1 Ус деген жерде бир адам болгон, анын ысымы Аюб эле. Ал кемчиликсиз, адилеттєє, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жєргљн адам болчу.
2 Анын жети уулу, єч кызы болгон.
3 Анын энчисинде: жети мињ майда мал, єч мињ тљљ, беш жєз жуп љгєз, беш жєз ургаачы эшек жана кљп сандаган єй кызматчылары бар эле. Ал чыгыш элдеринин ичинен эњ атактуу адам болгон.
4 Анын уулдары чогулуп, ар бири љз єйєндљ, љз кєнє келгенде, той љткљрєп турчу. Алар чогуу ичип-жеш єчєн, єч кыз бир тууганын киши жиберип чакыртышчу.
5 Алардын той берген кєндљрє кезеги менен љтєп бєткљндљн кийин, Аюб аларга киши жиберип чакыртып алып, аларды ыйыктачу. Эртењ менен эрте туруп, алардын санына жараша бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык чалчу. Анткени Аюб: «Балким, уулдарым ичинен Кудайга акарат айтып, кєнљљгљ баткандыр», – деп ойлочу. Бардык ушундай кєндљрє Аюб ушундай кылып турчу.
6 Бир кєнє Кудайдын уулдары Тењирдин алдында туруш єчєн келишти, алар менен кошо шайтан да келди.
7 Ошондо Тењир шайтандан: «Сен кайдан келдињ?» – деп сурады. Шайтан Тењирге: «Мен бєт жер жєзєн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди.
8 Тењир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга кљњєл бурдуњбу? Анткени жер жєзєндљ андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттєє, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жєргљн адам», – деди.
9 Ошондо шайтан Тењирге мындай деп жооп берди: «Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен?
10 Аны да, анын тукумун да, анын колунда болгонунун бардыгын коргогон Сен эмессињби? Анын бардык ишине батањды бердињ, анын жер жайнаган малы бар.
11 Бирок колуњду сунуп, анын колунда болгонунун бардыгына колуњду тийгизип кљрчє, ал Сени дањктар бекен?»
12 Ошондо Тењир шайтанга: «Мына, анын колунда болгонунун баары сенин колуњда, бирок љзєнљ тийбе», – деди. Ошентип, шайтан Тењирдин алдынан кетти.
13 Анын уулдары менен кыздары тун бир тууганынын єйєндљ тамак жеп, шарап ичип жаткан кєнє
14 Аюбга кабарчы келип, мындай деп билдирди:
15 «Љгєздљр кош айдап жатышкан, алардын жанында ургаачы эшектер оттоп жєрєшкљн, ошондо шебалыктар кол салып, аларды тартып алышты, кулдарды болсо кылычтап љлтєрєштє. Сага кабарлаш єчєн, жалгыз мен качып кутулдум».
16 Ал сєйлљп бєтљ электе, дагы бирљљ келип: «Асмандан Кудайдын оту тєшєп, малды да, кулдарды да кєйгєзєп кетти. Сага кабарлаш єчєн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты.
17 Ал сєйлљп бєтљ электе, дагы бирљљ келип: «Каздимдиктер єч топко бљлєнєп алып, тљљлљргљ кол салып, аларды алып кетишти, кулдарды болсо кылычтап љлтєрєштє. Сага кабарлаш єчєн, жалгыз мен качып кутулдум», – деп айтты.
18 Ал сєйлљп бєтљ электе, дагы бирљљ келип, мындай деди: «Сенин уулдарыњ менен кыздарыњ тун бир тууганынын єйєндљ тамак жеп, шарап ичип жатышканда,
19 чљлдљн катуу шамал келип, єйдє талкалады. Балдарыњды єй басып калды, алар љлєштє. Сага кабарлаш єчєн, жалгыз мен качып кутулдум».
20 Ошондо Аюб тура калып, сырт кийимин айрып, чачын алды, жєзтљмљндљп жыгылып, Кудайга таазим кылып:
21 «Мен бул дєйнљгљ жылањач келгем, жылањач кетем. Берген да Тењир, алган да Тењир. Тењирдин ысымы дањкталсын!» – деди.
22 Ошонун бардыгына карабастан, Аюб кєнљљ кылган жок, Кудайга акарат келтирген жок!
1 Бир кєнє Кудайдын уулдары Тењирдин алдында туруш єчєн келишти, алар менен кошо шайтан да келди.
2 Ошондо Тењир шайтандан: «Сен кайдан келдињ?» – деп сурады. Шайтан Тењирге: «Мен бєт жер жєзєн аралап, айланып чыктым», – деп жооп берди.
3 Тењир шайтанга: «Сен Менин кулум Аюбга кљњєл бурдуњбу? Анткени жер жєзєндљ андай адам жок. Ал – кемчиликсиз, адилеттєє, Кудайдан корккон, жамандыктан алыс жєргљн адам. Ал ушуга чейин љзєнєн кемчиликсиздигинде бек турат. Сен болсо аны жазыксыз жерден љлтєрєш єчєн, Мени ага каршы тукурдуњ», – деп айтты.
4 Шайтан Тењирге мындай деп жооп берди: «Тери єчєн тери, адам љз жаны єчєн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет.
5 Бирок Сен анын денеси менен сљљгєнљ колуњду тийгизип кљрчє, ал Сени дањктар бекен?»
6 Ошондо Тењир шайтанга: «Мына, ал сенин колуњда, бирок анын жанына тийбе», – деп айтты.
7 Ошентип, шайтан Тењирдин алдынан кетип, Аюбдун таманынан тљбљсєнљ чейин љтљ оор пес оорусун каптатты.
8 Ал денесиндеги пес оорусун кырып салыш єчєн, карапа сыныгын алып, кєлгљ отурду.
9 Ошондо ага аялы: «Сен дагы эле љзєњдєн кемчиликсиздигињде бек турасыњбы? Кудайга акарат келтир да, љл», – деди.
10 Бирок ал аялына: «Сен акылсыз аялдай сєйлљп жатасыњ. Кудайдан биз жакшылыкты кабыл алып, жамандыкты кабыл албай коёбузбу?» – деди. Ушунун баарына карабай, Аюб тили менен кєнљљгљ баткан жок.
11 Аюбдун єч досу: теймандык Элипаз, шухтук Билдат жана наамалык Сопар анын башына тєшкљн бул кыйынчылыктардын баарын угуп, ар бири љз жеринен келишти. Алар анын кайгысын бљлєшєш єчєн, аны сооротуш єчєн чогулушту.
12 Алар Аюбду алыстан кљргљндљ, таанышкан жок. Жакындаганда љкєрєп-бакырып, боздоп ыйлашты, ар бири љз кийимин айрып, башынан љйдљ топурак чачышты.
13 Алар жети кєн, жети тєн аны менен бирге жерде отурушту. Эч кимиси бир ооз сљз сєйлљгљн жок, анткени анын кайгысы љтљ оор экенин кљрєштє.
1 Ошондон кийин Аюб сљз баштап, љзє туулган кєндє каргады.
2 Аюб сљзєн мындай деп баштады:
3 «Мен туулган кєн курусун, “Эркек бала тєйєлдє”, – деген тєн курусун!
4 Ал кєн карањгылык болсун. Жогорудагы Кудай ал кєндє издебесин, ал кєнгљ жарык тийбесин!
5 Ал кєндє карањгылык менен љлєм сљлљкљтє карањгылатсын, ал кєндє кара булут каптасын, куйкалаган аптаптан корккондой, ал кєндљн коркуп турушсун!
6 Ал тєндє карањгылык басып калсын, ал тєн жыл эсебине кирбесин, айлардын санына кирбесин!
7 Оо, ошол тєн! Ошол тєн тукумсуз калсын, ошол тєнє шаттык єнє угулбасын!
8 Ал тєндє кєндє каргаган лебийатанды ойготууга жљндљмдєєлљр каргашсын!
9 Анын тањ атардагы жылдыздары љчсєн, ал тєн жарыкты кєтсєн, бирок ал келбесин, ал тєн тањдын нурун кљрбљсєн!
10 Анткени ал тєн энемдин жатынын бууган жок, кайгыны кљздљрємдљн жашырган жок!
11 Энемдин жатынынан чыгып баратканда эле, эмне єчєн љлєп калбадым экен, энемдин ичинен чыкканда, эмне єчєн љлєп калбадым экен?
12 Эмне єчєн мен тљрљлгљндљ, мени энемдин тизелерине жаткырышты экен? Эмне єчєн эмчек эмдим экен?
13 Азыр мен эс алып, уктап жатмакмын, жаныма тынч болмок,
14 љздљрєнљ кємбљз курган жер жєзєндљгє падышалар жана кењешчилер менен,
15 же алтынга бай, єйлљрєн кємєшкљ толтурган тљрљлљр менен жатмакмын.
16 Же бойдон тєшєп, жерге жашырылып калсам эмне, же жарык дєйнљнє кљрбљй калган наристедей болуп љлєп калсам эмне!
17 Ал жакта мыйзамсыздар єрљй учурбай калышат, ал жакта кєчтљн тайып алсырагандар эс алышат.
18 Ал жакта туткундар да тынчтыкка магдырашат, кљзљмљлчєлљрдєн кыйкырыгын угушпайт.
19 Ал жакта кичине да, чоњ да бирдей, кул љз кожоюнунан кутулган.
20 Жабыр тартканга жарык эмнеге берилди экен, жаны кыйналганга жашоо эмнеге берилди экен?
21 Љлємдє кєткљндљргљ љлєм келбейт, алар кенчке караганда љлємдє жан-дили менен казып алышпайт беле?
22 Алар кљрдљн жай тапканына сєйєнєп, кубанычтары коюндарына батмак эмес.
23 Жолу жабык адамга жарык эмнеге берилди? Кудай карањгылык менен курчаган адамга жарык эмнеге берилди?
24 Yшкєрєгєм нан жегизбей жатат, онтоолорум суудай агып жатат.
25 Анткени мен эмнеден єрљйєм учуп качып жєрсљм, ошол мени кууп жетти. Мен эмнеден корксом, ошол келди.
26 Мага тынчтык да жок, эс алуу да жок, кубаныч да жок, башыма мєшкєл тєштє».
1 Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди:
2 «Эгерде биз бир сљз айтсак, сага катуу тийбес бекен? Бирок сљзгљ ким тыюу сала алат?
3 Сен кљптљргљ акыл-насаат айтчусуњ, алсыз колдорго кєч берчєсєњ,
4 сенин сљздљрєњ жыгылганды тургузган, алсырап тизе бєккљнгљ кєч берген.
5 Эми љзєњдєн башыња мєшкєл тєшкљндљ, алсырап калдыњ. Сага тийди эле, кљњєлєњ чљктє.
6 Кудайдан корккондугуњ сенин ємєтєњ, такыбаа жашаганыњ сенин тирегињ болуш керек эле да.
7 Эстеп кљрчє, айыпсыз адам љлдє беле? Адил адамдар тукум курут болду беле?
8 Мен кљргљндљн, кыянаттык эккендер менен жамандык сепкендер ошону эле оруп алып жатышат.
9 Кудайдын деминен љлєшљт, Кудайдын каардуу рухунан жок болуп кетишет.
10 Арстандын айкырыгы менен жаш арстандын єнє басылат, жаш арстандын азуусу сынат.
11 Зор арстан жем таба албай љлљт, ургаачы арстандын кєчєктљрє тентип кетишет.
12 Мына, мага бир сљз жашыруун жетти, мен ал сљздљн шыбыш уктум.
13 Тєнкє кљрєнєштљр жљнєндљ ойлоп жатканда, адамдарды уйку басканда,
14 мени коркунуч каптап, калтырак басып, сай-сљљгєм сыздады.
15 Yстємљн бир рух учуп љттє, тљбљ чачым тик турду.
16 Ал турду, бирок мен анын љњєн тааный алган жокмун, кљз алдымда бир кебете гана турду. Акырын соккон жел жєрдє, мен єн уктум:
17 “Адам Кудайдан да адилеттєє бекен? Адам љз Жаратканынан да таза бекен?”
18 Ал Љз кулдарына да ишене албайт, Љз периштелеринен да кемчиликтерди кљрљт.
19 Андан бетер топурактан жасалган ийбадатканада жашагандардан да кемчилик кљрљт. Алардын негизи топуракта, алар кєбљдљн да тез жок болушат.
20 Алар тањ атып кеч киргенге чейин эле чачырап жок болушат. Кантип жок болгонун кљрбљй да каласыњ.
21 Љздљрє менен кошо алардын кадыр-баркы да жок болуп жаткан жокпу? Алар акылмандыкка жетпей љлєп жатышат.
1 Эгерде сага жооп бере турган бирљљ болсо, анда чакыр. Ыйыктардын кимисине кайрыласыњ?
2 Ошентип, акылсызды каардуулугу љлтєрљт, эси жокту туталангычтыгы љлтєрљт.
3 Мен акылсыздын кантип тамыр жайганын кљрдєм. Ошол замат анын єйєн каргадым.
4 Анын балдары бакыттан алыс, аларды дарбазанын алдында уруп-согушат, аларга болушар эч ким болбойт.
5 Анын тєшємєн ачка адам жейт, ал аны тикенектин арасында љскљн жеринен да жыйнап алат, анын мал-мєлкєн суусагандар жутуп алышат.
6 Ошондуктан кайгы топурактан чыкпайт, мєшкєл жерден љсєп чыкпайт.
7 Бирок адам бийикке учкан учкун сыяктуу азапка туулат.
8 Бирок мен Кудайга кайрылар элем, ишимди Кудайга тапшырар элем,
9 Ал изилдегис, сансыз кљп, укмуштуу, улуу иштерди жаратып жатат.
10 Ал жер єстєнљ жамгыр берет, талаага сууларды жаят.
11 Кемсинтилгендерди жогору кљтљрљт, кайгы тарткандар куткарылат.
12 Ал жєзє каралардын арам ойлорун бузуп салат, ошондуктан алар ийгиликке жете алышпайт.
13 Ал акылмандарды љздљрєнєн эле амалы менен кармайт, митайымдардын ойлору ишке ашпайт.
14 Кєндєз алар карањгыга туш болушат, чак тєштљ тєндљгєдљй сыйпалап басышат.
15 Ал жакырды кылычтан, алардын оозунан жана кєчтєєнєн колунан куткарат.
16 Ошондуктан жакырдын ємєтє бар, жалган љз оозун жабат.
17 Кудай эсине келтирген адам бактылуу, ошондуктан кудуреттєє Кудайдын жазасын четке какпа!
18 Анткени Ал Љзє жарадар кылат да, Љзє жаратты тањат. Ал уруп жарадар кылат да, кайра эле Љз колу менен дарылайт.
19 Ал сени алты кайгыдан куткарат, жетинчисинде сага жамандык жолобойт.
20 Ал ачарчылыкта сени ажалдан алып калат, майданда кылычтан куткарат.
21 Камчыдай тийген тилден жашынып каласыњ, кыйроо келгенде, коркпойсуњ.
22 Кыйроо жана ачарчылык келгенде, кєлљсєњ, жер єстєндљгє жырткычтардан єрљйєњ учпайт,
23 анткени сен талаадагы таштар менен тынчтыктасыњ, талаадагы жырткычтар менен ынтымактасыњ.
24 Ошондо љз чатырыњ коопсуз экенин билип, љз єйєњљ кљз салып, кєнљљгљ батпай жашайсыњ.
25 Љз уругуњдун сан жетпей кљбљйгљнєн, љз тукумуњдун жер єстєндљгє чљптљй љскљнєн кљрљсєњ.
26 Буудай боолору љз маалында жыйылгандай, сен да кљргљ карылыкка жетип киресињ.
27 Биз ушулардын баарын изилдесек, ушундай экен. Муну сен да угуп, кљкєрљгєњљ тєйєп ал».
1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:
2 «Оо, менин муњ-зарым таразага туура тартылса кана, аны менен бирге тарткан азабым таразага салынса кана!
3 Анда тарткан азабым дењиз кумунан да оор болор эле! Ошондуктан менин сљздљрєм токтолбостон куюлат.
4 Анткени мага кудуреттєє Кудайдын жебелери сайылды. Анын уусун менин рухум ичип жатат. Кудайдын коркунучтары мага каршы топтолду.
5 Жапайы эшек чљп єстєндљ айкырмак беле? Љгєз љз тоютунун алдында мљљрљмљк беле?
6 Даамсыз тамакты туз кошпой жешмек беле, жумуртканын агында даам болмок беле?
