1 Текоялык койчулардын бири Амостун сљздљрє. Ал Жєйєт падышасы Узиянын тушунда, Ысрайыл падышасы Жааштын уулу Жаробамдын тушунда, жер титирерден эки жыл мурун Ысрайыл тууралуу кљрєнєш кљргљн.
2 Ошондо ал: «Тењир Сиондон кєркєрљйт, Иерусалимден єн салат, ошондо койчулардын жайыттары куурайт, Кармел тоосунун чокусу кургайт», – деди.
3 Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Дамаскты аябайм, анткени алар Гилатты темир мала менен малалашты.
4 Хазаелдин єйєнљ от жиберем, ал от Бенадаттын падыша сарайларын жалмайт.
5 Дамасктын дарбазаларынын бекиткичтерин талкалайм, Абен љрљљнєнєн тургундарын жана Эден єйєнљн бийлик таягын кармап турганды жок кылам, арамейлер Кирге туткундалып кетет, – дейт Тењир».
6 Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Азаны аябайм, анткени алар бєт элди Эдомдун колуна салып берєє єчєн туткундашты.
7 Азанын дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт.
8 Азоттун тургундарын да, Ашкелондо бийлик таягын кармап турганды да жок кылам, колумду Экронго бурам, ошондо пелиштиликтердин калдыгы кырылат, – дейт Кудай-Тењир».
9 Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Тирди аябайм, анткени алар бардык туткундарды Эдомдун колуна салып беришти, бир туугандык келишимди эстешкен жок.
10 Тирдин дубалдарына от жиберем, ал от анын падыша сарайларын жалмайт».
11 Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Эдомду аябайм, анткени ал бир тууганын кылыч менен кубалады, бир туугандык сезимин љчєрдє, ал дайыма каарданып турду, љзєнєн жаалын таптакыр токтоткон жок.
12 Тейманга от жиберем, ал от Ботсранын падыша сарайларын жалмайт».
13 Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Амон уулдарын аябайм, анткени алар љз жерлерин кењейтиш єчєн, Гилат жериндеги кош бойлуу аялдардын ичин жара чабышты.
14 Рабенин дубалдарына от коём, ал от анын єйлљрєн салгылашуу кєнєндљ кыйкырыктар менен, бороон-чапкын кєнєндљ куюн менен жалмайт.
15 Ошондо алардын падышасы тљрљлљрє менен бирге туткундалып кетет, – дейт Тењир».
1 Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Маапты аябайм, анткени ал Эдом падышасынын сљљгєн акиташтай болгуча љрттљдє.
2 Маапка от жиберем, ал от Кериоттун падыша сарайларын жалмайт. Ошентип, Маап сурнай тартылып, ызы-чуу, бєлгєн болуп жатканда љлљт.
3 Алардын арасынан башкаруучусун жок кылам, аны менен бирге анын бардык тљрљлљрєн љлтєрљм», – дейт Тењир.
4 Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Жєйєттє аябайм, анткени алар Тењирдин мыйзамдарын четке кагышты, Анын кљрсљтмљлљрєн сакташкан жок, ата-бабалары табынган буркандар аларды жолдон чыгарышты.
5 Жєйєткљ от жиберем, ал от Иерусалимдин падыша сарайларын жалмайт».
6 Тењир мындай дейт: «Кылган єч кылмышы єчєн, тљрт кылмышы єчєн Ысрайылды аябайм, анткени алар адилет адамды кємєшкљ, жакырды бир жуп сандалга сатышат.
7 Алар жакырлардын башын топуракка матырууну кљксљшљт, момундарды жолдон чыгарышат, атєгєл, Менин ыйык ысымымды булгаш єчєн, атасы менен уулу бир аялга барат.
8 Ар кайсы курмандык чалынуучу жайдын жанында, кєрљљгљ алынган кийимдердин єстєндљ жамбаштап жатышат, айыпкерлерден тљлљтєлєп алынган шараптарды љз кудайларынын єйєндљ ичишет.
9 Мен болсо алардын кљз алдында бийиктиги кедр дарагындай, бекемдиги эмен дарагындай болгон Аморду љлтєрдєм. Мен анын башындагы мљмљсєн, тєбєндљгє тамырларын жок кылдым.
