ЖЕРЕМИЯНЫН ЫЙЫ

1-БЉЛЄМ

Кыйраган Иерусалим єчєн кайгыруу

1 Бир кезде кљп элдєє болгон шаар жесир аялдай болуп жалгыз отурат! Элдердин арасындагы улуу шаар, дубандардын тљрљсє салык тљлљљчє болуп калды.

2 Тєнкєсєн ал катуу ыйлайт, анын кљзєнљн жаш куюлат. Аны сєйгљндљрдєн ичинен сооротор эч кимиси жок. Досторунун баары ага чыккынчылык кылышты, ага душман болуп калышты.

3 Жєйєт алааматтын, оор кулчулуктун айынан туткундалып кетти, бутпарастардын арасына кљчєп барды, бирок тынчтык таба алган жок, куугунтуктагандардын баары аны тар жерлерде кууп жетишти.

4 Сион жолдору капаланып жатат, себеби майрамга барган эч ким жок. Анын бєт дарбазаларынын алды бош калды. Анын ыйык кызмат кылуучулары єшкєрєп жатышат, анын кыздары кайгыга батты, ал љзє да кайгырып жатат.

5 Ага љзєнєн душмандары башчылык кылып жатат, анын кас адамдары жыргап жашап жатышат, анткени Тењир ага љзєнєн кљптљгљн мыйзамсыздыктары єчєн алаамат тєшєрдє. Балдары душмандарынын алдына тєшєп туткундалып кетишти.

6 Ошентип, Сион кызынан кљрк кетти. Анын тљрљлљрє жайыт таппаган бугулардай болуп калышты. Алсыраган алар куугунчулардын алдына тєшєштє.

7 Иерусалим љзєнєн башына алаамат тєшкљн кєндљрє, азап чеккен кєндљрє љзєнєн мурунку баалуулуктарын эстеди. Эли душмандын колунан кырылып жатканда, ага эч ким жардамга келген жок. Душмандары аны карап, анын ишемби кєндљрєн шылдыњдап кєлєп жатышат.

8 Иерусалим оор кєнљљгљ батты, ошондуктан жийиркеничтєє болуп калды. Мурда дањктап жєргљндљрдєн баары азыр аны жек кљрљ карашат, анткени анын жылањачтыгын кљрєштє, ал љзє да єшкєрєнљ жєзєн бурат.

9 Анын этегинде ыпыластык бар эле, бирок ал љз келечеги жљнєндљ ойлогон эмес, ошондуктан ал љзгљчљ кемсинди, анын сооротору жок. «Тењир, менин башыма тєшкљн оор кєнгљ назар сал, анткени душманым салтанат куруп жатат!»

10 Душман анын эњ кымбат нерселерине колун сунду. Ал љзєнєн ыйык жайына бутпарастардын кантип кирип жатканын кљрєп турат. Сен бутпарастарды Љзєњдєн ыйык жамаатыња кирбесин деп буйругансыњ.

11 Анын бєт эли нан издеп єшкєрєп жатат, жанына кубат берчє тамак єчєн љзєнєн эњ кымбат нерселерин берип жатат. «Тењир, кара, менин кандай кемсингенимди кљр!

12 Жол менен љтєп бара жаткандар, силердин башыњарга мындай кєн тєшпљсєн! Карап кљргєлљчє, мен чалдыккан оорудай оору бар бекен? Тењир мага Љзєнєн жалындаган каарын тљккљн кєнє жиберген оорудай оору бар бекен?

13 Жогору жактан Ал менин сљљктљрємљ от жиберди, от сљљктљрємдє кургатты. Буттарыма тузак тартып, мени кљмљлљнттє, мени жакыр жана кєн сайын жапа чеккен адам кылды.

14 Менин мыйзамсыздыктарымдын моюнтуругу Анын колунда байланып турат. Алар бири-бирине байланып, мойнума салынды. Ал мени алсыратты. Тењир мени каршы турууга кєчєм жетпеген душмандарымдын колуна салып берди.

15 Менин бєт кєчтєєлљрємдє Тењир љз жеримде кулатты. Менин уландарымды жок кылуу єчєн, мага каршы эл чакырды. Кызды, Жєйєт кызын, Тењир жєзєм сыгылуучу жайда тебелегенсип тебеледи.

16 Мен ушул тууралуу ыйлап жатам. Кљзємдєн жашы кљл болду, анткени менин жанымды тирилте турган сооротуучу менден алыс. Балдарым кыргынга учурады, анткени душман мени жењди».