7 Менин жаным тийгиси келбеген нерсе менин жийиркеничтєє тамагым болду.
8 О, мен тилегиме качан жетем? Кудай менин эњсегенимди качан аткарат?
9 О, Кудай ырайым кылып, мени талкалап салса кана! Љз колун сунуп, мени љлтєрєп салса кана!
10 Мен анда кубанмакмын, ырайымсыз дартыма чыдамдуулук кљрсљтмљкмєн, анткени мен Ыйыктын сљзєнљн баш тарткан жокмун.
11 Ємєттљнгєдљй, менде кайсы кєч бар эле? Љмєрємдєн аягы эмне экенин билсем, мен аны сабырдуулук менен кєтпљйт белем?
12 Менин кайратым таштай бекем бекен? Денем жез бекен?
13 Љзємљ љзєм жљлљк болор дарманым барбы? Деги мага тирек болор эмне бар?
14 Эгерде жабыр тартып жаткан адам кудуреттєє Кудайдан коркпой калса да, аны досу аяшы керек.
15 Бирок менин бир туугандарым агын суудай, шар аккан суудай ишенимсиз.
16 Ал – муздан ылайланган суу, ал сууларда кар жашынып жатат.
17 Кєн жылыганда, алар эрип кетишет, аптапта љз ордунан жок болуп кетишет.
18 Алар аккан багытын буруп, чљлгљ кирип жок болушат.
19 Аларды Тейма жолдору кєтєп турат, алардан Шеба жолдору ємєт кылат.
20 Бирок ємєттљрє таш кабат. Ал жакка баргандардын уяттан жєзє кызарат.
21 Азыр силер да мен єчєн ошондой болдуњар, коркунучту кљргљндљ, жєрљгєњљр тєшєп калды.
22 Мен силерге: “Мага бир нерсе бергиле, же болбосо байлыгыњардан мен єчєн тљлљп койгула,
23 мени душман колунан куткаргыла, мени кыйнап жаткандын колунан кун тљлљп куткарып алгыла”, – деп айттым беле?
24 Єйрљткєлљ, мен унчукпай калайын. Менин кєнљљм эмнеде, кљрсљткєлљ.
25 Чын сљз кандай ачуу! Бирок силердин ашкерелљљњљр эмнени далилдейт?
26 Ашкерелегенге сљз ойлоп жатасыњарбы? Сљзєњљрдє текке кетирип жатасыњар.
27 Силер жетимге кол салып, љз досуњарга ор казып жатасыњар.
28 Эми силерден суранарым, жєзємљ тике карасањар, силердин алдыњарда мен калп айтмак белем?
29 Кайра карап кљргєлљ, калпы бар бекен? Кайра карап кљргєлљ, меники туура.
30 Менин сљзємдљ жалгандык бар бекен? Кантип эле менин кекиртегим кайгыны ажырата албасын?
1 Адамдын жердеги жашоо мљљнљтє белгиленген эмеспи? Анын кєндљрє жалчынын кєндљрєндљй эле эмеспи?
2 Кул кљлљкљнє эњсегендей, жалчы жумушунун бєтєшєн кєткљндљй,
3 менин энчиме тєйшєктєє айлар тийди, мага кайгылуу тєндљр эсептелип берилди.
4 Жатарымда: “Качан тањ атат?” – дейм, бирок тєн созула берет, мен тањ аткыча кыйналып оодарыла берем.
5 Денемди курт каптап, карттанып, терилерим жарылып, ирињдеп жатат.
6 Менин кєндљрєм чыгырыктан тез айланып, ємєтсєз љтєп жатат.
7 Менин љмєрєм жел экенин, кљздљрєм кайра жакшылык кљрбљстєгєн эсињден чыгарба.
8 Мени кљргљн кљз эми мени кљрбљйт. Сен мени бир караганда эле мен жок болом.
9 Булут суюлуп, тарап кетет. Ошондой эле љлгљндљрдєн жайына тєшкљн адам кайра чыкпайт,
10 ал љз єйєнљ кайтып келбейт, анын турган жери аны билбей калат.
11 Мен тилимди ошондуктан тыйбайм: рухум кыйналганынан улам сєйлљп жатам, жан-дєйнљм жабыр тартканынан улам даттанып жатам.
12 Сен мага сакчы койгудай, мен дењиз белем же дењизде жашаган коркунучтуу жаныбар белем?
13 “Тљшљгєм сооротот, жаткан жерим кайгы-капамды таратат”, – деп ойлоп жатканымда,
14 Сен мени тєштљр менен коркутасыњ, кљрєнєштљр менен єрљйємдє учурасыњ.
15 Ошондо менин жаным сљљктљрєм калганга караганда, дем алуумдун токтошун, љлємдє артык кљрљт.
16 Жашоодон жададым. Тєбљлєк жашамак белем. Мени љз жайыма кой, анткени менин кєндљрєм курулай убаракерчилик.
17 Сен ушунчалык баалагыдай, кљњєл бургудай, адам баласы ким?
18 Ага ар тањда келип турасыњ, кљз ирмем сайын аны сынап турасыњ.
19 Сен качан менден кљзєњдє аласыњ, качан коё бересињ, качан шилекейимди жутканга мємкєнчєлєк бересињ?
20 Эгерде мен кєнљљ кылган болсом, адам кєзљтчєсє болгон Сага эмне кыла алам? Эмне єчєн Сен мени Љзєњљ бута кылып алдыњ? Мен љзємљ љзєм жєк болуп калдым.
21 Эмне єчєн менин кєнљљмдє жууп, мыйзамсыз иштеримди кечирбейсињ? Анткени мен эми топуракка жатам. Эртењ мени издейсињ, бирок мен жок болом».
1 Шухтук Билдат мындай деп жооп берди:
2 «Сен ушинтип кљпкљ сєйлљй бересињби? Оозуњдан чыккан сљздљр – дуулдаган шамал!
3 Кантип эле Кудай љкємєн бузсун? Кантип эле кудуреттєє Кудай чындыкты љзгљртсєн?
4 Эгерде Анын алдында сенин уулдарыњ кєнљљ кылса, анда Ал аларды љз мыйзамсыздыгынын колуна салып берди.
5 Эгерде сен Кудайды издесењ, кудуреттєє Кудайга сыйынсањ,
6 эгерде сен таза болсоњ, эгерде сеники туура болсо, анда Ал азыр эле келип, сенин адил жашооњду калыбына келтирет.
7 Эгерде мурда сенин колуњда аз болсо, эми љтљ кљп болот.
8 Мурдагы муундардан сура, алардын аталарынын баамдагандарын кљњєлєњљ тєй.
9 Биз болсо кечээкилер элебиз да, эч нерсе билбейбиз, анткени биздин жердеги љмєр – кљлљкљ.
10 Мына ошолор сага єйрљтєшљт, айтышат, сљздљрєн чын жєрљктљн айтышат.
11 Тал чыбык нымсыз кљтљрєлљбє, камыш суусуз љсљбє?
12 Ал кљк бойдон, чабыла элек, бирок ар кандай чљптљн мурда куурап калат.
13 Кудайды унуткандардын бардыгынын жолу ушундай. Эки жєздєєнєн ємєтє таш кабат.
14 Анын ємєтє – желе, анын ишеними – жљргљмєштєн єйє.
15 Љз єйєнљ жљлљнљйєн десе, анысы туруштук бере албайт. Бек кармайын десе, анысы кулап калат.
16 Ал кєн алдында кљгљрљт, анын бутактары бактын сыртына жайылат.
17 Анын тамырлары єймљк таштын тєбєнљ чырмалат да, ташты жарып чыгат.
18 Аны ордунан жулуп алса, љскљн жери андан баш тартып: “Мен сени кљргљн эмесмин”, – дейт.
19 Анын љмєр жолунун кубанычы ушул! Жерден болсо башкалары љсєп чыгат.
20 Кљрдєњбє, Кудай такыбааны четке какпайт, зулумдарды колдобойт.
21 Ал дагы ууртуњду кєлкєгљ, оозуњду кубанычтуу сљздљргљ толтурат.
22 Сени жек кљргљндљр уятка калышат, мыйзамсыздардын чатырлары жок болот».
1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:
2 «Туура! Ушундай экенин билем. Бирок адам Кудайдын алдында кантип актана алат?
3 Эгерде адам Кудай менен талашып-тартышкысы келсе, адам Анын мињ суроосунун бирине да жооп бере албайт.
4 Кудай терењ акылдуу, кєчє зор. Ким Ага каршы чыгып, аман калды?
5 Тоолорду жылдырат, алар таанылбай калат. Каары кайнаганда, аларды љзгљртєп салат.
6 Ал жерди ордунан козгогондо, анын тєркєктљрє солкулдайт.
7 Кєнгљ буйрук берсе, кєн чыкпай калат, жылдыздарды жашырып коёт.
8 Жалгыз Љзє асманды жайып, дењиз толкундарынын єстєндљ жєрљт.
9 Аш, Кесил, Ким топ жылдыздарын жана тєштєктљгє жылдыздарды Ал жараткан.
10 Ал укмуштуу, улуу, изилденгис, сансыз кереметтерди жаратат!
11 Ал менин бет алдыман љткљндљ, мен Аны кљрљ албайм. Жаныман љткљндљ, мен Аны байкай албайм.
12 Алып кетсе, ким Ага каршы сљз айта алат? “Сен эмне кылып жатасыњ?” – деп, Ага ким айта алат?
13 Кудай Љз каарын тљкпљй койбойт. Анын алдында Рахаптын жардамчылары баш иет.
14 Андан бетер мен Ага жооп бере аламбы, Анын алдында мен сљз таба аламбы?
15 Меники туура болгон кєндљ да, жооп бербейм, Љкємдардын алдында ырайым гана сурайм.
16 Мен Аны чакырганда, Ал мага жооп берсе да, Ал менин єнємдє укканына ишенбес элем.
17 Ал алай-дєлљй бороондо мага сокку урат, жазыксыз жерден жаратымды ырбатат,
18 жанымды жай алдырбайт, азапка малат.
19 Кєчкљ салайын десем, Ал эбегейсиз кєчтєє. Соттошоюн десем, Аны менен мени ким беттештирет?
20 Эгерде мен актана турган болсом, љз тилим эле мени айыпка жыгат. Мен айыпсыз болгон кєндљ да, Ал мени айыптуу деп табат.
21 Айыпсызмын мен. Жашагым келбейт, љмєрємдє жек кљрљм!
22 Баары бир. Ошондон улам мен: “Ал айыпсызды да, айыптууну да љлтєрљт”, – деп айттым.
23 Эгерде Ал айыптууну кєтпљгљн жерден љлтєрєп жатса, анда айыпсыздын кыйналганына кєлљт.
24 Жер мыйзамсыздардын колуна берилген. Анын сотторунун жєздљрєн Ал чємбљттљп койгон. Эгерде Ал болбосо, анда ким?
25 Менин љмєрєм чабармандан да тез чуркап, жакшылык кљрбљстљн качып бара жатат.
26 Ал камыш кайыктай, жемине шукшурулуп келе жаткан бєркєттљй сызып бара жатат.
27 Мен: “«Муњ-зарымды унутуп, тєнљргљн жєзємдє љзгљртєп, кљњєлємдє кљтљрљйєн», – десем да,
28 азап тартып калтырап турам, Сен мени жазыксыз деп жарыялабастыгыњды билем.
29 Эгерде мен айыптуу болсом, анда эмне єчєн бекер эле кыйналып жатам?
30 Мен аппак кардын суусуна жуунсам да, колдорумду таптаза кылып тазаласам да,
31 Сен мени баткакка батырасыњ, кийген кийимим менден жийиркенет”.
32 Анткени мен Ага жооп бере тургандай, Аны менен бирге сотко баргыдай, Ал мен сыяктуу адам эмес.
33 Экљљбєздєн ийнибизге колдорун коюп, жараштыра турган ортобузда арачы жок.
34 Ал менден таягын тартсын, коркунучу єрљйємдє учурбасын.
35 Ошондо мен сєйлљйм, Андан коркпойм, анткени мен андай эмесмин.
1 Жашоодон жададым. Арыз-муњумду тљгљм. Жанымдын кыйналганынан сєйлљйм.
2 Кудайга мындай деп айтам: “Айыптабачы мени. Айтчы мага, эмне єчєн мени менен кєрљшєп жатасыњ?
3 Љз колуњ менен жаратканыњды кыйнаганыњ, аны жек кљргљнєњ, ал эми мыйзамсыздардын ишине жарык бергенињ Сен єчєн жакшыбы?
4 Кљзєњ адамдыкындай кљзбє? Сен адам карагандай карайсыњбы?
5 Љмєрєњ адамдын љмєрєндљйбє, жашыњ эркек кишинин жашындайбы?
6 Эмнеге менден айып издеп жатасыњ? Эмнеге менин кєнљљмдє изилдеп жатасыњ?
7 Менин мыйзамсыз эмес экенимди, Сенин колуњдан мени эч ким куткара албастыгын билесињ да.
8 Мени Љз колуњ менен жасадыњ эле, мени бєт бойдон Љзєњ жараттыњ эле, эми мени Љзєњ жок кыласыњбы?
9 Эстечи, Сен мени топурактан жасабадыњ беле? Эми мени кєлгљ айлантканы турасыњбы?
10 Мени сєт сыяктуу куюп, быштак сыяктуу уюткан Сен эмес белењ?
11 Мага тери менен эт чаптап, мени сљљк жана тарамыш менен бекиткенсињ.
12 Мага љмєр жана ырайым бербедињ беле, менин рухумду Сенин камкордугуњ сактабады беле?
13 Бирок муну да Сен Љз жєрљгєњљ жашырып койдуњ, Сенин оюњда бул бар экенин билем,
14 эгерде мен кєнљљ кылсам, Сен байкап каласыњ, кєнљљмдє жазасыз калтырбайсыњ.
15 Эгерде мен айыптуу болсом, мага кайгы! Ак болгон кєндљ да, башымды кљтљргљнгљ батына албайм. Мен кордукка тойдум, менин кыйынчылыгыма кљњєл бур.
16 Азабым арбып баратат. Сен менин артымдан арстандай кубалап келип, мага кайрадан кол саласыњ, кудуретињди кљрсљтљсєњ.
17 Мага каршы улам жањы кєбљлљрєњдє коюп жатасыњ. Каарыњды кєчљтєп жатасыњ. Мени кырсык єстєнљн кырсык басып жатат.
18 Сен мени эмнеге энемдин ичинен алып чыктыњ? Кљз кљрљ электе эле љлєп калганым артык эмес беле?
19 Мен жарык дєйнљгљ келбей эле койсом эмне, энемдин ичинен чыкканда эле кљргљ коюлсам эмне!
20 Менин љмєрєм кыска эмеспи? Мени жайыма кой, менден четтеп кет.
21 Карањгылык менен љлєм сљлљкљтє љкєм сєргљн љлкљгљ келбес болуп кеткенге чейин,
22 баш аламан, жарыгы да карањгы, карањгылыгы љлєм сљлљкљтєнєн карањгылыгындай болгон карањгы љлкљгљ кеткенге чейин, бир аз кљњєлємдє кљтљрєп алайын”».
1 Ошондо наамалык Сопар мындай деп жооп берди:
2 «Кљп сљз кантип жоопсуз калсын? Же кљп сєйлљгљн адамдыкы эле туура бекен?
3 Сенин мањызсыз сљздљрєњ адамдардын оозун жаба алабы? Же ооз кљптєргљн сљздљрєњ єчєн сени уяткарып койчу адам жок бекен?
4 Сен: “Менин оюм туура, Сенин алдыњда мен тазамын”, – дедињ.
5 Эгерде Кудай сєйлљсљ, Ал сага каршы сєйлљсљ,
6 сага адамдын акылы жеткис терењ сырларын ачса, анда сен эки эсе жазаланат элењ! Ошондуктан билип кой, Кудай сенин кээ бир мыйзамсыз иштерињди эсине алган жок.
7 Кудайды сен изилдљљњ менен таба аласыњбы? Кудуреттєє Кудайды толук тєшєнљ аласыњбы?
8 Ал асмандан да бийик, эмне кыла аласыњ? Ал љлгљндљр жаткан жайдан терењ, эмне биле аласыњ?
9 Анын ченеми жерден узун, дењизден кенен.
10 Эгерде Ал љтєп бара жатып эле кимдир бирљљнє туткундап алып, жазага тартса, Ага ким каршы чыга алат?
