1 Петуел уулу Жоелге болгон Тењирдин сљзє.
2 «Карыялар, муну уккула, бул жердин бардык тургундары, кулак салгыла: силердин тушуњарда же ата-бабањардын тушунда ушундай болду беле?
3 Муну балдарыњарга айткыла, ал эми балдарыњар љз балдарына айтышсын, алардын балдары болсо кийинки муунга айтышсын:
4 кырк аяктан калганды чегиртке жеди, чегирткеден калганды курт жеди, ал эми курттан калганды коњуз жеди.
5 Ойгонгула, ичкичтер, ыйлагыла, шарап ичкендердин баары, жєзєм ширесин жоктоп, боздоп ыйлагыла. Анткени ал силердин оозуњардан тартылып алынды!
6 Анткени менин жериме кєчтєє, сан жеткис бир эл келди. Анын тиштери арстандын тиштериндей, азуулары ургаачы арстандыкындай.
7 Ал менин жєзєм сабагымды кыйратты, менин анжыр дарагымды сындырды, аны жылањачтап сыйрып ыргытып жиберди, ошондо анын бутактары агарып калды».
8 Жаш кезинде тийген кєйљљсєн жоктогон жаш аялдай зумбал жамынып ыйла!
9 Тењир єйєнљ алып келинєєчє нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктар токтоду. Ыйык кызмат кылуучулар, Тењирдин кызматчылары, ыйлап жатышат.
10 Талаа ээн калып, жер кайгырып жатат, анткени дан жок болду, жєзєм сабагы куурады, зайтун дарагы соолуду.
11 Дыйкандар, уяттан бетињер кызарсын, жєзємчєлљр, ыйлагыла, буудай менен арпаны жоктоп ыйлагыла, анткени талаадагы тєшєм жок болду.
12 Жєзєм сабагы куурады, анжыр дарагы соолуду. Анар, курма жана алма бактары – талаадагы бєт дарактар куурап калды. Ошондуктан адам баласынан кубаныч жоголду.
13 Ыйык кызмат кылуучулар, белињерди курчагыла, ыйлагыла, курмандык чалынуучу жайдын кызматчылары, боздоп ыйлагыла! Менин Кудайымдын кызматчылары, келгиле, зумбал кийип тєн љткљргєлљ. Анткени силердин Кудайыњардын єйєнљ алып келинєєчє нан курмандыктары менен куюлуучу курмандыктар токтоду.
14 Орозо белгилегиле, жыйын жарыялагыла, бул љлкљнєн карыяларын, бардык тургундарын Кудай-Тењирињердин єйєнљ чакыргыла, Тењирге жалынгыла.
15 Оо, эмне деген кєн! Анткени Тењирдин кєнє жакын! Ал Кудуреттєєдљн кыйратуучу катары келет.
16 Тамак биздин кљз алдыбызда тартылып алынып жаткан жокпу? Шаттык менен кубаныч биздин Кудайдын єйєнљн тартылып алынып жаткан жокпу?
17 Уруктар топурактын катмарында чирип калды, дан сактагычтар бош калды, кампалар талкаланды, анткени эгин болбой калды.
18 Мал кандай онтоп жатат! Љгєздљр тентип жєрєшљт, анткени аларга жайыт жок, койлор да жапа чегип жатышат.
19 Тењир, Сага жалынам, анткени талаадагы оттуу жайыттарды от жалмап салды, талаадагы дарактардын бардыгын жалын куйкалап кетти.
20 Атєгєл, талаадагы жаныбарлар да Сени чакырып жатышат, анткени агын суулар соолуду, талаадагы жайыттарды от жалмап салды.
1 «Сиондо сурнай тарткыла, Менин ыйык тоомдо чуу кљтљргєлљ. Жердин бардык тургундары титиресин, анткени Тењирдин кєнє келе жатат, анткени ал жакын.
2 Ал – карањгылыктын жана карањгынын кєнє, ал – булуттуу жана тумандуу кєн. Тоолордун єстєнљ чачыраган тањкы жарыктай болуп, сансыз кљп жана кєчтєє бир эл келе жатат, мындай эл кылымдардан бери болгон эмес, мындан ары да, укумдан-тукумга болбойт.
3 Анын алдындагы от жалмап жатат, ал эми артындагы жалын куйкалап жатат. Жер анын алдында Эйден багы сыяктуу, ал эми анын артында ээн калган талаа сыяктуу, андан качып кутулган эч ким жок.
4 Анын кљрєнєшє аттардын кљрєнєшєндљй, алар атчан аскерлердей чаап келе жатышат.
5 Алар тоолордун чокусундагы арабалардын дєњгєрљгљн добушундай, саманды жалмаган жалындаган оттун чартылдагындай, согушка тизилген кєчтєє элдей чаап келе жатышат.
