1 Амитай уулу Жунуска Тењирден мындай сљз болду:
2 «Тур, улуу шаар Нинебиге барып, ошол шаар жљнєндљ пайгамбарчылык кыл, анткени анын мыйзамсыз иштери Мага жетти».
3 Ошондо Жунус Тењирдин жєзєнљн Таршышка качып кетмекчи болду. Ал туруп, Жапага келди да, Таршышка жљнљп жаткан бир кемени таап, жол акысын тљлљдє. Тењирдин жєзєнљн качып, Таршышка алар менен бирге кетиш єчєн, кемеге тєштє.
4 Бирок Тењир дењизге катуу шамал жљнљттє, ошондо дењизде катуу бороон башталып, кеме талкалана турган болду.
5 Кеме айдоочулардын єрљйє учуп, ар ким љз кудайын чакырды. Анан алар кемени жењилдетиш єчєн, андагы жєктє дењизге ыргыта башташты. Жунус болсо кеменин ылдый жагына тєшєп, жатып уктап калган эле.
6 Ошондо кеме башчысы ага келип: «Сен эмне уктап жатасыњ? Тур, љз Кудайыњды чакыр, балким, Кудай бизди эске алып, љлбљй каларбыз», – деди.
7 Анан алар бири-бирине: «Жєргєлљ, љкчљмљ таш ыргытып, кимдин айынан ушул кырсыкка кабылып жатканыбызды билели», – дешти. Љкчљмљ таш ыргытышты, ал Жунуска тєштє.
8 Ошондо андан: «Айтчы, бул кырсыкка кимдин айынан кабылдык? Эмне иш кыласыњ? Кайдан келе жатасыњ? Кайсы љлкљдљнсєњ? Кайсы элденсињ?» – деп сурашты.
9 Жунус аларга: «Мен эвреймин, дењизди жана кургактыкты жараткан асмандагы Кудай-Тењирден корком», – деп жооп берди.
10 Жунустун айтып бергенинен улам, алар анын Тењирдин жєзєнљн качып бара жатканын билишти. Ошондо алардын єрљйє учуп, ага: «Эмне єчєн мындай кылдыњ?» – дешти.
11 Анан алар андан: «Дењиз тынчыш єчєн, биз сени эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Анткени толкун кєчљп бара жаткан эле.
12 Жунус аларга мындай деди: «Мени алып, дењизге ыргыткыла. Ошондо дењиз тынчыйт, анткени бул катуу бороон менин айымдан болуп жатканын билем».
13 Бирок ал адамдар кургактыкка жетиш єчєн, бардык кєчє менен калак шилтей башташты, бирок жете алышкан жок, анткени дењизде аларга каршы толкун кєчљдє.
14 Ошондо алар Тењирди чакырып: «Оо Тењир, Сенден суранабыз, бул адамдын жаны єчєн биз кырылып калбасак экен, жазыксыз канды мойнубузга сала кљрбљ, анткени Сен, Тењир, Љзєњљ эмне жакса, ошону кылдыњ!» – дешти.
15 Анан Жунусту алып, дењизге ыргытышты. Ошондо дењиздеги толкун басылды.
16 Ошондо бул адамдар Тењирден абдан коркуп калышты. Тењирге курмандык чалышты жана убадаларды беришти.
1 Тењир бир чоњ балыкка Жунусту жутуп алууну буйрук кылды. Жунус ал чоњ балыктын ичинде єч кєн, єч тєн болду.
2 Жунус чоњ балыктын ичинен љз Кудай-Тењирине сыйынды.
3 Ал мындай деди: «Кайгы тартканымда, Тењирди чакырдым, ошондо Ал мага жооп берди. Мен љлгљндљр жаткан жайдын ичинен ыйладым, ошондо Сен менин єнємдє уктуњ.
4 Сен мени дењиздин терењине, дењиздин ортосуна ыргыттыњ, мени суу курчады, Сенин бєт иримдерињ менен толкундарыњ менин єстємдљн љттє.
5 Ошондо мен: “Сенин кљз алдыњдан четке кагылдым, бирок Сенин ыйык єйєњдє мен кайрадан кљрљм”, – дедим.
6 Мени суу курчап, жаныма коркунуч туулду, мени туњгуюк кучагына алды, башыма дењиз чљптљрє оролду.
7 Мен тоолордун тєбєнљ чейин тєштєм, жер мени љзєнєн кулпулары менен тєбљлєккљ бекитти. Бирок, Сен, менин Кудай-Тењирим, менин жанымды љлгљндљр жаткан жайдан алып чыктыњ.