17 Сион љз колун сунуп жатат, бирок анын сооротуучусу жок. Тењир душмандарга Жакыпты курчоону буйрук кылды. Алардын арасында Иерусалим жийиркеничтєє болуп калды.

18 «Тењир адилеттєє, анткени мен Анын сљзєнљ моюн сунган эмесмин. Бардык элдер, уккула, менин оорумду кљргєлљ: кыздарым менен уулдарым туткундалып кетишти.

19 Досторумду чакырдым, бирок алар мени алдап кетишти. Ыйык кызмат кылуучуларым менен аксакалдарым жандарына бир аз кубат алыш єчєн, шаарда нан издеп єшкєрєп жєрєшљт.

20 Тењир, кљз кырыњды сал, анткени мен Сага кљшљрєп каршы турганым єчєн кыйналып жатам, жаным жай таппай жатат, жєрљгєм эњшерилип кетти. Сырттан кылыч мени балдарымдан ажыратты, ал эми єйємдљн љлєм конуш алды.

21 Менин онтоп жатканымды угушту, бирок менин сооротуучум жок. Бєт душмандарым менин башыма тєшкљн мєшкєл жљнєндљ угуп, муну Сен кылганыњ єчєн кубанып жатышат. Оо, эгерде Сен Љзєњ алдын ала айткан кєндє кел деп буйруй турган болсоњ, анда алар да мага окшоп калышат эле!

22 Алардын бардык кыянат иштери Сенин алдыња келсе экен. Бєт кєнљљлљрєм єчєн Сен мени кандай жазаласањ, аларды да ошондой жазала, анткени мен катуу онтоп жатам, жєрљгєм сыздап жатат».

2-БЉЛЄМ

Иерусалимдин жазалангандыгы жљнєндљ

1 Тењир Сион кызына Љзєнєн каарынын кара булутун каптатты! Ысрайылдын кљркєн асмандан жерге кулатты, Љзє каарданган кєнє Љзєнєн буттары турган жерди эсине алган жок.

2 Тењир Жакыптын бардык турак жайларын талкалады, аяган жок. Тењир каарданып, Жєйєт кызынын чептерин кыйратып, жерге кулатты, анын падышачылыгын жана тљрљлљрєн четке какты.

3 Катуу каарданып, Ысрайылдын бєт мєйєздљрєн сындырды. Душманга каршы сунулган Љзєнєн оњ колун тартып алды, тегерегиндегинин баарын жалмаган, алоолонгон оттой болуп, Жакыпка каршы жалындады.

4 Душмандай болуп Љз жаасын тартты, жоодой болуп Љзєнєн оњ колун каршы сунду, кљздє суктанткандардын баарын љлтєрдє. Сион кызынын жыйын чатырына Љзєнєн каарын оттой тљктє.

5 Тењир душмандай болуп калды, Ысрайылды жок кылды, анын бєт єйлљрєн кыйратты, анын чептерин талкалады, Жєйєт кызынын кайгысы менен ыйын кљбљйттє.

6 Бактын тосмосун алып салгандай, Ал Љз коргонун алып салды. Љзєнєн жамааты чогулган жайды талкалады. Тењир Сиондо љткљрєлєєчє майрамдар менен ишемби кєндљрдє эстен чыгарууга мажбур кылды. Катуу каарданып, падышаны жана ыйык кызмат кылуучуну четке какты.

7 Тењир Љзєнєн курмандык чалынуучу жайын четке какты, Љзєнєн ыйык жайынан Љзєнєн жєрљгєн буруп кетти, анын єйлљрєнєн дубалдарын душмандардын колуна салып берди. Тењирдин єйєндљ алар майрам кєндљгєдљй дуулдап жатышты.

8 Тењир Сион кызынын дубалдарын кыйратууга чечим чыгарды, аркан тартты, Љз колун тартып алган жок, кыйратуусун токтоткон жок. Сырткы чептерин талкалады, дубалдарын кошо кыйратты.

9 Анын дарбазалары жерге матырылып калды. Тењир алардын кулпуларын талкалады, сындырды. Анын падышасы да, тљрљлљрє да бутпарастардын арасында. Алар єчєн мыйзам жок болуп калды, анын пайгамбарлары Тењирден кљрєнєш кљрбљй калышты.

10 Сион кызынын карылары баштарына кєл чачып, зумбал курчанып, жерде унчукпай отурушат. Иерусалим кыздары баштарын жерге салышты.

