнљтєп: "Сенин жерињен љтєєгљ уруксат бер", – деп айттырган, бирок Эдом падышасы укпай койгон. Мааптыктардын падышасына да чабарман жљнљткљн, ал да макул болгон эмес, ошондуктан ысрайылдыктар Кадешке токтоп калышкан.

18 Анан ысрайылдыктар чљл менен жєрєп отуруп, эдомдуктар менен мааптыктардын жерлерин айланып љтєп, Маап жеринин чыгыш чек арасына келип, стандары менен Арнондун аркы љйєзєнљ жайгашкан, бирок мааптыктардын жерине киришкен эмес, анткени Арнон мааптыктардын чек арасы болчу.

19 Анан Ысрайыл аморлуктар менен Кешпондун падышасы Сихонго элчилерин жљнљтєп: "Љз жерибизге силердин жерињер аркылуу љтєп кетєєгљ уруксат бергиле", – деп айттырган.

20 Бирок Сихон Ысрайылды љз жеринен љткљрєєгљ макулдугун берген эмес. Сихон бардык элин чогултуп, стандарын Жааска жайгаштырып, Ысрайыл менен согушкан.

21 Ысрайылдыктардын Кудай-Тењири Сихонду бєт эли менен ысрайылдыктардын колуна салып берген. Ысрайылдыктар аларды талкалап салышкан. Ал жерде жашаган аморлуктардын бєт жерин Ысрайыл мурастап алган.

22 Алар ошондой эле Арнондон Жабокко чейинки, чљлдљн Иорданга чейинки аморлуктардын бардык жерин мурастап алышкан.

23 Ысрайылдыктардын Кудай-Тењири Љз эли Ысрайылдын алдынан аморлуктарды кууп чыгарган. Сен эми Ысрайылдын мурасын алгыњ келип турабы?

24 Сен љзєњдєн кудайыњ Кемош берген жерге ээ эмессињби? Биз болсо љзєбєздєн Кудай-Тењирибиз мураска берген жерге ээбиз.

25 Сен, эмне, мааптыктардын падышасы Сипордун уулу Балактан артыксыњбы? Ал, эмне, Ысрайыл менен чатакташты беле же аны менен согушту беле?

26 Ысрайылдын Кешпондо, Аройерде жана аларга караштуу шаарларда, Арнондун боюндагы шаарларда жашаганына єч жєз жыл болду. Ал жерлерди силер эмне єчєн ошол учурда тартып алган жоксуњар?

27 Мен сенин алдыњда айыптуу эмесмин, сен мага каршы согуш ачып, жамандык кылып жатасыњ. Ысрайыл уулдары менен амондуктардын ортосунда соттоочу Тењир азыр Љзє Сот болсун”».

28 Бирок амондуктардын падышасы Иптахтын айттырган сљзєнљ кулак салган жок.

29 Иптахтын єстєнљ Тењирдин Руху тєштє. Иптах Гилат менен Менашеден, Гилаттын Миспасынан љтєп, амондуктарга жљнљдє.

30 Ошондо Иптах Тењирге мындай деп убада берди: «Эгерде Сен амондуктарды менин колума салып берсењ,

31 анда мен амондуктардан тынчтык менен кайтып келе жатканда, єйємдєн дарбазасынан, алдыман эмне чыкса, ал Сеники болот, Тењир, аны мен бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка чалам».

32 Анан Иптах амондуктар менен салгылашканы кетти. Тењир амондуктарды анын колуна салып берди.

33 Иптах аларды талкалады; Аройерден Минитке чейинки жана Абел-Керемимге чейинки жыйырма шаарды катуу талкалады. Амондуктар Ысрайыл уулдарына багынып беришти.

Иптахтын кызы

34 Иптах Миспага, єйєнљ кайтып келе жатканда, алдынан дап кагып бийлеп, кызы чыкты. Ал анын жалгыз кызы эле, андан бљлљк эркек баласы да, кызы да жок болчу.

35 Ал кызын кљргљндљ, кийимин айрып жиберип, мындай деди: «Аттињ ай, кызым! Сен мени азапка салбадыњбы! Менин тынчтыгымды буза тургандардын эсебине сен да кирип калдыњ! Тењирге убада берип койбодум беле, эми андан баш тарта албайм».

36 Кызы ага: «Атаке! Тењирге убада берип койсоњ, Тењир сен аркылуу душмандарыњ амондуктардан љчєњдє алып берип жаткандан кийин, мен жљнєндљ берген убадањды аткар», – деди.

37 Анан дагы атасына: «Сенден бир гана нерсени суранам, мени эки айга коё бер. Тењтуш курбуларым менен тоого чыгып, кыз љмєрємдє жоктоп ыйлап алайын», – деди.

38 Атасы: «Бара кой», – деди. Ал кызын эки айга коё берди. Ал курбу кыздары менен тоого чыгып, кыз љмєрєн жоктоп ыйлады.

39 Эки ай љткљндљн кийин, кыз атасына кайрылып келди. Атасы кызы тууралуу берген убадасын жєзљгљ ашырды, кызы эркек кљргљн жок. Ошондон тартып Ысрайылда мындай салт калды:

40 жыл сайын Ысрайыл кыздары барып, гилаттык Иптахтын кызы єчєн тљрт кєн ыйлашат.

12-БЉЛЄМ

Иптах жана эпрайымдыктар

1 Эпрайымдыктар чогулуп, Сапонго љтєп келишти да, Иптахка: «Эмне єчєн бизди жардамга чакырбай эле, амондуктар менен согушканы кетип калдыњ? Єстєњдљгє єйєњ менен кошо љрттљп жиберебиз», – дешти.

2 Иптах аларга: «Менин, менин элим менен амондуктардын ортосунда чоњ келишпестик бар болчу. Силерди чакыргам, бирок силер мени алардын колунан куткарган жоксуњар.

3 Куткарбасыњарды кљрєп, мен љз љмєрємдє тобокелге салып, амондуктарга каршы бардым. Тењир аларды менин колума салып берди. Силер эми эмнеге мени менен согушканы келдињер?» – деди.

4 Анан Иптах Гилаттын бардык элин топтоп, эпрайымдыктар менен салгылашты. Эпрайымдыктар: «Силер качкын эпрайымдыктарсыњар. Гилат Эпрайымдын да, Менашенин да арасында жашайт», – деп айтышкандыгы єчєн, гилаттыктар аларды кырып салышты.

5 Гилаттыктар Иордандын љткљљлдљрєн эпрайымдыктардан тартып алышты. Аман калган эпрайымдыктардын бири: «Љткљљлдљн љтєп кетєєгљ уруксат эт», – дегенде, гилаттыктар андан: «Сен эпрайымдыктардан болосуњбу?» – деп сурашчу. Тиги: «Жок», – деп жооп берсе,

6 анда гилаттыктар ага: «“Шибболет” деп айт», – дешчє. “Шибболет” деп айта албай, “Сибболет” деп айткан адамды гилаттыктар Иордан љткљљлєндљ љлтєрєп салышчу. Ошентип, эпрайымдыктардан кырк эки мињ адам љлдє.

7 Иптах Ысрайылга алты жыл башкаруучу болду. Гилаттык Иптах кљз жумуп, Гилат шаарларынын бирине коюлду.

Ипсан, Элон, Абдон

8 Андан кийин Ысрайылга Бейт-Лехемден чыккан Ипсан башкаруучу болду.

