АКАЙ

1-БЉЛЄМ

Ийбадаткананы калыбына келтирєє жљнєндљгє Тењирдин буйругу

1 Дарий падышанын падышачылыгынын экинчи жылында, алтынчы айдын биринчи кєнє Жєйєт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылга жана башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуяга Акай пайгамбар аркылуу Тењирден сљз болду.

2 Себайот Тењир мындай деди: «Бул эл: “Али убакыт келе элек, Тењир єйєн курганга убакыт келе элек”, – деп жатат».

3 Акай пайгамбар аркылуу Тењирден сљз болду:

4 «Бул єй кыйрап жатса, љзєњљрдєн жасалгалуу єйєњљрдљ жашай турган убакпы?»

5 Ошондуктан бєгєн Себайот Тењир мындай дейт: «Жєрљгєњљрдє љзєњљрдєн жолдоруњарга бургулачы.

6 Силер єрљндє кљп сээп, бирок тєшємдє аз алып жатасыњар; жеп, бирок тойбой жатасыњар; ичип, бирок суусунуњар канбай жатат; кийим кийип, бирок жылыбай жатасыњар; эмгек акы тапкандар тєбє тешик намыян єчєн эмгектенип жатышат».

7 Себайот Тењир мындай дейт: «Жєрљгєњљрдє љзєњљрдєн жолдоруњарга бургулачы.

8 Тоого чыгып, жыгач кљтљрєп келип, ийбадаткана кургула. Мен ага ыраазы болом жана дањкталам, – дейт Тењир.

9 Кљп нерсени кєтєп, бирок аз нерсе алып жатасыњар. Yйєњљргљ эмнени алып келсењер, Мен аны сапырып жиберем. Эмне єчєн? – дейт Себайот Тењир. – Менин єйєм єчєн, ал кыйрап жатса, ар кимињер љз єйєњљргљ чуркайсыњар.

10 Ошон єчєн асман жабылып, силерге шєєдєрєм бербей жатат, жер љз тєшємєн бербей жатат.

11 Мен жерге, тоолорго, эгинге, жєзєм ширесине, зайтун майына, жер эмнени љстєрєп чыгарса, ошонун баарына, адамга, малга, ар кандай кол эмгекке кургакчылык чакырдым».

Элдин тил алуусу

12 Ошондо Шалтиел уулу Зоробабыл, Жетсадак уулу Жешуя жана элдин бардыгы љз Кудай-Тењиринин єнєн, љздљрєнєн Кудай-Тењири жиберген Акай пайгамбардын сљзєн угушту. Эл Тењирден коркуп калды.

13 Ошондо Тењирдин кабарчысы Акай элге Тењирдин сљзєн айтты: «Мен силер мененмин, – дейт Тењир».

14 Тењир Жєйєт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылдын рухун, башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуянын рухун жана элдин бєт калдыгынын рухун козгоду, ошондо алар келишип, љз Кудайынын – Себайот Тењирдин єйєндљ иштей башташты.

15 Ишти Дарий падышанын падышачылыгынын экинчи жылы, алтынчы айдын жыйырма тљртєнчє кєнє башташты.

2-БЉЛЄМ

Акыркы ийбадаткананын дањкы жљнєндљ

1 Жетинчи айдын жыйырма биринчи кєнє Акай пайгамбар аркылуу Тењирден мындай сљз болду:

2 «Эми Жєйєт башчысы Шалтиел уулу Зоробабылга, башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуяга жана элдин калдыгына мындай де:

3 “Арањарда бул єйдє мурунку дањкы менен кљргљндљр барбы? Азыр силер аны кандай абалда кљрєп турасыњар? Силердин кљзєњљргљ ал эч нерсеге арзыбаган нерсе катары кљрєнєп турган жокпу?

4 Бирок сен азыр кайраттан, Зоробабыл, – дейт Тењир, – башкы ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуя, кайраттан! Бул жердин бєт эли, кайраттан, – дейт Тењир, – иштей баштагыла, анткени Мен силер мененмин, – дейт Себайот Тењир.

5 Мисирден чыкканыњарда Менин силер менен тєзгљн келишимим жана Менин рухум силер менен, коркпогула!”»

