ЗАХАРИЯ

1-БЉЛЄМ

Кудайдан кечирим суроого чакыруу

1 Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылында, сегизинчи айда Ыда уулу, Берехия уулу Захария пайгамбарга Тењирден мындай сљз болду:

2 «Тењир силердин ата-бабаларыњарга катуу каарданды.

3 Ошондуктан сен аларга айт: Себайот Тењир мындай дейт де: “Мага кайтып келгиле, – дейт Себайот Тењир, – ошондо Мен да силерге кайтып келем, – дейт Себайот Тењир.

4 Ата-бабаларыњардай болбогула, аларга мурунку пайгамбарлар мындай деп айтышкан: Себайот Тењир мындай дейт: «Кыянат жолдоруњардан, жаман иштерињерден кайткыла». Бирок алар тил албай, Мага кулак салбай коюшкан, – дейт Тењир.

5 Ата-бабаларыњар азыр кайда? Пайгамбарларыњарчы? Алар тєбљлєк жашамак беле?

6 Бирок Љзємдєн кулдарым пайгамбарларга осуят кылган сљздљрєм менен чечимдерим силердин ата-бабаларыњарга жеткен жок беле? Алар кайрылып: «Себайот Тењир жолдорубузга жана иштерибизге жараша бизге эмне кылууну чечсе, ошону кылды»”», – деп айтышкан.

Жээрде ат минген адам жљнєндљгє кљрєнєш

7 Дарийдин падышачылыгынын экинчи жылында, он биринчи ай – Шебат айынын жыйырма тљртєнчє кєнє Ыда уулу, Берехия уулу Захария пайгамбарга Тењирден мындай сљз болду:

8 Мен тєндљ мындай кљрєнєш кљрдєм: капчыгайдагы мирта дарактарынын арасында жээрде ат минген бир киши туруптур, анын артында жээрде, тору жана боз аттар бар экен.

9 Ошондо мен: «Булар кимдер, мырзам?» – деп сурадым. Ошондо мени менен сєйлљшкљн периште мага: «Булардын кимдер экенин мен сага кљрсљтљм», – деди.

10 Анан мирта дарактарынын арасында турган киши: «Булар – жер єстєн кыдырып чыгууга Тењир тарабынан жиберилгендер», – деди.

11 Ошондо алар мирта дарактарынын арасында турган Тењирдин периштесине: «Биз жер єстєн кыдырып чыктык, бардык жерге эл отурукташыптыр, бєт жер тынч экен», – дешти.

12 Ошондо Тењирдин периштеси: «Себайот Тењир! Иерусалимге жана Жєйєт шаарларына качанкыга чейин ырайым кылбайсыњ? Сен аларга жетимиш жылдан бери каарыњды тљгєп келе жатасыњ», – деди.

13 Ошондо мени менен сєйлљшкљн периштеге жооп кылып, Тењир жакшы сљздљрдє, соорото турган сљздљрдє айтты.

14 Анан мени менен сєйлљшкљн периште мага мындай деди: «Жар салып айт, Себайот Тењир мындай дейт: “Мен Иерусалим менен Сионду чоњ кызганыч менен кызганып жатам.

15 Тынч жаткан элдерге катуу каарданып жатам, анткени Мен аларга аз каарданганда, алар мыйзамсыздыкты кєчљтєп жиберишти”.

16 Ошондуктан Тењир мындай дейт: “Мен Иерусалимге ырайым кылуу єчєн кайтып келдим. Иерусалимге Менин єйєм курулат, – дейт Себайот Тењир, – жер ченегич аркан Иерусалимдин єстєнљн тартылат”.

17 Дагы мындай деп жар сал: Себайот Тењир мындай дейт: “Менин шаарларым кайрадан байлыкка толот, Тењир Сионду кайрадан сооротот, Иерусалимди кайрадан тандап алат”».

Тљрт мєйєз жана тљрт темир уста жљнєндљгє кљрєнєш

18 Мен башымды кљтљрєп, тљрт мєйєздє кљрдєм.

19 Анан мени менен сєйлљшкљн периштеден: «Бул эмне?» – деп сурадым. Ал мага: «Булар – Жєйєттє, Ысрайылды жана Иерусалимди туш-тушка чачыратып жиберген мєйєздљр», – деп жооп берди.

20 Андан кийин Тењир мага тљрт темир устаны кљрсљттє.

21 Мен: «Булар эмне кылганы келе жатышат?» – деп сурадым. Ал мага: «Бул мєйєздљр Жєйєттє туш-тушка чачыратып жиберишти, алардын эч бири башын кљтљрљ албай калды. Бул тљрт темир уста болсо аларды коркутуш єчєн, Жєйєттє туш-тушка чачыратып жибериш єчєн, Жєйєт жерине каршы љздљрєнєн мєйєзєн кљтљргљн элдердин мєйєздљрєн сындырыш єчєн келди», – деп жооп берди.

2-БЉЛЄМ

Жер ченеген арканы бар адам жљнєндљ кљрєнєш

1 Анан мен башымды дагы кљтљрєп, колунда жер ченегич арканы бар бир адамды кљрдєм.

2 Мен андан: «Кайда бара жатасыњ?» – деп сурадым. Ал мага: «Иерусалимди ченеш єчєн, анын туурасы менен узуну канча экенин билиш єчєн бара жатам», – деп жооп берди.

3 Анан мени менен сєйлљшкљн периште кетти, кетип бара жатканда, анын алдынан дагы бир периште тосуп чыгып, мындай деди:

4 «Тезинен барып, бул жаш уланга мындай де: “Ичинде адам менен мал кљп болгондуктан, Иерусалим чепсиз жашайт”».

