ЭСТЕР

1-БЉЛЄМ

Акашбейроштун Баштини ханышалыктан ажыратышы

1 Акашбейрош падышанын тушунда мындай окуя болду (Акашбейрош падыша Индиядан Эфиопияга чейинки жєз жыйырма жети дубанды башкарып турган):

2 Акашбейрош падыша борбор шаар Шушанда падышачылык тактыда отурган кєндљрє,

3 падышачылыгынын єчєнчє жылында, бардык тљрљлљрєнљ, кол астындагы кызматчыларына, персиялык жана мадайлык башкы аскер башчыларына, љз дубандарынын дубан башчыларына чоњ той берди.

4 Ал падышачылыгынын сан жеткис байлыгын, љзєнєн шаан-шљкљткљ толгон сарайларын кљп кєндєн аралыгында, жєз сексен кєндєн ичинде, кљрсљтєп чыкты.

5 Ошол кєндљрдљн кийин падыша борбор шаар Шушанда жашаган љзєнєн эли єчєн, кичинесинен чоњуна чейин, падыша сарайынын бакчасында жети кєн той љткљрдє.

6 Зыгыр буласынан токулган ак тєстљгє жана жєндљн токулган жакут тєстљгє кљшљгљлљр илинип турду. Алар зыгыр буласынан жана кочкул кызыл кездемеден жасалган боолор менен кємєш шакектерге байланып, мармар мамыларга илинип турду.

7 Алтын-кємєш менен капталган супалар жакут, мармар, седеп жана кара таштар кынала жаткырылган жерге жайгашкан.

8 Суусундуктар баасы отуз мињ талант турган, бири-бирине окшошпогон алтын идиштер менен сунулуп жатты. Падышанын байлыгына жараша шарап кљп болду, бирок тартип менен ичилип жатты, эч ким эч кимди мажбурлаган жок. Анткени падыша єй башкаруучуларына ар кимди љз эркине коюуну буйрук кылган.

9 Башти ханыша да падыша Акашбейроштун падыша сарайында аялдар єчєн той љткљрдє.

10 Шарап ичип кљњєлє кљтљрєлгљн Акашбейрош падыша тойдун жетинчи кєнє элге жана тљрљлљргљ аялынын сулуулугун кљрсљтєш єчєн,

11 љзєнљ кызмат кылган эбнухтарына – Меуманга, Бистага, Харбонго, Биктага, Абахтага, Зейтарга, Каркаска ханыша Баштини ханышалык таажысы менен љзєнєн алдына алып келєєнє буйруду. Анткени ал аябай сулуу эле.

12 Бирок ханыша Башти падышанын эбнухтары аркылуу берген буйругу боюнча келгиси келген жок.

13 Ошондо падыша абдан ачууланып, каары кайнады. Ал љткљн мезгилдерди билген акылмандарга кайрылды, анткени мыйзам менен укуктарды билгендер менен кењешип турчу.

14 Ошол убакта Персия менен Мадайдын жети тљрљсє: Каршена, Шейтар, Адмата, Таршыш, Мерес, Марсена, Мемухан падышанын кењешчилери эле. Алар падышага бардык учурда кире алышкан, падышачылыкта алдыњкы орунда отурушкан.

15 «Акашбейрош падышанын эбнухтары аркылуу берген буйругун аткарбай койгону єчєн, мыйзам боюнча ханыша Баштини эмне кылыш керек?»

16 Ошондо Мемухан тљрљ падыша менен тљрљлљрдєн алдында мындай деп айтты: «Башти ханыша жеке эле падышанын алдында айыптуу болуп отурган жок, ал бардык тљрљлљрдєн жана Акашбейрош падышанын бардык дубандарында жашаган бардык элдердин алдында айыптуу болду.

17 Анткени ханышанын бул жоругу бардык аялдарга жетет да, алар љздљрєнєн кєйљљсєн барктабай: “Акашбейрош падыша Башти ханышаны љзєнєн алдына алып келєєнє буйруганда, ал келбей койгон”, – дешет.

18 Ханышанын бул жоругун уккан Персия менен Мадай тљрайымдары да падышанын тљрљлљрєнљ ушинтип айтышат. Тоотпостук, каардануу кљп болот.

19 Эгерде падыша ылайык тапса, “Мындан ары Башти ханыша Акашбейрош падышанын алдына келбесин, падыша анын ханышалык даражасын андан артык турган башка аялга берсин” деген токтом чыгарсын, ал Персия менен Мадай мыйзамына жазылсын, љзгљртєлбљсєн.

20 Падышанын бул токтому, анын падышачылыгы канчалык чоњ болбосун, анын бєткєл булуњ-бурчуна тарайт. Ошондо аны уккан аялдар кєйљљлљрєн, атактуу болобу, жљнљкљй болобу, сыйлай башташат».