6 Аны кљргљндљ, элдер титиреп жатышат, бардыгынын љњє кумсарып жатат.
7 Алар жоокерлерге окшоп жєгєрєп келе жатышат, эр жєрљк аскерлерге окшоп дубалдарга чыгып жатышат, ар бири љз жолу менен келе жатат, љз жолунан адашпай келе жатат.
8 Алар бири-бирин жљљлљбљй, ар бири љз жолу менен келе жатат, найзаларга жыгылып жатышат, бирок эч кандай зыянга учурашкан жок.
9 Шаарды аралап чуркап жєрєшљт, дубалдарга чыгып жатышат, єйлљрдєн єстєнљ чыгып жатышат, ууруларга окшоп терезелерден кирип жатышат.
10 Алардын алдында жер титиреп жатат, асман солкулдап жатат, кєн менен ай кєњєрттљнєп жатат, жылдыздар да љз жарыгын жоготуп жатат».
11 Тењир Љз аскерлеринин алдында єн салып жатат, анткени Анын кошууну сансыз, Анын сљзєн аткаруучу љтљ кубаттуу. Анткени Тењирдин кєнє улуу жана љтљ коркунучтуу, ага ким туруштук бере алат?
12 Бирок Тењир азыр да: «Мага бєт жєрљгєњљр менен, орозо менен, ый менен, љкєрєк менен кайрылгыла», – деп жатат.
13 Кийимињерди эмес, жєрљгєњљрдє тыткыла, Кудай-Тењирињерге кайрылгыла, анткени Ал жакшы жана боорукер, чыдамдуу жана абдан ырайымдуу, Ал алаамат жибергени єчєн љкєнљт.
14 Ким билет, балким, Ал боор ооруп, силердин Кудай-Тењирге арнаган нан курмандыгыњарды, куюлуучу курмандыгыњарды – батасын калтырар.
15 Сиондо сурнай тарткыла, орозо белгилегиле, жыйын жарыя кылгыла.
16 Элди чогулткула, жыйын чакыргыла, карыяларды чакыргыла, жаш уландарды, эмчектеги наристелерди чогулткула. Кєйљљ љз єйєнљн, колукту љз бљлмљсєнљн чыгып келсин.
17 Тењир єйєнєн кире бериш бљлмљсє менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда ыйык кызмат кылуучулар, Тењирдин кызматчылары: «Тењир, Љз элињди ая, Љз мурасыњды шылдыњга калтырба, башка элдер аны кордошпосун! Элдер арасында “Булардын Кудайы кайда?” деп айтылган сљздєн эмне кереги бар?» – деп ыйлашсын.
18 Ошондо Тењир Љз жерине жан тартты, Љз элин аяды.
19 Тењир Љз элине мындай деп жооп берди: «Мына, Мен силерге дан, шарап жана зайтун майын жиберем, аларга тоёсуњар, мындан ары силерди башка элдерге шылдыњ кылдырбайм.
20 Тєндєктљн келген душманды силерден алыстатып, суусуз, ээн жерге кууп жиберем, анын алды жактагы аскерин чыгыш дењизине, арт жактагы аскерин батыш дењизине кууп жиберем, ошондо андан љтљ сасык жыт чыгат, андан кањырсыган жыт кљтљрєлљт, анткени ал кљп жамандык жасады.
21 Жер, коркпо! Кубан, шаттан, анткени улуу Тењир муну кыла алат!
22 Коркпогула, жаныбарлар, анткени чљлдљгє жайыттар кљгљрљт, дарак љз мљмљсєн берет, анжыр менен жєзєм сабагы љз кєчєн кљрсљтљт.
23 Силер да, Сион уулдары, Кудай-Тењирињер жљнєндљ кубангыла, шаттангыла, анткени Ал Љзєнєн ырайымы менен силерге жамгыр берет, силерге эрте жамгыр менен кеч жамгырды мурункудай жаадырат.
24 Кырмандар данга толот, жєзєм сыгылуучу жай жєзємгљ, май сыккыч майга толот.
25 Силерге каршы жиберген Љзємдєн калыњ аскерим болгон чегиртке, курт, коњуз жана кырк аяк ошол жылдары жеп койгон бардык нерсенин ордун толтурам.
26 Тойгончо жейсињер, тоёсуњар, силерге керемет кљрсљткљн Кудай-Тењирињердин ысымын дањктайсыњар, Менин элим тєбљлєккљ шылдыњ болбойт.
27 Ошондо Менин Ысрайылдын арасында экенимди, силердин Кудай-Тењирињер экенимди, Менден башка Кудай жок экенин билесињер, Менин элим тєбљлєккљ шылдыњ болбойт.
28 Ошондон кийин мындай болот: Мен ар бир адамдын єстєнљ Љз Рухумду тљгљм, ошондо уулдарыњар менен кыздарыњар пайгамбарчылык кылышат, карыяларыњар тєш кљрєшљт, жаш балдарыњар кљрєнєш кљрєшљт.
