1 Ысрайыл падышасы Дљљттєн уулу Сулаймандын накыл сљздљрє.
2 Бул сљздљр акылмандыкка жетиш єчєн, акыл-насаатты угуш єчєн, накыл кептерди тєшєнєш єчєн,
3 эстєєлєктєн, адилеттєєлєктєн, соттун, чындыктын эрежелерин љздљштєрєш єчєн,
4 жљнљкљйлљргљ зээндєєлєк, жаш жигитке билим жана эстєєлєк бериш єчєн жазылган.
5 Бул сљздљргљ акылман адам кулак тљшљп, билимин арттырат, акылдуу адам акылдуу кењештерди табат.
6 Ошондо ал накыл сљздљрдє, нуска кептерди, даанышмандардын сљздљрєн жана табышмактарын тєшєнљт.
7 Акылмандыктын башталышы – Тењирден коркуу. Акылмандык менен акыл-насаатты акылы жоктор гана жек кљрєшљт.
8 Уулум, атањдын акыл-насаатын ук, энењдин кењешин четке какпа.
9 Анткени бул – башыња кооз таажы, мойнуња мончок.
10 Уулум! Эгерде сени кєнљљкљрлљр азгырса, макул болбо.
11 Эгерде алар мындай дей турган болсо: «Жєр биз менен, киши љлтєрєш єчєн буктурма коёбуз, айыпсыз, таза адамды ањдыйбыз,
12 аларды љлгљндљр жаткан жай жуткансып, тирєєлљй жутуп алабыз, кљргљ тєшкљндљргљ окшотуп, бєкєлє жутуп алабыз.
13 Ар кыл асыл буюмдарды жыйып алабыз, єйлљрєбєздє олжого толтурабыз.
14 Биз менен бирге љкчљмљ таш ыргытасыњ, баарыбыздын казынабыз бир болот!»
15 Уулум! Аларга кошулба, алардын жолуна тєшпљ.
16 Анткени алардын буттары кыянаттык кылууга чуркайт, кан тљгєєгљ шашат.
17 Канаттуулардын кљзєнчљ тор жаюу бекер,
18 алардын канын тљгєш єчєн буктурма коюшат, алардын жанын алыш єчєн ањдып турушат.
19 Бирљљнєн байлыгына кљз арткан ар бир адамдын жолу ушундай болот: тартып алган байлыгы аны љмєрєнљн ажыратат.
20 Акылмандык кљчљлљрдљ жар салып жєрљт, аянттарда угуза сєйлљп жатат,
21 кљп эл чогулган жерлерде жар салып, шаар дарбазасынын кире беришинде мындай деп сєйлљп жатат:
22 «Тєркљйлљр, качанга чейин тєркљйлєктє жакшы кљрљ бересињер? Шылдыњчылдар качанга чейин љздљрєнєн шылдыњдоолоруна маашырлана беришет? Акылсыздар качанга чейин билимди жек кљрєшљт?
23 Мен ашкерелеп жатам, кљњєл бургула: мына, мен силерге љз рухумду тљгљм, љз сљзємдє жарыя кылам.
24 Мен силерди чакырдым, бирок силер укпай койдуњар. Силерге колумду сундум, бирок силер кљњєл бурбай койдуњар.
25 Менин кењештеримдин бардыгын четке кактыњар, ашкере кылганымды кабыл албай койдуњар.
26 Ошон єчєн мен да силердин љлємєњљргљ кєлљм, башыњарга мєшкєл тєшкљндљ сєйєнљм.
27 Силерди коркунуч бороондой каптаганда, кырсык бурганактай басканда, башыњарга кайгы жана кыйынчылык келгенде,
28 мени чакырасыњар, бирок мен силерди укпайм. Мени тањ заардан издейсињер, бирок таппайсыњар.
29 Анткени алар билимди жек кљрєштє, Тењирден коркууну тандап алышкан жок.
30 Менин кењештеримди кабыл алышкан жок, менин ашкере кылганымды жек кљрєштє.
31 Ошон єчєн алар љздљрєнєн жолунун жемиштеринен жешет, љздљрєнєн ойлорунун жемишине тоюшат.
32 Анткени наадандарды љжљрлєгє љлтєрљт, акылсызды камырабастыгы љлтєрљт.
33 Мени уккандар болсо жамандыктан коркпой, коопсуз, бейкапар жашашат».
1 Уулум! Эгерде менин сљздљрємдє кабыл алсањ, менин акыл-насааттарымды сактасањ,
2 кулагыњды акылмандыкка тљшљсљњ, жєрљгєњдє ой жєгєртєєгљ бурсањ,
3 билимди чакырсањ, акылга кайрылсањ,
4 аны кємєш менен кенчти издегендей издесењ,
5 Тењирден коркуу деген эмне экенин тєшєнљсєњ, Кудай жљнєндљгє билимге жетесињ.
6 Анткени акылмандыкты Тењир берет. Анын оозунан билим менен акыл чыгат.
7 Ал адил адамдар єчєн куткарылуу сактайт. Ал – тєз жєргљндљрдєн калканычы.
8 Ал акыйкаттыктын жолдорун сактайт, Ал Љз ыйыктарынын жолун коргойт.
9 Ошондо сен жакшылыкка алып бара турган жолдорду: чындыкты, адилеттикти, чынчылдыкты тєшєнљсєњ.
10 Акылмандык жєрљгєњљ киргенде, билим жаныња жакканда,
11 сени эстєєлєк сактап жєрљт, акыл кайтарып жєрљт,
12 жаман жолдон, жалган айткан адамдан сактайт,
13 карањгылыктын жолунда жєрєш єчєн тєз жолду таштагандардан,
14 жамандык жасап кубангандардан, бузукулук кылып жыргагандардан,
15 жаман жолдо бара жаткандардан, адашып жєргљндљрдљн,
16 башка бирљљнєн аялынан, жылуу сєйлљгљн бљтљн аялдан сактайт.
17 Ал аял жаш чагындагы жолдошун таштаган, Кудайдын келишимин унуткан.
18 Анын єйє љлємгљ жетелейт, анын жолу љлгљндљргљ алып барат.
19 Анын єйєнљ киргендердин бири да кайрылып келбейт, љмєрдєн жолуна тєшпљйт.
20 Андыктан ак ниеттєєлљрдєн жолу менен жєр, адил адамдардын жолун жолдо.
21 Анткени жерде адил адамдар жашашат, жерде бузулбаган ак ниет адамдар љмєр сєрєшљт.
22 Мыйзамсыздар болсо жер єстєнљн жок кылынышат, ишенимсиздер жер єстєнљн тукум курут болушат.
1 Уулум! Менин акыл-насаатымды эсињден чыгарба, жєрљгєњ осуяттарымды сактасын.
2 Анткени алар сага узун љмєр, узак љмєр жаш, тынчтык берет.
3 Сени ырайым менен чындык таштабасын. Буларды мойнуња байлап ал, жєрљгєњдєн лоокторуна жазып ал,
4 ошондо Кудайдын жана адамдардын алдында ырайым жана жакшылык табасыњ.
5 Бєт жєрљгєњ менен Тењирден ємєттљн, љз акылыња таянба.
6 Бардык жолдоруњда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруњду багыттайт.
7 Љзєњдє акылман эсептебе, Тењирден корк, жамандыктан кач.
8 Бул денење саламаттык, сљљгєњљ азык болот.
9 Тењириње мал-мєлкєњ менен, алгачкы кирешењ менен урмат кљрсљт.
10 Ошондо кампаларыњ ашыгы менен данга толот, жєзєм сыгылуучу жайыњдан жањы шарап ашып-ташып тљгєлєп турат.
11 Уулум, Тењирдин жазасын четке какпа, Анын айыбыњды ачканын оор кљрбљ.
12 Анткени Тењир сєйгљн адамын жазалайт, ага атасы уулуна ырайым кылгандай ырайым кылат.
13 Акылмандыкты издеп тапкан, акылга ээ болгон адам бактылуу!
14 Анткени акылга ээ болуу кємєшкљ ээ болуудан артык, анын жемиши алтындан артык.
15 Ал асыл таштардан кымбат. Сен каалагандардын ичинен ага эч нерсе тењ келбейт.
16 Анын оњ колунда – узун љмєр, сол колунда – байлык менен атак-дањк.
17 Анын жолу – жагымдуу жол, анын бардык жолу – бейпилдик.
18 Ага ээ болгондор єчєн ал – љмєр дарагы, аны сактагандар – бактылуу адамдар!
19 Тењир жерди кеменгерлиги менен негиздеген, асманды акылмандыгы менен орноткон.
20 Анын акылмандыгы менен тєпсєз туњгуюктар ачылган, булуттар шєєдєрєм себелейт.
21 Уулум! Булардан кљзєњдє алба, туура ой жєгєртєєнє, эстєєлєктє сакта,
22 алар жаныњ єчєн љмєр, мойнуњ єчєн мончок болот.
23 Ошондо љз жолуњду коркпостон улайсыњ, мєдєрєлбљйсєњ.
24 Жатканыњда коркпойсуњ, уйкуњ таттуу болот.
25 Кєтєлбљгљн коркунучтан, мыйзамсыздардын кол салганынан коркпойсуњ.
26 Анткени Тењир сенин таянычыњ болот, бутуњду тузактан сактайт.
27 Жакшылык кылууга мємкєнчєлєгєњ бар болуп турганда, муктаж болгон адамга жакшылык кылуудан баш тартпа.
28 Жаныњда бар болуп туруп, досуња: «Эртењ кел, эртењ берем», – дебегин.
29 Сени менен капарсыз жашап жаткан жакыныња жамандык кылууну ойлобо.
30 Сага жамандык кылбаган адам менен себепсиз чатакташпа.
31 Зордук-зомбулук кылган адамга кљз артпа, анын жолдорунун бирине да тєшпљ.
32 Анткени бузулган адам Тењирдин алдында жийиркеничтєє, ал эми адил адамдар менен Анын байланышы бар.
33 Тењирдин каргышы мыйзамсыздын єйєнєн єстєндљ, ал эми адил адамдардын єйєнљ Ал батасын берет.
34 Эгерде Ал шылдыњчыл текеберлерди уятка калтырып жатса, анда момундарга ырайым кылат.
35 Акылмандар атак-дањкты, акылсыздар маскарачылыкты мурасташат.
1 Балдар, атањардын акыл-насаатын уккула, акыл-эстєє болуу єчєн кулак салгыла!
2 Анткени мен силерге жакшы сабак бердим. Менин осуяттарымды таштабагыла.
3 Анткени мен да бир кезде атамдын уулу элем, энемдин жалгыз, сєйєктєє уулу элем.
4 Ошондо атам мага акыл єйрљтєп: «Жєрљгєњљ менин сљздљрємдє тутуп ал, осуяттарымды сактап жаша», – деген.
5 Даанышмандыкка ээ бол, акылмандуулукка ээ бол. Муну эсињден чыгарба, менин айткандарымдан четтебе.
6 Менин сљзємдє таштаба, ошондо ал сени сактап жєрљт; аны сєй, ошондо ал сени коргоп жєрљт.
7 Эњ негизгиси – акылмандык. Акылмандыкка ээ бол, бардык мал-мєлкєњ менен акыл-эстєєлєккљ ээ бол.
8 Аны бийик бааласањ, ал сени бийикке кљтљрљт. Эгерде ага жабышсањ, ал сенин дањкыњды чыгарат.
9 Ал сенин башыња эњ сонун гєлчамбар кийгизет, эњ сонун таажыга жеткирет.
10 Кулак сал, уулум, менин сљздљрємдє кабыл ал, ошондо љмєрєњ узарат.
11 Мен сага акылмандыктын жолун кљрсљтєп жатам, тєз жол менен алып бара жатам.
12 Бара жатканыњда жолуњ тарыбайт, чуркап жљнљсљњ мєдєрєлбљйсєњ.
13 Акыл-насааттарды бекем карма, аны таштаба, сактап жєр, анткени ал сенин љмєрєњ.
14 Мыйзамсыздардын жолуна тєшпљ, зулумдардын жолу менен жєрбљ.
15 Ал жолду ташта, ал жол менен баспа, ал жолго жолобо, ал жолдон кыя љт.
16 Анткени алар жамандык кылмайынча укташпайт, бирљљнє кулатмайынча, алардан уйку качат.
17 Анткени алар мыйзамсыздык менен нан таап жешет, уурдалган шарап ичишет.
18 Адил адамдардын жолу – жаркыраган чырак, ал толук жарык киргенге чейин уламдан-улам жаркырай берет.
19 Мыйзамсыздардын жолу – карањгылык, алар эмнеге мєдєрєлљрєн билишпейт.
20 Уулум! Менин сљздљрємљ кулак сал, айткандарыма кулагыњды тљшљ!
21 Алар сенин кљз алдыњдан кетпесин, аларды жєрљгєњдєн тєпкєрєндљ сакта.
22 Анткени ал – аны тапкандар єчєн љмєр, бєт денеси єчєн – саламаттык.
23 Баарынан да, сактай тургандардан жєрљгєњдє сакта, анткени љмєрдєн булагы анда.
24 Калп айтуудан баш тарт, анткорлонуп сєйлљљдљн кач.
25 Кљзєњ тєз карасын, кљз карашыњ тєз болсун.
26 Басар жолуњду ойлонуп бас, ошондо сенин бєт жолуњ бекем болот.
27 Оњго да, солго да бурулба, бутуњду жаман жолдон алыс кыл.
1-2 Уулум! Акыл-эстєє болушуњ єчєн, оозуњда билим болушу єчєн, менин даанышмандык менен айткан сљздљрємљ кулак сал, акылмандык менен айткан сљздљрємљ кулак тљшљ.
3 Анткени башка бирљљнєн аялы тилинен бал тамызып сєйлљйт, сєйлљгљн сљздљрє зайтун майынан да жумшак.