21 Бул сљз падыша менен тљрљлљргљ жакты. Падыша Мемухандын айтканындай кылып, љзєнєн бардык дубандарына

22 ар бир эркек љз єйєндљ кожоюн болсун, бул токтом ар бир адамга љз эне тилинде жарыялансын деп, ар бир дубандын љз арибинде, ар бир элдин љз эне тилинде жазылган кат жљнљттє.

2-БЉЛЄМ

Эстердин ханыша болушу

1 Акашбейрош падышанын ачуусу тарагандан кийин, Башти тууралуу, анын эмне кылганы тууралуу, ага кандай токтом чыгарылганы тууралуу эстеди.

2 Падышага кызмат кылган кењешчилери мындай дешти: «Падышага сулуу, жаш кыздарды таап келишсе кандай болот.

3 Падыша љзєнєн бардык дубандарына кишилерди дайындаса, алар сулуу, жаш кыздарды чогултуп, борбор шаар Шушандагы аялдарды кайтарган, падышанын эбнуху Эйгенин кљзљмљлєндљгє єйгљ алып келишсе, аларга майлоочу заттарды беришсе,

4 анан падышага жаккан кыз Баштинин ордуна ханыша болуп калса кандай болот». Падыша бул сљздє жактырып, так ошондой кылды.

5 Борбор шаар Шушанда Бенжемин уруусунан Мордохай деген жєйєт бар эле. Ал – Жайырдын уулу, Жайыр – Шемейдин уулу, Шемей – Киштин уулу.

6 Ал Бабыл падышасы Небухаданасар туткундап кеткен Жєйєт падышасы Жайахин менен бирге Иерусалимден туткундалып келген.

7 Ал агасынын кызы Адасаны (Эстерди) тарбиялап љстєргљн, анткени кыздын атасы да, энеси да жок болчу. Ал келбети келишкен, сулуу кыз эле. Атасы менен энеси кљз жумгандан кийин, кызды Мордохай асырап алган.

8 Падышанын буйругу менен токтому жарыялангандан кийин, борбор шаар Шушанга кљптљгљн кыздар чогултулуп, Эйгенин кљзљмљлєнљ тапшырылганда, Эстер да падыша єйєнљ, падыша аялдарын кайтарган Эйгенин кљзљмљлєнљ алынган.

9 Бул кыз Эйгеге жагып, андан ырайым тапты. Ошондо Эйге майлоочу заттарды жана ага арналган нерселердин баарын бергенче, ошондой эле падыша єйєндљгє кыздардан анын жанында болууга татыктуу болгон жети кызды койгончо шашты. Аны жана анын жанындагы кыздарды аялдар турган єйдєн эњ жакшы бљлмљсєнљ жайгаштырды.

10 Эстер љз эли жљнєндљ, љз теги жљнєндљ эч нерсе айткан жок, анткени Мордохай айтпа деп єйрљткљн.

11 Мордохай Эстердин ден соолугун, аны эмне кылып жатышканын билиш єчєн, ар кєнє аялдар турган єйдєн короосуна келип турду.

12 Ар бир кыздын Акашбейрош падышага кирєє маалы келгенге чейин, аларды майлоочу заттар менен, башкача айтканда, алты ай мирра менен, алты ай жыпар жыттуу заттар менен, аялдардын ар кандай майлары менен майлашчу. Он эки айдын ичинде аялдарга белгиленген шарттын бардыгы аткарылып бєткљндљн кийин гана кыз падышанын єйєнљ кирчє.

13 Аялдар єйєнљн падыша єйєнљ кириш єчєн, кыз эмнени талап кылса, ага ошонун бардыгын беришчє.

14 Кыз кечинде кирип, эртењ менен аялдарга даярдалган бљлљк єйгљ, кєњ аялдарды кайтарган падышанын эбнуху Шаашхаздын кљзљмљлєнљ кайтып келчє. Андан кийин падыша љзє кааламайынча, аты аталып чакырылмайынча, ал падышага кирчє эмес.

15 Мордохай асырап алган, агасы Абыгайылдын кызы Эстердин падышага кирер маалы келгенде, ал падыша аялдарын кайтарган падышанын эбнуху Эйгенин айтканынан башка эч нерсе сураган жок. Эстерди кљргљндљрдєн баары жактырып калышты.

16 Ошентип, Эстер Акашбейрош падышанын падыша єйєнљ анын падышачылыгынын жетинчи жылынын онунчу айында, башкача айтканда, Тебейт айында алынды.

17 Падыша Эстерди бардык аялдарынан жакшы кљрєп калды. Ал падышага башка кыздарга караганда кљбєрљљк жагып, андан ырайым тапты. Падыша анын башына ханышалык таажы кийгизип, Баштинин ордуна ханыша кылды.

18 Анан падыша Эстер єчєн љзєнєн бардык тљрљлљрє менен кызматчыларына чоњ той берди. Падыша бардык дубандарга жењилдик берип, берешендик менен белек таратты.

Мордохайдын падышанын љмєрєн сактап калышы

19 Кыздарды экинчи жолу чогултушканда, Мордохай падыша дарбазасынын алдында отурган.

