1 Персия падышасы Корештин падышачылыгынын биринчи жылында, Тењирдин Жеремия аркылуу айткан сљзє ордунан чыгыш єчєн, Тењир Персия падышасы Корештин рухун ойготту. Ошондуктан ал љзє башкарган бєт падышачылыкка оозеки жана кат жєзєндљ мындай деп жарыялоону буйрук кылды:
2 «Персия падышасы Кореш мындай дейт: “Жер жєзєнєн бардык падышачылыктарын асмандагы Кудай, Тењир, мага берди. Ал мага Жєйєт аймагындагы Иерусалимде Ага арнап єй курууну буйрук кылды.
3 Силердин арањарда ким Анын элинен болсо, Кудай Љзє аны менен болсун, ал Жєйєт аймагындагы Иерусалимге барсын. Ал Иерусалимдеги Ысрайылдын Кудай-Тењиринин єйєн курсун.
4 Ал эми кетпей калган ысрайылдыктарга, алар кайсы жерде жашаганына карабастан, ошол жердин тургундары Иерусалимдеги Кудайдын єйє єчєн чын жєрљгє менен кємєш, алтын, ар кандай буюм, мал берип, жардам кылышсын”».
5 Ошондо Иерусалимдеги Тењир єйєн курууга барыш єчєн, Жєйєт уруусу менен Бенжемин уруусунун башчылары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер жана Кудай кимге каалоо берсе, ошолордун баары турду.
6 Кошуна жашаган элдин баары чын жєрљгє менен бергендеринен тышкары, алтын-кємєш идиштерин, ар кандай буюмдарын, малын, ар кандай кымбат баалуу буюмдарын алып келип кљмљк кљрсљттє.
7 Падыша Кореш Небухаданасардын Иерусалимден алып кетип, љз кудайынын єйєнљ коюп алган Тењир єйєнєн идиштерин алып чыкты.
8 Персия падышасы Кореш казына кармаган Митредатка аларды алып чыгууну буйруду. Митредат болсо аларды санап туруп, Жєйєт тљрљсє Шешпатсарга тапшырды.
9 Алардын эсеби мынча болду: алтын идиштен отуз, кємєш идиштен мињ, бычактан жыйырма тогуз,
10 алтын чљйчљктљн отуз, кош кабат кємєш чљйчљктљн тљрт жєз он, башка ар кандай идиштен мињ.
11 Алтын-кємєш идиштердин бардыгы беш мињ тљрт жєз болду. Шешпатсар туткундарды Бабылдан Иерусалимге жљнљтєп жатканда мунун баарын ала кетти.
1 Бабыл падышасы Небухаданасар Бабылга туткундап кеткен туткундардын ичинен Иерусалимге жана Жєйєт аймагына, љз жерине кайтып келген бул љлкљнєн уулдары булар:
2 Зоробабыл менен, Жешуя менен, Некемия менен, Серая менен, Рейлай менен, Мордохай менен, Билшан менен, Миспар менен, Бикбай менен, Рехум менен, Баан менен келген Ысрайыл элинин саны:
3 Парош уулдары эки мињ бир жєз жетимиш эки;
4 Шепатия уулдары єч жєз жетимиш эки;
5 Арах уулдары жети жєз жетимиш беш;
6 Жашыя менен Жойап уулдарынан Пахат-Мааптын уулдары эки мињ сегиз жєз он эки;
7 Эйламдын уулдары бир мињ эки жєз элєє тљрт;
8 Затунун уулдары тогуз жєз кырк беш;
9 Закайдын уулдары жети жєз алтымыш;
10 Банинин уулдары алты жєз кырк эки;
11 Бейбайдын уулдары алты жєз жыйырма єч;
12 Азгаттын уулдары бир мињ эки жєз жыйырма эки;
13 Адонукамдын уулдары алты жєз алтымыш алты;
14 Бикбайдын уулдары эки мињ элєє алты;
15 Адындын уулдары тљрт жєз элєє тљрт;
16 Жехискиянын єй-бєлљсєнљн Атейирдин уулдары токсон сегиз;
17 Бейтсайдын уулдары єч жєз жыйырма єч;
18 Жоранын уулдары бир жєз он эки;
19 Хашумдун уулдары эки жєз жыйырма єч;
20 Гибардын уулдары токсон беш;
21 Бейт-Лехемде туулгандар бир жєз жыйырма єч;
22 Нетопада жашагандар элєє алты;
23 Анатотто жашагандар бир жєз жыйырма сегиз;
24 Азмабетте туулгандар кырк эки;
25 Кирийат-Жейаримде, Кепирада жана Бейротто туулгандар жети жєз кырк єч;
26 Рамада жана Гебада туулгандар алты жєз жыйырма бир;
27 Мукмаста жашагандар бир жєз жыйырма эки;
28 Бейтелде жана Айда жашагандар эки жєз жыйырма єч;
29 Небодо туулгандар элєє эки;
30 Магбиште туулгандар бир жєз элєє алты;
31 Башка Эйламдын уулдары бир мињ эки жєз элєє тљрт;
32 Харимдин уулдары єч жєз жыйырма;
33 Лоддо, Хадитте жана Онодо туулгандар жети жєз жыйырма беш;
34 Жериходо туулгандар єч жєз кырк беш;
35 Сенаада туулгандар єч мињ алты жєз отуз.
36 Ыйык кызмат кылуучулар: Жешуянын єй-бєлљсєнљн Жедая уулдары тогуз жєз жетимиш єч;
37 Имердин уулдары бир мињ элєє эки;
38 Пашкурдун уулдары бир мињ эки жєз кырк жети;
39 Харимдин уулдары бир мињ он жети.
40 Лебилер: Одабия уулдарынан Жешуя менен Кадмиелдин уулдары жетимиш тљрт;
41 Ырчылар: Асаптын уулдары бир жєз жыйырма сегиз;
42 Дарбазачылардын уулдары: Шалумдун уулдары, Атейирдин уулдары, Талмондун уулдары, Акуптун уулдары, Хатитанын уулдары, Шобайдын уулдары, бардыгы болуп бир жєз отуз тогуз.
43 Нетиндер: Зиханын уулдары, Хасупанын уулдары, Табаотанын уулдары.