4 Бирок анын акыры эрмендей ачуу, эки миздєє кылычтай курч.
5 Анын буту љлємгљ алып барат, таманы љлгљндљр жаткан жайга тєшєрљт.
6 Эгерде сен анын баскан жолун билгињ келсе, анын жолдору туруктуу эмес, ошондуктан сен аларды биле албайсыњ.
7 Ошондуктан, балдарым, мени уккула, менин оозумдан чыккан сљздљрдљн четтебегиле.
8 Ал аялдан алыс жєр, анын єйєнєн эшигине жакын барба,
9 болбосо ден соолугуњду башкаларга алдырасыњ, љмєрєњдє кыйноочуга бересињ,
10 кєчєњљ башка бирљљлљр тоёт, эмгегињ башка бирљљнєн єйєнљ кетет.
11 Дене-мєчљњ кєч-кубаттан ажыраганда, онтоп,
12 мындай деп айтасыњ: «Эмне єчєн мен акыл-насаатты жек кљрдєм экен, эмне єчєн жєрљгєм ашкерелљљнє капарына албады экен?
13 Эмне єчєн устаттарымдын єнєн укпадым экен, эмне єчєн насаатчыларыма кулак тљшљбљдєм экен?
14 Аз жерден элдин жана коомдун арасында ар кандай жамандыкка дуушар болуп кала жаздадым».
15 Љз кљлмљњдљгє, љз кудугуњдагы суудан ич.
16 Булактарыњ кљчљгљ, агын сууларыњ аянттарга акпасын.
17 Алар жат кишиге эмес, бир гана сага таандык болсун.
18 Булагыњ баталуу болсун. Жаш кезде алган,
19 маралдай сєйкємдєє, жейрендей сулуу аялыњ менен кубан. Анын тљшє сени ар дайым канааттандырсын, анын махабаты менен дайыма ыракаттан.
20 Уулум, башка бирљљнєн аялына кызыгып, башка бирљљнєн аялынын тљшєн кучактап эмне кыласыњ?
21 Адамдын жолдору Тењирдин кљз алдында, Ал анын ар бир кадамын ченеп турат.
22 Мыйзамсыз адамды љзєнєн мыйзамсыздыгы тузакка тєшєрљт, ал љз кєнљљсєнєн торунда камалып турат.
23 Ал акыл-насааттын жетишсиздигинен љлљт, акылсыздыгынын кљптєгєнљн жок болот.
1 Уулум! Эгерде жакыныња кепил болуп, башка бирљљ єчєн кол берсењ,
2 анда сен оозуњдан чыккан сљзєњ менен љзєњдє чырмап алдыњ, љз оозуњдан чыккан сљздљрєњ менен кармалдыњ.
3 Уулум, мындай кыл: љзєњдє куткар, анткени сен жакыныњдын колуна тєшєп калдыњ, бар, бутуна жыгыл, жакыныња жалынып-жалбар.
4 Кљзєњдє ирмебе, кирпик какпа.
5 Мергенчинин колунан кутулган жейрендей, кушчунун колунан кутулган куштай кутул.
6 Жалкоо, кумурскаларды кара, алардын иш-аракетин кљр, анан акылыња кел.
7 Алардын башчысы да, кљзљмљлчєсє да, љкємдары да жок.
8 Бирок алар љздљрєнєн нанын жайында камдап алышат, љздљрєнєн азыгын оруу-жыюу маалында жыйнап алышат.
9 Жалкоо, качанга чейин уктай бересињ, качан ойгоносуњ?
10 Бир аз уктай турсањ, колуњду бооруња алып, єргєлљп, бир аз жата турсањ,
11 жакырлыгыњ жолоочудай, муктаждыгыњ каракчыдай кирип келет.
12 Анткор, мыйзамсыз адам жалган сєйлљйт.
13 Кљзєн кысат, буту менен сєйлљп, манжалары менен белги берет.
14 Анын жєрљгєндљ жєзє каралык, качан болбосун, ойлогону жамандык, арага чагым салат.
15 Ошон єчєн ал кєтєлбљгљн жерден љлљт, капыстан талкаланат, айыкпас дартка чалдыгат.
16 Тењир жек кљргљн алты нерсе, атєгєл, Анын жанына жийиркеничтєє болгон жети нерсе:
17 менменсинген кљздљр, жалган тил, жазыксыз адамдын канын тљккљн кол,
18 жамандык ойлогон жєрљк, кыянаттык кылганга тез чуркаган буттар,
19 жалган жалаа жапкан жалган кєбљ, бир туугандардын ортосуна от жаккандар.
20 Уулум! Атањдын осуяттарын сакта, энењдин акыл-насаатын четке какпа.
21 Аларды жєрљгєњљ тєбљлєккљ байлап ал, мойнуња тегерете байлап ал.
22 Жолго чыкканыњда, алар сени жетектейт, уктап жатканыњда кайтарат, ойгонгонуњда сени менен маектешет.
23 Анткени осуят – чырак, акыл-насаат – жарык, насыятты єйрљнєє – љмєргљ жол.
24 Алар сени бузулган аялдан, башка бирљљнєн аялынын жасакерленип сєйлљгљн сљзєнљн сактайт.
25 Жєрљгєњдљ анын сулуулугун каалаба, ал сени кирпиги менен љзєнљ тартып кетпесин.
26 Анткени бузулган аялдын айынан адам бир сындырым нанга жетпей калат, бирљљнєн аялы кымбат жанды торго тєшєрљт.
27 Ким кљйнљгєн кєйгєзбљй, отту колтугуна катып жєрљ алат?
28 Ким бутун кєйгєзбљй, кєйєп турган чоктун єстєнљн басып жєрљ алат?
29 Жакынынын аялына кирген адам ошондой болот, ага жакындаган адам кєнљљгљ батпай койбойт.
30 Курсагын тойгузуш єчєн, ачкалыктын айынан ууруга кирген кишини жек кљрєшпљйбє?
31 Ал кармалганда, жети эселеп тљлљп берет, єйєндљгє бардык мал-мєлкєн берет.
32 Ал эми бирљљнєн аялы менен ойноштук кылган адамдын акылы жок, мындай кылган адам љз жанын љлтєрљт.
33 Ал токмок да жейт, абийири да кетет, маскара болгону унутулбайт.
34 Анткени кызганчаактык – кєйљљсєнєн каары, ал љч алган кєнє аябайт.
35 Эч кандай кун кабыл албайт, канчалык белек берсењ да канагаттанбайт.
1 Уулум! Менин сљздљрємдє сакта, осуяттарымды катып ал.
2 Менин осуяттарымды сакта жана жаша, менин акыл-насааттарымды кљзєњдєн карегиндей сакта.
3 Аларды колуња байлап ал, жєрљгєњдєн лоокторуна жазып ал.
4 Акылмандыкка: «Сен менин карындашымсыњ», – де, акылга: «Сен менин бир тууганымсыњ», – де.
5 Булар сени башка бирљљнєн аялынан, жылуу сєйлљгљн бљтљн аялдан сактайт.
6 Бир кєнє мен єйємдєн терезесинен, тордон карап турдум.
7 Ошондо тажрыйбасыз жаштар арасынан акылсыз жаш уланды кљрєп калдым.
8 Ал бузулган аял турган бурчтун жанындагы аянттан љтєп, ошол аялдын єйєнљ барчу жолдо бара жатты.
9 Ал убак кєн батып, кєєгєм кирип, карањгы боло баштаган убак эле.
10 Мына ошондо анын алдынан бузулган аялдын кийимин кийген, амалкљй,
11 чуулгандуу, жєгљнсєз бир аял чыкты, ал єйєндљ турбайт.
12 Ал бирде кљчљдљ, бирде аянтта, ар кайсы бурчта туруп алып, тузак тартат.
13 Ал жаш уланды кармап алып љљп, уялбастан ага мындай деди:
14 «Мен тынчтык курмандыгын чалдым, берген убадаларымды бєгєн аткардым.
15 Ошондуктан сени тосуп чыктым, сени издеп чыгып таап алдым.
16 Килемдерди, Мисирдин тєркєн тєстєє кездемелерин тљшљп, тљшљк салдым.
17 Уктоочу бљлмљмдє смирна, алой жана корица менен ањкытып койдум.
18 Yйгљ кир, тањ атканча эркелешип, сєйєєгљ ыракаттанабыз.
19 Анткени кєйљљм єйдљ жок, ал узак сапарга кеткен.
20 Кємєшкљ толгон капчыгын ала кеткен, єйгљ ай толгон кєнє келет».
21 Ал жаш уланды кљптљгљн жылуу сљздљр менен азгырып, жылуу жумшак сєйлљп, бийлеп алды.
22 Ошол замат жаш улан союларын билбеген љгєздљй болуп, боорун жебе тешип кетерин, атыларын билбеген бугудай болуп, аялдын артынан жљнљдє.
23 Ал куштай болуп, торго жулунат, тор анын љлємє єчєн жайылганын билбейт.
24 Ошентип, балдарым, мага кулак салгыла, менин сљздљрємљ кљњєл бургула.
25 Жєрљгєњ ал аялдын жолуна бурулбасын, анын жолуна тєшєп адашпагын.
26 Анткени ал аял далайларды жарадар кылып кулаткан, кљптљгљн кєчтєє адамдар ал аялдын колунан љлєшкљн.
27 Анын єйє – љлємдєн ички бљлмљлљрєнљ тєшєрљ турган, љлгљндљр жаткан жайга алып барчу жол.
1 Акылмандык чакырып жаткан жокпу? Акыл єнєн бийик чыгарып жаткан жокпу?
2 Ал бийик жерлерге, жолдорго, жол тоомдоруна туруп алып чакырып жатат.
3 Ал шаардын дарбазасынын жанына, шаардын кире беришине туруп алып чакырып жатат:
4 «Адамдар, мен силерге чакырык салып жатам. Менин єнєм адам баласына!
5 Эси жоктор, эстєє болгула, акылы жоктор, акылдуу болгула!
6 Уккула, анткени мен маанилєє сљз айтам, менин оозумдан чыккан сљз чындык.
7 Анткени менин тилим чындыкты сєйлљйт, жаман сљздљрдє сєйлљгљндљн оозум жийиркенет.
8 Менин оозумдан чыккан сљздєн бардыгы адилет, анда жалган да, анткорлук да жок.
9 Булардын бардыгы акылдуулар єчєн айкын, билимге ээ болгондор єчєн адилет.
10 Кємєштє эмес, менин окутуумду кабыл алгыла, тандамал алтындан билим артык.
11 Анткени акылмандык берметтен артык, ага адам каалаган нерселердин эч бири тењ келбейт.
12 Мен, акылмандык, акыл менен чогуу жашайм, туура билимди издейм.
13 Тењирден коркуу – жамандыкты жек кљрєє. Текебердикти, менменсингендикти, кыянат жолду, жалган оозду мен жек кљрљм.
14 Менде кењеш менен чындык бар; мен акылмын, менде кєч бар.
15 Падышалар менин жардамым менен бийлик кылышат, љкємдарлар менин жардамым менен чындыктын негизинде мыйзам чыгарышат.
16 Башчылар да, тљрљлљр да, жер жєзєндљгє башкаруучулар да менин жардамым менен башкарышат.
17 Мени сєйгљндљрдє мен да сєйљм, мени издегендер мени табышат.
18 Байлык да, дањк да, жок болбой турган казына да, чындык да менде.
19 Менин жемишим алтындан, эњ таза алтындан артык, тандамал кємєшкљ караганда менден пайда кљп.
20 Мен чындыктын жолу менен, адилеттиктин жолу менен жєрљм.
21 Мени сєйгљндљрдє чыныгы байлыкка жеткирем, алардын казыналарын толтурам.
22 Тењир мени Љзєнєн жолунун башталышында эле, бардыгын жарата электен мурун эле, эзелки убакта эле жараткан.
23 Мен кылымдар мурун эле, башында эле, жер жаратыла электен мурун эле майлангам.
24 Мен тєпсєз туњгуюктар жарала электе эле, суусу мол булактар жарала электе эле тљрљлгљм.
25 Мен тоолор орнотула электе эле, адырлар жаратыла электе эле тљрљлгљм.
26 Тењир жерди да, талааларды да, ааламдын алгачкы чањчаларын да жарата электе эле тљрљлгљм.
27 Тењир асманды даярдай баштаганда, мен ошол жерде болчумун. Ал тєпсєз туњгуюктардын єстєнљн тегерете сызык жєргєзєп жатканда,
28 асманга булуттарды орнотуп жатканда, тєпсєз туњгуюк булактарын бекемдеп жатканда,
29 суулар чегинен ашып кетпесин деп, дењизге мыйзам берип жатканда, жердин негизин орнотуп жатканда,
30 мен Анын жанында сєрљтчє болчумун. Ар кєнє Анын кубанычы болчумун, Анын алдында ар дайым кубанып турчумун.
31 Анын жараткан жер шарында кубанып турчумун, менин кубанычым адам баласы менен бирге болгон.
32 Ошентип, балдарым, мени уккула. Менин жолумду сактагандар бактылуу!
33 Акыл-насааттарды угуп, акылдуу болгула, четке какпагыла.
34 Ар кєнє менин дарбазамдын жанында сергек болуп, эшигимдин алдында сакчылыкта туруп, мени уккан адам бактылуу!
35 Анткени мени тапкан адам љмєрдє тапты, ал Тењирден ырайым табат.
36 Ал эми мага каршы кєнљљ кылган адам љз жанына зыян келтирет, мени жек кљргљндљрдєн бардыгы љлємдє жакшы кљрєшљт».
1 Акылмандык љзєнљ єй куруп, анын жети мамысын жонуп жылмалады,
2 курмандык мууздап, шарап ачытып, љзєнљ дасторкон даярдады.