8 Жаным алсырап калганда, Тењирди эстедим, менин сыйынуум Сага, Сенин ыйык ийбадатканања жетти.
9 Эч нерсеге арзыбаган жалган кудайларды урматтагандар љздљрєнєн боорукер Кудайын таштап коюшту.
10 Мен болсо Сага ыраазычылык билдирип, ооз курмандыгын алып келем. Эмнени убада кылсам, аткарам. Куткарылуу Тењирде!»
11 Ошондо Тењир чоњ балыкка буйрук кылды, ал Жунусту кургактыкка бєркєп чыгарды.
1 Анан Жунуска Тењирден экинчи жолу сљз болду:
2 «Тур, улуу шаар Нинебиге бар, Мен сага эмнени буйрусам, ошонун баарын ошол шаарда жарыяла».
3 Ошондо Жунус туруп, Тењирдин сљзє боюнча Нинебиге жљнљдє. Нинеби Кудайдын улуу шаары эле, анын башынан аягына чейин жљљ басканда єч кєндєк жол эле. 4 Жунус шаарды аралап, бир кєндљ канча жол басууга мємкєн болсо, ошончо жол басып: «Кырк кєндљн кийин Нинеби талкаланат», – деп жар салды.
5 Ошондо нинебиликтер Кудайга ишенип калышты, орозо жарыялашты, кичинесинен чоњуна чейин зумбал кийишти.
6 Бул сљз Нинеби падышасына жетти, ошондо ал тагынан туруп, єстєндљгє падыша кийимин чечип, зумбал кийип, кєлгљ отурду.
7 Анан падыша љзєнєн жана тљрљлљрєнєн атынан Нинебиде мындай деп жар салууну буйрук кылды: «Адам да, мал да, љгєз да, кой да эч нерсе жебесин, жайытка чыкпасын, суу да ичпесин.
8 Адамдар да, мал да зумбал жамынып, Кудайга боздоп жалынышсын, ар бири љзєнєн жаман жолунан, зордук-зомбулук иштеринен баш тартсын.
9 Ким билет, балким, Кудай боорукердик кылып, Љзєнєн бизге каршы жалындаган каарынан кайтар, биз љлбљй каларбыз».
10 Ошондо Кудай алардын иштерин, жаман жолдорунан бурулганын кљрєп, аларга алаамат тєшєрљм деп айткан сљзєнљ љкєнєп, алаамат тєшєргљн жок.
1 Жунус буга абдан капа болуп туталанды.
2 Ал Тењирге сыйынып, мындай деди: «Оо Тењир! Мен љз љлкљмдљ экенде эле ушундай болот деп айтпадым беле? Ошон єчєн мен Таршышка качып кеткем, анткени Сенин жакшы, боорукер, абдан чыдамдуу, абдан ырайымдуу Кудай экенињди жана алаамат єчєн љкєнљрєњдє билгем.
3 Тењир, эми менин жанымды ал, анткени жашагандан кљрљ, љлгљнєм артык».
4 Ошондо Тењир: «Чыны менен эле, бул сени ушунчалык капаланттыбы?» – деди.
5 Жунус шаардан чыгып, анын чыгыш тарабындагы бир жерге алачык жасады да, шаар эмне болорун кљрєш єчєн, ошол алачыктын алдында, кљлљкљдљ отурду.
6 Кудай-Тењир бир љсємдєк љстєрдє. Жунусту кайгыдан куткарыш єчєн, анын башына кљлљкљ болуш єчєн, ал љсємдєк жогору кљтљрєлдє. Жунус ал љсємдєккљ абдан кубанды.
7 Бирок эртеси тањ атканда, Кудай бир курт чыгарды. Курт љсємдєктєн тамырын жеп салды, љсємдєк куурап калды.
8 Кєн чыкканда Кудай аптаптуу чыгыш шамалын жиберди. Кєн Жунустун башын куйкалай баштады, ошондо ал алсырап, љзєнљ љлєм тилеп: «Жашагандан кљрљ, љлгљнєм артык», – деди.
9 Кудай Жунустан: «Чыны менен эле, сен бул љсємдєк єчєн ушунчалык капа болдуњбу?» – деп сурады. «Ооба, мен аябай капа болдум», – деди ал.
10 Ошондо Тењир мындай деди: «Сен љзєњ мээнет кылып љстєрбљгљн, бир тєндљ љсєп, бир тєндљ соолуп калган љсємдєк єчєн љкєнєп жатасыњ.
11 Анан Мен кантип оњ колун сол колунан ажырата албаган жєз жыйырма мињден ашык адамы, кљп сандаган малы бар улуу шаар Нинебини аябайын?»