44 Кейростун уулдары, Сиянын уулдары, Падондун уулдары,
45 Лебандын уулдары, Хагаптын уулдары, Акуптун уулдары,
46 Хагаптын уулдары, Самлайдын уулдары, Ханандын уулдары,
47 Гиделдин уулдары, Гахардын уулдары, Рейайдын уулдары,
48 Ретсиндин уулдары, Некоданын уулдары, Газамдын уулдары,
49 Узанын уулдары, Пасейахтын уулдары, Бейсайдын уулдары,
50 Аснанын уулдары, Мейунимдин уулдары, Непусимдин уулдары,
51 Бакбуктун уулдары, Хакупанын уулдары, Хархурдун уулдары,
52 Батсулуттун уулдары, Мехиданын уулдары, Харшанын уулдары,
53 Баркостун уулдары, Сисранын уулдары, Тамахтын уулдары,
54 Нетсиахтын уулдары, Хатипанын уулдары.
55 Сулаймандын кулдарынын уулдары: Сотайдын уулдары, Сопереттин уулдары, Перуданын уулдары,
56 Жааланын уулдары, Даркондун уулдары, Гиделдин уулдары,
57 Шепатиянын уулдары, Хатилдин уулдары, Похерет-Себайымдын уулдары, Аминин уулдары,
58 бардыгы болуп нетиндер менен Сулаймандын кулдары єч жєз токсон эки.
59 Ысрайылданбы, кайсы уруудан экенин кљрсљтљ албаган Тейил-Мелахтан, Тейил-Харшадан, Керуп, Адан, Имейерден чыккандар мына булар:
60 Делаянын уулдары, Тобиянын уулдары, Некоданын уулдары алты жєз элєє эки адам.
61 Ыйык кызмат кылуучулардын уулдарынан: Хабаянын уулдары, Акостун уулдары жана гилаттык Барзелайдын кызына єйлљнєп, ошолордун аты менен аталып калган Барзелайдын уулдары.
62 Алар љздљрєнєн санжырасын издешкен, бирок ал табылган жок. Ошондуктан алар ыйык кызматтан чыгарылган.
63 Тиршапа аларга урим менен тумим аркылуу Кудайдын эркин сураган ыйык кызмат кылуучу чыкмайынча, ыйык тамактан жебеш керектигин айтты.
64 Бардык жамаат биригип кырк эки мињ єч жєз алтымыш адам болду.
65 Алардын жети мињ єч жєз отуз жети кулу менен кєњєнљн тышкары, дагы эки жєз ырчы кыз-жигити болгон.
66 Алардын жети жєз отуз алты аты, эки жєз кырк беш качыры,
67 тљрт жєз отуз беш тљљсє, алты мињ жети жєз жыйырма эшеги болгон.
68 Иерусалимдеги Тењирдин єйєнљ келген уруу башчылардын кээ бирљљлљрє Тењир єйєн љзєнєн мурунку турган жерине кайра тургузуш єчєн, љз каалоосу менен курмандык кылышты.
69 Байлыктарына жараша, алар курулуш иштери єчєн, анын казынасына алтымыш бир мињ драхма алтын, беш мињ мина кємєш жана ыйык кызмат кылуучулар кие турган жєз кийим беришти.
70 Ошентип, ыйык кызмат кылуучулар да, лебилер да, эл да, ырчылар да, дарбазачылар да, нетиндер да љз шаарларында жашап калышты, ошондой эле бєт ысрайылдыктар да љз шаарларында жашап калышты.
1 Жетинчи ай болгондо, бєт Ысрайыл уулдары шаарларынан Иерусалимге келишти, алар бир кишидей чогулушту.
2 Жотсадактын уулу Жешуя, анын ыйык кызмат кылуучу бир туугандары, Шалтиел уулу Зоробабыл, анын бир туугандары ордунан турушту да, Кудайдын кулу Мусанын мыйзамында жазылгандай, бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык алып келиш єчєн, Ысрайыл Кудайына арнап курмандык чалынуучу жай курушту.
3 Алар башка элдерден корккондуктан, курмандык чалынуучу жайды мурунку ордуна курушту да, Кудайга арнап ар кєнє эртењ менен жана кечинде бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык чалып турушту.
4 Алар мыйзам боюнча Алачык майрамын љткљрєшєп, дайыма чалынуучу бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкты ар бир кєндєн мыйзамы боюнча белгиленген санда чалып турушту.
5 Ошондон кийин Тењирге арналган бардык майрамдарда, ай жањырганда дайыма чалынуучу бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкты љрттљп турушту, ар ким љз ыктыяры менен Тењирге арнап тартууларын берип турушту.
6 Жетинчи айдын биринчи эле кєнєнљн баштап Тењирге арнап бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктарды љрттљй башташты. Бирок Тењирдин ийбадатканасынын пайдубалы коюла элек болчу.
7 Алар таш сомдоочуларга, жыгач усталарга кємєш берип турушту. Ошондой эле кедр жыгачын Персия падышасы Корештин уруксаты менен Лебанондон дењиз аркылуу Жапага жеткирип туруш єчєн, сидондуктар менен тирликтерге тамак, суусундук, май берип турушту.
8 Алар Иерусалимдеги Кудайдын єйєнљ келгенине эки жыл, эки ай болгондо, Шалтиел уулу Зоробабыл менен Жотсадак уулу Жешуя жана алардын бљлљк бир туугандары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, Иерусалимге кайтып келген бардык туткундар курулушту башташты. Кудайдын єйєндљгє жумуштарга кљзљмљл кылыш єчєн, жыйырма жана андан жогорку жаштагы лебилерди коюшту.
9 Жєйєт тукуму болгон Жешуя менен анын уулдары, бир туугандары, Кадмиел менен анын уулдары Кудайдын єйєн куруп жаткандарга бир кишидей башчылык кылып турушту, ошондой эле Хейнадаттын уулдары, алардын уулдары менен бир туугандары, лебилер, кошо турушту.
10 Куруучулар ийбадаткананын пайдубалын тургузуп бєткљндљн кийин, ыйык кийимдерин кийген ыйык кызмат кылуучуларды сурнайлары менен, Асаптын уулдарын, лебилерди жез табактары менен Ысрайыл падышасы Дљљттєн кљрсљтмљсє боюнча Тењирди дањкташ єчєн коюшту.
11 Ошондо алар кезектешип: «Тењирди мактагыла, дањктагыла, анткени Ал ырайымдуу, Анын Ысрайыл элине болгон ырайымы тєбљлєктєє», – деп ырдай башташты. Бєт эл да ийбадаткананын пайдубалы коюлганы єчєн, Тењирди дањктап кыйкырып жатты.