3 Љзєнєн кулдарын шаардын бийик жерлеринен жар салууга жљнљттє:
4 «Ким акылсыз болсо, бул жакка кайрылсын». Кем акылга ал мындай деди:
5 «Келгиле, менин нанымды жегиле, мен ачытып койгон шарапты ичкиле!
6 Акылсыздыкты таштагыла, жашагыла, акылдын жолу менен жєргєлљ».
7 Шылдыњчыл адамды єйрљткљн жаманаттыга калат, мыйзамсыз адамды ашкерелеген љз бетине кљљ жабат.
8 Шылдыњчыл адамды ашкерелебе, болбосо ал сени жек кљрєп калат, акылдуу адамды ашкереле, ал сени жакшы кљрєп калат.
9 Акылдуу адамга акыл-насаат айтсањ, ал ого бетер акылдуу болот, адил адамды єйрљтсљњ, ал билимин дагы арбытат.
10 Акылмандыктын башталышы – Тењирден коркуу, ыйык Кудайды таанып билєє – акыл.
11 Анткени мен аркылуу љмєрєњ узарат, љмєрєњљ љмєр кошулат.
12 Акылдуу болсоњ, љзєњ єчєн акылдуусуњ; шылдыњчыл болсоњ, азабын љзєњ тартасыњ.
13 Ойлонуп иш кылбаган, чуулгандуу, акылсыз, эч нерсе билбеген аял
14 љзєнєн єйєнєн эшигинин алдындагы отургучка, шаардын бийик жерлерине отуруп алып,
15 жолдон љтєп бара жаткандарды, љз жолу менен тєз бара жаткандарды чакырып:
16 «Ким акылсыз болсо, бул жакка кайрылсын», – дейт, анан кем акыл адамга мындай деп айтат:
17 «Уурдап ичкен суу таттуу болот, катып жеген нан даамдуу болот».
18 Ал адам бул аялдын єйє љлгљндљр жаткан жай экенин, анын љтєнєп чакырып алган адамдары љлгљндљр жаткан жайдын тєбєндљ экенин билбейт.
1 Сулаймандын накыл сљздљрє. Акылдуу уул атасын кубантат, акылсыз уул – энесинин кайгысы.
2 Жалган жолдор менен табылган байлык пайда алып келбейт, адилдик болсо љлємдљн куткарат.
3 Тењир адил адамга ачкачылыктын азабын тартууга жол бербейт, мыйзамсыздын жыйып алганын алып ыргытат.
4 Эринчээк кол жарды кылат, аракетчил кол байытат.
5 Жайында тєшєм жыйган уул – акылдуу уул, оруу-жыюу маалында уктап жаткан уул – уятка калтырчу уул.
6 Адил адам батага ээ болот, мыйзамсыздардын оозу зомбулукту жаап-жашырат.
7 Адил адам алкоо менен эскерилет, мыйзамсыздардын аты љчљт.
8 Жєрљгє акылдуу адам осуяттарды кабыл алат, акылсыз адам оозунан жањылып жыгылат.
9 Тєз жєргљн адам коопсуз жашайт, ал эми тєз жолдон чыккан адам жазаланат.
10 Кљзєн ымдаган адам бирљљнє ыза кылат, ал эми акылсыз адам оозунан жањылып жыгылат.
11 Адил адамдын оозу – љмєр булагы, ал эми мыйзамсыздардын оозу зулумдукту жаап-жашырат.
12 Жек кљрєє жањжал чыгарат, ал эми сєйєє бардык кєнљљнє жабат.
13 Акылдуунун оозунда акыл бар, ал эми акылсыздын денесинен таяк кетпейт.
14 Акылдуулар билимди сакташат, акылсыздардын оозу – тез келєєчє љлєм.
15 Байдын мєлкє – љзєнљ чептєє шаар, жакырлардын кайгысы – љздљрєнєн начар турмушу.
16 Адил адамдын эмгеги љмєргљ ээ кылат, мыйзамсыздын ийгилиги кєнљљгљ алып барат.
17 Акыл-насаатты сактаган адам љмєр жолунда, акыл-насааттан баш тарткан адам адашып жєрљт.
18 Жек кљрєєсєн жашырган адамдын оозу жалган. Ушак тараткан адам – акылсыз адам.
19 Кљп сєйлљгљн адам кєнљљгљ батпай койбойт. Тилин тыйган адам – акылдуу адам.
20 Адил адамдын тили – тандамал кємєш, мыйзамсыздын жєрљгє эч нерсеге арзыбайт.
21 Адил адамдын сљзє кљптє багат, акылсыздар акыл жетишпегенден љлєшљт.
22 Тењирдин батасы байытат, љзє менен кошо кайгы алып келбейт.
23 Акылсыз адамга кылмыш кылуу – оюн-тамаша, ал эми акылдуу адамга акыл таандык.
24 Мыйзамсыз эмнеден корксо, анын башына ошол тєшљт, ал эми адил адамдын тилеги аткарылат.
25 Мыйзамсыз адам куюн учургандай жок болот, ал эми адил адам тєбљлєк негизде турат.
26 Тишке уксус кандай болсо, кљзгљ тєтєн кандай болсо, жалкоону жумшаган адамга жалкоо да ошондой.
27 Кудайдан коркуу љмєрдє узартат, ал эми мыйзамсыздардын љмєрє кыскарат.
28 Адил адамдарды кубаныч кєтєп турат, мыйзамсыздардын ємєтє таш кабат.
29 Тењирдин жолу – кемчиликсиз адамдар єчєн чеп, мыйзамсыздар єчєн коркунуч.
30 Адил адам тєбљлєккљ олку-солку болбойт, мыйзамсыздар болсо жер єстєндљ калышпайт.
31 Адил адамдын оозунан акылдуу сљз чыгат, ал эми алдамчы тил кесилет.
32 Адил адам орундуу сєйлљгљндє билет, ал эми мыйзамсыздын оозунан ыпылас сљз чыгат.
1 Туура эмес тараза Тењирдин алдында жийиркеничтєє, туура тараза Ага жагат.
2 Текебердик келгенде, маскаралык да келет, ал эми момундарда акылмандык.
3 Куулугу жок адамдарды чынчылдыгы жетектейт, ал эми жєзє караларды амалкљйлєгє љлтєрљт.
4 Каар тљгєлљ турган кєнє байлык жардам бербейт, ал эми адилдик љлємдљн куткарат.
5 Кемчиликсиз адамдын жолун љзєнєн адилдиги тєздљйт, ал эми мыйзамсыз адам љзєнєн мыйзамсыздыгынын айынан кулайт.
6 Куулугу жок адамдарды љздљрєнєн адилдиги куткарат, ал эми мыйзамсыздар љздљрєнєн мыйзамсыздыгы менен торго тєшєшљт.
7 Кєнљљкљр адамдын ємєтє љзє менен кошо жоголот, мыйзамсыздардын ємєтє жок болот.
8 Адил адам кырсыктан кутулат, анын ордуна мыйзамсыз тутулат.
9 Эки жєздєє љз жакынын тили менен љлтєрљт, ал эми адил адамдар кыраакылыгы менен кутулушат.
10 Адил адамдар жакшы жашап жатканда, шаар кубанат; мыйзамсыз адамдар љлгљндљ, майрам болот.
11 Адил адамдардын батасы менен шаар гєлдљйт, ал эми мыйзамсыздардын тили менен шаар талкаланат.
12 Кем акыл жакынына жек кљрљрєн айтат, ал эми акылдуу адам унчукпайт.
13 Сљз ташыган адам жашыруун сырды ачат, ал эми ишенимдєє киши ичинде сактайт.
14 Туура кењештин жоктугунан элдин абалы начарлайт, кењешчилер кљп болсо, эл куткарылат.
15 Бирљљнєн милдетин мойнуна алган адам љзєнљ љзє жамандык кылат, ал эми кепилдикти жек кљргљн адам коопсуз болот.
16 Адептєє аял дањкка ээ болот, ал эми эмгекти сєйгљндљр байлыкка ээ болушат.
17 Кайрымдуу адам љз жанына жакшылык кылат, ал эми таш боор адам љз денесин кыйратат.
18 Мыйзамсыз адам жалган жол менен пайда табат, ал эми чындыкты сепкен адам чыныгы белек алат.
19 Адилдик љмєргљ ээ кылат, ал эми жамандыкка умтулган адам љлємгљ умтулат.
20 Жєрљгє бузук адамдар Тењирдин алдында жийиркеничтєє, ал эми кемчиликсиз жашагандар Ага жагат.
21 Бузуку адам жазаланбай калбайт деп, кепилге љтєєгљ болот, ал эми адил адамдардын тукуму куткарылат.
22 Сулуу, бирок акылсыз аял мурдуна алтын шакек тагылган чочкодой.
23 Адил адамдардын каалаганы – жалањ жакшылык, мыйзамсыздарды каар кєтєп турат.
24 Бирљљ мол себет, аныкына дагы кошулат; экинчи бирљљ ашкере єнљмчєл, ошого карабастан жакырдана берет.
25 Кайрымдуу жан ток болот. Бирљљнєн суусунун кандырган адамдын да суусуну кандырылат.
26 Данды кампасына катып алган адам элдин каргышына калат, ал эми саткан адамдын єстєндљ бата болот.
27 Жакшылыкка умтулган адам жакшылык табат, жамандык издеген адамга жамандык келет.
28 Байлыгына таянган адам кулайт, ал эми адил адамдар жалбырактай кљгљрєшљт.
29 Yйєн бузган адам энчисине шамал алат, акылсыз адам жєрљгє акылдуу адамга кул болот.
30 Адил адамдын жемиши – љмєр дарагы, акылдуу адам адамдарды љзєнљ тартат.
31 Ошентип, адил адамга жер єстєндљ љз тиешеси берилсе, андан бетер мыйзамсызга да, кєнљљкљргљ да љз тиешеси берилет.
1 Акыл-насаатты сєйгљн адам билимди сєйљт, ал эми ашкерелљљнє жек кљргљн адам акылсыз.
2 Жакшы адам Тењирден ырайым табат, ал эми жаман ойлуу адамды Тењир жазалайт.
3 Адам љзєн мыйзамсыздык менен бекемдей албайт, ал эми адил адамдын тамыры ордунан козголбойт.
4 Жакшы аял – кєйљљсєнєн таажысы, ал эми абийирсиз аял – сљљктљгє ирињ.
5 Адил адамдардын ойлогону – акыйкаттык, ал эми мыйзамсыздардын ойлогону – жамандык.
6 Мыйзамсыздардын тили – кан тљгєє єчєн коюлган буктурма, ал эми адил адамдарды љздљрєнєн оозу куткарат.
7 Мыйзамсыздар кырсык басары менен жок болушат, ал эми адил адамдардын єйє тура берет.
8 Адамды акылына жараша макташат, ал эми жєрљгє бузук адам жек кљрєндє болот.
9 Нанга муктаж болуп туруп, љзєн кљрєнєктєє адам кылып кљрсљткљнгљ караганда, љзє єчєн эмгектенген жљнљкљй адам артык.
10 Адил адам малы єчєн да кам кљрљт, мыйзамсыз адамдар болсо таш боор.
11 Љз жерин иштеткен адам нанга тоёт, ал эми бекерчиликти сєйгљндљрдє туураган адам кем акыл.
12 Мыйзамсыз адам адил адамды жамандыктын торуна тєшєргєсє келет, бирок адил адамдын тамыры бекем.
13 Мыйзамсыз адам љз оозунун кєнљљлљрє менен торго тєшљт, ал эми адил адам жамандыктан кутулат.
14 Адил адам љз оозунун жемишинен жакшылыкка тоёт, адам љзєнєн кылган ишине жараша тиешесин алат.
15 Акылсыз адамга љзєнєн жолу тєз кљрєнљт, ал эми кењеш уккан адам акылдуу.
16 Акылсыз адамдын ачуусу дароо эле сыртка чыгат, ал эми акылдуу адам ызасын сыртка чыгарбайт.
17 Билгенин айткан адам чындыкты айтат, ал эми жалган кєбљнєн айтканы жалган.
18 Мањызсыз сєйлљгљн адам кылыч менен жаралагандай жаралайт, ал эми акылдуу адамдардын тили сакайтат.
19 Адил адамдын тили тєбљлєк жашайт, ал эми алдамчынын тили кљз ирмемге эле жашайт.
20 Кара ниеттин жєрљгєндљ – жаман ой, тынчтык орнотуучулардын жєрљгєндљ – кубаныч.
21 Адил адам эч жамандык кљрбљйт, мыйзамсыздар болсо кљп жамандык кљрєшљт.
22 Жалган сєйлљгљн тил Тењирдин алдында жийиркеничтєє, ал эми чындыкты сєйлљгљндљр Ага жагат.
23 Акыл-эстєє адам билимин жашырат, ал эми акылсыздын акылсыздыгын љзєнєн жєрљгє кљрсљтєп турат.
24 Аракетчилдердин колу башкарат, ал эми жалкоонун колу салык тљлљйт.
25 Жєрљгєндљгє санаа адамдын кљњєлєн чљктєрљт, ал эми жылуу сљз аны кубантат.
26 Адил адам жакынына жол кљрсљтљт, ал эми мыйзамсыздын жолу аларды адаштырат.
27 Жалкоо адам љзєнєн илбээсинин бышырып жегенден эринет, ал эми аракетчил адамдын мєлкє баалуу.
28 Чындыктын жолунда љмєр бар, анын жолунда љлєм жок.
1 Акылдуу уул атасынын акыл-насаатын угат, ал эми ээ-жаа бербеген уул айыбын ачкандарды укпайт.
2 Адам љз оозунун жемишинен жакшылык кљрљт, ал эми мыйзамды бузгандардын жаны жамандык кљрљт.
