МИХЕЙ

1-БЉЛЄМ

Тењирдин Љз элине каарданышы

1 Жєйєт падышалары Жотамдын, Ахаздын жана Хискиянын тушунда морейшилик Михейге Тењирден сљз болду. Ал Самария жана Иерусалим тууралуу кљрєнєш кљрдє.

2 Бардык элдер, уккула, бєт жер жєзє жана анда жашагандардын баары, жакшылап уккула! Кудай-Тењир, Тењир, Љзєнєн ыйык ийбадатканасынан силерге каршы кєбљ болсун!

3 Анткени мына, Тењир Љз ордунан чыгып келе жатат, тєшєп келип, жердин бийик жерлеринде басат.

4 Анын астында тоолор отто эриген момдой эрийт, љрљљндљр кырдан тєшкљн суулардай болуп бљлєнљт.

5 Мунун баары Жакыптын мыйзамсыздыгы єчєн, Ысрайылдын кєнљљсє єчєн болот. Жакыптын мыйзамсыздыгы ким? Самария эмеспи? Жєйєттєн бийик жерлердеги бутканаларын ким курду?

6 «Ошон єчєн Самарияны талаадагы єйєлгљн урандыга, жєзємдєк љстєрљ турган жерге айлантам. Анын таштарын љрљљнгљ кулатам, анын негиздерин жылањачтайм.

7 Анын бєт таш буркандары талкаланат, бузуктук тартуулары љрттљлљт, анын бардык жасалма кудайларын кыйратам, анткени ал аларды бузуктук тартуулары менен орноткон, алар бузуктук тартууларына айланат».

Жєйєт менен Ысрайыл єчєн ыйлоо

8 Мен бул тууралуу ыйлайм, боздоп ыйлайм, таланып-тонолгон, жылањачталган адамдай болуп басам, чљљлљргљ окшоп улуйм, тљљ куштарга окшоп ыйлайм.

9 Анткени анын жарасы айыккыс, ал айыккыс жарасы Жєйєткљ чейин жетти, атєгєл, ал менин элимдин дарбазасы болгон Иерусалимге чейин жетти.

10 Бул тууралуу Гатта жарыя кылбагыла, ал жерде катуу ыйлабагыла, бирок Опра кыштагында љзєњљргљ кєл чачкыла.

11 Шапирдин маскара болуп жылањачталган тургуну, кљчєп кет. Саанандын тургуну да качып кутулбайт. Бейт-Аетселдеги ый силерге ал жерге токтогонго жол бербейт.

12 Марота тургуну љзєнєн жакшы нерсеси єчєн кєйєт тартып жатат, анткени Тењирден Иерусалим дарбазасына алаамат тєштє.

13 Лакиш тургуну, арабага кєлєк аттарды чек. Сион кызынын кєнљљсєнєн башталышы сенсињ, анткени Ысрайылдын кылмыштары сенде пайда болду.

14 Ошондуктан сен Морешет-Гатка тартууларды жљнљтљсєњ. Бирок Аказип кыштактары Ысрайыл падышаларынын ємєтєн актабайт.

15 Мореш тургуну, мен сага дагы бир мураскор алып келем. Ысрайылдын дањкы Адуламга чейин кетет.

16 Чачыњды ал, сакал-мурутуњду кыр, љзєњдєн сєйєктєє уулдарыњ єчєн аза кєт. Жєнє тєшкљн бєркєттєкєндљй кылып, алар єчєн башыњды дагы кыра тєш, анткени алар сенин жаныњдан кљчєрєлєп кетишет.

2-БЉЛЄМ

Жакырларды кысымга алгандарды жазалоо

1 Мыйзамсыздык ойлогондорго жана тљшљгєндљ жатып алып кыянат иштерди ойлоп тапкандарга кайгы! Алар ошол иштерди тањ агарганда ишке ашырышат, себеби алардын колунда кєч бар.