11 Кљз жашымды тљгљ берип, кљзєм начарлап калды, жаным кыйналып жатат, љз элимдин кызынын кырылганынан улам боорум эзилип, жерге тљгєлєп жатат. Анткени балдар менен эмчектеги ымыркайлар ачарчылыктан шаардын кљчљлљрєндљ љлєп жатышат.

12 Алар шаардын кљчљлљрєндљ жарадарларга окшоп љлєп бара жатып, энелерине: «Нан менен шарап кана?» – деп, энелеринин кучагында жан берип жатышат.

13 Мен сага эмнени айтсам болот, сени эмнеге салыштырсам болот, Иерусалим кызы? Кыз, Сион кызы, сооротуш єчєн сени эмнеге окшоштурсам болот? Анткени сенин жараатыњ дењиздей чоњ. Сени ким сакайта алат?

14 Пайгамбарларыњ сага пайдасыз, жалган нерселерди айтышты, сени туткундалып кетєєдљн алдын ала сактап калыш єчєн мыйзамсыз иштерињди ачышкан жок. Сенин куугунтукталып кетєєњљ себеп болгон жалган аяндарды айтышты.

15 Жолдо љтєп бара жаткандардын бардыгы сени кљрєп, алакандарын шак коюп жатышат. Ышкырып, баштарын чайкап: «Сулуулуктун жеткилењдиги, бєт жер жєзєнєн кубанычы деген шаар ушулбу?» – деп, Иерусалим кызы жљнєндљ айтып жатышат.

16 Душмандарыњдын бардыгы ооздорун араандай ачып, ышкырып, тиштерин кычыратып: «Аны биз жуттук, биз ушул кєндє гана кєткљнбєз, кєткљнєбєз келди, кљзєбєз менен кљрдєк», – деп жатышат.

17 Тењир эмнени белгилесе, ошону жєзљгљ ашырды. Љзєнєн байыркы кєндљрє айткан сљзєн аткарды, аёосуз талкалады. Душмандын сени жењип кубануусуна жол берди, душмандарыњдын мєйєзєн жогору кљтљрдє.

18 Алардын жєрљгє Тењирге кайрылып ыйлап жатат. Оо Сион кызынын дубалы! Кљз жашыњды кєнє-тєнє дарыядай агыз, жаныњды жай алдырба, кљзєњдєн каректерин эс алдырба.

19 Тур, тєн ичинде кайрыл, ар бир кєзљт маалы башталганда кайрыл: Тењирдин алдында жєрљгєњдє суудай тљк. Кљчљлљрдєн булуњ-бурчтарында ачарчылыктан љлєп жаткан балдарыњдын жаны єчєн Ага колуњду сун.

20 «Кара, Тењир, кљр, Сен кимге ушундай кылдыњ? Аялдар љз балдарын, эмчек берип баккан љз наристелерин жеп жатышат. Тењирдин ыйык жайында ыйык кызмат кылуучуну жана пайгамбарды љлтєрєп жатышат.

21 Балдар менен карылар жерде, кљчљлљрдљ жатышат. Кыздарым менен уландарым кылычтан љлєштє. Сен аларды Љзєњ каарданган кєнє љлтєрдєњ, аёосуз сойдуњ.

22 Сен мага коркунучтарды, майрамга чакыргандай, туш тараптан чакырдыњ. Тењир каарын тљккљн кєнє эч ким качып кутулган жок, эч ким тирєє калган жок. Багып љстєргљнємдєн баарын љзємдєн душманым жок кылды».

3-БЉЛЄМ

Жеремиянын кайгырышы

1 Мен Тењирдин каар таягынын соккусунан улам кайгыны баштан љткљргљн адаммын.

2 Ал мени жетелеп, жарыкка эмес, карањгылыкка киргизди.

3 Ал мага каршы бурулуп, кєнє бою Љз колун менден тарткан жок.

4 Менин денем менен теримди жабыркатты, сљљктљрємдє талкалады.

5 Мени тегерете тосту, мени кайгы жана кыйынчылык менен курчады.

6 Мени небак љлгљндљрдљй кылып, карањгы жерге отургузду.

7 Чыгып кетпесин деп, мени дубал менен курчады, кишендеримди оордотту.

8 Мен жалынып-жалбарып кайрылганымда, сыйынуумду токтотуп койду.

9 Менин жолдорумду таштар менен тосту, жолдорумду бузуп салды.

10 Ал мен єчєн буктурмада бугуп жаткан аюудай, жашыруун жерде жаткан арстандай болуп калды.