3 Тилин тыйган адам жанын сактайт, ал эми оозун чоњ ачкан адам кыйынчылыкка дуушар болот.
4 Жалкоо эњсейт, бирок эњсегени бекер, ал эми аракетчил адамдар тоюшат.
5 Адил адам жалган сљздє жек кљрљт, ал эми мыйзамсыз адам љз абийирин љзє тљгєп, љзєн љзє маскара кылат.
6 Кемчиликсиз адамды чындык сактайт, ал эми кєнљљкљрдє мыйзамсыздыгы љлтєрљт.
7 Бирљљ эч нерсеси жок болсо да, љзєн бай кљрсљтљт. Экинчи бирљљ байлыгы ашып-ташып турса да, љзєн бечара кљрсљтљт.
8 Адам байлыгы менен љз љмєрєн сатып алат, ал эми жардыны эч ким коркутпайт.
9 Адил адамдардын жарыгы жаркырап турат, мыйзамсыздардын чырагы болсо љчљт.
10 Менменсинєєдљн чыр чыгат, ал эми кењешкендерде акыл бар.
11 Оњой жол менен табылган байлык тез жок болот, ал эми мээнет менен жыйнаган адам байлыгын арттырат.
12 Кљпкљ чейин ишке ашпаган ємєт жєрљктє кыйнайт, ал эми ишке ашкан ємєт – љмєр дарагы.
13 Кудайдын сљзєн этибар албаган адам љзєнљ зыян келтирет, ал эми осуяттан корккон адам тиешесин алат.
14 Акылдуунун окутуусу – љлємдєн торунан сактап кала турган љмєр булагы.
15 Жакшы акыл жакшы нерсеге жеткирет, ал эми мыйзамсыздардын жолу катаал.
16 Ар бир эстєє адам акыл менен иш кылат, ал эми акылсыз адам љзєнєн акылсыздыгын кљрсљтљт.
17 Жаман элчи кырсыкка кабылат, ал эми ишенимдєє элчи куткарат.
18 Єйрљнєєдљн баш тарткан адамды жакырлык менен маскарачылык кєтєп турат, ал эми акыл-насаатты сактаган адам урматка ээ болот.
19 Ишке ашкан тилек жанга жагымдуу, ал эми жамандыктан четтљљ – акылсыздар єчєн чыдагыс нерсе.
20 Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат.
21 Кєнљљкљрлљрдє жамандык ээрчип жєрљт, ал эми адил адамдар жакшылык кљрєшљт.
22 Жакшы адам неберелерине да мурас калтырат, ал эми кєнљљкљрдєн байлыгы адил адам єчєн сакталат.
23 Жардылардын талаасында да мол тєшєм болот, бирок кээ бир адамдар баш аламандыктан љлєп жатышат.
24 Чыбык аяган адам уулун жек кљрљт, ал эми уулун сєйгљн адам аны бала чагынан жазалайт.
25 Адил адам тамакты тойгончо жейт, ал эми мыйзамсыз адамдардын карды ач болот.
1 Акылдуу аял єйєн курат, ал эми акылы жок аял аны љз колу менен бузат.
2 Тєз жол менен бара жаткандар Тењирден коркушат, ал эми кимдин жолу тєз эмес болсо, ал Тењирди тоотпойт.
3 Акылсыздын тили – текебердиктин камчысы, ал эми акылдууларды тили сактайт.
4 Бука жок жерде акыр бош, ал эми мол киреше букалардын кєчєнљн.
5 Ишенимдєє кєбљ калп айтпайт, ал эми жалган кєбљ кљп жалаа жабат.
6 Шылдыњчыл адам акылмандыкты издейт, бирок таба албайт, ал эми акылдуу адамга билим алуу оњой.
7 Акылсыз адамдан кач, анын оозунан акылдуу сљз чыкпайт.
8 Акылдуу адамдын акылдуулугу – љз жолун билгендиги, акылсыз адамдардын акылсыздыгы болсо – адашуу.
9 Акылсыз адамдар кєнљљгљ кєлєшљт, ал эми адил адамдардын арасында ынтымак.
10 Жєрљк љз жанынын кайгысын билет, анын кубанычын бљлљк бирљљ бљлєшљ албайт.
11 Мыйзамсыздардын єйє бєлгєнгљ учурайт, ал эми адил адамдардын єйє гєлдљйт.
12 Адамга тєз кљрєнгљн жолдор бар, бирок алардын акыры – љлємгљ алып баруучу жол.
13 Кєлєп жаткан адамдын да жєрљгє ооруйт, кээде кубанычтын аягы кайгы менен бєтљт.
14 Жєрљгє бузук адам љз жолунун жемишине тоёт, жєрљгє таза адам да љз жолунун жемишине тоёт.
15 Акылсыз адам ар бир сљзгљ ишене берет, ал эми акылдуу адам љз жолун байкап жєрљт.
16 Акылдуу адам Кудайдан коркуп, жамандыктан качат, ал эми акылсыз адам ачуулуу, љзєнљ љзє ишенген адам болот.
17 Ачуусу чукул адам акылсыздык кылышы мємкєн, ал эми атайылап кыянаттык кылган адам жек кљрєндє болот.
18 Тєркљй адамдар энчисине акылсыздыкты алышат, ал эми акылдуу адамдар билим менен сыйланышат.
19 Кара ниет адамдар ак ниет адамдарга, мыйзамсыз адамдар адил адамдардын дарбазасынын алдында таазим кылышат.
20 Жакыр љз жакындарына да жек кљрєндє болот, ал эми бай кишинин достору кљп.
21 Љз жакынын жек кљрєп жаткан адам кєнљљ кылып жатат, ал эми жакырга кайрымдуу болгон адам бактылуу.
22 Жамандык кылууну ойлоп жаткандар адашып жатышкан жокпу? Ал эми жакшылык кылууну ойлогон адамдарда ырайым, ишеним бар.
23 Ар бир эмгектен киреше кирет, ал эми мањызсыз сљз зыянга гана учуратат.
24 Акылдуу адамдардын таажысы – љздљрєнєн байлыгы, ал эми тєркљй адамдардын таажысы – љздљрєнєн акылсыздыгы.
25 Ишенимдєє кєбљ адамдарды куткарат, ал эми жалган кєбљ жалаа жабат.
26 Тењирден коркуу – бекем таяныч, Ал – Љз уулдарына баш паана.
27 Тењирден коркуу – љмєр булагы, ал љлєм торунан сактайт.
28 Эли кљп падыша – улуу падыша, эли аз падыша – шордуу падыша.
29 Сабырдуу адамдын акылы мол, ал эми ачуусу чукул адам љзєнєн акылсыздыгын кљрсљтљт.
30 Момун жєрљк – денеге љмєр, ал эми кљрљ албастык – сљљккљ ирињ.
31 Жакырды кордогон адам анын Жаратканына акарат келтирет, ал эми Аны урматтаган адам муктаж болуп турган адамга жакшылык кылат.
32 Мыйзамсыз адам кылган жамандыгы єчєн четке кагылат, ал эми адил адамдын љлєм алдында да ємєтє бар.
33 Акылмандык акылдуунун жєрљгєндљ жашайт, акылсыздар арасында ал љзє жљнєндљ билдирип турат.
34 Адилдик элдин дањкын чыгарат, ал эми мыйзамсыздык элдин абийирин тљгљт.
35 Падыша акылдуу кулга ырайым кылат, ал эми аны уят кылган адамга каарын чачат.
1 Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми кордогон сљз ачууну козгойт.
2 Акылдуу адамдардын тили билимди кабарлайт, ал эми акылсыздардын оозу акылсыздыкты сєйлљйт.
3 Тењирдин кљзє бардык жерде, ал жакшыларды да, жамандарды да кљрєп турат.
4 Момун тил – љмєр дарагы, ал эми ооздукталбаган тил рухту талкалайт.
5 Акылсыз адам атасынын акыл-насаатын барктабайт, ал эми айыбын ачканды уккан адам акылдуу.
6 Адил адамдын єйєндљ байлык кљп, ал эми мыйзамсыздын кирешеси љзєнљ бєлєнєє алып келет.
7 Акылдуу адамдардын оозу билим таратат, акылсыздардын жєрљгє андай эмес.
8 Мыйзамсыздардын курмандыгы Тењирдин алдында жийиркеничтєє, ал эми адил адамдардын сыйынуусу Ага жагат.
9 Мыйзамсыздын жолу Тењирдин алдында жийиркеничтєє, ал эми акыйкат жолу менен жєргљн адамды Ал жакшы кљрљт.
10 Тєз жолдон чыккандар катуу жазаланат, айыбын ачкан адамды жек кљргљн адам љлљт.
11 Љлгљндљр жаткан жай менен Абадон Тењирдин алдында ачык, андан бетер адам баласынын жєрљгє Анын алдында ачык.
12 Шылдыњчыл адам айыбын ашкере кылган адамдарды сєйбљйт, акылдуу адамдарга да барбайт.
13 Жєрљктљгє кубаныч жєздє жайдары кылат, ал эми жєрљктљгє кайгы кљњєлдє чљгљрљт.
14 Акылдуунун жєрљгє билим издейт, ал эми акылсыздардын оозу акылсыздык менен тамактанат.
15 Бактысыздын бардык кєндљрє кайгылуу, ал эми жайдары адамда кєндљ той.
16 Бай болуп тынчсызданып жашаганча, кедей болуп Тењирден коркуп жашаган жакшы.
17 Жек кљрєє бар жерде семиз буканын этин жегенге караганда, сєйєє бар жерде жашылчадан жасалган тамак жеген жакшы.
18 Ачуусу чукул адам чатак чыгарат, ал эми сабырдуу адам чатакты басат.
19 Жалкоонун жолу – тикенектєє чырмоок, ал эми адил адамдардын жолу тегиз.
20 Акылдуу уул атасын кубантат, акылсыз уул энесин барктабайт.
21 Акылсыздык – кем акыл адам єчєн кубаныч, ал эми акылдуу адам тєз жол менен жєрљт.
22 Кењешпей кылган иштер бузулат, кењешчилер кљп болсо, алар ишке ашат.
23 Адам берген туура жообунан кубаныч алат, ошондой эле љз убагында айтылган сљз кандай жакшы!
24 Тљмљн жактагы љлгљндљр жаткан жайга тєшпљс єчєн, акылмандын љмєр жолу жогору кетет.
25 Тењир менменсингендердин єйєн кыйратат, ал эми жесирдин чегин бекемдейт.
26 Кара ниеттердин ойлору Тењирдин алдында жийиркеничтєє, ал эми кемчиликсиз адамдардын сљздљрє Тењирге жагат.
27 Алдым-жуттум адам љз єйєн бєлдєрљт, ал эми параны жек кљргљн адам жашайт.
28 Адил адамдын жєрљгє ойлонуп жооп берет, ал эми мыйзамсыздардын оозунан жаман сљз чыгат.
29 Тењир мыйзамсыздардан алыс, ал эми адил адамдардын сыйынуусун угат.
30 Жарык жєз жєрљктє кубантат, жакшы кабар сљљктє агартат.
31 Турмуш сабактарын кунт коюп уккан адам акылдуу адамдардын арасында болот.
32 Акыл-насаатты четке каккан адам љз жанына кайдыгер, ал эми сынга кулак салган адам акылга ээ болот.
33 Тењирден коркуу акылдуу кылат, моюн сунуудан кийин дањк келет.
1 Адам жєрљгєндљ бир нерсени ниет кылат, бирок анын жообу Тењирден болот.
2 Адамга љзєнєн бардык жолдору таза кљрєнљт, бирок жєрљктљрдє Тењир салмактайт.
3 Иштерињди Тењирге тапшыр, ошондо ойлогон ойлоруњ ишке ашат.
4 Бардыгын Тењир Љзє єчєн жаратты. Атєгєл, мыйзамсызды кайгы кєнгљ сактап турат.
5 Жєрљгє текебер адам Тењирдин алдында жийиркеничтєє, ал жазасыз калбайт деп, кепилге љтсљ болот.
6 Ырайым жана чындык менен кєнљљ тазаланат, Тењирден коркуу жамандыктан алыстатат.
7 Адамдын жолдору Тењирге жакканда, Ал аны душмандары менен да элдештирет.
8 Алдамчылык менен мол киреше тапканча, чындык менен аз киреше тапкан артык.
9 Адамдын жєрљгє љз жолун ойлонуштурат, бирок анын кадамын Тењир багыттайт.
10 Падышанын оозунан Кудайдын љкємє чыгат, сотто анын оозу кєнљљ кылбайт.
11 Туура тараза жана љлчљљчє идиштер Тењирден, баштыктагы бардык тараза таштар да Тењирден.
12 Мыйзамсыз иш падышалар єчєн жийиркеничтєє, анткени такты чындык менен бекемделет.
13 Чын сєйлљгљн ооз падышага жагат, ал чындыкты сєйлљгљн адамды жакшы кљрљт.
14 Падышанын каары – љлємдєн кабарчысы, бирок акылдуу адам анын каарын кайттырат.
15 Падышанын жарык жєзє – љмєр, анын ырайым кылганы жазгы жамгырдай.
16 Даанышмандыкка ээ болуу алтынга ээ болуудан алда канча жакшы, акылмандыкка ээ болуу тандамал кємєшкљ ээ болуудан жакшы.
17 Адил адамдардын жолу – жамандыктан оолак болуу. Љз жолун сактаган адам љз жанын сактайт.
18 Кыйроонун алдында текебердик келет, кулардын алдында менменсингендик келет.
19 Текеберлер менен олжо бљлєшкљнчљ, момундар менен бирге моюн сунган жакшы.
20 Ишти акылдуулук менен жєргєзгљн адам ийгилик табат, Тењирге таянган адам бактылуу.