20 Мордохай єйрљткљндљй, Эстер љз эли, љз теги жљнєндљ айта элек болчу. Эстер Мордохайдын айткан сљзєн анын колунда тарбияланып жаткан кездегисиндей эле, азыр да так аткарды.

21 Мордохай падыша дарбазасынын алдында отурганда, босого кайтарган падышанын эки эбнуху Биктан менен Тереш падышага кыжырланып, Акашбейрош падышаны љлтєрєєнє ойлошту.

22 Аны Мордохай билип калып, Эстерге кабарлап койду, Эстер болсо аны Мордохайдын атынан падышага айтты.

23 Бул иш изилденип, чын болуп чыкты. Ошондо экљљнє тењ даракка асып ташташты. Мордохайдын кылган жакшылыгы жљнєндљ падышанын кєндљлєк жазуу китебине жазылып калды.

3-БЉЛЄМ

Амандын кыянатчылыгы

1 Ошондон кийин Акашбейрош падыша агактык Амадат уулу Аманды жогорку кызматка кљтљрєп, аны љзєнєн карамагындагы бардык тљрљлљрдљн жогору койду.

2 Ошондо падышанын карамагындагы, падыша дарбазасынын алдындагы кызматчылардын бардыгы Амандын алдында жерге жете ийилип таазим кылышчу, анткени падыша ошондой кылууну буйруган. Бирок Мордохай жерге жете ийилип таазим кылчу эмес.

3 Падышанын дарбазасынын алдында кызмат кылган падыша кызматчылары Мордохайга: «Сен эмне єчєн падышанын буйругун аткарбай жатасыњ?» – дешти.

4 Алар кєндљ айтып жатышса да, ал укпай койду. Ошондо алар Мордохай љз сљзєнљ турар бекен деп, Аманга билдиришти. Анткени ал љзєнєн жєйєт экенин аларга айткан болчу.

5 Аман љзєнљ Мордохайдын жерге жете ийилип таазим кылбай жатканын кљргљндљ, каары кайнады.

6 Бирок Аманга жалгыз Мордохайды љлтєрєп коюу аз кљрєндє. Ага Мордохайдын кайсы элден экенин айтышканда, ал Акашбейроштун падышачылыгындагы бардык жєйєттљрдє Мордохайдын эли катары кырып салууну туура кљрдє.

7 Биринчи айда, башкача айтканда, Нисан айында падыша Акашбейроштун падышачылыгынын он экинчи жылында Амандын алдында кєн сайын, ай сайын љкчљмљ таш ыргытышты. Ошондо љкчљмљ таш он экинчи айга – Адар айына тєштє.

8 Аман Акашбейрош падышага мындай деди: «Сен падышачылык кылган бардык дубандарда эл арасына чачылган, таралган бир эл бар. Алардын мыйзамы башка элдердин мыйзамдарынан айырмаланат, алар падышанын мыйзамын аткарышпайт, падыша аларды ушул бойдон калтырбашы керек.

9 Эгерде падыша туура кљрсљ, аларды кырып салууга буйрук берсин. Падышанын казынасына салыш єчєн, мен падыша кызматчыларынын колуна он мињ талант кємєш тартып берем».

10 Ошондо падыша жєйєттљргљ каршы чыгарган буйругун бекитиш єчєн, колундагы шакекти чыгарып, агактык Амадаттын уулу Аманга берди.

11 Анан падыша Аманга: «Кємєштє да, элди да сага бердим. Кандай кылам десењ, љзєњ бил», – деди.

12 Биринчи айдын он єчєнчє кєнє падышанын катчылары чакыртылды. Алар Амандын буйругун падышанын бийлљљчє тљбљлдљрєнљ, ар бир дубандагы башчыларга, ар бир элдин тљрљлљрєнљ ар бир дубандын љз арибинде, ар бир элдин љз эне тилинде жазып жљнљтєштє. Бардыгы Акашбейрош падышанын атынан жазылып, падышанын мљљр шакеги менен бекитилди.

13 Он экинчи айдын он єчєнчє кєнє, башкача айтканда, Адар айында бардык жєйєттљрдє: жашын да, карысын да, балдарды да, аялдарды да бир кєндљ кырып, алардын мал-мєлкєн талап алыш єчєн, чабармандар аркылуу падышанын бардык дубандарына каттар жљнљтєлдє.

14 Ошол кєнгљ бардык элдер даяр туруш єчєн, буйруктун кљчєрмљсє мыйзам катары ар бир дубанга жарыяланды.

15 Чабармандар падышанын буйругун алып, шашылыш жљнљп кетишти. Бул буйрук борбор шаар Шушанда да жарыяланды. Падыша да, Аман да ичип-жеп отурушту, Шушан шаары болсо дєрбљлљњгљ тєшєп жатты.

4-БЉЛЄМ

Жєйєттљрдєн орозо кармап сыйынышы

1 Мордохай болгон иштин бардыгын билгенде, кийимдерин айрып, зумбал кийип, башына кєл сээп, шаардын ортосуна чыгып, боздоп ыйлап,

2 падыша дарбазасынын алдына келди, анткени зумбалчан кишини падышанын дарбазасы аркылуу љткљрєшчє эмес.