9 Анын отуз уулу болгон, отуз кызын кєйљљгљ берген, отуз кызды сырттан келин кылып алган. Ал Ысрайылга жети жыл башкаруучу болду.

10 Ипсан кљз жумуп, Бейт-Лехемге коюлду.

11 Андан кийин Ысрайылга забулундук Эйлон башкаруучу болуп, Ысрайылды он жыл башкарды.

12 Забулундук Эйлон да кљз жумуп, забулундуктардын жери Айалонго коюлду.

13 Андан кийин Ысрайылга пиратондук Илейелдин уулу Абдон башкаруучу болду.

14 Анын жетимиш кодикке минген кырк уулу, отуз небереси болгон. Ал Ысрайылды сегиз жыл башкарды.

15 Пиратондук Илейелдин уулу Абдон да кљз жумуп, эпрайымдыктардын жериндеги, амалыктыктардын тоосундагы Пиратонго коюлду.

13-БЉЛЄМ

Шимшондун тљрљлєшє

1 Ысрайыл уулдары кайрадан Тењирдин алдында жаман иштерди кыла башташты. Тењир аларды кырк жылга пелиштиликтердин колуна салып берди.

2 Ошол кезде соралык Манойах деген адам болгон, ал Дан уруусунан эле. Аялынын боюна бєтпљгљндєктљн, балалуу болгон эмес.

3 Тењирдин периштеси анын аялына келип, мындай деди: «Сенин боюња бєткљн жок, бала тљрљгљн жоксуњ, эми боюња бєтєп, уул тљрљйсєњ.

4 Ошондуктан сак бол, шарап да, кєчтєє ичимдик да ичпе, таза эмес нерсе жебе.

5 Анткени сенин боюња бєтєп, уул тљрљйсєњ. Анын башына устара тийбесин, анткени жатында жаткандан баштап эле наристе Кудайдын назири болот. Ал Ысрайылды пелиштиликтердин колунан куткара баштайт».

6 Аял келип, кєйљљсєнљ мындай деди: «Мага кљрєнєшє дањктуу, Кудайдын периштесиндей болгон Кудайдын бир адамы келди, ал абдан коркунучтуу экен. Анын кайдан келгенин сурабай калыптырмын, ал да мага атын айткан жок.

7 Ал мага: “Сенин боюња бєтєп, уул тљрљйсєњ. Ошондуктан шарап да, кєчтєє ичимдик да ичпе, таза эмес нерсе жебе, анткени наристе жатында жаткандан баштап љлгљнгљ чейин Кудайдын назири болот”, – деди».

8 Манойах Тењирге: «Тењир, Сен жљнљткљн Кудайдын адамы бизге дагы бир жолу келип, тљрљлљ турган баланы эмне кылышыбыз керек экенин єйрљтєп кетсин», – деп сыйынды.

9 Кудай Манойахтын єнєн укту. Аялы талаада жєргљндљ, Тењирдин периштеси дагы келди, бирок кєйљљсє Манойах жанында жок эле.

10 Аялы ошол замат жєгєрєп барып, кєйљљсєнљ кабарлады: «Баягыда мага келген адам келди».

11 Манойах ордунан туруп, аялы менен ал адамга келди да, ага: «Бул аял менен сєйлљшкљн адам сенсињби?» – деди. Периште: «Менмин», – деди.

12 Манойах: «Эгерде сенин айтканыњ аткарыла турган болсо, ал баланы кантебиз, эмне кылабыз?» – деди.

13 Тењирдин периштеси Манойахка мындай деди: «Мен сенин аялыња эмнени айтсам, ошонун баарынан сактансын.

14 Жєзємдљн жасалган эч нерсени жебесин, шарап да, кєчтєє ичимдик да ичпесин, таза эмес нерсе жебесин. Мен аялга буйругандын баарын сактасын».

15 Манойах Тењирдин периштесине: «Бир улак союп, сага тамак даярдагыча, кетпей тур», – деди.

16 Тењирдин периштеси Манойахка: «Мени токтотконуњ менен, баары бир тамагыњды жебейм. Эгерде бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык чалгыњ келсе, анда аны Тењирге арнап чал», – деди. Манойах болсо анын Тењирдин периштеси экенин билген жок.

17 Манойах Тењирдин периштесине: «Атыњ ким? Айтканыњ аткарылганда, сени дањктайлы», – деди.

18 Тењирдин периштеси ага: «Менин атымды сурап эмне кыласыњ? Ал керемет!» – деди.

19 Манойах улак менен нан курмандыгын Тењирге арнап, таштын єстєндљ курмандыкка чалды. Тењирдин периштеси керемет кљрсљттє, аны Манойах менен аялы кљрдє.

20 Курмандык чалынган таштын єстєндљгє оттун жалыны асманга кљтљрєлљ баштаганда, Тењирдин периштеси курмандык чалынуучу жайдын єстєндљгє жалын менен кошо асманга кљтљрєлдє. Муну кљргљндљ, Манойах жана аялы жерге жєзтљмљндљп жыгылышты.

21 Тењирдин периштеси Манойахка жана анын аялына кљрєнбљй калды. Ошондо Манойах анын Тењирдин периштеси экенин билди.

22 Анан Манойах аялына: «Биз Кудайды кљрдєк, эми љлљбєз», – деди.

23 Аялы кєйљљсєнљ: «Эгерде Тењир бизди љлтєргєсє келсе, анда биздин колубуздан бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык менен нан курмандыгын кабыл алмак эмес, азыр бизге мунун баарын кљрсљтєп, ачып бермек эмес», – деди.

24 Аялы уул тљрљп, атын Шимшон койду. Наристе чоњоё берди. Тењир ага батасын берип жатты.

25 Сора менен Эштаулдун ортосундагы Дандын станында Тењирдин Руху ал аркылуу иштей баштады.

14-БЉЛЄМ

Шимшон жана пелиштилик аял

1 Шимшон Тимнатага барып, Тимнатадагы Пелишти кыздарынын ичинен бир кызды кљрдє.

2 Ал келип, атасы менен энесине: «Мен Тимнатадагы Пелишти кыздарынын ичинен бир кызды кљрдєм, мага ошол кызды алып бергиле», – деп кабарлады.

3 Атасы менен энеси ага: «Сєннљткљ отургузулбаган пелиштиликтерден аял алганы барам дегидей, бир туугандарыњдын, бєткєл элимдин арасында кыз жок бекен?» – деди. Шимшон атасына: «Ошол кызды алып бер, мен аны жактырып калдым», – деди.

4 Атасы да, энеси да бул Тењирден экенин, ал пелиштиликтерден љч алуунун ыњгайлуу учурун издеп жатканын билишкен жок. Ошол учурда ысрайылдыктарга пелиштиликтер єстљмдєк кылып турган.

5 Анан Шимшон ата-энеси менен Тимнатага жљнљдє. Тимнатанын жєзємзарларына жакын келишкенде, анын алдынан жаш арстан ырылдап чыкты.

6 Шимшондун єстєнљ Тењирдин Руху тєштє, колунда эч нерсе жок болсо да, ал арстанды улактай тытып салды. Ал эмне кылганын атасына да, энесине да айткан жок.

7 Анан ал пелиштилик кызга келип, аны менен сєйлљштє. Кыз Шимшонго жагып калды.

8 Аны алыш єчєн, бир нече кєндљн кийин ал дагы келди. Љзє љлтєргљн арстанды кљргљнє келип, љлєктєн ичинен аарынын уюгу менен балды кљрдє.