11 Ал менин жолдорумду бузуп салды, мени тытып таштады, мени киши санынан чыгарды.

12 Љз жаасын тартты, мени жаа єчєн бута кылып койду.

13 Љз саадагындагы жебелер менен бљйрљктљрємљ атты.

14 Мен љзємдєн бєт элиме шылдыњ болдум, алардын кєндљлєк ырына айландым.

15 Ал мени кайгыга тойгузду, мага эрмен ичирди.

16 Тиштеримди таш менен талкалады, мени кєлгљ оонатты.

17 Жанымдан тынчтык кетти, жакшы кєн жљнєндљ унутуп койдум.

18 Ошондо мен: «Алсырап калдым, Тењирге болгон ємєтєм єзєлдє.

19 Менин кайгым жљнєндљ, кыйынчылыктарым жљнєндљ, эрмен менен љт жљнєндљ ойло», – дедим.

20 Аларды менин жаным тынымсыз эстеп, кыйналып жатат.

21 Мен љз жєрљгємљ мындай деп жооп берип, ємєт кылып жатам:

22 «Тењир ырайымдуу болгондуктан, биз жок болуп кеткен жокпуз, анткени Анын ырайымы тєгљнгљн жок.

23 Анын ырайымы ар бир тањда жањырып турат. Сенин ишенимдєєлєгєњ зор!

24 Тењир менин бљлєгєм, – дейт менин жаным, – ошондуктан мен Андан ємєттљнљм».

25 Тењирден ємєттљнгљндљргљ, Тењирди издеген адамга Тењир ырайымдуу.

26 Тењирдин куткаруусун чыдамкайлык менен кєткљн адамга жакшы.

27 Жаш кезинде моюнтурук кљтљргљн адамга жакшы.

28 Ал унчукпастан жалгыз отурат, анткени аны ага Тењир салды.

29 Ал оозун топуракка коюп: «Балким, дагы ємєт бардыр», – деп ойлойт.

30 Ал уруп жатканга бетин тосот, кордукка тоёт.

31 Бирок Тењир тєбљлєккљ таштабайт.

32 Кайгы жиберсе да, Љзєнєн улуу ырайымдуулугу менен ырайым кылат.

33 Анткени Ал адам уулдарын Љз жєрљгєнєн каалоосу боюнча жазалабайт, Љз жєрљгєнєн каалоосу боюнча кайгыга салбайт.

34 Бирок жер жєзєндљгє бардык туткундарды тебелеп жатышканда,

35 Бардыгынан Жогору Тургандын алдында адамды адилетсиз соттоп жатышканда,

36 адамды љз ишинде кысымга алып жатышканда, Тењир кљрбљйт бекен?

37 «Тењир буйрук кылбаган нерселер деле боло берет», – деп, ким айтып жатат?

38 Алаамат да, тынчтык да Бардыгынан Жогору Тургандын оозунан чыккан буйрук боюнча болуп жаткан жокпу?

39 Жашап жаткан адам эмнеге кайгырып жатат? Ар ким љз кєнљљлљрє єчєн кайгырсын.

40 Љзєбєздєн жолдорубузду сынайлы, изилдейли, анан Тењирге кайрылалы.

41 Асманда жашаган Кудайга жєрљгєбєз менен колубузду кљтљрљлє:

42 «Биз кєнљљ кетирип, љжљрлљндєк, Сен кечирген жоксуњ.

43 Сен Љзєњдє каар менен жаап алып, биздин артыбыздан тєштєњ, бизди љлтєрдєњ, аяган жоксуњ.

44 Биздин сыйынуубуз Сага жетпеш єчєн, Сен Љзєњдє булут менен жаап алдыњ.

45 Элдердин арасында Сен бизди таштандыга, жийиркеничке айланттыњ.

46 Душмандарыбыздын бардыгы бизге каршы ооздорун араандай ачышты.

47 Коркунуч жана ор, кыйроо жана бєлєнєє биздин энчибиз болду».

48 Элимдин кызы кыйрагандыктан, кљзємдєн жашы кљл болуп жатат.

49 Кљз жашым токтобой тљгєлєп жатат, анткени жењилдик жок.

50 Тењир асмандан качанга чейин кљз кырын салбайт, качанга чейин кљрбљйт?

51 Менин шаарымдын бєт кыздары єчєн кљзєм жанымды кайгыга салып жатат.

52 Мага эч себепсиз душман болгондор мени чымчык сыяктуу торго тєшєрєє єчєн, ар кандай аракет кылышты.