3 Ошондой эле бардык дубандарда, падышанын буйругу менен токтому жеткен жердин бардыгында жєйєттљр орозо кармап, боздоп ыйлап, кайгырып жатышты. Зумбал менен кєл кљбєнљ тљшљк болду.

4 Эстердин кызматчы кыздары менен эбнухтары келип, болгон ишти айтып беришти, ошондо ханыша аябай коркуп кетти. Анан ал Мордохайга зумбалды чечип, башка кийим кийсин деп, кийим берип жиберди, бирок ал аны албай койду.

5 Ошондо Эстер Атахты чакырып алды. Падыша аны эбнухтардын ичинен Эстерге кызмат кылууга бљлєп койгон. Эстер Мордохайга эмне болгонун, эмне єчєн ушинтип жатканын билиш єчєн, Атахты ага жљнљттє.

6 Атах падыша дарбазасынын алдындагы шаар аянтында турган Мордохайга барды.

7 Мордохай ага эмне болгонунун баарын айтып берди, Амандын жєйєт элин кырыш єчєн, падышанын казынасына тартып берем деп убада кылган кємєшєнєн салмагын да айтты.

8 Анан ал жєйєт элин кыруу тууралуу Шушандагы элге жарыяланган буйруктун кљчєрмљсєн Эстерге кљрсљтєш єчєн, ага баарын билдириш єчєн, ал падышага барып, андан ырайым сурап, љз эли єчєн љтєнєшє єчєн, аны Атахтын колуна тапшырды.

9 Атах келип, Мордохайдын сљзєн Эстерге айтып берди.

10 Эстер Атахты Мордохайга мындай деп айттыруу єчєн кайра жљнљттє:

11 «Эркек болобу, аял болобу, ким падыша сарайында отурган падышага чакыртылбай кирсе, ал љлєм жазасына тартыларын падышанын карамагындагы бардык кызматчылар да, падышанын дубандарындагы эл да билишет. Падыша алтындан жасалган падыша таягын кимге сунса, ошол гана аман калат. Менин падышага чакыртылбаганыма отуз кєндєн жєзє болду».

12 Эстердин сљзєн Мордохайга айтып беришти.

13 Мордохай Эстерге мындай жооп айтты: «Жєйєттљрдєн ичинен жалгыз љзєњ падышанын єйєндљ аман калам деп ойлобо.

14 Эгерде сен азыр унчукпай койсоњ, анда жєйєт элине эркиндик менен куткарылуу башка жактан келет, бирок сен атањдын тукуму менен кошо љлљсєњ. Ким билет, балким, сен ханышалык даражага мына ушундай мезгил єчєн жеткендирсињ?»

15 Ошондо Эстер Мордохайга мындай жооп жљнљттє:

16 «Бар, Шушандагы бардык жєйєттљрдє чогулт. Мен єчєн орозо кармагыла, єч кєн кєнє-тєнє менен эч нерсе жебегиле да ичпегиле. Мен љзєм да кызматчы кыздарым менен орозо кармайм, андан соњ мыйзамга каршы келсе да, падышага барам. Љлсљм, љлљйєн».

17 Мордохай жљнљп кетти. Эстер кандай буйруса, ал так ошондой кылды.

5-БЉЛЄМ

Эстердин эрдиги

1 Yчєнчє кєнє Эстер ханыша кийимин кийип, падыша сарайынын ички короосуна келди. Падыша ошол учурда падыша сарайында, љз тактысында, эшиктин тушунда отурган. Падыша кире бериште турган Эстер ханышаны кљрдє. Ошондо Эстер падышадан ырайым тапты.

2 Падыша колундагы алтындан жасалган падыша таягын Эстерге сунду, ошондо Эстер жанына келип, таяктын учуна колун тийгизди.

3 Падыша ага: «Эстер ханыша, сага эмне керек? Кандай љтєнєчєњ бар? Ал турсун, сага жарым падышачылык да берилет», – деди.

4 Эстер: «Эгерде падыша туура кљрсљ, бєгєн Аман менен тойго келсин, мен падыша єчєн той даярдадым», – деди.

5 Падыша: «Эстердин сљзєн аткарыш єчєн, тезирээк Аманды алып келгиле», – деди. Ошентип, Эстер даярдаган тойго падыша Аман менен келди.

6 Шарап ичилип жатканда, падыша Эстерге: «Эмне каалайсыњ? Сенин каалаганыњ канааттандырылат. Кандай љтєнєчєњ бар? Жарым падышачылыкты сурасањ да, берем», – деди.

7 Ошондо Эстер падышага мындай деди: «Менин каалаганым жана љтєнєчєм мындай:

8 эгерде мен падышанын алдында ырайым тапсам, эгерде падыша каалаганымды канагаттандыргысы келсе, љтєнєчємдє аткаргысы келсе, анда мен алар єчєн даярдай турган тойго падыша Аман менен эртењ да келсин, падышанын сљзєн мен эртењ аткарам».

