СЕПАНИЯ

1-БЉЛЄМ

Тењирдин улуу кєнє жљнєндљ пайгамбарчылык

1 Жєйєт падышасы Амон уулу Жошиянын тушунда Жехиския уулу, Амария уулу, Гедалия уулу, Куши уулу Сепанияга Тењирден болгон сљз.

2 «Бардыгын жер єстєнљн жок кылам, – дейт Тењир. –

3 Адамдарды да, жаныбарларды да, асман канаттууларын да, дењиз балыктарын да жок кылам, мыйзамсыздарды азгырыктары менен кошо жок кылам. Адамдарды жер єстєнљн жок кылам, – дейт Тењир.

4 Мен Љз колумду Жєйєткљ жана Иерусалимдин бардык тургундарына каршы сунам. Бул жерден Баалдын калдыгын, анын буткана кызматчыларынын ысымын да, кызматчыларын да жок кылам.

5 Yйдєн єстєндљ туруп алып, асман кошуундарына табынгандарды, Тењир менен ант бергендерди, љздљрєнєн падышалары менен ант бергендерди жок кылам.

6 Тењирден баш тарткандарды, Тењирди издебегендерди, Ал жљнєндљ сурабагандарды жок кылам.

7 Кудай-Тењирдин алдында унчукпа, анткени Тењирдин кєнє жакын. Чалына турган курмандыкты Тењир даярдап койгон, кимди чакырууну белгилеп койгон.

8 Курмандык чалына турган Тењирдин кєнє мындай болот: Мен тљрљлљрдє, падышанын уулдарын жана бљтљн уруулардын кийимин кийгендердин бардыгын жазалайм.

9 Мен ошол кєнє босогодон секирип љткљндљрдєн баарын, љз Тењиринин єйєн зордук-зомбулукка, алдамчылыкка толтургандардын баарын жазалайм.

10 Ошол кєнє, – дейт Тењир, – Балык дарбазасынын алдында ый, башка дарбазалардын алдында љкєрєк, дљбљлљрдљ чоњ кыйроо болот.

11 Шаардын тљмљнкє бљлєгєндљ жашагандар, боздоп ыйлагыла, анткени соода-сатык кылган эл бєт бойдон жок болот, кємєштєн тєйшєгєн тарткандар кырылат.

12 Ошол учурда мындай болот: Мен Иерусалимди чырактан менен карап чыгам да, љздљрєнєн ачыткысынын єстєндљ отуруп алып, ичинен “Тењир жакшылык да, жамандык да кылбайт” дегендерди жазалайм.

13 Алардын байлыгы олжого кетет, єйлљрє ээн калат: єйлљрдє салышат, бирок ал єйлљрдљ жашашпайт, жєзємдєктљрдє отургузушат, бирок алардын шарабын ичишпейт.

14 Тењирдин улуу кєнє жакын, абдан жакын, абдан шашып келе жатат. Тењир кєнєнєн добушу угулуп жатат. Ошондо эњ кєчтєє да ачуу кыйкырат!

15 Ал кєн – каардын, кайгы менен кысымчылыктын, кыйроо менен бєлгєн-чапкындын, карањгы менен туњгуюктун, булут менен мунарыктын,

16 сепил-чептєє шаарларга жана бийик мунараларга каршы сурнай тартуу жана согуш ураандарын чакыруу кєнє.

17 Мен адамдарды кысымга алам, ошондо алар сокурларга окшоп басып калышат, анткени алар Тењирге каршы кєнљљ кылышты, алардын каны топурактай, денелери кыктай туш-тушка чачылат.

18 Тењирдин каары тљгєлгљн кєнє аларды кємєшє да, алтыны да куткара албайт, бул жер бєт бойдон Анын кызганычынын оту менен љрттљлљт, анткени Ал бул жерде жашагандардын бардыгын кєтєлбљгљн жерден кырып жок кылат».