5 «Мен ага, – дейт Тењир, – аны курчаган оттуу чеп болом, анын ичинде дањкталам.

6 Эй, эй! Тєндєк љлкљсєнљн качкыла, – дейт Тењир. – Анткени Мен силерди туш тарапка чачып жибердим, – дейт Тењир.

7 Бабылдын кыздарыныкында жашап жаткан Сион, качып кутул».

8 Анткени Себайот Тењир мындай дейт: «Силер урматталышыњар єчєн, Ал Мени силерди талап-тоногон элдерге каршы жиберди. Анткени силерге ким тийсе, ал Анын кљзєнєн карегине тийген болот.

9 Мен колумду аларга каршы кљтљрљм, алар љз кулдарынын олжосу болушат. Ошондо Мени Себайот Тењир жибергенин билесињер.

10 Кубан, шаттан, Сион кызы! Анткени Мен келип, сенин ичињде жашайм, – дейт Тењир.

11 Ошол кєнє кљп элдер Тењирге келип, Менин элим болушат. Мен сенин ичињде жашайм, ошондо Мени сага Себайот Тењир жибергенин билесињ.

12 Ошондо Тењир Жєйєттє, ыйык жердеги Љзєнєн энчисин, Љзєнљ энчи кылып алат, Иерусалимди кайрадан тандап алат.

13 Тењирдин жєзєнєн алдында эч бир адам унчукпасын! Анткени Ал Љзєнєн ыйык турагынан туруп келе жатат».

3-БЉЛЄМ

Улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуя жљнєндљ кљрєнєш

1 Ал мага Тењирдин периштесинин алдында турган улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуяны жана ага каршылык кылыш єчєн, анын оњ кол тарабында турган шайтанды кљрсљттє.

2 Ошондо Тењирдин периштеси шайтанга мындай деди: «Сага Тењир тыюу салсын, шайтан! Сага Иерусалимди тандап алган Тењир тыюу салсын! Ал оттон чыгарып алынган чычала эмеспи?»

3 Булганган кийим кийген Жешуя периштенин алдында турду.

4 Ошондо периште љзєнєн алдында тургандарга: «Анын булганган кийимин чечкиле», – деди. Анын љзєнљ болсо: «Кара, Мен сенден айыбыњды алып салдым, сага жакшы кийим кийгизип жатам», – деди.

5 Анан мындай деди: «Анын башына таза кидар кийгизгиле!» Ошондо анын башына таза кидар, єстєнљ кийим кийгизишти. Тењирдин периштеси болсо ошол жерде турду.

6 Тењирдин периштеси Жешуяга мындай деп кєбљлљндєрдє:

7 Себайот Тењир мындай дейт: «Эгерде сен Менин жолдорум менен жєрсљњ, Менин кєзљтємдљ турсањ, анда Менин єйємдє башкарасыњ, Менин короо-жайларымды кљзљмљлдљйсєњ, Мен сени ушул жерде тургандардын арасында жєрљ тургандай кылам.

8 Улуу ыйык кызмат кылуучу Жешуя, сен да, сенин алдыњда отурган бир туугандарыњ, атактуу адамдар да, уккула: мына, Мен Љзємдєн кулум Бутакты алып келе жатам.

9 Анткени Жешуянын алдына Мен койгон таш мына. Ал таштын жети кљзє бар, Мен анын єстєнљ оюп жазам, – дейт Себайот Тењир, – ошентип, бул жердин кєнљљсєн бир кєндљ љчєрљм.

10 Ошол кєнє, – дейт Себайот Тењир, – бири-бирињерди жєзєм багынын жана анжыр дарагынын тєбєнљ чакырасыњар».

4-БЉЛЄМ

Алтын чырактан менен эки зайтун дарагы жљнєндљгє кљрєнєш

1 Мени менен сєйлљшкљн периште кайрылып келип, мени уктап жаткан адамды ойготкондой ойготту.

2 Анан ал менден: «Сен эмнени кљрєп турасыњ?» – деп сурады. Мен мындай деп жооп бердим: «Чылк алтындан жасалган чырактанды, анын єстєндљгє зайтун майы куюла турган чљйчљкчљнє, анын єстєндљгє жети чыракты, анын єстєндљгє чырактардын ар биринин жетиден тєтєгєн кљрєп турам.

3 Анын єстєндљ эки зайтун дарагы бар экен, бири чљйчљктєн оњ тарабында, экинчиси сол тарабында турат».

4 Анан мени менен сєйлљшкљн периштеден: «Бул эмне, мырзам?» – деп сурадым.

5 Ошондо мени менен сєйлљшкљн периште менден: «Сен мунун эмне экенин билбейсињби?» – деп сурады. Мен ага: «Билбейм, мырзам», – деп жооп бердим.

Зоробабылга берилген убада

6 Ошондо ал мага мындай деди: «Бул Тењирдин Зоробабылга айткан сљзє: “Аскер кошууну менен да эмес, кєч менен да эмес, бир гана Менин Рухум менен”, – дейт Себайот Тењир.

7 Сен кимсињ, улуу тоо? Зоробабылдын алдында сен бир тєздєксєњ. Ал негизги ташты “Кандай жыргал, кандай сонун!” деген кыйкырыктын астында алып чыгат».

8 Ошондо мага Тењирден мындай сљз болду:

9 «Бул єйдєн негизин Зоробабылдын колу койгон, анын колу бєтєрљт. Мени силерге Себайот Тењир жибергенин сен ошондо билесињ.

10 Анткени ким бул кєндє мааниси жок кєн деп эсептей алат? Зоробабылдын колундагы курулуш салмоорду кубаныч менен карап турган жанагы жети кљз – Тењирдин бєт жер жєзєн карап турган жети кљзє».

