НАСААТЧЫ

1-БЉЛЄМ

Бардыгы курулай убаракерчилик

1 Иерусалимдеги падыша Дљљттєн уулу, Насаатчынын сљздљрє.

2 «Тєйшєктєн тєйшєгє, – деди Насаатчы, – тєйшєктєн тєйшєгє – бардыгы тєйшєк!

3 Адамга љзєнєн кєн астында мээнеттенген эмгегинен эмне пайда?

4 Бир муун љтљт, бир муун келет, жер болсо кылымдан кылымга тура берет.

5 Кєн чыгат, кєн кайра батат, ал љзєнєн ордуна, чыккан жерине шашат.

6 Шамал тєштєккљ согот, андан тєндєккљ љтљт, ал љз жолу менен тегеренип жєрєп, чыккан жерине кайтат.

7 Дарыялардын баары дењизге барып куят, бирок дењиз ашып-ташып кетпейт, кайра агыш єчєн, дарыялар љздљрєнєн чыккан жерине кайтышат.

8 Бардыгы эмгектенєєдљ. Эч ким аны сљз менен айтып жеткире албайт. Кљз кљргљнєнљ тойбойт, кулак укканына тойбойт.

9 Мурун эмне болсо, азыр да ошол боло берет, мурун эмне жасалса, азыр да ошол жасала берет, демек, кєн астында жањы эч нерсе жок.

10 Адамдар: “Карасањ, бул – жањы нерсе”, – деп айта турган бир нерсе болушу мємкєн, бирок ал бизден мурун, љткљн кылымдарда эле болгон.

11 Мурун болгон нерселер эстелбейт, ошондой эле боло турган нерселер кийинкилердин эсинде калбайт.

Насаатчынын турмуштук тажрыйбасы

12 Мен, Насаатчы, Иерусалимде Ысрайылдын падышасы болгом.

13 Мен асман астында эмне болуп жатса, ошонун баарын акыл менен сынаганга, изилдегенге кљњєл койдум: бул татаал ишти Кудай адам баласына машыгып турсун деп берген.

14 Мен кєн астында жасалып жаткан иштердин баарын кљрдєм, анын бардыгы – курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу!

15 Ийри тєзљлбљйт, жок нерсени бар деп эсептљљгљ болбойт.

16 Мен љзємљ љзєм мындай дедим: “Мына, мен Иерусалимге менден мурун бийлик кылгандарга караганда кљбєрљљк акылмандуулукка ээ болдум. Менин жєрљгєм кљп акылмандыкты жана кљп билимди кљрдє”.

17 Мен акылмандыкты таанып билєєгљ, акылсыздык менен тєркљйлєктє таанып билєєгљ кљњєл койдум. Бул да рухтун кыйналуусу экенин билдим.

18 Анткени акылмандуулук канчалык кљп болсо, кайгы ошончолук кљп, билимин арттырган адам кайгысын арттырат.

2-БЉЛЄМ

1 Мен жєрљгємдљ: “Мен сени шаттык менен сынап кљрљйєн, жакшы нерселерден ыракат ал”, – дедим. Бирок бул да курулай убаракерчилик экен!

2 Мен кєлкє тууралуу: “Бул – акылсыздык», – дедим, ал эми шаттык тууралуу: «Мындан эмне пайда?” – дедим.

3 Жєрљгємдљ денемди шарап менен ыракаттандырайын деген ойго келдим. Бирок жєрљгємдє акыл башкаргандыктан, адам баласы єчєн эмне жакшы экенин, ал љзєнєн кыска љмєрєндљ, асман астында эмне кылыш керек экенин билєє єчєн, акылсыздыкты сынап кљрљйєн дедим.

4 Мен чоњ иштерди жасадым: љзємљ єйлљрдє, жєзємзарларды отургуздум,

5 бакчаларды, сейил бактарды љстєрдєм, аларга мљмљлєє дарактардын тєрєн отургуздум.

6 Токойдо љскљн бак-дарактарды сугарып туруу єчєн, кљлмљлљрдє курдум.

7 Кулдарды жана кєњдљрдє сатып алдым, менин єйємдљ тљрљлгљн кулдар да бар болчу. Ошондой эле менин бодо жана майда малым Иерусалимде менден мурун жашагандардын баарыныкынан кљп болчу.

8 Падышалардан жана дубан башчылардан алтын, кємєш, кымбат баалуу таштарды чогулттум. Кљп ырчы кыз-жигиттерди кєттєм, адам баласынын ырахаты болгон ар тєрдєє музыкалык аспаптарым бар эле.

9 Ошентип, мен Иерусалимде менден мурун жашагандардын баарынан улуу жана бай адам болдум; акылмандыгым да мага жардам берди.

10 Кљзємдєн бир да каалоосун четке каккан жокмун. Жєрљгєм каалаган кубанычты тыйган жокмун, анткени жєрљгєм менин бардык иштериме кубанып турду, бул менин бардык иштеримден алган єлєшєм болду.

11 Анан мен љз колум менен жасаган иштердин баарын жана љзєм эмгектенген эмгегимди карап, мындай чечимге келдим: бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу, кєн астында алардан пайда жок!