11 Анткени Ал калпычы адамдарды билет, мыйзамсыздыкты кљрєп турат, анан кантип ага кљњєл бурбай койсун?
12 Жапайы эшектен адам тљрљлбљгљндљй эле, акылсыз адам акылдуу боло албайт.
13 Эгерде жєрљгєњдє љзгљртєп, Кудайга колдоруњду сунсањ,
14 эгерде сенин колуњда кєнљљ болсо, бирок аны жоюп койсоњ, љз чатырыњда мыйзамсыздыктын жашашына жол бербесењ,
15 анда жєзєњ жарык болот, бекем болосуњ, коркпойсуњ.
16 Ошондо сен кайгыны унутасыњ, аны агып кеткен суудай эскересињ.
17 Љмєрєњ чайыттай ачык кєндљн да ачык болот. Тањ сыяктуу агарасыњ.
18 Тынч жашайсыњ, анткени ємєтєњ бар. Сен коргоодосуњ, ошондуктан тынч уктай берсењ болот.
19 Жатканда, сени эч ким коркутпайт. Кљпчєлєк сенден ырайым издейт.
20 Ал эми мыйзамсыздар карайлап калышат, баш калкалар жайынан айрылышат, ємєттљрє єзєлљт».
1 Аюб мындай деп жооп берди:
2 «Чынында, силер, бар болгону, адамсыњар, акылмандыгыњар љзєњљр менен кошо жок болот!
3 Менде да силердикиндей эле жєрљк бар. Силерден мен кем эмесмин. Муну ким билбейт?
4 Љз досума шылдыњ болдум, Кудайга кайрылып жєргљн, Анын Љзєнљн жооп алып жєргљн мендей адил, кемчиликсиз адам кєлкє болду.
5 Тынч жашаган адам кырсыкты жек кљрєє керек деп эсептейт, кырсык бутунан мєдєрєлгљнгљ даярдалган деп ойлойт!
6 Талап-тоноочулар љз єйлљрєндљ тынч жашашат, Кудайды љз колуна кљтљрєп жєргљнсєп, Аны каарданткандар да коопсуз жашашат.
7 Чынында, жаныбардан сурасањ, ал сага єйрљтљт, асмандагы чымчыктан сурасањ, ал сага кабарлайт.
8 Же болбосо жер менен маектешип кљр, ал сага акыл-насаат айтат, дењиздеги балыктар да сага айтып беришет.
9 Ушунун бардыгын кљрєп туруп, муну Тењирдин колу жаратканын ким билбейт?
10 Ар бир тирєє жандын жаны, ар бир адамдын руху Анын колунда.
11 Сљздє айырмалаган кулак эмеспи? Тамактын даамын билген тил эмеспи?
12 Даанышмандык карыларда, акыл кљп жашагандарда болот.
13 Акылмандык менен кєч Кудайда. Акыл менен кењеш Анда.
14 Ал кыйраткан нерсе кайра курулбайт. Ал камаган бошонбойт.
15 Сууларды токтотуп койсо, бардыгы куурап калат. Коё берсе, жер кљркєнљ чыгат.
16 Кудурет да, даанышмандык да Анда, адашкан адам да, адаштырган адам да Анын алдында.
17 Ал кењешчилерди акыл-эсинен ажыратат, сотторду акылсыз кылат.
18 Ал падышаларды кишенден бошотот, алардын белдерин кур менен курчайт.
19 Тљрљлљрдє даражасынан ажыратат, эр жєрљктљрдєн кєчєн майтарат.
20 Чечендерди тилинен, карыларды акылынан ажыратат.
21 Атактууларды уятка калтырат, кєчтєєлљрдє алсыратат.
22 Карањгы туњгуюктун тєпкєрєн ачат, љлєм кљлљкљсєн жарыкка чыгарат.
23 Элдерди кљбљйтљт да жок кылат. Элдерди чачыратып жиберет да чогултат.
24 Эл башчыларын акылдан ажыратат, жолсуз чљлгљ калтырат.
25 Алар жарыгы жок карањгы жерде сыйпалап басышат, мастардай темтењдешет».
1 «Мына ушунун баарын кљзєм кљрдє, кулагым укту, љзєм єчєн кљњєлємљ тєйєп койдум.
2 Силер билгенди мен да билем, силерден кем эмесмин.
3 Бирок мен кудуреттєє Кудай менен сєйлљшкєм келет, Аны менен талашып-тартышкым келет.
4 Силер болсо жалганчысыњар. Бардыгыњар эч нерсеге жарабаган дарыгерсињер.
5 Унчукпай калсањар кана! Силердин акылмандуулугуњар ошол болмок.
6 Менин сљзємљ кулак салгыла, силерге каршы айта турган кебиме кљњєл бургула.
7 Кудай єчєн калп айтыштын кереги бар беле, Ал єчєн жалган сєйлљштєн зарылдыгы бар беле?
8 Кудайга бет карамалык кылыштын кереги бар беле? Аны ушинтип жактоонун кереги бар беле?
9 Ал силерди сынаса жакшы болот беле? Аны да адамды алдагандай алдай аласыњарбы?
10 Тымызын эки жєздєєлєк кылсањар да, Ал силерди катуу жазалайт.
11 Анын улуулугу силерди коркутпайбы, Анын коркунучу силерди каптабайбы?
12 Силердин эскертєєњљр кєлгљ окшош. Силердин таяныч-чебињер – ылай коргондор.
13 Менин алдымда унчукпай тургула, башыма кандай кєн тєшсљ тєшсєн, мен сєйлљйєн.
14 Эмне єчєн мен љз денемди љз тишим менен тиштегилешим керек, эмне єчєн љз жанымды љз колум менен кыйышым керек?
15 Мына, Ал мени љлтєрєп жатат, бирок мен Андан ємєт кылам. Анын алдында љз жолумду коргосом эле болду!
16 Ушунун љзє эле менин акталуум эмеспи, анткени эки жєздєє адам Анын алдына келбейт.
17 Менин сљзємдє кунт коюп уккула, менин тєшєндєргљнємљ кулак салгыла.
18 Мен љз ишимди сотко љткљрєєгљ даярмын, анткени меники туура экенин билем.
19 Менин айтканыма каршы чыга ала турган адам барбы? Эгерде бар болсо, мен унчукпай, љлєп калмакмын.
20 “Мага эки нерсени гана кылба, ошондо мен Сенин жєзєњдљн жашынбайм.
21 Менден колуњду тарт, Сенин коркунучуњ мени калтыратпасын.
22 Ошондо мени чакыр, мен Сага жооп берейин. Же мен сєйлљйєн, Сен мага жооп бер.
23 Менин канча кемчилигим, канча кєнљљм бар? Айыбым менен кєнљљмдє кљрсљт!
24 Эмне себептен менден жєзєњдє жашырасыњ, эмне себептен мени Љзєњљ душман санайсыњ?
25 Сен єзєлгљн жалбыракты кыйратып жаткан жоксуњбу? Куураган бир тал самандын артынан сая тєшкљн жоксуњбу?
26 Анткени мага каршы ачуу айыптоолорду жазып жатасыњ, жаш кездеги кєнљљлљрємдє мойнума коюп жатасыњ,
27 буттарымды кљзљнљк жыгач калканга салып жатасыњ, менин баскан изимди ањдып турасыњ, артымдан сая тєшљсєњ.
28 Мен болсо чириген нерседей жок болуп баратам, кєбљ жеген кийимдей болуп калдым.
1 Аялдан туулган адамдын љмєрє кыска жана азапка толгон.
2 Ал гєл сыяктуу чыгат да, соолуп, кєбєлєп калат. Кљлљкљдљй качат, токтобойт.
3 Сен ушундай адамга да кљзєњдє кадайсыњбы, мени Љзєњ менен соттошууга алып барасыњбы?
4 Таза эместен ким таза болуп тљрљлсєн? Эч ким.
5 Эгерде анын љмєрєн ченеп койсоњ, ай-кєндљрє Сенин колуњда турса, эгерде Сен анын љтљ албаган чегин чектеп койсоњ,
6 анда андан жєзєњдє бур. Ал жалчынын кєндљрєндљй болгон кєндљрє бєткєчљ, эс алып алсын.
7 Даракта ємєт бар, ал кыйылса да, кайра љсљт, чырпыктары токтоосуз чыга берет.
8 Эгерде анын жердеги тамыры картайып, дємєрєн топурак басып катып калса да,
9 сууну сезери менен, жаш чырпык чыгарып, жањы отургузулган кљчљттљй болуп, бутактарын жаят.
10 Адам болсо љлљт, анан чирийт. Адам љлдє, эми ал кайда?
11 Кљлдљн суулар агып кетет, дарыя соолуп, какшыйт,
12 адам да жатса турбайт. Асман жок болмоюнча, ал ойгонбойт, уйкусунан турбайт.
13 Оо, каарыњ тарап кеткенче, Сен мени љлгљндљр жаткан жайга бекитип, жашырып турсањ кана! Анан мага мљљнљт берип, ошондон кийин гана мени эстесењ кана!
14 Адам љлгљн соњ, кайра жашамак беле? Анда мага берилген мљљнљт бєткљнчљ, менин ордума келе турганды кєтљр элем.
15 Сен чакырсањ, мен Сага жооп берер элем. Ошондо Сен Љз колуњ менен жаратканыња ырайым кылар элењ.
16 Ошондо Сен менин кадамымды эсептер элењ, кєнљљ кылып жатканымда карап турбас элењ.
17 Сен менин мыйзамсыздыгымды тєрмљк кагазга жазып мљљр басып салар элењ, менин айыбымды жаап салар элењ.
18 Бирок тоо кулап талкаланат, аска-зоо ордунан козголот.
19 Суу таштарды жеп кетет, анын ташкыны жер топурагын жууп кетет. Сен адамдын ємєтєн да так ошондой жок кыласыњ.
20 Аны акырына чейин кысымга аласыњ, ал кетет. Жєзєн љзгљртєп, аны кетиресињ.
21 Балдары ардакталып жатабы, ал аны билбейт; кор болуп жатабы, ал аны сезбейт.
22 Бирок анын денеси сыздап, жаны кыйналып жатат”».
1 Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди:
2 «Акылман мањызы жок билим менен жооп бермек беле? Кардын ысык желге толтурмак беле?
3 Пайдасыз сљздљр менен, кєчє жок кеп менен актанмак беле?
4 Кудайдан коркконду да унуттуњ, Кудайга сєйлљгљндє да оњой кљрєп жатасыњ.
5 Кєнљљњ оозуњду ушунчалык кєєлљгљн экен, сен амалкљй адамдардын тилин тандап алдыњ.
6 Сени мен эмес, љз оозуњ айыптап жатат, љз тилињ љзєњљ каршы сєйлљп жатат.
7 Сен эмне, биринчи адам болуп туулдуњ беле? Адырлардан мурда жаралдыњ беле?
8 Сен эмне, Кудайдын кењешин угуп, акылмандыкка ээ болуп калдыњ беле?
9 Биз билбегенди сен билесињби? Биз тєшєнбљгљндє сен тєшєнљсєњбє?
10 Арабызда атањан да улуу, ак сакалдуу да, кары да бар.
11 Сага Кудайдын сооротуусу аздык кылабы? Сен ушуну да билбейсињби?
12 Жєрљгєњ сени кайда ээликтирип жатат, эмнеге мынчалык текебер карайсыњ?
13 Эмнеге Кудайга каршы рухуњду багыттайсыњ? Мындай сљздљрдє кантип оозуња алдыњ?
14 Таза болгудай, адам ким? Аялдан тљрљлгљн адил болмок беле?
15 Ал Љз ыйыктарына да ишене албайт, Анын алдында асман да таза эмес.
16 Адилетсиздикти суудай ичкен адам андан бетер таза эмес, ыпылас.
17 Мен сєйлљйєн, сен кулак сал. Кљргљнємдє сага айтып берейин.
18 Акылмандар аталарынан уккандарын жашырышкан эмес.
19 Жер аларга гана берилген, алардын арасында бљлљк-бљтљн элдер болгон эмес.
20 Мыйзамсыз љмєр бою љзєн љзє кыйнап љтљт, зулумга љмєр жылдары жашыруун.
21 Анын кулагына єрљй учурган дабыштар угулат. Бейкапар жашап жатканда, ага кыйратуучу келет.
22 Карањгылыктан кутуларына ишенбейт. Љзєн кылыч кєтєп турганын билет.
23 Бир сындырым нан єчєн анын кыдырбаган жери калбайт. Љзє єчєн карањгылыктын кєнє даярдалганын билет.
24 Жокчулук менен кысымчылык анын жєрљгєнєн єшєн алып, аны согушка камданган падышадай басып алат.
25 Анткени ал Кудайга каршы кол сунуп, кудуреттєє Кудайга каршы чыкты.
26 Калыњ калканын алып, кекирейип, Ага каршы бет алды.
27 Анткени анын бетин май басты, сандары жоонойду.
28 Ал бєлєнгљн шаарларды, урап тєшљрєнљ аз калган ээн єйлљрдє турак кылат.
29 Ал бай болбойт, анын мал-мєлкє тура бербейт, тапканы жер жєзєнљ тарабайт.
30 Карањгылыктан качып кутулбайт. Анын кљчљттљрєн жалын жалмайт, аны Љзєнєн оозунун жели менен алып кетет.
31 Адашкан адам курулай убаракерчиликке таянбай эле койсун, анткени анын шыбагасы да курулай убаракерчилик болот.
32 Ал мезгилсиз љлљт, анын бутагы кљгљрбљйт.
33 Ал жєзєм сабагы сыяктуу, бышпаган мљмљсєн силкип салат, зайтун дарагы сыяктуу, гєлєн кєєп салат.
34 Кудайсыздардын єйє ушинтип кыйрайт, паракордун єйєн љрт жалмайт.
35 Анын боюна кыянаттык бєтєп, жалгандык тљрљдє, курсагы алдамчылык даярдайт».
1 Аюб мындай деп жооп берди:
2 «Мен мындайдын далайын уккам. Баарыњар эч нерсеге жарабаган сооротуучусуњар.
3 Маанисиз сљзєњљрдєн аягы болобу? Ушинтип жооп берєєњљ эмне тєрткє болду?
4 Эгерде силер менин ордумда болсоњор, мен да силердей эле сєйлљмљкмєн. Силерге каршы сљз жаадырып, башымды чайкап турмакмын.
5 Силерди сљзєм менен кубаттап, оозумдун кыбыроосу менен сооротор элем.
6 Айткан менен азабым азайбайт, унчукпай койсом да, андан арылбайм.
7 Бирок азыр Ал мени алсыратып бєттє. “Сен менин бєт єй-бєлљмдє кыйраттыњ.
8 Мага каршы кєбљ катары бетиме бырыш тєшєрдєњ. Менин жабыркаганым љзємљ каршы чыгып, мени тайманбай жемелеп жатат”.
9 Анын каары кыйнап, мени менен касташып жатат. Мага тиштерин кычыратып жатат. Душманым менден тикирейген кљзєн албайт.
10 Мага азуусун араандай ачышты, мени шылдыњдап, жаакка чапкылап жатышат: баары мага каршы сєйлљшєп алышкан.
11 Кудай мени мыйзамсыздардын колуна салып берди, кара ниет адамдардын колуна ыргытты.
12 Мен тынч жашап жаткам, бирок Ал мени силкилдетти. Желкемен кармап урду, Љзєнљ бута кылып койду.
13 Анын жаачылары мени курчап алышты. Ал кардымды жарды, аяган жок, љтємдє жерге тљктє.
14 Мени кайра-кайра тешкилеп жатат, мени кљздљй жоокердей атырылып келе жатат.
15 Денеме зумбал кийип, башыма топурак жаздандым.
16 Ыйдан бетим кызарды, кабагымда – љлєм сљлљкљтє.
17 Ошондой болсо да эч кимге зордук кљрсљткљн жокмун, сыйынуум да таза.
18 Оо жер! Менин канымды жашыра кљрбљ, менин муњ-зарыма орун болбосун.
19 Азыр менин Кєбљм асманда, менин Коргоочум жогоруда!
20 Кљп сєйлљгљн досторум! Кљз жашым Кудайга тљгєлєп жатат.
21 Оо, адам баласы љз жакыны менен талашып-тартышкандай, Кудай менен талашып-тартыша алса кана!
22 Анткени менин кљрљр кєнєм бєттє, келбес сапарыма кеткени турам.
1 Алдан тайдым, љмєрємдєн шамы љчєп баратат, кљр оозунда турам.
2 Алардын шылдыњы болбогондо, талаш-тартышта солк этпей туруп берет элем.