11 Ошондо мен андан: «Чырактандын оњ тарабында да, сол тарабында да турган бул эки зайтун дарагы эмнени билдирет?» – деп сурадым.

12 Мен ага экинчи жолу суроо бердим: «Эки алтын тєтєк аркылуу љзєнљн алтын куюп турган эки зайтун бутагы эмнени билдирет?»

13 Ошондо ал мага: «Сен мунун эмне экенин билбейсињби?» – деди. Мен ага: «Билбейм, мырзам», – дедим.

14 Ошондо ал: «Бул экљљ – зайтун майы менен майлангандар, бєт жер жєзєнєн Тењиринин алдында тургандар», – деп жооп берди.

5-БЉЛЄМ

Учуп келе жаткан тєрмљк китеп жљнєндљгє кљрєнєш

1 Кайрадан башымды кљтљрєп, учуп келе жаткан тєрмљк китепти кљрдєм.

2 Ошондо ал менден: «Сен эмнени кљрєп турасыњ?» – деп сурады. Мен ага: «Учуп келе жаткан тєрмљк китепти кљрєп турам, анын узундугу жыйырма чыканак, туурасы он чыканак экен», – дедим.

3 Ал мага мындай деди: «Бул – бєт жер бетине тєшкљн каргыш. Анткени анын бир жак бетинде жазылгандай, ким уурулук кылса, ал жок кылынат; анын экинчи бетинде жазылгандай, ким калп карганса, ал жок кылынат».

4 «Мен аны каптаттым, – дейт Себайот Тењир, – ал уурунун єйєнљ жана Менин ысымым менен калп каргангандын єйєнљ кирип, анын єйєндљ болуп, анын љзєн да, дарактарын да, таштарын да жок кылат».

Эйфанын ичиндеги аял жљнєндљгє кљрєнєш

5 Анан мени менен сєйлљшкљн периште чыгып, мага мындай деди: «Башыњды дагы кљтљрєп кара: Эмне чыгып келе жатат?»

6 Мен: «Бул эмне?» – деп сураганда, ал: «Бул чыгып келе жаткан – эйфа, бул – алардын бєт жер жєзєндљгє бейнеси», – деп жооп берди.

7 Ошондо бир тегерек коргошун љйдљ кљтљрєлдє. Ал жерде, эйфанын ичинде бир аял отуруптур.

8 Анан ал: «Бул аял – мыйзамсыздыктын љзє», – деди да, аны эйфанын ичине тєрттє, ал эми эйфанын оозуна тегерек коргошунду ыргытты.

9 Анан мен башымды кљтљрєп карасам, эки аял чыгып келе жатыптыр, алардын канаттарында шамал бар экен, алардын канаттары илегилектин канаттарына окшош экен. Алар эйфаны жер менен асмандын ортосунда кљтљрєп жљнљштє.

10 Анан мени менен сєйлљшкљн периштеден: «Алар бул эйфаны кайда кљтљрєп бара жатышат?» – деп сурадым.

11 Ошондо ал мага: «Аялга Шинар жеринде єй куруп бериш єчєн кљтљрєп бара жатышат. Yй даяр болгондо, ал ошол жерге, љзєнєн ордуна коюлат», – деп жооп берди.

6-БЉЛЄМ

Тљрт майдан араба жљнєндљгє кљрєнєш

1 Анан мен башымды дагы кљтљрєп, эки тоонун ортосундагы капчыгайдан тљрт майдан араба чыгып келе жатканын кљрдєм. Ал тоолор жез тоолор эле.

2 Биринчи арабадагы аттар жээрде, экинчи арабадагы аттар кара,

3 єчєнчє арабадагы аттар ак, тљртєнчє арабадагы аттар тору, кєчтєє аттар экен.

4 Анан мени менен сєйлљшкљн периштеден: «Булар эмне, мырзам?» – деп сурадым.

5 Периште мага мындай деп жооп берди: «Булар – бєт жер жєзєнєн Тењиринин алдында турган жеринен чыгып келе жаткан тљрт асман руху.

6 Кара аттар чыгып, тєндєк љлкљсєн кљздљй бара жатышат, ак аттар алардын артынан келе жатышат, тору аттар чыгып, тєштєк љлкљсєн кљздљй бара жатышат».

7 Кєчтєє аттар чыгып, бєт жер жєзєн аралап чыгууга уруксат сурашты. Ал: «Баргыла, жерди аралап чыккыла», – деди. Алар жерди аралап чыгышты.

8 Ошондо ал мени чакырып, мага: «Кара, тєндєк жерине чыккандар тєндєк жеринде Менин рухумду тынчтандырышты», – деди.

Жешуянын таажы кийиши

9 Анан мага Тењирден мындай сљз болду:

10 «Туткундан келген адамдардан – Хелдайдан, Тобиядан жана Жедаядан кємєш менен алтын алып, ошол эле кєнє Сепания уулу Жошиянын єйєнљ, алар Бабылдан кайсы єйгљ келишсе, ошол єйгљ бар.

11 Алардан алган кємєш менен алтындан таажы жаса. Анан аны улуу ыйык кызмат кылуучу Жетсадак уулу Жешуянын башына кийгиз.

12 Анан ага мындай де: Себайот Тењир мындай дейт: Мына Адам, Анын ысымы – Бутак, Ал Љзєнєн тамырынан љнєп чыгып, Тењирдин ийбадатканасын тургузат.

13 Ал Тењирдин ийбадатканасын тургузуп, дањкты кабыл алат, такка отурат, Љзєнєн тагында отуруп падышачылык кылат. Анын тагында ыйык кызмат кылуучу болот, экљљнєн ортосунда тынчтык кењеши болот.