10 Мен силерди Мисир жеринен алып чыктым, аморлуктардын жерин мурастап калышыњар єчєн, силерди чљлдљ кырк жыл алып жєрдєм.
11 Мен силердин уулдарыњардан пайгамбарларды, уландарыњардан назирлерди чыгардым. Же ушундай эмеспи, Ысрайыл уулдары? – дейт Тењир.
12 Силер болсо назирлерге шарап ичирдињер, пайгамбарларга: “Пайгамбарлык кылбагыла!” – деп буйрук бердињер.
13 Боолор жєктљлгљн араба жерди кандай басса, Мен да силерди ошондой басам.
14 Ошондо шамдагай да качып кутула албайт, кєчтєє да љзєнєн кєчєн кљрсљтљ албайт, эр жєрљк жоокер да љз љмєрєн сактап кала албайт,
15 жаа тарткыч да туруштук бере албайт, жљљ кєлєк да качып кете албайт, атчан да љз љмєрєн сактап кала албайт,
16 эр жєрљктљрдєн эњ кайраттуусу ошол кєнє жылањач качат», – дейт Тењир.
1 «Ысрайыл уулдары, Тењирдин силерге каршы айткан сљзєнљ кулак салгыла, Мен Мисир жеринен алып чыккан бардык урууга каршы мындай дейм:
2 “Жердеги бардык уруулардын ичинен Мен силерди гана тандап алдым, ошондуктан бардык мыйзамсыздыгыњар єчєн Мен силерди жазалайм”.
3 Эки адам љз ара макулдашпай туруп жолго чыгабы?
4 Алдында жем жок болсо, токойдо арстан ырылдайбы? Эч нерсе кармабаса, жаш арстан єњкєрєнљн єн салабы?
5 Жердеги тордо жем жок болсо, куш торго тєшљбє? Торго эч нерсе тєшпљсљ, тор жерден кљтљрєлљбє?
6 Шаарда сурнай тартылганда, эл коркпой коймок беле? Тењир жол бербесе, шаарда алаамат болмок беле?
7 Анткени Кудай-Тењир Љз кулдары – пайгамбарларга Љзєнєн жашыруун сырын ачпай туруп, эч нерсе жасабайт.
8 Арстан айкыра баштаганда, ким солк этпейт? Кудай-Тењир сєйлљгљндљ, ким пайгамбарлык кылбайт?
9 Азоттогу жана Мисир жериндеги чептердин єстєнљн: “Самария тоолоруна чогулгула, анын ичиндеги чектен чыккан баш аламандыкты, ал жердеги ырайымсыздыкты кљргєлљ”, – деп жар салгыла.
10 Алар адилеттик боюнча иш кылганды билишпейт, – дейт Тењир, – алар єйлљрєнљ зордук-зомбулук жана талап-тоноочулук менен байлык жыйнашат».
11 Ошондуктан Кудай-Тењир мындай дейт: «Мына душман бєт жерди курчайт! Ал сенин кєчєњдє алсыратат, сенин єйлљрєњ таланып-тонолот».
12 Тењир мындай дейт: «Койчу арстандын оозунан койдун эки шыйрагын же кулагынын бир бљлєгєн кандай сууруп алса, Самарияда тљшљгєнєн бир четинде отурган, Дамаскта тљшљгєнєн єстєндљ жаткан Ысрайыл уулдары ошондой куткарылышат.
13 Уккула, Жакыптын тукумуна каршы кєбљлљндєргєлљ, – дейт Кудай-Тењир, Себайот Кудай.
14 Анткени Мен Ысрайылды љз кылмыштары єчєн жазага тарткан кєнє Бейтелдеги курмандык чалынуучу жайлары єчєн да жазага тартам, ошондо курмандык чалынуучу жайдын мєйєздљрє кыйылып, жерге тєшљт.
15 Мен кышкы єйдє жайкы єй менен кошо кыйратам, пил сљљгє менен кооздолгон єйлљр талкаланат, кљп єйлљр жок кылынат, – дейт Тењир».
1 Самария тоосундагы Башан кунажындары, силер, кедей-кембагалдарды кысымга алгандар, жакырларды эзгендер, љз мырзаларына: «Алып кел, ичели!», – дегендер, бул сљздє уккула!
2 «Силерди илмектер менен, тирєє калгандарды кайырмактар менен сєйрљп кете турган кєндљр келет деп, Кудай-Тењир Љзєнєн ыйыктыгы менен ант берди.