9 Ал балдан алып, жол бою жеп жєрєп отурду. Келип, атасы менен энесине берди, алар да жешти, бирок аларга балды арстандын љлєгєнєн ичинен алганын айткан жок.

10 Атасы кыздын єйєнљ келди. Єйлљнгљндљр той бергендей эле, Шимшон да той берди.

11 Ал жердегилер аны кљргљндљ, анын жанында болууга отуз кєйљљ жолдош тандашты.

12 Шимшон аларга: «Мен силерге бир табышмак айтайын. Эгерде силер анын жандырмагын той бєткљнчљ, жети кєндєн ичинде тапсањар, туура тапсањар, мен силерге жука матадан тигилген отуз кљйнљк жана отуз сыйра кийим берем.

13 Эгерде табышмакты жандыра албасањар, анда силер мага жука матадан тигилген отуз кљйнљк, отуз сыйра кийим бергиле», – деди. Алар: «Табышмагыњды айт, угалы», – дешти.

14 Ал аларга: «Жегичтен тамак чыкты, кєчтєєдљн таттуу чыкты», – деп айтты. Алар табышмакты єч кєн бою жандыра алышкан жок.

15 Жетинчи кєнє Шимшондун колуктусуна: «Кєйљљњдє кљндєр, табышмактын жообун айтсын, болбосо сени да, атањдын єйєн да љрттљп жиберебиз. Силер, эмне, бизди тоногону чакырдыњар беле?» – дешти.

16 Аялы Шимшондун алдына келип ыйлап: «Сен мени жек кљрљсєњ, сєйбљйсєњ. Менин элимдин уулдарына табышмак айттыњ, бирок мага жообун айткан жоксуњ», – деди. Ал аялга: «Жандырмагын атама да, энеме да айткан эмесмин, анан сага айтмак белем?» – деди.

17 Той болуп жаткан кєндљрє, жети кєн бою аялы анын алдына келип ыйлай берди. Жанын койбой сурай бергендиктен, акыры, жетинчи кєнє ал аялына табышмактын жандырмагын айтты. Аялы болсо табышмактын жандырмагын љз элинин уулдарына айтып койду.

18 Жетинчи кєнє кєн батар алдында жанагы кишилер келип, ага: «Балдан таттуу, арстандан кєчтєє эмне бар?» – дешти. Шимшон аларга: «Эгерде менин кунаажыным менен кош айдабасањар, табышмагымды таба алмак эмессињер», – деди.

19 Анын єстєнљ Тењирдин Руху тєшєп, ал Ашкелонго жљнљдє. Ал жерден ал отуз кишини љлтєрєп, кийимдерин чечип алып, табышмактын жандырмагын тапкандарга отуз сыйра кийим берди. Ал абдан каарданып, атасынын єйєнљ кетип калды.

20 Шимшондун аялы болсо аны жандап жєргљн кєйљљ жолдошуна тийди.

15-БЉЛЄМ

1 Бир нече кєндљн кийин, оруу-жыюу убагында, Шимшон бир улак алып, аялын кљргљнє келди. «Аялым жаткан бљлмљгљ кирейин», – дегенде, аялдын атасы киргизбей койду.

2 Аялынын атасы: «Сени аялыњды жек кљрєп калды деп ойлоп, мен аны кєйљљ жолдошуња алып берип койдум. Мына, сињдиси андан сулуу, анын ордуна сињдисин ал», – деди.

3 Бирок Шимшон аларга: «Эми пелиштиликтерге жамандык кылсам, кєнљљлєє болбойм», – деди.

4 Шимшон кетти да, єч жєз тєлкє кармап алып, шаманаларды алып, куйрукка куйрукту байлап, ар бир эки куйруктун ортосуна бирден шамана байлап койду.

5 Анан шаманаларды кєйгєзєп, тєлкєлљрдє пелиштиликтердин эгинине коё берди. Боолонгон чљмљлљлљр да, орула элек эгиндер да, жєзємзарлар да, зайтун бактар да љрттљнєп кетти.

6 Пелиштиликтер: «Муну ким кылды?» – дешти. «Тимнатанын кєйљљ баласы Шимшон кылды, анткени анын аялын атасы анын кєйљљ жолдошуна алып берип койгон», – дешти. Ошондо пелиштиликтер жабыла келип, атасын да, кызын да љрттљп жиберишти.

7 Шимшон аларга: «Ушундай кылганыњарга карабастан, мен силерден љч алам, ошондо гана жаным жай алат», – деди да,

8 алардын тизелери менен жамбаштарын талкалап, жљнљп кетти. Ал Эйтам аскасынын капчыгайына барып жатып алды.

Шимшондун пелиштиликтерди жењиши

9 Пелиштиликтер келип, стандары менен Жєйєт жерине, Лехинин жанына жайланышышты.

10 Жєйєт жеринин тургундары: «Эмне єчєн бизге келдињер?» – дешти. Алар: «Биз Шимшонду байлап кетели деп келдик, ал бизге кандай кылса, биз да ага ошондой кылабыз», – дешти.

11 Ошондо жєйєттљрдљн єч мињ адам чыгып, Эйтам аскасынын капчыгайына барып, Шимшонго: «Бизге пелиштиликтер єстљмдєк кылып жатышканын сен билбейсињби? Эмне єчєн мындай кылдыњ?» – дешти. Шимшон аларга: «Алар мага кандай кылса, мен да аларга ошондой кылдым», – деди.

12 Алар ага: «Биз сени байлап, пелиштиликтердин колуна салып берели деп келдик», – дешти. Шимшон аларга: «Љлтєрбљйбєз деп ант бергиле», – деди.

13 Алар ага: «Жок, љлтєрбљйбєз, биз сени байлап, алардын колуна салып беребиз», – дешти. Аны эки жањы жип менен байлашты да, капчыгайдан алып чыгышты.

14 Ал Лехиге жакындаганда, пелиштиликтер кыйкырык менен тосуп алышты. Анын єстєнљ Тењирдин Руху тєштє. Ошондо анын колу байланган жиптер кєйгљн зыгырдай болуп, єзєлєп тєшєп калды.

15 Ал эшектин астынкы жаак сљљгєн таап алды. Аны менен мињ кишини уруп љлтєрдє.

16 «Калыњ топту, эки топту эшектин жаак сљљгє менен љлтєрдєм, эшектин жаак сљљгє менен мињ адамды љлтєрдєм», – деди Шимшон.

17 Ушуну айтып, жаак сљљктє ыргытты да, ал жерди Рамат-Лехи деп атады.

18 Ал аябай суусап, Тењирге жалынып: «Сен кулуња ушул улуу жењишти бердињ. Эми каным катып, сєннљткљ отургузулбагандардын колуна тєшєп љлљмбє?» – деди.

19 Ошондо Тењир Лехиден булак чыгарды. Ал суусунун кандырганда, кєч-кубат алып, жанданып калды. Ошондон улам бул жер «Чакыргандын булагы» деп аталып калды, ал Лехиде ушул кєнгљ чейин бар.

20 Ал пелиштиликтердин убагында Ысрайылга жыйырма жыл башкаруучу болду.

16-БЉЛЄМ

Шимшон Азада

1 Бир кєнє Шимшон Азага келип, ал жерден бир бузулган аялды кљрєп, анын єстєнљ кирди.

2 Азанын тургундарына: «Бул жерге Шимшон келди», – деп айтышты. Алар ал турган жерди тегеректеп, аны тєнє бою шаардын дарбазасынын алдында ањдышты. «Тањ атканга чейин кєтєп, анан љлтєрљбєз», – деп, тєнє бою жашынып жатышты.