14 Ал таажы болсо Хейлем, Тобия, Жедая, Сепания уулу Хейин єчєн Тењирдин ийбадатканасында эстелик болуп тура берет.

15 Алыстан да келип, Тењирдин ийбадатканасын курууга катышышат, ошондо Мени силерге Себайот Тењир жибергенин билесињер. Эгерде Кудай-Тењирињердин єнєн кунт коюп уга турган болсоњор, ушундай болот».

7-БЉЛЄМ

Тењирге орозо эмес, кайрымдуулук иштери жагат

1 Дарийдин падышачылыгынын тљртєнчє жылы, тогузунчу ай – Кислеп айынын тљртєнчє кєнє Захарияга Тењирден сљз болду.

2 Ошондо Бейтел эли Саретсер менен Регем-Мелехти жана анын адамдарын Тењирдин алдында сыйынууга,

3 Себайот Тењирдин єйєндљгє ыйык кызмат кылуучулардан жана пайгамбарлардан «Кљп жылдан бери ыйлап орозо кармап келгенимдей эле, бешинчи айда ыйлап орозо кармасам болобу?» деп суратканы жиберди.

4 Ошондо мага Себайот Тењирден мындай сљз болду:

5 «Бул жердин бєт элине жана ыйык кызмат кылуучуларга мындай деп айт: “Жетимиш жылдан бери бешинчи жана жетинчи айда орозо кармап ыйлаганыњарда, Мен єчєн орозо кармадыњар беле? Мен єчєн беле?

6 Жегенињерде жана ичкенињерде, љзєњљр єчєн жеген жок белењер, љзєњљр єчєн ичкен жок белењер?

7 Иерусалимге эл отурукташып, шаар тынч жашап жатканда, анын айланасындагы шаарларга, тєштєк љлкљсєнљ жана ойдуњ жерлерге элдер отурукташканда, мурунку пайгамбарлар аркылуу Тењир ушул эле сљздљрдє айткан жок беле?”»

Ысрайылдын чачырашынын себеби

8 Ошондо Захарияга Тењирден мындай сљз болгон:

9 Ошондо Себайот Тењир мындай деген: «Адилет сот жєргєзгєлљ, ар бирињер љз бир тууганыњарга ырайым жана боорукердик кљрсљткєлљ.

10 Жесир менен жетимге, келгин менен жакырга кысым кљрсљтпљгєлљ, жєрљгєњљрдљ бири-бирињерге жамандык ойлобогула.

11 Бирок алар уккулары келбей, Менден жєздљрєн буруп кетишти, укпаш єчєн, кулактарын жаап алышты.

12 Себайот Тењир Љзєнєн Руху менен мурунку пайгамбарлар аркылуу жиберген мыйзамды жана сљздљрдє укпаш єчєн, жєрљктљрєн таш кылып алышты. Ошон єчєн алар Себайот Тењирдин катуу каарына калышты.

13 Мен чакырганда, алар укпай коюшту, алар чакырганда, Мен да укпай койдум, – дейт Себайот Тењир.

14 Мен аларды љздљрє билбеген элдердин арасына чачып жибердим, алардан кийин бул жер ээн калды, бул жерде эч ким жашабай калды, бул сонун љлкљнє алар чљлгљ айландырышты».

8-БЉЛЄМ

Кудайдын Ысрайылды куткарары жана ага бата берери жљнєндљгє убадасы

1 Себайот Тењирден мындай сљз болду:

2 Себайот Тењир мындай дейт: «Мен Сионду чоњ кызганыч менен кызгандым. Мен аны катуу каар менен кызгандым».

3 Тењир мындай дейт: «Мен Сионго кайрылып келип, Иерусалимде жашайм, ошондо Иерусалим чындык шаары деп аталат, Себайот Тењирдин тоосу ыйык тоо деп аталат».

4 Себайот Тењир мындай дейт: «Иерусалимдин кљчљлљрєндљ кайрадан кары кишилер менен кары аялдар колдоруна таяк кармап отурушат, анткени алар узак љмєр сєрєшљт.

5 Бул шаардын кљчљлљрє ойноп жєргљн жаш балдар менен жаш кыздарга толот».

6 Себайот Тењир мындай дейт: «Эгерде бул ошол кєндљрє бул элдин кљзєнљ укмуш болуп кљрєнсљ эле, Менин кљзємљ да укмуш болуп кљрєнмљк беле? – дейт Себайот Тењир».

7 Себайот Тењир мындай дейт: «Мен Љз элимди чыгыш љлкљсєнљн жана батыш љлкљсєнљн куткарып алам.

8 Аларды алып келем, алар Иерусалимде жашап калышат. Алар Менин элим болушат, акыйкаттык менен чындыктын негизинде Мен алардын Кудайы болом».

9 Себайот Тењир мындай дейт: «Себайот Тењирдин єйєнєн пайдубалы орнотулган кєнє пайгамбарлар аркылуу айтылган сљздљрдє азыр да угуп жаткандар, ийбадаткананы куруш єчєн, кайраттуу болгула.

10 Анткени ошол кєндљрдљн мурун адамдарга акы тљлљљ болгон эмес, жаныбарлардын эмгеги єчєн да акы тљлљљ болгон эмес. Кетип жаткандарга да, келип жаткандарга да душмандардан тынчтык болгон эмес. Адамдардын бири-бири менен касташуусуна Мен жол берчємєн.

11 Азыр болсо бул элдин калдыгы єчєн Мен мурдагы кєндљрдљй эмесмин, – дейт Себайот Тењир.