12 Ошондо мурдагы ийбадаткананы кљргљн ыйык кызмат кылуучулардын, лебилердин, уруу башчылардын, карыялардын кљпчєлєгє љздљрєнєн кљз алдында курулуп жаткан ийбадаткананын азыркы пайдубалын кљрєп, катуу ыйлашты. Кээ бирљљлљр кубанганынан жер жањырта кыйкырып жатышты.
13 Ошондо эл кубанычтын кыйкырыгы менен ый љкєрєгєн ажырата албай калды. Анткени эл жер жањырта кыйкырып, алардын єнє алыска угулуп жатты.
1 Жєйєт менен Бенжеминдин душмандары туткундан кайткан кишилердин Ысрайылдын Кудай-Тењирине арнап ийбадаткана куруп жатканын угушту.
2 Ошондо алар Зоробабылга жана уруу башчыларга келип, мындай дешти: «Биз да силер менен курушабыз, анткени Сирия падышасы Эйсар-Хадон бизди бул жакка алып келгенден бери биз да силердей эле силердин Кудайыњарга кайрылып, силердин Кудайыњарга курмандык чалып жєрљбєз».
3 Зоробабыл, Жешуя жана Ысрайылдын башка уруу башчылары аларга мындай деп айтышты: «Биздин Кудайыбыздын єйєн силер биз менен бирге курбайсыњар. Персия падышасы Кореш буйрук кылгандай, Ысрайылдын Кудай-Тењиринин єйєн биз љзєбєз эле курабыз».
4 Ошондо ал жердин адамдары жєйєт элин алсыратып, курулушка тоскоол кыла башташты.
5 Алар жєйєт элинин иштерин бузуш єчєн, Персия падышасы Корештин падышачылыгынан Персия падышасы Дарийдин падышачылыгына чейин, аларга каршы кењешчилерди пара берип сатып алып турушту.
6 Акашбейроштун падышачылыгынын башында, Жєйєт аймагы менен Иерусалимде жашагандарды айыптап кат жазышты.
7 Артакшаштанын тушунда Бишлам, Митредат, Табел жана алардын башка жолдоштору Персия падышасы Артакшаштага кат жазышты. Кат сирия тамгасы менен сирия тилинде жазылды.
8 Кењешчи Рехум менен катчы Шимшай Иерусалимге каршы Артакшашта падышага мындай деп жазышты:
9 «Биз, Рехум кењешчи менен Шимшай катчы жана алардын башка жолдоштору: динайлыктар, апарсаткалыктар, тарпелдиктер, апарастыктар, аркеликтер, бабылдыктар, шушандыктар, дайлыктар, эйламдыктар,
10 дањазалуу, улуу падыша Аснапар самариялык шаарларга жана дарыянын наркы љйєзєндљгє башка шаарларга кљчєргљн жана башка элдер».
11 Ага жиберилген каттын мазмуну мындай: «Падыша Артакшаштага дарыянын наркы љйєзєндљ жашаган кулдарыњдан жана башка элдерден.
12 Падышага белгилєє болсун, љзєњдљн чыккан жєйєттљр бизге, Иерусалимге келип, бул козголоњдуу жаман шаарды кайрадан куруп, дубалдарын тургузуп жатышат, пайдубалдарын болсо куруп коюшту.
13 Падышага белгилєє болсун, эгерде бул шаар кайрадан курулуп, дубалдары калыбына келе турган болсо, анда булар салык да, бажы акысын да, алым да тљлљбљй калышат, ошондо падышанын казынасына зыян келет.
14 Биз падыша сарайынын тузун жеп жаткандыктан, падышанын уят болгонун кљргєбєз келбейт, ошондуктан падышага ушул маалыматты жиберип жатабыз.
15 Сенин ата-бабаларыњдын тарых китебин таап беришсин, ошол тарых китебин карасањ, бул шаар падышалар єчєн, дубандар єчєн козголоњдуу, зыяндуу шаар болгонун, ал шаарда эзелтеден эле козголоњдор болуп турганын, ошон єчєн ал талкаланганын билесињ.
16 Ошондуктан биз падышага маалымдап жатабыз, эгерде бул шаар курулуп, калыбына келип, дубалдары тургузулуп калса, дарыянын наркы љйєзєнљн алган жерден айрыласыњ».
17 Ошондо падыша кењешчи Рехумга, катчы Шимшайга, алардын Самарияда жана дарыянын наркы љйєзєндљгє шаарларда жашаган жолдошторуна мындай жооп жљнљттє: «Салам! ... жана башка.
18 Силердин бизге жљнљткљн катыњар менин алдымда ачык окулду.
19 Мен буйрук бердим, изилдеп, бул шаардын эзелтен бери падышаларга каршы чыгып турганын, бул шаарда козголоњдор, кљтљрєлєштљр болуп турганын,
20 Иерусалимде дарыянын наркы љйєзєндљгє жерлердин баарын ээлеген кєч-кубаттуу падышалар болгонун, алар алым, салык, бажы акысын алып турушканын билдик.
21 Ошондуктан буйрук бергиле, бул адамдар жумушту токтотушсун, менден буйрук болмоюнча, бул шаар курулбасын.
22 Бул ишти кљзљмљлдљгєлљ. Зыяндуу иштерди кљбљйтєп, падышаларга зыян келтирєєнєн эмне кереги бар?»
23 Артакшашта падышанын бул каты кењешчи Рехум менен катчы Шимшайдын жана алардын жолдошторунун алдында окулары менен, алар токтоосуз Иерусалимге, жєйєт элине келишти да, куралдуу кєч менен жумушту токтотушту.
24 Ошондо Иерусалимдеги Кудайдын єйєндљгє жумуш токтоду. Бул жумуш Персия падышасы Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылына чейин токтоп турду.
1 Бирок Акай пайгамбар менен Ыданын уулу Захария пайгамбар Жєйєт аймагында жана Иерусалимде жашаган жєйєттљргљ Ысрайылдын Кудайынын ысымынан пайгамбарчылык сљздљрєн айтышты.
2 Ошондо Шалтиел уулу Зоробабыл, Жотсадак уулу Жешуя Иерусалимдеги Кудай єйєн кура башташты, аларды Кудайдын пайгамбарлары колдоп турушту.
3 Ошол учурда аларга дарыянын наркы љйєзєндљгє дубан башчы Татнай менен Шетар-Бознай жана алардын жолдоштору келип: «Бул єйдє курууга жана дубалдарын тургузууга силерге ким уруксат берди?» – дешти.
4 Ошондо биз аларга бул имаратты куруп жаткан адамдардын аттарын айттык.
