1 Шабул љлгљндљн кийин, Дљљт амалыктыктарды талкалап кайтты да, Сыклакта эки кєн болду.
2 Єчєнчє кєнє Шабулдун кошуунунан єстєндљгє кийими айрылган жана башы топурак болгон бир киши келди. Ал Дљљткљ келип, жерге жыгылып, ага таазим этти.
3 Дљљт андан: «Сен кайдан келдињ?» – деп сурады. Ал Дљљткљ: «Мен Ысрайылдын кошуунунан качып келдим», – деп жооп берди.
4 Дљљт ага: «Эмне болду? Мага айтып бер», – деди. Ал: «Эл согуштан качты, элдин кљбє жыгылды, љлємгљ дуушар болду, Шабул жана анын уулу Жонатан да љлдє», – деди.
5 Дљљт айтып берип жаткан уландан: «Шабул менен анын уулу Жонатандын љлгљнєн сен кайдан билдињ?» – деп сурады.
6 Ага баяндап жаткан улан мындай деп жооп берди: «Мен кокусунан Гилбоя тоосуна барып калдым. Шабул љз найзасына кулады, арабалар жана атчан жоокерлер болсо ага жеткени калышкан эле.
7 Шабул артын карап, мени кљрєп, љзєнљ чакырды.
8 “Мына мен”, – дедим. Ал мага: “Сен кимсињ?” – деди. “Мен амалыктык болом”, – дедим.
9 Ошондо ал мага: “Мага жакын келип, мени љлтєр, анткени мен жаным чыкпай, кыйналып жатам”, – деди.
10 Мен жакын бардым да, аны љлтєрдєм, анткени анын жыгылган соњ тирєє калбасын билдим. Анын башындагы таажысын, колундагы билеригин алдым да, аларды љз мырзама, бул жерге алып келдим».
11 Ошондо Дљљт љзєнєн кийимин кармап туруп айрып жиберди, жанында турган кишилер да ошондой кылышты.
12 Алар кылычтан љлгљн Шабулду жана анын уулу Жонатанды жоктоп, Тењирдин эли жана Ысрайыл тукуму єчєн боздоп ыйлап, кечке чейин орозо кармашты.
13 Дљљт айтып берип жаткан уландан: «Сен кайдансыњ?» – деп сурады. Ал: «Мен келгин амалыктыктын уулумун», – деп жооп берди.
14 Ошондо Дљљт ага мындай деди: «Кантип коркпой, Тењирдин майланганын љлтєрєєгљ кол кљтљрдєњ?»
15 Анан Дљљт уландардын бирин чакырып: «Жакын келип, муну љлтєрєп сал», – деди. Улан аны љлтєрдє, ал љлдє.
16 Дљљт ага мындай деди: «Љз каныњ љз башыњда, анткени “Тењирдин майланганын љлтєрдєм” деп айткан сљзєњ љзєњљ каршы кєбљ болду».
17 Дљљт Шабулду жана анын уулу Жонатанды жоктоп ыйлады.
18 Анан ал адилеттєєнєн китебинде жазылгандай, Жєйєт уулдарына «Жаа» ырын єйрљтєєнє буйрук берип, мындай деп айтты:
19 «О Ысрайыл, сенин сыймыгыњ бийиктиктерињде љлтєрєлдє! Кєчтєєлљрєњ кандай кулады!
20 Пелиштиликтердин кыздары кубанычка батпашы єчєн, сєннљткљ отургузулбагандардын кыздары салтанат курбашы єчєн, Гатта айтпагыла, Ашкелондун кљчљлљрєндљ жарыя кылбагыла.
21 Гилбоя тоолору! Силерге шєєдєрєм тєшпљсєн, жамгыр жаабасын, силерде жемиштєє талаа болбосун, анткени ошол жерде кєчтєєлљрдєн калканы талкаланды, Шабулдун калканы зайтун майы менен майланбагансып талкаланды.
22 Жарадарлардын канысыз, кєчтєєлљрдєн майысыз Жонатандын жаасы кайра артка кайтчу эмес, Шабулдун кылычы кынынан бекер суурулчу эмес.
23 Шабул менен Жонатан тирєє кезинде бири-бирин жакшы кљрєшчє, ынтымактуу болчу, љлгљндљ да ажырашпай бирге љлєштє. Алар бєркєттљрдљн учкул, арстандардан кєчтєє жандар эле.
24 Ысрайыл кыздары! Силерге кочкул кызыл жана кооз кийим кийгизген, кийимињерге алтын жасалгаларды тактырган Шабулду жоктоп ыйлагыла.
25 Кєчтєєлљр майданда љлєштє! Сенин бийиктиктерињде Жонатан љлтєрєлдє.
26 Бир боорум Жонатан, сен єчєн аза кєтљм. Сен мен єчєн абдан кымбат элењ, сенин сєйєєњ мен єчєн аялдын сєйєєсєнљн артык эле.
27 Кєчтєєлљр кулады, согуш куралдары кыйрады!»
1 Ушундан кийин Дљљт Тењирден: «Жєйєт шаарларынын бирине барсам болобу?» – деп сурады. Тењир ага: «Баргын», – деди. Дљљт дагы: «Кайсынысына барайын?» – деп сурады. Ал: «Хебронго», – деп жооп берди.
2 Дљљт љзєнєн эки аялы: изрейелдик Акинаам жана мурун Набалдын аялы болгон кармелдик Абигейил менен ошол жакка бет алды.
3 Дљљт љзєнєн жанындагы кишилерди, алардын ар биринин єй-бєлљсєн Хеброн шаарына отурукташтырды.
4 Ошондо Жєйєт эркектери келип, Дљљттє ошол жерде майлап, Жєйєт тукумуна падыша кылышты. Шабулду гилаттык Жабештин тургундары кљргљ коюшканын Дљљткљ билдиришти.
5 Дљљт гилаттык Жабештин тургундарына элчилерди жљнљтєп, мындай деп айттырды: «Мырзањар Шабулга ушундай ырайым кылып, аны кљргљ койгонуњар єчєн Тењир силерге батасын берсин.
6 Ушул кєндљ Тењир силерге ырайымын жана ишенимдєєлєгєн кљрсљтсєн. Ушундай кылганыњар єчєн мен да силерге жакшылык кылам.
7 Эми силер кайраттуу, бекем болгула. Мырзањар Шабул љлдє, мени болсо жєйєттљр љздљрєнљ падыша кылып майлашты».
8 Бирок Шабулдун аскер башчысы, Нейир уулу Абенер, Шабулдун уулу Ишпошетти алып, аны Маханайимге алып келди.
9 Ал аны Гилаттын, Ашурдун, Изрейелдин, Эпрайымдын, Бенжеминдин жана бєт Ысрайылдын єстєнљн падыша кылды.
10 Шабулдун уулу Ишпошет Ысрайылга падыша болгондо, кырк жашта эле, ал эки жыл падышачылык кылды. Жєйєттљр гана Дљљт менен калышты.
11 Дљљт Хеброндо жєйєттљргљ бардыгы болуп жети жыл, алты ай падышачылык кылды.
12 Нейир уулу Абенер жана Шабул уулу Ишпошеттин кулдары Маханайимден чыгып, Гибонго келишти.
13 Серуянын уулу Жойап да Дљљттєн кулдары менен чыгып, Гибон кљлмљсєнєн жанында жолугушту. Тигилер кљлмљнєн аркы љйєзєнљ, булар берки љйєзєнљ жайгашышты.
14 Абенер Жойапка: «Жигиттер туруп, биздин алдыбызда тамаша курушсун», – деди. Жойап: «Болуптур, турушсун», – деди.
15 Ошондо Шабулдун уулу Ишпошет тараптан бенжеминдик он эки жигит, Дљљттєн кулдарынын ичинен он эки адам туруп барышты.
16 Алар бири-бирин баштан кармап, бири-бирин капталга кылыч менен сайып, бирге љлєштє. Ошондон улам Гибондогу бул жер Хелкат-Атсурим деп аталып калды.
17 Ошол кєнє катуу кыргын болду. Абенер ысрайылдык кишилер менен бирге Дљљттєн кулдары тарабынан кыйроого учурады.
18 Ал жерде Серуянын єч уулу бар болчу: Жойап, Абышай жана Асаел. Асаел талаадагы жейрендей тез чуркачу.
19 Абенердин изинен оњго да, солго да бурулбай, Асаел Абенердин артынан кууду.
20 Абенер артына кылчайып карап: «Бул сенсињби, Асаел?» – деп сурады. Тиги: «Менмин», – деди.
21 Абенер ага: «Оњго же солго бурулуп кет, уландардын арасынан бирљљнє тандап, анын куралын ал», – деди. Бирок Асаел андан калгысы келбеди.
22 Абенер Асаелге дагы бир жолу: «Кууганыњды токтот, болбосо сени жерге сулатып салам. Анан бир тууганыњ Жойапты кайсы бетим менен карайм?» – деди.
23 Бирок тиги калгысы келген жок. Ошондо Абенер найзанын арткы учу менен аны ичке урду. Найза анын ичин тешип љттє, ал ошол жерге жыгылып жан берди. Асаел жыгылып љлгљн жерден љткљндљрдєн баары токтоп љтєп жатышты.
24 Ошондо Жойап менен Абышай Абенердин артынан тєшєштє. Алар Гибон чљлєнљ кетчє жолдогу Гийахтын бет мањдайындагы Айма дљњсљљсєнљ келгенде, кєн батып калган.
25 Бенжеминдиктер Абенердин тегерегине бир топ болуп чогулуп, бир дљбљнєн чокусуна турушту.
26 Абенер Жойапка мындай деп кыйкырды: «Дайыма эле кылычтан кырыла беребизби? Же мунун акыры кайгы менен бєтљрєн билбейсињби? “Бир туугандарыњардын артынан куубагыла”, – деп, элге качанкыга чейин айтпайсыњ?»
27 Жойап: «Кудай тирєє! Сен башкача сєйлљгљндљ, алар љз бир туугандарынын артынан кууганын эртењ менен эле токтотушмак», – деди.
28 Жойап сурнайын алып тартканда, элдин баары токтоп, ысрайылдыктарды андан ары куубай калышты, салгылаш токтоду.
29 Абенер болсо љз кишилери менен тєзљњ аркылуу тєнє бою жєрєп отуруп, Иорданды кечип љтєп, Битронду аралап љтєп, Маханайимге келди.
30 Жойап Абенерди кууганын токтотуп, кайтып келди да, љз кишилерин чогултту. Дљљттєн кулдарынан Асаелден башка он тогуз адам кемигенин тактады.
31 Дљљттєн кулдары болсо бенжеминдиктер менен Абенердин кишилерин љлтєрєштє. Алардын єч жєз алтымыш кишиси љлдє.
32 Асаелди Бейт-Лехемдеги љз атасынын мєрзљсєнљ алып барып коюшту. Жойап болсо љз кишилери менен тєнє бою жол жєрєп, тањга маал Хебронго келди.
1 Дљљттєн єй-бєлљсє менен Шабулдун єй-бєлљсєнєн ортосунда узакка созулган чатак болду. Дљљт барган сайын кєч алды, Шабулдун тукуму болсо барган сайын алсырады.
2 Хеброндо Дљљттєн уулдары тљрљлдє. Анын тун уулу изрейелдик Акинаамдан тљрљлгљн Амнон болчу.
3 Ал эми экинчи уулу – Килап, аны мурун Набалдын аялы болгон кармелдик Абигейил тљрљгљн, єчєнчєсє – Абышалом, аны Гешур падышасы Талмайдын кызы Мааха тљрљгљн.
4 Тљртєнчєсє – Кагыт тљрљгљн уулу Адония, бешинчиси – Абытал тљрљгљн уулу Шепатия.
5 Алтынчысы – Дљљттєн аялы Эгла тљрљгљн Итраам. Булар Дљљттљн Хеброндо тљрљлєштє.
6 Дљљттєн єй-бєлљсє менен Шабулдун єй-бєлљсєнєн ортосунда чатак болгондо, Абенер Шабулдун єйєн колдочу.
7 Шабулдун Риспа деген кєњ аялы бар болчу, ал Айанын кызы эле. Ишпошет Абенерге: «Сен эмне єчєн менин атамдын кєњ аялына жакындадыњ?» – деди.
8 Ишпошеттин сљзєнљ Абенер абдан ачууланып, мындай деди: «Мен, эмне, Жєйєт итинин башымынбы? Мен Жєйєткљ каршы туруп, атањ Шабулдун єй-бєлљсєнљ, бир туугандарына, досторуна ушул кєнгљ чейин жакшылык кылып келдим, сени Дљљттєн колуна салып берген жокмун, сен болсо мени ушул аял єчєн кєнљљлљп жатасыњ.
9-10 “Шабулдун тукумунан падышачылыкты тартып алып, Дљљттє такка отургузам, ал Ысрайылдын жана Жєйєттєн єстєнљн, Дандан Бейер-Шебага чейин падышачылык кылат”, – деп, Тењирдин Дљљткљ берген антын аткарбасам, Кудай Абенерди жазаласын, катуу жазаласын!».
11 Ишпошет Абенерге каршы сєйлљй алган жок, анткени андан коркчу.
12 Абенер љзєнљн Дљљткљ элчилерди жиберип: «Бул кимдин жери? Мени менен келишим тєз, Ысрайылдын бєт элин сага каратыш єчєн, менин колум сени менен болот», – деп айттырды.
13 Дљљт мындай деди: «Макул, мен сени менен келишим тєзљм, бирок сенден бир нерсени талап кылам: мени менен кљрєшкљнє келгенде, љзєњ менен кошо Шабулдун кызы Михалды алып келбесењ, менин жєзємдє кљрбљйсєњ».
14 Дљљт Шабулдун уулу Ишпошетке элчилеринен: «Менин аялым Михалды бер, аны мен жєз пелиштиликтин сєннљтєн кескендигим єчєн алгам», – деп айттырып жиберди.
15 Ишпошет киши жиберип, кєйљљсєнљн – Лаиштин уулу Палтиелден Михалды алдырды.
16 Кєйљљсє ыйлап, аялынын артынан Бакуримге чейин ээрчип барды. Бирок Абенер ага: «Артыња кайт», – деди. Ал артка кайтты.
17 Абенер Ысрайыл аксакалдарына мындай деп кайрылды: «Силер Дљљттєн љзєњљргљ падыша болушун ушуга чейин каалап келгенсињер.
18 Эми ишке ашыргыла, анткени Тењир Дљљткљ: “Мен Љз кулум Дљљттєн колу менен Љз элим Ысрайылды пелиштиликтердин колунан, бардык душмандарынын колунан куткарам”, – деп айткан».
19 Бенжеминдиктерге да Абенер ушуну айтты. Ошентип, Абенер Ысрайылдын жана бєт Бенжемин уруусунун каалоосун Дљљткљ айтып берєє єчєн, Хебронго жљнљдє.
20 Абенер љзєнєн жыйырма кишиси менен Дљљткљ, Хебронго келди, Дљљт Абенердин жана анын жанындагы адамдардын урматына той љткљрдє.
21 Ошондо Абенер Дљљткљ: «Мен барып, бєтєн Ысрайыл элин чогултуп, менин мырзама, падышага, алып келейин. Алар сени менен келишим тєзєшљт, сен бардыгына љзєњ каалагандай падышачылык кыласыњ», – деди. Дљљт Абенерди коё берди, ал тынчтык менен кетти.
22 Ошондо Дљљттєн кулдары жана Жойап жортуулдан кљп олжо менен келишти. Хеброндо, Дљљттєн жанында Абенер жок болчу, анткени Дљљт аны коё берген, ал тынчтык менен кеткен.
23 Жойап жана аны менен жєргљн бєт аскерлер келишкенде, Жойапка: «Падышага Нейир уулу Абенер келип кетти, падыша аны коё берди, ал тынчтык менен кетти», – деп айтышты.
24 Жойап падышага келип, мындай деди: «Сен эмне кылдыњ? Абенер сага келип кетиптир. Аны эмне єчєн коё бердињ, эмне єчєн кетирип жибердињ?
25 Нейир уулу Абенерди сен жакшы билесињ да. Ал сени алдаганы, киргенињди, чыкканыњды билгени, эмне кылып жатканыњдын баарын изилдеп билгени келген».
26 Анан Жойап Дљљттєн жанынан кетип, Абенердин артынан чабармандарды жиберди. Асир кудугуна жеткенде, аны артка кайттырышты. Бирок Дљљт муну билген жок.
27 Абенер Хебронго кайра келгенде, Жойап аны менен атайын жашыруун сєйлљшљм демиш болуп, аны короого киргизип, ичке сайып љлтєрдє. Ошентип, Абенер Жойаптын бир тууганы Асаелдин каны єчєн каза тапты.
28 Дљљт бул жљнєндљ укканда, мындай деди: «Нейир уулу Абенердин каны єчєн Тењир алдында мен да, менин падышачылыгым да эч качан кєнљљлєє эмес.
