ОШУЯ

1-БЉЛЄМ

Ошуянын аялы жана балдары

1 Жєйєт падышалары Узиянын, Жотамдын, Ахаздын, Хискиянын тушунда жана Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда Бейринин уулу Ошуяга айтылган Тењирдин сљзє.

2 Тењирдин Ошуяга сєйлљгљн сљзєнєн башы. Тењир Ошуяга: «Бар, љзєњљ бузулган аялды жана бузуктуктун балдарын ал. Анткени бул жер Тењирден баш тартып, аябай бузуктук кылып жатат», – деди.

3 Ошондо Ошуя барып, Диблайимдин кызы Гомерди алды. Анын боюна бєтєп, ага уул тљрљп берди.

4 Анан Тењир ага мындай деди: «Ага Изрейел деген ат кой, анткени бир аз убакыт љткљндљн кийин, Изрейелдин каны єчєн Жейу тукумун жазалайм, ошентип, Мен Ысрайыл падышачылыгын жок кылам.

5 Ошол кєнє мындай болот: Мен Изрейел љрљљнєндљ Ысрайылдын жаасын сындырам».

6 Гомердин дагы боюна бєтєп, кыз тљрљдє. Ошондо Тењир Ошуяга мындай деди: «Ага Ло-Рухам деген ат кой. Анткени Мен мындан ары Ысрайыл тукумуна ырайым кылбайм, аны кечирбейм.

7 Жєйєт тукумуна болсо ырайым кылам, аларды љздљрєнєн Кудай-Тењири аркылуу куткарам. Мен аларды жаа менен, кылыч менен, согуш менен, аттар менен, атчан аскерлер менен куткарбайм».

8 Ло-Рухамды эмчектен чыгаргандан кийин, анын боюна бєтєп, уул тљрљдє.

9 Ошондо Тењир мындай деди: «Ага Ло-Ами деген ат кой, анткени силер Менин элим эмессињер, Мен да силердин Кудайыњар болбойм.

Ысрайылдын кайра калыбына келтирилиши жљнєндљ

10 Бирок Ысрайыл уулдарынын саны дењиз кумундай љлчљнгєс, саналгыс болот. “Силер Менин элим эмессињер” деген жерде аларга: “Силер тирєє Кудайдын уулдарысыњар”, – дешет.

11 Ошондо Жєйєт уулдары менен Ысрайыл уулдары чогулуп, љздљрєнљ бир башчы коюшат, љздљрє куулуп барган жерден чыгышат. Анткени Изрейелдин кєнє улуу болот!

2-БЉЛЄМ

1 Бир туугандарыњарга “Ами (Менин элим)” деп айткыла, эже-карындаштарыњарга “Рухам (Ырайым кылынган)” деп айткыла.

Ысрайыл – ишенимсиз Гомер

2 Љзєњљрдєн энењер менен соттошкула, соттошкула, анткени ал Менин аялым эмес, Мен анын кєйљљсє эмесмин.

3 Мен аны энеден туума жылањач кылып кљрсљтєп, чљлгљ, какшыган жерге айлантып, суусатып љлтєрбљшєм єчєн, ал жєзєнљн бузуктукту, тљшєнљн ойноштукту четтетсин.

4 Анын балдарына ырайым кылбайм, анткени алар – бузуктуктун балдары.

5 Анткени алардын энеси бузуктук кылды. Аларды тљрљгљн аял љзєн уят кылды, анткени ал: “Мага нан, суу, жєн, зыгыр, зайтун майын жана ичимдик берип жаткан ойношторумду ээрчийм”, – деген.

6 Ошон єчєн Мен анын жолун тикендер менен тосом, аны тосмо менен курчайм, ошондо ал љз жолун таппай калат.

7 Ойношторунун артынан чуркайт, бирок аларга жетпейт. Аларды издейт, бирок таппайт. Ошондо: “Мен биринчи кєйљљмљ кайра барайын, анткени мага ошол убакта азыркыга караганда жакшы болчу”, – деп айтат.

8 Бирок ага нанды, шарапты жана зайтун майын Мен бергенимди, анын алтын менен кємєшєн Мен кљбљйткљнємдє ал билген жок. Алар ошол алтын менен кємєштљн Баал бурканын жасашты.

9 Ошон єчєн эгин жыйноо маалы келгенде, Љз нанымды кайра алам, даяр болгондо, Љз шарабымды кайра алам, анын жылањач этин жапкан Љзємдєн жєнєм менен зыгырымды кайра тартып алам.

10 Ошентип, азыр Мен анын маскарачылыгын ойношторунун кљз алдында ачам, аны Менин колумдан эч ким куткара албайт.

11 Анын бардык кубанычын: майрамдарын, ай жањыргандагы майрамдарын, ишембилерин, бардык салтанаттуу жыйындарын токтотом.

12 “Бул белектерди мага ойношторум берген”, – деген анын жєзєм сабактары менен анжыр дарактарын кыйратам. Мен аларды токойго айлантам, ошондо аларды талаа жырткычтары жеп салышат.

13 Мен аны жыпар жыттуу зат тєтљтєп, Баал буркандарына кызмат кылган кєндљрє єчєн жазалайм. Ал сљйкљлљр менен шуруларды тагынып алып, ойношторунун артынан жєрдє, Мени болсо эсинен чыгарып койду, – дейт Тењир.