2 Талааларды каалашат, аларды кєч менен тартып алышат; єйлљрдє каалашат, аларды зордук менен тартып алышат. Адамды єйє менен кошо, эркекти мурасы менен кошо тоноп алышат.

3 Ошондуктан Тењир мындай дейт: «Мына, Мен бул тукумга алаамат каптатууну ойлоп жатам. Силер ал алааматтын айынан мойнуњарды кыймылдата албай каласыњар жана тєз баса албай каласыњар, анткени ал мезгил – алааматтуу мезгил.

4 Ошол кєнє силер тууралуу лакап айтышат, катуу ыйлап: “Биз таптакыр кыйрадык! Менин элимдин энчиси башкаларга берилди. Эми ал мага кайра кантип кайрылып келет? Биздин талаалар бљтљн урууларга бљлєнєп берилди”, – дешет.

5 Ошондуктан сенде Тењирдин алдындагы жыйында жерди бљлєш єчєн љкчљмљ таш ыргыткан эч ким болбойт.

6 Пайгамбарлар, пайгамбарчылык кылбагыла. Маскара болуп калбашыњар єчєн, аларга пайгамбарчылык кылбагыла.

7 Оо Жакыптын тукуму деп аталгандар! Эмне, Тењирдин Руху чыдамкай эмеспи? Анын иштери ушундай бекен? Адил жашаган адамга Менин сљзєм жакшылык алып келбейт бекен?

8 Мурун Менин элим болуп жєргљн эл душман сыяктуу каршы чыкты. Силер согуштан кайтып, тынч љтєп бара жаткандардын сырт кийимин да, ич кийимин да тартып алып жатасыњар.

9 Менин элимдин аялдарын љздљрєнєн жакшынакай єйлљрєнљн кууп чыгарып жатасыњар. Алардын балдарынан Менин жасалгаларымды биротоло тартып алып жатасыњар.

10 Тургула, кеткиле, анткени бул жер силердин тынчтана турган жерињер эмес. Ал љзєнєн ыпыластыгы єчєн талкаланат, болгондо да ырайымсыздык менен талкаланат.

11 Эгерде жењил ойлуу бир адам жалган нерсе ойлоп таап: “Мен сага шарап жана кєчтєє ичимдик тууралуу насаат айтам”, – десе, анда ал бул элге жаккан насаатчы болмок.

12 Жакып, сенин бєт тукумуњду сљзсєз чогултам, Ысрайылдын калдыгын сљзсєз бириктирем, аларды Ботсрадагы койлордой, бир короодогу койлордой, бир жерге чогултам. Алар элинин кљптєгєнљн бака-шака болушат.

13 Алардын алдында дубал талкалоочу барат. Алар тосмолорду кыйратышат, дарбазалар аркылуу кирип, дарбазалар аркылуу чыгышат, алардын алдында љздљрєнєн падышасы, ал эми алардын башында Тењир барат».

3-БЉЛЄМ

Эл башчыларынын жазаланары жљнєндљ

1 Ошондо мен мындай дедим: «Жакыптын башчылары, Ысрайылдын тљрљлљрє, уккула! Чындыкты силер билишињер керек эмеспи?

2 Силер болсо жакшы нерсени жек кљрєп, жаман нерсени жакшы кљрєп жатасыњар. Алардын терисин сыйрып жатасыњар, этин сљљктљрєнљн ажыратып жатасыњар,

3 Менин элимдин этин жеп, терисин сыйрып жатасыњар, ал эми сљљктљрєн карапага сала тургансып сындырып, этин казанга сала тургансып бљлєп жатасыњар».

4 Ошондо алар Тењирди чакырышат, бирок Тењир аларды укпайт, ошол убакта алардан Љз жєзєн жашырат, анткени алар кыянат иштерди кылып жатышат.