21 Жєрљгє акылдуу адам акылдуу деп аталат, жагымдуу сљз акылга акыл кошот.
22 Акылы бар адам єчєн акыл – љмєрдєн булагы, ал эми акылсыздардын илимпоздугу – акылсыздык.
23 Акылдуу адамдын жєрљгє љз тилин акылдуу кылат, оозундагы билимин арттырат.
24 Жагымдуу сљз – бал, ал – жанга жагымдуу, сљљккљ дары.
25 Адамга тєз кљрєнгљн жолдор бар, бирок алардын аягы – љлємгљ алып баруучу жол.
26 Эмгекчи љзє єчєн эмгектенет, анткени эмгектенєєгљ оозу мажбурлап жатат.
27 Амалкљй адам жамандык ойлоп турат, анын оозунан куйкалоочу от чыгат.
28 Эки жєздєє адам чыр-чатак себет, ушакчы адам досторду ажыратат.
29 Жакшылык ойлобогон адам љз жакынын бузуп, жаман жолго тєртљт.
30 Ал кыянаттык ойлоп табыш єчєн, кљзєн жєлжєйтљт, эриндерин тиштеп, кыянаттык кылат.
31 Дањктын таажысы – чындык жолунда жєргљн ак чач.
32 Кљпкљ чыдаган адам эр жєрљк адамдан артык, љзєн кармай билген адам шаарды басып алган адамдан артык.
33 Љкчљмљ таш жерге ыргытылат, бирок анын бардык чечими Тењирден болот.
1 Уруш-талаш кетпеген єйдљгє толо эттен тынч жашаган єйдљгє бир сындырым каткан нан артык.
2 Акылдуу кул мырзасынын бузулган уулуна бийлик кылат, анын бир туугандары менен кошо мураска ээ болот.
3 Эритєєчє меш кємєш єчєн, кљрєктєн очогу алтын єчєн, ал эми жєрљктљрдє Тењир сынайт.
4 Бузуку адам мыйзамсыздын сљзєн угат, алдамчы адам кыянатчы адамдын тилин алат.
5 Жакырды тилдеген адам анын Жаратканына акарат келтирген болот. Бирљљнєн башына мєшкєл тєшкљнєнљ кубанган адам жазасыз калбайт.
6 Карылардын таажысы – балдарынын балдары, балдардын дањкы – ата-энелери.
7 Акылсыз адамга маанилєє сљз жарашпайт, атактуу адамга калп айткан жарашпайт.
8 Пара – берчє киши єчєн асыл таш, ал каякка кайрылса да єлгєрљт.
9 Айыпты жаап койгон адам сєйєє издейт, ал эми аны кайра эскерткен адам досун алыстатат.
10 Акылсыз адамга жєз балак таасир эткенге караганда, акылдуу адамга сљгєш катуу таасир этет.
11 Жањжалчыл жамандык гана издейт, ошондуктан ага каршы ырайымсыз периште жљнљтєлљт.
12 Акылсыз адамга кезиккиче, мамалактарынан ажыраган аюуга кезиккен жакшы.
13 Жакшылыкка жамандык менен жооп берген адамдын єйєнљн жамандык кетпейт.
14 Чатактын башталышы жарып кирген суудай. Чатакты кєчљп кете электе токтот.
15 Мыйзамсыз адамды актаган адам да, адил адамды каралаган адам да Тењирдин алдында жийиркеничтєє.
16 Акылсыздын колундагы байлыктын баркы жок. Даанышмандыкка жетєєгљ анын акылы жок.
17 Дос ар дайым сєйљт, башыња иш тєшкљндљ, ал бир тууганыњдай болуп келет.
18 Кем акыл адам колун берип, љз жакынына кепилдикке љтљт.
19 Чатакты жакшы кљргљн адам кєнљљнє жакшы кљрљт. Дарбазасын бийик кљтљргљн адам – жыгылууну издеген адам.
20 Анткор жєрљк жакшылык кљрбљйт, амалкљй тил кырсыкка кабылат.
21 Акылсызды тљрљгљн адам башына балаа єйдє, акылсыздын атасы да кубаныч кљрбљйт.
22 Шайыр жєрљк даба болчу дарыдай жакшы таасир берет, кайгылуу рух сљљктє кургатат.
23 Акыйкаттыктын жолун бурмалаш єчєн, мыйзамсыз адам жењ ичинен пара алат.
24 Даанышмандык акылдуу адамдын кљз алдында, ал эми акылсыздын кљзє жердин тєбєндљ.
25 Акылсыз уул – атасынын шору, энесинин кайгысы.
26 Айыбы жокту айыптаган, чындык єчєн мырзаларды таяктаган жакшы эмес.
27 Акылдуу адам токтоолук менен сєйлљйт, акыл-эстєє адам сабырдуу болот.
28 Акылсыз адам унчукпай турганда акылдуу адам болуп кљрєнєшє мємкєн, ооз ачпаган адам акыл-эстєє адам болуп кљрєнєшє мємкєн.
1 Љз дегенин бербеген адам љз каалаганын кылгысы келет, бардык туура нерсеге каршы чыгат.
2 Акылсыз адам билимди сєйбљйт, бирок ал љзєнєкєн гана айткысы келет.
3 Мыйзамсыздын келиши менен жек кљрєє кошо келет, ал эми кордук менен кошо шылдыњ келет.
4 Адамдын оозунан чыккан сљз – терењ суу. Акылмандыктын башаты – кайнар булак.
5 Адил адамды сотто айыпка жыгыш єчєн, мыйзамсыз адамга бет карамалык кылган жакшы эмес.
6 Акылсыздын тили чатак чыгарат, айткан сљзє єчєн таяк жейт.
7 Акылсыздын тили – љзєнљ љлєм, оозу – жаны єчєн жайылган тор.
8 Ушакчынын сљздљрє таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.
9 Љз ишине кош кљњєл болгон адам – ысырапчыл адамдын тууганы.
10 Тењирдин ысымы – бекем мунара: адил адам ага качып кирип, коопсуз болот.
11 Байдын мал-мєлкє – анын бекем шаары, ал ага бийик чеп болуп сезилет.
12 Жыгылардын алдында адамдын жєрљгє текеберденет, ал эми моюн сунгандык атак-дањкка жеткирет.
13 Аягына чейин укпай туруп жооп берген адам акылсыз, ал уятка калат.
14 Адамдын руху адамдын алсыздыгын кљтљрљт, ал эми жараланган рухту ким сакайта алат?
15 Акылдуу адамдын жєрљгє билимге жетет, акылдуу адамдардын кулагы билимди издейт.
16 Берилген белек адамдын жолун ачып, аны тљрљлљргљ чейин жеткирет.
17 Атаандашы келип изилдегиче биринчи келгендин кеби жєйљљлєєдљй туюлат.
18 Љкчљмљ таш талаш-тартышты токтотуп, кєчтєєлљрдєн ортосундагы талаш-тартышты чечет.
19 Каарданган бир тууган кире алгыс чептєє шаардан да бекем. Чыр-чатак сепилдин кулпуларына окшош.
20 Адамдын ичи љз тилинин жемишине толот, ал љз оозунун чыгармасына тоёт.
21 Љлєм менен љмєр тилдин бийлигинде, аны сєйгљндљр анын жемишинен татышат.
22 Жакшы аял тапканы – ырыс тапканы, Тењирден ырайым кљргљнє.
23 Жакыр жалбарып сєйлљйт, бай орой жооп берет.
24 Дос кєткєсє келген адам досторчо мамиле кылышы керек. Бир тууганыњдан да жакын дос болот.
1 Жалган сєйлљгљн, анан калса, акылсыз байга караганда такыбаа жашаган кембагал артык.
2 Билимсиз болуу жакшы эмес, шашкан адам мєдєрєлљт.
3 Акылсыздыгы адамды жолунан адаштырат, жєрљгє болсо Тењирге кыжырданат.
4 Байлык досту кљбљйтљт, ал эми жакырды досу да таштап кетет.
5 Жалган кєбљ жазасыз калбайт, калп айткан адам качып кутулбайт.
6 Адамдардын кљбє атактууларга кошомат кылат, белек берген адамга баары дос.
7 Жакыр адамды љзєнєн бєт бир туугандары жек кљрљт, достору андан бетер андан качышат, алар менен сєйлљшљйєн деп, ал алардын артынан чуркайт, бирок сєйлљшљ албайт.
8 Акылга жеткен адам љз жанын сєйљт, акыл-эсти сактаган адам бакыт табат.
9 Жалган кєбљ жазасыз калбайт, жалган айткан адам љлљт.
10 Акылсыз адамга сљљлљт жарашпайт, андан бетер кулга тљрљлљргљ бийлик кылуу жарашпайт.
11 Акыл-эстєє адам ачууга алдырбайт, бирљљнєн кылмышын кечирип коюу – ал єчєн дањк.
12 Падышанын ачуусу арстандын айкырыгындай, ал эми ырайымы чљптєн єстєндљгє шєєдєрємдљй.
13 Акылсыз уул – љз атасына кайгы, ажаан аял – тынымсыз тамчылаган суу.
14 Yй менен мал-мєлк – ата-энеден калган мурас, ал эми акылдуу аял – Тењирден.
15 Эринчээктик уйкуга чљмєлтљт, шалаакы адам ачка калат.
16 Мыйзамды сактаган адам љз жанын сактайт, ал эми љз жолуна кайдыгер адам љлљт.
17 Жакырга жакшылык кылган адам Тењирге насыя берет, кылган жакшылыгын Тењир кайтарымсыз калтырбайт.
18 Yмєтєњ барда уулуњду жазала, анын ыйына кљњєл бљлбљй эле кой.
19 Ачуулуу адам жазасын алсын, аяп койсоњ, андан кљбєрљљк жазалоого туура келет.
20 Акылдуу болом десењ, кењешти ук, айыбыњды ачса, кабыл ал.
21 Адам жєрљгєндљ кљп нерсени ниет кылат, бирок Тењирдин белгилеп койгону гана ишке ашат.
22 Кайрымдуулугу адамга кубаныч алып келет. Калпычы адамга караганда жарды адам артык.
23 Тењирден коркуу љмєргљ алып барат, Тењирден корккон адам дайыма ыраазы болот, анын башына жамандык келбейт.
24 Эринчээк адам колун чљйчљккљ салат да, аны оозуна жеткиргиси келбейт.
25 Шылдыњчыл адамды жазаласањ, жљнљкљй адам да эстєє болуп калат. Акылдуу адамдын айыбын ачсањ, ал акыл-насаатты тєшєнљт.
26 Абийири жок, уятсыз уул атасынын мєлкєн чачып, энесин єйдљн кууп чыгат.
27 Уулум, насаат сљздљн четтљљнє єгєттљгљндљрдє укканыњды токтот!
28 Жалган кєбљ акыйкаттыкты шылдыњ кылат, мыйзамсыз адамдардын оозу жалганды жутат.
29 Шылдыњчыл адамдарга жаза, акылсыз адамдарга токмок даяр.
1 Шарап адамды шылдыњ кылат, кєчтєє ичкилик адамды оолуктурат, буларга берилгендердин баары акылсыз.
2 Падышанын каары арстандын айкырыгындай, аны каарданткан адам љзєнљ каршы кєнљљ кылат.
3 Чыр-чатактан качуу – адам єчєн абийир, ал эми акылсыз адам жањжалчыл болот.
4 Жалкоо адам кышында жер айдабайт, оруу-жыюу маалында издеп, эч нерсе таппайт.
5 Адамдын жєрљгєндљгє ойлор – терењ суулар, бирок акылдуу адам алардан сузуп ала берет.
6 Кљптљр адамды ырайымдуулугу єчєн макташат, бирок чынчыл адамды ким табат?
7 Адил адам тєз жєрљт, анын артында калган балдары бактылуу!
8 Сот тагында отурган падыша кљз карашы менен бардык жамандыкты кубалайт.
9 «Мен жєрљгємдє тазаладым, мен кєнљљмдљн тазамын», – деп, ким айта алат?
10 Бирдей эмес тараза, бирдей эмес чен-љлчљм Тењирдин алдында жийиркеничтєє.
11 Љспєрємдєн жєрєм-турумунун туура же туура эмес экенин кылган ишинен билип алууга болот.
12 Уккан кулакты, кљргљн кљздє Тењир жараткан.
13 Жакыр болбошуњ єчєн, уктаганды жакшы кљрбљ. Кљзєњдє ачып сергек бол, ошондо нанды тойгуча жейсињ.
14 Сатып алуучу: «Жаман, жаман», – дейт, бирок мындай басканда: «Жакшы, жакшы», – деп мактанат.
15 Алтын да, кљп бермет да бар, бирок акылдуу сєйлљгљн ооз алардан кымбат.
16 Бирљљгљ кепил болгон адамдын кљйнљгєн алып кал, чоочун бирљљ єчєн кепил болгон адамдан кєрљљ ал.
17 Алдамчылык менен табылган нан таттуу, бирок жегенден кийин, ооз шагылга толот.
18 Ой-максат кењеш аркылуу бекемделет, кењешип алып согуш жєргєз.
19 Сљз ташыган адам бирљљнєн сырын ачат. Оозун чоњ ачкан адам менен байланышпа.
20 Атасы менен энесине тил тийгизген адамдын чырагы коюу карањгылыкта љчљт.
21 Шашылыш тартылып алынган мурас бата алып келбейт.
22 «Жамандык єчєн љч алам», – дебе, Тењирге кой, ошондо Ал сени сактайт.
23 Туура эмес тараза таштары Тењирдин алдында жийиркеничтєє, туура эмес таразалар жакшы эмес.
24 Адамдын кадамын Тењир багыттайт, ошондуктан адам љз жолун кантип биле алат?
25 Шашып убада берип коюп, андан кийин ойлонуу – адамга тузак.