29 Анын каны єчєн Жойап жана анын атасынын бєт тукуму кєнљљлєє болсун. Жойаптын тукумунан эрендиги аккандар, пес оорулуулар, таяк таянгандар, кылычтан љлгљндљр, нанга муктаж болгондор єзєлбљсєн».
30 Жойап менен Абышай Гибондогу салгылашта љздљрєнєн бир тууганы Асаелди љлтєргљнє єчєн Абенерди љлтєрєштє.
31 Дљљт Жойапка жана анын жанындагы кишилердин баарына: «Кийимињерди айрыгыла да, зумбал кийип, Абенерди жоктоп ыйлагыла», – деди. Падыша Дљљт да сљљктєн артында бара жатты.
32 Хеброндо Абенерди кљргљ коюп жатышканда, Абенердин мєрзљсєнєн жанында падыша катуу ыйлады. Элдин баары ыйлады.
33 Падыша Абенерди жоктоп мындай деп ыйлады: «Абенер ушинтип жєзє карага окшоп љлљт беле?
34 Колуњ байланган жок, бутуњ кишенделген жок. Сен каракчылардын колунан љлгљндљй љлдєњ». Ошондо элдин баары ыйлашты.
35 Эртеден кечке бєткєл эл Дљљткљ тамак алып келип жатышты, бирок Дљљт: «Эгер мен кєн батканга чейин нан же башка бир нерсе ооз тийсем, Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын», – деп ант берди.
36 Падышанын кылган бардык иши бєт элге жаккандай эле, бул ишин да бєт эл жактырды.
37 Нейир уулу Абенерди падыша љлтєртпљгљнєн бардык эл жана бєт Ысрайыл ошол кєнє билди.
38 Анан падыша љзєнєн кулдарына мындай деди: «Бєгєн Ысрайылда аскер башчы, улуу адам љлгљнєн билдињерби?
39 Падышачылыкка майланганыма карабастан, мен азыр али алсызмын. Ал эми бул кишилер, Серуянын уулдары менден кєчтєє. Тењир ушул жамандыкты кылган адамга кылган жамандыгына жараша тиешесин берсин».
1 Хеброндо Абенердин љлгљнєн укканда, Шабулдун уулу Ишпошеттин ындыны љчтє, бєт Ысрайылдын єрљйє учту.
2 Шабулдун уулу Ишпошеттин эки аскер башчысы бар эле. Бирљљнєн аты – Баана, экинчисинин аты – Рейхап, алар – Ремондун уулдары, бейроттук Бенжеминдин тукумунан. Анткени Бейрот да Бенжеминге таандык болчу.
3 Бейроттуктар Гитайимге качып кетишип, ошол жерде келгин болуп жашап калышкан.
4 Шабулдун уулу Жонатандын аксак баласы бар эле. Изрейелден Шабул менен Жонатан жљнєндљ кабар келгенде, баккан аял аны алып качканда, ал беште болчу. Аял шашып чуркап бара жатканда, бала жыгылып кетип, аксак болуп калган. Анын аты Мепибешет эле.
5 Бейроттук Ремондун уулдары Рейхап менен Баана кєн ысыган маалда Ишпошеттин єйєнљ келишти. Ал чак тєштљ тљшљгєндљ уктап жаткан.
6 Рейхап бир тууганы Баана менен буудай алганы келген болуп, єйдєн ичине киришти да, аны ичке сайып, качып кетишти.
7 Алар єйгљ киришкенде, Ишпошет љзєнєн уктоочу бљлмљсєндљгє тљшљгєндљ жаткан. Алар аны сайып љлтєрєп, башын кесип алышты да, тєнє бою чљл менен жол жєрєштє.
8 Ишпошеттин башын Дљљткљ, Хебронго алып келишти да, падышага: «Бул – сени љлтєргєсє келген душманыњ Шабулдун уулу Ишпошеттин башы. Эми Тењир менин мырзам падыша єчєн Шабулдан жана анын тукумунан љч алды», – деп айтышты.
9 Ошондо Дљљт Рейхапка жана анын бир тууганы Баанага, бейроттук Ремондун уулдарына, мындай деди: «Менин жанымды бардык кайгыдан куткарган Тењир тирєє!
10 Мага “Шабул љлдє” деген кабарды айтып, љзєн жакшы кабарчы эсептеген адамга сыйлык бергендин ордуна аны кармап алып, Сыклакта љлтєргљм.
11 Эми кєнљљсє жок адамды љз єйєндљ, љз тљшљгєндљ жаткан жеринен љлтєргљн кара санатай кишилерди анын каны єчєн кантип жазалабай коёюн да, кантип жер єстєнљн жок кылбай коёюн?»
12 Дљљттєн буйругу боюнча кулдары аларды љлтєрєп, буту-колдорун кыя чабышты да, Хеброндогу кљлмљнєн єстєнљ илип коюшту. Ал эми Ишпошеттин башын Абенердин мєрзљсєнљ, Хебронго алып барып коюшту.
1 Ысрайылдын бардык уруулары Хебронго, Дљљткљ келишти да, минтип айтышты: «Биз сенин сљљгєњбєз жана денењбиз.
2 Шабул бизге падышачылык кылып турганда эле сен Ысрайылды баштап жєрчєсєњ. Тењир сага: “Сен Менин элим Ысрайылды кайтарасыњ, Ысрайылдын жол башчысы болосуњ”, – деп айткан».
3 Ысрайылдын бардык аксакалдары падышага, Хебронго келишти. Дљљт падыша Хеброндо, Тењирдин алдында алар менен келишим тєздє. Ошондо алар Дљљттє Ысрайылга падыша кылып майлашты.
4 Дљљт падыша болгондо, отуз жашта эле. Ал кырк жыл падышачылык кылды.
5 Ал Хеброндо Жєйєткљ жети жыл, алты ай падышачылык кылды, Ысрайыл менен Жєйєткљ Иерусалимде отуз єч жыл падышачылык кылды.
6 Падыша љзєнєн кишилери менен Иерусалимге, ал жерде жашаган жебустуктарга каршы жљнљдє. Бирок алар Дљљткљ мындай деп айтышты: «Сен бул жакка кирбейсињ. Сени сокурлар менен тљкљрлљр кууп чыгышат». Бул «Дљљт бул жакка кире албайт» дегенди билдирет.
7 Бирок Дљљт Сион сепилин басып алды. Кийин ал Дљљттєн шаары болуп калды.
8 Дљљт ошол кєнє: «Жебустуктарды љлтєрєп жаткан адам тљкљрлљрдє, сокурларды, Дљљттє жек кљргљндљрдє найза менен кырсын», – деди. Ошондон улам «Тењирдин єйєнљ сокур менен тљкљр кирбейт» деп айтылып калган.
9 Дљљт сепилге жайгашты, аны Дљљттєн шаары деп атады, Милодон тартып айландыра курду жана ичин курду.
10 Дљљт чоњ ийгиликтерге жетип, зоболосу кљтљрєлљ берди, Себайот Кудай-Тењир аны менен болду.
11 Тир падышасы Хирам Дљљткљ элчилерди, кедр жыгачтарын, жыгач усталарын, таш тизєєчє жумушчуларын жиберди. Алар Дљљткљ єй куруп беришти.
12 Ысрайылга падыша кылып дайындаган, Љз эли Ысрайыл єчєн падышачылыгынын зоболосун кљтљргљн Тењир экенин Дљљт тєшєндє.
13 Дљљт Хеброндон Иерусалимге келгенден кийин, љзєнљ дагы кєњ аялдарды жана аялдарды алды.
14 Дљљт дагы кљп уулдуу жана кыздуу болду. Анын Иерусалимде тљрљлгљн балдарынын аттары мындай: Шамуя, Шобап, Натан, Сулайман,
15 Жибхар, Элишуа, Непек, Жапия,
16 Элишама, Элийада, Элипелет.
17 Пелиштиликтер Дљљттєн Ысрайылга падыша болуп майланганын угушканда, бардыгы Дљљттє издеп чыгышты. Дљљт муну угуп, сепилге кетти.
18 Пелиштиликтер келип, Репа љрљљнєнљ жайланышышты.
19 Ошондо Дљљт Тењирге кайрылып: «Мен пелиштиликтерге каршы барайынбы? Аларды менин колума салып бересињби?» – деп сурады. Тењир Дљљткљ: «Баргын, анткени Мен пелиштиликтерди сенин колуња салып берем», – деп жооп берди.
20 Дљљт Баал-Ператсимге жљнљп, ал жерден аларды талкалады да: «Тењир менин алдымда душмандарымды сел алгандай кыйратты», – деди. Ошондон улам ал жерге Баал-Ператсим деген ат берилди.
21 Пелиштиликтер ошол жерге љздљрєнєн буркандарын таштап кетишкен эле. Дљљт болсо љз кишилери менен аларды алып кетти.
22 Пелиштиликтер кайра келишти да, Репа љрљљнєнљ жайланышышты.
23 Дљљт Тењирден сурады. Ал ага мындай деп жооп берди: «Алардын алдынан чыкпа, артынан, тыт токою жактан кир.
24 Тыт жыгачтарынын єстєнљн бирљљнєн басып келе жаткандай болгон дабышын угарыњ менен жљнљ, анткени ошондо Тењир сенин алдыњда пелиштиликтердин аскерин талкалоого бара жаткан болот».
25 Тењир кандай буйруса, Дљљт ошондой кылды. Ал пелиштиликтерди талкалап, Гебадан Гезерге чейин кууп барды.
1 Дљљт кайрадан Ысрайылдын тандалган отуз мињ адамын чогултту.
2 Дљљт туруп, љзєнєн бєт эли менен керуптардын ортосундагы Себайот Тењирдин ысымы менен аталган Кудайдын келишим сандыгын Жєйєттєн Баал жеринен кљчєрєп келєє єчєн жљнљдє.
3 Алар Кудайдын келишим сандыгын жањы арабага салып, адырдагы Аминадаптын єйєнљн алып чыгышты. Аминадаптын уулдары Уза менен Ахио болсо жањы арабаны айдап бара жатышты.
4 Ошентип, Кудайдын келишим сандыгы салынган арабаны адырдагы Аминадаптын єйєнљн алып жљнљштє. Ахио келишим сандыгынын алдында бара жатты.
5 Дљљт менен бєт Ысрайыл уулдары Тењирдин алдында кипарис жыгачынан жасалган ар тєрдєє музыкалык аспаптарда ойноп, лира, арфа чертип, забур ырдап, дап кагып, шылдырак уруп, жез табак кагып бара жатышты.
6 Нахондун кырманына жетишкенде, Уза колун сунуп, Кудайдын келишим сандыгын кармап калды, анткени аны љгєздљр солкулдатып жиберген эле.
7 Бирок Тењир Узага каарданып, аны коркпой батынгандыгы єчєн ошол жерден эле љлтєрєп салды, ал Кудайдын келишим сандыгынын жанында љлдє.
8 Тењир Узаны љлтєрєп салганы єчєн Дљљт кайгыга батты. Ошол жер азыркыга чейин «Уза љлгљн жер» деп аталат.
9 Ошол кєнє Дљљт Тењирден коркуп: «Тењирдин келишим сандыгы меникине кантип кирет?» – деди.
10 Дљљт Тењирдин келишим сандыгын љзєнљ, Дљљттєн шаарына алып барууну каалабай, гаттык Абет-Эдомдун єйєн кљздљй алып жљнљдє.
11 Ошентип, Тењирдин келишим сандыгы гаттык Абет-Эдомдун єйєндљ єч ай турду. Тењир Абет-Эдомго жана анын бєт єй-бєлљсєнљ батасын берди.
12 Дљљт падышага: «Кудайдын келишим сандыгы єчєн Тењир Абет-Эдомдун єй-бєлљсєнљ жана анын бардык нерсесине батасын берди», – деп билдиришкенде, Дљљт барып, Кудайдын келишим сандыгын Абет-Эдомдун єйєнљн Дљљттєн шаарына салтанат менен кљчєрєп келди.
13 Тењирдин келишим сандыгын кљтљрєп бара жаткандар алты кадам шилтеген сайын ал бир букачар, бир койду курмандыкка чалып жатты.
14 Дљљт Тењирдин алдында жан-дили менен бийлеп жатты. Дљљт зыгыр буласынан токулган эфод кийип жєргљн эле.
15 Ошентип, Дљљт менен бєт Ысрайыл эли Тењирдин келишим сандыгын кубана кыйкырып, сурнай тартып кљтљрєп келе жатышты.
16 Тењирдин келишим сандыгы Дљљттєн шаарына киргенде, Шабулдун кызы Михал терезеден карап турган эле. Ал Тењирдин алдында секирип, бийлеп келе жаткан Дљљт падышаны кљрєп, аны жєрљгєндљ кемсинтти.
17 Алар Тењирдин келишим сандыгын алып келишип, љзєнєн ордуна, Дљљт ал єчєн курган жыйын чатырынын ортосуна коюшту. Анан Дљљт Тењир алдында бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалды.
18 Дљљт бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалып бєткљндљн кийин, Себайот Тењирдин атынан элге бата берди.
19 Анан ал бардык элге, кљп сандаган Ысрайыл элине, эркек дебей, аял дебей, бирден нан, бир кесимден куурулган эт, мейиз кошулган бирден таттуу токоч таратты. Анан бардык эл љз єйлљрєнљ тарады.
20 Дљљт љз єй-бєлљсєнљ бата берєє єчєн кайтып келгенде, Шабулдун кызы Михал алдынан чыгып: «Жел љпкљ адамдай болуп, љз кєњдљрєнєн, кулдарынын кљз алдында жылањачтанган Ысрайыл падышасынын бєгєн кадыры укмуш артты го!» – деди.
21 Ошондо Дљљт Михалга мындай деди: «Тењирим мени сенин атањдан, анын бєт тукумунан артык кљрєп, Тењирдин эли Ысрайылга мени жол башчы кылып бекиткендиги єчєн Тењирдин алдында шаттанамын да бийлеймин.
22 Мен мындан да тљмљн болуп, љзємдє санда жок киши кылам, бирок сен айткан кєњ аялдардын алдында дањкка бљлљнљм».
23 Шабулдун кызы Михал љмєрє љткљнчљ балалуу болгон жок.
1 Падыша љз єйєндљ жашап жатты, Тењир анын айланасындагы бардык душмандарынан ага тынчтык берди.
2 Ошол учурда падыша Натан пайгамбарга мындай деди: «Мен кедр жыгачынан салынган єйдљ жашап жатам, ал эми Кудайдын келишим сандыгы чатырдын астында турат».
3 Ошондо Натан падышага: «Жєрљгєњдљ эмне болсо, ошонун баарын жаса, анткени Тењир сени менен», – деди.
4 Бирок ошол эле тєнє Натанга Тењирден мындай сљз болду:
5 «Баргын да, Менин кулум Дљљткљ айт: “Тењир мындай деди де: "Мен жашай турган єйдє кура турган сенсињби?
6 Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыккан кєндљн ушул кєнгљ чейин Мен єйдљ жашаган жокмун, чатырда, жыйын чатырында жашап келдим.
7 Бєткєл Ысрайыл уулдары менен кайсы гана жерде жєрбљйєн, Менин элим Ысрайылды кайтарууга Љзєм дайындаган Ысрайылдын уруусуна: Эмне єчєн Мага кедрден єй куруп бербейсињер? – деп айттым беле?"”
8 Азыр Менин кулум Дљљткљ Себайот Тењир мындай дейт дегин: “Менин элим Ысрайылга жол башчы болушуњ єчєн, Мен сени кой короодон алгам.
9 Сен кайда барсањ да, бардык жерде сени менен болдум, сенин алдыњда бардык душмандарыњды кырдым. Сенин атыњды чыгарып, жер єстєндљгє улуу адамдар сыяктуу дањктуу кылдым.
10 Мен Љзємдєн элим Ысрайыл єчєн жер даярдайм, аны жайгаштырам, ал љз жеринде бейпил жашайт, мындан ары эч ким анын тынчын албайт,
11 Љз элим Ысрайылга башкаруучуларды койгон кєндљн тартып, кара ниет адамдар аларды кысымга алып келишкен, мындан ары андай болбойт. Мен сени душмандарыњдан куткарып, тынчтык берем. Тењир сенин єйєњдє Љзє тургузарын сага кабарлайт.
12 Сенин кєнєњ бєтєп, ата-бабаларыњ жаткан жайга кеткенињде, сенин ордуња Мен сенин тукумуњду, уулдарыњдын бирин коём, анын падышачылыгын бекемдейм.
13 Ал Менин ысымыма арнап єй тургузат, Мен анын падышачылык тагын тєбљлєккљ бекемдейм.
14 Мен ага ата болом, ал Мага уул болот. Эгерде ал кєнљљ кылса, Мен аны адамдардын таягы менен, адам баласынын соккулары менен жазалайм.
15 Бирок Мен сенин кљз алдыњда четке каккан Шабулду Љз ырайымымдан ажыраткандай, аны Љз ырайымымдан ажыратпайм.