3 Ошондо баарыњар дубалдын тешиктеринен чыгып, Армон тоолоруна ыргытыласыњар, – дейт Тењир.
4 Бейтелге баргыла да кєнљљгљ баткыла, Гилгалга жљнљгєлљ да кылмышыњарды кљбљйткєлљ. Курмандыгыњарды ар бир тањда чалгыла, ал тургай, ондуктарыњарды єч кєндљ бир алып баргыла.
5 Ыраазычылык курмандыгына ачыткы кошулган курмандыкты алып келгиле, љз каалооњор менен алып келген тартууларыњар жљнєндљ жарыя кылгыла, алар жљнєндљ жар салгыла, анткени, Ысрайыл уулдары, силер ушундай кылганды жакшы кљрљсєњљр,– дейт Кудай-Тењир.
6 Ошон єчєн Мен силерге бардык шаарларыњарда таза тиштерди бердим, бардык айыл-кыштактарыњарда нанды тартыш кылдым. Бирок силер Мага кайрылган жоксуњар, – дейт Тењир.
7 Оруп-жыюуга дагы єч ай бар болсо да, Мен жамгыр жаадырган жокмун, бир шаарга жамгыр жаадырдым, ал эми экинчи шаарга жамгыр жаадырган жокмун. Бир жер жамгырга сугарылды, ал эми жамгырга сугарылбаган жер кургады.
8 Ошондо суу ичиш єчєн, эки-єч шаардын эли бир шаарга чогулуп жатты, бирок суусундарын кандыра иче алышкан жок. Ошондо да силер Мага кайрылган жоксуњар, – дейт Тењир.
9 Мен силерди эгинињерге дат каптатып, аны саргартып жазаладым. Кљп сандаган жемиш бактарыњарды, жєзємзарларыњарды, анжыр дарактарыњарды, зайтун дарактарыњарды кырк аяк жеди, ушунун бардыгына карабастан, силер Мага кайрылган жоксуњар, – дейт Тењир.
10 Мен силерге Мисирге жибергендей жугуштуу оору жибердим, уландарыњарды кылыч менен љлтєрдєм, аттарыњарды туткундап кеттим, кошуундарыњардан чыккан сасык жыт кањылжаарыњарды жарды, ушунун бардыгына карабастан, силер Мага кайрылган жоксуњар, – дейт Тењир.
11 Содом менен Аморду кандай кыйратсам, Мен силерди ошондой кыйраттым, ошондо силер оттон алынган чычаладай болдуњар, ушунун бардыгына карабастан, силер Мага кайрылган жоксуњар, – дейт Тењир.
12 Ошон єчєн, Ысрайыл, Мен сага ушундай кылам. Мен сага ушундай кылганы жаткандыктан, Ысрайыл, сен љз Кудайыњ менен жолугушууга даярдан.
13 Анткени Ал – тоолор менен шамалды жараткан, ойлорун адамга билдирген, тањкы жарыкты карањгылыкка айланткан, жердин бийиктиктеринде басып жєргљн Тењир, Анын ысымы – Себайот Кудай-Тењир».
1 Ысрайыл, мына бул сљзгљ, силер тууралуу кошогума кулак салгыла:
2 Ысрайыл кызы жыгылды, эми ал мындан ары турбайт! Ал љз жеринде кулатылды, аны тургузар эч ким жок».
3 Анткени Кудай-Тењир: «Ысрайылда мињ аскери менен чыккан шаардын жєз аскери гана калат, жєз аскери менен чыккан шаардын он аскери гана калат», – деп жатат.
4 Анткени Тењир Ысрайылга мындай деп жатат: «Мени издегиле, ошондо тирєє болосуњар.
5 Бейтелди издебегиле, Гилгалга барбагыла, Бейер-Шебага љтпљгєлљ, анткени Гилгал бєт бойдон туткунга кетет, Бейтел болсо жок болот».
6 Тењирди издегиле, ошондо тирєє болосуњар, Анын каары Жусупка от сыяктуу жалындап, аны жалмап салбасын, Бейтелде ал отту љчєрљ турган эч ким болбойт.
7 Оо, силер, адилеттикти эрменге айланткандар, чындыкты тебелегендер!