26 Акылдуу падыша мыйзамсыздарды сапырат, аларды дљњгљлљк астында калтырат.
27 Адамдын руху – Тењирдин чырагы, ал адамдын жєрљгєнєн терењин сынайт.
28 Падышаны кайрымдуулук менен акыйкаттык сактап турат, ал љз тагын ырайымы менен кармап турат.
29 Жаштардын атак-дањкы – алардын кєчє, ал эми карылардын сљљлљтє – алардын ак чачы.
30 Таяктан алган жараат – кыянаттыкка каршы даба, ичти аралап љткљн соккулар – жамандыкка каршы даба.
1 Падышанын жєрљгє Тењирдин колунда: Ал аны агын суудай, каалаган жагына бурат.
2 Адамдын бардык жолу љзєнљ тєз кљрєнљт, бирок жєрљктє Тењир салмактайт.
3 Курмандык чалганга караганда, акыйкаттык менен чындыкты сактоо Тењирге кљбєрљљк жагат.
4 Мыйзамсыздарды айырмалап турган текебер кљз менен менменсинген жєрљк – кєнљљ.
5 Аракетчил кишинин ойлору молчулукка умтулат, ал эми ар бир шашма адам зыян тартат.
6 Жалган тил менен тапкан байлык – бат тараган буу, андай байлыкка умтулгандар љздљрєнљ љлєм издешет.
7 Мыйзамсыздардын зордук-зомбулугу љздљрєнєн башына тєшљт, анткени алар акыйкаттыкты сактоодон баш тартышты.
8 Бузулган адам терс жолдо жєрљт, ал эми таза адам туура иш кылат.
9 Ажаан аял менен зањгыраган єйдљ жашаганча, єйдєн чатырынын бир бурчунда жашаган артык.
10 Мыйзамсыздын жаны кыянаттыкты жакшы кљрљт, ал љз досуна да ырайым кылбайт.
11 Шылдыњчыл адам жазаланганда, жљнљкљй адам акылдуу болуп калат; акылдуу адам насаат укканда, билими дагы кљбљйљт.
12 Адил адам мыйзамсыздын єйєн карап, анын жамандыкка кабылганын кљрљт.
13 Жакырдын ыйын укпай, кулагын жаап алган адам љзє да ыйлайт, бирок аны эч ким укпайт.
14 Жашыруун берилген белек ачууну басат, жењ ичинен берилген тартуу катуу каарды кайт кылат.
15 Акыйкаттыкты сактоо – адил адам єчєн кубаныч, кыянаттык кылгандар єчєн коркунуч.
16 Тєз жолдон чыккан адам љлгљндљргљ кошулат.
17 Оюн-кєлкєнє жакшы кљргљн адам жакырданат, ал эми шарап менен майды жакшы кљргљн адам эч качан байыбайт.
18 Адил адамдын кунуна мыйзамсыз адам кетет, арамдыгы жок адамдын кунуна амалкљй адам кетет.
19 Ажаан, ачуулуу аял менен жашаганча, ээн талаада жашаган жакшы.
20 Акылдуунун єйєндљ суктандырган байлык жана май болот, ал эми акылсыз аларды чачат.
21 Акыйкаттык менен кайрымдуулукту сактаган адам љмєрдє, чындыкты, атак-дањкты табат.
22 Акылдуу адам кєчтєєлљрдєн шаарына кирет да, алардын таянган чебин кулатат.
23 Оозун жана тилин тыйган адам љз жанын жамандыктан сактайт.
24 Текебер бузукунун аты – шылдыњчыл, ал текеберликтин кєєсє менен иш кылат.
25 Жалкоону љзєнєн ачкљздєгє љлтєрљт, анткени анын колдору иштегиси келбейт.
26 Ал кєн сайын аябай ачка болуп турат, адил адам болсо бере берет, бергенине љкєнбљйт.
27 Мыйзамсыздардын курмандыгы жийиркеничтєє, айрыкча алардын эки жєздєєлєк менен алып келгени жийиркеничтєє.
28 Жалган кєбљ љлљт, ал эми билгенин айткан адам ар дайым сєйлљйт.
29 Мыйзамсыз адамдын бети калыњ, ал эми адил адам тєз жєрљт.
30 Тењирге каршы даанышмандык да, акылмандуулук да, акыл-кењеш да жок.
31 Атты согуш кєнєнљ карата даярдайт, бирок жењиш Тењирден келет.
1 Кљп байлыкка караганда жакшы аттуу болгон артык; алтын менен кємєшкљ караганда урматка ээ болуу артык.
2 Бай менен кедей кезигишпей койбойт, экљљнє тењ Тењир жараткан.
3 Акылдуу адам кырсыкты кљрєп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар тєз барып кырсыкка учурашат.
4 Моюн сунуудан кийин, Тењирден коркуу, байлык, атак-дањк жана љмєр келет.
5 Тикенек менен тузак бузукунун жолунда, ким жанын сактагысы келсе, алардан оолак болсун.
6 Баланы башынан тєз жолго сал, ошондо ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт.
7 Бай адам кедейге єстљмдєк кылат, карыз болгон адам карыз бергендин кулу болуп калат.
8 Жалганды сепкен адам жамандыкты оруп алат, анын каар таягы да жок болот.
9 Кайрымдуу адам бата алат, анткени ал жакырга љз нанынан берип жатат.
10 Шылдыњчылды кууп жибер, ошондо талаш-тартыш токтойт, чыр-чатак да, уруш да басылат.
11 Жєрљктєн тазалыгын сєйгљн адамдын оозунан чыккан сљздљр жагымдуу, ага падыша – жолдош.
12 Тењирдин кљзє билимди сактап турат, ал эми мыйзамды бузган адамдын сљзєн Ал четке кагат.
13 Жалкоо адам: «Кљчљдљ арстан жєрљт! Аянтта мени љлтєрєп коюшат!» – деп айтат.
14 Бузулган аялдардын оозу – терењ ањ. Тењир кимге каарданса, ал ошол ањга тєшљт.
15 Љспєрємдєн жєрљгєнљ акылсыздык жабышса, тарбиялоочу чыбык андагы акылсыздыкты жок кылат.
16 Љзєнєн байлыгын кљбљйтєш єчєн, жакырды кордогон адам, ошондой эле байга бир нерсе берген адам жакырданат.
17 Кулагыњды тљшљп, акылдуу адамдардын сљздљрєн ук, жєрљгєњдє менин билимиме бур.
18 Эгерде сен аларды жєрљгєњљ сактасањ, алар оозуњда болсо, анда алар сени сооротот.
19 Тењирге таянышыњ єчєн, мен сени бєгєн да єйрљтєп жатам, муну эсиње тут.
20 Кењештерим менен акыл-насааттарымда сага єч мертебе жазган жок белем?
21 Сага чындыктын так сљздљрєн єйрљтєє єчєн, сени жиберген адамдарга чындыктын сљздљрєн айтып турушуњ єчєн жазгам.
22 Жакырды тонобо, анткени ал жакыр. Бактысыз адамга дарбаза алдында кысым кљрсљтпљ.
23 Анткени алардын ишине Тењир кийлигишет, аларды талап-тоногондордун жанын алат.
24 Ачуулуу адам менен достошпо, ачуусу чукул адам менен байланышпа,
25 болбосо анын жолун єйрљнєп аласыњ жана љз жаныња сыйыртмак саласыњ.
26 Ортого тєшєп, карыздын милдетин алба.
27 Эгерде тљлљй турган эч нерсењ жок болсо, љзєњдє астыњдагы тљшљгєњдє алдырганга чейин жеткирєєнєн кандай кажети бар?
28 Ата-бабаларыњ љткљргљн мурунку чек араны жылдырба.
29 Љз ишин жакшы билген адамды кљрдєњ беле? Ал жљнљкљй адамдардын алдында эмес, падышалардын алдында турат.
1 Љкємдар менен бир дасторконго отуруп калсањ, ким менен отурганыњды унутпа.
2 Эгерде тамаксоо болсоњ, кекиртегињди тый.
3 Анын таттуу тамактарына азгырылба, анткени ал – алдамчы тамак.
4 Байлык жыйнаш єчєн тєйшєк тартпа, мындай ойлоруњду ташта.
5 Сен ага кљзєњдє бурарыњ менен, ал жок болуп кетет, анткени ал љзєнљ канат жасап алып, бєркєт сыяктуу асманга учуп кетет.
6 Сарањ кишинин колунан тамак жебе, анын таттуу тамактарына азгырылба.
7 Анткени анын жєрљгєндљгє ойлору кандай болсо, љзє да ошондой, ал сага: «Ич, же», – дей берет, бирок жєрљгє сени менен эмес.
8 Жеген бир кесимињди кайра кусасыњ, жакшы сљздљрєњдє текке кетиресињ.
9 Акылсыздын кулагына сєйлљбљ, анткени ал сенин акылдуу сљздљрєњдє жек кљрљт.
10 Мурунку чек араны жылдырба, жетимдин талаасына кирбе.
11 Анткени алардын Коргоочусу кєчтєє, Ал сага каршы чыгып, аларга болушат.
12 Жєрљгєњдє билимге кой, кулагыњды акылдуу сљздљргљ тљшљ.
13 Баланы жазасыз калтырба, чыбык менен жазалагандан ал љлбљйт.
14 Чыбык менен жазалап, жанын љлгљндљр жаткан жайдан сактап каласыњ.
15 Уулум! Эгерде сенин жєрљгєњ акылдуу болсо, анда менин жєрљгєм да кубанат.
16 Сенин оозуњдан туура сљздљр чыкканда, ички дєйнљм кубанат.
17 Жєрљгєњ кєнљљкљрлљргљ кљз артпасын, тескерисинче, жєрљгєњ бардык кєндљрдљ Тењирден коркуп турсун.
18 Анткени келечегињ бар, ємєтєњ ишке ашат.
19 Уулум, кулак сал, акылдуу бол, жєрљгєњдє тєз жолго бур.
20 Шарап ичип мас болгондордун, этке ашыра тоюп алгандардын арасында болбо.
21 Анткени ичкичтер менен ашыра тоюп алгандар жакырданып кетишет, уйкучулук жыртык кийим кийгизет.
22 Атањдын тилин ал, анткени ал сенин атањ, энењди карып калганында да жек кљрбљ.
23 Чындыкты сатып ал, акылмандыкты, билимди, акыл-эсти сатпа.
24 Адил адамдын атасы сєйєнљт, акылманды тљрљгљн кубанат.
25 Атањ кубансын, тљрљгљн энењ сєйєнсєн.
26 Уулум! Жєрљгєњдє мага бер, кљзєњ менин жолдорумду карап турсун.
27 Анткени бузулган аял – терењ ањ, ошондой эле бирљљнєн аялы – тар кудук.
28 Бузулган аял каракчыдай болуп буктурмада отуруп алып, эл арасында мыйзамды бузгандарды кљбљйтљт.
29 Улуган ким? Онтогон ким? Чатакташкан ким? Кайгырган ким? Себепсиз жараат алган ким? Кљзє канталап кызарган ким?
30 Алар – керээли-кечке шарап ичип отургандар, алар – кєчтєє ичимдикти жакшы кљргљндљр.
31 Шараптын кызарганына, чљйчљктљ кљбєргљнєнљ, мелтирегенине караба.
32 Акырында ал сени жыландай, уулуу жыландай чагат.
33 Башка бирљљнєн аялын карайсыњ, жєрљгєњ бузуктукту сєйлљй баштайт.
34 Ошондо дењиздин ортосунда, кеменин єстєндљ уктап жаткан адамдай болосуњ.
35 Ошондо сен: «Мени сабашты, бирок эч жерим ооруган жок, мени тєрткєлљштє, бирок эч нерсе сезген жокмун. Ойгонгондон кийин кайра ошону эле издейм», – деп айтасыњ.
1 Жаман адамдарга кљз артпа, алар менен чогуу болууну каалаба.
2 Анткени алардын жєрљгє зордук-зомбулук жљнєндљ ойлойт, тили жамандык жљнєндљ сєйлљйт.
3 Yй акылмандык менен курулат, акыл менен бекемделет.
4 Yй ичи ар кандай кымбат баалуу, сонун мєлккљ билгичтик менен толтурулат.
5 Акылдуу адам кєчтєє, даанышман адам љзєнєн кєч-кубатын чыњдайт.
6 Ошондуктан согушту ойлонуп жєргєз. Кљп кењеш ийгиликке жеткирет.
7 Акылмандык акылсыз адам єчєн љтљ бийик, дарбаза алдында ал ооз ачпайт.
8 Жамандык кылууну ойлогон адамды кара ниет дешет.
9 Акылсыз адамдын ою – кєнљљ, шылдыњчыл адам адамдар єчєн жийиркеничтєє.
10 Эгерде сен башыња мєшкєл тєшкљн кєнє алсыз экенињди сезсењ, анда кєчєњ аз.
11 Љлємгљ кыйылгандарды куткар. Љлємгљ љкєм кылынгандарды куткаруудан кантип баш тартасыњ?
12 Сен: «Мына, биз муну билген эмес элек», – дегени турасыњбы? Эмне, жєрљктљрдє Сыноочу билбейт бекен? Сенин жєрљгєњдє Байкап Туруучу муну билет, Ал адамга кылган ишине жараша тиешесин берет.
13 Уулум, бал же, анткени ал жагымдуу, даамы тањдайыњан кетпеген балды да же.
14 Акылмандыкты таанып билєє да сенин жаныња дал ошондой жагымдуу. Эгерде аны тапкан болсоњ, анда келечегињ бар, ємєтєњ ишке ашат.
15 Мыйзамсыз, адил адамдын єйєнљ жамандык ойлобо, анын жаткан жайын талап-тонобо.
16 Анткени адил адам жети жолу жыгылат, бирок кайра турат, ал эми мыйзамсыздар жыгылып, љлємгљ дуушар болушат.