29 Ошол кєндљрє Мен кулдардын єстєнљ да, кєњдљрдєн єстєнљ да Љз Рухумду тљгљм.
30 Асманда да, жерде да жышаандарды кљрсљтљм, алар: кан, от жана кљтљрєлгљн тєтєн.
31 Тењирдин улуу, коркунучтуу кєнє келер алдында кєн карањгылайт, ай кандай болуп кызарат.
32 Ошондо мындай болот: Тењирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат, анткени Тењир айткандай, Сион тоосунда жана Иерусалимде куткарылуу болот, Тењир Љзє чакырган адамдар да куткарылышат.
1 Анткени мына, ошол кєндљрдљ жана дал ошол мезгилде, Жєйєт менен Иерусалимдин туткундарын кайра алып келгенде,
2 Мен бардык элдерди чогултам, аларды Жошапаттын љрљљнєнљ алып келем. Менин элимди, Менин мурасым Ысрайылды, башка элдердин арасына чачыратып жиберишкени єчєн, Менин жеримди бљлєп алышканы єчєн, ошол жерде Мен аларды сотттойм.
3 Алар Менин элим єчєн љкчљмљ таш ыргытышты, уландарды берип, бузулган аялдарды сатып алышты, кыздарды сатып, шарап алып ичишти.
4 Тир, Сидон, Пелиштинин бєт аймагы, силерге Менден эмне керек? Мени жазалагыњар келеби? Менден љч алгыњар келеби? Мен силердин жазањарды оњой эле, тез эле љз башыњарга салам,
5 анткени силер Менин кємєшємдє, Менин алтынымды алдыњар, Менин эњ кымбат асыл буюмдарымды бутканаларыњарга киргизип алдыњар.
6 Жєйєт жана Иерусалим уулдарын љз жеринен алыстатыш єчєн, эллин уулдарына саттыњар.
7 Мына, силер аларды кайсы жерге сатып жиберсењер, Мен аларды ошол жерден алып чыгам, аларга кылганыњарды љз башыњарга салам.
8 Уулдарыњар менен кыздарыњарды Жєйєт уулдарынын колуна салып берем, Жєйєт уулдары аларды алыста жашаган Шеба элине сатып жиберишет. Тењир ушинтип айтты.
9 Муну элдер арасында жар салгыла, согушка даярдангыла, эр жєрљк жоокерлерди козгогула. Бєт аскерлер кљтљрєлєп, согушка чыгышсын.
10 Соколоруњарды кылыч кылып, орокторуњарды найза кылып кайра согуп чыккыла. Алсыз “Мен кєчтєємєн!”» десин.
11 Тездегиле, келгиле, тегеректеги бардык элдер, чогулгула. Тењир, Љз баатырларыњды ошол жерге баштап бар.
12 «Бардык элдер кљтљрєлєп, Жошапаттын љрљљнєнљ тєшєшсєн, анткени ар тараптан келген бардык элдерди соттош єчєн, Мен ошол жерде отурам.
13 Орогуњарды алып, оро баштагыла, анткени тєшєм жыйноо убагы келди. Келгиле, тебелегиле, анткени жєзєм сыгылуучу жай толду, шарап куйган идиштер ашып-ташып турат, анткени алардын жаман иштери кљп.
14 Калыњ эл, сот боло турган љрљљндљ калыњ эл! Анткени сот боло турган љрљљнгљ Тењирдин кєнє жакын!
15 Кєн менен ай кєњєрттљнљт, жылдыздар љз жарыгын жоготушат».
16 Тењир Сиондон кєркєрљйт, Иерусалимден єн салат. Асман менен жер солкулдайт. Бирок Тењир Љз элине коргонуч болот, Ысрайыл уулдарына калканыч болот.
17 «Ошондо Љзємдєн ыйык тоом Сиондо жашаган Кудай-Тењирињер Мен экенимди билесињер. Иерусалим ыйык жай болот, ошондон кийин ал аркылуу бљтљн уруулар љтєшпљйт.
18 Ошол кєнє тоолордон шарап тамат, адырлардан сєт агат, Жєйєттєн бардык сайлары сууга толот, ал эми Тењир єйєнљн булак суусу агып чыгып, Шитим љрљљнєн сугарат.
19 Мисир чљлгљ айланат, Эдом ээн талаага айланат, анткени алар Жєйєт уулдарын кысымга алышкан, алардын жеринде жазыксыз кан тљгєшкљн.
20 Жєйєт болсо тєбљлєк жашайт, Иерусалим кылымдан кылымга жашайт.
21 Мен алардын каны єчєн буга чейин албаган љчємдє алам, анткени Тењир Сиондо жашайт».