5 Бирок Кудай жєйєт аксакалдарына кљз салып турду. Тигилер бул ишти Дарийге жљнљткљнчљ, андан бул иш боюнча чечим келгенче, жєйєттљргљ тыюу салбай турушту.
6 Дарыянын наркы љйєзєндљгє дубан башчы Татнай менен Шетар-Бознай жана алардын дарыянын наркы љйєзєндљгє жолдошторунун – апарсаткалыктардын Дарий падышага жљнљткљн катынын мазмуну мындай:
7 Алар жљнљткљн билдирєєдљ мындай деп жазылган: «Дарий падышага бардык жактан тынчтык болсун!
8 Биздин Жєйєт аймагындагы улуу Кудайдын єйєнљ барганыбыз падышага маалым болсун. Ал єй чоњ-чоњ таштардан курулуп жатат, дубалдарына устундар коюлуп жатат, бул жумуш тез жєрєп, алардын колдору менен ийгиликтєє бєтєп бара жатат.
9 Ошондо биз алардын аксакалдарынан: “Бул єйдє курууга жана дубалдарын тургузууга силерге ким уруксат берди?” – деп сурадык.
10 Мындан тышкары, алардын аттарын сурадык, биз алардын башчыларынын аттары сага белгилєє болушу єчєн жазып алдык.
11 Алар мындай деп жооп беришти: “Биз асман менен жердин Кудайынын кулдарыбыз, биз мындан кљп жыл мурда курулган єйдє кайра куруп жатабыз, аны Ысрайылдын улуу падышасы курган.
12 Биздин ата-бабаларыбыз асмандагы Кудайдын каарына калганда, Ал Бабыл падышасы, каздимдик Небухаданасардын колуна аларды салып берген. Ал бул єйдє талкалап, элин Бабылга туткундап кеткен.
13 Бирок Бабыл падышасы Корештин падышачылыгынын биринчи жылында Кудайдын бул єйєн кайра курууга Кореш падыша уруксат берген.
14 Небухаданасар Иерусалимдеги ийбадатканадан алып чыгып, Бабыл ийбадатканасына койгон Кудай єйєндљгє алтын-кємєш идиштерди да Кореш падыша кайрадан Бабыл ийбадатканасынан алып, љзє дубан башчы кылып дайындаган Шешпатсар дегендин колуна тапшырып,
15 ага: "Бул идиштерди Иерусалимдеги ийбадатканага алып бар. Кудайдын єйє љзєнєн мурунку турган жеринде курула берсин", – деген.
16 Ошондо ошол Шешпатсар келип, Иерусалимге Кудай єйєнєн пайдубалын курган. Ошондон бери ал курулуп жатат, бирок бєтљ элек”.
17 Ошондуктан падыша туура тапса, Иерусалимдеги Кудайдын бул єйєн курууга Кореш падышанын уруксат бергени чын бекен падышанын Бабылдагы казына єйєнљн карап кљрєшсєн. Ал тууралуу бизге падыша љз буйругун жљнљтсєн».
1 Ошондо Дарий падыша Бабылдагы казынадагы китеп сактагычтан ал буйрукту табууга буйрук кылды.
2 Мадай дубанындагы Ахмета сарайынан бир тєрмљк китеп табылды, анда мындай деп жазылган экен: «Эстетєє єчєн:
3 Кореш падышанын падышачылыгынын биринчи жылында Иерусалимдеги Кудай єйє тууралуу Кореш падыша мындай буйрук берген: “Курмандык чалына турган жай – Кудай єйє курулсун, ал єчєн бекем пайдубал орнотулсун. Анын бийиктиги алтымыш чыканак, туурасы алтымыш чыканак болсун.
4 Чоњ таштардан єч катар, жыгач устундардан бир катар коюлсун. Каражат падыша єйєнљн берилсин.
5 Иерусалимдеги ийбадатканадан Небухаданасар Бабылга алып кеткен Кудай єйєндљгє алтындан, кємєштљн жасалган идиштер кайрадан Иерусалимдеги ийбадатканага жеткирилип, ар бири Кудай єйєндљгє љз-љз ордуна коюлсун”».
6 «Ошондуктан дарыянын наркы љйєзєндљгє дубан башчы Татнай жана Шетар-Бознай, дарыянын наркы љйєзєндљгє жолдошторуњар – апарсаткалыктар менен кошо ал жерден кеткиле.
7 Кудай єйєндљгє жумуштарды токтотпогула; жєйєттљрдєн дубан башчысы менен жєйєт аксакалдары Кудайдын бул єйєн љз ордуна кайрадан курушсун.
8 Кудайдын єйєн куруп жаткан жєйєт аксакалдарына мындай жардам берєєнє буйрук кылам, атап айтканда, падышанын мал-мєлкєнљн – дарыянын наркы љйєзєнљн тєшкљн алык-салыктан тезинен алып, иш токтобош єчєн, ошол адамдарга бергиле.
9 Канча керек болсо, асмандагы Кудайга арналган бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка букачардан болобу, койлордон же козудан болобу, ошондой эле Иерусалимдин ыйык кызмат кылуучулары кандай айтса, буудай, туз, шарап, май болобу, эмне керек болсо, кєн сайын єзгєлтєксєз берилсин.
10 Алар асмандагы Кудайга жаккан курмандык чалып, падышанын жана анын балдарынын љмєрє єчєн сыйынышсын.
11 Мен мындай буйрук берем: ким бул кљрсљтмљнє бузса, анда анын єйєнєн устунун сууруп, ал устунга ээсин керип ташташсын, єйє болсо уратылсын.
12 Кудайдын аты турган Иерусалимдеги Кудайдын ыйык єйєнљ суук колун сунуп, зыян келтире турган ар кандай элдерди да, алардын падышаларын да Кудай жок кылсын деп мен, Дарий, бул буйрукту бердим. Бул буйрук так аткарылсын».
13 Ошондо дарыянын наркы љйєзєндљгє дубан башчы Татнай, Шетар-Бознай жана алардын жолдоштору Дарий кандай буйруса, так ошондой аткарышты.
14 Акай пайгамбар менен Ыданын уулу Захариянын пайгамбарчылыгы боюнча Жєйєт аксакалдары курулушту улантып, чоњ ийгиликке жетишти. Ысрайыл Кудайынын эрки менен, Персия падышалары: Корештин, Дарийдин, Артакшаштанын буйругу менен алар курулушту бєткљрєштє.
