1 Кудайдын жана Тењир Ыйса Машайактын кулу Жакыптан Ысрайыл элинин тарап кеткен он эки уруусуна салам!
2 Бир туугандарым, башыњарга келген ар кандай сыноолорду зор кубаныч менен кабыл алгыла.
3 Анткени сыналган ишенимињер чыдамкайлыкты жаратарын билесињер.
4 Бардык жагынан жеткилењ, эч кемчиликсиз болушуњар єчєн, чыдамкайлык жеткилењ аракетке ээ болушу керек.
5 Кимињерге акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебестен берген Кудайдан сурасын, ага берилет.
6 Бирок эч шектенбестен, ишеним менен сурасын. Анткени шектенген адам шамал айдаган дењиз толкунуна окшош.
7 Мындай адам Тењирден бир нерсе алам деп ойлобой эле койсун.
8 Эки ойлуу адам љзєнєн бардык жолдорунда туруксуз.
9 Басынтылган бир тууган љзєнєн бийиктиги менен сыймыктансын.
10 Ал эми бай бир тууган љзєнєн басынтылгандыгы менен сыймыктансын, анткени ал чљптєн гєлєнљ окшоп тез эле соолуп калат.
11 Кєн чыгып, аптап болуп турганда, чљп куурап, гєлє кєбєлєп тєшєп, кооздугу кетет. Ошол сыяктуу эле бай адам да љзєнєн жолдорунда куурайт.
12 Сыноолорду башынан љткљрєп жаткан адам бактылуу. Анткени сыноодон љткљндљн кийин, ал адам Тењир Љзєн сєйгљндљргљ убада кылган љмєр таажысын алат.
13 Азгырылып жатканда, эч ким: «Кудай мени азгырып жатат», – деп айтпасын. Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт.
14 Тескерисинче, ар ким љзєнєн кумарына берилип, алданып азгырылат.
15 Кумар тєйєлєп, кєнљљ туулат. Ал эми кылынган кєнљљ љлємгљ дуушар кылат.
16 Сєйєктєє бир туугандарым, алданбагыла!
17 Ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилењ белек жогорудан, жарыктын Атасынан келет. Анда эч кандай љзгљрєлєє жок, љзгљрєлєєнєн кљлљкљсє да жок.
18 Жараткандарынын ичинен биринчилери болуубуз єчєн, Ал бизди Љз каалоосу боюнча чындык сљзє аркылуу жаратты.
19 Сєйєктєє бир туугандарым, ар бир адам укканга даяр болсун, ойлонуп сєйлљсєн, ачууга алдырбасын.
20 Анткени ачууланган адам Кудайга жаккан ишти жасабайт.
21 Ошондуктан ар кандай ыпыластыкты жана калган жаман адаттарыњарды таштап, жєрљгєњљргљ себилип жаткан, жаныњарды куткара ала турган сљздє момундук менен кабыл алгыла.
22 Сљздє угуучулар гана болуп, љзєњљрдє алдабастан, сљздє аткаруучулар болгула.
23-24 Сљздє угуп, бирок аткарбаган адамды кєзгєгљ каранып, ары басары менен љзєнєн кандай экенин унутуп койгон адамга окшоштурса болот.
25 Жеткилењ мыйзамга, эркиндиктин мыйзамына, дитин коюп, ошол мыйзам боюнча жашаган адам унутчаак угуучу эмес, аткаруучу болуп, љз иш-аракетинен бакыт табат.
26 Ким љзєн такыбаа эсептесе, бирок тилин тартпаса, анда ал љзєн љзє алдап жатат, анын такыбаалыгы – курулай такыбаалык.
27 Кудай Атанын алдындагы таза жана кемчиликсиз такыбаалык – бул жетим-жесирлерге кам кљрєє жана љзєн бул дєйнљдљ таза сактоо.
1 Бир туугандарым, дањктуу Тењирибиз Ыйса Машайакка ишенгендер катары бет карамалык кылуудан сак болгула.
2 Чогулушуњарга алтын шакек тагынган, кымбат баалуу кийим кийген адам жана жупуну кийинген жарды адам келсе,
3 силер кымбат баалуу кийим кийген адамды карап: «Сен бул жерге отурсањ болот», – деп, ал эми жарды адамга: «Сен тигил жерге тур же менин ылдый жагыма отур», – десењер,
4 анда адамдарды алакчылаган адилетсиз сот болуп жаткан жоксуњарбы?