12 Ошондо мен акылмандыкка да, акылсыздыкка да, тєркљйлєккљ да кљз салып кљрљйєнчє деп кайрылдым. Падышадан кийин келген адам эмне кыла алат? Буга чейин жасалып келген нерсени эле кыла алат.

13 Ошентип, мен карањгылыктын жанында жарык кандай артыкчылыкка ээ болсо, акылсыздыктын жанында акылмандык ошондой артыкчылыкка ээ экенин кљрдєм.

14 Акылмандын кљзє љз башында, ал эми акылсыз карањгылыкта жєрљт. Бирок баарынын башына бир эле нерсе тєшљрєн билдим.

15 Анан жєрљгємдљ мындай дедим: “Акылсыздын башына тєшкљн нерсе, менин башыма да тєшљт, андай болсо эмне єчєн мен абдан акылдуу болдум?” Ошондо: “Бул да – курулай убаракерчилик”, – дедим.

16 Анткени акылдууну деле акылсыздай тєбљлєккљ унутушат, келечекте бардыгы унутулат. Тилекке каршы, акылдуу да акылсыз сыяктуу эле љлљт.

17 Мен љмєрдє жек кљрєп калдым, анткени кєн астында жасалып жаткан иштердин бардыгы мага жакпай калды. Анткени бардыгы курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

18 Ошентип, мен кєн астында жасаган эмгегимдин бардыгын жек кљрєп калдым, анткени мен аны љзємдљн кийинки адамга калтырышым керек.

19 Анын акылдуу болорун же акылсыз болорун ким билет? Бирок ал менин кєн астында акылмандуулук кылып эмгектенген иштеримдин баарына ээлик кылат. Бул да курулай убаракерчилик экен!

20 Ошондо мен жєрљгємдє кєн астында кылган бардык эмгектеримден кљњєл калууга бурдум,

21 анткени кайсы бир адам акылын, билимин колдонуп, ийгиликтєє эмгектенип, анан бардыгын эмгектенбеген адамга ошонун єлєшє болгонсуп калтырууга тийиш. Бул да курулай убаракерчилик жана чоњ жамандык экен!

22 Ошондуктан адам кєн астында эмгектенген бардык эмгегинен, жєрљгєнєн тєйшєктљрєнљн эмне табат?

23 Анткени анын бєт љмєрє – кайгы, бардык эмгеги – тынчсыздануу. Атєгєл, тєн ичинде анын жєрљгє тынч албайт. Бул да курулай убаракерчилик экен!

24 Ичип-жеп жыргоо, љз эмгегинен ыракат алуу да адамдын бийлигинде эмес. Мен бул нерсе да Кудайдын колунда экенин кљрдєм.

25 Анткени Ансыз ким ичип-жеп, ыракаттана алат?

26 Анткени Тењир Љзєнљ жаккан адамга акыл да, билим да, кубаныч да берет, ал эми кєнљљкљр адамга жыюу, чогултуу тєйшєгєн берет. Анан анын жыйгандарын Кудай Љзєнљ жаккан адамга берет. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

3-БЉЛЄМ

Бардык нерсенин љз убагы бар

1 Бардык нерсенин љз убагы бар, асман астындагы ар бир нерсенин љз убагы бар.

2 Тљрљлљ турган убак бар, љлљ турган убак бар. Отургуза турган убак бар, жула турган убак бар.

3 Љлтєрљ турган убак бар, дарылай турган убак бар. Буза турган убак бар, кура турган убак бар.

4 Ыйлай турган убак бар, кєлљ турган убак бар. Кайгыра турган убак бар, бийлей турган убак бар.

5 Таштарды чача турган убак бар, таштарды жыйнай турган убак бар. Кучакташа турган убак бар, кучакташпай турган убак бар.

6 Издей турган убак бар, жогото турган убак бар. Сактай турган убак бар, таштай турган убак бар.

7 Жырта турган убак бар, жамай турган убак бар. Унчукпай турган убак бар, сєйлљй турган убак бар.

8 Сєйљ турган убак бар, жек кљрљ турган убак бар. Согуша турган убак бар, тынч жашай турган убак бар.

9 Жумушчуга љзєнєн иштеген ишинен эмне пайда?

10 Кудай адам баласына машыксын деп берген мына ушул тєйшєктє кљрдєм.

11 Адам Кудайдын жасап жаткан иштерин башынан аягына чейин тєшєнљ албаса да, Ал бардык нерсени љз убагында сонун кылып жасады, алардын жєрљгєнљ тєбљлєктєєлєктє салды.

12 Адамга љз љмєрєндљ кубануудан жана жакшылык кылуудан артык эч нерсе жок экенин тєшєндєм.

13 Эгерде адам ичип-жеп, ар бир ишинин єзєрєн кљрєп жатса, анда бул – Кудайдын белеги.

14 Кудай жасагандын бардыгы тєбљлєктєє экенин тєшєндєм, ага эч нерсе кошууга да, андан эч нерсени алууга да болбойт. Кудай Љзєнљн коркуп турушу єчєн ушундай кылып жараткан.