9 Ошол кєнє Аман падышанын єйєнљн љзєн бактылуу сезип, кљњєлдєє чыкты. Бирок Аман падышанын дарбазасынын алдында отурган Мордохайды кљргљндљ, абдан кыжыры келди, анткени ал ордунан турмак тєгєл, козголуп да койгон жок.

10 Бирок Аман љзєн љзє кармады. Єйєнљ келгенде, достору менен аялы Зерешти чакыртты.

11 Аман аларга љзєнєн сан жеткис байлыгы жљнєндљ, уулдарынын кљптєгє жљнєндљ, падыша зоболосун кљтљргљндєгє жљнєндљ, кызматчылары менен тљрљлљрєнљн канчалык жогору кљтљргљндєгє жљнєндљ айтып берди.

12 Ал дагы мындай деди: «Ханыша Эстер да љзє даярдаган тойго менден бљлљк эч кимди падышага кошуп чакырбаптыр. Эртењ да мен падыша менен аныкына чакырылдым.

13 Бирок мен падышанын дарбазасынын алдынан жєйєт Мордохайдын отурганын кљрєп турганда, ушунун баарына ыраазы эмесмин».

14 Ошондо аялы Зереш жана келген бардык достору ага: «Бийиктиги элєє чыканакка жеткен жыгач мамы даярдашсын, эртењ менен эрте падышага айт, Мордохайды ошого астырып салсын, андан соњ падыша менен тойго кљњєлдєє бара бер», – дешти. Бул сљз Аманга абдан жагып, жыгач мамы даярдап койду.

6-БЉЛЄМ

Амандын Мордохайга урмат кљрсљтєшє

1 Ошол тєнє Тењир падышанын уйкусун алды. Ошондо падыша кєндљлєк иштер жазылган тарых китебин алып келєєнє буйруду. Китепти падыша алдында окушту.

2 Ал китептен Мордохайдын босого кайтарган падышанын эки эбнуху Биктан менен Терештин Акашбейрош падышаны љлтєрєєнє ойлогонун кабарлаганы тууралуу окушту.

3 Ошондо падыша: «Бул єчєн Мордохайга кандай урмат-сый кљрсљтєлдє эле?» – деп сурады. Падышанын кызматчылары: «Эч кандай сый кљрсљтєлгљн эмес», – деп жооп беришти.

4 Падыша: «Босогодо турган ким?» – деп сурады. Ошондо Аман љзє даярдаган жыгач мамыга Мордохайды астырыш єчєн, падыша менен сєйлљшєєгљ падыша сарайынын кире беришиндеги бљлмљгљ келген эле.

5 Кызматчылар падышага: «Кире бериште Аман турат», – деп айтышты. Падыша: «Кирсин», – деди.

6 Аман кирди. Падыша ага: «Падыша урмат-сый кљрсљткєсє келген адамга эмне кылыш керек?» – деди. Аман ичинен: «Падыша менден башка кимге урмат кљрсљтмљк эле?» – деп ойлоду.

7 Аман падышага мындай деди: «Падыша урмат кљрсљткєсє келген адамга мындай кылыш керек:

8 ага падыша кийчє кийимди алып келишсин, алдына падыша минип жєргљн атты тартышсын, башына падыша таажысын кийгизишсин.

9 Ал кийимдерди, атты падышанын атактуу тљрљлљрєнєн бирине берсин, ал тљрљ падыша урмат кљрсљткєсє келген адамга ошол кийимди кийгизип, аны ошол атка мингизип, атты жетелеп, шаар аянтына алып чыгып, анын алдында: “Падыша урмат-сый кљрсљткєсє келген адамга ушундай кылынат!” – деп жар салсын».

10 Ошондо падыша Аманга: «Љзєњ айткан кийим менен атты тезинен алып, падыша дарбазасынын алдында отурган жєйєт Мордохайга ошондой кыл, љзєњ айткандын баарын жаса, эч нерсе калтырба», – деди.

11 Аман кийим менен атты алып, кийимди Мордохайга кийгизип, атын жетелеп, шаар аянтына алып чыкты да, анын алдында: «Падыша урмат кљрсљткєсє келген адамга ушундай кылынат!» – деп жар салды.

12 Андан кийин Мордохай падыша дарбазасына кайтып келди. Аман капаланган, башын жапкан бойдон єйєнљ шашып жљнљдє.

13 Эмне болгонунун баарын Аман аялы Зерешке жана досторуна айтып берди. Акылмандары менен аялы Зереш ага: «Сен Мордохайдын айынан кулай баштадыњ, ал жєйєттљрдєн тукумунан чыкса, анда ага кєчєњ жетпейт, анын алдында кулап калат окшойсуњ», – дешти.

Амандын љлтєрєлєшє

14 Алар Аман менен сєйлљшєп бєтљ электе эле, падышанын эбнухтары келип, аны Эстер даярдаган тойго шаштырышты.