16 Менин алдымда сенин тукумуњ жана падышачылыгыњ тєбљлєккљ бекем болот, тагыњ тєбљлєккљ турат”».
17 Ушул айтылган сљздљрдєн баарын, ушул кљрєнєштєн баарын Натан Дљљткљ айтып берди.
18 Дљљт падыша барды да, Тењирдин алдында туруп, мындай деди: «Эгедер Тењирим, Сен мени ушунча кљтљргєдљй, мен киммин, менин тукумум ким?
19 Сенин кљзєњљ бул да аз кљрєндє, Эгедер Тењирим, бирок Сен Љзєњдєн кулуњдун тукумунун келечеги жљнєндљ да айттыњ. Эгедер Тењирим, бул адам єчєн кадыресе нерсе эмес!
20 Дљљт Сага дагы эмне деп айта алат? Эгедер Тењирим! Сен Љзєњдєн кулуњду билесињ.
21 Сен бул улуу нерсенин баарын Љз кулуња ачып берип, Љзєњдєн сљзєњ боюнча жана Љзєњдєн жєрљгєњдєн каалоосу боюнча ишке ашырып жатасыњ.
22 Сен улуусуњ, Тењирим, Кудайым, анткени љз кулагыбыз менен уккандарыбыз боюнча Сага тењ келген эч ким жок, Сенден башка Кудай жок!
23 Жер жєзєндљ Сенин элињ Ысрайылдай эл барбы?! Љзєњљ эл кылып алыш єчєн, Љз ысымыњды дањкташ єчєн, Мисир жеринен алып чыккан Љз элињдин алдында элдерди жана кудайларды кууп чыгып, улуу жана коркунучтуу иштерди кылыш єчєн, жалгыз ушул элге Љзєњ келгенсињ!
24 Сен Љз элињ Ысрайылды Љзєњљ менчик эл кылып тєбљлєккљ бекемдедињ, Сен, Тењир, анын Кудайы болдуњ.
25 Эми Кудай-Тењир, Љзєњдєн кулуњ жљнєндљ, анын тукуму жљнєндљ айткан сљзєњдє тєбљлєккљ бекемде, айтканыњды аткар.
26 “Себайот Тењир – Ысрайылдын Кудайы”, – деп, Сенин ысымыњды тєбљлєккљ дањазалашсын. Сенин алдыњда Љз кулуњ Дљљттєн тукуму бекем болсун.
27 Сен, Себайот Тењир, Ысрайылдын Кудайы, Љз кулуња: “Сенин єйєњдє тургузам”, – деп айтканыњ єчєн кулуњ Сага ушундай сыйынууга батынды.
28 Эгедер Тењирим! Сен Кудайсыњ, Сенин сљзєњ чындык, Љзєњдєн кулуња Сен ушундай жакшы нерсени билдирдињ!
29 Дайыма Сенин алдыњда болушу єчєн, ушул кєндљн баштап, Љз кулуњдун тукумуна батањды бер, анткени муну Эгедер Тењирим, Сен айттыњ, Сенин батањ менен Љз кулуњдун тукуму тєбљлєккљ баталуу болот».
1 Ушундан кийин Дљљт пелиштиликтерди жењип, аларды багындырды. Дљљт пелиштиликтерден Метек-Ааманы тартып алды.
2 Мааптыктарды жењип, аларды жерге жаткырып, аркан менен ченеди. Эки ченем аркандын астындагыларды љлтєрєє єчєн, ал эми бир ченем аркандын астындагыларды тирєє калтыруу єчєн ченеди. Ошентип, мааптыктар Дљљткљ салык тљлљљчє кулдарга айланышты.
3 Дљљт Эфрат дарыясынын боюна љзєнєн бийлигин калыбына келтирєє єчєн келе жаткан Соба падышасы, Рехоптун уулу Ададезердин аскерин талкалады.
4 Ал анын бир мињ жети жєз атчан жоокерин жана жыйырма мињ жљљ адамын колго тєшєрдє. Алардын майдан арабаларын тарткан аттарынын ичинен љзєнєн жєз арабасы єчєн ат калтырып, калган аттардын тарамыштарын кесип салды.
5 Сириянын Дамаск шаарынан Соба падышасы Ададезерге жардамга кишилер келишти, бирок Дљљт сириялыктардын да жыйырма эки мињ адамын љлтєрдє.
6 Дљљт Сириянын Дамаск шаарына сакчыларын койду. Ошентип, сириялыктар да Дљљткљ салык тљлљљчє кулдар болуп калышты. Дљљт кайда гана барбасын, Тењир аны бардык жерде сактап жєрдє.
7 Дљљт Ададезердин кулдарынын алтын калкандарын алып, Иерусалимге алып келди.
8 Ал эми Ададезердин Бетак жана Бейрот шаарларынан Дљљт падыша абдан кљп жез алды.
9 Дљљттєн Ададезердин бєт аскерин талкалаганын Хамат падышасы Той укту.
10 Той Дљљттєн Ададезер менен согушуп, аны талкалагандыгы єчєн љзєнєн уулу Адорамды ага салам айтып куттуктоого жљнљттє, анткени Ададезер Той менен согуш жєргєзєп келген эле. Адорамдын колунда болсо кємєштљн, алтындан жана жезден жасалган идиштер бар эле.
11-12 Дљљт падыша љзє жењген элдерден: сириялыктардан, мааптыктардан, амондуктардан, пелиштиликтерден, амалыктыктардан, Соба падышасы Рехоптун уулу Ададезерден тартып алган кємєш менен алтынды Тењирге арнагандай, ошол идиштерди да Тењирге арнады.
13 Туздуу љрљљнєндљ он сегиз мињ сириялыкты талкалап келгенден кийин, Дљљттєн атагы чыкты.
14 Анан Дљљт Эдомго сакчыларын койду. Бєткєл Эдомго сакчыларын койду, бєткєл эдомдуктар Дљљткљ кул болушту. Дљљт кайсы жерге барбасын, Тењир аны бардык жерде сактап жєрдє.
15 Ошентип, Дљљт бєт Ысрайылга падышачылык кылды. Ал љз элин адилеттєєлєк жана калыстык менен башкарды.
16 Серуянын уулу Жойап болсо аскер башчы болчу. Акилуттун уулу Жошапат тарыхчы эле.
17 Акитуптун уулу Садок жана Абыйатардын уулу Акимелек ыйык кызмат кылуучулар, Серая болсо катчы болчу.
18 Жойаттын уулу Беная болсо керейликтер менен пелейликтердин єстєнљн башкаруучу, Дљљттєн уулдары падыша сарайында биринчи кызматчылар эле.
1 Дљљт: «Шабулдун тукумунан калдыбы? Жонатан єчєн ага жакшылык кылат элем», – деди.
2 Шабулдун єйєндљ Сиба деген кулу бар болчу. Аны Дљљткљ чакырып келишти, падыша андан: «Сиба деген сенсињби?» – деп сурады. Ал: «Ооба, менмин, сенин кулуњ», – деп жооп берди.
3 Падыша ага мындай деди: «Шабулдун тукумунан дагы ким бар? Мен ага Кудайдын ырайымын кљрсљтљм». Сиба падышага: «Жонатандын аксак уулу бар», – деди.
4 Падыша андан: «Ал кайда?» – деп сурады. Сиба падышага: «Ал Амиелдин уулу Махирдин єйєндљ, Ло-Дебарда», – деп жооп берди.
5 Дљљт падыша киши жиберип, аны Амиелдин уулу Махирдин єйєнљн, Ло-Дебардан алдырды.
6 Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешет Дљљттєн алдына келип, жєзтљмљндљп жыгылып таазим кылды. Дљљт: «Мепибешет!» – деди. Мепибешет: «Мына сенин кулуњ», – деп жооп берди.
7 Дљљт ага: «Коркпо, мен сага сенин атањ Жонатан єчєн жакшылык кыламын. Атањ Шабулдун жерлеринин баарын сага кайрып берем, сен дайыма менин дасторконумдан тамактанасыњ», – деди.
8 Ошондо Мепибешет таазим кылып: «Сенин кулуњ ким эле? Мендей љлгљн итке эмнеге кљз кырыњды салдыњ?» – деди.
9 Анан падыша Шабулдун кулу Сибаны чакырып, мындай деди: «Шабулга жана анын тукумуна эмне тиешелєє болсо, ошонун баарын сенин мырзањдын уулуна бердим.
10 Балдарыњ жана кулдарыњ менен анын жерин иштеткин, анын тєшємєн жыйна, мырзањдын уулунун жээр азыгы болсун. Мырзањдын уулу Мепибешет болсо дайыма менин дасторконумдан тамактанат». Сибанын он беш уулу жана жыйырма кулу бар эле.
11 Сиба падышага: «Мырзам падыша љз кулуна эмнени буйрук кылса, кулуњ ошонун баарын аткарат», – деди. Падышанын балдарынын бириндей эле, Мепибешет Дљљттєн дасторконунан тамактанчу.
12 Мепибешеттин Миха деген жаш баласы бар эле. Сибанын єйєндљ жашагандардын баары Мепибешеттин кулдары эле.
13 Мепибешет Иерусалимде жашады, анткени ал дайыма падышанын дасторконунан тамактанчу. Ал эки бутунан тењ аксап басчу.
1 Бир нече мезгил љткљндљн кийин Амон падышасы љлєп, анын ордуна уулу Ханун падыша болду.
2 Дљљт: «Атасынын мага кылган жакшылыгы єчєн, мен Нахаштын уулу Ханунга жакшылык кыламын», – деди. Дљљт Ханунга кљњєл айтуу єчєн, љз кулдарын жиберди. Дљљттєн кулдары Амон жерине келишти.
3 Бирок Амон тљрљлљрє љздљрєнєн мырзасы Ханунга мындай дешти: «Эмне, Дљљт сенин атањды сыйлаганынан сага кљњєл айтуучуларды жиберди деп ойлоп жатасыњбы? Дљљт сага љз кулдарын шаарды карап чыгууга, чалгындоого, андан соњ талкалоого жиберип жєрбљсєн?»
4 Ошондо Ханун Дљљттєн кулдарын кармап алып, алардын ар биринин сакалынын жарымын кырып, кийимдерин белинен ылдый кесип, коё берди.
5 Бул жљнєндљ Дљљткљ билдиришкенде, ал алардын алдынан тосууга кишилерди жиберди, анткени алар маскара болушкан эле. Падыша аларга мындай деп айттырууну буйруду: «Сакалыњар љскєчљ, Жериходо тура тургула, анан кайтып келгиле».
6 Амондуктар љздљрєнєн Дљљткљ жек кљрєндє болуп калышканын билип, Бейт-Рекоп менен Собадан сириялык жыйырма мињ жљљ аскер, Мааха падышасынан мињ адам, Тобадан он эки мињ адам жалдаганы кишилерди жиберишти.
7 Дљљт муну укканда, Жойапты эр жєрљк аскерлери менен жљнљттє.
8 Салгылашууга чыккан амондуктар дарбаза алдына тизилишти, ал эми Рехоп менен Собадан келген сириялыктар, Мааха менен Тобадан келген кишилер талаада турушту.
9 Жойап душмандын аскеринин алдынан да, артынан да љзєнљ каршы коюлганын кљрдє. Ошондо ал Ысрайылдын тандамал жоокерлеринин ичинен мыктыларын тандап алып, сириялыктарга каршы катарга тургузду.
10 Ал эми элдин калган бљлєгєн љзєнєн бир тууганы Абышайга тапшырды, аларды ал амондуктарга каршы тизди.
11 Жойап мындай деди: «Эгер сириялыктар мени жењип бара жатса, сен мага жардамга келесињ; эгер амондуктар сени жење баштаса, мен сага жардамга келем.
12 Кайраттуу болгун, љз элибиз єчєн, Кудайыбыздын шаарлары єчєн бекем туралы, Тењир болсо Љзєнљ жакканды кылат».
13 Ошентип, Жойап жанындагы эл менен сириялыктарга каршы согушка кирди, сириялыктар андан качып жљнљштє.
14 Амондуктар болсо сириялыктардын качканын кљргљндљ, Абышайдан качып, шаарга бет алышты. Жойап амондуктардан кайтып, Иерусалимге келди.
15 Сириялыктар љздљрєнєн ысрайылдыктардан жењилгенин кљргљндљ, баары бир жерге чогулду.
16 Ададезер суунун аркы љйєзєндљгє сириялыктарды чакырууга киши жиберди. Алар Хейламга келишти. Ададезердин аскер башчысы Шобак болсо аларга жетекчилик кылды.
17 Дљљткљ бул жљнєндљ билдиргенде, ал ысрайылдыктардын бардыгын жыйнап, Иордандан љтєп, Хейламга келди. Сириялыктар Дљљткљ каршы тизилип, аны менен салгылашышты.
18 Бирок сириялыктар ысрайылдыктардан качып жљнљштє. Дљљт сириялыктардын жети жєз майдан арабасы менен кырк мињ атчан жоокерин жок кылды. Аскер башчы Шобакты да љлтєрдє, ал ошол жерде љлдє.
19 Ададезерге баш ийген бардык падышалар љздљрєнєн ысрайылдыктардан жењилгенин кљрєшкљндљ, алар менен тынчтык келишимин тєзєп, багынып беришти. Ошондон кийин сириялыктар амондуктарга жардам берєєдљн коркуп калышты.
1 Бир жылдан кийин, падышалар жортуулга чыкчу учурда Дљљт Жойапты љзєнєн кулдары жана бардык ысрайылдыктар менен жљнљттє. Алар амондуктарды талкалап, Рабени курчап алышты. Дљљт болсо Иерусалимде калган.
2 Бир кєнє Дљљт кечке жуук тљшљгєнљн туруп, падыша сарайынын чатырында ары-бери басып жєрєп, сууга тєшєп жаткан бир аялды кљрдє. Ал аял абдан сулуу эле.
3 Дљљт анын кайсы аял экенин билєєгљ киши жиберди. Ага: «Ал – Элиямдын кызы, хеттик Урийдин аялы Бат-Шеба», – деп айтышты.
4 Дљљт аялды алып келєєгљ кулдарын жиберди. Аял ага келди, ал аны менен жатты. (Аял љзєнєн таза эместигинен тазаланды). Анан ал єйєнљ кайтты.
5 Аялдын боюна бєттє. Ал Дљљткљ киши жиберип: «Менин боюмда бар», – деп айттырды.
6 Дљљт Жойапка киши жиберип: «Хеттик Урийди мага жибер», – деп айттырды. Жойап Урийди Дљљткљ жиберди.
7 Урий келгенде, Дљљт андан Жойаптын, элдин абалы жана согуштун жєрєшє тууралуу сурады.
8 Анан Дљљт Урийге: «Yйєњљ барып, бутуњду жуу», – деди. Урий падышанын єйєнљн чыкты, падыша анын артынан белек берип жиберди.
9 Бирок Урий љз мырзасынын кулдары менен падыша єйєнєн дарбазасынын жанында уктады, єйєнљ барган жок.
10 Дљљткљ: «Урий єйєнљ барган жок», – деп билдиришти. Ошондо Дљљт Урийден: «Жол жєрєп келдињ. Эмне єчєн єйєњљ барган жоксуњ?» – деп сурады.
11 Урий Дљљткљ: «Келишим сандыгы да, Ысрайыл да, Жєйєт да чатырларда болсо, Жойап мырзам, мырзамдын кулдары майдан талаасында жєрсљ, мен єйємљ барып, ичип-жеп, аялым менен жатмак белем! Сенин љмєрєњ менен, сенин жаныњ менен ант берем, андай кылбайм», – деп жооп берди.
12 Дљљт Урийге: «Бєгєн да бул жерде кал, эртењ мен сени коё берем», – деди. Ошентип, ошол кєнє да, эртеси кєнє да Урий Иерусалимде калды.
13 Дљљт аны чакырды, Урий анын алдында ичип-жеди, Дљљт аны мас кылды. Бирок Урий кечинде мырзасынын кулдары менен љз тљшљгєнљ жатканы кетти, єйєнљ барган жок.
14 Эртењ менен Дљљт Жойапка кат жазып, аны Урийден берип жиберди.
15 Ал катка мындай деп жазган эле: «Урийди эњ катуу салгылаш болуп жаткан жерге койгула, љлємгљ дуушар болушу єчєн, аны жалгыз калтыргыла, ал майданда љлсєн».
16 Ошон єчєн Жойап љзє курчап алган шаардын эр жєрљк адамдары турган жерге Урийди койду.
17 Ошол шаардын эли чыгып, Жойап менен салгылашты, Дљљттєн кулдарынан да, элден да бир нече адам курман болду. Хеттик Урий да љлдє.
18 Жойап Дљљткљ согуштун жєрєшє жљнєндљ толук маалымат бериш єчєн киши жљнљттє.
19 Чабарманга мындай буйрук кылды: «Падышага жалпы согуштун жєрєшєн айтып бєткљндљ,
20 падыша ачууланып, сага: “Эмне єчєн силер шаарга ошончолук жакын барып согуштуњар? Силерди дубалдын єстєнљн атышарын билген жоксуњарбы?