15 Мурун болгон нерсе азыр да бар, боло турган нерсе мурун да болгон. Кудай љткљндє кайра чакырат.

Дєйнљдљгє адилетсиздик жљнєндљ

16 Дагы мен кєн астынан адилеттик боло турган жерде мыйзамсыздык болуп жатканын кљрдєм, чындык боло турган жерде алдамчылык болуп жатканын кљрдєм.

17 Ошондо мен жєрљгємдљ мындай деп айттым: “Адил адамды да, мыйзамсыз адамды да Кудай соттойт, анткени ар бир нерсенин љз убагы бар, ал жерде ар бир иштин єстєнљн сот болот”.

18 Мен жєрљгємдљ адам баласы тууралуу мындай дедим: “Аларды Кудай сынасын, алар љздљрєнєн жаныбар сыяктуу эле экенин кљрєшсєн”.

19 Анткени адам баласынын єлєшє менен жаныбарлардын єлєшє бир. Адамдар љлгљндљй эле, булар да љлєшљт, бардыгы бирдей дем алат, адамдын жаныбардан эч кандай артыкчылыгы жок, анткени бардыгы – курулай убаракерчилик!

20 Бардыгы бир жерге барат, бардыгы топурактан жаралган, бардыгы кайра топуракка айланат.

21 Адам баласынын жаны жогору кљтљрєлљбє, жаныбарлардын жаны тљмљн жакка тєшљбє, муну ким билет?

22 Ошентип, мен адам єчєн љз иштери менен ыракаттангандан артык эч нерсе жок экенин кљрдєм, анткени бул – анын єлєшє. Љзєнљн кийин эмне болорун кљргљнгљ аны ким алып келет?

4-БЉЛЄМ

1 Анан мен кєн астында болуп жаткан ар кандай эзєєнє кљрдєм: мына, эзилгендердин кљз жашы агып жатат, бирок алардын сооротуучусу жок. Аларды эзип жаткандардын колунда – кєч, ал эми алардын сооротуучусу жок.

2 Ошондо мен ушул кєнгљ чейин жашап жаткан тирєєлљргљ караганда небак љлгљндљр бактылуу деп эсептедим.

3 Ал эми бул экљљнљ караганда тљрљлбљгљндљр – кєн астында болуп жаткан кыянат иштерди кљрбљгљндљр бактылуу.

4 Мен ар бир эмгек, ар бир иштин ийгилиги адамдар арасында љз ара кљрљ албастыкты туудуруп жатканын кљрдєм. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

5 Акылсыз адам колун куушуруп отура берип, љз денесин жейт.

6 Мээнет жана рухтун кыйналуусу менен табылган кош уучка караганда тынчтык менен табылган бир ууч артык.

7 Анан мен кєн астындагы дагы бир курулай убаракерчиликти кљрдєм:

8 жалгыз адам, анын эч кимиси жок, баласы да, бир тууганы да жок, бирок иши бєтпљйт, кљзє да байлыкка тойбойт. “Деги мен ким єчєн эмгектенип, жанымды жыргалдан ажыратып жатам?” Бул да курулай убаракерчилик жана жакшы иш эмес экен!

9 Жалгыз болгонго караганда, экљљ болгон жакшы, анткени алар љздљрєнєн эмгеги єчєн жакшы сыйлык алышат.

10 Анткени бирљљ жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок жыгылса тургузары жок жалгыз адамга кайгы.

11 Эгерде экљљ чогуу жатса, аларга жылуу болот. Ал эми жалгыз адам кантип жылыйт?

12 Эгерде кимдир бирљљ жалгыз адамды жење ала турган болсо, анда экљљ ага каршы тура алат. Єч катталган жип да оњой менен єзєлбљйт.

13 Кары, бирок кењешти кабыл алганды билбеген акылсыз падышага караганда жарды, бирок акылдуу жаш улан артык.

14 Ал љз љлкљсєндљ жарды болуп тљрљлсљ да, зындандан падышачылык кылганы чыгат.

15 Мен кєн астында жєргљн адамдардын баары анын ордун ээлей турган башка улан менен бирге жєргљнєн кљрдєм.

16 Анын алдында турган элге сан жетпейт, бирок кийинкилер ага кубанышпайт. Бул да курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

17 Кудайдын єйєнљ баратканыњда, бутуњду байка, баарынан да, укканга даяр бол. Анткени бул акылсыздардын курмандык чалганына караганда жакшы, анткени алар жаман иш кылып жатканын тєшєнєшпљйт.

5-БЉЛЄМ

Ойлонбой убада берєєдљн абайлатуу

1 Сєйлљгљнгљ шашылба, жєрљгєњ да Кудайдын алдында сєйлљгљнгљ ашыкпасын, анткени Кудай асманда, сен болсо жердесињ, ошондуктан аз сєйлљ.

2 Тєштљр тєйшєктєн кљптєгєнљн кирет; акылсыздын єнє кљп сєйлљгљнєнљн билинет.

3 Кудайга убада берсењ, аны кечиктирбей аткар, анткени Ал акылсыздарга ырайым кылбайт, берген убадањды аткар.