7-БЉЛЄМ

1 Ошентип, падыша Аман менен ханыша Эстердин тоюна келди.

2 Тойдун экинчи кєнє падыша Эстерге: «Эмне каалайсыњ, Эстер ханыша? Ошол каалооњ канааттандырылат, кандай љтєнєчєњ бар? Жарым падышачылыкты сурасањ да, берем», – деди.

3 Эстер ханыша мындай деп жооп берди: «Падыша, эгерде мен сенин алдыњда ырайым тапкан болсом, эгерде падыша туура кљрсљ, анда менин каалоом боюнча жанымды куткарып кал, менин љтєнєчєм боюнча элим аман калсын!

4 Анткени мен да, менин элим да кырылыш єчєн, жок болуш єчєн, љлєш єчєн сатылганбыз. Эгерде биз кулдукка, кєњдєккљ эле сатылган болсок, анда мен унчукпайт элем, бирок душман падышанын жоготуусунун ордун толтура албайт».

5 Ошондо Акашбейрош падыша Эстер ханышага: «Мындай кылууга батынган неме ким, ал кайда?» – деди.

6 Эстер: «Касыбыз да, душманыбыз да – ушул кыянатчыл Аман!» – деди. Ошондо Аман падыша менен ханышанын алдында калтырап кетти.

7 Падыша тойдон каарданып чыгып, падыша сарайынын багына барды. Аман болсо жан соогалап, Эстер ханышага жалынды, анткени падышанын катуу љкєм чыгарганын билди.

8 Падыша сарайынын багынан падыша той љтєп жаткан жерге кайра келгенде, тахтадагы Эстерге жабышкан Аманды кљрєп: «Ал тургай, менин єйємдљ ханышаны зордуктагысы барбы?» – деди. Бул сљз падышанын оозунан чыгары менен, Амандын жєзєн чємкљй салышты.

9 Ошондо падышага кызмат кылган эбнухтардын бири Харбон: «Падышага жакшылык каалагандыктан кабар берген Мордохай єчєн Аман даярдаган, бийиктиги элєє чыканак болгон жыгач мамы Амандын єйєнєн жанында турат», – деди. Падыша: «Ошол жыгач мамыга љзєн асып салгыла!» – деди.

10 Ошентип, алар Амандын Мордохай єчєн жасаган жыгач мамысына љзєн асып салышты. Ошондо гана падышанын ачуусу тарады.

8-БЉЛЄМ

Мордохайдын жогорку кызматка коюлушу

1 Ошол кєнє Акашбейрош падыша жєйєттљрдєн душманы Амандын єйєн Эстер ханышага берди. Мордохай падышанын алдына кирди, анткени Эстер падышага Мордохай эмнеси болорун айткан эле.

2 Ошондо падыша Амандын колунан чыгарып алган љз шакегин Мордохайдын колуна салды. Эстер болсо Мордохайды Амандын єйєнљ башчы кылды.

3 Эстер падыша менен кайрадан сєйлљшєп, анын бутуна жыгылып, ыйлап, андан агактык Амандын кыянат ишин жана анын жєйєттљргљ каршы жаман ниетин жокко чыгаруусун љтєндє.

4 Падыша Эстерге алтындан жасалган падыша таягын сунду. Эстер љйдљ болуп, падышанын алдында турду.

5 Анан мындай деди: «Эгерде падыша туура кљрсљ, эгерде мен анын алдында ырайым тапсам, эгерде бул иш падышанын алдында адилеттєє болуп эсептелсе, эгерде мен ага жаксам, анда агактык Амадат уулу Амандын жаман ниети боюнча падышанын бардык дубандарындагы жєйєттљрдє кыруу жљнєндљ жазылган каттар кайтарылышы єчєн буйрук жазылса экен.

6 Мен љз элимдин башына тєшкљн мєшкєлдє кантип карап турам, бир туугандарымдын кырылып жатканын кантип карап турам?»

7 Ошондо Акашбейрош падыша Эстер ханыша менен жєйєт Мордохайга мындай деди: «Амандын єйєн Эстерге бердим, љзєн болсо жєйєттљргљ каршы чыкканы єчєн, жыгач мамыга астырып салдым.

8 Силер да падышанын атынан жєйєттљр жљнєндљ љзєњљр каалагандай буйрук жазып, падышанын мљљр шакегин баскыла, анткени падыша атынан жазылып, анын мљљр шакеги басылган катты љзгљртєєгљ болбойт».

9 Yчєнчє айда, башкача айтканда, Сибан айынын жыйырма єчєнчє кєнє падышанын катчылары чакыртылды. Алар Мордохай буйругандай кылып жєйєттљргљ, падышанын бийлљљчє тљбљлдљрєнљ, аймак башкаруучуларына, дубан башчыларына, Индиядан Эфиопияга чейин жайгашкан жєз жыйырма жети дубандын ар бирине љз ариби менен, ар бир элдин љз тилинде, жєйєттљргљ љз ариби менен, љз тилинде каттарды жазышты.