3 Шимшон болсо тєн жарымына чейин жатып, тєн ортосунда туруп, дарбазаны кашектери менен кошо чыгарып, кулпусу менен кљтљрєп жонуна салды да, Хебронго кетчє жолдогу тоонун чокусуна алып чыгып кетти.

Шимшон менен Делила

4 Ошондон кийин ал Сорек љрљљнєндљ жашаган бир аялды сєйєп калды, анын аты Делила эле.

5 Аялга пелиштиликтердин тљрљлљрє келип: «Аны кљндєр, анын зор кєчє эмнеде экенин, аны биз кантип жење ала турганыбызды астыртан бил, биз аны байлап, багынтып алалы. Бул кызматыњ єчєн ар бирибиз сага бир мињ бир жєз шекелден кємєш берели», – дешти.

6 Делила Шимшондон: «Айтчы мага, сенин зор кєчєњ эмнеде, сени багынтыш єчєн, эмне менен байласа болот?» – деп сурады.

7 Шимшон ага: «Эгерде мени кургатылбаган жети жаанын жиби менен байласа, кєчєм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.

8 Пелиштиликтердин тљрљлљрє аялга кургатылбаган жети жаанын жибин алып келип беришти. Аял жаанын жиби менен аны байлап салды.

9 (Ошол учурда аялдын уктоочу бљлмљсєндљ пелиштиликтердин бири жашынып отурган). Аял ага: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат!» – деди. Ошондо ал жаанын жиптерин єзєп жиберди, алар кендирдин бир жиби от тийгенде єзєлгљндљй єзєлдє. Ошентип, анын кєчє эмнеде экени билинген жок.

10 Делила Шимшонго: «Сен мени алдап койгон турбайсыњбы, мага калп айткан турбайсыњбы. Айтчы, сени эмне менен байласа болот?» – деди.

11 Ал аялга: «Эгерде мени урунула элек жањы жип менен байласа, кєчєм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.

12 Делила аны жањы жип менен байлап: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат! (Ошол учурда аялдын уктоочу бљлмљсєндљ бирљљ жашынып отурган)» – деди. Ал колдору байланган жипти чарык жипти єзгљндљй эле єзєп салды.

13 Ошондо Делила Шимшонго: «Мени алдап, дагы калп айтып койгон турбайсыњбы. Айтчы, сени эмне менен байласа болот?» – деди. Ал аялга: «Эгерде башымдагы жети љрєм чачымды кездеме кошуп љрєп, аны кездеме соккон аркакка мык менен кагып койсоњ, кєчєм кетип, кадимки эле адамдардай болуп калам», – деди.

14 Аял кездеме соккон аркакты жерге казык менен кагып: «Шимшон! Сага каршы пелиштиликтер келе жатышат!» – деди. Ал уйкусунан ойгонуп, казыкты, кездеме соккон аркакты кездемеси менен кошо сууруп алды.

15 Ошондо Делила ага: «Сен мага: “Сени сєйљм”, – деп, кантип айтып жатасыњ? Сенин жєрљгєњ мени менен эмес турбайбы. Мени єч жолу алдадыњ, зор кєчєњ эмнеде экенин айткан жоксуњ», – деди.

16 Аял кєн сайын аны кыйнап, жанын койбой койгондуктан, ал абдан кыйналып, чыдай албай кетти.

17 Ошондо ал жєрљгєндљгєсєнєн баарын аялга ачып берди: «Менин башыма устара тийген эмес, анткени мен энемдин ичинде жаткандан тартып эле Кудайдын назиримин. Эгерде менин чачымды кырып салса, кєчєм кетип, алдан тайып, кадимки эле адамдардай болуп калам».

18 Делила Шимшондун жєрљгєндљгєсєнєн баарын ачып бергенин кљрєп, киши жљнљтєп, пелиштиликтердин тљрљлљрєнљ: «Эми келгиле, ал мага жєрљгєндљгєнєн баарын ачып берди», – деп айттырды. Пелиштиликтердин тљрљлљрє кємєштљрєн колдоруна кљтљрєп, аялга келишти.

19 Аял Шимшонду тизесине уктатып, бир кишини чакыртып, башындагы жети љрєм чачын кырдырды. Ошондо анын кєчє кете баштады, акыры ал кєчтљн ажырады.

20 Аял: «Шимшон, пелиштиликтер сага каршы келе жатышат!» – деди. Ал уйкусунан ойгонуп: «Мурдагыдай эле кутулуп кетем», – деп ойлоду. Ал Тењир таштап койгонун билген жок.

21 Пелиштиликтер аны кармап алып, кљзєн оюп, Азага алып келишти да, эки жез чынжыр менен кишендеп салышты. Ал туткундар жаткан жайда тегирмен тартып жатты.

22 Ошол арада анын башындагы чачы љсљ баштады.

Шимшондун љлємє

23 Пелиштиликтердин тљрљлљрє љз кудайы Дагонго чоњ курмандык чалуу єчєн жана кљњєл ачуу єчєн чогулушту. Алар: «Биздин кудайыбыз душманыбыз Шимшонду колубузга салып берди», – дешти.

24 Жалпы эл да Шимшонду кљрєп, љз кудайын дањктап: «Жерибизди кыйраткан, кљбєбєздє љлтєргљн душманыбызды кудайыбыз колубузга салып берди», – деди.

25 Кљњєлдљрє ачылганда, алар: «Шимшонду алып келгиле, ал бизге тамаша койсун», – дешти. Шимшонду туткундар жаткан жайдан алдырып келишти. Ал аларга тамаша койду. Анан алар аны эки тирљљчтєн ортосуна коюшту.

26 Шимшон аны колунан жетелеп келген жаш жигитке: «Yйдє кармап турган тирљљчтљрдєн жанына алып барчы, сыйпалап кљрєп, жљлљнєп турайын», – деди.

27 Yй толо эркек менен аял эле. Ал жерде пелиштиликтердин бардык тљрљлљрє отурган, єйдєн тљбљсєнљ єч мињге жакын эркек-аял чогулуп, тамаша коюп жаткан Шимшонду карап турушкан.

28 Ошондо Шимшон Тењирге жалынып: «Кудай-Тењирим! Мени эсте, оо Кудайым, мага дагы бир жолу кєч бере кљр! Эки кљзємдєн куну єчєн пелиштиликтерден бир дем менен љч алайын!» – деди.

29 Анан єйдє кармап турган эки ортоњку тирљљчтєн бирине оњ колу менен, бирине сол колу менен таянып турду да, аларды ордунан жылдырып жиберди.

30 Анан Шимшон: «Пелиштиликтер менен бирге љлљйєн!» – деди. Бардык кєчє менен чиренип туруп тєрттє эле, єй кулап, тљрљлљрдє, андагы элдин баарын басып калды. Шимшон љлљр алдында љлтєргљн адамдардын саны анын буга чейин љлтєргљн адамдарынын санынан кљп болду.

31 Бир туугандары менен атасынын бєт єй-бєлљсє келип, аны алып кетишти да, Сора менен Эштаулдун ортосундагы атасы Манойахтын мєрзљсєнљ коюшту. Ал Ысрайылга жыйырма жыл башкаруучу болгон.

17-БЉЛЄМ

Миханын буркандары

1 Эпрайым тоосунда Миха деген бир адам болгон.