12 Анткени эгин тынчтыкта айдалат, жєзєм сабагы љз жемишин берет, жер љз тєшємєн берет, асман љз шєєдєрємєн берет: мунун баарын Мен бул калган элдин ээлигине берем.

13 Жєйєт менен Ысрайыл, силер элдердин арасында каргыш болосуњар, бирок Мен силерди куткарам, силер бата болосуњар. Коркпогула, кайраттуу болгула!»

14 Анткени Себайот Тењир мындай дейт: «Силердин ата-бабаларыњар Мени каардантышканда, Мен силерди жазалоону чечкем, ошол чечимимди љзгљрткљн эмесмин, – дейт Себайот Тењир.

15 Бирок Мен бул кєндљрє Иерусалимге жана Жєйєткљ кайрадан жакшы нерсе кылууну чечтим. Коркпогула!

16 Силер кыла турган иштер булар: бири-бирињерге чындыкты айткыла, дарбазањардын алдында акыйкаттык менен тынчтыкты сактап сот жєргєзгєлљ.

17 Силердин арањардан эч ким љз жєрљгєндљ жакынына каршы кыянаттык ойлобосун, жалган антты сєйбљгєлљ, анткени мунун баары – Мен жек кљргљн нерселер, – дейт Тењир».

18 Анан мага Себайот Тењирден мындай сљз болду:

19 Себайот Тењир мындай дейт: «Тљртєнчє айдын орозосу, бешинчи айдын орозосу, жетинчи айдын орозосу жана онунчу айдын орозосу Жєйєт тукуму єчєн кубаныч менен шаттыкка, жакшы майрамдарга айлансын. Чындык менен тынчтыкты сєйгєлљ».

20 Себайот Тењир мындай дейт: «Кљптљгљн элдер жана кљптљгљн шаарлардын тургундары келишет.

21 Бир шаардын тургундары экинчи шаардын тургундарына барып: “Тењирдин алдына барып сыйыналы, Себайот Тењирди издейли”, – дешет; Ар бири: “Мен да барам”, – дейт.

22 Иерусалимде Себайот Тењирди издеш єчєн, Тењирге сыйыныш єчєн, кљптљгљн уруулар жана кєчтєє элдер келишет».

23 Себайот Тењир мындай дейт: «Ал кєндљрдљ мындай болот: ар кандай тилдерде сєйлљгљн бардык элдерден он киши чыгып, бир жєйєттєн этегинен кармап, ага: “Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук”, – дешет».

9-БЉЛЄМ

Ысрайылдын душмандарынын жазаланышы

1 Тењирдин Хадрах жерине каршы айткан пайгамбарчылык сљзє Дамаскка келип токтойт. Анткени Тењирдин кљзє Ысрайылдын бардык уруусун кандай карап турса, бардык элдерди ошондой карап турат.

2 Ага чектеш Хаматты да, Тирди да, Сидонду да карап турат, анткени алар акылдуу.

3 Тир љзєнљ чеп курду, кємєштє топурактай, алтынды кљчљдљгє баткактай жыйып алды.

4 Бирок Тењир аны жакырдантат, анын кєчєн дењиздин єстєндљ талкалайт, љзєн от жалмайт.

5 Муну кљрєп, Ашкелондун єрљйє учат, Азаны да катуу калтырак басат. Экронду да, анткени анын ємєтє жокко чыгат: Азада падыша калбайт, Ашкелон элсиз калат.

6 «Азотто бљтљн уруу жашап калат, пелиштиликтердин менменсингендигин жок кылам.

7 Анын оозунан канды, тиштеринин арасынан љзєнєн жийиркеничтєє нерселерин сууруп алам, ошондо ал да биздин Кудайыбызга таандык болот, ал Жєйєттљ мињ башы катарында болот, Экрон Жебус сыяктуу болот.

8 Мен Љз єйємдєн жанына аскерге каршы, нары-бери љткљндљргљ каршы кошуун коём, ошондон кийин кысым кљрсљтєєчє ал жерден љтпљйт. Анткени Мен эми муну Љзєм карап турам.

Ысрайылдын келе турган Падышасы

9 Кубанып, шаттыкка бљлљн, Сион кызы, салтанат кур, Иерусалим кызы, сага љзєњдєн адилеттєє, куткара турган, момун Падышањ келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет.

10 Ошондо Эпрайымдын майдан арабаларын, Иерусалимдеги аттарды жок кылам, согуш жаалары кыйрайт. Ал элдерге тынчтыкты кабарлайт, Ал дењизден дењизге чейин, дарыядан жер кыйырына чейин єстљмдєк кылат.

11 Сен жљнєндљ айтсам, Мен сенин туткундарыњды љзєњдєн келишимињдин каны єчєн суусу жок ордон чыгарам.

12 Yмєтє бар туткундар, љзєњљрдєн чебињерге кайтып келгиле! Эки эселеп кайтарып береримди сага азыр айтып жатам.

13 Анткени Мен Жєйєттє Љзємљ жаа кылам, Эпрайымды жебе кылам, Сион, сенин уулдарыњды Жабандын уулдарына каршы кљтљрљм, сени алп жоокердин кылычы сыяктуу кылам».

14 Тењир алардын єстєнљ келет, Анын жебеси чагылгандай учуп чыгат, Кудай-Тењир сурнай тартып, тєштєк бороону менен жєрљт.

15 Аларды Себайот Тењир коргойт, алар љз душмандарын кырышат, салмоор таштарды тебелешет, канга тоюп, шарапка мас болгонсуп кєєлдљшљт, алар курмандык чалынуучу идиштер сыяктуу, курмандык чалынуучу жайдын бурчтары сыяктуу канга толушат.