53 Менин љмєрємдє орго салып, мага таш жаадырышты.

54 Суу башыма чейин кљтљрєлдє, ошондо мен: «Љлдєм!» – дедим.

55 Тењир, терењ ордун ичинен мен Сенин ысымыњды чакырдым.

56 Сен менин єнємдє уктуњ. Менин єшкєрєгємдє, ыйымды укпаш єчєн, Љз кулагыњды жаап алба!

57 Мен Сени чакырганда, Сен жакын келип: «Коркпо!» – дечєсєњ.

58 Тењир, Сен менин жанымдын ишин коргоп турчусуњ, менин љмєрємдє куткарып турчусуњ.

59 Тењир, Сен менин таарынычымды кљрєп турасыњ, менин ишимди чечип бер!

60 Сен алардын бєт кегин, алардын мага каршы ойлогон бєт оюн кљрєп турасыњ.

61 Тењир, Сен алардын тилдегенин, алардын мага каршы ойлогон ойлорун угуп турасыњ.

62 Сен кєн сайын мага каршы чыккандардын сљздљрєн, алардын мага каршы колдонгон айла-амалдарын угуп турасыњ.

63 Аларды карачы, отурса да, турса да, алардын ыры – мен.

64 Тењир, аларга кылган иштерине жараша тиешесин бере кљр.

65 Алардын жєрљгєнљ карањгылык жибер, аларга Љзєњдєн каргышыњды жибер.

66 Тењир, каарыњ менен алардын артынан тєш, аларды асман астынан жок кыл.

4-БЉЛЄМ

Иерусалимдин жазалангандыгынын себептери

1 Алтын кандай карарды! Эњ жакшы алтын кандай љзгљрдє! Ыйык жайдын таштары кљчљлљрдєн кесилишине чачылды.

2 Сиондун таза алтынга барабар кымбат баалуу уулдары карапачы жасаган чопо идиштерге окшоп калышты!

3 Чљљлљр да эмчек берип, балдарын тойгузуп жатат, менин элимдин кызы болсо чљлдљгє тљљ кушка окшоп, таш боор болуп калды.

4 Суусаганынан эмчектеги баланын тили тањдайына жабышып калды. Балдар нан сурап жатышат, бирок аларга нан берген эч ким жок.

5 Таттуу тамак жегендер кљчљлљрдљ соолуп жатышат. Кочкул кызыл кийим кийип чоњойгондор кык кучактап жатышат.

6 Элимдин кызынын кєнљљсє єчєн алган жазасы Содомдун кєнљљсє єчєн алган жазасынан ашып тєштє: Содом кљз ачып-жумгуча кулатылган, ага адамдын колу тийген эмес.

7 Элимдин тљрљлљрє кардан таза, сєттљн ак болчу. Алардын денеси маржандан сулуу, ал эми кљрєнєшє сапфирдей эле.

8 Азыр болсо алардын жєзє бардык кара нерседен да кара. Кљчљлљрдљ аларды таанышпайт. Алардын териси сљљктљрєнљ жабышып, жыгачтай болуп куурап калды.

9 Кылычтан љлгљндљр ачарчылыктан љлгљндљргљ караганда бактылуу, анткени булар талаа жемиштеринин жетишпегендигинен кыйналып љлєп жатышат.

10 Менин элимдин кызы кыйрап жаткан убакта жєрљгє жумшак аялдар љздљрєнљ тамак болуш єчєн, љз балдарын бышырышты.

11 Тењир Љзєнєн каарын, Љзєнєн жалындаган каарын тљктє, Сион шаарына от койду, ал от шаардын негиздерин жалмады.

12 Иерусалимдин дарбазасынан душман менен жоо кирет деп, жер жєзєнєн падышалары жана ааламда жашагандардын баары ишенишкен эмес.

13 Мунун баары анын жалган пайгамбарларынын кєнљљлљрє єчєн, шаардын ичинде адил адамдардын канын тљккљн анын ыйык кызмат кылуучуларынын мыйзамсыздыктары єчєн болду.

14 Кљчљлљрдљ сокурлардай тентиреп жєрєштє, канга булганышты, ошондуктан алардын кийимдерине кол тийгизєє мємкєн эмес эле.

15 Алардын алдында: «Четке чыккыла! Таза эмес!» – деп кыйкырышты. «Четке чыккыла, четке чыккыла, кол тийгизбегиле!» – дешти. Ошондо алар уялып, кетип жатышты. Элдер арасында болсо: «Алар бул жерде калышпасын, – деп жатышты.