21 Жеруп-Баалдын уулу Абы-Мелекти ким љлтєрдє эле? Ал Тейбесте бир аял жаргылчактын ташынын сыныгын дубалдан таштап жибергенде љлбљдє беле. Дубалга эмнеге ошончолук жакын бардыњар?” – деп айтса, сен: “Кулуњ хеттик Урий да љлдє”, – де».
22 Чабарман Дљљткљ келип, Жойап эмне єчєн жибергенин, согуштун жєрєшє жљнєндљ толук маалымат берди.
23 Ошондо чабарман Дљљткљ мындай деди: «Тигилер бизге каршы талаага чыгышты, бирок биз аларды дарбазага чейин кууп бардык.
24 Ошондо жаа тарткычтар кулдарыња дубалдан жебе тартышты, падышанын кулдарынан кээ бирљљлљрє љлєштє. Алардын ичинен кулуњ хеттик Урий да љлдє».
25 Дљљт ошондо чабарманга мындай деди: «Жойапка айт: “Мейли, бул иш єчєн сен кыйналбай эле кой, анткени кылыч бирде тигинин, бирде мунун башын кыят. Шаарга каршы согушту кєчљтєп, аны кыйрат”. Сен ага ушинтип кайрат бер».
26 Урийдин аялы кєйљљсє љлгљнєн угуп, кєйљљсєн жоктоп ыйлады.
27 Аза кєтєє убактысы бєткљндљн кийин, Дљљт киши жиберип, аны љз єйєнљ алдырды. Ошентип, ал анын аялы болуп калды. Ал ага уул тљрљп берди. Бирок Дљљттєн бул кылганы Тењирдин алдында жийиркеничтєє болчу.
1 Тењир Натанды Дљљткљ жиберди. Ал ага келип, мындай деди: «Бир шаарда эки адам болуптур, бири бай, бири кедей экен.
2 Бай адамдын абдан кљп майда жандыктары, бодо малы бар экен.
3 Ал эми кедейдин сатып алган козусунан башка эч нерсеси жок эле. Ал аны багып, балдары менен бирге чоњойткон. Ал эмне жесе, козу да ошондон жеп, анын чљйчљгєнљн ичип, койнуна жатып, кызындай болуп калган.
4 Бай адамдыкына бир жолоочу келет. Ал љзєнєкєнљ келген жолоочудан љз койлору менен љгєздљрєн аяп, кедейдин козусун алып, келген кишиге бышырып берет».
5 Дљљт ошол адамга абдан кыжырданып, Натанга мындай деди: «Тењир тирєє! Муну кылган адам љлємгљ татыктуу.
6 Ал бул кылганы єчєн, таш боордугу єчєн козунун ордун тљрт эсе тљлљп берсин».
7 Ошондо Натан Дљљткљ мындай деди: «Ошол киши сенсињ. Ысрайылдын Кудай-Тењири мындай дейт: “Мен сени Ысрайылга падыша кылгам, Мен сени Шабулдун колунан куткаргам.
8 Сага мырзањдын єйєн жана аялдарын бердим, Ысрайыл менен Жєйєт тукумун бердим, эгерде бул сага аздык кылса, анын єстєнљ дагы кљп нерсени кошуп берет элем.
9 Тењирдин алдында жаман иш кылып, Анын сљзєн эмнеге барк алган жоксуњ? Хеттик Урийди кылыч менен љлтєрдєњ, анын аялын љзєњљ аял кылып алдыњ, аны амондуктардын кылычы менен љлтєрдєњ.
10 Мени барк албаганыњ єчєн, Урийдин аялын алып алганыњ єчєн, эми сенин тукумуњдан эч качан кылыч кетпейт”».
11 Тењир мындай дейт: «Мен сага љз тукумуњ жамандык кылгыдай кылам, љзєњдєн кљз алдыњда аялдарыњды алып, жакыныња берем, ал сенин аялдарыњ менен ачык эле жатат.
12 Сен жашыруун жасадыњ, ал эми Мен муну бєткєл Ысрайыл алдында ачык жасайм».
13 Ошондо Дљљт Натанга: «Мен Тењирдин алдында кєнљљ кылдым», – деди. Натан Дљљткљ: «Тењир кєнљљњдє кечирди, сен љлбљйсєњ.
14 Бирок ушул ишињ менен душмандарынын Тењирди жамандоосуна себепкер болгонуњ єчєн, тљрљлгљн балањ љлљт», – деди.
15 Анан Натан љз єйєнљ кайтты. Тењир Урийдин аялы тљрљгљн Дљљттєн баласына оору жиберди, ал ооруп калды.
16 Дљљт наристе єчєн Кудайга сыйынып, орозо кармап, љзєнчљ бљлєнєп, жерге жатып тєн љткљрдє.
17 Жаткан жеринен тургузууга љз уруусундагы аксакалдар киришти, бирок ал тургусу келген жок, алар менен тамактанган жок.
18 Жетинчи кєнгљ караган кєнє бала љлдє, кулдары баланын љлгљнєн Дљљткљ угузуудан коркушту, анткени алар: «Бала тирєє кезинде эле, биз ага айтканбыз, бирок ал бизди укпай койгон. Эми “Бала љлдє” деп кантип айтабыз? Ал љзєнљ залал келтирип коёт», – дешти.
19 Дљљт кулдарынын бири-бири менен шыбырашып турганын кљрєп, баланын љлгљнєн тєшєндє да, алардан: «Бала љлдєбє?» – деп сурады. Алар: «Ооба, љлдє», – деп жооп беришти.
20 Ошондо Дљљт жерден туруп, жуунуп, майланып, кийимин которду да, Тењирдин єйєнљ барып, Тењирге таазим кылды. Yйєнљ кайтып, тамак сурады. Ага тамак алып келишти, ал жеди.
21 Ошондо кулдары андан: «Бала тирєєсєндљ, сен орозо кармап ыйладыњ, ал эми бала љлгљндљн кийин туруп тамактандыњ. Муну кандай тєшєнсљ болот?» – деп сурашты.
22 Дљљт мындай деп жооп берди: «Бала тирєєсєндљ мен орозо кармап ыйладым, анткени ким билет, балким, Тењир мага ырайым кылып, бала тирєє калабы деп ойлодум.
23 Эми ал љлдє. Эмнеге орозо кармамак элем? Эми мен аны кайра алып келе алмак белем? Мен ага барам, ал болсо мага кайрылып келбейт».
24 Дљљт Бат-Шебаны сооротуп, аны менен жатты. Ал уул тљрљп, атын Сулайман койду. Тењир Сулайманды сєйдє.
25 Тењир Натан пайгамбарды жиберди, ал Тењирдин сљзє боюнча наристеге Жедидия деген ат койду.
26 Жойап амондуктарга кол салып, падыша шаары Рабени басып алды.
27 Анан Жойап Дљљткљ мындай деп айттырып жиберди: «Мен Рабеге кол салып, шаардын суусун ээлеп алдым.
28 Эми калган элди чогултуп, шаарды курчап, аны каратып ал, анткени аны мен алсам, анда ага менин атым коюлат».
29 Дљљт бєткєл элди чогултту да, барып, Рабеге кол салып, шаарды басып алды.
30 Дљљт алардын падышасынын башындагы таажысын алып, аны љз башына кийди. (Таажы бир талант алтындан, кымбат баалуу таштардан жасалган эле). Дљљт ал шаардан кљп олжо алып чыкты.
31 Дљљт ал шаардын элин алып чыгып, араа, темир мала, темир балта менен иштетти, мешке кыш бышыртты. Амондуктардын бардык шаарларын ал ушундай кылды. Ошондон кийин Дљљт бєт эли менен Иерусалимге кайтып келди.
1 Ошондон кийин мындай окуя болду: Дљљттєн уулу Абышаломдун Тамар деген сулуу карындашы бар эле. Дљљттєн уулу Амнон аны сєйєп калды.
2 Амнон карындашы Тамар єчєн аябай кайгыргандыктан, ооруп калды, анткени ал кыз эле, ага бир нерсе кылуу Амнон єчєн кыйын сезилчє.
3 Амнондун Жонадап деген абдан айлакер досу бар болчу. Ал Дљљттєн бир тууганы Шимдин уулу эле.
4 Ал Амнондон: «Кєн љткљн сайын эмнеге арыктап бара жатасыњ, канзаада, мага ачык айта алар бекенсињ?» – деп сурады. Амнон: «Аталаш агам Абышаломдун карындашы Тамарды сєйєп калдым», – деп жооп берди.
5 Жонадап ага мындай деди: «Тљшљгєњљ жатып, оорумуш болуп кал. Атањ сени кљргљнє келгенде: “Карындашым Тамар келип, мага тамак берсин. Ал менин кљзємчљ тамак жасасын, мен кљрєп турайын, анын колунан тамак жейин”, – деп айт».
6 Ошентип, Амнон жатып, оорумуш болуп калды. Ошондо падыша аны кљргљнє келди. Амнон падышага мындай деди: «Карындашым Тамар келсин, менин кљзємчљ бир-эки нан бышырып берсин, мен анын колунан нан жейин».
7 Дљљт Тамардын єйєнљ: «Бир тууганыњ Амнондун єйєнљ барып, ага тамак жасап бер», – деп айттырып жиберди.
8 Тамар агасы Амнондукуна барды. Ал тљшљктљ жаткан. Ал ун алып, камыр жууруп, анын кљзєнчљ даярдап, нан бышырды.
9 Табаны алып, анын алдына койду, бирок ал жегиси келбеди. Амнон: «Yйдљгєлљрдєн баары чыгып кетсин», – деди. Баары чыгып кетти.
10 Ошондо Амнон Тамарга: «Тамакты єйдєн ички бљлмљсєнљ алып бар, мен аны сенин колуњдан жейин», – деди. Тамар бышырган нанын агасы Амнондун ички бљлмљсєнљ алып барды.
11 Жесин деп, кыз анын алдына койгондо, ал аны кармап алып: «Кел, карындашым, мени менен жат», – деди.
12 Бирок кыз мындай деди: «Жок, агатайым, менин абийиримди булгаба, анткени Ысрайылда мындай кылууга болбойт, мындай жийиркеничтєє ишти кыла кљрбљ.
13 Абийирим булганып калгандан кийин, мен кайда барам? Сен љзєњ да Ысрайылдагы акылсыз адамдардын бири болосуњ. Падыша менен сєйлљш, ал каршы болбойт, мени сага берет».
14 Бирок ал анын сљзєн уккусу келген жок, кєчкљ салып зордуктап, аны менен жатты.
15 Анан Амнон аны абдан жек кљрєп калды, ошол жек кљрєєсє ага болгон сєйєєсєнљн да кєчтєє болду. Анан Амнон ага: «Тур да, кет», – деди.
16 Тамар: «Жок, мени кубалап чыкканыњ биринчи жасаган ишињден да жаман», – деди. Бирок Амнон аны уккусу келген жок.
17 Ал љзєнљ кызмат кылган уланды чакырып: «Муну сыртка кууп чыгып, эшикти бекитип кой», – деди.
18 Кыздын кийими тєрдєє тєстєє эле, анткени мындай кийимди падышанын турмушка чыга элек кыздары кийишчє. Жаш улан аны сыртка кууп чыгып, артынан эшикти бекитти.
19 Тамар башына кєл чачып, кийип жєргљн тєрдєє тєстљгє кийимин айрып, башын мыкчыган бойдон буркурап ыйлап бара жатты.
20 Агасы Абышалом карындашы Тамардан мындай деп сурады: «Сени менен болгон бир тууганыњ Амнон эмеспи? Бирок азыр унчукпа, карындашым, ал сенин бир тууганыњ, бул єчєн кайгырба». Тамар агасы Абышаломдун єйєндљ жалгыз жашады.
21 Бул тууралуу Дљљт падыша угуп, абдан ачууланды.
22 Абышалом Амнон менен жаман-жакшы айтышкан жок, бирок карындашы Тамардын абийирин булгагандыктан, Амнонду жек кљрєп калды.
23 Эки жылдан кийин Эпрайым тоосунда, Баал-Хатсордо Абышаломдун кой кыркыны болуп, Абышалом падышанын бєт уулдарын чакырды.
24 Абышалом падышага келип: «Бєгєн сенин кулуњдун кою кыркылып жатат, ошондуктан падыша жана анын кулдары кулуњ менен барышсын», – деди.
25 Бирок падыша Абышаломго: «Жок, уулум, сага оордук келтирип, баарыбыз барбай эле коёлу», – деди. Абышалом љтљ жалбарып суранды, бирок ал баргысы келген жок, ага батасын берди.
26 Абышалом ага: «Жок дегенде, биз менен бир тууганым Амнон барсын», – деди. Падыша: «Ал эмнеге сени менен бармак эле?» – деди.
27 Бирок Абышалом аны жалынып-жалбарып жатып кљндєрдє, падыша Амнонду жана љзєнєн бардык уулдарын ага кошуп жиберди.
28 Абышалом болсо љзєнєн кулдарына: «Байкап тургула, Амнон шарап ичип, кљњєлє кљтљрєлљ баштаганда, мен силерге: “Амнонду љлтєргєлљ!” – дейм, ошондо аны љлтєргєлљ, коркпогула. Бул менин буйругум, чечкиндєє, эр жєрљк болгула», – деп буйруду.
29 Абышалом буйругандай, Абышаломдун кулдары Амнонду љлтєрєштє. Ошондо падышанын уулдарынын баары туруп, ар кимиси љз качырына минип, качып кетти.
30 Алар жолдо келе жатышканда эле, Дљљткљ “Абышалом падышанын бардык уулдарын љлтєрдє, алардан эч ким тирєє калган жок” деген кабар жетти.
31 Падыша туруп, љз кийимин айрып, жерге кулады, анын алдындагы кулдары да љз кийимдерин айрышты.
32 Бирок Дљљттєн бир тууганы Шимдин уулу Жонадап мындай деди: «Мырзам падышанын уулдары, бардык уландары љлтєрєлдє деп ойлобосун, бир гана Амнон љлдє, анткени Амнон анын карындашынын абийирин булгаган кєндљн баштап, Абышаломдун ойлогон ою ушундай болчу.
33 Ошондуктан мырзам падыша уулдарымдын баары љлдє деп ойлоп тынчсызданбасын. Бир гана Амнон љлдє».
34 Абышалом качып кетти. Кароолдо турган улан башын кљтљрєп, тоонун боорундагы жол менен келе жаткан кљп кишини кљрдє.
35 Ошондо Жонадап падышага: «Мына, кулуњ айткандай болуп чыкты, падышанын уулдары келе жатышат», – деди.
36 Тигил ушинтип айтары менен, падышанын уулдары келип, љкєрєп ыйлашты. Падыша да, кулдары да боздоп ыйлашты.
37 Абышалом болсо Гешур падышасы, Амийут уулу Талмайга качып барды. Дљљт љзєнєн уулу єчєн кєн сайын ыйлап жєрдє.
38 Абышалом Гешурга качып барып, ошол жерде єч жыл болду.
39 Дљљт падыша Абышаломдун артынан тєшкљн жок, анткени Амнондун љлгљнєн унутуп, сооронуп калган эле.
1 Серуянын уулу Жойап Дљљт падышанын оюнун баары Абышалом экенин билди.
2 Жойап Текояга киши жиберип, ал жерден акылдуу аялды алдырып, ага мындай деди: «Кайгырып жаткан аялдай болуп, кара кий, зайтун майын сєйкљнбљ. Кљп кєн аза кєткљн аялдай болуп,
3 падышага бар да, ага мындай деп айт». Жойап ага эмнени айтуу керек экендигин єйрљттє.
4 Текоялык аял падышага кирип, жєзтљмљндљп жерге жыгылып, таазим этти да: «Жардам кыл, падыша!» – деди.
5 «Сага эмне керек?» – деди падыша. Аял: «Мен жесирмин, кєйљљм љлєп калган.
6 Сенин кєњєњдєн эки уулу бар эле. Алар талаада чатакташа кетип, ажыраткан эч ким жок, бирљљ экинчисин љлтєрєп салды.
7 Ошондо бардык туугандар кєњєњљ каршы чыгып: “Љз бир тууганын љлтєргљн балањды бизге бер, бир тууганынын жаны єчєн биз аны мурасчы экенине карабай љлтєрљбєз”, – деп жатышат. Эми алар менин калган отумду љчєрєшљт, кєйљљмдєн атын жер єстєнљн љчєрєп, тукумун калтырышпайт», – деди.
8 Падыша аялга: «Yйєњљ бара бер, мен сен жљнєндљ буйрук берем», – деди.
9 Бирок текоялык аял падышага: «Мырзам падыша, кєнљљ менде жана менин атамдын тукумунда болсун, ал эми падыша жана анын тактысы кєнљљлєє эмес», – деди.
10 Падыша: «Сага ким каршы болсо, аны мага алып кел, ал сага мындан ары тийбейт», – деди.