Тењирдин Љз элине болгон сєйєєсє

14 Ошондуктан Мен аны Љзємљ тартып, чљлгљ алып барып, жєрљгєнљ сєйлљйм.

15 Ошол жерден Мен ага љзєнєн жєзємзарларын берем, Акор љрљљнєн ємєттєн босогосу кылып берем. Ал ошол жерде љзєнєн жаш кєндљрєндљгєдљй, Мисир жеринен чыккан кєнєндљгєдљй ырдайт.

16 Ошол кєнє, – дейт Тењир, – сен Мени “Иши” деп чакырасыњ, ошондон кийин Мени “Баали” деп чакырбайсыњ.

17 Мен анын оозунан Баал буркандарынын ысымдарын алып салам, ошондон кийин алардын ысымдары эскерилбейт.

18 Ошол кєнє алар єчєн талаа жырткычтары менен, асмандагы канаттуулар менен, жерде сойлоочу жаныбарлар менен келишим тєзљм. Ал жерден жааны да, кылычты да, согушту да жок кылам, аларды коопсуз жашай турган кылам.

19 Мен сени менен тєбљлєккљ никелешем, Мен сени менен чындык жана адилеттиктин, ырайым жана боорукердиктин негизинде никелешем.

20 Мен сени менен ишенимдєєлєктєн негизинде никелешем, ошондо сен љзєњдєн Тењирињди таанып билесињ.

21 Ошол кєнє Мен жооп берем, – дейт Тењир, – Мен асманга жооп берем, асман жерге жооп берет,

22 жер нанга, шарапка жана зайтун майына жооп берет, алар болсо Изрейелге жооп беришет.

23 Мен аны жерге Љзєм єчєн себем. Ло-Рухамды Рухам дейм, Ло-Амини Ами дейм, ал Мага: “Сен Менин Кудайымсыњ” – дейт».

3-БЉЛЄМ

Ишенимсиз Ысрайылдын куткарылышы

1 Анан Тењир мага мындай деди: «Дагы барып, кєйљљсє сєйгљн, бирок љзє ойноштук кылган аялды сєй, аны Тењир Ысрайыл уулдарын сєйгљндљй сєй. Тењир аларды сєйљт, алар болсо башка кудайларга кайрылышат, алардын мейиз кошулган токочторун жакшы кљрєшљт».

2 Ошондо мен аны он беш кємєш тыйынга, бир хомер арпага жана жарым хомер арпага сатып алдым.

3 Анан ага: «Меникинде кљп кєн жаша. Бузуктук кылба, эч ким менен болбо, мен да сага жакындабайм», – дедим.

4 Анткени Ысрайыл уулдары кљп убакытка чейин падышасыз, тљрљсєз, курмандыксыз, курмандык чалынуучу жайсыз, эфодсуз жана терафимсиз калышат.

5 Ошондон кийин Ысрайыл уулдары кєнљљлљрє єчєн љкєнєп, љздљрєнєн Кудай-Тењирин жана љздљрєнєн падышасы Дљљттє издешет. Акыркы кєндљрє Тењирдин жана Анын ырайымынын алдында титирешет.

4-БЉЛЄМ

Ысрайылдын кєнљљсєн ашкере кылуу

1 Ысрайыл уулдары, Тењирдин сљзєн уккула! Анткени Тењир бул жердин тургундарын соттойт. Себеби бул жерде акыйкаттык да, боорукердик да, Кудайды таанып билєє да жок.

2 «Ант берєє, алдамчылык, киши љлтєрєє, уурулук кылуу, бузуктук кылуу аябай жайылган, кан тљгєєнєн артынан кан тљгєє.

3 Ошон єчєн бул жер ыйлайт, анын єстєндљ жашагандын баары – талаадагы айбанаттар да, асмандагы канаттуулар да алсырайт, атєгєл, дењиздеги балыктар да кырылат.

4 Бирок бири-бири менен талашып-тартышпасын, бирин-бири ашкерелебесин. Анткени сенин элињ ыйык кызмат кылуучулар менен талашып-тартышкандарга окшош.

5 Сен кєндєз мєдєрєлєп жыгыласыњ, сени менен кошо пайгамбар тєн ичинде мєдєрєлєп жыгылат, энењди жок кылам.

6 Элим Мени таанып билбегендиктен кырылды. Сен таанып билєєнє четке каккандыктан, Мен да сени Менин алдымда ыйык кызмат кылуудан четтетем. Сен љз Кудайыњдын мыйзамын унуткандыктан, Мен да сенин балдарыњды унутам.

7 Алар канчалык кљбљйгљн сайын, Мага каршы ошончолук кљп кєнљљ кылып жатышат. Алардын дањкын маскарачылыкка айлантам.

8 Алар Менин элимдин кєнљљлљрє менен азыктанып жатышат, алардын жаны анын мыйзамсыздыгына умтулуп жатат.

9 Элге эмне болсо, ыйык кызмат кылуучуга да ошол болот. Аны љзєнєн жолдоруна жараша жазалайм, ага љзєнєн кылган иштерине жараша тиешесин берем.