4 Убада берип аткарбай койгондон кљрљ, убада бербегенињ жакшы.

5 Тилињдин денењди кєнљљгљ батыруусуна жол бербе. Кудайдын периштесинин алдында: “Бул – жањылыштык”, – дебе. Болбосо Кудай сенин сљзєњљ каарданып, колуњ менен кылган иштерињди кыйратып салат.

6 Анткени кљп тєш кљргљндљн курулай убаракерчилик жана сљз кљп болот, бирок сен Кудайдан корк.

7 Эгерде сен кайсы бир дубанда кедейлер кысымга алынып, адилеттик менен чындык бурмаланып жатканын кљрсљњ, буга тањ калба, анткени жогоркунун єстєнљн андан жогорку карап турат, анын єстєнљн эњ жогорку кљз салып турат.

8 Љлкљнєн артыкчылыгы болсо љлкљсє єчєн кам кљргљн падыша болуп эсептелет.

9 Кємєштє сєйгљн адам кємєшкљ тойбойт. Байлыкты сєйгљн адам андан пайда таппайт. Бул да – курулай убаракерчилик!

10 Мал-мєлк кљбљйгљн сайын, аны пайдалангандар да кљбљйљт. Ага ээлик кылгандар аны карап туруудан бљлљк кайсы бакытты табышат?

11 Кљп жейби, аз жейби, эмгекчинин уйкусу таттуу. Ал эми байдын ашыра тоюп алганы љзєнљ уйку бербейт.

12 Мен кєн астында кайгылуу нерсе бар экенин кљрдєм: байлык, сактап жєргљн ээсине зыян келтирет.

13 Ал байлык кєтєлбљгљн кырсыктардан жок болот: андан уул тљрљлдє, бирок анын колунда эч нерсе жок.

14 Ал энесинин курсагынан кандай жылањач чыкса, ошондой жылањач кетет, љз эмгегинен колуна эч нерсе кљтљрєп кете албайт.

15 Бул да кайгылуу нерсе: ал кандай келсе, ошондой кетет. Текке кеткен эмгегинен ал эмне пайда тапты?

16 Ал болсо љмєрє љткљнчљ карањгыда, туталанып, капаланып, ачууланып тамак жеген.

17 Мен жакшы жана жагымдуу нерсени да таптым, бул – адамдын љзєнєн Кудай берген бєт љмєрєндљ кєн астында кылган бардык эмгегинен ыракат алуусу, жеп-ичєєсє, анткени бул – анын єлєшє.

18 Эгерде кайсы бир адамга Кудай байлык жана мал-мєлк берсе жана ага аларды пайдаланууга бийлик берсе, љз єлєшєн алса, эмгегинин єзєрєн кљрсљ, анда бул – Кудайдын белеги.

19 Ал љз жашоосунун кыскалыгы жљнєндљ кљп ойлонбойт, анткени Кудай анын жєрљгєн кубанычка толтурган.

6-БЉЛЄМ

1 Мен кєн астынан дагы бир жамандыкты кљрдєм, бул нерсе адамдар арасында кљп кездешет.

2 Кудай адамга байлыкты да, мал-мєлктє да, атак-дањкты да берет, анын жаны эч нерседен кем эмес, анын каалаганынын баары бар, бирок Кудай ага аларды пайдаланууга жол бербейт, аларды башка киши пайдаланат. Бул – курулай убаракерчилик жана оор дарт!

3 Эгерде кайсы бир адам жєз балалуу болуп, кљп жыл жашаса, анын љмєрє дагы узарса, бирок анын жаны жакшылык кљрєп ыракаттанбаса, атєгєл, аны кљмєшпљсљ, анда мен: “Ага караганда бойдон тєшкљн бала бактылуу, – дээр элем.

4 Анткени ал бекер эле келип, карањгылыкка кетти. Анын ысымын карањгылык жашырып коёт.

5 Ал кєндє кљргљн да, билген да эмес. Тигиге караганда буга тынчыраак.

6 Ал эми тиги эки мињ жыл жашап, жакшылык кљрєп ыракаттанбаса да, баары эле бир жерге барат эмеспи!”

7 Адамдын бєткєл эмгеги – кекиртеги єчєн, бирок анын жаны тойбойт.

8 Акылдуу акылсыздын алдында кандай артыкчылыкка ээ? Адамдар менен мамилелешкенди билген жардынын кандай артыкчылыгы бар?

9 Жаны менен адашканча, кљзє менен кљргљн артык. Бул да ошондой эле курулай убаракерчилик жана рухтун кыйналуусу экен!

10 Азыр бар нерсеге мурун эле ат коюлган, ал адам экени да белгилєє, анын љзєнљн Кєчтєє менен талашып-тартыша албасы да белгилєє.

11 Тєйшєктє арбыткан ушундай нерселер кљп. Деги адам єчєн эмне жакшы болду экен?

12 Жашоодо адам єчєн эмне жакшы экенин ким билет? Анын тєйшєктєє љмєрє кљлљкљ сыяктуу љтєп кетет. Адамдын кљзє љтєп кеткенден кийин, кєн астында эмне болорун ага ким айтып берет?