11 Аял: «Кудай-Тењирињди эсиње ал, падыша, кан куугандар кљбљйєп, уулумду љлтєрєп салышпасын», – деди. Падыша ага: «Тењир тирєє! Уулуњдун бир тал чачы да жерге тєшпљйт», – деди.
12 Аял: «Кєњєњдєн мырзам падышага дагы бир сљз айтуусуна уруксат эт», – деди.
13 Ал: «Айт», – деди. Аял мындай деди: «Сен эмне єчєн Кудайдын элине каршы ушундай кылууну ойлодуњ? Падыша ушул сљздє айтуу менен љзєн љзє айыптуу кылды, анткени куугунтукталган кишисин кайрып келбей жатат.
14 Биз љлљбєз, жерге тљгєлгљндљ, кайра куюп алууга мємкєн эмес болгон суу сыяктуубуз. Бирок Кудай жанды љлємгљ кыюуну каалабайт, четке кагылган адамды да Љзєнљн четке какпоонун жолун ойлойт.
15 Мен азыр ушул сљздє мырзам падышага айтканы келдим, себеби эл мени коркутуп жатат. Мен, сенин кєњєњ, мындай деп ойлодум: “Падыша менен сєйлљшљйєн, балким, кєњєнєн сљзєнљ макул болор.
16 Падыша кулак салып, Кудайдын мурасынын ичинен уулум экљљбєздє жок кылгысы келгендердин колунан кєњєн куткарар”.
17 Мырзам падышанын сљзє мага сооронуч болсун, анткени мырзам падыша Кудайдын периштесиндей эле жаман-жакшыны айырмалай билет. Кудай-Тењирињ сени менен болсун».
18 Падыша аялга: «Сенден бир нерсе сурайын, менден жашырбагын», – деди. Аял: «Айт, мырзам падыша», – деп жооп берди.
19 Падыша: «Ушунун баарын сага Жойап айттырып жаткан жокпу?» – деди. Аял мындай деп жооп берди: «Сенин жаныњ жашасын, мырзам падыша. Мырзам падыша айткан сљздљн оњго да, солго да бурулганга болбойт. Чын эле, мага кулуњ Жойап буйруган, кєњєњдєн оозуна ушул сљздєн баарын ошол салган.
20 Бул ишти башкача жол менен айтууну мага кулуњ Жойап єйрљттє, бирок менин мырзам Кудайдын периштесиндей акылдуу, жер єстєндљ эмне болуп жатканынын баарын билет».
21 Падыша Жойапка: «Мен сен айткандай кылдым. Барып, менин балам Абышаломду алып кел», – деди.
22 Ошондо Жойап жєзтљмљндљп жыгылып, таазим кылып, батасын берди да: «Мырзам падыша, кулуњ сенин алдыњда ырайым тапканын, кулунун сљзєн падыша аткарганын азыр билди», – деди.
23 Жойап туруп, Гешурга барып, Абышаломду Иерусалимге алып келди.
24 Падыша: «Ал љз єйєнљ кайтсын, бирок менин жєзємдє кљрбљйт», – деди. Абышалом љз єйєнљ кетти, бирок падышанын жєзєн кљргљн жок.
25 Ысрайылда келишимдєєлєгє менен оозго алынган Абышаломдой эркек жок эле. Ал таманынан башына чейин кемчиликсиз болчу.
26 Ал чачын алдырганда (ал жыл сайын чачын алдырчу, себеби чачы оор болуп кетчє), салмагы падышачылык љлчљм менен эки жєз шекел болчу.
27 Абышалом єч уулдуу, Тамар деген бир кыздуу болду. Тамар сулуу аял эле.
28 Абышалом Иерусалимде эки жыл жашады, бирок падышанын жєзєн кљргљн жок.
29 Абышалом Жойапты падышага жиберєє єчєн, ага киши жљнљттє, бирок Жойап ага келєєнє каалаган жок. Дагы бир жолу жљнљттє, бирок ал келгиси келген жок.
30 Ошондо Абышалом љзєнєн кулдарына: «Жойаптын жери менин жеримдин жанында экенин билесињер. Ошол жерде анын арпасы бар эмеспи. Баргыла да, љрттљп жибергиле», – деди. Абышаломдун кулдары Жойаптын жерин љрттљп жиберишти.
31 Жойап туруп, Абышаломдун єйєнљ келди да, ага: «Эмне єчєн сенин кулдарыњ менин жеримди љрттљп жиберишти?» – деди.
32 Абышалом Жойапка мындай деди: «Падышага: “Гешурдан эмнеге келдим? Ошол жерде калганым артык эмес беле! Падышанын жєзєн кљргєм келет. Эгерде мен кєнљљлєє болсом, анда мени љлтєрєп сал”, – деп айттырыш єчєн, мен сени чакыртканы киши жибергем».
33 Жойап падышага барып, ушул сљздљрдє айтып берди. Падыша Абышаломду чакырды. Ал келип, падышанын алдына жєзтљмљндљп жыгылды. Падыша Абышаломдун жєзєнљн сєйдє.
1 Ошондон кийин Абышалом љзєнљ аттарды, майдан арабаларды жана элєє жљљ кєлєк топтоду.
2 Абышалом эртењ менен эрте туруп, жол боюндагы дарбазанын жанында туруп алып, кимдир бирљљ арыз-муњун айтканы падышага, сотко бара жатса, аны љзєнљ чакырып: «Кайсы шаардансыњ?» – деп сурачу. Тиги: «Кулуњ Ысрайылдын баланча деген уруусунан», – деп жооп бергенде,
3 Абышалом ага: «Сенин ишињ жакшы, адилеттєє экен, бирок падышанын сени уга турган эч кимиси жок», – дечє.
4 Абышалом: «Оо, мени бул жерге башкаруучу кылганда, талаш-тартышы, арыз-муњу барлардын баары мага келмек, аларга мен адилет љкєм чыгармакмын», – деп айтчу.
5 Кимдир бирљљ анын жанына келип, таазим кылмакчы болгондо, ал колун сунуп, аны кучактап љпчє.
6 Падышага даттанып келген ар бир ысрайылдыкка ушундай мамиле кылып, Абышалом акырындап ысрайылдыктардын ишенимине кире берди.
7 Кырк жылдан кийин, Абышалом падышага мындай деди: «Мен Хебронго барып, Тењирге берген убадамды аткарайын.
8 Анткени мен, кулуњ, Гешурда, Сирияда жашап турганда, мындай деп убада бергем: “Эгер Тењир мени Иерусалимге кайтарса, анда мен Тењирге курмандык чалам”».
9 Падыша ага: «Тынчтык менен баргын», – деди. Ал туруп, Хебронго бет алды.
10 Абышалом Ысрайылдын бєт урууларына чалгынчыларын жљнљтєп жатып, мындай деди: «Силер сурнай єнєн укканда: “Абышалом Хебронго падыша болду”, – дегиле».
11 Абышалом чакырган эки жєз киши эч жаман ойлобой, иштин чоо-жайын билбей эле Иерусалимден Абышалом менен бирге жљнљдє.
12 Курмандык чалуу убагында Абышалом Дљљттєн кењешчиси, гилолук Акитопелди Гило шаарынан киши жиберип чакыртты. Дљљткљ каршы чоњ козголоњ уюштурулуп, Абышаломдун жанына чогулгандар кљбљйљ берди.
13 Дљљткљ кабарчы келип: «Ысрайылдыктар Абышалом тарапка ооп кетти», – деди.
14 Дљљт љзєнєн Иерусалимдеги бєт кулдарына: «Тургула, качалы, анткени Абышалом бизди соо койбойт, тездегиле. Ал бизди кууп жетип, кармап алып, шаарыбыздын элин кылычтап кырып, башыбызга мєшкєл тєшєрбљсєн», – деди.
15 Падышанын кулдары падышага: «Мырзабыз падыша эмне десе, кулдарыњ ошону кылууга даяр», – дешти.
16 Падыша бєт єй-бєлљсє менен жљљ чыкты. Yйдє кайтарганга падыша љзєнєн он кєњ аялын калтырды.
17 Падыша менен кошо жљљ чыккан эл Бейт-Амеркакка келип, ошол жерге токтоду.
18 Анын бардык кулдары жанында бара жатышты, бардык керейликтер, пелейликтер, аны менен бирге Гаттан келген алты жєз киши – гаттыктар падышанын алдында бара жатышты.
19 Падыша гаттык Итайга мындай деди: «Эмнеге сен да биз менен бара жатасыњ? Кайткын да, тиги падыша менен кал, анткени сен бљтљн жерликсињ, бул жерде сен келгинсињ.
20 Сен кечээ эле келсењ, бєгєн мен сени биз менен кетєєгљ зордомок белем? Мен башым оогон жакка бара жатам. Кайткын, бир туугандарыњды да ала кет. Ырайым жана чындык сени менен болсун!»
21 Итай падышага: «Тењир тирєє, мырзам падыша жашасын. Љлсљ да, жашаса да, мырзам падыша кайда болбосун, кулуњ да сени менен ошол жерде болот», – деп жооп берди.
22 Дљљт Итайга: «Болуптур, мени менен бирге жєр», – деди. Ошентип, гаттык Итай жана анын бардык адамдары, балдарынын баары бирге жљнљштє.
23 Ошондо бєт љлкљ боздоп ыйлады. Эл менен падыша Кидрон суусун кечип љттє. Бєт эл чљлгљ кеткен жолго тєштє.
24 Садок менен бардык лебилер Бетарадан Кудайдын келишим сандыгын кљтљрєп келишип, аны жерге коюшту. Бєт эл шаардан чыгып кеткиче, Абыйатар бийик жерде турду.
25 Падыша Садокко мындай деди: «Кудайдын келишим сандыгын шаарга кайра алып бар. Эгер Тењирдин алдында ырайым тапсам, анда Ал мени кайра алып келет, аны да, анын турак жайын да кљрсљтљт.
26 Эгерде Тењир: “Мен сага ырайым кылбайм”, – десе, анда мен мына! Ал мага Љз каалаганындай кылсын».
27 Падыша ыйык кызмат кылуучу Садокко мындай деди: «Љзєњ кљрєп турбайсыњбы, тынчтык менен кайра шаарга кайт. Сен љзєњдєн уулуњ Акимаасты, Абыйатар љзєнєн уулу Жонатанды алып, шаарга кеткиле.
28 Силерден мага кабар келгиче, мен чљл тєздєгєндљ кармала турам».
29 Ошондо Садок менен Абыйатар Кудайдын келишим сандыгын Иерусалимге кайра алып барышты да, ошол жерде калышты.
30 Дљљт болсо Зайтун тоосуна ыйлап чыгып бара жатты. Башын жаап алып, жылањайлак кетип бара жаткан эле. Аны менен кошо бара жаткан эл да башын жаап алып, ыйлап бара жатты.
31 Дљљткљ: «Акитопел да Абышалом менен бирге кастык уюштургандардын ичинде экен», – деп кабарлашты. Дљљт: «Оо Тењирим! Акитопелдин кењешин буза кљр», – деди.
32 Дљљт тоонун чокусуна, Кудайга табынуучу жайга чыкканда, бет алдынан архилик досу Хушай чыкты. Анын кийими айрылган, башы топурак экен.
33 Дљљт ага мындай деди: «Эгер сен мени менен бара турган болсоњ, мен єчєн оор болот.
34 Тескерисинче, шаарга кайтып, Абышаломго: “Падыша, мен сенин кулуњмун. Буга чейин сенин атањдын кулу болчумун, азыр болсо сенин кулуњмун”, – десењ, ошондо мен єчєн Акитопелдин кењешин бузасыњ.
35 Ал жерде ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатар сени менен болот, падышанын єйєнљн уккан сљздљрдє аларга айтып тур.
36 Ал жерде алардын эки уулу бар: Садоктун уулу Акимаас, Абыйатардын уулу Жонатан. Укканыњардын баарын ошолор аркылуу мага билдиргиле».
37 Ошондо Дљљттєн досу Хушай шаарга келди. Ошол кезде Абышалом Иерусалимге кирєєгљ даярданып жаткан эле.
1 Дљљт тоонун чокусунан бир аз ылдый тєшкљндљ, эки эшекке эки жєз нан, жєз тањгак мейиз, жєз тањгак анжыр, бир чанач шарап артып алган Мепибешеттин кулу Сиба жолукту.
2 Падыша Сибадан: «Буларды эмне кыласыњ?» – деп сурады. Сиба: «Эшектер падышанын єй-бєлљсє мингенге, нан менен жемиштер жаш уландарга, ал эми шарап чљлдљ алсырап калгандарга», – деп жооп берди.
3 Падыша: «Мырзањдын уулу кайда?» – деп сурады. Сиба падышага мындай деп жооп берди: «Ал Иерусалимде калды. Анткени ал: “Эми Ысрайыл тукуму мага атамдын падышачылыгын кайтарып берет”, – деп айтып жатат».
4 Ошондо падыша Сибага: «Мепибешеттин эмнеси болсо, ошонун баары сеники болсун», – деди. Сиба таазим этип: «Мырзам падышанын алдында ырайым тапсам экен!» – деп жооп берди.
5 Дљљт падыша Бакуримге жеткенде, Шабулдун тукумунан Гейранын уулу Шемей деген бир киши чыкты. Ал Дљљттє тилдеп келе жатты.
6 Ал Дљљткљ, Дљљт падышанын бєт кулдарына таш ыргытып келе жатты. Бардык эр жєрљк кишилер падышанын оњ жана сол жагында эле.
7 Шемей аны: «Жєзє кара, киши љлтєргєч, жогол, бул жерден кет.
8 Тењир Шабулдун тукумунун каны єчєн сени жазалап жатат, сен анын ордуна падыша болгонсуњ. Бирок Тењир падышачылыкты уулуњ Абышаломдун колуна берди. Мына, сенин башыња мєшкєл тєштє, анткени сен канкорсуњ», – деп тилдеди.
9 Ошондо Серуянын уулу Абышай падышага: «Мырзам падышаны мына бул љлгљн ит эмнеге тилдеп жатат? Мен барып, анын башын аламын», – деди.
10 Падыша мындай деди: «Серуянын уулдары, мен эмне кыла алмак элем да, силер эмне кыла алмак элењер? Мейли, тилдей берсин, анткени Дљљттє тилде деп, ага Тењир буйруган. “Сен эмнеге ушундай кылып жатасыњ?” – деп, ага ким айта алат?»
11 Дљљт Абышайга жана љз кулдарына дагы мындай деди: «Љзємдљн чыккан уулум мени љлтєргєсє келип жатса, Бенжеминдин уулу андан бетер кылбайбы. Жайына койгула, тилдей берсин, анткени ага Тењир буйруган.
12 Балким, Тењир басынтылганыма назар салар, ал бєгєн мага тил тийгизгени єчєн Тењир мага жакшылык кылар».
13 Дљљт љз кишилери менен, љз жолу менен кете берди, Шемей болсо тилдеп, ага таш ыргытып, топурак чачып, тоонун капталында бара жатты.
14 Падыша жана анын жанындагы алсыраган бєт эл ошол жерге келип эс алды.
15 Абышалом болсо бєт Ысрайыл эли менен Иерусалимге келди, аны менен Акитопел да келди.
16 Дљљттєн архилик досу Хушай Абышаломго келип: «Жашасын падыша, жашасын падыша!» – деди.
17 Абышалом Хушайга: «Досуња кылган жакшылыгыњ ушулбу! Эмнеге досуњ менен кеткен жоксуњ?» – деди.
18 Хушай Абышаломго мындай деди: «Жок, Тењир жана бул эл, бєт Ысрайыл, кимди тандаса, мен ошону менен болом, ошону менен калам.
19 Анын уулуна кызмат кылбаганда, кимге кызмат кылам? Сенин атања кандай кызмат кылсам, сага да ошондой кызмат кылам».
20 Ошондо Абышалом Акитопелге кайрылып: «Эмне кылалы, кењеш бер», – деди.
21 Акитопел Абышаломго: «Атањдын єй кайтартып койгон кєњ аялдарына кир, ошондо бєт ысрайылдыктар атања жек кљрєндє болуп калганыњды угушат, сени менен болгондор да кєч алат», – деди.
22 Ошондо Абышалом єчєн єйдєн тљбљсєнљ чатыр тигишти. Бєт ысрайылдыктардын кљзєнчљ Абышалом атасынын кєњ аялдарына кирди.
23 Ошол учурда Акитопелдин берген кењештери Кудайдын берген кењештериндей эсептелчє. Акитопелдин ар бир кењеши Дљљт єчєн кандай болсо, Абышалом єчєн да ошондой эле.
1 Акитопел Абышаломго мындай деди: «Мен он эки мињ киши тандап алып, ушул тєнє Дљљттєн артынан тєшљйєн.
2 Ал чарчап-чаалыгып, алсырап калганда, мен ага кол салып коркутам. Анын жанындагы элдин баары туш тарапка качып кетет, ошондо мен жалгыз падышаны љлтєрљм,
3 бардык адамдарды сага каратам. Сен љлтєрљ турган адам жок болгондон кийин, бєт элге тынчтык болот».