17 Душманыњ кулаганда сєйєнбљ, ал мєдєрєлгљндљ жєрљгєњ кубанбасын.
18 Анткени муну Тењир кљрљт, бул Ага жакпайт, Ал Љзєнєн ага болгон каарын токтотуп коёт.
19 Жамандык кылгандарга ачууланба, мыйзамсыздарга кљз артпа.
20 Анткени жамандык кылгандардын келечеги жок, мыйзамсыздардын чырагы љчљт.
21 Уулум, Тењирден жана падышадан корк, козголоњчулар менен байланышпа.
22 Анткени Тењир менен падышадан љлєм кєтєлбљгљн жерден келет, экљљнљн келе турган кыйроону ким алдын ала айта алат?
23 Акылмандар да: «Сотто бет карамалык кылуу жакшы эмес», – деп айтышкан эмеспи.
24 Кєнљљкљргљ: «Сеники туура», – деген адамды эл каргайт, аны уруулар жек кљрљт.
25 Ал эми айыпты ашкерелегендерди эл жакшы кљрљт, алар бата алышат.
26 Туура жооп ооздон љпкљндљй.
27 Адегенде єйєњдљн сырткаркы иштерди жаса, талаадагы иштерињди бєтєр, анан єйєњдє кур.
28 Жакыныња жалган кєбљ болбо. Жалган сєйлљп эмне кыласыњ?
29 «Ал мага кандай кылса, мен да ага ошондой кылам, ага кылганына жараша тиешесин берем», – дебе.
30 Мен жалкоо кишинин талаасынын жанынан, кем акыл кишинин жєзємзарынын жанынан љттєм.
31 Баарын тикенек басып кетиптир, аны чалкан каптап калыптыр, таш дубалы урап калыптыр.
32 Муну кљрєп, жєрљгємдє љзгљрттєм, муну кљрєп, љзємљ сабак алдым:
33 «Бир аз уктай турсањ, бир аз єргєлљп жата турсањ, бир аз колуњду бооруња алып жата турсањ,
34 жакырлык сага жолоочудай кирип келет, муктаждык сага куралдуу кишидей кирип келет».
1 Булар да Жєйєт падышасы Хискиянын кишилери жыйнаган Сулаймандын накыл сљздљрє.
2 Кудайдын дањкы – ишти жашыруун кармоо, ал эми падышалардын дањкы – ишти изилдљљ.
3 Асмандын бийиктиги, жердин терењдиги жана падышалардын жєрљгє изилденгис.
4 Кємєштљн кошундуну ажырат, ошондо зергердин колунан идиш чыгат.
5 Падышадан адилетсиз адамды алыс кыл, ошондо анын тагы чындык менен бекемделет.
6 Падышалардын алдында љзєњдє жогору кљтљрбљ, улуу адамдардын ордуна турба.
7 Анткени сени кљзєњ кљргљн атактуу адамдардын алдында кемсинтишкенден кљрљ, сага: «Кел бул жерге, жогору љт», – деп айтышканы жакшы.
8 Талашып-тартышканга шашпа, атаандашыњ маскара кылса эмне болот?
9 Атаандашыњ менен талашып-тартыш, бирок уккан адам сени жемелебеши єчєн,
10 бирљљнєн жашыруун сырларын ачпа, болбосо љмєр бою маскара болуп љтљсєњ.
11 Орундуу сљз – жаркыраган кємєш идиштеги алтын алма.
12 Акылдуу ашкерелљљчє – кљњєл коюп уккан кулак єчєн алтын сљйкљ жана таза алтындан жасалган жасалга.
13 Оруу-жыюу маалында кар кошулган ичимдик кандай болсо, ишенимдєє элчи аны жиберген адам єчєн ошондой. Ал мырзасынын жєрљгєн кубантат.
14 Жалган белек менен мактанган адам жамгыры жок булут менен шамалдай.
15 Момундук тљрљнє ырайым кылууга тєртљт, жумшак тил сљљктє сындырат.
16 Сен бал таап алдыњбы? Канча керек болсо, ошончо же, ашыра тоюп алсањ, кусасыњ.
17 Досуњдун єйєнљ кайра-кайра эле бара бербе, болбосо ал сенден жадап, сени жек кљрєп калат.
18 Жакынына каршы жалган кєбљгљ љтєп, жалаа жапкан киши балкадай, кылычтай, курч жебедей.
19 Башка мєшкєл тєшкљн кєнє ишенимсиз адамга таянуу сынган тишке, алсыз бутка таянууга барабар.
20 Кайгылуу жєрљккљ ырдоо суук кєнє бирљљнєн чапанын чечип алганга, жарасына уксус куйганга барабар.
21 Душманыњ ачка болсо, нанга тойгуз, суусап турса, суусунун кандыр.
22 Анткени ушундай кылуу менен сен анын башына чок єйљсєњ. Ошондо Тењир сага тиешењди берет.
23 Тєндєктљн соккон шамал жамгыр жаадырат, ал эми ушакчынын сљзє нааразы жєздљрдє туудурат.
24 Ажаан аял менен зањгыраган єйдљ жашаганча, єйдєн чатырынын бир бурчунда жашаган жакшы.
25 Алыскы љлкљдљн келген жакшы кабар суусап алсыраган жанга муздак суу ичиргенге барабар.
26 Мыйзамсыздын алдында адил адамдын жыгылышы – булактын ылайланганындай, кудуктун бузулганындай.
27 Балды кљп жеген жакшы эмес, ошол сыяктуу эле сая кууп жеткен атак-дањк – атак-дањк эмес.
28 Љз рухун башкара албаган адам талкаланган, чепсиз шаарга окшош.
1 Акылсыз адамга кљрсљтєлгљн урмат жайында жааган кардай, оруу-жыюу маалында жааган жамгырдай орунсуз.
2 Жљн жерден айтылган каргыш таранчынын бырп этип, чабалекейдин шуу этип учуп кеткениндей, ал орундалбайт.
3 Камчы ат єчєн, жєгљн эшек єчєн, ал эми таяк акылсыздар єчєн.
4 Акылсыз адамга акылсыздыгына жараша жооп бербе, болбосо љзєњ да ага окшоп акылсыз болуп каласыњ.
5 Акылсыз љзєн акылдуу эсептеп калбашы єчєн, ага акылсыздыгына жараша жооп бер.
6 Акылсызды чабарман кылуу љз бутун љзє кескенге барабар, анткен адам балээни башына єйљт.
7 Акылсыздардын накыл айтканы аксактын басыгындай.
8 Асыл ташты салмоорго салып ыргытуу акылсызга урмат кљрсљтєєгљ барабар.
9 Акылсыздын оозунан чыккан накыл сљз мастын колундагы тикенектей.
10 Кєчтєє адам бардык нерсени љз каалоосу боюнча кылат: ал акылсызды да сыйлайт, љтєп бара жаткан кишини да сыйлайт.
11 Дљбљт љзєнєн кусундусуна кайра келгендей, акылсыз да акылсыздыгын кайра кайталай берет.
12 Љзєн акылман эсептеген адамды кљрдєњ беле? Ага караганда акылсыз адамга кљбєрљљк ємєттљнсљ болот.
13 Жалкоо адам: «Жолдо арстан турат! Аянтта арстан турат!» – дейт.
14 Эшик љзєнєн ашык-машыгында айланат, ал эми жалкоо љзєнєн тљшљгєндљ оонайт.
15 Эринчээк адам колун чљйчљккљ сунат, бирок аны оозуна жеткирєє – ал єчєн кыйын иш.
16 Жалкоо љзєн ойлонуп жооп берген жети кишиден акылдуу эсептейт.
17 Љтєп бара жатып бирљљнєн чыр-чатагына кийлигишєє дљбљттє кулактан алганга барабар.
18 Акылынан ажырамыш болуп, оттуу љлєм жебелерин ыргытуу
19 досуна эки жєздєєлєк менен зыян келтирип туруп: «Мен тамашалап эле койдум», – дегенге барабар.
20 Отун жок жерде от љчљт, ушакчы жок жерде чатак басылат.
21 Жыгачтын кљмєрє ысытат, отун отту тутантат, ал эми урушчаак адам чыр-чатак чыгарат.
22 Ушакчынын сљздљрє таттуу нерсе сыяктуу, алар адамдын карынына кирип кетет.
23 Таза эмес жєрљктљн чыккан жагымдуу сљздљр таза эмес кємєш менен капталган чопо идиштей.
24 Душман тили менен анткорлонуп сєйлљйт, бирок жєрљгєндљ жамандык ойлоп турат.
25 Ал назик єн менен сєйлљсљ да, ага ишенбе, анткени анын жєрљгєндљ жети кыянатчылык бар.
26 Эгерде жек кљргљнєн билгизбей алдап жєрсљ, анда анын ачуусу эл чогулган жерде билинет.
27 Бирљљгљ ор казган адам орго љзє тєшљт, тоголоткон ташы тоголоткон адамдын љзєнљ келип тиет.
28 Жалганчы тил љзє ыза кылган адамдарды жек кљрљт, кошоматчы ооз бирљљгљ жыгылуу даярдайт.
1 Эртењки кєн менен мактанба, анткени эртењки кєнє эмне болорун билбейсињ.
2 Сени љз оозуњ эмес, башка бирљљнєн оозу мактасын. Сени љз тилињ эмес, бљлљк бирљљнєн тили мактасын.
3 Таш оор, кум да салмактуу, бирок акылсыздын ачуусу экљљнљн тењ оор.
4 Каар катаал, жаал тыйылгыс, бирок кызганчаактыкка ким туруштук бере алат?
5 Жашыруун сєйєєгљ караганда ачык айтылган ашкере жакшы.
6 Сєйгљн адамдын жемеси чын жєрљктљн чыгат, жек кљргљн адамдын љбєєсє жалган.
7 Курсагы ток адам балды да тебелейт, ачка кишиге ачуунун баары таттуу.
8 Љз жерин таштап кеткен адам уясын таштап кеткен канаттуудай.
9 Жыпар жыттуу майлоочу май жана тєтљтєлєєчє зат жєрљктє кубантат, адамга досунун чын жєрљктљн берген кењеши да ошондой жагымдуу.
10 Љз досуњду да, атањдын досун да таштаба. Башыња мєшкєл тєшкљн кєнє бир тууганыњдын єйєнљ барба, алыстагы бир тууганыњдан жаныњдагы кошунањ артык.
11 Уулум, акылдуу бол, менин жєрљгємдє кубант. Ошондо мага жаман сєйлљгљн адамга жооп бере алам.
12 Акылдуу адам кырсыкты кљрєп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар тєз барып кырсыкка учурашат.
13 Бирљљгљ кепил болгон адамдын кљйнљгєн алып кал, чоочун бирљљ єчєн кепил болгон адамдан кєрљљ ал.
14 Досун тањ заардан катуу мактай баштаган адамды жамандап жаткан адам катары эсептешет.
15 Ажаан аял жамгыр жааган кєнє тынымсыз тамчылаган тамчыдай,
16 аны жашыргысы келген адам шамалды жашыргысы келген адамдай жана љзє жљнєндљ билдирип турган майды оњ колуна жашыргысы келген адамдай.
17 Темирди темир курчутат, адамды адам курчутат.
18 Анжырды кайтарган адам анын мљмљсєн жейт. Мырзасын сактаган адам урматка ээ болот.
19 Адамдын жєзєнєн кандай экенин суу кљрсљтљт, адамдын љзє кандай экенин жєрљгє кљрсљтљт.
20 Љлгљндљр жаткан жай менен Абадон – тойбогон жай. Адамдын кљзє да ошолор сыяктуу эле тойбойт.
21 Кємєш єчєн эритєєчє меш, алтын єчєн кљљрєктєн очогу кандай болсо, адам єчєн аны мактаган ооз ошондой.
22 Акылсызды сокуга салып, сокбилек менен жанчсањ да, андан акылсыздык ажырабайт.
23 Бодо малыњды жакшы кара, майда малыњды бак.
24 Анткени байлык тєбљлєк эмес, ал тургай, бийлик да муундан муунга љтпљйт.
25 Чљп чабылат, кайра чљп чыгат, анан тоонун чљбє чабылат.
26 Койлоруњ кийим, эчкилерињ жер сатып алууга кетет.
27 Эчкинин сєтє љзєњдєн да, єйєњдљгєлљрдєн да, єйєњдљгє кєњдљрєњдєн да тамак-ашына жетет.
1 Мыйзамсыз адам артынан эч ким кубалабаса деле качып жєрљт, ал эми адил адам арстандай айбаттуу.
2 Мамлекет мыйзамдан четтегенде, аны башкаргандар кљбљйљт. Ал эми акылман жана билерман адам башкарганда, ал кљпкљ жашайт.
3 Алсыздарды эзген жакыр адам эгинди жууп кеткен нљшљрдљй.
4 Мыйзамдан четтегендер адилетсиздерди макташат, ал эми мыйзамды сактагандар аларга каршы чыгышат.
5 Кара љзгљй кишилер адилеттикти тєшєнєшпљйт, ал эми Тењирди издегендер бардыгын тєшєнєшљт.
6 Бай болуп терс жолдо жєргљнгљ караганда, кедей болуп кєнљљсєз жашаган жакшы.
7 Мыйзамды сактаган уул – акылдуу уул, ал эми ысырапчылар менен достошкон уул атасын уятка калтырат.
8 Сєткордук кылып ашыгы менен алып байыган адам байлыгын жакырларга кайрымдуулук кылган адам єчєн жыйнап жатат.
9 Мыйзамды уккусу келбей кулагын жапкан адамдын сыйынуусу да жийиркеничтєє.
10 Адил адамдарды жаман жолго азгырган адам љз оруна љзє тєшљт, ал эми кемчиликсиз адамдар жакшылыкты мурасташат.