15 Ал єй Адар айынын єчєнчє кєнє, Дарийдин падышачылыгынын алтынчы жылында курулуп бєттє.
16 Ысрайыл уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, туткундан келген башка кишилер Кудайдын бул єйєн кубаныч менен ыйыкташты.
17 Кудайдын бул єйєн ыйыктаган учурда жєз букачар, эки жєз кой, тљрт жєз козу, Ысрайыл уруусунун санына жараша, бардык Ысрайылдын кєнљљсє єчєн он эки теке курмандыкка чалышты.
18 Мусанын китебинде жазылгандай, Иерусалимдеги Кудайдын єйєнљ кызмат кылууга ыйык кызмат кылуучуларды тобу боюнча, лебилерди кезеги боюнча орундарына коюшту.
19 Биринчи айдын он тљртєнчє кєнє туткундан кайткандар Пасах майрамын љткљрєштє.
20 Анткени ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин бири калбай тазаланышты. Туткундан кайткандардын бардыгы єчєн, ыйык кызмат кылуучу бир туугандары єчєн жана љздљрє єчєн Пасах майрамына арналган козуларды союшту.
21 Туткундалып кетип, кайра кайтып келген Ысрайыл уулдары да Пасах тамагынан жешти, ошондой эле Ысрайылдын Кудай-Тењирине кайрылып туруш єчєн, башка элдердин тазалангандарынын баары жешти.
22 Алар Ачыткысыз нан майрамын жети кєн кубаныч менен љткљрєштє. Анткени Кудай аларды кубантып, Ысрайылдын Кудай-Тењиринин єйєн курууда кєч-кубат бериш єчєн, аларга Ашур падышасынын жєрљгєн бурду.
1 Бул окуялардан кийин, Персия падышасы Артакшаштанын тушунда Эзра Бабылдан чыкты. Ал – Сераянын уулу, Серая – Азариянын уулу, Азария – Хилкиянын уулу,
2 Хилкия – Шалумдун уулу, Шалум – Садоктун уулу, Садок – Акитуптун уулу,
3 Акитуп – Амариянын уулу, Амария – Азариянын уулу, Азария – Мерайоттун уулу,
4 Мерайот – Захариянын уулу, Захария – Узинин уулу, Узи – Букинин уулу,
5 Буки – Абышуанын уулу, Абышуа – Пинехастын уулу, Пинехас – Элазардын уулу, Элазар – башкы ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу.
6 Эзра Бабыл жеринен чыкты. Ал китеп кљчєргєч болгон, Ысрайылдын Кудай-Тењири берген Мусанын мыйзамдарын жакшы билген. Падыша анын каалаганын берди, анткени Кудай-Тењиринин колу анын єстєндљ эле.
7 Эзра менен бирге Ысрайылдын кээ бир уулдары, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер, ырчылар, дарбазачылар, нетиндер Артакшаштанын падышачылыгынын жетинчи жылы Иерусалимге келишти.
8 Ал Иерусалимге Артакшаштанын падышачылыгынын жетинчи жылынын бешинчи айында келди.
9 Бабылдан чыгуу биринчи айдын биринчи кєнє башталды. Ал бешинчи айдын биринчи кєнє Иерусалимге келди, анткени Кудайдын жакшылык кылуучу колу анын єстєндљ эле.
10 Эзра љзєнєн жєрљгєн Тењирдин мыйзамын изилдљљгљ, аны аткарууга, Ысрайыл элине мыйзамды жана чындыкты єйрљтєєгљ бурган эле.
11 Артакшашта падышанын Ысрайыл элине Тењирдин осуяттары менен мыйзамдарын єйрљткљн ыйык кызмат кылуучу, китеп кљчєргєч Эзрага берген катынын мазмуну мындай:
12 «Падышалардын падышасы Артакшаштадан асмандагы Кудайдын мыйзамын окутуучу, ыйык кызмат кылуучу Эзрага салам.
13 Менин падышачылыгымдагы Ысрайыл элинин, анын ыйык кызмат кылуучуларынын, лебилеринин арасынан ким Иерусалимге барууну кааласа, ал сени менен барсын деп буйрук бердим.
14 Анткени сен падышанын жана анын жети кењешчисинин атынан сенин колуњдагы Кудайдын мыйзамы боюнча Жєйєт аймагы менен Иерусалимдин акыбалын карап кљрєє єчєн,
15 падыша менен анын кењешчилери Иерусалимдеги Ысрайыл Кудайынын єйєнљ курмандыкка арнаган алтын-кємєштљрєн жеткириш єчєн,
16 Бабылдын бардык дубанынан љзєњ жыйнап алган алтын-кємєштљрдє ыйык кызмат кылуучулардын жана элдин Иерусалимдеги Кудайдын єйєнљ арнап љз каалоолору боюнча курмандыкка берген тартуулары менен бирге жеткириш єчєн жљнљтєлєп жатасыњ.
17 Ошондуктан бул акчаларга токтоосуз љгєздљрдє, койлорду, козуларды, алар менен кошо чалынуучу нан курмандыктарын, куюлуучу курмандыктарды сатып ал, аларды Иерусалимдеги Кудайыњардын єйєндљгє курмандык чалынуучу жайда чал.
18 Калган алтын-кємєштљрдє љз Кудайыњардын эрки менен љзєњ жана бир туугандарыњ эмнени туура деп тапса, ошого жумшагыла.
19 Кудайыњдын єйєндљ кызмат кылууда пайдаланылуучу сага тапшырылган идиштерди Иерусалим Кудайынын алдына алып барып койгун.
20 Кудайыњдын єйє єчєн дагы эмне керек деп эсептесењ, ошонун баарын падышанын казынасынан бер.
21 Мен, Артакшашта падыша, дарыянын наркы љйєзєндљгє казына кайтаруучулардын бардыгына буйрук берем: асмандагы Кудайдын мыйзамдарын єйрљтєєчє, ыйык кызмат кылуучу Эзра эмне талап кылса, ошону токтоосуз бергиле:
22 Жєз талантка чейин кємєш, жєз батка чейин буудай, жєз батка чейин шарап, жєз батка чейин май бергиле, тузду болсо љлчљљсєз бергиле.
23 Асмандагы Кудайдын єйє єчєн асмандагы Кудай берген бардык буйрук тактык менен орундалсын, болбосо Кудайдын каары падышанын жана анын балдарынын падышачылыгына тиет.