2 Ал энесине: «Сенин бир мињ бир жєз шекел кємєшєњдє алып кетишкенде, сен менин кљзємчљ каргыш айткансыњ. Ошол кємєш менде. Аны мен алгам», – деди. Энеси: «Уулумду Тењир жалгасын!» – деди.

3 Анан ал энесине бир мињ бир жєз шекел кємєштє кайрып берди. Энеси: «Бул кємєштљрдє Тењирге арнадым. Мен буларды сага берем, сен булардан жасалма кудай, буркан жаса», – деди.

4 Бирок ал кємєштљрдє энесине кайра кайрып берди. Энеси эки жєз шекел кємєштє алып, кємєш эритєєчє устага берди. Ал андан жасалма кудай, буркан куйду, ал буркан Миханын єйєнљ коюлду.

5 Миханын бутканасы бар эле. Ал эфод жана терафим жасатып, балдарынын бирин љзєнљ ыйык кызмат кылуучу кылып алды.

6 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ар ким љзє туура кљргљндє кылчу.

7 Ошол учурда ошол жерде бир леби жигит жашачу, ал Жєйєттєн Бейт-Лехеминен эле. Ал Жєйєт уруусунун арасында жашачу.

8 Ал жигит Жєйєттєн Бейт-Лехем шаарынан чыгып, ар кайсы жерде жашап жєрдє. Жер кезип жєрєп, Эпрайым тоосундагы Миханын єйєнљ туш болду.

9 Ошондо Миха андан: «Кайдан келе жатасыњ?» – деп сурады. Ал ага: «Мен лебимин, Жєйєттєн Бейт-Лехеминен келе жатам, жашаганга жер издеп жєрљм», – деди.

10 Миха ага: «Меникинде кал, мага ата жана ыйык кызмат кылуучу бол. Мен сага жылына он кємєш шекел тљлљп турам, кийген кийимињ, ичкен тамагыњ менден болот», – деди.

11 Леби ал кишиникинде калууга макул болду. Ал ага уулдарынын бириндей эле болуп калды.

12 Миха лебини ыйык кызмат кылуучу кылып дайындады. Ал жигит анын ыйык кызмат кылуучусу болуп, анын єйєндљ жашап калды.

13 Ошондо Миха: «Эми Тењир мага жакшылык кыларын билем, анткени менин ыйык кызмат кылуучум леби болду», – деди.

18-БЉЛЄМ

Миха жана Дан уруусу

1 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ошол убакта Дан уруусу отурукташууга жер издеп жєргљн, анткени ошол кєнгљ чейин Ысрайыл урууларынын ичинен аларга єлєш тие элек эле.

2 Жер чалып, жерди кљрєп келиш єчєн, Дан уулдары љз уруусунан, Сора менен Эштаулдан беш эр жєрљк кишини: «Баргыла, жер чалып келгиле», – деп жиберишти. Алар Эпрайым тоосундагы Миханын єйєнљ келип, тєнљп калышты.

3 Миханын єйєнєн жанында жєргљн алар жаш лебинин єнєн таанып, єйгљ кирип: «Сени бул жерге ким алып келди? Бул жерде эмне кылып жатасыњ, эмне єчєн бул жерде жєрљсєњ?» – деп сурашты.

4 Ал аларга: «Миха мага муну-тигини кылды, мени жалдады, мен анын ыйык кызмат кылуучусу болуп калдым», – деп жооп берди.

5 Алар ага: «Биз алган багытта жолубуз болобу, Кудайдан сурачы, билип алалы», – дешти.

6 Ыйык кызмат кылуучу аларга: «Тынчтык менен бара бергиле, силер бара жаткан жол Тењирдин алдында», – деди.

7 Ал беш киши жєрєп отуруп, Лаишке келди. Ал жерден сидондуктарга окшоп тынч, бейкапар, эч нерседен кам санабай жашап жаткан элди кљрдє. Ал жерде ыза кылып кордоо деген, єстљмдєк кылуу деген жок эле. Алар сидондуктардан алыс жашап, эч ким менен эч кандай иштери жок эле.

8 Анан алар Сора менен Эштаулга, љз бир туугандарына кайтып келишти. Бир туугандары алардан: «Кандай кабар менен келдињер?» – деп сурашты.

9 Алар: «Биз ал жерди кљрдєк, ал укмуштай сонун жер экен. Жєргєлљ, ал жерди басып алалы. Ойлонуп турбагыла, тезирээк баралы да, ал жерди энчибизге алалы.

10 Барганда, эч нерседен кам санабай жаткан элди кљрљсєњљр. Ал жер љтљ кенен, аны Кудай колуњарга берип жатат. Ал жер эч нерседен кем эмес жер экен», – дешти.

11 Ошондо Дан уруусунан алты жєз эркек курал-жарак асынып, Сора менен Эштаулдан жљнљп кетти.

12 Алар Жєйєт жериндеги Кирийат-Жейаримге жетип, станы менен туруп калышты. Ошондуктан Кирийат-Жейаримдин батыш тарабындагы ал жерди бєгєнкє кєнгљ чейин «Дан станы турган жер» деп аташат.

13 Ал жерден алар Эпрайым тоосуна бет алып, Миханын єйєнљ келишти.

14 Лаиш жерин кљрєєгљ барган жанагы беш киши љз бир туугандарына: «Бул єйлљрдєн биринде эфод, терафим, жасалма кудай жана куюлуп жасалган буркан бар экенин билесињерби? Демек, эмне кылуу керек экендигин ойлонгула», – дешти.

15 Алар жаш лебинин єйєнљ, Миханын єйєнљ киришип, анын ал-жайын сурашты.

16 Ал эми Дан уулдарынын курал-жарак асынган алты жєз кишиси дарбазанын жанында турду.

17 Жер чалганы барган беш киши єйгљ кирип, жасалма кудайды, эфодду, терафимди, куюлуп жасалган бурканды тартып алды. Ыйык кызмат кылуучу курал-жаракчан алты жєз киши менен дарбазанын жанында турган.

18 Алар Миханын єйєнљ кирип, жасалма кудайды, эфодду, терафимди жана куюлуп жасалган бурканды алып жатышканда, ыйык кызмат кылуучу алардан: «Эмне кылып жатасыњар?» – деп сурады.

19 Алар ага: «Yнєњдє чыгарбай, колуњ менен оозуњду басып, биз менен жєр. Бизге ата жана ыйык кызмат кылуучу бол. Бир кишинин єйєндљ ыйык кызмат кылуучу болгонуњ жакшыбы же бєт Ысрайыл урууларына ыйык кызмат кылуучу болгонуњ жакшыбы?» – дешти.

20 Ыйык кызмат кылуучу кубанып, эфодду, терафимди жана бурканды алып, алар менен жљнљдє.

21 Алар жолго чыгышты, аялдар менен балдарды, малды, оор жєктљрдє алдыга коё беришти.

22 Алар Миханын єйєнљн узап кетишкенден кийин, Миханын кошуналары чогулуп, Дан уулдарынын артынан тєшєштє.

23 Алар Дан уулдарына кыйкырышты. Дан уулдары кайрылып, Михага: «Сага эмне керек, эмне кыйкырасыњ?» – дешти.

24 Миха аларга: «Жасаткан кудайларымды да, ыйык кызмат кылуучумду да алып кеттињер. Мага эч нерсе калтырган жоксуњар! “Сага эмне керек?” – деп, кантип айтып жатасыњар?» – деди.