8 Жети Аркар жана Алты Аркар топ жылдыздарын ким жаратты, љлєм кљлљкљсєн жарык тањга ким айлантат, кєндє ким тєндљй карањгы кылат, ким дењиз сууларын чакырып, жер бетине тљгљт? Анын ысымы – Тењир!
9 Ал кыйратуучуну кєчтєєгљ каршы чыњдайт, ошондо кыйратуучу сепилге кирет.
10 Алар болсо дарбазанын алдында ашкере кылган адамды жек кљрєшљт, чындыкты сєйлљгљн адамдан жийиркенишет.
11 Силер жакырды тебелеп-тепсеп, анын нанынын жакшысын тартып алып жатканыњар єчєн, жылмаланган таштардан єйлљрдє курсањар да, ал єйлљрдљ жашабайсыњар, эњ сонун жєзємзарларды љстєрсљњљр да, алардын шарабын ичпейсињер.
12 «Анткени Мен силердин кылмышыњар канчалык кљп экенин, кєнљљлљрєњљрдєн кандай оор экенин билем: силер адил адамдын душманысыњар, пара алып, сотто кедей-кембагалдардын иштерин бурмалайсыњар».
13 Ошондуктан акыл-эстєє адам бул мезгилде унчукпайт, анткени бул – жаман мезгил.
14 Тирєє калыш єчєн, жамандыкты эмес, жакшылыкты издегиле. Ошондо љзєњљр айтып жаткандай, Себайот Кудай-Тењир силер менен болот.
15 Жамандыкты жек кљргєлљ, жакшылыкты сєйгєлљ, дарбазањардын алдында акыйкаттыкты жактагыла. Балким, Себайот Кудай-Тењир Жусуптун калдыгына ырайым кылар.
16 Ошондуктан Бардыгын Кармап Туруучу, Себайот Кудай-Тењир, мындай дейт: «Бардык аянттарда ый болот, бардык кљчљлљрдљ: “Аттињ! Аттињ!” – деп кыйкырышат. Дыйканды љкєргљнгљ, мыкты кошокчуларды кошок кошконго чакырышат.
17 Бардык жєзємзарларда ый болот, анткени Мен сени аралап љтљм, – дейт Тењир.
18 Тењирдин кєнєн каалагандарга кайгы! Силерге Тењирдин ал кєнєнєн эмне кереги бар? Ал кєн – жарык эмес, карањгы кєн.
19 Ал кєн – арстандан качкан адамдын алдынан аюу чыккандай, же єйєнљ келип, колу менен дубалга таянган адамды жылан чаккандай болгон кєн.
20 Эмне, Тењирдин кєнє карањгы эмеспи, жарыкпы? Ал карањгы, анда жаркыроо да жок.
21 Силердин майрамдарыњарды четке кагам, аларды жек кљрљм, салтанаттуу жыйындарыњарда чалган курмандыктарыњарды жыттабайм.
22 Мага бєтєндљй љрттљлєєчє курмандык жана нан курмандыгын алып келсењер да, Мен аларды кабыл албайм жана семиз букачарлардан чалган тынчтык курмандыгыњарды карабайм.
23 Ырларыњдын єнєн Менден алыс кыл, анткени Мен сенин арфаларыњдын єнєн укпайм.
24 Акыйкаттык суудай, чындык тынбай аккан дарыядай агып турсун!
25 Ысрайыл, силер чљлдљ жєргљн кырк жыл ичинде Мага арнап курмандыктарды, нан курмандыктарын чалдыњар беле?
26 Силер Молохтун чатырын жана љзєњљр єчєн жасап алган кудайыњардын жылдызы болгон Райпан бурканыњарды кљтљрєп жєрдєњљр.
27 Ошон єчєн Мен силерди Дамасктан ары кљчєрєп жиберем, – дейт Тењир. Анын ысымы – Себайот Кудай!
1 Сиондо бейкапар жаткан, Самария тоосуна ємєттљнєп бейгам жаткан, элдердин арасында биринчилер деп аталган, Ысрайыл тукуму келип турган адамдарга кайгы!
2 Калнейге љткєлљ да, карап кљргєлљ. Ал жерден улуу Хаматка баргыла, анан пелиштиликтердин Гат шаарына тєшкєлљ. Алар бул падышачылыктардан жакшы бекен? Алардын жери силердин жерињерден кенен бекен?