3 “Мага болуш, мен єчєн Љзєњдєн алдыњда Љзєњ кепилдикке љт! Болбосо ким мага кепил болот?
4 Анткени Сен тєшєнбљсєн деп, алардын акылын жаап салдыњ, ошондуктан алардын жењишке жетишине жол бербейсињ”.
5 Досторун душманга олжо кылган адамдын балдарынын кљзє агып калат.
6 Ал мени элге лакап, кєлкє кылды.
7 Кайгыдан кљздљрєм тунарды, бєт мєчљм сљлљкљт болуп калды.
8 Бул тууралуу адил адамдар тањ калышат. Айыпсыз адам эки жєздєє адамга кыжырданат.
9 Бирок адил адам љз жолун бек кармайт, колу таза адам барган сайын кєч алат.
10 Баарыњар чогулуп келип сєйлљсљњљр да, арањардан акылманды таппайм.
11 Менин љмєрєм љттє. Жєрљгємдєн энчиси болгон ойлорум кыйрады.
12 Алар болсо тєндє кєнгљ айланткысы, жарыкты карањгыга жакындаткысы келет.
13 Канчалык кєтсљм да, менин єйєм – љлгљндљр жаткан жай. Мен тљшљгємдє карањгы жерге тљшљйм.
14 Кљрємљ: “Сен менин атамсыњ”, – дейм, куртка: “Менин энемсињ да эжемсињ”, – дейм.
15 Ушундан кийин мен эмнеден ємєттљнљм? Менин кєткљнємдє ким кљрљт?
16 Ал ємєт мени менен кошо љлгљндљр жаткан жайга тєшєп, мени менен бирге топуракка жатат».
1 Шухтук Билдат мындай деп жооп берди:
2 «Ушундай сљзєњљрдє качан токтотосуњар? Жакшылап ойлонгула, анан сєйлљйбєз.
3 Эмне єчєн биз айбан катары эсептелишибиз керек? Эмне єчєн биз сенин алдыњда кемсинтилишибиз керек?
4 Оо, сен, ачууланып, љзєн азапка салган неме! Сен єчєн жер ээн калмак беле, сен єчєн аска-зоо ордунан козголмок беле?
5 Ооба, мыйзамсыздын жарыгы љчљт, анын отунан учкун калбайт!
6 Чатырындагы жарык карањгылайт, анын єстєндљгє шамы да љчљт.
7 Анын кудуреттєє кадамы кыскарат, љзєнєн ою љзєн кулатат.
8 Анткени ал љз буту менен торго тєшљт, тордун єстєндљ басат.
9 Анын буту тузакка тєшљт, ошондо тоноочу аны кармап алат.
10 Ал єчєн жерге тузак жашыруун тартылган, жолуна капкан коюлган.
11 Бардык тарабынан коркунучтар анын єрљйєн учуруп, ары-бери алдастатат.
12 Ачкалыктан алы кетет, љлєм анын жанында даяр турат.
13 Анын дене мєчљлљрєн оору жейт, анын мєчљлљрєн эњ жаман оору мєлжєйт.
14 Ємєтє чатырынан куулат, бул аны єрљй учурган коркунучтар падышасына тєшєрљт.
15 Анын чатырына башка бирљљлљр кирет, анткени ал эми аныкы эмес. Анын єйєнљ кєкєрт чачылат.
16 Тєбєндљгє тамыры кургайт, єстєндљгє шак-бутактары соолуп калат.
17 Анын аты жер єстєнљн љчљт, анын ысымы аянтта оозго алынбай калат.
18 Аны жарыктан карањгылыкка кууп, жер єстєнљн жок кылышат.
19 Љзєнєн элинде анын уулу да, небереси да болбойт, анын турагында эч ким калбайт.
20 Ал жљнєндљ укканда, кийинки муундун єрљйє учат, замандаштары калтырап турушат.
21 Мыйзамсыздын љмєрє мына ушундай, Кудайды билбегендин тагдыры мына ушундай».
1 Аюб мындай деп жооп берди:
2 «Качанкыга чейин жанымды кейите бересињер? Качанкыга чейин мени сљзєњљр менен кыйнай бересињер?
3 Мына, мени ушуну менен он мертебе маскара кылдыњар, мени кыйнап-кыстагандан уялбадыњар.
4 Эгерде мен чындыгында эле кылмыш кылсам, анда менин кєнљљм љзємдљ калат.
5 Эгерде љзєњљрдє менден жогору койгуњар келсе жана мени маскара болгонум єчєн жемелегињер келсе,
6 анда мени Кудай жыкканын, туш-тушума Љзєнєн торун жайып койгонун билгиле.
7 Ошондуктан мен: “зордук!” – деп кыйкырып жатам, бирок эч ким укпайт. Жардамга чакырып жатам, бирок акыйкаттык жок.
8 Ал менин жолумду бљгљдє, ошондуктан мен љтљ албай жатам, менин жолума карањгылык тєшєрдє.
9 Менден атак-дањкты буруп кетти, башымдан таажымды чечип алды.
10 Мени бєт бардыгынан ажыратты, љзєм да бєтєп баратам. Yмєтємдє дарак сыяктуу тєбєнљн омкорду.
11 Мага Љзєнєн каарын чачып, мени Љзєнєн кас душманы катары эсептеди.
12 Анын тємљн кошууну биригип келди, багытын мага буруп, менин чатырымды курчап алышты.
13 Ал менден бир туугандарымды алыстатты, мени билгендер менден оолактап калышты.
14 Жакындарым мени таштап кетишти, тааныштарым мени унутуп коюшту.
15 Yйємдљгє келгиндер жана кєњдљрєм мени бљтљн адам катары эсептешет. Аларга мен жат кишидей болуп калдым.
16 Кызматчымды чакырсам, ал мага жооп бербейт. Мен ага жалынып-жалбарышым керек.
17 Дем алганым љз аялыма жакпай калды, љзємдљн чыккан балдарым єчєн ага жалынышым керек.
18 Атєгєл, мени кичинекей балдар да жек кљрєшљт. Љйдљ турсам, алар мени шылдыњ кылышат.
19 Ынак досторум да менден жийиркенип калышты. Жакшы кљргљн адамдарым да мага каршы чыгып калышты.
20 Сљљктљрєм денем менен териме жабышып, тишимдин бєйлљсє менен гана калдым.
21 Ырайым кылгыла мага, досторум, мага силер ырайым кылгыла, анткени мага Кудайдын колу тийди!
22 Эмнеге силер да мени Кудай сыяктуу куугунтуктайсыњар, эмнеге этиме тойбой жатасыњар?
23 Оо, менин сљздљрєм жазылып калса кана! Алар китепке жазылса кана!
24 Коргошунга темир кескич менен чегилсе кана! Аска ташка тєбљлєккљ басылса кана!
25 Мен болсо Куткаруучум тирєє экенин билем, Ал акыркы кєнє менин чирип бара жаткан теримди топурактан кайра тургузат.
26 Мен љз денемде Кудайды кљрљм.
27 Мен Аны љзєм кљрљм. Башка бирљљнєн кљзє эмес, Аны љзємдєн кљзєм кљрљт. Кљкєрљгємдљ жєрљгєм эрип бара жатат!
28 Силер: “Биз аны эмнеге куугунтукка алып жатабыз?” – деп айтууњар керек эле. Менден кыянаттыктын тамыры табылгандай карайсыњар да.
29 Кылычтан корккула, анткени кылыч жалгандан љч алат. Сот бар экенин билип койгула».
1 Наамалык Сопар мындай деп жооп берди:
2 «Љзємдєн ойлорум мени жооп берєєгљ тєртєп жатат, ошондуктан мен аны билдирєєгљ шашылам.
3 Мени ыза кылган жемени уктум, мен єчєн акыл-эсим жооп берет.
4 Сен эмне, байыртадан бери, адам баласы жер бетине коюлгандан бери эмне болгонун билбейсињби?
5 Мыйзамсыздардын шаттыгы убактылуу экенин, эки жєздєєнєн кубанычы кљз ирмем экенин билбейсињби?
6 Анын даражасы асманга жетсе да, тљбљсє булуттарга тийсе да,
7 љзєнєн зањына окшоп, ал тєбљлєккљ жоголот. Аны кљргљндљр: “Ал кайда?” – дешет.
8 Кљргљн тєштљй кљздљн кайым болот, аны таппай калышат. Ал тєнкє кљрєнєштљй жоголот.
9 Аны кљргљн кљз аны экинчи кљрбљйт, ал отурган орун аны билбей калат.
10 Анын уулдары жакырлардан кайыр сурап калат, ал уурдагандарын љз колу менен кайрып берет.
11 Анын сљљктљрє жаштыктын кєчєнљ толгон, бирок ал аны менен бирге топуракка жатат.
12 Эгерде кыянаттык анын оозунда балдай таттуу болсо, ал аны тилинин астында жашырып турса,
13 аны сактап жєрсљ, таштап салбай, оозунда кармап жєрсљ,
14 анда анын ушул тамагы ичинде уулуу жыландын уусуна айланат.
15 Ал жутуп алган байлыгын кайра кусат. Кудай аны анын курсагынан чыгарат.
16 Ал жыландын уусун соруп жатат, аны уулуу жыландын тили љлтєрљт.
17 Ал бал менен сєт аккан љзљндљрдє, дарыяларды кљрбљй љтљт.
18 Тапканын кайтарып берет, жутпайт. Анын алган жазасы да байлыгына жараша болот, кубанбайт.
19 Анткени ал жакырларды эзген, куру кол коё берген, љзє курбаган єйлљрдє тартып алган.
20 Курсагы тойгонун билбеген, ач кљздєгєнљн эч нерсени аяган эмес.
21 Анын соргоктугунан эч нерсе качып кутулган эмес. Ошон єчєн анын бактысы туруктуу эмес.
22 Ашып-ташыган молчулук болуп турса да, ал кысталышта калат. Ыза болгон ар ким ага кол кљтљрљт.
23 Ал курсагын толтургандан кийин, Кудай ага Љзєнєн каарын чачат да, анын денесине дарт жаадырат.
24 Ал темир куралдан качып кутулса, аны жез жебе тешип љтљт.
25 Жебени сууруп алайын десе, ал денесин тешип чыгат, жарк этип, љтєн тешип чыгат. Аны љлєм коркунучу басып калат!
26 Бардык карањгы нерселер анын ичинде жашырылган. Аны эч ким тутантпаган от жалмайт. Анын чатырында тирєє калганын да кырсык басат.
27 Анын мыйзамсыздыгын асман ачат, жер ага каршы чыгат.
28 Анын єйєнљ жыйганы жок болот, Кудайдын каары келген кєнє бардыгы агып жок болот.
29 Мыйзамсыз кишиге Кудай берген єлєш ушул, кудуреттєє Кудай бљлєп берген мурас ушул».
1 Аюб мындай деп жооп берди:
2 «Менин сљзємдє кунт коюп уккула, силердин укканыњар менин кљњєлємдє жубатат.
3 Чыдап тургула, мен сєйлљйєн. Мен айтып бєткљндљн кийин, шылдыњдай бергиле.
4 Мен адамга даттанып жатамбы? Анан кантип мен жєрљкзаадалык кылбайын?
5 Мени карагыла, єрљйєњљр учсун. Колуњар менен оозуњарды жапкыла.
6 Эстесем эле селт этем, денемди калтырак басат.
7 Эмне єчєн мыйзамсыздар жашап, карылыкка жетишет, анан калса, кєєлєє-кєчтєє?
8 Балдары тегерегинде, неберелери мањдайында.
9 Yйлљрє коркунучтан коопсуз, алардын єстєндљ Кудайдын таягы жок.
10 Алардын букалары тукум берет, уругун бекер агызбайт. Алардын уйлары тууйт, музоо салбайт.
11 Љз балдарын малды жайытка чыгаргандай чыгарышат, алардын балдары так секирип ойношот.
12 Дап менен кыл аспаптын коштоосунда ырдашат, чоордун коштоосунда кљњєл ачышат.
13 Кєндљрєн бактылуу љткљрєшљт да, љлгљндљр жаткан жайга кљз ирмемде киришет.
14 Ошондой болсо да алар Кудайга мындай дешет: “Бизден ары кет, Сенин жолдоруњду билгибиз келбейт!
15 Биз кызмат кылгыдай, кудуреттєє Кудай ким болуп калыптыр? Ага кайрылганда эмне пайда?”
16 Кљрдєњбє, алардын бактысы љздљрєнєн колунан чыккан эмес. Мыйзамсыздардын кењеши менден алыс болсун!
17 Мыйзамсыздардын чырагы кээде эле љчљт, алардын башына кээде эле мєшкєл тєшљт, Кудай Љзєнєн каары менен аларды кээде эле кайгыга салат.
18 Алар шамал алдындагы самандай, куюн учурган жука кабыктай болушу керек.
19 “Кудай алардын ордуна балдарын жазалайт”, – дейсињ. Ал љз кєнљљсєн билиш єчєн, Кудай анын љзєн жазаласын.
20 Ал љз жазасын љзє тартсын, кудуреттєє Кудайдын каарын ал љзє ичсин.
21 Анткени анын кљзє љткљндљн кийин, єй-бєлљсєнљ кандай тиешеси бар?
22 Кудай асмандагыларды да жазага тартып жатса, ким Ага акыл єйрљтљ алат?
23 Кээ бирљљлљр љз кєчє толуп турганда, кайгы-капасыз тынч љлєшљт.
24 Анын ичеги-карды майлуу, анын жилиги чучуктуу.
25 Кээ бирљљлљр жакшылык кљрбљй, жаны кайгыга батып љлєшљт.
26 Бирок экљљ тењ топуракка жатат, аларды курт каптайт.
27 Мага каршы ойлоп тапкан оюњар менен амалыњарды билем.
28 “Тљрљнєн єйє кайда? Мыйзамсыздар жашаган чатыр кайда?” – дейсињер.
29 Силер саякатчы адамдардан сураган жок белењер? Алардын байкоолору менен тааныш эмессињерби?
30 Зулумга љлљр кєнє да ырайым болорун, каар кєнє ал четте каларын билбейсињерби?
31 Ага жолун ким кљрсљтљт? Кылган иши єчєн анын жазасын ким берет?
32 Аны кљргљ узатышат, анын мєрзљсєнљ сакчы коюшат.
33 Ага љрљљндєн кесек таштары да жакшы кљрєнљт, анын артында толгон эл баратат, алдында бараткандарга сан жетпейт.
34 Мени курулай сљздљр менен соороткуњар барбы? Силердин жообуњар жалањ калп болуп жатат».
1 Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди:
2 «Адам Кудайга пайда келтире алмак беле? Акылдуу љзєнљ пайда келтирет.
3 Сенин адил болгонуњдан кудуреттєє Кудай кандай ырахат алмак эле? Љз жолуњду таза сактаганыњдан Ага кандай пайда?
4 Ал сенден коркуп кетип, сени менен талашып-тартышмак беле? Сени менен соттошмок беле?
5 Чын эле, сенин кыянаттыгыњ чоњ болсо керек, сенин мыйзамсыздыгыња чек жок болсо керек.
6 Чын эле, сен эч нерсе бербей туруп, бир туугандарыњдан кєрљљ алсањ керек, ач-жылањачтардын кийимин сыйрып алсањ керек.
7 Суусаганга суу бербесењ керек, ачкага нан бербесењ керек.
8 Ал эми алдуу-кєчтєєгљ жер берсењ керек, ал жерге мансабы чоњ киши отурукташса керек.
9 Жесирлерди эч нерсе бербей кетирсењ керек, жетимдерди куру кол калтырсањ керек.
10 Ошон єчєн туш тарабыња тузак коюлду, сени кєтєлбљгљн коркунуч басты.
11 Же болбосо кљзгљ сайса кљрєнгєс карањгылык каптады, ташкындаган сел астында калдыњ.
12 Кудай асмандан да жогоруда эмеспи! Тээ бийиктеги жылдыздарды карачы, алар канчалык бийик!
13 Сен болсо: “Кудай эмнени билет? Ал карањгылыктан бизди кљрєп, соттой алмак беле?
14 Булут – Анын пардасы, ошондуктан Ал эч нерсе кљрбљйт, асман мейкиндигинде гана жєрљт”, – дейсињ.
15 Сен, чын эле, байыркылардын жолун жолдоп жєрсљњ керек. Ал жол менен мыйзамсыз адамдар жєрєшкљн,
16 алардын негизинин астын суу каптаганда, алар мезгилсиз кырылышкан.