10 Мордохай аларды Акашбейрош падышанын атынан жазып, падышанын мљљр шакегин басып, чабармандарды ат, тљљ, качыр менен жљнљттє.

11 Ал катта ар кайсы шаарларда турган жєйєттљр чогулуп, љз љмєрлљрєн сакташ єчєн, љздљрєнљ каршы чыккан элдин арасындагы жана дубандагы кєчтєєлљрдєн баарын кырып, жок кылып, љлтєрєп, алардын балдарын, аялдарын, мал-мєлкєн талап-тоноп алууга падышанын жєйєттљргљ уруксат бергени жљнєндљ жазылган эле.

12 Акашбейрош падышанын бул буйругу бардык дубандарда бир кєндљ, он экинчи айдын, башкача айтканда, Адар айынын он єчєнчє кєнє аткарылсын деп кљрсљтєлгљн.

13 Бєт элдерге мыйзам катары жарыялана турган бул буйруктун кљчєрмљсє ар бир дубанга жеткирилсин, жєйєттљр ошол кєнє душмандарынан љч алууга даяр турушсун деп айтылган.

14 Падышанын буудандарына минген чабармандар падышанын буйругун шашылыш алып жљнљштє. Буйрук борбор шаар Шушанда да жарыяланды.

15 Ошондо Мордохай падышадан єстєнљ ак, жакут тєстєє падыша кийимин, башына чоњ алтын таажы кийип, зыгыр кездемеден тигилген кочкул кызыл жамынгыч жамынып чыкты. Шушан шаары кубанычка жана шаттыкка бљлљндє.

16 Ошол кєн жєйєттљр єчєн жарык чачкан, кубанычтуу, шањдуу майрам кєн болду.

17 Падышанын буйругу менен токтому жеткен бардык дубандардагы, бардык шаарлардагы, бардык жерлердеги жєйєттљрдєн кубанычы койнуна батпай, майрамдап, той љткљрєп жатышты. Љлкљдљгє элдердин кљпчєлєгє жєйєттљрдљн корккондуктан, жєйєт болуп алышты.

9-БЉЛЄМ

Жєйєттљрдєн љз душмандарынан љч алышы

1 Он экинчи айда, башкача айтканда, Адар айынын он єчєнчє кєнє – падышанын буйругу менен токтому орундалар убак келгенде, жєйєттљргљ душмандары єстљмдєк кылабыз деп турган кєнє бардыгы тескерисинче болду, жєйєттљр душмандарына бийлик кылып калышты.

2 Ошол кєнє Акашбейрош падышанын бардык дубандарындагы жєйєттљр жамандык каалаган душмандарына кол салыш єчєн, љз шаарларына топтолуп жатышты. Алардын алдында эч ким туруштук бере алган жок, анткени алардан бардык элдердин єрљйє учуп калган эле.

3 Дубандардагы тљрљлљр, бийлљљчє тљбљлдљр, дубан башчылар, падышанын иштерин аткаруучу кызматчылар жєйєттљрдє колдоп кетишти, анткени алар Мордохайдан коркуп калышкан эле.

4 Анткени Мордохай падыша сарайында чоњ кызматчы болчу. Анын кадыр-баркы кљтљрєлгљндљн кљтљрєлєп, атагы бєт дубандарга тарап жаткан.

5 Жєйєттљр бардык душмандарын кылычтап кырып, жок кылып жатышты, аларды љз билгендериндей кылып жатышты.

6 Жєйєттљр борбор шаар Шушанда беш жєз кишини кырышты.

7 Алар Паршандатты, Далпону, Аспатты,

8 Поратты, Адалияны, Аридатты,

9 Пармаштаны, Арисайды, Аридайды, Байзатты –

10 жєйєттљрдєн душманы Амадат уулу Амандын аталган он баласын љлтєрєп салышты, бирок мал-мєлктљрєнљ тийишкен жок.

11 Ошол эле кєнє борбор шаар Шушандагы љлтєрєлгљндљрдєн санын падышага жеткиришти.

12 Ошондо падыша Эстер ханышага мындай деди: «Жєйєттљр борбор шаар Шушанда беш жєз кишини, Амандын он баласын љлтєрєштє. Алар падышанын калган дубандарында эмне кылышты экен? Эмнени каалайсыњ? Каалаганыњ канагаттандырылат. Дагы кандай љтєнєчєњ бар? Ал љтєнєчєњ да аткарылат».

13 Эстер: «Эгер падыша туура кљрсљ, Шушанда жашаган жєйєттљргљ бєгєнкє кылгандарын эртењ да кылууга, Амандын он уулун жыгач мамыга асып салууга уруксат берсин», – деди.

14 Падыша ошондой кылууга буйрук берди, ал буйрук Шушанда берилди, Амандын он уулун асып салышты.