7-БЉЛЄМ

Жашоо жљнєндљ ой жєгєртєє

1 Жакшы ат кымбат баалуу, жыпар жыттуу майдан артык, љлгљн кєн туулган кєндљн артык.

2 Той болуп жаткан єйгљ баргыча, љлгљн кишини жоктоп ыйлап жаткан єйгљ барган жакшы, анткени ар бир адам љлљт, тирєє адам муну жєрљгєнљ салып койсун.

3 Кєлкєгљ караганда кайгы жакшы, анткени адам кайгырганда, жєрљгє жакшы болуп калат.

4 Акылдуу адамдардын жєрљгє – ыйлагандардын єйєндљ, ал эми акылсыз адамдардын жєрљгє – кљњєл ачкандардын єйєндљ.

5 Акылсыздардын ырларын уккандан кљрљ, акылмандын ашкерелегенин уккан жакшы.

6 Анткени акылсыздардын кєлкєсє – казандын астындагы тикенектин чартылдаганындай. Бул да – курулай убаракерчилик!

7 Акылдуу адам башка бирљљлљрдє кысымга алып акылсыз болот. Белек жєрљктє бузат.

8 Иштин аягы иштин башталышынан жакшы, чыдамкай адам менменсинген адамдан артык.

9 Ачууланганга шашпа, анткени ачуу акылсыздардын жєрљгєндљ уялайт.

10 “Эмне єчєн азыркы кєндљргљ караганда љткљн кєндљр жакшы эле?” дебе, анткени сен муну акылдуу болгонуњдан сурап жаткан жоксуњ.

11 Акылмандуулук мурас сыяктуу эле жакшы, айрыкча кєндє кљрєп тургандарга жакшы.

12 Анткени анын далдаасында болуу – кємєштєн далдаасында болууга барабар. Бирок билимдин артыкчылыгы бул: акылмандык акылмандыкка ээ болгон адамга љмєр берет.

13 Кудайдын кылган ишине кљз чаптыр: Ал кыйшык кылып койгон нерсени ким тєздљй алат?

14 Бакыбат кєндљрє кубан, ал эми бактысыздык болуп турган кєндљрє ойлон. Адам баласы љзєнєн келечеги жљнєндљ билбесин деп, аны да, муну да Ал Љзє кылган.

15 Мен љзємдєн тєйшєктєє љмєрємдљ баарын: адил адамдын адил жашап жєрєп љлгљнєн, мыйзамсыз адам мыйзамсыздык кылып кљп жашаганын кљрдєм.

16 Љзєњдє љтљ адил адам кылып кљрсљтпљ, акылдуусунба, љзєњдє љзєњ ойрон кылып эмне кыласыњ?

17 Кєнљљгљ берилбе, акылсыз болбо, мезгилсиз љлгљндєн сага эмне кереги бар?

18 Эгерде сен бирин сактап, экинчисинен да колуњду албасањ, анда жакшы, анткени Кудайдан корккон адам экљљнљн тењ качып кутулат.

19 Акылмандык акылдуу адамды шаардагы он љкємдардан кєчтєє кылат.

20 Жер єстєндљ жакшылык кылып, кєнљљ кылбаган бир да адил адам жок.

21 Кулуњдун сени жамандап жатканын угуп калбашыњ єчєн, айтылган ар кандай сљзгљ кљњєл бура бербе.

22 Анткени сенин жєрљгєњ љзєњдєн да бирљљлљрдє жамандаган учурларыњды жакшы билет.

23 Мен мунун баарын акылмандык менен сынап кљрдєм, мен: “Акылдуу адам болом”, – дедим, бирок акылмандык менден алыс.

24 Болуп љткљн нерсе алыс жана терењ: аны ким таанып биле алат?

25 Мен акылды жана акылмандыкты билгенге, изилдегенге, издеп тапканга жана акылсыздын мыйзамсыздыгын жана наадандыкты, акылсыздыкты таанып билгенге кљњєл койдум.

26 Ошондой эле мен аялдын љлємдљн да ачуу экенин тєшєндєм, анткени аял љзє – тор, жєрљгє – тузак, колу – кишен. Кудайдын алдында адил адам андан куткарылат, ал эми кєнљљкљр анын торуна тєшљт.

27 Биринин артынан бирин сынап жатып, мен мына ушуну тєшєндєм, – деди Насаатчы.

28 Менин жаным издеп, бирок таба албаган дагы эмне бар? Мињдин арасынан бир гана эркек таптым, алардын арасынан бир да аял таппадым.

29 Мен муну гана тєшєндєм: Кудай адамды адил кылып жараткан, бирок адамдар ар кандай ойлоп чыгарылган нерселерге берилип кетишкен.

8-БЉЛЄМ

1 Ар кандай нерсенин маанисин акылман тєшєнгљндљй ким тєшєнљ алат? Адамдын акылдуулугу љзєнєн жєзєн жарык кылат, анын катаал жєзє љзгљрљт.