16 Койчу койлорун кандай куткарып алса, ошол кєнє алардын Кудай-Тењири Љз элин ошондой куткарып алат. Анткени алар Анын жеринде таажыдагы асыл таштардай болуп жаркырашат.

17 Кандай жыргал, кандай сонун! Алардын уландары нан менен, кыздары шарап менен љсєшљт.

10-БЉЛЄМ

Тењирдин убадалары

1 Жазгы жамгырлар убагында Тењирден жамгыр сурагыла. Тењир чагылган чартылдатып, силерге мол жамгыр берет, талаадагы ар бир љсємдєккљ суу берет.

2 Анткени терафимдер жок нерсени айтышат, алдын ала айтуучулар жалган кљрєнєштљрдє кљрєшљт, жалган тєштљрдє айтышат. Алар курулай кљњєл жубатышат. Ошон єчєн алар койлорго окшоп адашып жєрєшљт, алар кыйналып жєрєшљт, анткени койчу жок.

3 «Койчуларга Менин каарым жалындады, текелерди Мен жазалайм. Анткени Себайот Тењир Љзєнєн койлоруна, Жєйєткљ, келет, аларды Љзєнєн мыкты согуш аты катары коёт.

4 Андан негизги таш чыгат, андан чатырдын казыгы чыгат, андан согуш жаасы чыгат, андан эл бийлеген башкаруучулар чыгат.

5 Алар согушта душманды кљчљдљгє ылайды тебелегендей тебелеп, баатырларча салгылашышат, анткени Тењир алар менен, алар атчан аскерлерди уятка калтырышат.

6 Жєйєттє чыњдайм, Жусупту куткарам, аларды кайрып келем, анткени аларга Менин боорум ооруду, алар Мен аларды эч качан таштабагандай болушат, анткени Мен алардын Кудай-Тењиримин, ошондуктан алардын єнєн угам.

7 Эпрайым баатыр сыяктуу болот. Алардын жєрљгє шарап ичкендегидей болуп шаттыкка бљлљнљт. Алардын уулдары муну кљрєп кубанышат. Алардын жєрљгє Тењир менен кубанат.

8 Мен аларга белги берип, аларды чогултам, анткени Мен аларды кун тљлљп куткарып алдым. Алар мурдагыдай кљп болушат.

9 Мен аларды элдердин арасына чачыратып жиберем, алыскы љлкљлљрдљ алар Мени эстешет, љз балдары менен бирге жашашат, анан кайрылып келишет.

10 Мен аларды Мисир жеринен кайрып келем, аларды Ашурдан жыйнап келем, аларды Гилат жерине жана Лебанонго алып келем, аларга жер жетпей калат.

11 Дењизге алаамат тєшљт, ал дењиз толкундарын талкалайт, дарыянын бардык терењ жерлери какшыйт, Ашурдун текебердиги талкаланат, Мисирдин бийлик таягы тартылып алынат.

12 Аларды Тењир менен бекемдейм, ошондо алар Анын ысымы єчєн жашашат, – дейт Тењир.

11-БЉЛЄМ

Машайактын келери жана четке кагылары жљнєндљ

1 Лебанон, дарбазаларыњды ач, сенин кедр дарактарыњды от жалмасын.

2 Боздоп ыйла, кипарис, анткени кедр кулады, анткени чоњ дарактар да кыйратылды. Башандын эмен дарактары, љкєргєлљ, анткени чытырман токой кыйылды.

3 Койчулардын љкєрєп ыйлаганы угулуп жатат, анткени алардын жайыттары кыйратылды; жаш арстандардын ырылдаган айкырыгы угулуп жатат, анткени Иордандын дањкы талкаланды».

4 Менин Кудай-Тењирим мындай дейт: «Мууздала турган койлорду кайтар,

5 сатып алгандар аларды љлтєрєп жатышат, бирок љздљрєн айыптуубуз деп эсептешпейт, ал эми аларды саткандар: “Тењирге алкыш, мен байып калдым!” – деп жатышат. Аларды љздљрєнєн койчулары аяшпайт.

6 Анткени Мен мындан ары бул жердин тургундарына ырайым кылбайм, – дейт Тењир, – мына, Мен ал адамдардын ар бирин љз жакынынын колуна, љз падышасынын колуна салып берем, алар жерди кыйратышат, Мен ал адамдардын эч кимисин алардын колунан куткарбайм.

7 Мен мууздала турган койлорду, чыны менен эле байкуш койлорду кайтарам. Љзємљ эки таяк алам, биринчисин Ырайым, экинчисин Бирдик деп атайм, ошолор менен койлорду кайтарам.

8 Бир айда єч койчуну жок кылам. Алардын жаны Менден кандай жийиркенсе, Менин жаным да алардан ошондой жийиркенет.

9 Ошондо Мен мындай дейм: “Силерди кайтарбайм. Љлљ турганы љлсєн, жоголо турганы жоголсун, ал эми калгандары биринин этин бири жесин”.

10 “Ырайым” таягымды алам да, Љзємдєн бардык элдер менен тєзгљн келишимимди бузуш єчєн, аны сындырып салам.

11 Келишим ошол кєнє бузулат, ошондо Мени кєтєп турган койлордун ичинен байкуштары бул Тењирдин сљзє экенин билишет.

12 Анан аларга: “Эгерде кааласањар, Мага Менин акымды бергиле. Каалабасањар, бербей эле койгула”, – дейм. Ошондо алар Менин акыма отуз кємєш шекел тартып беришет».

13 Анан Тењир мага мындай деди: «Аны Тењир єйєнєн казынасына ташта. Алар Мени кандай кымбат баалашты!» Мен отуз кємєш шекелди алып, Тењир єйєнљ карапачы єчєн таштадым.