6 Анткени Себайот Тењир мындай дейт: «Жакын арада Мен асман менен жерди, дењиз менен кургактыкты дагы бир жолу солкулдатам,

7 бардык элдерди солкулдатам, ошондо бардык элдер љздљрєнєн кымбат баалуу нерселери менен келишет, бул єйдє дањкка толтурам, – дейт Себайот Тењир.

8 Кємєш Меники, алтын да Меники, – дейт Себайот Тењир.

9 Бул акыркы ийбадаткананын дањкы мурунку ийбадаткананын дањкынан жогору болот, – дейт Себайот Тењир. – Мен бул жерге тынчтык берем, – дейт Себайот Тењир».

Пайгамбардын ыйык кызмат кылуучуларга берген суроолору

10 Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылы, тогузунчу айдын жыйырма тљртєнчє кєнє Акай пайгамбар аркылуу Тењирден сљз болду:

11 Себайот Тењир мындай дейт: «Ыйык кызмат кылуучулардан мыйзам тууралуу сура:

12 “Эгерде кимдир бирљљ ыйык этти этегине салып бара жатып, этегин нанга, же бышкан ашка, же шарапка, же зайтун майына, же болбосо кандайдыр бир тамакка тийгизип алса, ал нерсе ыйык болуп калабы?”» Ыйык кызмат кылуучулар: «Жок», – деп жооп беришти.

13 Анан Акай мындай деди: «Эгерде љлєккљ тийип булганган адам ушул нерселердин бирине тийип кетсе, ал нерсе таза эмес болуп калабы?» Ыйык кызмат кылуучулар: «Таза эмес болуп калат», – деп жооп беришти.

14 Ошондо Акай мындай деди: «Бул эл ушундай, Менин алдымда бул уруу ушундай, – дейт Тењир, – алар кылган иштердин баары ушундай! Алардын ошол жерде чалган курмандыктарынын бардыгы таза эмес.

Љжљрлєктєн айынан жењилєє

15 Эми жєрљгєњљрдє бєгєнкє кєндљн Тењир ийбадатканасында таш єстєнљ таш коюла элек мезгилге карай бургулачы.

16 Ошол убактарда мындай болгон: жыйырма љлчљм боло турган чљмљлљгљ келишсе, он љлчљм болуп чыккан; жєзєм сыгылуучу жайга элєє љлчљм сузуп алганы келишсе, жыйырма эле љлчљм болуп чыккан.

17 Мен силерди эгинињерге коњур дат оорусун жиберип, эгинињерди кєйгєзєп, кылган бардык ишињерди мљндєр менен талкалап жазаладым, ошондо да силер Мага кайрылган жоксуњар, – дейт Тењир.

18 Бєгєнкє кєндљн тартып – тогузунчу айдын жыйырма тљртєнчє кєнєнљн, Тењирдин ийбадатканасы негизделген кєндљн тартып артка карай жєрљгєњљрдє бургулачы. Жєрљгєњљрдє бургула:

19 Кампаларда дагы єрљн барбы? Буга чейин жєзєм сабагы да, анжыр дарагы да, анар дарагы да, зайтун дарагы да тєшєм берген эмес. Ушул кєндљн тартып Мен силерге батамды берем».

Зоробабылга берилген убада

20 Айдын жыйырма тљртєнчє кєнє Акай пайгамбарга Тењирден экинчи ирет сљз болуп, мындай деп айтылды:

21 «Жєйєт башчысы Зоробабылга мындай деп айт: “Мен асман менен жерди солкулдатам.

22 Падышачылык тактыларды кулатам, бутпарас падышачылыктардын кєчєн жок кылам, майдан арабаларын жана аларда отургандарды аласалдырам, аттары да, чабандестери да жерге кулатылат, ар бири љз бир тууганынын кылычы менен кулатылат.

23 Кулум, Шалтиел уулу Зоробабыл, – дейт Себайот Тењир, – ошол кєнє Мен сени Љзємљ алам, – дейт Тењир, – сени мљљр шакеги катары сактайм, анткени Мен сени тандап алдым”, – дейт Себайот Тењир».