24 Силерге дагы билдире кетчє нерсе: Кудайдын єйєндљ кызмат кылган ыйык кызмат кылуучулардын, лебилердин, ырчылардын, дарбазачылардын, нетиндердин эч кимисинен алым, салык, бажы акысы алынбасын.
25 Сен болсо, Эзра, Кудайыњ берген даанышмандыгыњ менен башчыларды жана башкаруучуларды кой, алар дарыянын наркы љйєзєндљгє элди – Кудайыњдын мыйзамдарын билген элди башкарышсын, билбегендерди єйрљткєлљ.
26 Ким Кудайыњдын мыйзамын жана падышанын мыйзамын аткарбаса, аны токтоосуз љлєм жазасына болобу, же сєргєнгљ болобу, же акчалай айыпка болобу, же зынданга болобу љкєм чыгарышсын».
27 Падышанын жєрљгєнљ Иерусалимдеги Кудай єйєн жасалгалоону салган,
28 мага падышанын, анын кењешчилеринин, анын бардык кєч-кубаттуу тљрљлљрєнєн ырайымын бурган ата-бабаларыбыздын Кудай-Тењирине алкыш! Ошондо мен кайраттандым, анткени Кудай-Тењиримдин колу менин єстємдљ эле. Ошондуктан мени менен барышсын деп, Ысрайылдын уруу башчыларын чогулттум.
1 Падыша Артакшаштанын падышачылыгында, мени менен Бабылдан чыккан уруу башчылары булар. Алардын санжырасы:
2 Пинехас уулдарынан Гейиршом; Итамар уулдарынан Даниел; Дљљт уулдарынан Хатуш;
3 Шехания уулдарынан, Пароштун уулдарынан Захария жана анын санжырасына кирген жєз элєє эркек;
4 Пахат-Маап уулдарынан Зерахиянын баласы Элийонай жана аны менен кошо эки жєз эркек;
5 Шехания уулдарынан Жахазиелдин баласы, аны менен кошо єч жєз эркек;
6 Адын уулдарынан Эбед, Жонатандын баласы, аны менен кошо элєє эркек;
7 Эйлам уулдарынан Жешая, Аталеянын баласы, аны менен кошо жетимиш эркек;
8 Шепатия уулдарынан Зебадия, Михаелдин баласы, аны менен кошо сексен эркек;
9 Жойап уулдарынан Обадия, Жехиелдин баласы, аны менен кошо эки жєз он сегиз эркек;
10 Шеломит уулдарынан Жосипиянын баласы, аны менен кошо жєз алтымыш эркек;
11 Бейбай уулдарынан Захария, Бейбайдын баласы, аны менен кошо жыйырма сегиз эркек;
12 Азгат уулдарынан Жоханан, Акатандын баласы, аны менен кошо жєз он эркек;
13 Адонукамдын акыркы уулдарынан: Элипелет, Жейел, Шемая, алар менен кошо алтымыш эркек;
14 Бикбайдын уулдарынан Утай менен Закур, алар менен кошо жетимиш эркек;
15 Мен аларды Агапка келип куйган дарыянын жээгине чогулттум. Ал жерде єч кєн турдук. Мен элди жана ыйык кызмат кылуучуларды карап чыкканда, Леби уулдарынан эч кимди таппадым.
16 Ошондо мен алардын башчылары: Элиезерди, Ариелди, Шемаяны, Элнатанды, Жарипти, Элнатанды, Натанды, Захарияны, Мешуламды, ошондой эле окутуучулар: Жойарип менен Элнатанды чакыртууга киши жљнљттєм.
17 Аларды Касипия жеринин башчысы Идого тапшырма менен жибердим, биздин Кудайыбыздын єйєнљ кызматчыларды алып келиш єчєн, Идого жана анын бир туугандарына, Касипия жериндеги нетиндерге эмне айтууну айтып бердим.
18 Кудайыбыздын жакшылык кылуучу колу биздин єстєбєздљ тургандыктан, алар бизге Ысрайыл уулу Лебинин, Леби уулу Махлинин уулдарынан чыккан бир акылдуу адамды, атап айтканда, Шейребияны жана анын уулдары менен бир туугандарынан он сегиз кишини,
19 Мераринин уулдарынан Хашабияны, аны менен бирге Жешаяны жана анын бир туугандары менен уулдарынан жыйырма кишини,
20 Дљљт менен анын тљрљлљрє лебилерге кызмат кылууга беришкен нетиндерден эки жєз жыйырма нетинди алып келишти; алардын бардыгынын аттары аталды.
21 Анан Кудайыбыздын алдында моюн сунуп, љзєбєз єчєн да, балдарыбыз єчєн да, мал-мєлкєбєз єчєн да Андан ак жол суроо єчєн, Агап дарыясынын боюнда орозо жарыяладым.
22 Анткени бизди жолдо душмандардан сакташ єчєн, мен падышадан аскерлерди жана атчан аскерлерди сурагандан уялдым. Биз падыша менен сєйлљшкљндљ: «Кудайдын жакшылык кылуучу колу Љзєнљ жардам сурап кайрылгандардын єстєндљ, ал эми кудурети менен каары андан четтеп кеткендердин єстєндљ!» – деген элек.
23 Ошентип, биз орозо кармап, Кудайдан ушуну жалынып сурадык, Ал биздин єнєбєздє укту.
24 Анан мен башкы ыйык кызмат кылуучулардын ичинен он эки кишини: Шейребия менен Хашабияны, алар менен кошо алардын бир туугандарынан он кишини бљлєп койдум.
25 Анан падыша менен анын кењешчилеринин, тљрљлљрєнєн жана ал жерде болгон бардык Ысрайыл элинин Кудайыбыздын єйєнљ тартуулаган алтын-кємєштљрєн, идиштерин таразага тартып туруп, алардын колуна бердим.
26 Таразага тартып туруп, алардын колуна алты жєз элєє талант кємєш, жєз талант кємєш идиш, жєз талант алтын бердим.
27 Мињ драхма турган жыйырма алтын чљйчљктє, алтынга тете бааланган, жаркырак жезден жасалган эки идишти тапшырдым.
28 Анан аларга мындай дедим: «Силер Тењирдин ыйык адамдарысыњар, ата-бабаларыбыздын Кудай-Тењирине чын жєрљктљн тартуулаган алтын-кємєштљр да, идиштер да ыйык.
29 Аларды Иерусалимдеги Ысрайыл уруу башчыларынын, ыйык кызмат кылуучулар менен лебилердин башында тургандардын колуна љткљрєп бермейинче, Кудай єйєнєн сактоочу жайларына тапшырмайынча абайлагыла, љтљ сак болгула».