15 Шушандагы жєйєттљр Адар айынын он тљртєнчє кєнє да чогулуп келип, Шушанда єч жєз кишини љлтєрєштє, бирок мал-мєлктљрєнљ тийишкен жок.

16 Падышанын башка дубандарында жашаган жєйєттљр да љз љмєрлљрєн коргош єчєн, душмандарынан коопсуз болуш єчєн чогулушуп, душмандарынан жетимиш беш мињ адамды кырып салышты, бирок алардын мал-мєлктљрєнљ тийишкен жок.

17 Бул Адар айынын он єчєнчє кєнє болду, ошол эле айдын он тљртєнчє кєнє алар тынчып, ал кєндє кљњєлдєє, кубанычтуу майрам катары кабыл алышты.

18 Шушандагы жєйєттљр он єчєнчє кєнє да, он тљртєнчє кєнє да чогулушуп, он бешинчи кєнє гана тынчып, ал кєндє алар кубанычтуу майрам катары љткљрєштє.

19 Ошондуктан айыл-кыштактарда жашаган жєйєттљр Адар айынын он тљртєнчє кєнєн майрам кєн катары белгилеп, бири-бирине белектерди жиберип, салтанат менен љткљрєшљт.

Пурим майрамы

20 Мордохай бул окуяларды жазып, Акашбейрош падышанын алыскы жана жакынкы дубандарында жашаган бардык жєйєттљргљ кат аркылуу жљнљттє.

21 Ал катта «Жєйєттљр жыл сайын Адар айынын он тљртєнчє жана он бешинчи кєнєн майрамдашсын» деген буйрук жазылган.

22 «Бул кєндљрдє жєйєттљр душмандарынан коопсуз болуп, тынч жашаган кєндљр катары, бул айды болсо кайгысы шаттыкка айланган, муњу майрамга айланган ай катары, бири-бирине белек берип, жардыларга кайыр берєєчє кубанычтуу, кљњєл ачуучу майрам катары майрамдашсын».

23 Жєйєттљр Мордохайдын жазган каты боюнча майрам љткљрљ башташты, љздљрє да буга чейин майрамдап жатышкан эле.

24 Ал катта жєйєттљрдєн душманы агактык Амадат уулу Амандын жєйєттљрдє жок кылууну ойлоп, љкчљмљ таш ыргытканы,

25 Эстердин падышага киргени, падышанын жањы буйругу боюнча Амандын жєйєттљргљ каршы ойлогон жаман ниети љз башына тийгени, љзєн да, уулдарын да жыгач мамыга асып салышканы жљнєндљ жазылган эле.

26 Ошондуктан бул кєндљрдє “пур” деген сљздљн Пурим деп аташты. Болгон иштерди љздљрє кљрєп, љздљрєнєн башынан љткљргљндєктљн, бул каттагы бардык сљздљргљ макул болушту.

27 Жазылган кат боюнча алар мындай токтом кабыл алышты: жєйєттљр ушул эки кєндє жыл сайын, љз убагында балдары менен бирге, љздљрєнљ кошулган эл менен бирге єзгєлтєксєз майрамдашсын;

28 бул кєндљрдє ар бир уруу, ар бир дубан, ар бир шаар укумдан-тукумга, жыл сайын майрамдасын. Бул Пурим кєндљрєн жєйєттљр алып салышпасын, бул кєндљр алардын укум-тукумунун эсинен чыкпасын.

29 Абыгайыл кызы Эстер ханыша менен жєйєт Мордохай Пурим тууралуу жазылган жањы каттагы буйрук аткарылсын деп, катуу талап менен дагы бир кат жазышты.

30 Тынчтык жана чындык сљздљрє жазылган ал каттарды бардык жєйєттљргљ, Акашбейрош падышанын жєз жыйырма жети дубанына жљнљтєштє.

31 Ал каттарда жєйєт Мордохай менен Эстер ханыша алар єчєн белгилеген Пурим кєндљрєн љз убагында љткљрєп туруу жљнєндљ, орозо кармап, боздоп ыйлаган кєндљрдє эстеринен чыгарбаш єчєн, љздљрє да, балдары да бул кєндљрдє майрам катары љткљрєшє керектиги жљнєндљ жазылган.

32 Пурим тууралуу жазылган ушул катты Эстер ушундай буйрук менен бекитти, ал буйрук китепке жазылды.

10-БЉЛЄМ

Мордохайдын падышадан кийинки экинчи адам болуп калышы

1 Акашбейрош падыша бєт жерге жана дењиз аралдарына салык салды.

2 Акашбейроштун улуу иштери, ошондой эле анын Мордохайга урмат кљрсљткљнє, аны жогорку кызматка койгону толугу менен Мадай жана Персия падышаларынын тарых китептеринде жазылды.

3 Жєйєт Мордохай Акашбейрош падышадан кийинки экинчи адам болду. Ал жєйєттљрдєн улуу инсаны жана љз бир туугандарынын сєйєктєє адамы болду, анткени ал дайыма љз элине жакшылык каалап, љз элинин жыргалчылыгын кљздљп сєйлљчє.