4 Бул сљз Абышаломго жана Ысрайылдын бєт аксакалдарына жакты.
5 Бирок Абышалом: «Архилик Хушайды чакыргыла. Ал эмне дейт экен, угалы», – деди.
6 Хушай Абышаломго келди, ошондо Абышалом ага: «Акитопел ушундай деди, анын сљзє боюнча кылалыбы? Эгер антпейбиз десењ, анда айт», – деди.
7 Хушай Абышаломго: «Бул жолу Акитопелдин айткан кењеши жакшы эмес», – деп жооп берди.
8 Хушай сљзєн улантты: «Сен атањды жана анын кишилерин билесињ, алар эр жєрљк жана балдарынан ажыраган талаадагы ургаачы аюудай абдан ачуулуу. Сенин атањ – жоокер адам. Ал эл менен чогуу тєнљбљйт.
9 Ушул кезде ал кайсы бир єњкєрдљ же башка жерде жашынып жатат. Эгерде аларга биринчи чабуул койгон киши љлсљ, анда аны уккандар: “Абышаломду ээрчигендер жењилип калышты”, – деп айтышат.
10 Ошондо кабылан жєрљк, кайраттуу шерлердин да кљњєлє чљгєп алсырашат. Анткени сенин атањдын эр жєрљк экенин, анын кишилеринин кайраттуу экенин бєт Ысрайыл билет.
11 Ошондуктан менин кењешим мындай: Дандан Бейер-Шебага чейин дењиз жээгиндеги кумдай сансыз бєт Ысрайыл сенин жаныња чогулсун. Аны љзєњ баштап барасыњ.
12 Ошондо ал кайсы гана жерде болбосун, ага каршы барабыз. Жерге шєєдєрєм тєшкљндљй, ага чабуул коёбуз. Анын жанындагы адамдарынан бирљљ да калбайт.
13 Эгерде ал кайсы бир шаарга кирсе, бєт Ысрайыл аркан алып келет да, аны дайрага сєйрљп тєшљбєз, кыскасы, бир да майда таш калбайт».
14 Ошондо Абышалом жана бєт Ысрайыл: «Акитопелдин кењешинен архилик Хушайдын кењеши жакшы», – деди. Абышаломдун башына мєшкєл тєшєрєє єчєн, Тењир Акитопелдин жакшы кењешин ушинтип бузду.
15 Хушай ыйык кызмат кылуучулар Абыйатар менен Садокко мындай деди: «Абышалом менен Ысрайыл аксакалдарына Акитопел тигиндей кењеш берди, мен болсо мындай кењеш бердим.
16 Азыр Дљљткљ тезирээк киши жибергиле да, минтип айткыла: “Ушул тєнє чљл тєздєгєндљ тєнљй кљрбљ, сени менен кошо жаныњдагы кишилердин баары набыт болбош єчєн, тезирээк љтєп кеткин”».
17 Жонатан менен Акимаас Рогейил булагынын жанында турушкан. Кызматчы аял барып, аларга айтты, алар барып, Дљљт падышага билдиришти, анткени алар шаар ичинде кљрєнбљшє керек эле.
18 Бир жаш улан аларды кљрєп, Абышаломго жеткирди, бирок экљљ тезинен кетишти да, Бакуримдеги бир кишиникине барып, анын короосундагы кудукка тєшєп кетишти.
19 Ал кишинин аялы кудуктун оозуна жабуу жапты да, эч нерсе билинбегендей кылып, єстєнљ акшак чачып салды.
20 Абышаломдун кулдары ошол єйгљ, аялга келип: «Акимаас менен Жонатан кайда?» – деп сурашты. Аял аларга: «Алар љзљндє кечип љтєп кетишти», – деп жооп берди. Алар издеп-издеп таппаган соњ, Иерусалимге кайтып келишти.
21 Алар кетишкен соњ, тигилер кудуктан чыгып, Дљљт падышага: «Тургула да, тезирээк суудан љтєп кеткиле, анткени силерге каршы Акитопел ушундай кењеш берди», – деп билдиришти.
22 Дљљт жана анын жанындагы адамдардын баары туруп, Иорданды кечип љтєштє. Тањга чейин Иорданды кечип љтпљгљн бир да жан калган жок.
23 Акитопел љзєнєн кењешинин аткарылбаганын кљрєп, эшегин токуп, жолго чыкты да, љз шаарына барып, єй-бєлљсєнљ керээзин айтып, асынып љлдє, сљљгє атасынын мєрзљсєнљ коюлду.
24 Анан Дљљт Маханайимге келди, Абышалом бєт Ысрайыл менен Иорданды кечип љттє.
25 Абышалом Жойаптын ордуна Амасаны аскер башчы кылып койду. Амаса изрейелдик Жетер аттуу кишинин уулу эле. Ал Нахаштын кызы Абигейилге жакындаган. Абигейил – Жойаптын энеси Серуянын сињдиси.
26 Абышалом башында турган Ысрайыл кошууну Гилат жерине жайланышты.
27 Дљљт Маханайимге келгенде, амондуктардын Рабесинен Нахаштын уулу Шоби, Ло-Дебардан Амиелдин уулу Махир жана Роглимден гилаттык Барзелай
28 жууркан-тљшљк, табак, чопо идиш, буудай, арпа, ун, таруу, буурчак, кызыл жасмык, куурулган дан алып келди.
29 Алар: «Эл чљлдљ ачкалыктан алсырап, чаалыгып-чарчап, чањкашты», – деп, Дљљткљ жана анын кишилерине азык кылып бал, май, кой, уйдун сєтєнєн быштагын алып келип беришти.
1 Дљљт љзєнєн кишилерин карап чыгып, алардын єстєнљн жєз башы, мињ башыларды койду.
2 Дљљт элдин єчтљн бир бљлєгєнљ Жойапты, єчтљн бир бљлєгєнљ Жойаптын бир тууганы, Серуянын уулу Абышайды, єчтљн бир бљлєгєнљ гаттык Итайды башчы кылып, элди жљнљттє. Падыша элге: «Силер менен љзєм барам», – деди.
3 Бирок эл ага: «Барба, эгер биз кача турган болсок, алар буга кљњєл бурушпайт, жарымыбыз љлсљк да, кљњєл бурушпайт. Жалгыз љзєњ он мињибизге тетесињ, ошондуктан бизге шаардан эле жардам берип турганыњ жакшы», – деди.
4 Падыша аларга: «Силер эмнени жакшы деп эсептесењер, мен ошондой кылам», – деди. Падыша дарбазанын жанында турду, бєт эл жєздљн, мињден болуп чыга баштады.
5 Падыша Жойапка, Абышайга, Итайга: «Уулум Абышаломду мен єчєн сактагыла», – деп буйрук кылды. Падышанын љз жол башчыларына Абышалом жљнєндљ берген буйругун бардык эл укту.
6 Эл талаага ысрайылдыктар менен беттешєєгљ чыкты, салгылашуу Эпрайым токоюнда болду.
7 Ысрайыл эли Дљљттєн кулдарынан жењилди. Ошол кєнє ал жерде чоњ кыйроо болуп, жыйырма мињ адам љлдє.
8 Согуш бєт љлкљгљ жайылды. Ал кєнє кылыч менен кырылганга караганда, токойдон љлгљндљр кљп болду.
9 Абышалом Дљљттєн кулдарына жолугуп калды. Ал качыр минип алган эле. Качыр менен чоњ бутактуу эмен жыгачынын астынан љтєп бара жатканда, Абышалом эмендин бутактарына чачынан илинип, асман менен жердин ортосунда асылып калды, астындагы качыры болсо качып кетти.
10 Муну бирљљ кљрєп, Жойапка: «Мен Абышаломдун эмен дарагына асылып турганын кљрдєм», – деп кабарлады.
11 Жойап муну кабарлаган кишиге: «Сен аны кљрєп туруп, эмне єчєн ошол жерден љлтєргљн жоксуњ? Мен сага он кємєш шекел жана бир кур берет элем», – деди.
12 Ал киши Жойапка мындай деп жооп берди: «Мага мињ кємєш шекел берсе да, падышанын уулуна колумду кљтљрбљйт болчумун, анткени падыша бизге угуза сага да, Абышайга да, Итайга да: “Уулум Абышаломду мен єчєн сактагыла”, – деп буйрук кылбады беле.
13 Эгерде мен љз љмєрємдє тобокелге салып, башкача кылган кєндљ да, бул ишти падыша билбей калмак эмес, љзєњ да мага каршы чыкмаксыњ».
14 Ошондо Жойап: «Мен сага убакыт коротуп отурбайм», – деп, єч жебени колуна алды да, эмен дарагында илинип турган, жаны чыга элек Абышаломдун жєрљгєнљ кадады.
15 Жойаптын курал кљтљргљн он уланы Абышаломду тегеректеп алып љлтєрєштє.
16 Жойап сурнай тартты, Ысрайылды кууган эл артка кайтты, анткени Жойап элди токтотту.
17 Абышаломду алышты да, аны токойдогу терењ ањга таштап, єстєнљ таш єйєп салышты. Анан ысрайылдыктардын бардыгы чатырларына качып кетишти.
18 Абышалом тирєє кезинде эле: «Менин атымды љчєрбљй турган уулум жок», – деп, љзєнљ падыша љрљљнєндљ эстелик тургузуп, ошол эстеликке љз ысымын калтырган. Ушул кєнгљ чейин ал «Абышаломдун эстелиги» деп аталат.
19 Садоктун уулу Акимаас Жойапка: «Мен падышага чуркап барып, аны душмандарынан Тењир Љзє куткарганын кабарлайын», – деди.
20 Бирок Жойап ага: «Бєгєн сен жакшы кабарчы болбойсуњ. Жакшы кабарды бєгєн эмес, башка кєнє кабарлайсыњ, анткени падышанын уулу љлдє», – деди.
21 Жойап куштук кишиге мындай деди: «Баргын, кљргљнєњдє падышага билдир». Куштук киши Жойапка таазим этти да, чуркап кетти.
22 Бирок Садоктун уулу Акимаас кљшљрєп, Жойапка мындай деди: «Эмнеси болсо да, мен да куштук кишинин артынан чуркап барам». Жойап болсо ага: «Уулум, чуркап эмне кыласыњ? Сен жакшы кабар алып барбайсыњ», – деди.
23 Акимаас: «Мен баары бир чуркап барам», – деди. Ошондо Жойап: «Чурка», – деди. Ошентип, Акимаас тєз жол менен чуркап, куштук кишиден ашып кетти.
24 Дљљт ошол учурда эки дарбазанын ортосунда отурган. Кєзљтчє дарбазанын дубалынын єстєнљ чыгып, башын кљтљрєп, бирљљнєн чуркап келе жатканын кљрдє.
25 Ошондо кєзљтчє кыйкырып, падышага кабарлады. Падыша: «Эгер ал жалгыз болсо, анда кабар айтканы келе жатат», – деди. Тиги жакындагандан жакындап келе жатты.
26 Кєзљтчє чуркап келе жаткан экинчи кишини да кљрдє. Анан кєзљтчє дарбазачыга: «Дагы бир киши чуркап келе жатат», – деп кыйкырды. Падыша: «Бул да кабарчы», – деди.
27 Кєзљтчє: «Басканына караганда, биринчиси Садоктун уулу Акимаас окшойт», – деди. Падыша: «Ал – жакшы киши, жакшы кабар менен келе жатат», – деди.
28 Акимаас падышага: «Тынчтык!» – деп кыйкырды. Анан падышага жерге чейин ийилип таазим кылып: «Мырзам падышага кол кљтљргљн адамдарды колуња салып берген Кудай-Тењириње дањк!» – деди.
29 Ошондо падыша: «Уулум Абышалом аманбы?» – деп сурады. Акимаас: «Падышанын кулу Жойап кулуњду жиберип жатканда, дєрбљлљњ тєшєп жатышканын кљрдєм, бирок мен ал жерде эмне болгонун билбейм», – деп жооп берди.
30 Падыша: «Мындай туруп тур», – деди. Ал четке туруп турду.
31 Анан куштук киши да келди. Куштук киши: «Мырзам падышага жакшы кабар! Тењир сага адилеттик кылып, љзєњљ каршы кљтљрєлгљндљрдєн баарынан куткарды», – деди.
32 Падыша куштук кишиге: «Уулум Абышалом аманбы?» – деп кайрылды. Куштук киши: «Мырзам падыша, сенин душмандарыњ, сага жамандык ойлоп каршы чыккандардын баары уулуњ дуушар болгон нерсеге дуушар болсун!» – деп жооп берди.
33 Падыша капаланып, дарбазанын єстєндљгє бљлмљсєнљ кетип бара жатып, мындай деп ыйлады: «Оо, уулум Абышалом! Уулум, уулум Абышалом! Оо, Абышалом, сенин ордуња мен љлсљм кана, уулум!»
1 Жойапка: «Падыша Абышаломду жоктоп ыйлап жатат», – деп айтышты.
2 Ошол кєнкє жењиш бардык эл єчєн ыйга айланды, анткени эл ошол кєнє падышанын уулун жоктоп ыйлап жатканын укту.
3 Согуштан качып келе жатканына уялган адамдардай болуп, эл ошол кєнє шаарга уурданып кирип жатты.
4 Падыша болсо жєзєн жаап алып, љкєрєп жатты: «Уулум Абышалом! Абышалом, уулум, уулум менин!»
5 Жойап падышанын єйєнљ барды да, мындай деп айтты: «Сенин уул-кыздарыњдын, аялдарыњдын жана кєњ аялдарыњдын љмєрєн сактап калган кулдарыњдын бардыгын бєгєн сен уятка калтырдыњ.
6 Љзєњдє жек кљргљндљрдє сєйљсєњ да, сєйгљндљрдє жек кљрљсєњ, анткени жол башчыларыњ менен кулдарыњ сен єчєн эч ким эмес экендигин сен бєгєн кљргљздєњ. Абышалом тирєє калып, биз баарыбыз љлєп калсак, сага жакшы болорун бєгєн билдим.
7 Азыр тургун да, чыгып, кулдарыњдын кљњєлєн кљтљрєп сєйлљ. Эгер чыкпай турган болсоњ, Тењирдин алдында ант берем, бул тєнє сенин жаныњда эч ким калбайт. Ошондо бул жаш кезињден ушул убакка чейин кљргљн бардык кыйынчылыктарыњдан жаман болот».
8 Ошондо падыша туруп келип, дарбазанын алдына отурду. Элдин баарына падышанын дарбазанын алдында отурганын жарыя кылышты. Ошондо бєт эл падышанын алдына келди. Ысрайылдыктар болсо чатырларына качып кетишти.
9 Ысрайылдын бардык урууларындагы бєт эл мындай деп талашып жатышты: «Падыша бизди душмандарыбыздан куткарды, пелиштиликтердин колунан бошотту, азыр болсо љлкљдљн, Абышаломдон качып кетти.
10 Бирок биз љзєбєзгљ падыша кылып майлаган Абышалом согушта љлдє. Эми эмнеге силер падышаны љз єйєнљ алып келбей, кечиктирип жатасыњар?»
11 Дљљт падыша ыйык кызмат кылуучулар Садок менен Абыйатарга киши жиберип, мындай деп айттырды: «Жєйєттєн аксакалдарына айткыла: Силер падышаны єйєнљ биринчилерден болуп кайра алып келсењер болбойбу? Бул бєт Ысрайылда сљз болуп, падышанын єйєнљ эбак эле жетпеди беле?
12 Силер менин бир туугандарым, сљљгєм жана денемсињер. Падышаны љз єйєнљ кайтарууда эмне єчєн силер акыркы болгуњар келет?
13 Анан Амасага айткыла: “Менин сљљгєм да, денем да сен эмес белењ? Эгер сен Жойаптын ордуна љмєрєњ љткљнчљ менин аскер башчым болбосоњ, анда Кудай мени жазаласын, катуу жазаласын!”»
14 Ошентип, ал бардык жєйєттљрдєн жєрљгєн бир кишидей љзєнљ бурду. Ошондо алар падышага: «Љзєњ да, кулдарыњ да кайтышсын», – деп айттырганы киши жиберишти.
15 Падыша кайтып, Иорданга келди. Жєйєттљр падышаны тосуп алып, Иордандан љткљрєє єчєн, Гилгалга келишти.
16 Бенжемин уруусунан бакуримдик Гейранын уулу Шемей шашылган боюнча жєйєттљр менен бирге Дљљт падышаны тоскону жљнљдє.
17 Аны менен Бенжеминден мињ киши, Шабулдун єй башкаруучусу Сиба љзєнєн он беш уулу жана жыйырма кулу менен келишти да, Иордандан љтєп, падышаны тосуп чыгышты.
18 Падышанын єй-бєлљсєн алып љтєє єчєн жана анын каалоосун аткаруу єчєн, сал наркы љйєзгљ љткљндљн кийин, Гейранын уулу Шемей Иордандан љтљрє менен падышанын алдына жыгылды.