10 Жешет, бирок тоюшпайт, бузуктук кылышат, бирок кљбљйєшпљйт, анткени Тењирге кызмат кылууну таштап коюшкан.

11 Бузуктук, шарап жана ичимдиктер алардын жєрљгєн ээлеп алган.

Ысрайылдын бутка табынуучулугу

12 Менин элим љзєнєн дарагынан сурап жатат, ага љзєнєн таягы жооп берип жатат. Анткени бузуктук руху аларды адаштырды, алар бузуктук кылып, љз Кудайынан баш тартышты.

13 Алар тоолордун чокуларында курмандык чалып жатышат, дљњсљљлљрдљгє эмен дарактарынын, кайыњдардын жана кара жыгачтардын тєбєндљ жыпар жыттуу зат тєтљтєп жатышат, анткени алардын кљлљкљсє жакшы. Ошондуктан кыздарыњар бузуктук кылып жатышат, келиндерињер ойноштук кылып жатышат.

14 Мен бузуктук кылып жаткан кыздарыњарды, ойноштук кылып жаткан келиндерињерди жазалабайм, анткени силер љзєњљр бузулган аялдар менен кошулуп жатасыњар, бузуктук кылгандар менен бирге курмандык чалып жатасыњар, тєркљй эл болсо љлєп жатат.

15 Ысрайыл, сен бузуктук кылсањ да, Жєйєт кєнљљ кылбасын. Гилгалга барбагыла, Бейт-Абенге чыкпагыла, “Тењир тирєє!” деп ант бербегиле.

16 Анткени Ысрайыл љжљр кунажындай љжљр болуп калды, ошон єчєн Тењир эми аларды кенен жайытта козу кайтаргансып кайтармак беле?

17 Эпрайым буркандарга байланып калды. Аны буркандары менен калтыр!

18 Алар масы тарагандан кийин бузуктук кылганын улантышат. Алардын тљрљлљрє уятсыз иштерди жакшы кљрєшљт.

19 Шамал аларды канаттары менен курчап алат, алар љздљрє чалган курмандыктары єчєн уят болушат.

5-БЉЛЄМ

Тењирдин Эпрайым менен Жєйєттє жазалары жљнєндљ

1 Ыйык кызмат кылуучулар, муну уккула, Ысрайыл тукуму, кулак салгыла, падыша єйє, кулак тљшљгєлљ, себеби силердин єстєњљрдљн сот болот, анткени силер Миспада сыйыртмак, Табордо жайылган тор болдуњар.

2 Алар бузуктукка батып кетишти, бирок Мен алардын бардыгын жазалайм.

3 Мен Эпрайымды билем, Ысрайыл да Менден жашыруун эмес, анткени сен, Эпрайым, бузуктук кылып жатасыњ, Ысрайыл булганды.

4 Алардын иштери љз Кудайына кайрылууга жол бербейт, анткени алардын ичинде бузуктук руху бар, алар Тењирди билишпейт.

5 Ысрайылдын текебердиги љзєнљ каршы кєбљлљндєрєп жатат. Ысрайыл менен Эпрайым љздљрєнєн мыйзамсыздыгы єчєн мєдєрєлєшљт, алар менен бирге Жєйєт да мєдєрєлљт.

6 Алар љздљрєнєн койлору жана љгєздљрє менен Тењирди издегени чыгышат, бирок Аны табышпайт. Тењир алардан алыстап кеткен.

7 Алар Тењирге бейопалык кылышты, анткени алардан чоочун балдар тљрљлдє. Эми душман аларды жањырган айда мал-мєлкє менен кошо жеп жутат.

8 Гибада мєйєз тарткыла, Рамада сурнай тарткыла. “Бенжемин, артыњда душман!” деп, Бейт-Абенде кыйкыргыла.

9 Жазалоо кєнє Эпрайым жери ээн калат. Муну Ысрайыл урууларынын арасында Мен кабарладым.

10 Жєйєттєн жол башчылары чек араларды бузуучуларга окшоп калышты: Мен аларга Љз каарымды суудай тљгљм.

11 Эпрайым эзилди, жазаланып талкаланды, анткени ал жалган кудайлардын артынан жєргєсє келген.

12 Мен Эпрайым єчєн кєбљдљй болом, Жєйєт єчєн курттай болом.

13 Эпрайым љз дартын, Жєйєт љз жараатын кљрдє. Эпрайым Ашурга жљнљдє, Жареп падышасына чабарман жљнљттє. Бирок ал силерди сакайта албайт, силердин жараатыњарды айыктыра албайт.

14 Анткени Мен Эпрайым єчєн арстандай, Жєйєт єчєн жаш арстандай болом. Мен, Мен тыткылап туруп, кетип калам; алып кетем, эч ким куткара албайт.

15 Алар љздљрєнєн кєнљљкљр экенин мойнуна алып, Менин жєзємдє издегенге чейин, кетем, Мен Љз ордума кайтам.

6-БЉЛЄМ

Эпрайым менен Жєйєттєн жалган такыбаалыгы

1 Алар кайгы тартып жатканда, тањ азандан Мени издеп, “Жєргєлљ, Тењирге кайра баралы! Анткени бизди Ал тыткылады, бизди Љзє айыктырат; бизди Ал жаралады, биздин жараатыбызды Љзє тањат.