3 Силер алаамат кєндє алыс деп эсептеп, зомбулуктун бийлигин жакындатып жатасыњар,
4 пил сљљгєнљн жасалган сљрєдљ жатасыњар, тљшљктљ керилип жатасыњар, койлордун эњ жакшысын, оттуу жайыттагы букачарларды жеп жатасыњар,
5 гуслинин коштоосунда ырдап, аспапта Дљљткљ окшоп ойнойбуз деп ойлойсуњар,
6 шарапты ченебей ичип, эњ жакшы майлар менен майланасыњар, Жусуптун кайгысын бљлєшпљйсєњљр!
7 Ошон єчєн силер азыр туткундардын алдында туткундалып кетесињер. Ошентип, керилип жаткандар, силердин кубанычыњар токтойт.
8 Кудай-Тењир Љзє менен ант берип жатат, Себайот Кудай-Тењир мындай деп жатат: «Жакыптын текебердигинен жийиркенем, анын єйлљрєн жек кљрљм, ошондуктан Мен шаарды жана анын ичинде эмне болсо, ошонун баарын душмандын колуна салып берем.
9 Ошондо мындай болот: кайсы бир єйдљ он адам калса, алар да љлљт.
10 Ошондо алардын тууганы же сљљк љрттљљчє адам алардын сљљктљрєн єйдљн алып чыгып бара жатып, єйдєн жанында тургандан: “Жаныњда дагы киши барбы?” – деп сурайт. Тигил: “Эч ким жок”, – деп жооп берет. Анда ал ага: “Унчукпа! Анткени Тењирдин ысымын эскерєєгљ болбойт”, – деп айтат.
11 Анткени мына, Тењир буйрук берип, чоњ єйлљрдє уратат, кичине єйлљрдє жарака кетирип кыйратат.
12 Аттар аска менен чуркай алабы? Асканы љгєз менен айдоого болобу? Силер болсо акыйкаттыкты ууга, чындыктын жемишин эрменге айланттыњар.
13 Силер болбогон нерселерге кубанып: “Биз бул кудуретке љзєбєздєн кєчєбєз менен ээ болгон жокпузбу?” – дейсињер.
14 Мына, Мен, – дейт Себайот Кудай-Тењир, – Ысрайыл, силерге каршы бир элди кљтљрљм, ошондо ал эл силерди Хаматтын кире беришинен чљл суусуна чейин эзет».
1 Кудай-Тењир мага мындай кљрєнєш кљрсљттє: Мына, жайкы чљп чыга баштаганда, Тењир чегирткени жаратты. Ал чљп падышанын чљп чабыгынан кийин чыккан чљп эле.
2 Чегиртке жердеги чљптљрдє жеп бєткљндљ, мен: «Кудай-Тењир, ырайым кыла кљр. Жакып кантип туруштук берет? Ал љтљ эле кичине», – дедим.
3 Ошондо Тењир љкєнєп: «Андай болбойт», – деди.
4 Кудай-Тењир мага мындай кљрєнєш кљрсљттє: Мына, жазалаш єчєн, Кудай-Тењир от чыгарды, ошондо ал от тєпкєрдљгє чоњ сууларды, жердин бир бљлєгєн жалмады.
5 Ошондо мен: «Кудай-Тењирим, токтото кљр! Жакып кантип туруштук берет? Ал љтљ эле кичине», – дедим.
6 Ошондо Тењир љкєнєп: «Бул да болбойт», – деди.
7 Ал мага мындай кљрєнєш кљрсљттє: Мына, Тењир тик дубал єстєндљ турат, Анын колунда жипке асма коргошун салмоор бар.
8 Тењир мага: «Амос, сен эмнени кљрєп турасыњ?» – деди. Мен: «Жипке асма салмоорду», – деп жооп бердим. Анан Тењир мындай деди: «Мына, Мен Љз элим Ысрайылдын ортосуна жипке асма салмоор коём. Мындан ары ага кечирим кылбайм.
9 Ыскактын курмандык чалынуучу бийиктиктери кыйратылат, Ысрайылдын ыйык жайлары талкаланат. Жаробамдын тукумуна кылыч менен каршы чыгам».