5 Менин элимди адаштырган, тиштери менен кемирген, «Тынчтык!» деп кыйкырган, ал эми љздљрєнєн оозуна эч нерсе салбагандарга согуш жарыя кылган пайгамбарларга каршы Тењир мындай дейт:

6 «Ошон єчєн кљрєнєштєн ордуна силерге тєн болот, пайгамбарчылыктардын ордуна карањгылык болот. Пайгамбарлардын єстєнљн кєн батат, алардын єстєнљн кєн карањгылайт.

7 Кљрљгљчтљр уятка калышат, тљлгљчєлљр шылдыњ болушат. Алардын бардыгы ооздорун жабышат, анткени Кудайдан жооп болбойт».

8 Мен болсо Жакыпка љзєнєн кылмышын, Ысрайылга љзєнєн кєнљљсєн айтыш єчєн, Тењирдин Рухунун кєчєнљ, адилеттєєлєккљ жана кайраттуулукка толдум.

9-10 Акыйкаттыктан жийиркенген, тєз нерсенин баарын кыйшык кылган, Сионду кан менен, Иерусалимди адилетсиздик менен курган Жакыптын башчылары, Ысрайылдын тљрљлљрє, муну уккула!

11 Анын башчылары пара алып сот жєргєзєп жатышат, ыйык кызмат кылуучулары акы алып окутуп жатышат, пайгамбарлары акча алып пайгамбарчылык кылып жатышат, бирок ошол эле учурда алар: «Тењир биздин арабызда эмеспи? Биздин башыбызга алаамат тєшпљйт!» – деп, Тењирге таянып жатышат.

12 Ошондуктан силердин айыњардан Сион айдоо талаасындай болуп айдалат, Иерусалим єйєлгљн урандыга айланат, ал эми бул єй турган тоо токойлуу адырга айланат.

4-БЉЛЄМ

Тењирдин жер єстєндљгє падышачылыгы

1 Акыркы кєндљрдљ мындай болот: Тењир єйє турган тоо тоолордун башына коюлат, ал адырлардан жогору кљтљрєлљт, элдер ага агылып келишет.

2 Кљп элдер келип: «Келгиле, Тењирдин тоосуна чыгып, Жакыптын Кудайынын єйєнљ кирели, Ал бизге Љзєнєн жолдорун єйрљтљт, ошондо биз Анын жолдору менен жєрљбєз. Анткени Сиондон мыйзам чыгат, Иерусалимден Тењирдин сљзє чыгат», – дешет.

3 Ал кљп элдерди соттойт, алыскы љлкљлљрдљгє кљптљгљн уруулардын айыбын ашкере кылат. Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч кљтљрбљйт, ошондон кийин согушууга єйрљнєшпљйт,

4 тескерисинче, ар бири љзєнєн жєзєм сабагы менен анжыр дарагынын тєбєндљ отурат, аларды эч ким коркутпайт, анткени муну Себайот Тењир Љзє айтты.

5 Анткени бардык элдер, ар бири љз кудайынын аты єчєн жашайт. Биз болсо кылымдар бою љзєбєздєн Кудай-Тењирибиздин аты єчєн жашайбыз.

Ысрайылдын туткундан кайтып келери жљнєндљ

6 «Ошол кєнє, – дейт Тењир, – аксагандарды чогултам, куулуп кеткендерди, Љзєм кимдин башына алаамат тєшєрсљм, ошолорду чогултам.

7 Аксагандарды калдык кылам, алыска чачырап кеткендерди кєчтєє эл кылам, Тењир Сион тоосунда азыр жана тєбљлєккљ алардын єстєнљн падышачылык кылат.

8 Сен болсо, єйєр мунарасы, Сион кызынын адыры! Сага мурунку бийлигињ кайрылып келет, Иерусалим кыздарына падышачылык кайра келет.

9 Эмнеге сен азыр ушунчалык катуу љкєрєп жатасыњ? Эмне, сенин падышањ жокпу? Тљрљп жаткан аялга окшоп, эмне кыйналып жатасыњ? Эмне, кењешчињден айрылып калдыњбы?