25 Дан уулдары ага: «Унчукпа, єнєњдє укпайлы, болбосо арабыздагы кээ бирљљлљр ачууланып, силерге кол салышат. Љзєњдє да, єй-бєлљњдє да мерт кылып аласыњ», – дешти.

26 Дан уулдары љз жолдору менен кете беришти. Миха алардын кєчтєє экенин кљрєп, артына кайрылып єйєнљ келди.

27 Дан уулдары болсо Миха жасагандарды жана анын ыйык кызмат кылуучусун алып кетишти. Алар Лаиште бейкапар, тынч жашаган элге каршы барып, аларды кылыч мизине алып, шаарына от коюп, љрттљп жиберишти.

28 Жардам берер эч ким болгон жок, анткени алар Сидондон алыс жашашчу, эч ким менен иштери жок болчу. Бул шаар Бейт-Рекоптун жанындагы љрљљндљ жайгашкан. Дан уулдары шаарды кайра куруп, ошол шаарга отурукташышты.

29 Шаарга Ысрайыл уулу Дан уруусунун атасынын атынан «Дан» деген ат коюшту. Шаардын мурдагы аты Лаиш болчу.

30 Дан уулдары љздљрєнљ бурканды коюп алышты. Ал жерде жашоочулар туткундалып кеткенге чейин, Менашенин уулу Гейиршомдун уулу Жонатан жана анын уулдары Дан уруусуна ыйык кызмат кылуучу болушту.

31 Кудайдын жыйын чатыры Шилодо турган убакыт аралыгында алар Миха жасаган ошол бурканга табынышкан.

19-БЉЛЄМ

Леби жана анын кєњ аялы

1 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ошол убакта Эпрайым тоосунун этегинде бир леби жашачу. Ал Жєйєт жеринин Бейт-Лехеминен кєњ аял алды.

2 Кєњ аял аны менен чатакташып, Жєйєт жеринин Бейт-Лехеминдеги љз атасынын єйєнљ кетип калып, тљрт ай ошол жерде болду.

3 Кєйљљсє кулун жана эки эшегин алды да, кљњєлєн таап сєйлљшєп, кайра алып келиш єчєн, аялынын артынан барды. Аял аны љз атасынын єйєнљ алып кирди.

4 Жаш аялдын атасы аны кљргљндљ, кубаныч менен тосуп алды. Кайын атасы, жаш аялдын атасы, аны кетирбей алып калды. Ал аныкында єч кєн болду. Алар ичип-жеп, ошол жерде тєнљп калышты.

5 Тљртєнчє кєнє алар эртењ менен эрте турушту, ал туруп, жљнљмљкчє болду. Жаш аялдын атасы кєйљљ баласына: «Бир кесим нан жеп, кубаттанып ал, анан жљнљйсєњљр», – деди.

6 Алар калып калышты. Экљљ дагы ичип-жешти. Жаш аялдын атасы ага: «Дагы бир тєнгљ калып, кљњєлєњдє ач», – деди.

7 Ал туруп, жљнљмљкчє болгондо, кайын атасы сурангандыктан, аныкында дагы тєнљп калды.

8 Бешинчи кєнє ал эртењ менен эрте туруп, кетмей болду. Жаш аялдын атасы: «Нан жеп кубаттанып ал, кєн батканча коё тургула», – деди. Экљљ дагы ичип-жешти.

9 Ал киши аялы, кулу менен кетєєгљ камынып, ордунан турду. Кайын атасы, жаш аялдын атасы, ага дагы: «Кєн кечтеп кетти, конуп алгыла! Кєн батканы калды, тєнљп кет, кљњєл ач. Эртењ эртерээк туруп, жолго чыккыла», – деди.

10 Бирок кєйљљ баласы тєнљљгљ макул болбой, жолго чыгып, Жебуска, азыркы Иерусалимге келди. Ал жєк артылган эки эшеги, аялы менен келди.

11 Алар Жебуска жеткени калганда, кєн батып калган эле. Ошондо малайы мырзасына: «Жебустуктардын ушул шаарына кирип тєнљп кетели», – деди.

12 Мырзасы малайына: «Жок, башка уруунун шаарына кирбейбиз, алар Ысрайылдын урууларынан эмес, Гибага жетели», – деди.

13 Анан кулуна: «Гибага же Рамага жетип конобуз», – деди.

14 Алар Бенжеминдин Гиба шаарына жетишкенде, кєн батты.

15 Алар Гибага тєнљп алыш єчєн, ошол тарапка бурулушту. Ал шаарга кирип, кљчљгљ отурду, бирок эч ким єйєнљ тєнљп кетєєгљ чакырган жок.

16 Кечинде бир абышка талаа жумушунан єйєнљ кайтып келе жаткан. Ал Эпрайым тоосунан эле, бирок Гибада жашачу. Гибанын тургундары Бенжемин уулдарынан болчу.

17 Абышка башын кљтљрєп, шаардын кљчљсєндљ келаткан жолоочуну кљрєп: «Кайда баратасыњ? Кайдан келдињ?» – деп сурады.

18 Ал абышкага: «Биз Жєйєттєн Бейт-Лехеминен келе жатабыз, азыр љз жериме, Эпрайым тоосуна баратабыз. Жєйєттєн Бейт-Лехемине баргам, азыр Тењир єйєнљ баратам. Эч ким єйєнљ тєнљп кетєєгљ чакырган жок.

19 Эшектерибиздин саманы да, жеми да бар. Ошондой эле кулдарыњдын: менин, кєњєњдєн, кулумдун жээр наны, ичээр шарабы да бар. Эч нерседен кем эмеспиз», – деп жооп берди.

20 Абышка ага: «Кам санаба! Сенин кем-карчыњ менин мойнумда болсун. Кљчљгљ тєнљбљсљњ эле болду», – деди.

21 Анан ал аны љз єйєнљ алып келип, эшектерине жем берип, жайланыштырды. Алар буттарын жуушту, ичип-жешти.

22 Алар кљњєл ачып жатканда, шаардагы бузулган адамдар єйдє курчап алышып, эшикти каккылап, єйдєн ээсине, абышкага: «Yйєњљ кирген адамды сыртка чыгар, биз ага жакындайбыз», – дешти.

23 Yйдєн ээси сыртка чыгып, аларга мындай деди: «Жок, туугандарым, жамандык кылбагыла. Бул адам – менин єйємљ келген конок, мындай жийиркеничтєє ишке барбагыла.

24 Yйємдљ бойго жеткен кызым бар, мунун кєњ аялы бар. Аларды алып чыгайын, аларга эмне кылгыњар келсе, ошону кылгыла, бирок бул кишиге мындай кылбагыла, мындай жийиркеничтєє ишке барбагыла».

25 Бирок алар аны уккусу келишкен жок. Ошондо кєйљљсє кєњ аялын жетелеп, кљчљгљ чыгарып берди. Алар аны зордуктап, тєнє бою, тањ аткыча кордоп чыгышты. Аны жерге жарык киргенде коё беришти.

26 Аял тањ атарда келип, мырзасы тєнљгљн єйдєн эшигине жетип жыгылып, тањ аткыча жатты.

27 Мырзасы эртењ менен туруп, эшикти ачып, жолго чыгыш єчєн сыртка чыкты. Кєњ аялы болсо босогону кучактап, эшиктин алдында жатыптыр.

28 Ал аялына: «Тур, жљнљйлє», – деди. Бирок жооп болгон жок, себеби ал љлєп калган эле. Ал ордунан туруп, аялды эшекке артып, љз єйєнљ жљнљдє.