30 Ошондо ыйык кызмат кылуучулар менен лебилер Иерусалимдеги Кудайыбыздын єйєнљ жеткириш єчєн, таразага тартылган алтын-кємєштљрдє, идиштерди кабыл алышты.
31 Ошентип, биз Иерусалимге Агап дарыясынан биринчи айдын он экинчи кєнє чыктык. Кудайыбыздын колу биздин єстєбєздљ болду, Ал бизди душмандардын, жолубузду торогондордун колунан коргоп жєрдє.
32 Анан биз Иерусалимге келип, ал жерде єч кєн болдук.
33 Тљртєнчє кєнє Кудайыбыздын єйєнљ арналган алтын-кємєштљрдє, идиштерди таразага тартып, Урийдин уулу, ыйык кызмат кылуучу Меремоттун, лебилер Пинехастын уулу Элазардын, Жешуянын уулу Жозабаттын жана Бинуйдун уулу Ноядиянын колдоруна љткљрєп бердик.
34 Бардыгын таразага тартып, эсептеп тапшырдык. Ошол эле учурда таразага тартылгандардын баары жазылып жатты.
35 Туткундан кайткандар Ысрайыл Кудайына бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык чалыш єчєн, бєт Ысрайылдын кєнљљсє єчєн он эки букачар, токсон алты кочкор, жетимиш жети козу, он эки теке алып келишти. Мунун баары Тењирдин бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыгына арналды.
36 Анан алар падышанын буйруктарын дарыянын наркы љйєзєндљгє дубан башчыларга, падышанын тљрљлљрєнљ беришти. Ошондо алар Кудайдын элине жана єйєнљ урмат кљрсљтєштє.
1 Бул иштер бєткљндљн кийин, башчылар мага келип, мындай дешти: «Ысрайыл эли, ыйык кызмат кылуучулар, лебилер бљтљн элдердин: канаандыктардын, хеттиктердин, периздиктердин, жебустуктардын, амондуктардын, мааптыктардын, мисирликтердин, аморлуктардын жийиркеничтєє иштеринен арыла элек.
2 Анткени љздљрє да, уулдары да алардын кыздарынан алышты. Ыйык тукум бљтљн уруулар менен аралашып кетти. Кала берсе, эњ атактууларынын, башчыларынын колдору биринчилерден болуп ушундай мыйзамсыз иштерге барды».
3 Мен бул сљздљрдє укканда, ич кийимимди да, тыш кийимимди да айрып, башымдагы чачымды, ээгимдеги сакалымды жулуп, кайгырып отурдум.
4 Ошондо туткундан кайткандардын кылмышынан улам Ысрайылдын Кудайынын сљзєнљн корккондордун баары мага чогулуп келишти. Мен кайгыга батып, кечки курмандык чалынуучу маалга чейин отурдум.
5 Кечки курмандык чалынуучу маалда кайгырып отурган жеримен туруп, айрылган ички, тышкы кийимчен чљгљлљп, Кудай-Тењириме колумду сунуп,
6 мындай деп жалындым: «Оо Кудайым! Сени карагандан уялып да, коркуп да жатам, Кудайым, анткени биздин мыйзамсыздыгыбыз башыбыздан ашты, биздин мыйзамсыз иштерибиз, кылган кєнљљлљрєбєз асманга жетти.
7 Ата-бабаларыбыз жашаган кєндљрдљн тартып бєгєнкє кєнгљ чейин биз абдан айыптуубуз. Мыйзамсыз иштерибиз єчєн биз да, падышаларыбыз да, ыйык кызмат кылуучуларыбыз да ушул кєнгљ чейин башка элдердин падышаларынын колуна салынып берилип, кылыч мизине, туткунга, талоонго, кордоого алынып келе жатабыз.
8 Мына, Кудай-Тењирибиз бизге бир азга ырайым кљрсљттє, кээ бирљљбєздє туткундан аман алып чыкты, Анын ыйык жеринде турууга ырайым кылды, Кудайыбыз кљзєбєздє ачып, кулчулукта жєргљндљ бир аз жанданууга мємкєндєк берди.
9 Биз кулдарбыз, бирок Кудайыбыз бизди кулдукта жєргљндљ да калтырган жок. Ал бизге Персия падышаларынан ырайым таптырды, ошондо алар бизге жанданууга, кыйрап калган Кудайдын єйєн курууга, кайра калыбына келтирєєгљ мємкєндєк беришти, Жєйєт аймагы менен Иерусалимде жашап турганда бизге калканыч болушту.
10 Кудайыбыз, эми биз Сага ушундан кийин эмне деп айта алабыз? Анткени биз Сенин кулдарыњ, пайгамбарларыњ аркылуу:
11 “Силер ээлеш єчєн бара жаткан жер таза эмес, ал жер бљтљн элдердин таза эмес иштери менен булганып калган, алар љздљрєнєн жийиркеничтєє иштери менен ал жерди башынан аягына чейин толтуруп салышкан.
12 Ошондуктан силер кыздарыњарды алардын уулдарына бербегиле, алардын кыздарын силердин уулдарыњар албасын, ал жерге отурукташыш єчєн, ал жердин тєшємє менен азыктаныш єчєн, укум-тукумуњарга тєбљлєккљ мурас калтырыш єчєн, аларга тынчтык да, ийгилик да каалабагыла”, – деп айткан осуятыњдан четтеп кеттик.
13 Љзєбєздєн жаман иштерибиз єчєн, кљп кєнљљбєз єчєн тарткан азабыбыздан кийин да, Сен, Кудайыбыз, бизди мыйзамсыз иштерибиздин љлчљмєнљ карабай аядыњ, бизди ушинтип куткарып алдыњ.
14 Биз кайра эле Сенин осуяттарыњды бузуп, бул жийиркеничтєє эл менен туугандаша беребизби? Анда Сен каарданып, бизди кырып саласыњ, ошондо бизден ким тирєє калат, бизди ким куткарып алат?
15 Оо Тењир, Ысрайылдын Кудайы! Бир Љзєњ адилетсињ! Анткени биз ушул кєнгљ чейин жашап келе жатабыз. Мыйзамсыз иштерибиз менен Сенин алдыњда турууга акыбыз жок болсо да, Сенин алдыњда турабыз».
1 Эзра Кудай єйєнєн алдында жыгылып, кєнљљлљрєн мойнуна алып ыйлап, ушинтип сыйынып жатканда, жанына Ысрайыл элинен эњ кљп эл – эркектер, аялдар, балдар чогулуп калды, анткени эл да катуу ыйлап турган эле.