17 Алар Кудайга: “Бизден оолак бол” – дешкен. Алар: “Кудуреттєє Кудай бизге эмне кыла алмак эле?” – дешкен.
18 Бирок алардын єйлљрєн Ал мал-мєлккљ толтурду. Бирок мыйзамсыздардын кењеши менден алыс болсун!
19 Адилдер кљрєп кубанышты, такыбаа адам аларга:
20 “Душманыбыз кырылды, алардан эмне калса, ошону от жалмады”, – деп кєлдє.
21 Кудайга жакында, Аны менен элдеш, ушул аркылуу сага жакшылык келет.
22 Анын оозунан чыккан мыйзамды кабыл ал, Анын сљздљрєн кљкєрљгєњљ тєйєп ал.
23 Эгерде кудуреттєє Кудайга кайрылсањ, анда кайра калыбыња келесињ, єйєњдє мыйзамсыздыктан арылтасыњ.
24 Алтын сен єчєн топурактай, Опир алтындары суудагы таштардай болуп калат.
25 Кудуреттєє Кудай сенин алтыныњ жана жаркыраган кємєшєњ болот.
26 Ошондо сен кудуреттєє Кудайдан кубаныч аласыњ, Кудайга башыњды кљтљрљсєњ.
27 Сыйынасыњ, єнєњдє угат, сен да љз убадаларыњды орундатасыњ.
28 Бир нерсени ниет кыласыњ, ал ниетињ ишке ашат, жолуња жарык чачырайт.
29 Кимдир бирљљ кемсинтилгенде, сен: “Жогору кљтљрєлєє”, – дейсињ. Ошондо Ал кљњєлє чљккљндє куткарат.
30 Ал айыптуу адамды да куткарат. Ал адам сенин колуњдун тазалыгы менен куткарылат».
1 Аюб мындай деген жооп айтты:
2 «Бєгєн да менин сљзєм кайгылуу. Тарткан азаптарым онтоолорумдан оор.
3 Оо, мен Аны кантип табарымды билсем кана, Анын тагына жакындай алсам кана!
4 Анда мен анын алдында љз иштеримди айтып бермекмин, оозумду актана турган сљзгљ толтуруп алмакмын.
5 Анын мага эмне деп жооп берерин билип алмакмын, Анын мага эмне айтарын тєшєнєп алмакмын.
6 Кантип эле Ал эбегейсиз кудуреттєє болуп туруп, мени менен таймашсын? Жок, Ал антпейт! Ал мага кљњєл буруп эле койсо кана!
7 Ошондо адил адам Аны менен таймаша алмак, ошондо мен да љз Љкємдарымдан тєбљлєк азаттык алмакмын.
8 Бирок мен чыгышка барсам да, Ал жок, батышка барсам да, Аны байкабайм.
9 Тєндєктљн издесем да, Аны таппайм, Ал тєштєктљ жашынып турабы дейин десем, ал жактан да кљрєнбљйт.
10 Бирок Ал менин жолумду билет. Мейли, мени сынап кљрсєн, ошондо мен алтындай болуп чыгам.
11 Менин бутум Анын жолунда бекем турат. Анын жолун сактадым, эч жакка бурулбадым.
12 Анын оозунан чыккан осуяттардан бурулуп кетпедим. Анын оозунан чыккан сљздљрдє љз эрежемден артык сактадым.
13 Бирок Ал бекем экен. Аны ким жолдон чыгара алат? Ал Љз жєрљгєнєн каалаганын жасайт.
14 Ошон єчєн Ал мага эмнени белгилеп койсо, ошону орундатат. Анын ушуга окшогон ойлору кљп.
15 Ошондуктан мен Анын алдында калтырайм, ойлоном жана Андан корком.
16 Кудай жєрљгємдє алсыратты, кудуреттєє Кудай мени коркутту.
17 Мен эмне єчєн бул карањгылыктан мурун жок болбодум? Эмне єчєн Ал да менин жєзємдљн карањгыны алып таштабады?
1 Эмне єчєн мезгилдер кудуреттєє Кудайдан жашырылган эмес? Эмне єчєн аны билгендер Анын кєндљрєн кљрєшпљйт?
2 Мыйзамсыздар жер чектерин жылдырып, жайылган малдарды айдап кетип, љз жайыттарында жайып жєрєшљт.
3 Жетимдин эшегин тартып алып, жесирдин љгєзєн кєрљљгљ алышат.
4 Жакырларды жолдон тєртєп кетишет, алардан жердеги кордук кљргљндљрдєн баары жашырынууга мажбур.
5 Мына, алар чљлдљгє жапайы эшектердей, жем табыш єчєн эртењ менен эрте туруп, љз иштерине чыгышат! Талаа аларга да, алардын балдарына да азык берет.
6 Алар љздљрєнєн эмес, башкалардын талааларынан эгин орушат, мыйзамсыздын жєзємєн жыйнашат.
7 Жылањачтар суукта жамынчысыз, кийимсиз тєнљшљт.
8 Тоолордогу жамгырдан суу болушат, баш паана таппай, аскалардын жаракаларына корголошот.
9 Жетимди эмчектен ажыратышат, жакырдан кєрљљ алышат.
10 Кийимсиз, жылањач жєрєєгљ мажбур кылышат, ачкаларга машак беришет.
11 Дубалдардын ортосунда зайтун майын сыгышат, жєзєм сыгылуучу жайда жєзєм тебелешет, бирок суусап жєрєшљт.
12 Шаарда адамдар онтоп жатышат, љлтєрєлгљн адамдардын жаны жардам сурап бакырып жатат, бирок Кудай мындай мыйзамсыздыкка тыюу салбайт.
13 Алардын арасында жарыктын душмандары бар, алар Кудайдын жолун билишпейт, Анын жолу менен жєрєшпљйт.
14 Адам љлтєрєєчє тањ ата электе туруп, жарды менен кайырчыны љлтєрљт, ал эми тєн киргенде уурулук кылат.
15 Бузулган адам кєєгємдє кєтєп: “Мени эч ким кљрбљйт”, – деп, бетин жаап алат.
16 Кєндєз белгилеп койгон єйгљ тєн ичинде астынан казып киришет. Алар жарыкты билишпейт.
17 Алар єчєн тањ – љлєм кљлљкљсє, себеби алар љлєм кљлљкљсєнєн коркунучун билишет.
18 Ал суу єстєндљ жењил, анын жердеги єлєшє каргышка калган, ал жєзємзарга кеткен жолго карабайт.
19 Кургакчылык менен ысык аптап кар сууларын жутуп турат. Љлгљндљр жаткан жай да кєнљљкљрлљрдє ошондой жутуп турат.
20 Аны эненин жатыны унутсун. Аны курт тамшанып жесин. Анын аты жер єстєнљн љчсєн. Мыйзамсыз адам жыгачтай сынсын.
21 Ал тљрљбљгљн баласыз аялды кордогон, жесир аялга жакшылык кылган эмес.
22 Ал кєчтєєлљрдє да љз кєчє менен љзєнљ тартат. Ал ордунан турганда, эч ким тирєє каларына кљзє жетпей калат.
23 Ал ага коопсуз болушу єчєн бардыгын берет, ал ошого таянат. Анын кљздљрє алардын баскан жолун кљрєп турат.
24 Алар жогору кљтљрєлєшљт, анан жок болушат. Алар бардык адамдардай эле кулашат, анан љлєшљт, машактай болуп орулушат.
25 Эгерде мындай эмес болсо, жалган айтты деп, мени ким ашкерелейт жана ким менин сљзємдє жокко чыгарат?»
1 Шухтук Билдат мындай жооп айтты:
2 «Зор бийлик да, коркунуч да Анын колунда! Ал Љзєнєн бийиктиктеринде тынчтык жаратат!
3 Анын асман кошуундарына сан жетеби? Анын жарыгы кимге тийбейт?
4 Анан кантип адам Кудайдын алдында адилет боло алсын? Анан кантип аялдан туулгандар таза болсун?
5 Анын кљз алдында, атєгєл, ай да жарык эмес, жылдыздар да таза эмес.
6 Адам эмне болуп калыптыр, ал – бар болгону, курт, адам баласы эмне болуп калыптыр, ал – бар болгону, кєбљ!»
1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:
2 «Кєчсєзгљ сен кандай жардам бердињ, алсызга сен кандай кєч бердињ!
3 Акылсызга сен кандай кењеш бердињ, ишти толугу менен кандай тєшєндєрдєњ!
4 Сен бул сљздљрдє кимге айттыњ? Сенден кимдин руху чыгып жатат?
5 Репалыктар суулардын астында калтырашат, сууда жашагандар да калтырашат.
6 Анын алдында љлгљндљр жаткан жай да ачык, Абадондун жабуусу жок.
7 Ал тєндєк уюлду боштук єстєнљ жайган, жерди жок нерсенин єстєнљ илип койгон.
8 Ал сууларды Љзєнєн булуттарынын ичинде кармап турат, булуттар да суулардын салмагынан жарылбай турат.
9 Ал Љзєнєн тагын орнотуп, анын єстєнљ Љзєнєн булуттарын жайып койгон.
10 Жарык менен карањгынын чегине чейин суу єстєнљн чек љткљрєп койгон.
11 Анын каарынан асман тєркєктљрє титиреп, єрљйє учуп турат.
12 Ал Љз кєчє менен дењизди толкутат, Љзєнєн акылы менен Рахапты талкалады.
13 Асмандын сонундугу – Анын рухунан. Анын колу тез чуркаган жыланды жараткан.
14 Анын жолдорунун бир бљлєгє – мына ушул. Биз Ал тууралуу кандай аз укканбыз! Анын кудуретинин жањырыгын ким тєшєнљ алат?»
1 Аюб маанилєє сљздљрєн улантып, мындай деди:
2 «Мени акыйкаттыктан ажыраткан Кудай тирєє, жанымды кейиткен кудуреттєє Кудай тирєє.
3 Жаным љзємдљ турганда, Кудайдын руху таноомдо турганда,
4 менин оозум жалганды сєйлљбљйт, тилим калп айтпайт!
5 Мен силерди адилеттєє деп эсептљљдљн алысмын. Љмєрєм љткљнчљ љзємдєн таза экендигимден танбайм.
6 Мен љз чындыгымды бек кармадым, эми аны коё бербейм. Љмєрєм љткљнчљ жєрљгєм мени жемелебейт.
7 Душманым кара ниет адамдай болот, мага каршы чыккан адам мыйзамсыз адамдай болот.
8 Анткени Кудай эки жєздєє кишинин жанын сууруп алганда, ал эмнеден ємєттљнмљк эле?
9 Башына мєшкєл тєшкљндљ, Кудай анын зар-муњун укмак беле?
10 Ал кудуреттєє Кудайдан сооронуч алмак беле? Ар убакта Кудайды чакырмак беле?
11 Кудайдын колунда эмне бар экенин силерге жарыялайм, бардыгын кармап туруучу Кудайдын колунда эмне бар экенин силерден жашырбайм.
12 Мына, силер љзєњљр да бардыгын кљрдєњљр! Сљз деп эле сєйлљй берєєнєн силерге эмне кереги бар?
13 Мыйзамсыз адамдын Кудайдан тийген энчиси бул, зулумдардын кудуреттєє Кудайдан алган мурасы мындай:
14 эгерде алардын уулдары кљбљйсљ, анда кылычтан љлєшљт. Урпактары нанга тойбойт.
15 Артында калгандарды љлєм кљргљ тєшєрљт, жесирлери ыйлабайт.
16 Ал кємєштє топурактай жыйып алат, кийимди ылайдай кљп даярдап алат.
17 Даярдаганы менен, анын кийимин адил адам киет, кємєшє айыпсыз адамдын энчисине тиет.
18 Ал љз єйєн кєбљ курттай курат, љз чатырын кєзљтчєдљй жасап алат.
19 Ал бай адам болуп уктайт, бирок турганда бай адам болуп турбайт. Кљзєн ачса, ал мурункудай эмес.
20 Коркунучтар аны суудай каптайт, тєн ичинде аны бороон учуруп кетет.
21 Аны чыгыш шамалы кљтљрєп учуруп кетет, ал аны турган жеринен учуруп кетет.
22 Ага жулкунуп кирет, анын колунан ал канчалык качууга аракет кылса да, ал аны аябайт.
23 Аны табалап кол чабышат, анын турган ордунан ага тањ калып ышкырышат».
1 «Чындыгында, кємєштєн кени бар, алтындын эритєєчє жайы бар.
2 Темир жерден алынат. Жез таштан эритилип алынат.
3 Адам карањгылыкка чек коёт, карањгылыкта, љлєм кљлљкљсєндљ кылдаттык менен таш издейт.
4 Эч кимдин буту баспаган жерден кен казат, тєпкєргљ тєшљт, адамдар жок жерде илинип, термелип турушат.
5 Дан љскљн жердин тєпкєрєндљ от балбылдап жаткансыйт.
6 Анын таштарынын арасынан сапфир табышат, ал жерден алтын кум чыгат.
7 Ошол жакка барчу жолду жырткыч куш билбейт, аны айры куйруктун кљзє кљргљн эмес.
8 Жаш арстандар аны тепсеген эмес, ал жол менен арстан баскан эмес.
9 Ал гранит ташка колун сунат, тоолорду тєп-тамыры менен омкорот.
10 Аскаларды тешип жол чыгарат, анын кљздљрє бардык асыл байлыктарды кљрљт.
11 Агын суулардын агымын токтотот, жашыруун жаткандарды жарыкка чыгарат.
12 Бирок акылмандык кайдан алынат? Акылдын жаткан жери кайда?
13 Адам анын баасын билбейт, ал тирєєлљр жашаган жерден табылбайт.
14 Тєпкєр айтат: “Акыл менде эмес”, – деп, дењиз да: “Менде эмес”, – дейт.
15 Аны алтынга ала албайсыњ, кємєшкљ сатып ала албайсыњ.
16 Ал Опирдин алтыны менен да, кымбат баалуу акак таш менен да, кљк жакут менен да бааланбайт.
17 Ага алтын да, тунук кристалл да тењ келбейт, аны таза алтындан жасалган идиштерге да алмаша албайсыњ.
18 Ал эми маржан менен берметтерди айтып љтєєнєн кажети да жок, акылмандыкка жетєє кыпкызыл лаалга жетєєдљн алда канча артык.
19 Ага Эфиопиянын сары жакут таштары да тењ келбейт. Ал таза алтын менен бааланбайт.
20 Анда акылмандык кайдан чыгат? Акылдын чыккан жери кайда?
21 Ал бардык тирєє жандардын кљзєнљн жашыруун, асман куштарына да кљрєнбљйт.
22 Абадон менен љлєм: “Ал жљнєндљгє сљздє биз љз кулагыбыз менен уктук”, – дешет.
23 Анын жолун бир гана Кудай билет, анын орду бир гана Кудайга маалым.
24 Анткени Ал жердин тєпкєрєнљ чейин карап турат, асман астындагынын бардыгын кљрєп турат.
25 Ал шамалга салмак берип жатканда, сууларды љлчљмє менен жайгаштырып жатканда,
26 жамгырга мыйзам берип жатканда, кєркєрљгљн чагылгандын жолун тєзєп жатканда,
27 аны кљрдє жана кљрсљттє, аны даярдады, сыноодон да љткљрдє.
28 Анан адамга мындай деп айтты: “Мына, акылмандык деген – Кудайдан коркуу, акыл деген – кыянаттыктан качуу”».
1 Аюб маанилєє сљздљрєн улантып, мындай деди:
2 «Оо, мен мурунку айлардагыдай болсом кана! Кудай мени сактап жєргљн кєндљрдљгєдљй болсом кана!
3 Анын чырактаны менин єстємдљ кєйєп турчу, карањгыда мен Анын жарыгы менен жєрчємєн.
4 Жаш чагымда, Кудайдын ырайымы менин чатырыма тийип турганда, мен кандай элем!
5 Кудуреттєє Кудай мени менен эле, балдарым тегерегимде болчу!
6 Жолдорума сєт тљгєлєп турчу, аскалар мен єчєн зайтун майын чыгарып турчу.
7 Шаар дарбазасынын алдына чыкканымда, аянтка отургучумду койгонумда,
8 жигиттер мени кљрєп, жашынып калышчу, карылар ордунан туруп, туруп турушчу.
9 Тљрљлљр сљзєн токтотуп, колдору менен ооздорун жабышар эле.
10 Атактуулардын єнє басылып, тилдери тањдайына жабышып калар эле.