10 Бейтелдин ыйык кызмат кылуучусу Аматсия Ысрайылдын падышасы Жаробамга мындай деп айттырды: «Амос Ысрайылдын арасында сага каршы козголоњ чыгарып жатат. Анын бєт сљздљрєнљ жер чыдай албайт.
11 Анткени Амос мындай деп жатат: “Жаробам кылычтан љлљт, Ысрайыл болсо љз жеринен сљзсєз туткундалып кетет”».
12 Анан Аматсия Амоско мындай деди: «Кљрљгљч! Тезинен кет, Жєйєт аймагына кач. Ошол жерде нан жеп, ошол жерде пайгамбарчылык кыл.
13 Ал эми Бейтелде мындан ары пайгамбарчылык кылба, анткени бул жер – падышанын ыйык жайы, падышанын єйє».
14 Ошондо Амос Аматсияга мындай деп жооп берди: «Мен пайгамбар эмесмин, пайгамбардын уулу да эмесмин. Мен койчу болчумун, тыт дарагын љстєрчємєн.
15 Бирок Тењир мени кой короодон алып, мага мындай деди: “Бар, Менин элим Ысрайылга пайгамбарчылык кыл”.
16 Эми Тењирдин сљзєнљ кулак сал. Сен мага: “Ысрайылга каршы пайгамбарчылык кылба, Ыскакка сљз сєйлљбљ”, – деп жатасыњ.
17 Ошон єчєн Тењир мындай дейт: “Шаарда сенин аялыњ бузуктук кылат. Уулдарыњ менен кыздарыњ кылычтан љлљт. Сенин жерињ жер бљлгљн аркан менен бљлєнљт, љзєњ болсо таза эмес жерде љлљсєњ, Ысрайыл љз жеринен сљзсєз куулуп чыгат”».
1 Кудай-Тењир мага мындай кљрєнєш кљрсљттє: мен бир себет бышкан жемишти кљрдєм.
2 Ал менден: «Амос, сен эмнени кљрєп турасыњ?» – деп сурады. Мен: «Бир себет бышкан жемишти», – дедим. Ошондо Тењир мага мындай деди: «Менин элим Ысрайылдын акыры келди. Мындан ары аны кечирбейм.
3 Ошол кєнє падыша сарайындагы ырлар ыйга айланат, – дейт Кудай Тењир, – љлєктљр кљп болот, ар кайсы жерде аларды єн-сљзсєз ыргытышат».
4 Кембагалдарды жеп-жуткусу келгендер, жакырларды љлтєргєсє келгендер,
5 «Жањырган ай майрамы љтсљ, биз нан сата алабыз, ишемби кєнє љтсљ, биз кампаларды ачабыз, эйфанын кљлљмєн азайтабыз, шекелдин баасын кљтљрљбєз, туура эмес таразалар менен алдайбыз,
6 кедейлерди кємєшкљ, кембагалдарды бир жуп бут кийимге сатып алабыз, ал эми дандын калбырдан љтпљй калганын сатабыз», – дегендер, муну уккула!
7 Тењир Жакыптын дањкы менен ант берди: «Чындыгында, алардын бул иштеринин эч бирин тєбљлєккљ унутпайм!
8 Мына ушундан жер солкулдабас бекен, анын єстєндљ жашаган ар бир адам ыйлабас бекен? Жер бєт бойдон дарыядай ташкындайт, ал Мисир дарыясына окшоп бирде кљтљрєлєп, бирде тљмљн тєшљт.
9 Ошол кєнє мындай болот, – дейт Кудай-Тењир, – чак тєштљ кєндє батырам, кєндєз жерди карањгылатам,
10 майрамдарыњарды кайгыга, ырларыњардын бардыгын ыйга айлантам, баарыњарга зумбал кийгизип, чачыњарды кырам. Љлкљдљ жалгыз уулун жоктоп ыйлагандагыдай ый кљтљрљм, анын аягы кайгылуу кєн сыяктуу болот.
11 Мына, кєндљр келе жатат, – дейт Тењир, – ошол кєндљрє Мен жер єстєнљ ачарчылык жиберем, ал нанга болгон ачарчылык эмес, сууга болгон суусоо эмес, Тењирдин сљздљрєн угууга болгон суусоону жиберем.
12 Ошондо Тењирдин сљзєн издеп, дењизден дењизге тењселип басышат, тєндєктљн чыгышка сандалышат, бирок аны табышпайт.