10 Сион кызы, тљрљп жаткан аялга окшоп азап тарт, кыйнал, анткени сен эми шаардан чыгасыњ, талаада жашайсыњ, Бабылга чейин жетесињ. Ошол жерде куткарыласыњ, ошол жерде Тењир сени душмандарыњдын колунан куткарат.

11 “Ал булгансын, Сиондун кыйроосун кљзєбєз кљрсљ экен” деген кљптљгљн элдер азыр сага каршы чогулушту.

12 Бирок алар Тењирдин ойлорун билишпейт, Анын кењешин тєшєнєшпљйт, анткени Тењир аларды кырмандагы боолордой кылып чогултту.

13 Сион кызы, тур, кырман бастыр, анткени Мен сенин мєйєзєњдє темирден, туяктарыњды жезден жасайм. Ошондо сен кљп элдерди талкалайсыњ, алардын талап-тоноп алгандарын Тењирге, алардын байлыгын бєт жер жєзєнєн Эгедерине арнайсыњ.

5-БЉЛЄМ

1 Кошуундардын кызы, эми куралдан. Бизди айланта курчап алышты, Ысрайылдын башкаруучусун таяк менен бетке урушат.

Машайак жљнєндљгє убада

2 Бирок Сен, Бейт-Лехем Эфрата, Жєйєттєн мињдеген урууларынын ичинен кичине болсоњ да, сенден Мен єчєн Ысрайылга Эгедер боло турган Адам чыгат, Ал эњ башында эле, байыркы кєндљрдљ эле тљрљлгљн.

3 Ошондуктан Тењир аларды тљрљй турган аял тљрљгљн мезгилге чейин таштап салат. Ошондо Ысрайыл уулдарына љздљрєнєн калган бир туугандары кайрылып келишет.

4 Ал туруп, аларды Тењирдин кєчє менен, Кудай-Тењирдин ысымынын улуулугу менен кайтарат, ошондо алар коопсуз жашашат, анткени Анын улуулугу жер кыйырына чейин белгилєє болот.

Жакыптын калдыгы – элдер єчєн шєєдєрєм

5 Ал биздин тынчтыгыбыз болот. Ашур биздин жерибизге келгенде, биздин єйлљргљ киргенде, биз ага каршы жети койчуну, сегиз тљрљнє коёбуз.

6 Алар кылыч менен Ашур жерин, Нимрот жерин дарбазаларынын алдында кыйратат, Ашур биздин жерибизге келгенде, биздин чек араларыбызды аттаганда, Ал бизди андан куткарат.

7 Жакыптын калдыгы кљп элдердин арасында Тењирден тєшкљн шєєдєрємдљй, чљптєн єстєнљ жааган жамгырдай болот, ал адамга кљз каранды болбойт жана адам уулдарына таянбайт.

8 Жакыптын калдыгы элдердин арасында, кљп уруулардын арасында токой жырткычтарынын арасындагы арстандай, койлордун арасындагы жаш арстандай болот, эгерде ал арстан атырылып чыгып, басып жыгып тыткылай турган болсо, анын колунан эч ким куткара албайт.

9 Сенин колуњ душмандарыњдын єстєнљн салтанат менен кљтљрєлљт, сенин бардык душмандарыњ жок кылынат.

10 Ошол кєнє, – дейт Тењир, – сенин аттарыњды жок кылам, майдан арабаларыњды талкалайм.

11 Сенин жерињдеги шаарларды кыйратам, сенин бардык сепил-чептерињди уратам.

12 Сенин колуњдан сыйкырчылыкты жулуп ыргытам, сенин жаратылыш кубулуштары боюнча алдын ала айтуучуларыњ жок болот.

13 Сенин буркандарыњды талкалайм, жасалма кудайларыњды жок кылам, ошондон кийин сен љз колуњ менен жасаган нерселерге табынганыњды коёсуњ.