11 Бай адам љзєн акылдуу эсептейт, бирок акылдуу кедей аны ашкерелейт.
12 Адил адамдар салтанат курушканда, чоњ кубаныч болот, ал эми мыйзамсыздар бийликке келгенде, адамдар жашына башташат.
13 Љз кылмыштарын жашырган адам ийгиликке жетпейт, ал эми љз кылмыштарын мойнуна алып, аларды таштаган адамга ырайым кылынат.
14 Кудайдын алдында ар дайым коркуп жашаган адам бактылуу, ал эми жєрљгєн љжљрлљнткљн адам кырсыкка кабылат.
15 Жакыр элге єстљмдєк кылган мыйзамсыз љкємдар айкырган арстандай, ачка аюудай.
16 Акылы жок љкмљт башчысы кљп кысымчылык кљрсљтљт, ал эми ачкљздєктє жек кљргљн љкємдардын љмєрє узун болот.
17 Адамдын канын тљгєп айыптуу болгон адам бирљљ кармап албасын деп, кљргљ киргенге чейин качып жєрєп љтљт.
18 Тєз жєргљн адам зыян тартпайт, ал эми туура эмес жолдор менен жєргљн адам ошол жолдордун биринде чалынып жыгылат.
19 Жерин иштеткен адам нанга тоёт, бекерпоздорду туураган адам жокчулукка тоёт.
20 Ишенимдєє адам батага бай, ал эми байыганга ашыккан адам жазаланбай калбайт.
21 Бет карама болуу жакшы эмес, андай адам бир сындырым нан єчєн да адилетсиздикке барат.
22 Ичи тар киши байлыкка ашыгат, башына жакырчылык келерин ойлобойт.
23 Тили менен жасакерленген адамга караганда бетке айткан адам акыры чоњ ылым табат.
24 Љз атасы менен љз энесин тоноп, «Бул кєнљљ эмес» деген адам – каракчылардын шериги.
25 Менменсинген адам чыр-чатак чыгарат, ал эми Тењирден ємєттљнгљн адам жыргал турмуш љткљрљт.
26 Љзєнљ таянган адам акылсыз, акылмандык менен жєргљн адам аман-эсен болот.
27 Жакырга берген адам жакырланып калбайт, ал эми аларга кљзєн жумуп койгон адам кљп каргышка калат.
28 Мыйзамсыздар бийликке келишкенде, адамдар жашына башташат; алар кулашканда, адил адамдар кљбљйљ башташат.
1 Айыбы ашкереленген адам моюн сунбай љжљрлљнєп койсо, кєтєлбљгљн жерден кыйрайт, дартына даба табылбайт.
2 Адил адамдар кљбљйљ баштаганда, эл шаттыкка бљлљнљт, ал эми мыйзамсыз адам єстљмдєк кылганда, эл онтойт.
3 Акылмандыкты сєйгљн адам атасын кубантат, ал эми бузулган аялдар менен жєргљн адам мал-мєлктє чачат.
4 Падыша акыйкаттык менен жерди бекемдейт, ал эми алык-салыкты кљбљйткљн падыша аны жакырчылыкка алып келет.
5 Досуна кошомат кылган адам анын бутуна тузак тартат.
6 Жаман адамдын кєнљљсє љзєнљ жайылган тор болот, ал эми адил адам кубанып, шаттанып жєрљт.
7 Адил адам жакырлардын ишин кылдаттык менен териштирет, ал эми мыйзамсыз адам ишти териштирбейт.
8 Бузулган адамдар шаарды дєрбљлљњгљ салышат, ал эми акылдуу адамдар дєрбљлљњдє басышат.
9 Акылдуу адам акылсыз адам менен соттошкондо, ачууланса да, кєлсљ да тынчтыгын жоготот.
10 Канкор адамдар ак ниет адамды жек кљрєшљт, ал эми адил адамдар анын љмєрє єчєн кам кљрєшљт.
11 Акылсыз адам бєт каарын чачат, ал эми акылдуу адам ачуусун басат.
12 Эгерде башкаруучу жалган сљз угуп жатса, анда анын кызматчыларынын баары – мыйзамсыз адамдар.
13 Жакыр менен паракор кезигишпей койбойт, экљљнљ тењ жарыкты Тењир берет.
14 Эгерде падыша кембагалдарды акыйкат соттосо, анда анын тагы тєбљлєккљ бекемделет.
15 Чыбык жана ашкерелљљ акылмандык берет, бирок љз эркине коюлган уул энесин уятка калтырат.
16 Мыйзамсыз адамдар кљбљйгљндљ, мыйзамсыздык кљбљйљт, бирок адил адамдар алардын кыйраганын кљрєшљт.
17 Уулуњду жазала, ошондо ал жаныња тынчтык берип, кубаныч тартуулайт.
18 Кудайдан аян болмоюнча, эл ооздукталбайт, ал эми Кудайдын мыйзамын сактаган адам бактылуу.
19 Кулду сљз менен єйрљтљ албайсыњ, анткени ал сљздє тєшєнсљ да, тил албайт.
20 Алды-артын ойлобой сєйлљгљн адамды кљрдєњ беле? Ага ємєттљнгљнгљ караганда, акылсызга кљбєрљљк ємєттљнсљ болот.
21 Эгерде кулду бала чагынан эркелетип тарбияласањ, акыры ал сага бала болгусу келет.
22 Каардуу адам чыр-чатак чыгарат, ачуусу чукул адам кљп кєнљљ кылат.
23 Адамды љзєнєн текебердиги кемсинтет, ал эми момун адам урматка ээ болот.
24 Ууру менен єлєштљш болгон адам љз жанын жек кљрљт, ал каргыштарды укса да, бул жљнєндљ эч кимге айтпайт.
25 Адамдардан коркуу тузак коёт, ал эми Тењирден ємєттљнгљн адам коопсуз болот.
26 Адамдардын кљбє башкаруучунун алдында ырайым тапкысы келет, бирок адамдын тагдыры Тењирдин колунда.
27 Мыйзамсыз адам адил адамдар єчєн жийиркеничтєє, тєз жол менен жєргљн адам мыйзамсыз адам єчєн жийиркеничтєє.
1 Жакеп уулу Агурдун сљздљрє. Ал кишинин Итиелге жана Ухалга айткан, адамды шыктандырган накыл сљздљрє мындай:
2 «Чындыгында, эл ичинде мен эњ акылсыз адаммын, менде адамдык акыл жок.
3 Мен акылмандыкты да єйрљнљ алган жокмун, менде ыйык адамдарда болгон Кудайды таанып билєє да жок.
4 Асманга кљтљрєлєп, кайра тєшкљн барбы? Шамалды чогултуп, кош уучуна салып алган барбы? Сууну кийимине тєйєп алган барбы? Жердин бєт чектерин ким койду? Анын аты ким? Анын баласынын аты ким? Билесињби?
5 Кудайдын ар бир сљзє таза, Ал – Љзєнљ таянгандарга калкан.
6 Ал сени ашкерелебеши єчєн, алдамчы болуп калбашыњ єчєн, Анын сљздљрєнљ эч нерсе кошпо.
7 Мен Сенден эки нерсе сурайын, орундатпай койбо:
8 бул жашоомдо менден курулай убаракерчиликти жана алдамчылыкты алыс кыл, мени бай да, жакыр да кылба, мени кєндљлєк турмушта эњ зарыл болгон нан менен камсыз кыл.
9 Ашыра тоюп алып, Љзєњдљн баш тартпайын, “Тењир ким?” деп айтпайын же жакырданып кетип, уурулук кылбайын, Кудайымдын атын курулай атабайын.
10 Каргышына калбашыњ єчєн, кєнљљлєє болуп калбашыњ єчєн, кулду мырзасынын алдында жамандаба.
11 Атасына наалат айткан, энесине ыраазы болбогон адамдар бар.
12 Љзєнєн ыпыластыгынан жуулбай туруп, љзєн тазамын деп эсептеген адамдар бар.
13 Менменсинген, боюн кљтљргљн адамдар бар.
14 Жер єстєндљгє жакырларды жана эл ичиндеги жарды-жалчыларды жей турган тиштери кылыч, жаактары шамшар болгон адамдар бар.
15 Тойбостун “Келе, келе” деген эки кызы бар. Тойбогон єч нерсе бар, “Жетет” дебеген тљрт нерсе бар.
16 Булар: љлгљндљр жаткан жай жана тукумсуз жатын, сууга тойбогон жер жана “Жетишет” дебеген от.
17 Атасын мыскылдаган, энесине баш ийбеген кљздє чљл кузгундары чокуп салат, бєркєттєн барчындары жеп салат.
18 Мен єчєн єч нерсе кол жеткис, тљрт нерсени тєшєнбљйм:
19 асмандагы бєркєт жолу, аскадагы жылан жолу, дењиздеги кеме жолу, кызга барган жигиттин жолу.
20 Бузулган аялдын жолу да ошондой: жеп бєтєп, оозун аарчып: “Мен эч кандай жамандык кылган жокмун”, – дейт.
21 Yч нерседен жер солкулдайт, тљрт нерсени кљтљрљ албайт:
22 кулдун падыша болгонуна, акылсыздын нанды тоё жегенине,
23 бузулган аялдын кєйљљгљ тийгенине, кєњдєн љзєнєн мырзайымынын ордун ээлеп алганына.
24 Жер єстєндљ тљрт майда жаныбар бар, бирок алар акылдуулардан да акылдуу:
25 кумурскалар, кєчтєє эл эмес, бирок алар љздљрєнєн азыгын жайында камдап алышат;
26 тоо чычкандары, алсыз эл, бирок алар єйлљрєн аскаларга салышат;
27 чегирткелер, алардын падышасы жок, бирок бардыгы тизилип чыгышат;
28 жљргљмєштљр, алар буттары менен илинип турушат, бирок падышанын ак сарайларында болушат.
29 Басканы сонун єч нерсе бар, жєрєшє укмуш тљрт нерсе бар:
30 арстан, ал – жырткычтардын эњ кєчтєєсє, эч кимге жол бербейт;
31 жылкы, эчки жана љз элинин арасындагы падыша.
32 Эгерде сен љзєњдєн текебердигињ менен акылсыздык кылып, бирљљгљ жамандык ойлогон болсоњ, анда колуњ менен оозуњду жап.
33 Анткени сєттє бышса май тєшљт, мурунга урса кан чыгат, ошондой эле ачууну козгосо чатак чыгат».
1 Лемуел падышанын сљздљрє. Энесинин ага айткан акыл-насааттары булар:
2 «Эмне болду, уулум? Эмне болду, жатынымдан чыккан уулум? Эмне болду, убада берип тљрљгљн уулум?
3 Кєчєњдє аялдарга бербе, жолдоруњду падышаларды ойрон кылган бузулган аялдарга бербе.
4 Лемуел, падышаларга шарап, мырзаларга кєчтєє ичимдик ичкенге болбойт.
5 Алар ичкилик ичип алып, мыйзамды унутуп коюшпасын, эзилгендерге адилетсиздик кылышпасын.
6 Ичкиликти љлєп бара жаткан адамга бергиле, шарапты кайгыга баткан адамга бергиле.
7 Ал ичип, жакырлыгын унутсун, љзєнєн кайгысын эсинен чыгарсын.
8 Оозуњду сєйлљй албай тургандар єчєн, жетимдерди коргош єчєн ач.
9 Оозуњду акыйкаттык єчєн, алсыздар менен жарды-жалчылардын иши єчєн ач».
10 Ким жакшы аял таба алат? Анын баасы асыл берметтерден да жогору.
11 Ага кєйљљсєнєн жєрљгє ишенет, кєйљљсє кирешесиз калбайт.
12 Ал кєйљљсєнљ љмєрє љткљнчљ жамандык менен эмес, жакшылык менен гана кайтарат.
13 Ал жєн, зыгыр буласын љндєрљт, љз колу менен чын жєрљктљн иштейт.
14 Ал аял соодагерлердин кемелерине окшоп, љзєнєн нанын алыстан табат.
15 Ал тањ ата электе эле туруп, єйєндљгєлљргљ тамак берип, кєњдљрєнљ белгиленген иштерди тапшырат.
16 Жер алгысы келсе, ага да ээ болот. Љз колунун жемиши менен жєзємзар отургузат.
17 Белин бекем бууп, булчуњдарын чыњайт.
18 Ал љз ишинин жакшы экенин сезет, анын чырагы тєн ичинде да љчпљйт.
19 Колун жип ийрєєчє чарыкка сунат, колуна ийик алат.
20 Жардыларга алаканын ачат, муктаж болгондорго колун сунат.
21 Суук болгондо єй-бєлљм єшєйт деп коркпойт, анткени анын бєт єй-бєлљсє эки сыйрадан кийим кийген.
22 Ал љзєнљ килем согот, ак мата менен кызыл шайыдан кийим киет.
23 Анын кєйљљсє – кадырлуу адам, дарбаза алдында уруу аксакалдары менен отурат.
24 Ал жабуу жасап сатат, финикиялык соодагерлерге кур жеткирет.
25 Кєч менен сулуулук – анын кийими, ал келечекке кубанычтуу карайт.
26 Акылмандык менен сєйлљйт, момундук менен акыл-насаат айтат.
27 Ал љз єйєндљгє чарбасына кљз салат, бекер тамак жебейт.
28 Балдары туруп, аны сыйлашат, кєйљљсє туруп, аны мактайт:
29 «Жакшы аялдар кљп болгон, бирок сен алардын баарынан ашып тєштєњ».
30 Сєйкємдєєлєк алдап кетет, сулуулук љтєп кетет, бирок Тењирден корккон аял мактоого татыктуу.
31 Ага љз колунан чыккан жемишинен бергиле, иштери аны дарбаза алдында дањктасын!