13 Ошол кєнє ошол суусоодон сулуу кыздар менен жигиттер соолушат.
14 Алар Самариянын кєнљљсє менен: “Дан, сенин кудайыњ тирєє! Бейер-Шебага барчу жол тирєє!” – деп ант беришет. Алар кулашат, ошол бойдон турушпайт».
1 Мен курмандык чалынуучу жайдын жанында турган Тењирди кљрдєм, Ал мындай деди: «Мамылардын єстєнкє бљлєгєн ур, єйдєн тљбљсє солкулдап, алардын башына тєшсєн, ал эми калгандарын Мен кылыч менен љлтєрљм, алардын эч кимиси качып кутулбайт, аман калам дегендеринин бири да аман калбайт.
2 Алар љлгљндљр жаткан жайга кирип кетишсе да, Менин колум аларды ошол жактан алып чыгат. Асманга чыгып кетишсе да, аларды ал жактан кулатам.
3 Алар Кармел тоосунун чокусуна чыгып жашынып алышса да, ошол жерден аларды таап алып, колго тєшєрљм. Менин кљзємдљн жашынып, дењиздин тєпкєрєнљ тєшєп кетишсе да, ошол жерден дењиз жыланына аларды чагууга буйрук берем.
4 Аларды љз душмандары туткундап кетишсе, ошол жерден да кылычка аларды љлтєрєєгљ буйрук берем. Мен кљзємдє аларга жакшы кєн кљрсљтєє єчєн эмес, алаамат тєшєрєє єчєн бурам».
5 Анткени Себайот Кудай-Тењир жерге колун тийгизгенде, ал эрип кетет, ошондо анын єстєндљ жашагандардын баары ыйлашат. Жер бєт бойдон дарыядай ташкындайт, Мисир дарыясындай тљмљн тєшљт.
6 Ал Љзєнєн жогорку єйлљрєн асманга тургузган, Љзєнєн негизин жер єстєнљ орноткон. Ал дењиз сууларын чакырып, жер єстєнљ тљгєп турат. Анын ысымы – Тењир.
7 «Ысрайыл уулдары, силер Мен єчєн Эфиопия уулдарындай эле эмессињерби? – дейт Тењир. – Ысрайылды Мисир жеринен, пелиштиликтерди Каптордон, арамейлерди Кирден Мен алып чыккан жок белем?
8 Мына, Кудай-Тењирдин кљздљрє кєнљљкљр падышачылыкка каршы, Мен аны жер бетинен жок кылам. Бирок Жакыптын тукумун биротоло кырып салбайм, – дейт Тењир.
9 Анткени Мен буйрук берип, данды калбырлагандай, Ысрайыл урууларын бєт элдердин арасында калбырлайм, бир да дан жерге тєшпљйт.
10 Менин элимдин: “Бул алаамат бизге жетпейт, бизге келбейт”, – деген кєнљљкљрлљрєнєн баары кылычтан љлљт.
11 Ошол кєнє Мен Дљљттєн кулаган чатырын калыбына келтирем, анын жик кеткен жерлерин бєтљйм, бузулган жерин оњдойм, аны байыркы кєндљрдљгєсєндљй кылып тургузам.
12 Алар Эдомдун калдыгын жана Менин ысымым менен аталган элдердин баарын ээлеп алышы єчєн ошондой кылам, – дейт ушунун бардыгын жасаган Тењир.
13 Мына, кєндљр келе жатат, – дейт Тењир, – ошол кєндљрє жер айдаган дыйкан оруп-жыюучуну кууп жетет, ал эми жєзєм сыккыч себєєчєнє кууп жетет. Ошондо тоолордон чыккан жєзєм ширеси бардык адырлардан агат.
14 Ошондо Мен Љз элим Ысрайылды туткундан кайра алып келем, алар кыйраган шаарларды кайрадан куруп, аларга отурукташышат; жєзємзарларды отургузуп, алардын шарабын ичишет; жемиш бактарын тигип, алардын мљмљлљрєн жешет.
15 Мен аларды љздљрєнєн жерине жайгаштырам, ошондон кийин алар љздљрєнєн Мен берген жеринен куулуп чыгарылбайт, – дейт сенин Кудай-Тењирињ».