2 Бизди эки кєндљн кийин тирилтет, єчєнчє кєнє бизди тургузат, ошондо биз Анын алдында жашайбыз.

3 Ошондуктан таанып билели, Тењирди таанып билєєгљ умтулалы. Анын келиши тањкы жарыктай, Ал бизге жамгыр сыяктуу келет, кеч жааган жамгыр сыяктуу жерди сугарат”, – дешет.

4 Эпрайым, сага эмне кылайын? Жєйєт, сага эмне кылайын? Силердин адилдигињер тањкы булуттай, эрте жок болуп кетєєчє шєєдєрємдљй.

5 Ошондуктан Мен аларды пайгамбарлар аркылуу жонуп жылмаладым, оозумдан чыккан сљздљр менен љлтєрдєм, Менин акыйкаттыгым тањкы жарыктай.

6 Анткени Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм. Бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыкка караганда Кудайды таанып билєєнє артык кљрљм.

7 Адамга окшоп алар келишимди бузушту, ошол жерде Мага бейопалык кылышты.

8 Гилат – мыйзамсыздардын канга булганган шаары.

9 Адамды ањдыган каракчыларга окшоп, ыйык кызмат кылуучулар Шекемге бара жаткан жолдо киши љлтєрєп жатышат, жийиркеничтєє иштерди кылып жатышат.

10 Мен Ысрайылдан єрљйдє учурган нерсени кљрєп турам: ал жерде Эпрайым бузуктук кылып жатат, Ысрайыл булганды.

11 Жєйєт, сен єчєн да оруу-жыюу кєнє белгиленген, ал Мен элимди туткундан кайра алып келген мезгилге белгиленген.

7-БЉЛЄМ

1 Мен Ысрайылды дарылап жатканда, Эпрайымдын кєнљљсє, Самариянын жаман иштери ачыкка чыкты. Анткени алар жалган иштерге барып жатышат. Єйлљргљ уурулар кирип жатышат, кљчљлљрдљ каракчылар талап-тоноп жатышат.

2 Алардын жаман иштеринин баары Менин эсимде экенин алар ойлошпойт. Азыр алар љздљрєнєн иштеринин курчоосунда калышты. Алар Менин кљз алдымда.

Ысрайылдын ишенимсиздиги

3 Алар љздљрєнєн жаман иштери менен падышаны, жалганчылыктары менен тљрљлљрдє кубандырып жатышат.

4 Алар љздљрєнєн бузуктугу менен, жууруган камыры ачыганда от жакканды токтотуп койгон наабайчынын алоолонгон мешиндей болуп жалындап кєйєп жатышат.

5 Биздин падышабыздын кєнєндљ тљрљлљр шарапты мас болгончо ичип, ооруп калышты. Ал болсо шылдыњчылдарга колун сунду.

6 Алар буктурмада отуруп алышып, жєрљктљрєн меш сыяктуу даярдап жатышат: алардын наабайчысы тєнє бою уктап жатат, ал эми эртењ менен меш жалындаган оттой болуп кєйљт.

7 Алардын бардыгы мештеги оттой жалындап кєйєп, љздљрєнєн башкаруучуларын жалмап жатышат. Алардын падышаларынын бардыгы кулап жатышат, алардын арасында Мени чакырган эч ким жок.

8 Эпрайым элдер менен аралашып калды, Эпрайым оодарылбаган нанга окшоп калды.

9 Анын кєч-кубатын башкалар жалмап жатышты, бирок ал байкаган жок. Анын чачын ак басты, бирок ал билген жок.

10 Ысрайылдын текебердиги љзєнљ каршы кєбљлљндєрєп жатат, ошонун бардыгына карабастан, алар љздљрєнєн Кудай-Тењирине кайрылышкан жок, Аны издешкен жок.

11 Эпрайым эси жок, акылсыз кљгєчкљнгљ окшоп калды: мисирликтерди чакырып жатышат, Ашурга бара жатышат.

12 Алар бара жатышканда, Мен алардын єстєнљ Љзємдєн торумду ыргытам. Аларды асман канаттууларына окшотуп жерге кулатып тєшєрљм. Аларды љздљрєнєн жамаатына айтылгандай жазалайм.

13 Кайгы аларга! Анткени алар Менден алыстап кетишти. Алаамат аларга! Анткени алар Мага каршы чыгышты. Мен аларды куткарып турдум, алар болсо Мага каршы жалган сєйлљп жатышты.

14 Алар љз тљшљгєндљ онтоп жатышканда, Мени чын жєрљктљн чакырышкан жок. Алар нан менен шарап єчєн чогулушат, Менден болсо алысташат.

15 Мен аларды акылга салып турдум, алардын билегин чыњдап турдум, бирок алар Мага каршы жамандык ойлоп жатышты.

16 Алар кайрылышты, бирок Бардыгынан Жогору Турганга эмес. Алар алдамчы жаадай болуп калышты. Алардын тљрљлљрє љздљрєнєн тилинин заардыгынан кылычтан кулап жатышат. Мисир жеринде алардын єстєнљн болгон шылдыњ ушул.