2-БЉЛЄМ

Элди Кудайдан кечирим суроого чакыруу

1 Жєгљнсєз эл, љзєњљрдє жакшылап изилдегиле,

2 Кудайдын љкємє чыкканга чейин, топон сыяктуу сапырылып кеткенињерге чейин, силерди Тењирдин жалындуу каары каптаганга чейин, силерге Тењирдин катуу каары тљгєлљ турган кєн келгенге чейин, љзєњљрдє изилдегиле!

3 Жердеги бардык момундар, Тењирдин мыйзамдарын аткаргандар, Тењирди издегиле. Адилеттикти издегиле, момундукту издегиле. Балким, силер Тењирдин каары тљгєлгљн кєнє аман каларсыњар.

Элдердин жазаланары жљнєндљ

4 Анткени Азаны таштай качышат, Ашкелонду ээн калтырышат, Азотту чак тєштљ кууп чыгышат, Экронду тєп-тамыры менен жок кылышат.

5 Дењиз жээгиндеги љлкљнєн тургундарына, Крит элине кайгы! Канаан, Пелишти жери, Тењирдин сљзє силерге каршы! Мен сени жок кылам, сенин тургундарыњ жок болот.

6 Дењиз жээгиндеги љлкљ койчулардын кой короосуна жана малдын кашаасына айланат.

7 Бул аймак Жєйєттєн калдыгына тиет, ошол жерге мал жайышат, кечкисин Ашкелондун єйлљрєндљ эс алышат, анткени аларга љздљрєнєн Кудай-Тењири келип, алардын туткундарын кайрып келет.

8 Мен Мааптын шылдыњын, Амон уулдарынын жаман сљздљрєн уктум, алардын Менин элимди кандай кордогонун, анын аймактарында кандай текеберденгенин уктум.

9 Ошондуктан – дейт Ысрайылдын Кудайы, Себайот Тењир, – Маап Содомдой, Амон уулдары Амордой болот, алар чалкан баскан жерге, шор баскан чуњкурчаларга, тєбљлєк эрме чљлгљ айланышат. Менин элимдин калдыгы аны талап-тоноп алат, Менин адамдарымдын ичинен аман калгандары аларды мурастап алышат, Мен тирєємєн!

10 Бул аларга алардын текебердиги єчєн, Себайот Тењирдин элине кордук кљрсљтєп, менменсинишкени єчєн болот.

11 Алар Тењирден коркуп калышат, анткени Ал жер єстєндљгє бардык кудайларды жок кылат. Бардык аралдардын элдери, ар бири љз жеринде Ага табынышат.

12 Силер да, эфиопиялыктар, Менин кылычым менен љлтєрєлљсєњљр».

13 Ал Љз колун тєндєккљ каршы сунуп, Ашурду жок кылат, Нинебини урандыга, чљл сыяктуу какшыган жерге айлантат.

14 Ал жерге ар кандай мал жана жапайы жаныбарлар байыр алышат. Анын дарбазаларынын мамыларына биргазан менен кирпи чечен тєнљйт. Алардын єндљрє терезелерден угулат, эшиктердин мамылары кыйраган, анткени аларга капталган кедр жыгачтары сыйрылып калган.

15 Салтанат куруп, бейкапар жашаган, жєрљгєндљ: «Мен эле бармын, менден башка эч ким жок», – деген шаарга ушундай болот. Ал кандай кыйрады! Ал жырткычтардын тєнљгєнљ айланды! Анын жанынан љткљн ар бир адам ышкырып, колун шилтейт.

3-БЉЛЄМ

Иерусалимдин кєнљљсє

1 Козголоњчул, булганган, ырайымсыз шаарга кайгы!

2 Ал сљздє укпайт, акыл-насаатты кабыл албайт, Тењирге таянбайт, љз Кудайына жакындабайт.

3 Анын тљрљлљрє – ырылдаган арстандар, башкаруучулары – ињирдеги карышкырлар, алар тањга чейин бир да сљљк калтырышпайт.

4 Анын пайгамбарлары – жењил ойлуу, ишенимсиз адамдар. Анын ыйык кызмат кылуучулары ыйык нерселерди булгашат, мыйзамды тебелеп-тепсешет.