16 Тењирдин жєзє аларды чачат. Тењир эми аларды карабайт, анткени алар ыйык кызмат кылуучуларды сыйлашпайт, аксакалдарга ырайым кылышпайт».

17 Биздин кљзєбєз келбес жардамды кєтєп талыды. Љзєбєздєн кєзљт мунарабыздан бизди куткара албай турган элди кєттєк.

18 Љз кљчљлљрєбєздљ баса албашыбыз єчєн, алар биздин ар бир кадамыбызды ањдып турушту. Биздин акыркы кєнєбєз жакындап калды, кєнєбєз бєттє, биздин акыркы кєнєбєз келди.

19 Бизди куугунтуктагандар асмандагы бєркєттљрдљн да ыкчам эле. Алар тоолордо бизди кууп жєрєштє, чљлдљ биз єчєн буктурма коюп жатышты.

20 Биздин љмєрєбєздєн деми – Тењирдин майланганы алардын оруна тєштє. Биз ал жљнєндљ: «Биз элдер арасында анын кљлљкљсє астында жашайбыз», – дечє элек.

21 Эдом кызы, Уc жеринин тургуну, кубан, шаттан! Каарга толгон чљйчљк сага да жетет. Мас болгуча ичип, жылањачтанасыњ.

22 Сион кызы! Сенин мыйзамсыздыгыњ єчєн жазалоо бєттє. Ал сени мындан ары кууп чыкпайт. Бирок мыйзамсыздыгыњ єчєн, Эдом кызы, Ал сени жазалайт, кєнљљлљрєњдє ачат.

5-БЉЛЄМ

Элдин ырайым сурап сыйынышы

1 Тењир, биздин башыбызга эмне тєшкљнєн эсте. Кљз кырыњды сал, биздин кордолгонубузду кара.

2 Биздин мурасыбыз чоочун элге љттє, єйлљрєбєз бљтљн урууларга љттє.

3 Биз атасыз жетим калдык, энелерибиз жесирлердей болуп калышты.

4 Биз љзєбєздєн суубузду кємєшкљ сатып алып ичип жатабыз, љз отундарыбызды акчага алып жатабыз.

5 Мойнубузга моюнтурук салып айдап алышты, биз иштеп жатабыз, бизде эс алуу жок.

6 Нанга тоюш єчєн, мисирликтер менен ашурлуктарга колубузду сунуп жатабыз.

7 Биздин ата-бабаларыбыз кєнљљгљ батышкан, азыр алар жок. Алардын мыйзамсыздыктары єчєн биз жазаланып жатабыз.

8 Бизге кулдар єстљмдєк кылып жатышат, бизди алардын колунан куткарып алчу эч ким жок.

9 Љмєрєбєздє кылыч коркунучуна салып, чљлдљ љзєбєзгљ нан таап жатабыз.

10 Жанга баткан ачкачылыктан терибиз мештей карарып кетти.

11 Сиондо аялдардын, Жєйєт шаарларында кыздардын абийирин булгап жатышат.

12 Тљрљлљрдє асышты, аксакалдарды урматташкан жок.

13 Уландарды тегирмен таштарын айлантууга алып жатышат, љспєрємдљр кљтљргљн отундарынын оордугунан жыгылып жатышат.

14 Аксакалдар дарбаза алдында отурбай калышты, уландар ырдабай калышты.

15 Жєрљгєбєз кубанбай калды, ыр-бийлерибиз кайгы-муњга айланды.

16 Башыбыздан таажы тєштє. Бизге кайгы, анткени биз кєнљљгљ баттык!

17 Мына ошон єчєн жєрљгєбєз кыйналып жатат, ошон єчєн кљздљрєбєз тунарды.

18 Сион тоосу ээн калгандыктан, тєлкєлљр жойлоп жєрљт.

19 Сен, Тењир, тєбљлєктєєсєњ. Сенин тагыњ укумдан-тукумга турат.

20 Эмне єчєн бизди таптакыр эсињден чыгарып салдыњ? Эмне єчєн бизди узак убакытка таштап койдуњ?

21 Тењир, бизди Љзєњљ кайры, ошондо биз Сага кайрылабыз. Биздин кєндљрєбєздє байыркы кєндљрдљгєдљй кылып жањырт.

22 Чын эле, Сен бизди биротоло четке кагып салдыњбы, бизге катуу каардандыњбы?