8-БЉЛЄМ

Ысрайылдын бутка табынып кеткендиги єчєн ашкерелениши

1 Сурнайды оозуња ал! Алар Менин келишимимди бузуп, Менин мыйзамымдын чегинен чыкканы єчєн, душман Тењир єйєнљ бєркєттљй болуп кол салат.

2 Алар Мага: “Кудайым! Биз, Ысрайыл, Сени таанып билдик!” – деп кыйкырышат.

3 Ысрайыл жакшы нерсени четке какты, аны душман куугунтукка алат.

4 Алар Менсиз эле падышаларды коюп жатышты. Тљрљлљрдє коюп жатышты, бирок Мага билдиришкен жок. Кємєштљрє менен алтындарынан љздљрєнљ буркандарды жасашты: алардын љлємє ошондон болду.

5 Самария, сени љзєњдєн музооњ таштады! Аларга Менин каарым жалындады. Качанга чейин алар тазалана алышпайт?

6 Анткени ал да – Ысрайылдын иши. Аны сєрљтчє жасады, ошондуктан ал кудай эмес. Самариянын музоосу сыныкка айланат!

7 Алар шамал себишкендиктен, бороон оруп алышат: алардын эгини дан байлабайт, даны ун бербейт, берсе да, аны башкалар жутат.

8 Ысрайыл жутулду. Азыр алар элдер арасында жараксыз идиштей болуп калышты.

9 Алар жалгыз тентип жєргљн жапайы эшектей болуп, Ашурга жљнљштє. Эпрайым белектер менен жагынды.

10 Алар башка элдерге белек жиберишкенине карабастан, Мен аларды жакында чогултам, ошондо алар тљрљлљрдєн падышасынын эзєєсє астында жабыр тарта башташат.

11 Анткени Эпрайым кєнљљгљ батыш єчєн, курмандык чалынуучу жайларды кљбљйттє, ошол курмандык чалынуучу жайлар анын кєнљљ кылуусуна тєрткє болду.

12 Мен аларга Љзємдєн мыйзамдарымдын негиздерин жазып бердим, бирок алар аны бљтљн мыйзам катары эсептешти.

13 Алар курмандыкка Мага арнап эт алып келишет да, аны жешет. Бирок алардын курмандыктары Тењирге жакпайт. Азыр Ал алардын кылмыштарын эстейт, аларды љздљрєнєн кєнљљсє єчєн жазалайт: алар Мисирге кайтышат.

14 Анткени Ысрайыл љз Жаратканын унутту, бутканаларды курду, Жєйєт болсо чептєє шаарларды кљбљйттє. Бирок Мен анын шаарларына от жиберем, ал анын падыша сарайларын жалмайт».

9-БЉЛЄМ

Ысрайылдын жазаланары жљнєндљ

1 Ысрайыл, башка элдерге окшоп кубанба, шаттанба! Анткени сен љз Кудайыњдан алыстап, бузуктук кылып жатасыњ. Бардык кырмандарда бузуктук тартууларын алганды сєйљсєњ.

2 Кырман менен жєзєм сыгылуучу жай аларды бакпайт, алардын жєзєм ширесине болгон ємєтє акталбайт.

3 Алар Тењирдин жеринде жашашпайт: Эпрайым Мисирге кайтат, алар Ашурда таза эмес нерсени жешет.

4 Алар Тењирге арнап шарап куюшпайт, Тењирге алардын курмандыктары жакпайт. Алардын наны аза кєткљндљрдєн нанындай болот: аны жегендердин бардыгы булганышат, анткени алардын наны – љздљрєнєн жаны єчєн, ал Тењир єйєнљ киргизилбейт.

5 Салтанаттуу жыйын кєнє жана Тењирдин майрам кєнє эмне кыласыњар?

6 Анткени мына, алар кыйроонун айынан качып кетишет. Мисир аларды жыйнайт, Ноп аларды кљмљт. Алардын кємєштљн жасалган асыл буюмдарын чалкан басат, алардын чатырларын тикендєє љсємдєк каптайт.

7 Жазалоо кєндљрє келди, тиешењерди бере турган кєндљр келди: Ысрайыл муну билет. Мыйзамсыздыгыњардын кљптєгєнљн, кастыгыњардын зордугунан улам, пайгамбарчылык кылган адамды акылсыз, Кудайдын руху жетелеген адамды акылынан адашкан дейсињер.

8 Эпрайымдын коргоочусу – пайгамбар менин Кудайымдын жанында, пайгамбардын бардык жолдоруна тузак тартылган. Анын Кудайынын єйєндљ да кастык бар.

9 Алар Гиба кєндљрєндљгєдљй кєнљљгљ батышты, абдан бузулушту. Тењир алардын мыйзамсыздыгын эстейт, аларды љздљрєнєн кєнљљлљрє єчєн жазага тартат.

Кєнљљнєн кесепети

10 «Мен Ысрайылды чљлдљн жєзєм тапкандай таптым. Мен силердин ата-бабаларыњарды кљргљндљ, анжыр дарагынын биринчи мљмљсєн кљргљндљй болдум, бирок алар Баал-Пейорго барып, ыпылас иштерге берилип кетишти, љздљрє да сєйгљндљрєнљ окшоп жийиркеничтєє болуп калышты.