11 Мени уккан кулак мени урматтап турар эле, мени кљргљн кљз мени дањктап турар эле.
12 Анткени мен жардам сураган жакырды да, карай турган кишиси жок жетимди да сактап калчумун.
13 Мага љлєп бара жаткандын батасы тийчє, жесир аялдын жєрљгєнљ кубаныч берчємєн.
14 Мен адилеттиктин кийимин кийип жєрчємєн, калыстыкты чапан жана баш кийим катары кийип жєрчємєн.
15 Мен сокурга кљз, аксакка бут болчумун.
16 Кайырчыларга ата болчумун. Љзєм билбеген адамдын талаш-тартыш маселесин кылдаттык менен чечип турчумун.
17 Мыйзамсыздын жаагын талкалап турчумун, уурдагандарын тиштеринен сууруп алып турчумун.
18 Мен мындай деп айтчумун: “Љз уямда љлљм, жашоо кєндљрєм кумдай кљп болот.
19 Тамырым сууга жетет, бутактарыма шєєдєрєм тєнљйт.
20 Атак-дањкым карыбайт, колумдагы жаа бек турат”.
21 Мага кулак салып турушчу, кєтєп турушчу, акыл айтканымда унчугушчу эмес.
22 Мен сєйлљгљндљн кийин, алар сєйлљшчє эмес, менин сљздљрєм алардын кулактарына куюлчу.
23 Мени жамгырды кєткљндљй кєтєшчє, ооздорун кеч жааган жамгырга ачкансып ачып турушчу.
24 Аларга жылмайып койсом, кљргљн кљздљрєнљ ишенишчє эмес. Алар менин жєзємдљгє жарыкты љчєрєшчє эмес.
25 Мен аларга жол кљрсљтєп турчумун, алардын башында отурчумун, жоокерлердин арасындагы падышадай жашачумун, ыйлагандардын кљњєлєн жубаткан сооротуучудай болчумун.
1 Азыр болсо мени љзємдљн кичєєлљр шылдыњ кылып жатышат, мен алардын аталарын койлорумду кайтарган иттеримдин жанына да жаткырганга макул болбойт элем.
2 Алардын кєчтєє колунун мага эмне кереги бар? Алардын убагы љтєп кеткен.
3 Жакырчылык менен ачарчылыктан алсырагандар тєнљргљн, ээн калган, суусуз талаада кањгып жєрєшљт.
4 Тикенектин тєбєнљн майда чљп терип жешет, тикенектєє бадалдын мљмљсє – алардын тамагы.
5 Аларды эл ичинен кубалап, ууруга кыйкыргандай кыйкырышат.
6 Ошондуктан аларга сай-сайдын жарларында, капчыгай боорлорунда, аска-зоолордун коњулдарында жашоого туура келет.
7 Алар тикенектин арасында ыйлашат, бадалдын тєбєнљ корголошот.
8 Алар – четке кагылган адамдар, атсыз-нарксыз адамдар, жер жєзєнєн таштандылары!
9 Азыр мен ошолордун ырдар ыры болдум, оозунан тєшпљгљн сљзє болдум.
10 Алар мени жек кљрєшљт, менден качышат, менин бетиме тєкєрєєдљн тартынышпайт.
11 Тењир менин жаамдын жибин єзєп, мени талкалады, ошон єчєн алар менин кљз алдымда љздљрєнєн ооздорундагы ооздукту алып салышты.
12 Бул жер жайнаган эл менин оњ капталыман чыгып, мени буттан чалып жатат, љздљрєнєн кыйратуучу жолдорун мени кљздљй буруп жатышат.
13 Менин жолумду болсо бузушту, жардамчысыз эле менин љлємєм єчєн бардыгын камдоого єлгєрєштє.
14 Алар мага чоњ тешиктен тєшкљнсєп тєшєп келишти, чуру-чуу менен мага кол салышты.
15 Љтљ жаман коркунучтар мага бет алды. Менин кадыр-баркым шамалдай учуп кетти, бак-таалайым булуттай тарап кетти.
16 Азыр болсо ичимдеги жаным кыйналып жатат: мени кайгылуу кєндљр курчады.
17 Тєнкєсєн сай-сљљгєм сыздайт, тарамыштарымдын тынчы кетти.
18 Yстємдљгє кийимим љтљ кыйынчылык менен чечилет, кљйнљгємдєн жакасы кысып турат.
19 Ал мени ылайга таштады, мен кєл менен топуракка окшоп калдым.
20 “Мен Сенден жардам сурап жатам, бирок Сен мага жооп бербейсињ, Сенин алдыњда турам, бирок Сен мага кљњєл бурбайсыњ.
21 Сен мага ырайымсыз болуп калдыњ, кубаттуу колуњ менен мага каршы чыгып жатасыњ.
22 Сен мени кљтљрєп, катуу шамал менен кошо учуруп жатасыњ, бороон менен кљтљрєп чаап жатасыњ.
23 Ошондуктан мен билем, Сен мени љлємгљ дуушар кылып, бардык жашоочулар чогула турган жайга алып барасыњ”.
24 Урандылардын астында калган адам жардам сурап колун сунбай коймок беле? Башына кырсык тєшкљн адам кыйкырбай коймок беле?
25 Мен башына мєшкєл тєшкљндљрдє кљргљндљ, ыйлаган жок белем? Жардыларды кљргљндљ, жаным кыйналган жок беле?
26 Мен жакшылыкты эњсеп турганда, жамандык келди, жарыкты кєтєп турганда, карањгылык келди.
27 Менин ичим кайнап жатат, басылбайт, мен кайгылуу кєнгљ туш келдим.
28 Мен капкара болуп басып жєрљм, бирок бул кєндљн эмес. Эл арасында туруп, жардам сурап кыйкырып жатам.
29 Мен чљљлљрдєн бир тууганы болуп калдым, тљљ куштардын досу болуп калдым.
30 Менин терим карарып кетти, сљљктљрєм ысыктан куйкаланды.
31 Лирамдын єнє кайгылуу чыгып калды, сыбызгымдын єнє ыйга окшоп калды.
1 Кызды карабайм деп, кљзєм менен келишим тєзгљм.
2 Мага жогорудан, Кудайдан кандай єлєш тиймек эле? Асмандан, кудуреттєє Кудайдан кандай мурас берилмек эле?
3 Љлєм мыйзамсыздар єчєн эмеспи, кырсык кыянаттык кылгандардын башына тєшпљйбє?
4 Кудай менин жолдорумду кљргљн жок беле? Менин баскан кадамымды эсептеген жок беле?
5 Эгерде мен жалган жолдо жєргљн болсом, эгерде менин буттарым амалкљйлєккљ шашкан болсо,
6 анда мени чындыктын таразасына тартышсын, ошондо Кудай менин айыпсыздыгымды билет.
7 Эгерде менин бутум жолдон бурулган болсо, жєрљгєм кљзємдє ээрчип жєргљн болсо, эгерде таза эмес бир нерсе колума жабышып калган болсо,
8 анда мен сепкенди башка бирљљ жесин жана мен љндєргљн нерсе тамырынан жулунсун.
9 Эгерде менин жєрљгєм аялга азгырылса, жакынымдын эшигинин алдына тузак койгон болсом,
10 анда менин аялым башка бирљљнєн жаргылчагын тартсын, аны башка бирљљлљр маскара кылышсын.
11 Анткени бул – ойноштук, бул – сотко тартыла турган кєнљљ.
12 Бул – менин бєт мал-мєлкємдє тєп-тамыры менен жок кылып сала турган жалмап салуучу от.
13 Кулум менен кєњєм мага каршы чыкканда, алардын укуктарын тоотпой койгон болсом,
14 анда Кудай мага каршы чыгар эле, ошондо мен эмне кылар элем? Ал менин ишимди тергей баштаса, мен Ага эмне деп жооп бере алар элем?
15 Мени да, аны да эненин курсагында жараткан Љзє эмеспи, бизди эненин курсагында жасаган Љзє эмеспи?
16 Жакырлардын сураганын бербей койдум беле? Жесирдин кљзєн жалдыраттым беле?
17 Бир єзєм нанды жалгыз жедим беле? Андан жетим да жеген жок беле?
18 Анткени ал бала кєнєнљн бери меникинде атасыныкында жашагандай жашады, энемдин курсагынан чыккандан бери мен жесирге кљз салып келдим.
19 Мен кийими жок љлєп бара жатканды, жамынчысы жок жардыны кљргљндљ,
20 ал мага чын жєрљктљн батасын бербей койду беле? Ал менин койлорумдун жєнєнљ жылынган жок беле?
21 Дарбаза алдында мага жардам беришсе да, жетимге кол кљтљрсљм,
22 анда менин ийиним далымдан бљлєнєп тєшєп калсын, колум чыканагымдан сынып тєшсєн.
23 Анткени Кудайдын жазасы мен єчєн љтљ коркунучтуу. Анын улуулугунун алдында мен туруштук бере алмак эмесмин.
24 Мен алтынга таяндым беле? Байлыкка: “Менин ємєтєм сенсињ!” – деп айттым беле?
25 Байлыгымдын ашып-ташыганына, колумдун кљп тапканына кубандым беле?
26 Кєндєн жаркырап тийип турганын карап туруп, айдын сљљлљттєє калкып баратканын карап туруп,
27 жєрљгєм жашыруун азгырылды беле, оозум колдорумду љптє беле?
28 Анда бул да сотко тартыла турган кылмыш болмок, анткени мен кудуреттєє Кудайдан баш тарткан болор элем.
29 Мен душманымдын кыйраганына кубандым беле? Анын башына тєн тєшкљндљ, салтанат курдум беле?
30 Оозумдун аны каргап кєнљљгљ батуусуна жол берген эмесмин.
31 Менин чатырымдагы кишилер: “Оо, анын этинен жегендерден эч ким тойбой калган эмес!” – дешкен жок беле?
32 Бљтљн жерден келген киши кљчљдљ тєнљгљн эмес. Жолоочуга эшигимди ачып берчємєн.
33 Эгерде мен адам катары кєнљљлљрємдє жашырып койгон болсом, мыйзамсыз иштеримди кљкєрљгємљ катып койгон болсом,
34 анда мен чоњ жамааттан коркор элем, урук-туугандарымдын жек кљрєєсє єрљйємдє учурар эле, мен ооз ачпас элем, босогодон сыртка чыкпас элем.
35 Оо, мени кимдир бирљљ укса кана! Менин каалоом мындай: кудуреттєє Кудай мага жооп берсе экен, менин коргоочум буларды китепке жазып койсо экен.
36 Мен аны ийиниме кљтљрєп жєрљр элем, башыма гєл таажыдай кийип алар элем.
37 Баскан кадамымдын санын ага кабарлар элем, ага тљрљгљ жакындагандай жакындар элем.
38 Эгерде жерим менин єстємљн арызданып ыйлаган болсо, анын бороздору менин єстємљн даттанган болсо,
39 эгерде мен анын тєшємєн акысыз жеген болсом, дыйкандардын жашоосун кыйынчылыкка салган болсом,
40 анда буудай ордуна тљљ тикенек, арпа ордуна карамык љссєн». Ошентип, Аюбдун сљзє бєттє.
1 Аюб љзєнєкєн туура деп эсептегендиктен, тигил єч киши Аюбга жооп бергенин токтотушту.
2 Ошондо Рам уруусунан чыккан буздук Барахел уулу Элийунун каары кайнады. Љзєн Кудайга караганда адилеттєє эсептегени єчєн, ал Аюбга аябай ачууланды.
3 Эмне деп жооп берєєнє билбей туруп, Аюбду айыптай берген єч досуна да ачууланды.
4 Алар љзєнљн улуу болгондуктан, Элийу Аюбга каршы сєйлљй элек эле.
5 Элийу тигил єч кишинин оозунда жооп жок экенин кљргљндљ, абдан ачууланды.
6 Буздук Барахел уулу Элийу мындай деп жооп берди: «Мен силерден жашмын, силер карысыњар, ошондуктан ыйбаа кылып, оюмду айткандан корктум.
7 Мен љзємчљ: “Карылык сєйлљсєн, кљп жашагандар акылмандыкка єйрљтсєн”, – дедим.
8 Бирок адамга акылды адамдын ичиндеги рух менен кудуреттєє Кудайдын деми берет.
9 Кљп жашагандар эле акылман боло бербейт, чындыкты карылар эле тєшєнљ бербейт.
10 Ошондуктан мен мындай дейм: “Мени уккула, мен да љз пикиримди айтайын”.
11 Мен силер сєйлљп бєткљнчљ кєтєп турдум, силердин пикирињерди кљњєл коюп угуп турдум, силер айтар сљзєњљрдє ойлоп тапкыча кєтєп турдум.
12 Мен силерди кадала карап турдум, бирок Аюбду эч кимињер ашкерелеген жоксуњар, анын сљздљрєнљ эч кимињер жооп берген жоксуњар.
13 Ошондуктан силер: “Биз акылмандыкка жеттик, аны адам эмес, Кудай ашкерелейт”, – деп айтпагыла.
14 Эгерде Аюб мага карата сєйлљсљ, анда мен силерге окшоп жооп бермек эмесмин.
15 Коркуп кетишти, жооп бере албай калышты, сєйлљбљй калышты.
16 Мен кєтљ бердим, алар болсо сєйлљбљй коюшту, токтоп калышты, жооп бере албай калышты.
17 Ошондуктан љзєм тараптан мен да жооп берейин, мен да љз оюмду айтайын.
18 Анткени айтар сљзєм толтура, рухум ичиме батпай бара жатат.
19 Ичим оозу ачыла элек шараптай, жарылганы турган жањы чаначтай болуп турат.
20 Сєйлљсљм, жењилдеп калам, оозумду ачып жооп берейин.
21 Эч кимге бет карамалык кылбайм, эч бир адамга жагынып, кошомат кылбайм.
22 Анткени мен кошоматчылык кылганды билбейм, эгерде ошондой болсо, Жаратканым, мени азыр љлтєр!
1 Ошондуктан, Аюб, менин сљздљрємљ кулак сал, менин бардык сљздљрємдє ук.
2 Мына, мен оозумду ачып жатам, менин тилим кљмљкљйємдљ сєйлљп жатат.
3 Менин сљздљрєм таза жєрљктљн чыгат, оозум таза билимди сєйлљйт.
4 Мени Кудайдын Руху жараткан, мага кудуреттєє Кудайдын деми жан берген.
5 Эгерде жооп бере алсањ, жооп бер, даярдан, менин алдымда сєйлљ.
6 Кудайдын алдында мен да сендеймин, мен да сага окшоп топурактан жаратылгам.
7 Ошондуктан менден коркуп тынчыњ кетпесин, менин колум сен єчєн оор болбосун.
8 Сен менин кулагыма сєйлљдєњ, мен сенин сєйлљгљн єнєњдє уктум.
9 Сен: “Мен тазамын, кемчилигим жок, кєнљљлєє эмесмин, менде жалганчылык жок.
10 Бирок Кудай менден айып тапты, мени Љзєнєн душманы деп эсептейт.
11 Менин буттарымды кљзљнљк жыгачка салып, менин бардык жолдорумду карап турат”, – дедињ.
12 Сенин ушинтип айтканыњ туура эмес, мен сага муну далилдеп берем, анткени Кудай адамдан жогору.
13 Эмне єчєн сен Аны менен айтышып жатасыњ? Ал Љзєнєн иштеринин биринин да эсеп-кысабын бербейт.
14 Кудай бир жолу айтат, эгерде аны байкабай калышса, экинчи жолу:
15 тєшєндљ, тєнкє кљрєнєштљ, адамдардын баары уктап жатканда, тљшљгєндљ єргєлљп жатканда айтат.
16 Ошол учурда Ал адамдын кулагын ачып, Љзєнєн насаатын куят.
17 Адамды кандайдыр бир жаман иштен буруп кетиш єчєн жана анын текеберлигин жок кылыш єчєн,
18 анын жанын туњгуюктан сакташ єчєн жана анын љмєрєн кылычтан љлєєдљн сакташ єчєн ошентет.
19 Же болбосо ал оору аркылуу, сай-сљљгєн сыздаткан оору аркылуу тљшљктљ жатып эсине келет.
20 Анын нанга кљњєлє чаппай калат, жаны жактырган тамакты жээрип калат.
21 Эти качат, кљрєнбљгљн сљљктљрє кљрєнєп, оркоюп чыгат.
22 Анын жаны кљргљ, љмєрє љлємгљ жакындайт.