2 Ошондо Эйлам уулдарынан Жехиелдин баласы Шехания Эзрага мындай деп айтты: «Биз башка элдердин кыздарынан аял алып, Кудайыбыздын алдында кєнљљ кылганбыз, бирок Ысрайылдын бул ишти оњдойбуз деген ємєтє бар.
3 Эми Кудайыбыз менен келишим тєзљлє, мырзамдын жана Кудайыбыздын осуяттарынан корккондордун кењеши боюнча аялдарыбызды алардан туулган балдарыбыз менен кошо коё берели, бул мыйзам боюнча болсун!
4 Тур, анткени бул сенин ишињ, биз сени мененбиз, кайраттан, ишке кириш!»
5 Ошондо Эзра турду да, бардык ыйык кызмат кылуучуларды, лебилерди жана бєткєл Ысрайыл элин башкаргандарды ошондой кылабыз деп ант берєєгљ чакырды. Алар ант беришти.
6 Анан Эзра туруп, Кудай єйєнљн кетти да, Элийашип уулу Жоханандын єйєнљ келди. Нан жебей, суу ичпей койду, анткени туткундан кайткандардын кылмышы єчєн кайгырып турду.
7 Анан мурдагы туткундардын бардыгын Иерусалимге чогултуш єчєн, Жєйєт аймагы менен Иерусалимге жарлык жарыялашты.
8 Yч кєндєн ичинде ким келбей турган болсо, ал башкаруучулардын жана уруу аксакалдарынын чечими менен турак жайынан ажырайт, љзє болсо туткундан келгендердин жамаатынан четтетилет.
9 Ошондо Жєйєт менен Бенжемин жеринде жашаган бардык эл єч кєн ичинде Иерусалимге чогулду. Бул тогузунчу айдын жыйырманчы кєнє болду. Бардык эл Кудай єйєнєн алдындагы аянтта ушул иштен улам жана жамгырдан титиреп отурду.
10 Анан ыйык кызмат кылуучу Эзра ордунан туруп, аларга мындай деди: «Силер бљтљн элдерден аял алып, кылмыш кылдыњар, ошону менен Ысрайылдын кєнљљсєн кљбљйтєп жибердињер.
11 Ошондуктан ата-бабаларыњардын Кудай-Тењиринин алдында ушул єчєн љкєнєп, кечирим сурагыла да, Анын эркин аткаргыла. Бљтљн элдерден, башка уруулардан алган аялдарыњардан бљлєнгєлљ».
12 Ошондо бєт эл катуу єн менен мындай деп жооп берди: «Сен кандай десењ, биз ошондой кылабыз.
13 Бирок эл кљп, жамгыр да жаап турат, сыртта турганга мємкєн эмес. Анын єстєнљ, бул иш бир же эки кєндєк иш эмес, анткени биз бул иште љтљ кљп кєнљљгљ баттык.
14 Биздин башчылар бєт жамаат єчєн чечим чыгарышсын, биздин шаарлардагы бљтљн элдерден аял алгандардын баары љз шаарларынын башкаруучулары, аксакалдары менен бул жерге белгиленген убакта келип турсун, ошондо Кудай бул иш єчєн каарданганын токтотот».
15 Ошондо Асаел уулу Жонатан, Тикпа уулу Жахзея бул иштин башында турду, аларга Мешулам менен леби Шаптай жардамчы болду.
16 Туткундан кайткандар так ошондой кылышты. Буга ыйык кызмат кылуучу Эзра, ар бир уруунун уруу башчылары бљлєнєп, аттары аталды. Бул ишти иликтеп-изилдеш єчєн, алар онунчу айдын биринчи кєнє кењешме курушту.
17 Бљтљн элдерден аял алгандарды изилдљљ иши биринчи айдын биринчи кєнє бєттє.
18 Ошондо бљтљн элдерден аял алган ыйык кызмат кылуучулардын уулдары булар деп табылды: Жотсадак уулу Жешуянын балдары менен бир туугандарынан: Маасея, Элиезер, Жарип жана Гедалия.
19 Алар аялдарын коё берєєгљ, кєнљљлљрє єчєн, айыптары єчєн курмандыкка кочкор чалууга кол берип убада кылышты.
20 Имердин уулдарынан: Ханани менен Зебадия;
21 Харимдин уулдарынан: Маасея, Эйлия, Шемая, Жехиел жана Узия;
22 Пашкурдун уулдарынан: Элийойнай, Маасея, Ысмайыл, Натанаел, Жозабат, Эласа;
23 Лебилерден: Жозабат, Шимей, Кейлая (Келита), Петахия, Жєйєт, Элиезер;
24 Ырчылардан: Элийашип; дарбазачылардан: Шалум, Телем, Ури;
25 Ысрайылдыктардан: Пароштун уулдарынан: Рамия, Жизия, Малкия, Миямин, Элазар, Малкия, Беная;
26 Эйламдын уулдарынан: Матания, Захария, Жехиел, Абды, Жереймот, Эйлия;
27 Затунун уулдарынан: Элийойнай, Элийашип, Матания, Жереймот, Забат, Азиза;
28 Бейбайдын уулдарынан: Жоханан, Ханания, Забай, Аплай;
29 Банинин уулдарынан: Мешулам, Малух, Адая, Жашуп, Шейал, Жереймот;
30 Пахат-Мааптын уулдарынан: Адна, Келал, Беная, Маасея, Матания, Бетселел, Бинуй, Менаше;
31 Харимдин уулдарынан: Элиезер, Жишия, Малкия, Шемая, Шымон;
32 Бенжемин, Малух, Шемария;
33 Хашумдун уулдарынан: Матнай, Матата, Забат, Элипелет, Жеремай, Менаше, Шимей.
34 Банинин уулдарынан: Маадай, Амрам, Уел,
35 Беная, Бейдей, Келуу,
36 Беная, Меремот, Элийашип,
37 Матания, Матнай, Жишия,
38 Бани, Бинуй, Шимей,
39 Шелемия, Натан, Адая,
40 Махнадбай, Шашай, Шарай,
41 Азарел, Шелемия, Шемария,
42 Шалум, Амария, Жусуп;
43 Небонун уулдарынан: Жейел, Матития, Забат, Зебина, Жадай, Жоел, Беная.
44 Мына ушулардын баары – бљтљн элдерден аял алгандар. Булардын айрымдарынын аялдары бала тљрљп беришкен.