11 Эпрайымдыктардын атак-дањкы куш сыяктуу учуп кетет: бала тљрљлбљйт, бойго бєтпљйт, тєйєлдєк тєйєлбљйт.

12 Алар љз балдарын тарбиялап чоњойтушса да, аларды тартып алам. Анткени Мен алардан четтеп кеткенде, алардын башына кайгы тєшљт!

13 Мен Эпрайымдын Тирге окшоп эњ жакшы жерге отургузулганын кљрдєм. Бирок Эпрайым љз балдарын киши љлтєргєчкљ чыгарып берет».

14 Тењир, аларга бер, аларга Сен эмне бересињ? Аларга тљрљбљс жатын, сєтсєз эмчек бер.

15 «Алардын бардык мыйзамсыздыгы Гилгалда: ошол жерде Мен аларды жек кљрєп калдым, Мен аларды жаман иштери єчєн Љз єйємдљн кууп чыгарам, аларды мындан ары сєйбљйм. Алардын бардык тљрљлљрє – козголоњчулдар.

16 Эпрайым кулады, алардын тамыры соолуду, эми алар жемиш беришпейт. Алар тљрљсљ да, Мен алардын курсагынан чыккан сєйєктєє жемишин љлтєрєп салам».

17 Кудайым аларды четке кагат, анткени алар Ага кулак салышкан жок, ошондуктан алар элдердин арасында тентип жєргљн эл болот.

10-БЉЛЄМ

Ысрайылдын мыйзамсыздыгынын жемиши

1 Ысрайыл – жемишти кљп берген жєзєм сабагы. Ал љзєнєн жемиши канчалык кљбљйгљн сайын, курмандык чалынуучу жайларын ошончолук кљбљйттє. Анын жерлери канчалык жакшы болгон сайын, жасалма кудайларын ошончолук кооздоп жатат.

2 Алардын жєрљгє бљлєндє, ошон єчєн алар жазаланышат: алардын курмандык чалынуучу жайлары талкаланат, жасалма кудайлары кыйратылат.

3 Азыр алар: «Биздин падышабыз жок, анткени биз Тењирден корккон эмеспиз! Ал эми падыша бизге эмне кыла алат?» – деп жатышат.

4 Алар курулай сљздљрдє сєйлљп жатышат, жалган ант берип жатышат, келишимдерди тєзєп жатышат. Ошон єчєн алардын єстєнљн боло турган сот талаанын бороздоруна чыккан уу чљптљй болуп љсєп чыгат.

5 «Самария тургундары Бейт-Абендеги музоо єчєн титирешет. Анын эли ал єчєн ыйлайт. Ал тууралуу кубанган анын буткана кызматчылары анын атак-дањкы жљнєндљ ыйлашат, анткени андан атак-дањк кетет.

6 Ал љзє да Жареп падышага тартуу катары Ашурга жљнљтєлљт. Эпрайым уятка калат, Ысрайыл љз ою єчєн маскара болот.

7 Самариянын падышасы суунун єстєндљгє кљбєк сыяктуу жоголот.

8 Ысрайылдын кєнљљсє болгон Абен бутканалары талкаланат. Алардын курмандык чалынуучу жайларына тикенек жана тљљ тикен љсєп чыгат. Алар тоолорго: “Бизди жапкыла!” – дешет, адырларга: “Биздин єстєбєзгљ кулагыла!” – дешет.

9 Ысрайыл, сен Гиба кєндљрєнљн бери кєнљљ кылып келе жатасыњ. Алар кєнљљ кылууну токтотушкан жок. Мыйзамсыздыктын уулдарына каршы Гибада болгон согуш бизге жетпейт деп ойлошобу?

10 Мен аларды Љзємдєн каалоом боюнча жазалайм, аларга каршы элдер чогулат, алар љздљрєнєн эки кылмышы єчєн байлоого алынышат.

11 Эпрайым – єйрљтєлгљн, дан бастырууну жакшы кљргљн кунажын, анын жоон мойнуна моюнтурукту Мен Љзєм салам. Эпрайымды минишет, Жєйєт жер айдайт, Жакып малалайт.

12 Адилеттикти сепкиле, ырайымдуулукту оруп аласынар. Дыњ жерињерди айдагыла, ошондо Ал келип, єстєњљргљ адилдикти жамгырдай тљгљт, анткени Тењирди издей турган убакыт келди.

13 Силер жамандыкты эккенсињер, ошондуктан мыйзамсыздыкты оруп алып жатасыњар, жалганчылыктын жемишин жеп жатасыњар, анткени сен љз жолуња жана жоокерлерињдин кљптєгєнљ ємєттљнгљнсєњ.

14 Ошон єчєн сенин элињдин ичинде дєрбљлљњ болот, согуш кєнє Шалман Бейт-Арбелди кыйраткандай, сенин бардык сепилдєє шаарларыњ кыйрайт: ошол согушта энеси балдары менен кошо љлтєрєлгљн.

15 Силердин чектен чыккан жаман иштерињер єчєн, Бейтел силерге мына ушуну кылат.

11-БЉЛЄМ

Ашур кулчулугу

1 Тањ атканда Ысрайыл падышасы љлљт! Ысрайылды Мен жаш чагынан сєйдєм, Мен уулумду Мисирден чакырып алдым.