29 Ал љз єйєнљ келип, бычак алып, кєњ аялын кескилеп, он эки мєчљгљ бљлдє да, Ысрайылдын бардык жерине жљнљттє.

30 Кљргљндљрдєн баары: «Ысрайыл уулдары Мисирден чыккан кєндљн бєгєнкє кєнгљ чейин мындай болгон эмес, мындайды кљргљн да эмеспиз. Буга кљњєл бургула, акылдашып кљрєп, анан айткыла», – дешти.

20-БЉЛЄМ

Элдин Бенжемин уруусун жазалоо тууралуу чечими

1 Дандан Бейер-Шебага чейинки аймактарда жана Гилат жеринде жашаган Ысрайылдын бардык уулдары, бєт жамаат Тењирдин алдына, Миспага бир кишидей чогулушту.

2 Бардык эл башчылары, Ысрайылдын бардык уруулары, кылычын кынынан сууруган тљрт жєз мињ жљљ аскер Кудайдын элинин чогулушуна келишти.

3 Бенжемин уулдары Ысрайыл уулдарынын Миспага келгенин угушту. Ысрайыл уулдары: «Айткыла, бул жаман иш кандайча болду?» – деп сурашты.

4 Љлгљн аялдын кєйљљсє, леби мындай деп жооп берди: «Мен кєњ аялым менен Бенжеминдин Гиба шаарына тєнљгљнє келген элем.

5 Ошондо Гибанын тургундары мага каршы кљтљрєлєп, мен тєнљгљн єйдє тєн ичинде курчап калышты. Алар мени љлтєргєсє келишкен эле. Алар менин кєњ аялымды кордошту, ал љлєп калды.

6 Мен кєњ аялымды алып барып, кескилеп, Ысрайылга караштуу бардык дубандарга жљнљттєм. Анткени алар Ысрайылда мыйзамсыз, жийиркеничтєє иш кылышты.

7 Ысрайыл уулдары, бардыгыњар ушул жерде турасыњар, бул ишти талдап, ушул жерде чечкиле».

8 Ошондо бєт эл бир кишидей мындай деди: «Эч кимибиз љз чатырларыбызга барбайбыз, љз єйлљрєбєзгљ кайтпайбыз.

9 Гиба єчєн љкчљмљ таш ыргытабыз.

10 Ысрайылдын ар бир уруусунан: жєз кишиден он, мињден жєз, тємљндљн мињ кишини чыгарып жљнљтљбєз. Алар Бенжеминдин Гибасын Ысрайылда кылган жийиркеничтєє иши єчєн жазалаганы бара турган элге азык алып барышат».

11 Ошондо бардык ысрайылдыктар бул шаарга каршы бир кишидей топтолушту да,

12 Бенжемин уруусуна чабармандарды жљнљтєп, мындай деп айттырышты: «Кандай жийиркеничтєє иш кылгансыњар!

13 Гибадагы бузулган адамдарды чыгарып бергиле, биз аларды љлтєрєп, Ысрайылдагы жамандыкты тєп-тамыры менен жок кылабыз». Бирок Бенжемин уулдары бир туугандарынын, Ысрайыл уулдарынын, єнєн уккулары келген жок.

14 Анан Бенжемин уулдары Ысрайыл уулдары менен согушуу єчєн, љздљрє жашаган шаарлардан чыгып, Гибага топтолушту.

15 Ошол кєнє љздљрє жашаган шаарлардан чыгып, Гибага чогулуп, кылычын кынынан сууруган Бенжемин уулдары жыйырма алты мињ киши болду. Булардан тышкары, Гибанын љзєнљн жети жєз тандалган жоокер эсепке кирди.

16 Бул элдин ичинен тандалган жети жєз киши сологой болгон. Алар салмоордон таш ыргытканда таамай тийгизген жоокерлер болчу.

17 Бенжемин уулдарын кошпогондо, ысрайылдыктардын кылычын кынынан сууруган жоокерлеринин саны тљрт жєз мињ болчу. Мунун баары согушка жљндљмдєє адамдар эле.

Бенжеминге каршы согуш

18 Алар туруп, Бейтелге барышты. Ысрайыл уулдары Кудайдан: «Бенжемин уулдарына каршы согушту биздин арабыздан биринчи ким башташы керек?» – деп сурашты. Тењир аларга: «Жєйєт баштайт», – деди.

19 Ысрайыл уулдары эрте туруп, стандары менен Гибанын жанына жайгашышты.

20 Бенжемин уулдары менен согушуу єчєн, Ысрайыл уулдары тизилип, Гибанын алдында турушту.

21 Бенжемин уулдары Гибадан чыгышты. Алар ошол кєнкє салгылашта жыйырма эки мињ ысрайылдыкты сулатышты.

22 Бирок Ысрайыл эли кайраттанып, кечээги турган жерине кайра тизилип турду.

23 Ысрайыл уулдары кечке чейин Тењирдин алдында ыйлап, Кудайдан: «Бир туугандарыбыз Бенжемин уулдарына каршы барсак болобу?» – деп сурашты. Тењир аларга: «Баргыла», – деди.

24 Экинчи кєнє Ысрайыл уулдары Бенжемин уулдарына жакындап барышты.

25 Бенжемин уулдары аларга каршы экинчи кєнє да жапырт чыгып, кылыч кљтљргљн Ысрайыл уулдарынан дагы он сегиз мињ адамды жерге сулатышты.

26 Ошондо бєт Ысрайыл уулдары менен бєт эл Бейтелге келип, ошол жерде отуруп алып, Тењирдин алдында ыйлашты, кечке чейин орозо кармашты. Тењирге арнап бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалышты.

27 Анан Ысрайыл уулдары Тењирдин эркин сурашты (ошол учурда Кудайдын келишим сандыгы ошол жерде эле,

28 Арундун уулу, Элазардын уулу Пинкас анын алдында кызмат кылчу). Алар: «Бир туугандарыбыз Бенжемин уулдарына каршы барсак болобу?» – деп сурашты. Тењир аларга: «Баргыла, эртењ Мен аларды силердин колуњарга салып берем», – деди.

29 Ысрайылдыктар Гибанын тегерегине буктурма коюшту.

30 Ысрайыл уулдары Бенжемин уулдарына каршы єчєнчє кєнє да бет алышты. Алар мурдагыдай эле Гибанын алдында тизилип турушту.

31 Бенжемин уулдары шаардан чыгып, аларга каршы бет алышты. Аларды мурдагыдай эле Бейтелге кетчє жолдо жана талаа менен Гибага кетчє жолдо кырып салышты. Ысрайылдыктардан отузга жакын адам љлдє.

32 Ошондо Бенжемин уулдары: «Алар мурдагыдай эле алдыбызда сулап жатышат», – дешти. Ысрайыл уулдары болсо: «Булардан качалы да, шаарынан алыстатып, алагды кылып, жолго алып чыгалы», – дешти.

33 Бардык ысрайылдыктар орундарынан туруп, Баал-Тамарга тизилишти. Ошондо буктурмадагы ысрайылдыктар чыга калып, Гибанын батыш тарабынан кол салышты.

34 Ысрайылдын тандалган он мињ жоокери Гибанын алдына келди, ошондо катуу салгылаш болду. Бенжемин уулдары баштарына мєшкєл тєшљрєн билишкен жок.

35 Тењир Бенжемин уулдарын ысрайылдыктардын алдында талкалады. Ошол кєнє ысрайылдыктар кылычын кынынан сууруган Бенжемин уулдарынан жыйырма беш мињ бир жєз адамды сулатышты.