14 Сенин ыйык токойлоруњду тєп-тамыры менен жок кылам, шаарларыњды талкалайм.

15 Ошентип, Мага тил албаган элдерден каарым менен, ачуум менен љч алам».

6-БЉЛЄМ

Кудайдын жазасы жана ырайымы

1 Тењирдин эмне деп айтып жатканын уккула: «Тур, тоолордун алдында соттош, сенин єнєњдє адырлар уксун!»

2 Тоолор, ошондой эле силер да, жердин бекем негиздери, Тењирдин сотун уккула, анткени Тењир Љз элин соттоп жатат, Ал Ысрайыл менен соттошуп жатат.

3 «Элим! Мен сага эмне кылдым, сага кандай оорчулук келтирдим? Жооп берчи Мага.

4 Мен сени Мисир жеринен алып чыктым, сени кулчулуктун єйєнљн куткарып алдым, сени жетектеп жєрєшє єчєн, Мусаны жана Арун менен Мириямды жибердим.

5 Элим! Тењирдин адилеттєє иштерин таанып билишињ єчєн, Маап падышасы Балак кандай арамдык ойлогонун, Бейор уулу Билам ага эмне деп жооп бергенин жана Шитимден Гилгалга чейин эмне болгонун эстечи».

6 «Тењирдин алдына мен эмне менен келем, асмандагы Кудайга кантип таазим кылам? Анын алдына бєтєндљй љрттљлєєчє курмандыктар менен, бир жашар букачарлар менен келемби?

7 Бирок мињдеген койлор менен, он мињдеген дарыядай аккан зайтун майлары менен Тењирге жагууга болобу? Љзємдєн кылмышым єчєн Ага тун уулумду, љз жанымдын кєнљљсє єчєн ичимден чыккан баламды беремби?»

8 Оо адам! Эмне жакшы экени, Тењир сенден эмнени талап кылып жатканы сага айтылган бул – адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы кљрєє жана љз Кудайыњдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо.

9 Тењирдин єнє шаарга чакырып жатат, акылмандуулук Сенин ысымыњдын алдында коркуп турат. «Бийлик таякты жана аны Ким койсо, Ошону уккула!

10 Арам байлык жана кемитилген, жийиркеничтєє ченем мыйзамсыздын єйєндљ азыр деле жок эмес бекен?

11 Мен туура эмес тараза менен, баштыктагы туура эмес кадак таштар менен таза боло аламбы?

12 Анын байлары зордук-зомбулдук кылышат, анын тургундары жалганды сєйлљшљт, алардын тили алдамчы.

13 Ошондуктан Мен сени айыккыс кылып урдум, сени кєнљљлљрєњ єчєн кыйраттым.

14 Сен жейсињ, бирок тойбойсуњ, сенин ичињ бош болот. Кайтарасыњ, бирок сактап кала албайсыњ, ал эми сактап калганыњды кылыч мизине салып берем.

15 Эгесињ, бирок оруп-жыйбайсыњ; зайтун сыгасыњ, бирок май менен майланбайсыњ; жєзєм ширесин сыгасыњ, бирок шарап ичпейсињ.

16 Силерде Омринин каада-салттары, Ахаптын тукумунун бардык иштери сакталып калган, силер ошолордун кењештери менен иш кыласыњар. Ошондуктан Мен сени кыйратам, сенин тургундарыњды кєлкє кылам, ошентип, силер Менин элимдин маскарачылыгын кљтљрљсєњљр».

7-БЉЛЄМ

Адамзаттын бузулушу

1 Мага кайгы! Анткени мен жайкы жемиштерди жыйнап алгандан кийинки, жєзємдє терип алгандан кийинки мезгилдей болуп калдым. Жегенге бир да мљмљ жок, менин жаным каалаган, бышкан бир да жемиш жок.

2 Жерде ырайымдуу адамдар калбай калды, адамдардын арасында адил адамдар жок. Кан тљгєш єчєн, бардыгы тузак коюшат, ар бири љз бир тууганына тор жаят.