Падышага баш ийєє

2 Мен мындай кењеш берем: “Падышанын сљзєн Кудайдын алдындагы антты аткаргандай аткар.

3 Анын алдынан кеткенге шашпа, жаман ишињден кайтпай туруп алба, анткени ал каалаганынын баарын кылып коё алат”.

4 Падышанын сљзє бар жерде бийлик бар. Ага: “Эмне кылып жатасыњ?” – деп, ким айта алат?

5 Осуятты сактаган адам эч жамандык кљрбљйт: акылдуу адамдын жєрљгє убакытты да, мыйзамды да билет.

6 Анткени ар бир нерсенин љз убактысы, љз мыйзамы бар. Бирок адамдын кљп жамандык кљргљнє –

7 келечекте эмне болорун билбегенинде. Келечеги кандай болорун ага ким айтып берет?

8 Адамдын шамалды кармап калыш єчєн, шамалдын єстєнљн бийлиги жок, анын љлєм келген кєндєн єстєнљн бийлиги жок, согуш учурунда бошонуу жок, мыйзамсызды мыйзамсыздык куткара албайт.

Мыйзамсыздар жана адил адамдар

9 Мен булардын баарын кљрдєм, кєн астында болуп жаткан ар кандай иштерге кљњєл койдум. Адам адамдын єстєнљн бийлик кылып, ага зыян келтирген учур да болот.

10 Мен ошондо ыйык жерге келип-кетип жєргљн мыйзамсыздарды кљмєп жатышканын кљрдєм. Алар шаарда ушундай иштерди кылышчу, бирок ошол шаардын тургундары аларды унутуп коюшканын кљрдєм. Бул да курулай убаракерчилик экен!

11 Кыянат иштерди кылган адамдар дароо эле жазаланышпайт. Ушундан улам адам баласынын жєрљгє кыянаттык кылуудан коркпойт.

12 Кєнљљкљр адам жєз ирет кыянаттык кылса жана анысын уланта берсе да, мен Кудайдан корккондорго, Аны урматтагандарга жакшы болорун билем.

13 Ал эми мыйзамсыз адам жакшылык кљрбљйт, ким Кудайды урматтабаса, ал кљлљкљ сыяктуу кљпкљ турбайт.

14 Жер єстєндљ дагы мындай тєйшєк бар: мыйзамсыздар љз иштерине жараша кљрљ турганды адил адамдар кљрљт, ал эми адил адамдар љз иштерине жараша кљрљ турганды мыйзамсыздар кљрљт. Ошондо мен: “Бул да – курулай убаракерчилик!” – дедим.

15 Ошондо мен кубанычты мактадым, анткени адам єчєн кєн астында жеп-ичип кљњєл ачкандан артык эч нерсе жок. Кудай кєн астында берген љмєрє љткљнчљ, адамдын бєт эмгегин бул кубаныч коштоп жєрљт.

16 Мен акылмандуулукка жетєєгљ жана жер єстєндљ болуп жаткан иштерди, адам баласынын кєндєз да, тєн ичинде да уйку кљрбљй иштеген иштерин кљрєєгљ кљњєл койдум.

17 Ошондо мен Кудайдын бардык иштерин кљрєп, кєн астында болуп жаткан нерселерди адам баласы тєшєнљ албастыгын билдим. Адам аны изилдљљгљ канчалык аракеттенбесин, баары бир тєшєнљ албайт. Эгерде бир даанышман мен билем десе да, ал аны тєшєнљ албайт.

9-БЉЛЄМ

1 Мен ушулардын баарын изилдегенге кљњєл коюп, адил адамдар да, акылдуу адамдар да, алардын иштери да Кудайдын колунда экенин, адам љзєнєн алдында сєйєєбє же жек кљрєєбє, кайсынысы кєтєп турганын билбегенин билдим.

2 Баарына: адил адамга да, мыйзамсыз адамга да, ак ниетке да, кара ниетке да, тазага да, таза эмеске да, курмандык чалганга да, курмандык чалбаганга да, жакшылык кылганга да, кєнљљкљргљ да, ант бергенге да, анттан коркконго да бир єлєш.

3 Кєн астында болуп жаткан нерселердин ичинен эњ жаманы – бардыгынын єлєшє бир экендиги. Адам баласынын жєрљгє жамандыкка толгон, алардын жєрљгєндљ да, жашоосунда да акылсыздык. Анан алар љлгљндљргљ кошулушат.

4 Тирєєлљрдєн арасында жашаган адамдын дагы ємєтє бар, анткени љлгљн арстанга караганда тирєє дљбљткљ жакшы.

5 Тирєєлљр љлљ турганын билишет, ал эми љлгљндљр эч нерсе билишпейт, алар эми иштерине жараша тиешесин ала алышпайт, анткени алар унутулушат.

6 Алардын сєйєєсє да, жек кљрєєсє да, кызганчаактыгы да жок болду, мындан ары, тєбљлєккљ аларга кєн астында жасалып жаткан нерселердин эч биринен єлєш жок.

7 Ошондуктан Кудай сенин иштериње ийгилик берип турганда, бар, наныњды кубаныч менен же, жєрљгєњдљгє кубаныч менен шарабыњды ич.