23 Эгерде анын адамга тєз жол кљрсљтєєчє, мињдеген периштелердин бири болгон насаатчы периштеси бар болсо,
24 Кудай ага боор ооруп: “Аны кљрдљн куткар, Мен анын жаны єчєн тљлљнєєчє кун таптым”, – дейт.
25 Ошондо анын денеси жаш кезиндегиден да жаш болуп калат. Ал љзєнєн жаш чагына кайрылып келет.
26 Кудайга сыйына турган болсо, Ал ага ырайым кылат. Ал анын жєзєнљ кубаныч менен карайт. Адамга адилдигин кайра берет.
27 Ошондо ал адамдарга карап, мындай деп айтат: “Мен кєнљљгљ батып, чындыкты бурмалагам, бирок жазаланган эмесмин.
28 Ал менин жанымды кљрдљн куткарды, ошондуктан менин љмєрєм жарыкты кљрєп жатат”.
29 Кудай адамга ушунун баарын эки-єч жолу кылат.
30 Анын жанын кљрдљн алып калыш єчєн жана тирєєлљрдєн жарыгы менен жарык кылыш єчєн, ушундай кылат.
31 Кљњєл бур, Аюб. Ук мени, єндљбљ, мен сєйлљйєн!
32 Эгер айтар жообуњ болсо айт, сєйлљ, анткени мен сенин актанышыњды каалар элем.
33 Эгер жок десењ, анда мени ук, унчукпа, мен сени акылмандыкка єйрљтљм».
1 Элийу сљзєн мындай деп улантты:
2 «Уккула, акылмандар, менин сљзємдє! Акыл-эстєєлљр, мага кулак салгыла!
3 Анткени тањдай тамактын даамын кандай айырмаласа, кулак сљздє ошондой айырмалайт.
4 Ой-пикирибизди ортого салып, эмне жакшы экенин билели.
5 Анткени Аюб мындай деди: “Меники туура, бирок Кудай мени укуктан ажыратты.
6 Менин адилдигимди тљгєнгљ чыгарды. Жазыксыз алган жараатым айыккыс”.
7 Шылдыњды суудай ичип жаткан Аюбдай адам барбы?
8 Ал мыйзамсыз иштерди жасагандардын уюмуна кирип, мыйзамсыз адамдар менен жєрљт.
9 Анткени ал мындай деп айтты: “Кудайга жакшы иштер менен жагынуудан адамга пайда жок”.
10 Ошондуктан мени уккула, акылдуу адамдар! Кудайда калп болушу мємкєн эмес, кудуреттєє Кудайда адилетсиздик болбойт.
11 Анткени Ал љзєнєн иштерине жараша кылат, ар бир адамга жолдоруна жараша берет.
12 Чындыгында, Кудай жалган нерсе жасабайт, кудуреттєє Кудай сотту бурмалабайт.
13 Жер жєзєн Ага ким тапшырды? Бєткєл ааламды Ага ким башкартып койду?
14 Эгерде Ал Љз жєрљгєн Љзєнљ каратып, руху менен демин Љзєнљ ала турган болсо,
15 анда бардык тирєє жандар ошол замат љлєп калышмак, адам топуракка айланмак.
16 Ошентип, эгерде сенде акыл болсо, анда буга кулак сал, менин сљздљрємдє кљњєл коюп ук.
17 Чындыкты жек кљргљн адам бийлик кыла алабы? Бардыгынан Адилеттєєнє сен айыптай аласыњбы?
18 Падышага: “Сен адилетсизсињ”, – деп, тљрљлљргљ: “Силер мыйзамсызсыњар”, – деп айтууга болобу?
19 Бирок Ал тљрљлљрдєн жєзєнљ карабайт, байды кедейден артык кљрбљйт, анткени баары Анын колунан чыккан.
20 Алар кєтєлбљгљн жерден љлєшљт, эл тєн ичинде дєрбљлљњгљ тєшљт, ошентип, алар жок болушат. Кєчтєєлљрдє кууп чыгышат, бирок кол менен эмес.
21 Анткени Анын кљздљрє адамдын жолдорунда, Ал адамдын бардык кадамдарын кљрєп турат.
22 Мыйзамсыз иштерди кылгандар жашына турган карањгы жер жок, љлєм кљлљкљсє да жок.
23 Ошондуктан Кудайга адамдын ишин иликтеп отуруунун зарылдыгы жок.
24 Ал кєчтєєлљрдє изилдебей эле жок кылат да, алардын ордуна башкаларды коёт.
25 Анткени алардын иштерин Ал ачыкка чыгарат да, аларды тєн ичинде кыйратат, ошентип, алар тукум курут болушат.
26 Кудай аларды мыйзамсыз кишилер катары башкалардын кљз алдында кыйратат.
27 Анткени алар Андан баш тартышты, Анын бардык жолдорун тєшєнгєлљрє келген жок.
28 Ошондуктан жакырлардын зар-муњу Кудайга жетти, Ал эзилгендердин онтогонун укту.
29 Эгерде Ал тынчтык тартууласа, ким буза алат? Эгерде Ал Љз жєзєн жашырса, ким Аны кљрљ алат? Элди да, адамды да Ал кљзљмљлдљп турат.
30 Элди азгырган эки жєздєє адам падышачылык кылбасын деп, кљз салып турат.
31 Кудайга мындай деп айтуу керек: “Мен љз жазамды алдым, эми кєнљљ кылбайм.
32 Ал эми мен билбегенди Сен єйрљт. Эгерде мен мыйзамсыз иш кылсам, мындан ары антпейм”.
33 Ал сага сенин каалооњ боюнча бериши керекпи? Кабыл албай жаткандан кийин, мен эмес, љзєњ тандап алышыњ керек. Эмне билсењ, ошону айт.
34 Акылдуу адамдар жана сљзємдє уккан даанышман мага мындай деп айтышат:
35 “Аюб акылсыз сєйлљп жатат, анын сљздљрєнєн мааниси жок”.
36 Аюбдун мыйзамсыз адамдарга окшоп жооп берген жообуна жараша толугу менен сыноодон љтєшєн каалар элем.
37 Болбосо ал љз кєнљљсєнљ Кудайдан чегингендигин кошуп алат, арабызда алакан чаап, Кудайга мындан да кљп акарат келтирет».
1 Элийу сљзєн мындай деп улантты:
2 «Сен: “Мен Кудайдан да адилмин”, – деген сљзєњдє туура деп эсептейсињби?
3 Сен: “Мага эмне пайда? Мен кєнљљ кылбаган кєндљ да, андан кандай киреше алмакмын?” – дедињ.
4 Мен сага жана сенин досторуња жооп берейин:
5 Асманга кљз чаптырып кара. Булуттарды кара, алар сенден бийик турат.
6 Эгер сен кєнљљ кылсањ, Ага эмне кыла аласыњ? Эгер сенин кылмышыњ кљбљйєп кетсе, Ага кандай зыян келтире аласыњ?
7 Эгерде сен адилет болсоњ, анда Ага эмне бересињ? Же Ал сенин колуњдан эмне алмак?
8 Сенин адилетсиздигињ сага окшогон адамга тиешелєє, сенин адилеттигињ адам баласына тиешелєє.
9 Эзєєчєлљр кљп болсо, эзилгендер онтошот, кєчтєєлљрдєн колунан ыйлашат.
10 Бирок бир да киши: “Менин Кудайым, Жаратуучум кайда, тєнкєсєн ыр берген Тењир кайда?
11 Жер єстєндљгє айбандарга караганда бизге кљбєрљљк єйрљткљн, асмандагы куштарга караганда бизге кљбєрљљк акыл-эс берген Тењир кайда?” – деп айтпайт.
12 Ал жерде алар боздоп жатышат, бирок Ал жаман кишилердин текебердєєлєгєнљн аларга жооп бербей жатат.
13 Бирок Кудай укпайт, кудуреттєє Кудай муну кљрбљйт деген туура эмес.
14 Аны кљрбљй жатамын десењ да, Анын алдында сот болот, ошон єчєн аны кєт.
15 Бирок азыр ага Кудайдын каары тие элек, ошондуктан ал аны толук биле элек.
16 Ошондуктан Аюб жењил ойлуулук менен сєйлљп жатат, сљзєн текке кетирип жатат».
1 Элийу сљзєн мындай деп улантты:
2 «Бир аз чыдай тур, Кудайдын атынан дагы айта турган сљзєм бар экенин мен сага кљрсљтљйєн.
3 Мен пикиримди алыстан баштайм, Жаратканымдын адилеттєєлєгєн далилдеп берем.
4 Анткени, чынында эле, менин сљздљрєм жалган эмес. Сенин алдыњда билими жеткилењ бирљљ турат.
5 Мына, Кудай кудуреттєє, Ал жєрљгє таза адамды четке какпайт!
6 Ал мыйзамсыздарды колдобойт, эзилгендерге тиешелєєсєн берет.
7 Ал адилдерден кљзєн албайт, аларды падышалардын тагына отургузат, аларды жогорулатат.
8 Эгерде алар чынжыр менен кишенделип, кырсыктын кишендеринде кармалып турушса,
9 анда Ал алардын иштерин љздљрєнљ кљрсљтљт, алардын мыйзамсыздыгы кљбљйєп кеткенин љздљрєнљ кљрсљтљт.
10 Эскертиш єчєн, алардын кулактарын ачат, аларга: “Мыйзамсыз иштерден баш тарткыла”, – дейт.
11 Эгерде тил алып, Ага кызмат кылышса, анда љз кєндљрєн жыргалчылыкта, љз жылдарын шаттыкта љткљрєшљт.
12 Эгерде тил алышпаса, анда жаа жебесинен љлєшљт, акылдан ажырап љлєшљт.
13 Бирок эки жєздєєлљр жєрљгєнљ каар топтойт, Кудай аларды кишендеп салганда, Ага кайрылышпайт.
14 Ошондуктан алардын жаны жаш чагында љлљт, љмєрлљрє бузулгандар менен љтљт.
15 Ал жакырды башына тєшкљн кырсыктан куткарат, эзилип жатканда, анын кулагын ачат.
16 Ал сени да тар жерден кысымчылык жок, кењ жерге алып чыгат эле, дасторконуњ майга толот эле.
17 Бирок сен мыйзамсыздардын тєшєнєктљрєнљ жык толгонсуњ: тєшєнєк менен айыптоо сага жакын.
18 Кудайдын каары сени жазалап, љлтєрєп койбосун! Сени чоњ кун куткарбайт.
19 Ал сенин байлыгыњды бааламак беле? Жок! Алтыныњды да, байлыгыњды да баалабайт.
20 Элдер љздљрєнєн турган жеринде кырылып жаткан ошол тєндє тилебе.
21 Сактан, мыйзамсыздыкка барба, анткени сен азап тартканды мыйзамсыздык кылгандан артык кљрдєњ.
22 Кудай Љзєнєн кудурети менен бийик, Андай насаатчы барбы?
23 Ким Ага Анын жолун кљрсљтљт? “Сен адилетсиз иш кылып жатасыњ”, – деп, Ага ким айта алат?
24 Адамдар кљрєп турган Анын иштерин дањазалоону унутпа.
25 Анын иштерин ар бир адам кљрљ алат, адам аларды алыстан байкай алат.
26 Мына, Кудай улуу, ошондуктан биз Аны таанып биле албайбыз; Анын жылдарынын саны изилденгис.
27 Ал суу тамчыларын чогултат, алар кљп болгондо, жамгыр болуп тљгєлљт.
28 Жамгыр булуттардан тамчылайт, адамдарга мол тљгєлљт.
29 Ошондой эле булуттардын жайылышын, Анын чатырынын кєркєрљгљнєн ким тєшєнљ алат?
30 Азыр алардын єстєнљ Ал Љз жарыгын чачыратып, дењиз тєбєн жаап жатат.
31 Ал жактан Ал элдерди башкарып, тамак-ашты мол берип жатат.
32 Ал чагылганды Љз колдоруна жашырып, ага кимди урууну буйруйт.
33 Анын кєркєрљљсє Љзє жљнєндљ билдирет, жаныбарлар да эмне болуп жатканын сезишет.
1 Бул жљнєндљ ойлогондо, жєрљгєм титиреп, ордунан козголуп кетти.
2 Уккула, Анын єнєн уккула, Анын оозунан чыккан кєркєрљљнє уккула!
3 Анын жањырыгы бєт асманга жањырат, анын жарыгы бєт жер єстєнљ жаркырайт.
4 Анын артынан єн кєркєрљйт. Кудай Љзєнєн улуулугунун єнє менен кєркєрљйт. Анын єнєн эч ким токтотпойт.
5 Кудай Љз єнє менен укмуштуудай кєркєрљп жатат, биздин акылыбыз жетпеген улуу иштерди жасап жатат.
6 Анткени Ал карга: “Жерге тєш!” – деп айтат. Жамгыр да, нљшљр да Анын бийлиги астында.
7 Анын ишин бардык адамдар билиш єчєн, Ал ар бир адамдын колуна мљљр басат.
8 Ошондо айбандар ийиндерине кирип, чээндеринен чыкпай калышат.
9 Тєштєктљн бороон, тєндєктљн ызгаар келет.
10 Кудайдын деминен муз жаралат, суунун єстє тартылат.
11 Ошондой эле Ал булуттарды сууга толтурат, булуттар Анын жарыгын таратышат.
12 Булуттар Анын каалоосу боюнча багыт алып, жер бетинде Анын буйруктарын аткарышат.
13 Ал аларды, же жазалаш єчєн, же жакшылык єчєн, же ырайым кылыш єчєн жиберет.
14 Буга кљњєл бур, Аюб. Токтой тур, Кудайдын укмуш иштерин тєшєн.
15 Кудай аларды кандай жайгаштырганын, Љзєнєн булуттарынын арасынан чагылганды кандай чартылдатарын билесињби?
16 Булуттардын кантип илинип турганын, билимдин Кеменгери жасаган керемет иштерди билесињби?
17 Ал тєштєктєн ысык шамалы менен жерди тынчытканда, кийген кийимињ кандай ысырын билесињби?
18 Сен Аны менен кошо жез кєзгєдљй жаркыраган асманды жайдыњ беле?
19 Бизге Ага эмне деп айтууну єйрљт. Биз бул карањгылыкта эч нерсе тєшєнљ албай жатабыз.
20 Менин айтканым Ага жетет болду бекен? Айтылган сљздєн Ага жеткенин айткан бирљљ бар бекен?
21 Азыр булуттардан кєндєн жарыгы кљрєнбљй жатат, бирок шамал согуп, асманды тазалап кетет.
22 Жаркыроо тєндєктљн келет, Кудайдын тегереги укмуштуудай жарык.
23 Кудай кудуреттєє! Ага биздин акылыбыз жетпейт. Ал кєчє, љкємє жана адилеттєєлєгє менен улуу. Ал эзбейт.
24 Ошондуктан адамдар Анын алдында коркуп турушсун, бардык акылмандар Анын алдында титиреп турушсун!»
1 Тењир бороондун ичинен Аюбга мындай деп жооп берди:
2 «Мааниси жок сљздљрє менен Кудайдын чечимин карањгылаткан бул ким?
3 Эркектей болуп белињди буу, Мен сенден сурайын, сен Мага тєшєндєрєп бер!
4 Мен жердин негизин жаратканда, сен кайда элењ? Айт, эгер билсењ.
5 Анын кљлљмєн ким чектеди? Айт, эгер билсењ. Аны ким жип менен ченеп чыкты?
6 Анын негизи эмненин єстєнљ орнотулган? Же болбосо анын бурчка коюлуучу ташын ким койгон?
7 Тањкы жылдыздардын кубанычтуу ырынын коштоосунда Кудайдын бардык уулдары кубанычтан кыйкырып турганда, сен кайда элењ?
8 Дењиз эненин курсагынан чыккансып чыкканда, аны дарбаза менен ким тосту?
9 Мен ага булутту кийим кылып, мунарыкты жалаяк кылып бергенде, сен кайда элењ?
10 Мен ага чек коюп, дарбаза, кулпу салып:
11 “Ушуга чейин жетесињ, андан ары љтпљйсєњ, текебердєє толкунуњдун чеги ушул жер болот”, – деп айтканда, сен кайда элењ?
12 Сен љз љмєрєњдљ тањга буйрук бердињ беле? Тањ нуруна љз ордун кљрсљттєњ беле?
13 Сен ага тљгљрљктєн тљрт бурчун нурга бљлљ дедињ беле? Жер жєзєнљн мыйзамсыздарды силкип сал дедињ беле?