2 Аларды чакырып жатышты, бирок алар улам алыстап жатышты. Алар Баалга арнап курмандык чалып, буркандарга жыпар жыттуу зат тєтљтєп жатышты.

3 Мен Љзєм Эпрайымга басканды єйрљткљм, аны Љз колума салып кљтљрєп жєргљм, алар болсо љздљрєн айыктырып турган Мен экенимди билишкен жок.

4 Мен аларды адамдык байланыш менен, сєйєє байланышы менен алып жєрдєм, Мен алар єчєн алардын ооздугун алып салган кишидей болдум, эњкейип, аларга тамак берип турдум.

5 Ал Мисирге кайра барбайт, бирок Ашур анын падышасы болот, анткени алар Мага кайрылууну каалашкан жок.

6 Ошон єчєн анын шаарларына кылыч шилтенет, дарбазаларын талкалайт, аларды љздљрєнєн жаман ойлору єчєн жеп жутат.

7 Менин элим Менден баш тартканын койгон жок, аны жогору жакка чакырышса да, анын ичинен эч ким кљтљрєлгљн жок.

Кудайдын Љз элине боор ооруусу

8 Эпрайым, сени кантип салып берейин? Ысрайыл, сени кантип таштап коёюн? Сага кантип Адамага кылгандай, Себоимге кылгандай кылайын? Менин жєрљгєм љзгљрєлдє, Менин бєт аёом ойгонду.

9 Мен Љзємдєн катуу каарым боюнча кылбайм, Эпрайымды жок кылбайм, анткени Мен Кудаймын, адам эмесмин. Силердин арањарда Ыйыкмын. Мен жок кылуучу каарым менен келбейм.

10 Алар арстанга окшоп єн салган Тењирдин артынан жљнљшљт, Ал єн салганда, батыштагы уулдар титиреп келишет.

11 Алар Мисирден куштардай болуп, Ашур жеринен кљгєчкљндљрдљй болуп талпынып келишет, ошондо Мен аларды єйлљрєнљ киргизем, – дейт Тењир.

Ысрайыл менен Жєйєттє айыптоо

12 Эпрайым Мени алдамчылык менен, Ысрайыл амалкљйлєк менен курчады. Жєйєт болсо Кудайга, ишенимдєє Ыйыкка, ишенимдєє болгон жок».

12-БЉЛЄМ

1 Эпрайым шамалды кайтарып жєрљт, чыгыш шамалынын артынан кууп жєрљт, кєн сайын жалганчылыкты жана талап-тоноону кљбљйтєп жатат. Алар Ашур менен келишим тєзєп жатышат, Мисирге зайтун майы жеткирилип жатат.

2 Бирок Тењир Жєйєт менен да соттошот, Ал Жакыпты жолдоруна жараша жазалайт, ага иштерине жараша тиешесин берет.

3 Ал энесинин курсагында жатканда эле бир тууганын тепкен, ал эми эр жеткенде Кудай менен кармашты.

4 Ал периште менен кармашты, аны жењип чыкты, ыйлап, ага жалынып-жалбарды. Бейтелде Ал бизди таап, ошол жерде биз менен сєйлљштє.

5 Тењир болсо – Себайот Кудай. Жахаба – Анын ысымы.

6 Сен да љз Кудайыња кайрыл, ырайымдуулукту, акыйкаттыкты сакта жана ар дайым Кудайыња таян.

Кєнљљнє ашкерелљљ

7 «Канаандык адамдын колунда туура эмес тараза бар. Ал жеп калганды жакшы кљрљт.

8 Эпрайым: “Мен байыдым. Љзємљ мал-мєлк жыйнап алдым, менин бардык эмгектеримден кєнљљ болуп эсептелген мыйзамсыз бир да нерсе таба алышпайт”, – деп айтып жатат.

9 Мен болсо сен Мисир жеринен чыккандан бери сенин Кудай-Тењирињмин, сени майрам кєндљрєндљгєдљй, кайрадан алачыктарга отурукташтырам.

10 Мен пайгамбарларга сєйлљдєм, аяндарды кљбљйттєм жана пайгамбарлар аркылуу єлгє-насаат ањгемелерди колдондум.

11 Эгерде Гилат жараксыз нерсе болуп калса, анда анын тургундары да болбогон нерсе болуп калышты, Гилгалда букачарларды курмандыкка чалышты, алардын курмандык чалынуучу жайлары талаалардын чектеринде турган єймљк таштардай.

12 Жакып Сирия талаасына качып кетти, Ысрайыл аял єчєн кызмат кылды, аял єчєн кой кайтарды.

13 Тењир пайгамбар аркылуу Ысрайылды Мисирден алып чыкты, Ал аны пайгамбар аркылуу сактап жєрдє.

14 Эпрайым Тењирди катуу каардантты, ошон єчєн ал тљккљн кандын кунун Тењир анын љз мойнуна коёт, Тењир анын шылдыњын љз башына келтирет.

13-БЉЛЄМ

Кудайдын Ысрайылга каарданышы

1 Эпрайым сєйлљгљндљ, бардыгы титиреп турчу. Ал Ысрайылда жогору кљтљрєлгљн, бирок Баал аркылуу кєнљљгљ батып љлдє.