8 Ар убакта кийимињ ак болсун, башыња сыйпалчу зайтун майы тєгљнбљсєн.

9 Тєйшєктєє љмєрєњ љткљнчљ, сєйгљн аялыњ менен жашоонун ыракатын кљр, Кудай сага кєн астындагы тєйшєктєє љмєр єчєн берген жашоонун ыракатын кљр, анткени бул – жашоодогу энчињ, кєн астында кылган эмгегињдин єзєрє.

10 Колуњдан келген иштерди алыњдын жетишинче жаса, анткени сен бара турган мєрзљдљ жумуш да, ой жєгєртєє да, билим да, акылмандуулук да жок.

11 Анан мен кєн астынан муну кљрдєм: жарышта жењип чыгуу кєлєктљргљ эле, жењишке жетєє эр жєрљктљргљ эле, нан акылмандарга эле, байлык акылдууларга эле, ылым табуу билимдєєлљргљ эле тиешелєє эмес экен, бардыгынын љз убагы, љз учуру бар экен.

12 Анткени адам љзєнєн мезгилин билбейт. Балыктар љлєм торуна тєшљт, канаттуулар кылтакка чалынат, ошол сыяктуу эле адам баласы да кєтєлбљгљн жерден кырсыкка кабылат.

Акылмандык жана акылсыздык жљнєндљ ой жєгєртєє

13 Мен кєн астынан дагы мындай акылмандыкты кљрдєм, ал мага маанилєє болуп кљрєндє:

14 Бир чакан шаар, анда жашаган адамдар да анча кљп эмес. Ал шаарга улуу падыша кол салып, аны курчап алып, камоо єчєн чеп курду.

15 Бирок ал шаардан бир акылдуу жакыр адам чыгып, љзєнєн акылы менен ошол шаарды куткарып алды. Ошентсе да ал жакыр адамды эч ким эскерген жок.

16 Ошондо мен мындай деп айттым: “Кєчкљ караганда акылмандык жакшы, ошондой болсо да жакыр адамдын акылмандыгын баркташпайт, анын сљзєн да угушпайт”.

17 Акылсыздар арасындагы љкємдардын кыйкырыгына караганда, акылдуу адамдын сабырдуулук менен айтылган сљздљрєн жакшы угушат.

18 Жоокердин курал-жарагына караганда акылмандык артык. Бирок кєнљљгљ баткан бир адам кљп жакшы нерсени ойрон кылат.

10-БЉЛЄМ

1 Љлгљн чымындар жыпар жыттуу майдын жытын бузат, кадыр-барктуу адамдын кичине акылсыздыгы да анын акылмандуулугу менен кадыр-баркына шек келтирет.

2 Акылдуу адамдын жєрљгє оњго, акылсыздын жєрљгє солго жетелейт.

3 Акылсыз кайсы жол менен бара жатса да, ага акыл жетишпейт, ал љзєнєн акылсыз экенин ар кимге эле айта берет.

4 Эгер башкаруучуњ сага каарданса, ордуњду таштап кетпе, анткени сабырдуулук чоњ кылмыштарды да жаап коёт.

5 Мен кєн астынан дагы бир жамандыкты кљрдєм, ал – љкємдардан кеткен жањылыштык:

6 акылсыздарды љтљ бийик орунга отургузушат, ал эми байлар тљмљнкє орунда отурушат.

7 Мен ат єстєндљ жєргљн кулдарды, ал эми тљрљлљрдєн кулдарга окшоп жљљ жєргљнєн кљрдєм.

8 Ор казган адам казган оруна љзє тєшљт. Дубалды ураткан адамды жылан чагат.

9 Ташты ордунан жылдырган адам бир жерин мертинтип алышы мємкєн. Отун жарган адам бир жерин кокустатып алышы мємкєн.

10 Эгерде балта мокоп калса, анын мизи курчутулбаса, анда кєчкљ салууга туура келет, бирок акылмандык муну оњдой алат.

11 Эгерде жылан дарымдаганга чейин чагып алса, анда дарымдоочудан эч кандай пайда жок.

12 Акылдуу адамдын оозунан чыккан сљз – ырайым, ал эми акылсыздын оозунан чыккан сљз љзєн љлтєрљт.

13 Анын оозунан чыккан сљздєн башы – акылсыздык, анын оозунан чыккан сљздєн аягы – акылдан адашкандык.

14 Адам алдыда эмне болорун билбегенине карабастан, акылсыз адам оозуна келгенди сєйлљй берет. Љзєнљн кийин эмне болорун ага ким айтып берет?

15 Эмгек акылсызды алсыратат, анткени ал шаарга бара турган жолду да билбейт.

16 Љлкљ, падышањ жаш бала болсо, сага кайгы! Тљрљлљрєњ тањ атпай тамак иче баштаса, сага кайгы!

17 Љлкљ, падышањ тектєє тукумдан болсо, сага жакшы! Тљрљлљрєњ тамакты ашыра тоюш єчєн эмес, кубаттаныш єчєн љз убагында жесе, сага жакшы!