14 Чопо мљљрдєн астында љзгљрєлгљндљй, жер да љзгљрєлєп, тєрдєє тєстљгє кийимдей болуп калсын дедињ беле?
15 Мыйзамсыздардын чырагы љчсєн дедињ беле? Алардын суук колдору сынсын дедињ беле?
16 Сен дењиздин терењине тєштєњ беле? Тєпкєрдєн тєбєн изилдегени тєштєњ беле?
17 Сен єчєн љлєм дарбазасы ачылды беле? Љлєм кљлљкљсєнєн дарбазасын кљрдєњ беле?
18 Жердин кењдигин карап чыктыњ беле? Эгерде ушулардын бардыгын билсењ, тєшєндєрєп бер.
19 Жарык жашаган жерге барчу жол кайда? Карањгынын турган жери кайда?
20 Анын чегине жеткенињ чын, анын єйєнљ алып баруучу жолду билерињ чын.
21 Сен муну билесињ, анткени сен ошол кезде эле тљрљлгљнсєњ, сен жашаган кєндљрдєн саны љтљ кљп.
22 Сен кар сактагыч кампага кирдињ беле? Мљндєрлљр сакталган казынаны кљрдєњ беле?
23 Мен аларды алаамат кєндљргљ, салгылаш менен кан майдан кєндљрєнљ сактап турам.
24 Жарык кайсы жол менен жайылат? Чыгыш шамалы жер єстєнљн кайсы жол менен љтљт?
25 Суулардын нугун ким буруп турат, чартылдаган чагылгандын жолун ким салып турат?
26 Эл жашабаган жерлерге, адам жашабаган эрме чљлдљргљ ким жамгыр жаадырып жатат?
27 Чљлдљр менен талаалардын суусунун ким кандырып жатат? Ким чљптљрдєн тамырын жибитип, љскљнгљ тєрткє берип жатат?
28 Жамгырдын атасы барбы? Же шєєдєрємдєн тамчыларын ким жаратып жатат?
29 Муз кимдин курсагынан чыгат, асман бубагын ким жаратып жатат?
30 Суулар таштай болуп катат, тєпсєздєктєн єстє тоњот.
31 Сен Ким топ жылдызынын тєйєнєн байлай аласыњбы, Кесил топ жылдызынын тєйєнєн чече аласыњбы?
32 Топ жылдызды љз маалында чыгара аласыњбы? Ашты балдары менен алып жєрљ аласыњбы?
33 Асмандын мыйзамдарын билесињби, жер жєзєнљ анын бийлигин орното аласыњбы?
34 Суу мол болуп, сени капташ єчєн, булуттарга єнєњдє кљтљрљ аласыњбы?
35 Чагылгандарды жибере аласыњбы? Алар сага келип: “Биз мына”, – деп айтышмак беле?
36 Жєрљккљ акылмандыкты ким салды, же болбосо акылга маанини ким берди?
37 Ким љз акылы менен булуттарды санап чыга алат? Ким асман идиштериндеги сууларды токтото алат?
38 Топурак чылага айланып, чоњ кесектер бири-бирине жабышып жатканда, аларды ким токтото алат?
39 Ургаачы арстандын тамагын сен таап берип жатасыњбы? Арстандын балдарын сен тойгузуп жатасыњбы?
40 Алар чээнде жатканда же кљлљкљлєє буктурмада жем ањдып отурганда, тамагын сен камдап берип жатасыњбы?
41 Балапандары тамак таппай кањгып, Кудайга кайрылып чыйпылдап жатканда, каргалардын жемин ким даярдап берип жатат?
1 Сен аскалардагы жапайы эчкилердин тууй турган маалын билесињби? Маралдардын тууп жатканын кљрдєњ беле?
2 Алардын боозуган ай-кєнєн эсептей аласыњбы? Алардын тууй турган маалын билесињби?
3 Алар балдарын тууп, љз жєктљрєн ыргытып жатышканда ийилишет.
4 Алардын балдары кєчкљ кирип, талаада чоњоюп, бљлєнєп кетишет, аларга кайрылып келишпейт.
5 Жапайы эшекти эркин коё берген ким? Жапайы качырды кишенден чыгарган ким?
6 Аларга талааны єй кылып, шор жерди турак кылып берген Менмин.
7 Ал кљп эл жашаган шаарга кєлљт, айдагандардын кыйкырыгын укпайт.
8 Тоолордон жем издейт, ар кандай љсємдєктљрдє издеп табат.
9 Жапайы љгєз сага кызмат кылгысы келеби? Ал сенин малканања тєнљйбє?
10 Жапайы љгєздє аркан менен байлап алып, жер айдай аласыњбы? Аны менен талааны малалай аласыњбы?
11 Кєчтєє деп, ага ишене аласыњбы? Ага љзєњдєн ишињди таштап коё аласыњбы?
12 Ал сенин єрљнєњдє кайрып, кырманыња жыйып берерине ишене аласыњбы?
13 Тоос кушка кооз канатты, тљљ кушка канат менен мамык жєндє сен бердињ беле?
14 Ал жумурткасын жерге таштайт, аларды кумга жылытат.
15 Аларды бирљљнєн буту басып кетерин же жырткыч айбандар тебелеп кетерин унутуп калат.
16 Ал љгљй балдарына мамиле кылгансып, љз балдарына катаал мамиле кылат, мээнетим текке кетет деп коркпойт.
17 Анткени Кудай ага даанышмандык берген эмес, ага акыл да бљлєп берген эмес.
18 Бирок ал бийиктикке кљтљрєлгљндљ, атка да, атчанга да кєлљт.
19 Атка кубат берип, мойнуна жал жапкан сенби?
20 Аны чегирткени коркуткандай коркута аласыњбы? Таноосунан чыккан кошкурук – бир укмуш!
21 Буттары менен жер казып, кєчєнљ сыймыктанат, куралга каршы барат.
22 Ал коркунучка кєлљт, андан коркпойт, кылычтан жалтанбайт.
23 Yстєндљ саадак кагылат, найза менен кыска найза жаркылдайт.
24 Жаалы келип турганда, топурак жутат, сурнай тартылганда, ордунда тура албайт.
25 Сурнай тартылганда, “куу-куу” деп кишенеп турат. Ал салгылашты, жол башчылардын катуу єндљрєн, кыйкырыкты алыстан сезет.
26 Туйгун сенин акылмандыгыњ менен учуп жєрљбє? Канаттарын сенин акылмандыгыњ менен тєштєккљ жайып жатабы?
27 Бєркєт сенин сљзєњ менен асманга кљтљрєлєп, аскага уясын салабы?
28 Ал зоокада жашайт, зооканын кырында, эч ким бара албас жерде тєнљйт.
29 Ошол жактан љзєнєн жемин кљрљт, анын кљздљрє алыстан кљрљт.
30 Анын балапандары кан ичет, љлєк кайсы жерде жатса, ал ошол жерде».
31 Тењир сљзєн улантып, Аюбга мындай деди:
32 «Кудуреттєє Кудай менен талашып-тартышкан адам да єйрљтљбє? Кудайды ашкере кылган адам Ага жооп берсин».
33 Ошондо Аюб Кудайга мындай деп жооп берди:
34 «Мына, мен эч нерсеге арзыбаган адаммын! Мен Сага эмне деп жооп берем? Колум менен оозумду жабам.
35 Мен бир жолу айткан болчумун, эми жооп бербейм, эки жолу айткан болсом да, мындан ары жооп бербейм».
1 Тењир Аюбга бороон ичинен мындай деп жооп берди:
2 «Эркектей болуп белињди буу, Мен сенден сурайын, сен Мага тєшєндєрєп бер.
3 Љзєњдє акташ єчєн, Менин сотумду жокко чыгарып, Мени айыптагыњ келеби?
4 Сенин кєчєњ Кудайдыкындайбы? Ал кєркєрљгљндљй кєркєрљй аласыњбы?
5 Андай болсо љзєњдє улуулук менен, дањаза менен шљкљттљп кљрчє, жаркыраган шаан-шљкљт менен, келишкен кооздук менен курчанып кљрчє.
6 Каарыњдын жаалын чачып кљрчє, текебер болгон бардык нерсени карап, аны моюн сундуруп кљрчє.
7 Менменсингендердин баарын карап, аларды кемсинтип кљрчє, мыйзамсыздарды турган жеринде кыйратып кљрчє.
8 Алардын баарын жерге кљмєп кљрчє, алардын жєзєн карањгылык менен каптап кљрчє.
9 Мен ошондо сени љзєњдєн оњ колуњ куткара алат деп билем.
10 Мына бегемот, Мен аны сени жараткандай эле жараткам. Ал љгєздљй болуп чљп жейт.
11 Анын кєчє белинде, анын кубаттуулугу белинин булчуњунда.
12 Куйругун кедр жыгачындай бурат, белиндеги тарамыштары тутумдашып турат.
13 Анын буттары жез кернейдей, сљљктљрє темир таяктардай.
14 Бул – Кудайдын жолдорунун жеткен чеги. Аны Жараткан гана ага Љз кылычын жакындата алат.
15 Анын тамагын тоолор камдайт, ал жерде бардык жапайы айбандар оюн салып жєрєшљт.
16 Ал саябандуу дарактардын тєбєндљ, калыњ камыштардын арасында, саздарда жатат.
17 Аны саябандуу дарактар кљлљкљсє менен жаап, љзљн боюндагы талдар курчап турат.
18 Мына, ал дарыядан суу ичип жатат, шашпайт, Иордан суусу оозуна кирип жатса да, козголуп койбойт.
19 Аны љзєнєн кљзєнчљ ким кармай алат? Ким анын тумшугун темир илгек менен теше алат?
20 Сен лебийатанды кайырмак менен тартып чыгара аласыњбы? Жип менен тилинен байлай аласыњбы?
21 Анын таноосун тешип чєлєктљй аласыњбы? Жаагын ийне менен теше аласыњбы?
22 Ал сага кљпкљ жалынып турмак беле? Сага жылуу сљздљрдє сєйлљмљк беле?
23 Ал сени менен келишим тєзмљк беле? Аны љзєњљ биротоло кул кыла аласыњбы?
24 Аны менен чымчык менен эрмектешкендей эрмектеше аласыњбы, аны кыздарыњ єчєн байлап бере аласыњбы?
25 Аны балыкчылар сатышат болду бекен? Аны Канаан соодагерлеринин арасында бљлєшљт болду бекен?
26 Анын терисин найза менен теше аласыњбы, башын балыкка ыргыткан дегээ менен сая аласыњбы?
27 Ага кол салып кљрчє! Кєрљш жљнєндљ унутпа, мындан кийин мындай кылбайсыњ.
1 Сенин ємєтєњ бекер, анын бир эле кљз карашынан кулап калбайт бекенсињ?
2 Анын тынчын алганга батынгыдай баатыр жок, анан Менин алдымда ким туруштук берип тура алат?
3 Мен карыз болгудай, Менден мурун бирљљ бар беле? Асман астындагынын бєт бардыгы Меники.
4 Анын дене мєчљлљрє тууралуу, анын кєчє тууралуу, анын тљп келишкен келбети тууралуу унчукпай коё албайм.
5 Ким анын терисин сыйрый алат, ким анын кош жаагына жакындап бара алат?
6 Ким анын оозун ача алат? Анын тегерете тизилген тиштери єрљйдє учурат.
7 Анын сыймыгы – катуу кабырчыгы. Алар бири-бирине бекем жабыштырылган.
8 Алар бири-бирине тийип турат, арасынан аба да љтпљйт.
9 Бири-бирине тыгыз жатат, бири-бирине жармашып турат, ажырабайт.
10 Анын чєчкєрєгєнљн жарык кљрєнљт, анын кљздљрє тањдын кирпиктериндей.
11 Анын оозунан жалын чыгып, от учкундары чачырайт.
12 Кайнап жаткан казандан тєтєн чыккансып, анын таноолорунан тєтєн чыгат.
13 Анын деми кљмєрдє кєйгєзєп кетет, анын оозунан жалын чыгат.
14 Анын мойнунда кєч жатат, анын алдында коркунуч качат.
15 Анын денесинин эт бљлєктљрє љз ара бекем бириккен, козголбойт.
16 Анын жєрљгє таштай катуу, тегирмендин астынкы ташындай катуу.
17 Ал ордунан турганда, балбандарды коркунуч басып, єрљйлљрє учкандыктан, љздљрєн таптакыр жоготуп коюшат.
18 Ага тийген кылыч да, найза да, дегээ да, соот да туруштук бере албайт.
19 Темирди ал саман катары, жезди чириген дарак катары эсептейт.
20 Жаа кызы аны качыра албайт. Салмоор таштары ал єчєн топондой.
21 Чокморду ал бир тал самандай кљрљт, дегээнин ышкырып учканына анын кєлкєсє келет.
22 Анын астында курч таштар жатат, ал баткактагы учтуу таштардын єстєндљ жатат.
23 Ал иримди казандай боркулдатып, дењизди майдай кайнатат.
24 Артына жарык чачкан жол калтырат, ошондо тєпсєздєк агарып калгандай кљрєнљт.
25 Жер єстєндљ ага эч нерсе тењ келе албайт, ал коркпос болуп жаратылган.
26 Бийик тургандардын баарына тайманбай карайт, ал – бардык текебер уулдардын падышасы».
1 Ошондо Аюб Тењирге мындай деп жооп берди:
2 «Сенин баарын жасай аларыњды, Сенин ниетињди эч ким токтото албастыгын билем.
3 Сен: “Эч нерсени тєшєнбљй туруп, Кудайдын чечимин карањгылаткан бул ким?” – деп айттыњ. Ошондуктан мен љзєм тєшєнбљгљн нерселер жљнєндљ, љзєм билбеген кереметтєє иштер жљнєндљ айткам.
4 “Ук, мен сєйлљйєн. Мен сенден сурайын, Сен болсо мага тєшєндєрєп бер”, – дегем.
5 Мен Сен жљнєндљ ушуга чейин кулагым менен уккам, азыр болсо Сени љз кљзєм менен кљрєп турам.
6 Ошондуктан мен мурунку айткан сљздљрємдљн баш тартам, топурак менен кєлгљ отуруп алып љкєнљм».
7 Тењир Аюбга ушул сљздљрдє айткандан кийин, теймандык Элипазга Тењир мындай деди: «Силер Мен жљнєндљ Менин кулум Аюбдай туура сєйлљбљгљнєњљр єчєн, сага жана сенин эки досуња Менин каарым кайнап турат.
8 Ошондуктан жети букачар, жети кочкор алып, Менин кулум Аюбга барып, љзєњљр єчєн курмандык чалгыла. Ошондо Менин кулум Аюб силер єчєн сыйынат. Силер Мен жљнєндљ Менин кулум Аюбдай туура айткан жоксуњар. Ошондуктан силерди жазалабашым єчєн, Мен Аюбду гана кабыл алам».
9 Ошондо теймандык Элипаз, шухтук Билдат, наамалык Сопар барып, Кудай кандай буйруса, ошондой кылышты. Ошондо Тењир Аюбду кабыл алды.
10 Аюб љз достору єчєн Кудайга сыйынгандан кийин, Тењир Аюбдун жоготууларын кайра берди. Тењир Аюбга мурункусунан эки эсе кљп берди.
11 Ошондо ага ага-инилери, эже-карындаштары, мурунку тааныштары келишти, анын єйєндљ аны менен бирге ичип-жеп, кайгы-капасын бљлєшєп, сооротушту, анткени Тењир анын башына кљп азап салган эле. Ар бири ага бирден кесита, бирден алтын шакек берди.
12 Тењир Аюбдун мурунку кєндљрєнљ караганда, акыркы кєндљрєнљ аябай батасын берди. Ал он тљрт мињ майда малдуу, алты мињ тљљлєє, бир мињ жуп љгєздєє, бир мињ ургаачы эшектєє болду.
13 Ал жети уулдуу, єч кыздуу болду.
14 Биринчи кызына Эмима, экинчисине Кетсия, єчєнчєсєнљ Керенапух деген ат койду.
15 Бєт жер жєзєндљ Аюбдун кыздарындай сулуу аялдар болгон жок, атасы аларга бир туугандары менен кошо мурас бљлєп берди.
16 Ошондон кийин Аюб дагы жєз кырк жыл жашады, уулдарын жана уулдарынын уулдарын тљртєнчє тукумуна чейин кљрдє.
17 Ошентип, Аюб картайып, љмєргљ тоюп кљз жумду.