3 Алардын колдору жамандык кылып, жакшылык кєтєшљт: жетекчи белек талап кылат, сот пара алып соттойт, тљрљлљр болсо љздљрєнєн жаман каалоолорун ачык айтышат, ишти бурмалашат.

4 Алардын эњ жакшысы тикенектей, эњ адилеттєєсє тикенектєє тосмодон жаман. Сенин пайгамбарларыњ айткан кєн, Сен жазалай турган кєн келе жатат. Эми аларга дєрбљлљњ тєшљт.

5 Досуњарга ишенбегиле, жолдошуњарга таянбагыла. Койнуњда жаткан аялыњдан оозуњдун эшигин сакта.

6 Анткени уулу атасын уят кылат, кызы энесине каршы чыгат, келини кайын энесине каршы болот. Адамдын душманы – љзєнєн єйєндљгєлљрє.

7 Мен болсо Тењирден ємєттљнљм, мени куткарган Кудайга таянам: Кудайым мени угат.

Куткарылуу Тењирден

8 Душманым, мени табалаба! Мен кулап калсам да, кайра турам. Мен карањгылыкта отурсам да, Тењир мен єчєн жарык.

9 Менин ишимди чечкенге чейин, мени соттогонго чейин, Тењирдин каарын кљтљрљм, анткени Анын алдында кєнљљ кылдым. Ал мени жарыкка алып чыгат, ошондо мен Анын адилеттєєлєгєн кљрљм.

10 Мага «Сенин Кудай-Тењирињ кайда?» деген душманым муну кљрєп, уятка калат. Ал кљчљдљгє баткакка окшоп тебеленгенде, аны кљрєп, кљзємдєн моокуму канат.

11 Сен љзєњдєн дубалдарыњды курган кєнє, ошол кєнє чек арањ чоњоёт.

12 Ошол кєнє сага Ашурдан жана Мисир шаарларынан келишет, Мисирден тартып Эфрат дарыясына чейин, дењизден дењизге чейин, тоодон тоого чейин жашаган элдер келишет.

13 Ал жер болсо љзєнєн тургундарынын кєнљљлљрє єчєн, алардын иштеринин жемиштери єчєн чљлгљ айланат.

Тењирдин Ысрайылга ырайым кљрсљтєшє

14 Кармелдин ортосундагы токойдо обочо жашаган Љз элињди, Љз мурасыњ болгон койлоруњду, Љзєњдєн таягыњ менен кайтар. Алар Башан менен Гилатта байыркы кєндљрдљгєдљй оттоп жєрєшсєн!

15 «Сен Мисирден чыгып келе жаткан кєндљрдљ кандай кереметтерди кљрсљтсљм, азыр да ага ошондой кереметтерди кљрсљтљм».

16 Муну кљргљн элдер љздљрєнєн бардык кєч-кубатына карабастан, уят болушат: колдору менен ооздорун жабышат, кулактары дєлљй болуп калат.

17 Жыландай болуп топурак жалашат, жер курттарындай болуп чептеринен сойлоп чыгышат. Биздин Кудай-Тењирден коркушат, Сенден єрљйлљрє учат.

18 Љз мурасынын калдыгынын мыйзамсыздыгын кечирип, айыбын мойнуна салбаган Сендей Кудай барбы? Ал тєбљлєккљ каарданбайт, анткени ырайым кылганды жакшы кљрљт.

19 Ал бизге кайрадан ырайым кылат, биздин мыйзамсыздыктарыбызды љчєрљт. Сен биздин бєт кєнљљлљрєбєздє дењиздин тєпкєрєнљ таштайсыњ.

20 Сен байыркы кєндљрдљн бери биздин ата-бабаларыбызга ант берип убада кылып келгенињдей, Жакыпка ишенимдєєлєгєњдє, Ыбрайымга ырайымдуулугуњду кљрсљтљсєњ.