18 Жалкоолуктан шып салањдап калат, шалдайып отура берсе, єйдєн чатырынан суу љтљт.

19 Тойду ыракаттаныш єчєн љткљрєшљт, шарап жашоону шаттандырат. Бирок бардыгын кємєш чечет.

20 Падышаны оюњда да жамандаба, байды уктоочу бљлмљњдљ да жамандаба, анткени асман куштары сљзєњдє жеткирип барышы мємкєн, канаттуу куштар сєйлљгљн сљзєњдє айтып барышы мємкєн.

11-БЉЛЄМ

Акылдуу адам кылчу нерсе

1 Наныњды сууга агыз, аны анткени кљп кєн љткљндљн кийин кайрадан таап аласыњ.

2 Жети кишиге, атєгєл, сегиз кишиге бљлєп бер, анткени жер єстєндљ кандай кырсык болорун билбейсињ.

3 Булуттар сууга толгондо, жерге жамгыр тљгљт, эгерде дарак тєштєккљ же тєндєккљ куласа, ал кулаган жеринде калат.

4 Шамалды караган адам эгин экпейт, булутту караган адам тєшєм жыйнабайт.

5 Сен шамалдын жолун, боюнда бар аялдын курсагында баланын сљљктљрє кантип жаралып жатканын билбегендей эле, бардыгын жасап жаткан Кудайдын иштерин да билбейсињ.

6 Эртењ менен єрљнєњдє сеп, кечинде да колуњду тындырба, анткени сен тигил же бул иш ийгиликтєє болорун же экљљ тењ жакшы болорун билбейсињ.

7 Жарык – жакшы нерсе, кљз єчєн кєндє кљрєє жакшы.

8 Эгер адам кљп жыл жашаса, анда ал љмєрє љткљнчљ кубансын, кљп боло турган кайгылуу кєндљрдє эстей жєрсєн: боло тургандын бардыгы – курулай убаракерчилик!

Жаштарга кењеш

9 Жаш чагыњда кубан, жаш улан, жаш кєнєњдљ жєрљгєњ кубанычтын даамын татып калсын, жєрљгєњдєн каалоосу, кљзєњдєн жетеги менен жєр, бирок билип кой, ошонун баары єчєн Кудай сени сотко тартат.

10 Жєрљгєњдљн кайгыны жок кыл, денењди жамандыктан алыс кыл, анткени балалык да, жаштык да – курулай убаракерчилик.

12-БЉЛЄМ

1 Оор кєндљр келгенге чейин, “Жашоого ыраазы эмесмин” дей турган жылдар келгенге чейин, жаш кезињде Жаратканыњды эсињден чыгарба.

2 Кєн да, жарык да, ай да, жылдыздар да љчљ электе, жамгырдан кийин кайра кара булут каптай электе, Жаратканыњды эсте.

3 Ошол кєнє єй кайтаргандар титирейт, кубаттуулар ийилишет, тегирменчилер аз болгондуктан, алардын иши токтойт, терезени карагандар карањгылайт.

4 Кљчљнє караган эшиктер бекитилет, тегирмендин ташынын єнє басылат, адамдар короз кыйкырары менен ойгонушат, ырдаган кыздардын єнє басылат.

5 Аларга бийик жерлер коркунучтуу болуп кљрєнљт, жолдордо єрљй учурган иштер болот, бадамдар гєлдљп бєтљт, чегирткелер оорлошуп калат, жыпар жыттуу љсємдєктљр кєбєлєп тєшљт. Анткени адам љзєнєн тєбљлєктєє єйєнљ кеткени жатат, кљчљдљ кошокчу аялдар аны тегеректеп алууга даяр турушат.

6 Кємєш чынжыр єзєлљ электе, алтын чљйчљк сына электе, булактын жанындагы кумура сына электе, кудуктун єстєндљгє бара талкалана электе, Жаратканыњды эсте.

7 Топурактан жаралган дене кайра топурак болуп калат, ал эми Кудай берген рух кайра Кудайга кетет.

8 “Тєйшєктєн тєйшєгє, – деди Насаатчы, – бардыгы тєйшєк!”»

Жыйынтыктоо

9 Насаатчы акылдуу гана болбостон, ал элге билим да берген. Ал баарын сынап кљргљн, изилдеген, кљп накыл сљздљрдє тєзгљн.

10 Насаатчы кљркљм накыл сљздљрдє тапканга аракет кылган, чындык сљздљрдє туура жазган.

11 Акылдуу адамдардын сљздљрє ийнедей, кагылган мыктай, аларды тєзгљндљр бир Кайтаруучудан.

12 Ал эми ушул сљздљрдљн тышкары айтылган сљздљрдљн сак бол, уулум: китепти кљп жаза берсе, аягы болбойт; кљп окуса, дене чарчайт.

13 Баарынын жыйынтыгын угалы: Кудайдан корк, Анын буйруктарын аткар, анткени бул адамга љтљ керек.

14 Анткени Кудай ар бир ишти соттойт, ар бир жашыруун ишти, ал жакшы иш болобу же жаман иш болобу, Кудай соттойт.