14 «Жєйєт менен Ысрайылдын ортосундагы бир туугандыкты бузуш єчєн, Љзємдєн экинчи таягымды – “Бирдик” таягын сындырдым».

Кудайдын ишенимсиз койчуларга каарданышы

15 Анан Тењир мага мындай деди: «Акылсыз койчулардын ичинен бирљљнєн куралын ал.

16 Анткени Мен бул жерге бир койчу коём, ал љлєп бара жаткан койлор єчєн кам кљрбљйт, жоголгондорун издебейт, ооругандарын айыктырбайт, соолоруна тамак бербейт, бирок семиз койлордун этин жейт, алардын туяктарын талкалайт.

17 Койлорду таштап койгон жаман койчуга кайгы! Анын колуна жана оњ кљзєнљ каршы кылыч келсин! Анын колу шал болуп калсын, анын оњ кљзє таптакыр кљрбљй калсын!»

12-БЉЛЄМ

Иерусалимдин куткарылары жљнєндљ

1 Ысрайыл тууралуу Тењирдин пайгамбарчылык сљзє. Асманды жайган, жерди негиздеген, адамдын ичиндеги рухту жараткан Тењир мындай дейт:

2 «Мына, Мен Иерусалим курчоодо жатканда, тегеректеги бардык элдер єчєн, ошондой эле Жєйєт єчєн Иерусалимди баш айландыруучу ичимдик куюлган чљйчљк кылам.

3 Ошол кєнє мындай болот: бардык уруулар єчєн Иерусалимди оор таш кылам, аны кљтљргљндљрдєн бардыгы љздљрєнљ зыян келтирип алышат, бирок ага каршы жер жєзєнєн бардык элдери чогулушат.

4 Ошол кєнє, – дейт Тењир, – Мен бардык аттарды элиртем, алардын єстєндљ отургандарды акылынан ажыратам, ал эми Жєйєткљ назар салам, элдердин бардык аттарын сокур кылам.

5 Жєйєт тљрљлљрє љз жєрљгєндљ мындай дешет: “Менин кєчєм – љздљрєнєн Кудайы, Себайот Тењир менен кєчтєє болгон Иерусалим тургундары”.

6 Ошол кєнє Мен Жєйєт тљрљлљрєн отундардын ортосундагы алоолонуп кєйгљн мештей кылам, боолордун арасында кєйєп турган шаманадай кылам, алар тегеректеги бардык элдерди, оњ тарапты да, сол тарапты да жок кылышат. Иерусалим эли кайрадан љз ордуна, Иерусалимге, отурукташат».

7 Дљљттєн тукуму менен Иерусалим тургундары Жєйєттєн алдында љздљрєн жогору кљтљрбљш єчєн, Тењир адегенде Жєйєттєн тукумун куткарат.

8 Ошол кєнє Тењир Иерусалим тургундарын коргойт, ошол кєнє алардын эњ алсызы Дљљттљй болот, ал эми Дљљт тукуму Кудайдай, љздљрєнєн алдындагы Тењирдин периштесиндей болот.

9 Ошол кєнє мындай болот: «Мен Иерусалимге кол салган бардык элдерди жок кылам.

10 Ал эми Дљљттєн тукумуна жана Иерусалим тургундарына ырайым руху менен моюн сунуу рухун тљгљм, алар љздљрє найза менен сайган Адамды кљрєшљт, Аны жалгыз уулун жоктоп ыйлагандай жоктоп ыйлашат, Ал єчєн тун баласына кайгыргандай кайгырышат.

11 Ошол кєнє Иерусалимде Мегидо љрљљнєндљгє Адатримон ыйындай болгон чоњ ый болот.

12 Љлкљ боздоп ыйлайт, ар бир уруу љзєнчљ боздоп ыйлайт: Дљљт тукумунун уруусу љзєнчљ, алардын аялдары љзєнчљ; Натан тукумунун уруусу љзєнчљ, алардын аялдары љзєнчљ;

13 Леби тукумунун уруусу љзєнчљ, алардын аялдары љзєнчљ; Шымон уруусу љзєнчљ, алардын аялдары љзєнчљ;

14 калган уруулардын бардыгы, ар бир уруу љзєнчљ, алардын аялдары љзєнчљ боздоп ыйлашат.

13-БЉЛЄМ

1 Ошол кєнє Дљљт тукумуна жана Иерусалим тургундарына кєнљљ менен ыпыластыкты жууй турган булак ачылат.

2 Ошол кєнє мындай болот, – дейт Себайот Тењир, – Мен бул жерден жасалма кудайлардын ысымдарын жок кылам, алар мындан ары эскерилбейт, ошондой эле жалган пайгамбарлар менен таза эмес рухту бул жерден жок кылам.

3 Ошондо ким пайгамбарчылык кыла турган болсо, анда ага љзєнєн атасы менен энеси: “Сен жашабашыњ керек, анткени сен Тењирдин ысымы менен жалган сєйлљп жатасыњ”, – деп айтышат. Ал пайгамбарчылык кылганда, аны љзєнєн атасы менен энеси љлтєрєп салат.

4 Ошол кєнє мындай болот: пайгамбарлар уят болушат, пайгамбарчылык кылып жатканда, ар бири љзє кљргљн кљрєнєшє єчєн уят болот, ошондон кийин алар алдаш єчєн кийген љздљрєнєн кыл чапанын кийбей калышат.

5 Алардын ар бири: “Мен пайгамбар эмесмин, дыйканмын, анткени мени бала чагымда эле бир адам кул кылып алган”, – дейт.