5 Адилет Тењир анын ичинде, адилетсиздик жасабайт, ар дайым эртењ менен Љзєнєн адилет љкємєн кљрсљтєп турат. Бирок мыйзамсыз адам уят-сыйытты билбейт.

6 «Мен элдерди кырдым, алардын чептери кыйратылды. Алардын кљчљлљрєн ээн калтырдым, эми ал кљчљлљрдљн эч ким баспайт. Алардын шаарлары талкаланды: аларда эч ким жашабай калды, бир да адам калган жок.

7 Мен ага: “Менден гана корк, акыл-насаатты кабыл ал!” – дегем. Менден коркуп, акыл-насаатымды кабыл алганда, анын турак жайы кыйратылмак эмес, ал єчєн Мен белгилеген нерсе анын башына тєшмљк эмес. Бирок алар љздљрєнєн бардык жаман иштерин тырышчаактык менен улантып жатышты.

8 Ошондуктан Мен кыйратуу єчєн ордуман турган кєнгљ чейин, Мени кєткєлљ, – дейт Тењир, – анткени Мен элдерди чогултуш єчєн, падышачылыктарды чакырыш єчєн, аларга Љзємдєн каарымды, Љзємдєн жалындаган каарымды тљгєш єчєн љкєм чыгардым. Анткени бєт жер жєзєн Менин кызганычымдын оту жалмайт.

9 Ошондо бардык элдер Тењирдин ысымын чакырсын деп, Ага бир кишидей кызмат кылсын деп, Мен аларга кайрадан таза ооз берем.

10 Эфиопия дарыяларынын аркы љйєзєндљгє љлкљлљрдљн Мага табынуучулар – Менин чачырап кеткен элимдин балдары Мага тартуу алып келишет.

11 Ошол кєнє сен љзєњдє Мага каршы жасаган ар кандай кєнљљлєє иштерињ менен булгабайсыњ, анткени Мен ошол кєнє сенин ичињден сенин атагыњ менен мактангандарды жок кылам, ошондон кийин Менин ыйык тоомдо љзєњдє жогору кљтљрбљйсєњ.

12 Бирок сенин ичиње момун, жљнљкљй элди калтырам, алар Тењирдин ысымына таянышат.

13 Ысрайылдын калдыгы адилетсиздик кылбайт, жалган сєйлљбљйт, алардын оозунда айлакер тил болбойт. Алар тынч оттоп, жайылып жєргљн койлордой болушат, эч ким алардын тынчын албайт».

Тењирден кечирим суроого чакыруу

14 Кубан, Сион кызы! Салтанат кур, Ысрайыл! Бєт жєрљгєњ менен кубан, шаттан, Иерусалим кызы!

15 Тењир сени жазалабай турган болду, сенин душманыњды кууп чыкты! Тењир, Ысрайыл Падышасы, сени менен, мындан ары жамандыктан коркпойсуњ.

16 Ошол кєнє Иерусалимге: «Коркпогун», Сионго: «Сенин колуњдан кєч кетпесин!

17 Сенин Кудай-Тењирињ сени менен, Анын сени куткарганга кєчє жетет. Ал сен єчєн абдан кубанат, Љз сєйєєсє менен сага ырайым кылат, сен жљнєндљ шаттанып салтанат курат», – дешет.

18 «Салтанаттуу майрамдар єчєн кайгыргандарды Мен чогултам. Алар сенин адамдарыњ, алардын єстєндљ маскарачылык жатат.

19 Мына, Мен ошол учурда сени кысымга алгандардын баарын жок кылам, аксагандарды куткарам, чачырап кеткендерди чогултам, алар кайсы жерде кордолушса, ошол жерде аларды атактуу, дањктуу кылам.

20 Ошол учурда силерди алып келем, ошол эле учурда силерди чогултам. Мен силердин туткундарыњарды кљз алдыњарда кайрып келип, силерди жер єстєндљгє бардык элдердин арасында атактуу, дањктуу кылам», – дейт Тењир.