Бенжемин уулдарынын жењилиши

36 Бенжемин уулдары љздљрєнєн жењилип калганын кљрєштє. Ысрайылдыктар аларга жол бошотуп беришти, анткени алар Гибадагы љздљрє койгон буктурмага ишеништи.

37 Буктурмадагылар болсо Гибага шашылыш кирип, бєт шаарды кылычтап кырды.

38 Шарттуу белги беребиз деп, ысрайылдыктар буктурмада жаткандар менен сєйлљшєп алышкан, шаардан тєтєн кљтљрєлгљндљ, алар кол салышмак.

39 Ошентип, ысрайылдыктар согуш талаасынан чегине бергенде, Бенжемин уулдары кол салып, ысрайылдыктардын отузга жакын адамын љлтєрєштє да: «Булар мурдагы салгылаштардагыдай эле алдыбызда сулап жатышат», – дешти.

40 Ошол учурда шаардан тєтєн кљтљрєлдє. Бенжемин уулдары артын карашса, бєт шаарды тєтєн каптап, тєтєн асманга кљтљрєлєп жатыптыр.

41 Ысрайылдыктар кайра артка кайрылышты, Бенжемин уулдары эмне кыларын билбей калышты, анткени баштарына мєшкєл тєшкљнєн кљрєштє.

42 Ошондо алар ысрайылдыктардан качып, чљлгљ карай кеткен жолго тєшєштє, бирок качып кутула алышкан жок, шаарлардан чыккан ысрайылдыктар аларды љлтєрєштє.

43 Алар Бенжемин уулдарын курчап, Гибанын чыгыш тарабындагы Менухага чейин кууп барышты.

44 Бенжемин уулдарынын он сегиз мињ эр жєрљк адамы љлдє.

45 Калгандары чљлдљгє Римон аскасына качышты. Ысрайылдыктар жол бою дагы беш мињ адамды кырышты. Алардын артынан Гидомго чейин кууп барып, алардын эки мињ адамын љлтєрєштє.

46 Бенжемин уулдарынан ошол кєнє бардыгы болуп кылычын кынынан сууруган жыйырма беш мињ жоокер кырылды, алардын бардыгы эр жєрљк адамдар эле.

47 Аман калган алты жєз адам чљлгљ качып, Римон аскасына жашынды. Алар таштуу Римон тоосуна тљрт ай корголошту.

48 Ысрайылдыктар болсо Бенжемин уулдарына кайра кайрылып келишип, кылычтап кырышты да, шаардагы адам дебей, мал дебей, жолунан чыккандын бардыгын кырып, шаарларды љрттљп жиберишти.

21-БЉЛЄМ

Бенжемин уруусунун кийинки тагдыры

1 Ысрайылдыктар Миспада: «Эч кимибиз Бенжемин уулдарына кыз бербейбиз», – деп ант беришти.

2 Эл Бейтелге келип, ошол жерде кечке чейин Кудайдын алдында отуруп алып, љкєрєп ыйлады.

3 Алар мындай дешти: «Оо ысрайылдыктардын Кудай-Тењири! Эмне єчєн Ысрайылда ушундай болду? Эми анын бир уруусу жок болду!»

4 Эл эртеси эртењ менен эрте туруп, ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, Тењирге арнап бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарды, тынчтык курмандыктарын чалды.

5 Ысрайыл уулдары: «Тењирдин алдына Ысрайыл урууларынын ичинен ким келбей калды?» – дешти. Анткени «Миспага, Тењирдин алдына келбей калган адам љлєм жазасына тартылат» деген катуу каргыш айтылган эле.

6 Ысрайыл уулдары бир туугандары Бенжемин уулдарына боор ооруп, мындай дешти: «Азыр Ысрайылдын бир уруусу кесилип ташталды.

7 Тирєє калгандарга кайдан аял алып беребиз? Аларга кыз бербейбиз деп, Тењирдин алдында ант бербедик беле?»

8 Алар дагы: «Миспага, Тењирдин алдына Ысрайыл урууларынын ичинен ким келбей калды?» – дешти. Тењирдин алдына, станга Гилаттын Жабешинен эч ким келбептир.

9 Алар келген элди кыдырып кљрєшкљндљ, Гилаттын Жабешинин тургундарынан эч ким келбептир.

10 Жамаат он эки мињ эр жєрљк жигитке мындай буйрук берип жљнљттє: «Баргыла, Гилаттын Жабешинин тургундарын аял дебей, бала дебей, кылычтап кыргыла.

11 Дагы мындай кылгыла: бардык эркектерин, эркек кљргљн бардык аялдарын кырып салгыла».

12 Ошондо алар Гилаттын Жабешинин тургундарынын ичинен эркек кљрљ элек тљрт жєз кызды таап, Канаан жериндеги Шило станына алып келишти.

13 Анан бєт жамаат Римон аскасындагы Бенжемин уулдары менен сєйлљшєєгљ чабарман жљнљтєп, аларга тынчтык жарыялады.

14 Ошондо Бенжемин уулдары кайрылып келишти. Гилаттын Жабешиндеги љздљрє аман калтырган кыздарды аларга аялдыкка беришти, бирок бул жетишсиз болуп калды.

15 Тењир Ысрайыл урууларына жарака кетиргендиктен, Бенжемин уулдарына элдин боору ооруду.

16 Жамааттын аксакалдары: «Калгандарына аялды кайдан табабыз? Анткени Бенжемин уулдарынын кыз-келиндери тєгљл кырылган», – дешти.

17 Алар дагы мындай дешти: «Ысрайылдын бир уруусу жоюлуп кетпеш єчєн, мураска калган жер тирєє калган Бенжемин уулдарына калсын.

18 Бирок кыздарыбызды аларга аялдыкка бере албайбыз, анткени Ысрайыл уулдары: “Бенжемин уулдарына кыз бергендер каргышка калсын!” – деп ант беришкен».

19 Алар дагы: «Бейтелден тєндєккљ жана Бейтелден Шекемге кетєєчє жолдон чыгышка, Лебондон тєштєккљ карай кеткен жердеги Шилодо Тењирдин жыл сайын љткљрєлєєчє майрамы болот», – дешти.

20 Анан алар Бенжемин уулдарына мындай деп буйрук кылышты: «Барып, жєзємзардын арасына жашынып, карап тургула.

21 Шилолук кыздар бийлегени чыгышканда, жєзємзардан чыга калгыла да, шилолук кыздардан ар кимињ бирден кызды ала качып, аларды Бенжемин жерине алып кеткиле.

22 Алардын аталары же бир туугандары бизге даттанып келишсе: “Алар єчєн бизди кечирип койгула, биз алардын ар бирине согуштан аял ала келген жокпуз, силер да аларга кыздарыњарды берген жоксуњар. Берсењер, кєнљљлєє болуп калмаксыњар”, – деп айтабыз».

23 Бенжемин уулдары так ошондой кылышты, љздљрєнєн санына жараша оюн-шоокко келген кыздардан бирден ала качышты да, љздљрєнєн єлєшєнљ тийген жерлерге кайтып кетишти. Шаарларды калыбына келтирип, ошол жерлерде жашап калышты.

24 Ошол эле учурда ысрайылдыктардын ар кимиси љз уруусуна, љз єй-бєлљсєнљ, љз энчисине тийген жерлерге тарап кетишти.

25 Ошол убакта Ысрайылда падыша болгон эмес. Ар ким љзє туура кљргљндє кылчу.