6 Андан: “Эки колуњдун ортосундагы эмнеден болгон жарааттар?” – деп сурашат. Ошондо Ал: “Мени сєйгљндљрдєн єйєндљ Мени сабашты”, – деп жооп берет.

Улуу Кайтаруучунун љлємє

7 Оо кылыч! Менин койчума каршы, Менин жакыныма каршы кљтљрєл! – дейт Себайот Тењир, – койчуну љлтєр, ошондо койлор туш-тушка чачырайт! Мен колумду кичинелерге каршы бурам.

8 Бєт жер жєзєндљ мындай болот: жер єстєндљ жашагандардын єчтљн эки бљлєгє жок кылынат, ал эми єчтљн бир бљлєгє аман калат, – дейт Тењир.

9 Бул єчтљн бир бљлєктє отко салып, кємєштє эриткендей эритем, алтынды тазалагандай тазалайм. Алар Менин ысымымды чакырышат, Мен аларга жооп берем, “Бул Менин элим!” – деп айтам. Алар болсо: “Тењир менин Кудайым!” – дешет.

14-БЉЛЄМ

Тењир кєнє

1 Мына, Тењирдин кєнє келе жатат, сенден талап-тоноп алышкан олжону сенин ичињде љз ара бљлєп алышат.

2 Бардык элдерди Иерусалимге каршы согушка топтойм, шаар каратылып алынат, єйлљр таланып-тонолот, аялдардын абийири булганат, шаардын жарымы туткунга кетет, ал эми шаарда калган эл жок кылынбайт.

3 Ошондо Тењир куралданып чыгып, согуш кєнєндљ кандай салгылашса, бул элдер менен ошондой салгылашат.

Тењирдин келиши жљнєндљ

4 Ошол кєнє Тењирдин буттары Иерусалимдин чыгыш жагында жаткан Зайтун тоосунун єстєндљ турат. Ошондо Зайтун тоосу чыгыштан батышты кљздљй экиге бљлєнљт, љтљ чоњ љрљљн пайда болот, тоонун жарымы тєндєккљ, жарымы тєштєккљ кетет.

5 Ошондо силер Менин тоолуу љрљљнєм менен качасыњар, анткени тоолуу љрљљн Атсалга чейин созулат. Жєйєт падышасы Узиянын убагында болгон жер титирљљдљн качкандай качасыњар. Менин Кудай-Тењирим келет, Аны менен кошо бардык ыйыктар келишет.

6 Ошол кєнє мындай болот: жарык болбойт, кєн, ай, жылдыздар жок болот.

7 Ошол кєн Тењир гана билген кєн болот: кєн да, тєн да болбойт, кечкурун гана жарык пайда болот.

Тењирдин бєт жер жєзєнљ падыша болушу

8 Ошол кєнє мындай болот: Иерусалимден тирєє суулар агып чыгат, алардын жарымы чыгыш дењизине, жарымы батыш дењизине агат: жайында да, кышында да ушундай болот.

9 Тењир бєт жер жєзєнљ Падыша болот. Ошол кєнє жалгыз Тењир болот, Анын ысымы да бирљљ болот.

10 Бул жер Гибондон Ремонго чейин, Иерусалимден тєштєккљ карай бєт бойдон тєздєк болот. Иерусалим бийик жерде, љз ордунда турат жана ага Бенжемин дарбазасынан биринчи дарбазага чейин, бурчтагы дарбазага чейин, ошондой эле Кананел мунарасынан падышанын жєзєм сыккан барасына чейин эл отурукташат.

11 Анын ичинде жашашат, ошондон кийин каргыш деген болбойт. Иерусалим коопсуз жашайт.

12 Иерусалимге каршы согушкан бардык элдерди Тењир мындай кылып жазалайт: буту менен басып эле жєргљн адамдын денеси чирийт, кљздљрє кљзєнєн чанагында турганда эле агып калат, оозундагы тили кургап калат.

13 Ошол кєнє мындай болот: алардын арасына Тењир чоњ дєрбљлљњ тєшєрљт, ошондо биринин колун бири кармайт, ар ким љз жакынына кол кљтљрљт.

14 Жєйєт љзє да Иерусалимде салгылашат, тегеректеги бардык элдердин байлыгы: алтын, кємєш жана сан жеткис кийим жыйналат.

15 Аттар да, жылкылар да, качырлар да, тљљлљр да, эшектер да, алардын кошуундарындагы бардык мал кырылат.

16 Ошондон кийин Иерусалимге каршы салгылашыш єчєн келген бардык элдердин ичинен тирєє калгандары Себайот Тењир Падышага табыныш єчєн жана Алачык майрамын майрамдаш єчєн жыл сайын келип турушат.

17 Ошондо мындай болот: эгерде жер єстєндљгє уруулардын кайсынысы Себайот Тењир Падышага табыныш єчєн келбесе, анда анын жерине жамгыр жаабайт.

18 Эгерде Мисир уруусу жолго чыкпаса жана келбесе, анда ага да жамгыр жаабайт, Алачык майрамын майрамдоого келбеген урууларды Тењир кандай жазаласа, аларды да ошондой жазалайт.

19 Алачык майрамын майрамдоого келбеген Мисирдин жана бардык элдердин жазасы ушундай болот!

20 Ошол убакта, атєгєл, ат жабдыктарына да “Тењирге арналган ыйык нерсе” деген жазуулар жазылат, Тењир єйєндљгє казандар курмандык чалынуучу жайда колдонулуучу чаралардай болот.

21 Иерусалим менен Жєйєттљгє бардык казандар Себайот Тењирге арналган ыйык нерсе болот, курмандык алып келгендер ал казандарды алып, курмандыктарын бышырышат. Ошол кєнє Себайот Тењирдин єйєндљ бир да канаандык болбойт».