19 Ал падышага мындай деди: «Иерусалимден мырзам падыша чыгып бара жаткан кєнє кулуњдун кылган кєнљљсєн эске алба, жєрљгєњдљ сактаба мырзам падыша, мени кылмышкер катары эсептебе.
20 Анткени кулуњ кєнљљ кылганын билет, мен азыр Жусуптун бардык тукумунан биринчи болуп, мырзам падышаны тоскону келдим».
21 Серуянын уулу Абышай: «Тењирдин майланганын тилдегени єчєн Шемей кантип љлєм жазасына тартылбасын?» – деди.
22 Ошондо Дљљт: «Серуянын уулдары, мени менен силердин эмне ишињер бар, мени эмнеге тукуруп жатасыњар? Бєгєн Ысрайылда адам љлтєргєдљй кєн болуп жатабы? Азыр мен Ысрайылга падыша экенимди кљрбљй турамбы?» – деди.
23 Падыша Шемейге: «Сен љлбљйсєњ», – деди. Падыша ага ант берди.
24 Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешет да падышаны тосуп алганы келди. Ал падыша чыккан кєндљн тартып тынчтык менен кайра кайткан кєнгљ чейин, бутун да, кийимдерин да жууган эмес, сакалын да караган эмес.
25 Ал Иерусалимден чыгып, падышаны тоскону келгенде, падыша андан: «Мепибешет, сен эмне єчєн мени менен кеткен жоксуњ?» – деп сурады.
26 Тиги мындай деп жооп берди: «Мырзам падыша! Мени љз кулум алдады. Мен, сенин кулуњ: “Эшегимди токуп минип алып, падыша менен кетейин”, – деп айткам. Анткени мен, сенин кулуњ, аксак эмесминби.
27 Ал мырзам падышанын алдында кулуњду ушактады. Бирок мырзам падыша Кудайдын периштесиндей. Каалаганыњды кыл.
28 Мырзам падышанын алдында атамдын бєт єй-бєлљсє љлємгљ татыктуу болсо да, сен кулуњду љз дасторконуњдан тамактангандардын арасына отургуздуњ. Падышанын алдында даттанууга акым барбы?»
29 Падыша ага: «Мунун баарын эмне єчєн айтып жатасыњ? Талааны Сиба экљљњљр љз ара бљлєшєп алгыла деп айтпадым беле?» – деди.
30 Бирок Мепибешет падышага мындай деп жооп берди: «Мырзам падыша љз єйєнљ тынчтык менен кайтып келген соњ, ал баарын ала берсин».
31 Падыша менен Иордандан бирге љтєп, аны андан ары узатуу єчєн, Роглимден гилаттык Барзелай да келди.
32 Барзелай сексенге чыккан абдан кары адам эле. Падыша Маханайимде жєргљндљ, ал аны азык-тєлєк менен камсыз кылып турган, себеби ал бай адам эле.
33 Падыша Барзелайга: «Жєр мени менен, мен сени Иерусалимде азык-тєлєк менен камсыз кылып турам», – деди.
34 Бирок Барзелай падышага мындай жооп берди: «Падыша менен Иерусалимге баргыдай, кљпкљ жашамак белем?
35 Азыр сексен жаштамын, жаман-жакшыны айырмалай алмак белем. Кулуњ ичкен-жегенинин даамын билмек беле. Ырчы кыздар менен балдардын єнєн уга алмак белем. Мырзам падыша, кулуњду жєк кылып эмне кыласыњ?
36 Кулуњ падышаны Иордандан ары бир аз узатып бара алат. Падыша мени эмне кылганым єчєн ушунча урматтап жатат?
37 Кайтып барып, љз шаарымда, ата-энемдин мєрзљсєнєн жанында љлєєгљ кулуња уруксат эт. Бирок сенин кулуњ, менин уулум Кимам, мырзам падыша менен барсын, аны эмне кылам десењ, љзєњ бил».
38 Падыша: «Кимам мени менен барсын, ага сен каалагандай кылам. Каалаганыњдын баарын кылам», – деди.
39 Бєт эл жана падыша Иордандан љтєштє. Анан падыша Барзелайды љљп, ага батасын берди. Ал љз жерине кайтты.
40 Падыша Гилгалга жљнљдє, Кимам да аны менен жљнљдє. Бєт Жєйєт эли жана Ысрайыл элинин жарымы падышаны узатты.
41 Бєт ысрайылдыктар падышага келип: «Эмне єчєн бир туугандарыбыз жєйєттљр сени уурдап, єй-бєлљњ менен, бардык кишилерињ менен Иордан аркылуу љткљрєп жиберишти?» – дешти.
42 Ошондо Жєйєттєн кишилеринин баары ысрайылдыктарга: «Падыша биздин жакыныбыз, бул нерсеге эмнеге ачууланып жатасыњар? Биз падышанын бир нерсесин жедикпи же андан белек алдыкпы?» – деп жооп беришти.
43 Ысрайылдыктар жєйєттљргљ жооп кылып, мындай дешти: «Биз падышачылыктын он бљлєгєн тєзљбєз, Дљљттєн жанында силерге караганда биз кљппєз. Эмне єчєн силер бизди кемсинттињер? Падышабызды алып келєє жљнєндљ биринчи биз сєйлљшєбєз керек эмес беле?» Бирок ысрайылдыктардын сљзєнљ караганда жєйєттљрдєн сљзє кєчтєє болду.
1 Бенжеминдик Бихра уулу Шеба деген жаман киши ошол жерде эле. Ал сурнай тартты да: «Дљљттљ биздин эч кандай бљлєгєбєз жок. Жышайдын уулунда энчибиз жок. Ысрайылдыктар, бардыгыњар љз-љз чатырыњарга тарагыла!» – деди.
2 Ошондо бардык ысрайылдыктар Дљљттљн бљлєнєштє да, Бихранын уулу Шебанын артынан жљнљштє. Жєйєттљр болсо љз падышасы тарапта калышты, алар Иордандан Иерусалимге чейин аны менен барышты.
3 Дљљт Иерусалимдеги љз єйєнљ келип, єйєн кайтарган он кєњ аялын љзгљчљ бир єйгљ жайгаштырды. Аларга кљзљмљл коюп, багып турду, бирок аларга жакындаган жок. Алар љлљр-љлгљнчљ ошол жерде багылып, жесир катарында жашашты.
4 Дљљт Амасага: «Мага єч кєндєн ичинде жєйєттљрдє чакырып кел, љзєњ да кел», – деди.
5 Амаса жєйєттљрдє чакырууга жљнљп кетти, бирок Дљљт айткан убактан кљп кечикти.
6 Ошондо Дљљт Абышайга: «Эми Бихранын уулу Шеба бизге Абышалом кылган жамандыктан да чоњ жамандык кылат. Ал чептєє шаарларды таап, бизден жашынып кала электе, сен мырзањдын кулдарын алып, анын артынан тєш», – деди.
7 Анын артынан Жойаптын кишилери, керейликтер, пелейликтер, эр жєрљк адамдар Иерусалимден чыгышты да, Бихранын уулу Шебанын артынан тєшєштє.
8 Алар Гибондун жанындагы чоњ ташка жеткенде, Амасага жолугушту. Жойап аскер кийимчен эле, белиндеги курунда кынына салынган кылычы бар эле. Анын кылычы кынынан оњой суурулуп, кайра кынына оњой салынчу.
9 Жойап Амасага: «Амансыњбы, бир тууганым?» – деп кайрылды. Жойап Амасаны љбєш єчєн, оњ колу менен сакалынан кармады.
10 Амаса Жойаптын колундагы кылычын байкаган жок. Ал аны курсакка сайганда, анын ичеги-карды жерге тєшєп калды. Соккуну ал кайталаган жок, тиги жан берди. Жойап жана бир тууганы Абышай Бихранын уулу Шебанын артынан тєшєштє.
11 Амасанын жанында турган Жойаптын уландарынын бири: «Ким Жойап десе, ким Дљљт тарапта болсо, Жойаптын артынан жєрсєн!» – деди.
12 Амаса болсо жолдун ортосунда канжалап жатты. Ал улан нары љткљн, бери љткљн элдин баары токтоп љтєп жатканын кљрєп, Амасаны жолдон алып, талаага сєйрљп барып, кийимдери менен жаап салды.
13 Ал жолдон сєйрљлєп ташталгандан кийин, бєт Ысрайыл эли Жойапты ээрчип, Бихранын уулу Шебанын артынан тєштє.
14 Шеба болсо Абел-Бейт-Маакка чейин Ысрайылдын бардык урууларын жана бєт Бейрини аралап љттє. Бейринин тургундары жыйналып, анын аркасынан жљнљштє.
15 Алар Абел-Бейт-Маакка келишип, аны ошол жерде курчоого алышты. Шаардын дубалынын жанына жал куруп, дубалга чыгышты. Жойап менен келген бардык адамдар дубалды бузууга аракеттеништи.
16 Ошондо шаар дубалынан бир акылдуу аял: «Уккула, уккула, Жойапка айткыла, ал бул жерге келсин, мен аны менен сєйлљшљм», – деп кыйкырды.
17 Жойап жакын келгенде, аял: «Жойап деген сенсињби?» – деди. Ал: «Ооба, менмин», – деди. Аял: «Кєњєњдєн сљзєн ук», – деди. Ал: «Угуп жатам», – деди.
18 Аял мындай деди: «Мурда мындай айтышчу эле: “Ким сурагысы келсе, абелдиктерден сурасын”. Иш ушинтип чечилчє.
19 Мен Ысрайылдын тынч, ишеничтєє шаарларынын бириненмин. Сен болсо Ысрайыл шаарларынын энесин талкалагыњ бар. Тењирдин мурасын жок кылып эмне кыласыњ?»
20 Жойап мындай деп жооп берди: «Мен талкалайын же жок кылайын деген жокмун, андай оюм жок!
21 Андай кылбайм, бирок Эпрайым тоосунда жашаган Бихранын уулу Шеба аттуу киши Дљљт падышага каршы чыкты. Жалгыз гана ошону мага чыгарып бергиле, анан мен шаардан кетем». Ошондо аял Жойапка: «Азыр анын башы сага дубалдан ыргытылат», – деди.
22 Анан аял бєт элге акылдуу сљздљрдє айтты. Алар Бихранын уулу Шебанын башын алып, Жойапка ыргытышты. Ошондо Жойап сурнай тартты, бардыгы љз чатырларына тарашты. Жойап болсо падышага, Иерусалимге кайтты.
23 Жойап Ысрайылдын бєт аскеринин єстєнљн коюлду, Жойат уулу Беная керейликтер менен пелейликтердин єстєнљн коюлду.
24 Адорам салык жыйноонун єстєнљн коюлган, Акилуттун уулу Жошапат – тарыхчы,
25 Шеба – катчы, Абыйатар менен Садок – ыйык кызмат кылуучулар.
26 Ошондой эле жариттик Ира Дљљткљ ыйык кызмат кылуучу болду.
1 Дљљттєн убагында ал жерде катары менен єч жыл ачарчылык болду. Дљљт Тењирден сурады. Тењир: «Бул ачарчылык Шабул єчєн жана анын кан ичкич єй-бєлљсє єчєн, ал гибондуктарды љлтєргљндєгє єчєн болду», – деди.
2 Ошондо падыша гибондуктарды чакырып, алар менен сєйлљштє. Гибондуктар Ысрайыл тукумунан эмес, аморлуктардын калдыктарынан болчу. Ысрайылдыктар аларга ант беришкен, бирок Шабул Ысрайыл менен Жєйєт тукумун кызганып, аларды кыргысы келген.
3 Дљљт гибондуктардан: «Тењирдин мурасына бата берєєњљр єчєн, Ысрайылды кєнљљсєнљн арылтыш єчєн, силерге эмне кылышым керек?» – деп сурады.
4 Гибондуктар ага: «Бизге Шабулдун кємєшєнєн да, алтынынын да кереги жок, анын єйєндљгє эч нерсесинин кереги жок. Ысрайылдыктардан эч кимди љлтєргєбєз келбейт», – деп жооп беришти. Ал: «Анда эмнени каалайсыњар? Мен аткарып берем», – деди.
5 Алар падышага: «Бизди Ысрайылдын бир да жеринде калтырбоону каалаган, бизди љлтєрєп, тукум курут кылгысы келген ошол кишинин тукумунан бизге жети киши бер.
6 Биз аларды Тењирдин алдында, Тењир тандап алган Шабулдун Гиба тоосунда дарга асабыз», – деп айтышты. Падыша: «Берем», – деди.
7 Бирок падыша Шабулдун уулу Жонатанга Тењирдин алдында берген анты єчєн Шабулдун небереси, Жонатандын уулу Мепибешетти аяп койду.
8 Бирок падыша Шабулдун Айанын кызы Риспадан тљрљлгљн эки уулун: Армоний менен Мепибешетти жана Шабулдун кызы Мейраптын мехолалык Барзелай уулу Адриелге тљрљп берген беш уулун алып,
9 аларды гибондуктардын колуна салып берди. Гибондуктар аларды тоодо, Тењирдин алдында асышты. Жетљљ бирге љлдє. Алар љлгљн кєн тєшєм жыйноонун алгачкы кєндљрє, арпа оруп-жыюу мезгилинин башталышы эле.
10 Ошондо Айанын кызы Риспа зумбал алып, аны ошол тоодо алдына жайып, орок маалы башталгандан тартып, алардын єстєнљ асмандан Кудайдын суулары тљгєлгљнчљ отурду. Ал аларга кєндєз асман куштарын, тєнкєсєн талаа жырткычтарын тийгизбеди.
11 Шабулдун кєњ аялы – Айанын кызы Риспанын эмне кылганын Дљљткљ билдиришти.
12 Дљљт гилаттык Жабештин тургундарына барып, Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сљљгєн алды. Жабештин тургундары алардын сљљгєн Бейт-Шан аянтынан жашыруун алып кетишкен. Пелиштиликтер Шабулду Гилбояда љлтєрєп, аларды ошол аянтка асып коюшкан.
13 Дљљт ал жерден Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сљљгєн алып келди. Дарга асылгандардын сљљгєн жыйнашты.
14 Алар Шабулдун жана анын уулу Жонатандын сљљгєн Бенжемин жеринде, Сейлада, Шабулдун атасы Киштин мєрзљсєнљ коюшту. Падыша кандай буйруса, баарын ошондой жасашты. Ошондон кийин Кудай љлкљгљ ырайым кылды.
15 Ысрайыл менен пелиштиликтердин ортосунда кайрадан согуш болду. Дљљт љзєнєн кулдары менен чыгып, пелиштиликтер менен салгылашты. Дљљт алсырады.
16 Ошондо репалыктардын тукумунан жањы кылыч курчанган Жишпи деген киши Дљљттє сайып љлтєргєсє келди. Анын найзасынын салмагы єч жєз жез шекел эле.
17 Бирок Дљљткљ Серуянын уулу Абышай жардамга келип, пелиштилик кишини сайып љлтєрдє. Ошондо Дљљттєн кишилери мындай деп ант беришти: «Ысрайылдын чырагы љчпљш єчєн, мындан ары сен биз менен согушка чыкпайсыњ».
18 Андан кийин Гобада пелиштиликтер менен кайрадан согуш болду. Ошондо хушалык Сипхай репалыктардын тукумунун бири болгон Сапты љлтєрдє.
19 Гобада дагы салгылашуу болду. Ал салгылашууда бейт-лехемдик Жарей-Оргим уулу Элханан токуучу куралдын баканындай найза кљтљргљн гаттык Голийатты љлтєрдє.
20 Гатта дагы салгылашуу болду. Ал салгылашууда колу менен бутунда алтыдан манжасы бар, бардыгы жыйырма тљрт манжалуу, узун бойлуу репалыктардын тукумунан бир киши бар болчу.
21 Ал ысрайылдыктарды шылдыњдады, бирок аны Дљљттєн агасы Шимейдин уулу Жонатан љлтєрдє.
22 Бул тљртљљ Гаттагы репалыктардын тукумунан эле, алар Дљљттєн жана анын кулдарынын колунан каза табышты.
1 Тењир Дљљттє бардык душмандарынын жана Шабулдун колунан куткарган кєнє ал Тењирди мындай деп мактап ырдады:
2 «Тењирим менин тирегим, сепилим, Куткаруучум.
3 Кудайым менин аска-зоом. Мен Ага гана таянам. Ал менин калканым, куткаруучу мєйєзєм, коргоочум, баш паанам. Сен мени бардык жамандыктан куткарган Куткаруучумсуњ!
4 Табынууга татыктуу Тењирди чакырып, душмандарымдан кутулам.
5 Мени љлєм толкуну курчап алды, мыйзамсыздыктардын агымы єрљйємдє учурду.
6 Мага љлгљндљр жаткан жайдын чынжырлары салынды, љлємдєн торуна чалындым.