2 Азыр да алар кєнљљлљрєнљ кєнљљ кошуп алышты. Алар љздљрєнєн тєшєнєгє боюнча љздљрєнєн кємєшєнљн љздљрєнљ куйма буркандарды жасашты, алардын баары – толугу менен сєрљтчєнєн колунан чыккан иш. Алар курмандык чалган адамдарга: “Букачарларды љпкєлљ!” – деп жатышат.

3 Ошон єчєн алар тањкы булуттай, тез эле жок болуп кетєєчє шєєдєрємдљй, кырмандан шамал учурган топондой, мордон чыккан тєтєндљй болушат.

4 Бирок сен Мисир жеринен чыккандан бери Мен сенин Кудай-Тењирињмин. Ошондуктан сен Менден башка кудайды билбешињ керек, Менден башка Куткаруучу жок.

5 Мен сени чљлдљ, какшыган жерде таанып билдим.

6 Жайыты бар алар ток эле. Тойгондуктан алардын жєрљгє текеберденди, ошондо алар Мени эстеринен чыгарып коюшту.

7 Ошон єчєн Мен аларга арстандаймын, кабыланга окшоп жолдо ањдып турам.

8 Мен аларга мамалактарынан ажыраган ургаачы аюудай кол салам, алардын кљљдљнєн жарып салам, Мен аларды ошол жерде ургаачы арстандай болуп жеп салам, аларды талаа жырткычтары тытып кетишет.

9 Сен љзєњдє љлтєрдєњ, Ысрайыл, анткени сен љзєњдєн таянычыњ болгон Мага каршы чыктыњ!

10 Сени куткара турган падышањ азыр кайда? Сенин бардык шаарларыњдагы башчыларыњ кайда? Сен алар жљнєндљ “Мага падыша жана башчыларды бер!” деп айткансыњ.

11 Ошондо Мен сага каарым менен падыша бердим, анан аны ачуум менен тартып алдым.

12 Эпрайымдын мыйзамсыздыгы тєйєнчљккљ тєйєлєп турат, анын кєнљљсє сакталып турат.

13 Ал тљрљп жаткан аялдай кыйналат. Ал – акылсыз уул, болбосо ал љзєнєн тљрљлєєсєн создуктурмак эмес.

14 Мен аларды љлгљндљр жаткан жайдын бийлигинен кун тљлљп куткарам, аларды љлємдљн куткарам. Љлєм! Сенин уу тишињ кайда? Љлгљндљр жаткан жай! Сенин жењишињ кайда? Љкєнєє кљздљрємдљн жашыруун.

15 Эпрайым бир туугандарынын арасында жемиштєє болсо да, чыгыш шамалы, чљлдљн кљтљрєлгљн Тењир шамалы, келет, ошондо анын булагы соолуйт, башаты какшыйт: ал шамал бардык кымбат баалуу нерселер сакталган казынаны кыйратат.

14-БЉЛЄМ

1 Самария бєлгєнгљ учурайт, анткени љз Кудайына каршы чыкты: алар кылычтан кулашат, алардын наристелери кылыч менен кыя чабылат, кош бойлуу аялдары жара чабылат.

Тењирге кайрылууга чакыруу

2 Ысрайыл, љзєњдєн Кудай-Тењириње кайрылып кел, анткени сен љзєњдєн мыйзамсыздыгыњдын айынан мєдєрєлєп жыгылдыњ.

3 Љзєњљр менен кошо сљздљрдє алып, Тењирге кайрылып келгиле, Ага мындай дегиле: “Бардык мыйзамсыздыгыбызды кечир, бизге жакшылык кыл, ошондо биз Сага ооз курмандыгын чалабыз.

4 Ашур эми бизди куткарбайт. Мындан кийин атка минбейбиз, мындан ары колубуз менен жасаган буюмдарды «биздин кудайларыбыз» деп атабайбыз, анткени жетимдер Сенден гана ырайым табышат”.

Кудайдын сєйєєсє

5 Алардын баш тартуучулугун дарылайм, аларды Љз каалоом менен сєйљм, анткени Менин каарым алардан бурулду.

6 Мен Ысрайылга шєєдєрєм болом. Ал лилиядай болуп гєлдљйт, Лебанон сыяктуу тамыр жаят.

7 Анын бутактары жайылат, ошондо анын сулуулугу зайтун дарагындай болот, андан Лебанондун жытындай жыпар жыт чыгат.

8 Анын кљлљкљсєндљ отургандар кайтып келишет, эгин љстєрєшљт, љздљрє жєзєм сабактары сыяктуу гєл ачышат, анын жыты Лебанон шарабындай болот.

9 “Эми буркандар менен эмне ишим бар?” – дейт Эпрайым. Мен аны угам, ага назарымды салам. Мен тєбљлєк кљгљрєп турган кипаристей болом: сенин жемиштерињ Менден болот.

10 Акылдуу адам муну тєшєнсєн, даанышман адам муну билсин. Анткени Тењирдин жолдору туура, ал жолдор менен адил адамдар жєрєшљт, ал эми мыйзамсыздар ал жолдордо мєдєрєлєшљт».