7 Бирок мен кысталышта калганымда, Тењирди чакырдым, Кудайыма жалындым. Ал Љзєнєн турагынан менин єнємдє укту, зар-муњум Анын кулагына жетти.
8 Жер силкинип термелди, асмандын негизи козголуп солкулдады, анткени Тењир каарданды.
9 Анын таноосунан тєтєн кљтљрєлєп, оозунан баарын жалмап жиберчє от чыкты. Андан кєйєп жаткан чоктор чачырап жатты.
10 Асманды эњкейтип, Ал жерге тєштє, Анын бут астында карањгылык жатты.
11 Ал керуптардын єстєнљ отуруп, шамалдын канатында учуп жљнљдє.
12 Ал карањгылыкты Љзєнљ чатыр сыяктуу жабуу кылды, Ал асмандагы булут сууларын коюулантып, Љзєнљ чатыр кылды.
13 Анын алдындагы жарыктан оттуу чоктор жалбырттап кєйєп жатты.
14 Асмандан Тењир кєркєрљдє, Баарынан Жогору Турган єн салды.
15 Љзєнєн жебелерин тартып, аларды туш-тушка чачыратты. Чагылганды жарк эттирип, аларды жок кылды.
16 Тењирдин коркунучтуу добушунан, Анын таноосунан чыккан демден дењиз булактары ачылып, ааламдын негиздери жылањачтанды.
17 Ал бийиктен колун сунуп, мени алды, мени чоњ суулардан тартып чыгарды.
18 Мени кєчтєє душманымдан, менден кєчтєє болгон жек кљрєєчєлљрдљн куткарды.
19 Алар мага башыма мєшкєл тєшкљн кєнє каршы чыгышты, бирок Тењир мага жљлљк болду.
20 Ал мени кењ жерге алып чыкты, мени куткарды, анткени Ал мени жакшы кљрљт.
21 Тењир менин адилдигиме жараша тиешемди берди, колумдун тазалыгына жараша сыйлык берди.
22 Анткени мен Тењирдин жолун сактадым, Кудайымдан четтеген жокмун.
23 Анткени Анын бардык мыйзамдары менин алдымда, Анын кљрсљтмљлљрєнљн четтеген жокмун.
24 Мен Анын алдында таза элем, кєнљљ кылып албайын деп сактанчумун.
25 Тењир Љзєнєн кљз алдындагы адилдигиме жараша, тазалыгыма жараша тиешемди берди.
26 Боорукерге Сен боорукердик кыласыњ, адил адамга Сен адилет мамиле кыласыњ,
27 тазага тазалыгына жараша, алдамчыга алдамчылыгына жараша мамиле кыласыњ.
28 Сен эзилген адамдарды куткарасыњ, менменсингендерди Љзєњдєн кљз карашыњ менен кемсинтесињ.
29 Тењир, Сен менин чырагымсыњ. Тењир менин карањгымды жарык кылат.
30 Мен Сени менен аскерлерди талкалайм. Кудайым менен чепти ашып тєшљм.
31 Кудай! Анын жолу таза, Тењирдин сљзє таза, Ал – Љзєнљ таянгандардын баарына калкан.
32 Тењирден башка Кудай барбы? Биздин Кудайдан башка сактоочу барбы?
33 Кудай мага кєч берет, мага тєз жол салат.
34 Буттарымды бугунун буттарындай кылат, мени бийик жерлерге чыгарат.
35 Колумду согушка даярдайт, булчуњдарымды жез жаадай чоёт.
36 Сен мага куткаруучу калканыњды бердињ, Сенин ырайымыњ мени жогору кљтљрљт.
37 Сен менин баса турган жолумду кењейтесињ, ошондо тизелерим титиребейт.
38 Душмандарымды кууп жетип, аларды жок кылам, аларды жок кылмайынча, артка кайтпайм.
39 Аларды талкалайм, кырып жок кылам. Алар тура албай калышат, менин бут алдыма жыгылышат.
40 Сен мага согушканга кєч бердињ, мага каршы кљтљрєлгљндљрдє бут алдыма жыгып бердињ.
41 Душмандарымды менин кљз алдымда артка чегинттињ. Мени жек кљргљндљрдє кыйратып жатам.
42 Алар чакырып жатышат, бирок алардын куткарары жок. Тењирге жалынып жатышат, бирок Ал аларды укпайт.
43 Мен аларды топурактай чачам, аларды кљчљдљгє баткактай ийлеп, тебелеп-тепсейм.
44 Сен мени љз элимдин козголоњунан куткарып алдыњ. Сен мени бљтљн элдерге эл башчы кылыш єчєн сактадыњ. Љзєм тааныбаган эл мага кызмат кылып жатат.
45 Бљтљн элдер менин алдымда жасакерленишет. Алар мен жљнєндљ угуп эле мага баш ийишет.
46 Бљтљн элдер кумсарып, љздљрєнєн сепилдеринде титиреп отурушат.
47 Тењир тирєє, менин Тирегим дањкталсын! Мени куткарган Кудай дањазалансын.
48 Мен єчєн љч алган, мага бљтљн элдерди багындырып берген Кудай,
49 мени душмандарымдан куткарган Кудай дањкталсын! Мага каршы чыккандардын алдында Сен мени жогору кљтљрдєњ, мени катаал кишиден куткардыњ.
50 Ошон єчєн, Тењир, сени дањктайм, бљтљн элдердин арасында Сенин ысымыњды дањктап ырдайм.
51 Падышаны улуу жењиш менен куткарган, Љзєњ майлаган Дљљткљ жана анын укум-тукумуна тєбљлєккљ ырайым кылган Сени дањктап ырдайм!»
1 Бул жогору коюлган адамдын, Жакыптын Кудайынын майланганынын, Ысрайылдын мукам єндєє ырчысы, Жышайдын уулу Дљљттєн акыркы сљздљрє:
2 «Тењирдин Руху мен аркылуу сєйлљйт, Анын сљзє менин оозумда.
3 Ысрайылдын Кудайы айтты, Ысрайылдын аскасы мен жљнєндљ мындай деди: “Эл єстєнљн бийлик кылуучу адам адилет болсо, Кудайдын коркунучу менен бийлик жєргєзсљ,
4 анда ал ачык асманга кєн чыгып келе жаткандагы тањкы жарыктай, жамгырдан кийин чыккан жаркыроодой, ал жаркыроодон жерден чљп чыгат”.
5 Менин тукумум Кудай алдында ушундай эмеспи? Анткени Ал мени менен тєбљлєк, бекем жана бузулбас келишим тєздє. Менин бєт куткарылуум, бєт каалоом Андан келип жаткан жокпу?
6 Кудайсыздар ыргытылган, кол менен кармаганга болбой турган тикенектей болушат.
7 Бирок ким аны колу менен кармагысы келсе, ал темир менен же найзанын сабы менен куралданат, аны турган жеринде љрттљшљт».
8 Дљљттєн эр жєрљк аскерлеринин аттары: эснилик Жошеп-Башебет – єчљљнєн башкысы. Ал найзасын сегиз жєз кишиге кљтљрєп, аларды бир жолку салгылашта талкалады.
9 Андан кийинкиси Дљљт менен жєргљн єч эр жєрљк аскердин бири, Акойактын небереси, Додонун уулу Элазар эле. Алар согушуу єчєн чогулган пелиштиликтерди намысына тийип чакырышканда, ал да Дљљттєн жанында эле.
10 Ысрайылдыктар пелиштиликтерге каршы чыгышты, ошондо ал туруп, пелиштиликтерди колу чарчап, кылычка жабышып калгыча кырды. Ошол кєнє Тењир улуу жењиш тартуулады, эл болсо талап-тоноо єчєн анын артында жєрдє.
11 Андан кийинкиси – арардык Агея уулу Шама. Пелиштиликтер Тиреяга, жасмык себилген талаага чогулганда, Ысрайыл эли пелиштиликтерден качты.
12 Ошондо ал талаанын ортосуна туруп, аны сактап калды, пелиштиликтерди кырды. Ошол кєнє Тењир Ысрайылга улуу жењиш тартуулады.
13 Отуз жол башчынын ичинен єчљљ барды да, оруп-жыюу маалында Дљљткљ, Адулам єњкєрєнљ киришти. Ошол учурда Репа љрљљнєндљ пелиштиликтердин кошууну турган.
14 Ошол учурда Дљљт бекемделген жерде эле, пелиштиликтердин кошууну болсо Бейт-Лехемде болчу.
15 Дљљт суу ичкиси келип: «Дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан ким мага суу алып келип, суусунумду кандырат?» – деди.
16 Ошондо бул єч эр жєрљк пелиштиликтердин кошуунун жарып љтєп, дарбазанын жанындагы Бейт-Лехем кудугунан суу сузуп, Дљљткљ алып келип беришти. Бирок Дљљттєн ичкиси келген жок. Ал сууну Тењирдин дањкы єчєн тљгєп салды да, мындай деди:
17 «Тењир, мени ушул сууну ичкенден сакта! Бул љз љмєрєн тобокелге салып барып келген адамдардын каны эмеспи?» Ошентип, сууну ичєєнє каалаган жок. Yч эр жєрљк ушундай кылган!
18 Ушул єчљљнєн ичинен Серуянын уулу, Жойаптын бир тууганы Абышай башчы эле. Ал љз найзасы менен єч жєз кишини љлтєргљн, тигил єчљљнєн арасында анын кадыры бар эле.
19 Ал єчљљнєн эњ атактуусу жана башчысы болчу, бирок тиги єчљљнљ тењ келчє эмес.
20 Улуу иштерди кылган капсейелдик эр жєрљк адам – Жойат уулу Беная. Беная мааптык Ариелдин эки уулун љлтєргљн. Ак карлуу кышта орго тєшєп, арстанды љлтєргљн.
21 Ал мисирлик бир алп кишини љлтєргљн. Колунда найзасы бар мисирликке союл менен чыгып, колунан найзасын тартып алып, аны љз найзасы менен љлтєргљн.
22 Жойат уулу Беная ушундай эрдик кылып, єч баатырдын ичинен атактуу болду.
23 Ал отуз баатырдын ичинен эњ атактуу болчу, бирок тиги єчљљнљ тењ келе алчу эмес. Дљљт аны љз сакчыларына башчы кылып дайындаган.
24 Отуздун ичинде Жойаптын бир тууганы Асаел, бейт-лехемдик Додонун уулу Элханан,
25 хароттук Шама, хароттук Элика,
26 палтилик Хейлез, текоялык Икеш уулу Ира,
27 анатоттук Абиезер, хушалык Мебунай,
28 акойактык Салмон, нетопалык Марай,
29 нетопалык Баана уулу Хейлеп, Бенжемин уулдарынын Гибасынан Рибайдын уулу Итай,
30 пиратондук Беная, нахелей-гааштык Идай,
31 арабалык Абы-Албан, баркумдук Азмабет,
32 шаалбондук Элийакпа, Жашен уулдарынан Жонатан,
33 арардык Шама, арараттык Шарар уулу Ахиям,
34 Маахалыктын небереси, Ахазбайдын уулу Элипелет, гилолук Акитопел уулу Элиям,
35 кармелдик Хесрай, арбилик Паарай,
36 собалык Натан уулу Игал, гаттык Бани,
37 амондук Селек, Серуянын уулу Жойаптын курал кљтљрєєчєсє бейроттук Нахрай,
38 итрилик Ира, итрилик Гареп,
39 хеттик Урий бар эле. Бардыгы отуз жети.
1 Тењир Ысрайылга кайрадан каарданып, Дљљттє Ысрайыл элине каршы козгоп: «Бар, Жєйєт менен Ысрайылды санап кел», – деп айттырды.
2 Падыша жанындагы аскер башчысы Жойапка жана анын кишилерине кайрылды: «Дандан Бейер-Шебага чейинки Ысрайылдын бєт урууларын аралап чыгып, элдин санын эсептеп келгиле, мен элдин санын билишим керек».
3 Жойап падышага: «Кудай-Тењирињ канча элињ болсо, дагы ошончо кљбљйтсєн, жєз эсе кљбљйтсєн, мырзам падыша муну љз кљзє менен кљрсєн, бирок мырзам падыша бул ишти эмнеге каалап калды экен?» – деди.
4 Бирок падышанын сљзє Жойаптын жана аскер башчылардын сљзєнљн кєчтєє болду. Ошентип, Жойап аскер башчылары менен Ысрайыл элин саноо єчєн падышанын алдынан кетишти.
5 Алар Иордандан љтєп, Гат љрљљнєнєн ортосундагы шаардын оњ тарабындагы, Жазер тараптагы Аройер шаарына токтошту.
6 Анан Гилатка жана Тахтим-Хотши жерине келишти. Анан алар Дан-Янга келип, Сидонду айланып љтєштє.
7 Тир чебине, анан хиптиктер менен канаандыктардын бардык шаарларына келип, Жєйєт аймагынын тєштєгєнљ, Бейер-Шебага чыгышты.
8 Ошентип, бардык жерди айланып љтєп, тогуз ай, жыйырма кєн дегенде, Иерусалимге келишти.
9 Жойап падышага элдин тизмесин тапшырды. Ысрайылдыктардан сегиз жєз мињ, ал эми жєйєттљрдљн беш жєз мињ, согушка жарактуу, кєчтєє адам бар экени маалым болду.
10 Элди санап чыккандан кийин, Дљљттєн жєрљгє солк этти. Анан Дљљт Тењирге: «Мен ушул ишти кылып, оор кєнљљ кетирдим. Эми Сага жалынам, Тењир, Љзєњдєн кулуњдун кєнљљсєн кечир, анткени мен љтљ акылсыз иш кылдым», – деди.
11 Дљљт эртеси эртењ менен турганда, Дљљттєн кљрљгљчє Гат пайгамбарга Тењирден мындай сљз болду:
12 «Баргын да, Дљљткљ айт: Тењир мындай дейт: “Мен сага єч жаза сунуш кылам, алардын ичинен љзєњ тарта турган бир жазаны тандап ал”».
13 Гат Дљљткљ келип, мындай деп билдирди: «Љлкљњдљ жети жыл ачарчылык болсунбу, же душмандарыњ сени кууп, алардан єч ай качып жєрљсєњбє, же љлкљњдє єч кєн удаа жугуштуу оору каптасынбы? Љзєњ танда. Ойлонуп, мени Жибергенге эмне деп жооп беришим керек экенин чеч».
14 Дљљт Гатка: «Мага абдан оор болду, бирок Тењирдин колуна тєшкљнєм жакшы, анткени Ал абдан боорукер. Адамдын колуна тєшпљсљм эле болду», – деди.
15 Тењир ысрайылдыктарга эртењ мененден баштап, белгиленген убакытка чейин жугуштуу оору жиберди. Ошондо Дандан Бейер-Шебага чейин жетимиш мињ киши љлдє.
16 Периште Иерусалимди кыйратуу єчєн, ага каршы колун сунду. Бирок Тењир алаамат тєшєргљнєнљ љкєнєп, элге кыргын салган периштеге: «Жетишет, эми колуњду тєшєр», – деди. Тењирдин периштеси ошол учурда жебустук Арабенанын кырманынын жанында эле.
17 Дљљт элге кыргын салган периштени кљрєп, Тењирге: «Мен кєнљљ кетирдим, мыйзамсыз иш кылдым. А бул койлор эмне кылды? Сенин колуњ мага жана менин атамдын тукумуна каршы бурулсун», – деди.
18 Ошол кєнє Гат Дљљткљ келип: «Баргын да, жебустук Арабенанын кырманына Тењирге арнап курмандык чалынуучу жай тургуз», – деди.
19 Дљљт Гаттын сљзє, Тењирдин буйругу боюнча барды.
20 Арабена карап, љзєн кљздљй келе жаткан падышаны жана анын кулдарын кљрдє. Ошондо ал чыгып, падышага жерге чейин ийилип таазим этти.
21 Арабена: «Мырзам падыша љз кулуна эмнеге келди?» – деп сурады. Дљљт: «Элдин кырылганы токтош єчєн, кырманыњды сатып алып, Тењирге курмандык чалынуучу жай тургузганы келдим», – деп жооп берди.
22 Арабена Дљљткљ мындай деди: «Мырзам падыша каалаганын алып, курмандыкка чалсын. Бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка чалынчу љгєздљр мына, эгин бастыргыч менен љгєздєн догосу отун болсун.
23 Падышам, ушунун бардыгын Арабена падышага берип жатат». Арабена падышага дагы мындай деди: «Кудай-Тењир сага ырайым кылсын!»
24 Бирок падыша Арабенага: «Жок! Канча турса, мен сага ошончо тљлљп берем. Кудай-Тењириме бекер алынган курмандыкты чалбайм», – деди. Дљљт кырманды, љгєздљрдє элєє кємєш шекелге сатып алды.
25 Анан Дљљт ал жерге Тењирге арнап курмандык чалынуучу жай тургузуп, бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарды жана тынчтык курмандыктарын чалды. Ошондо Тењир љлкљгљ ырайым кылды, Ысрайылдын кырылганы токтоду.