5 Кулак салгылачы, сєйєктєє бир туугандарым! Ишенимге бай болушсун, Љзєн сєйгљндљргљ убада кылган Падышачылыктын мурасчылары болушсун деп, Кудай бул дєйнљнєн жардыларын тандап алган жок беле?
6 Силер болсо жардыны кемсинтип жатасыњар. Силерди кысымга алып, сотторго сєйрљп барып жаткандар байлар эмеспи?!
7 Силер алып жєргљн жакшы атты жаманатты кылып жаткандар ошолор эмеспи?!
8 Эгерде силер Падышанын Ыйык Жазуудагы «Љзєњдє кандай сєйсљњ, жакыныњды да ошондой сєй» деген мыйзамын аткарып жатсањар, анда жакшы кылып жатасыњар.
9 Эгерде бет карамалык кылып жатсањар, анда кєнљљ кылып жатасыњар жана мыйзам алдында кылмышкерсињер.
10 Ким мыйзамдын баарын аткарып жєрєп, алардын бирин эле бузса, бєт мыйзамды бузган болот.
11 Анткени «Ойноштук кылба» деген Кудай «Киши љлтєрбљ» деп да айткан. Эгерде сен ойноштук кылбасањ, бирок киши љлтєрсљњ, баары бир мыйзамды бузуучу болосуњ.
12 Силер эркиндик мыйзамы боюнча соттолуучуларсыњар, ошондуктан сєйлљгљн сљзєњљр менен кылган ишињер ошого ылайык болсун.
13 Анткени ырайым кылбаган адам ырайымсыздык менен соттолот. Ырайым соттон жогору.
14 Бир туугандарым, ким ишенем десе, бирок ишенимине ылайык иштерди кылбаса, андан эмне пайда? Ошондой ишеним аны куткара алабы?
15 Эгерде бир туугандарыњардын киер кийими, ичер тамагы жок болсо,
16 арањардан бирљљ аларга: «Тынчтык менен баргыла. Жылуу кийингиле, курсагыњарды тойгузгула», – десе, бирок алардын денесине керектєєнє бербесе, андан эмне пайда?
17 Ошол сыяктуу эле ишсиз ишеним – љлєк ишеним.
18 Бирок кимдир бирљљ минтип айтышы мємкєн: «Сенин ишенимињ бар, ал эми менин иштерим бар. Мага ишсиз ишенимињди кљрсљт, мен болсо сага иштерим аркылуу ишенимимди кљрсљтљйєн».
19 Сен Кудайдын бирљљ экендигине ишенесињ, мунуњ жакшы. Бирок жиндер да ишенип, титиреп турушат.
20 Акылсыз адам, ишсиз ишеним љлєк экенин билгињ келеби?
21 Љз уулу Ыскакты курмандыкка чалмакчы болгон атабыз Ыбрайым иши менен акталган жок беле?
22 Кљрдєњбє, анын ишеними иштери менен коштолгон. Ишеним иштер аркылуу жеткилењдикке жетти.
23 Ошентип, Ыйык Жазуудагы «Ыбрайым Тењирге ишенди. Ишеними ага адилдик катары эсептелди» деген сљз аткарылып, Ыбрайым Кудайдын досу аталды.
24 Кљрдєњљрбє, адам ишеними менен гана эмес, иштери менен да акталат.
25 Чалгынчыларды єйєнљ кабыл алып, андан кийин башка жол менен узатып жиберген бузулган аял Рахап да иши менен акталган жок беле?
26 Демек, рухсуз дене љлєк болгон сыяктуу эле, ишсиз ишеним да љлєк.
1 Бир туугандарым, бизге, окутуучуларга, сурак катуураак болорун билесињер, ошондуктан баарыњар эле окутуучу боло бербегиле.
2 Анткени баарыбыз кљп жањылабыз. Оозунан жањылбаган адам – бєт денесин ооздуктай алган жеткилењ адам.
3 Баш ийдириш єчєн, биз атты ооздуктап, анын бєт денесин башкарабыз.
4 Кеме канчалык чоњ болсо да, канчалык катуу шамалдар менен жєрсљ да, кемечи аны кичинекей эле бургуч менен каалаган жагына бурат.
5 Ошол сыяктуу тил да дененин кичинекей эле мєчљсє, бирок кљп нерсе кылат. Оттун кичинекей эле учкуну чоњ токойду љрттљп жок кылат.
6 Тил да – от, адилетсиз дєйнљ. Денебиздин кичинекей эле жеринен орун алса да, ал бєт денебизди булгайт. Оттуу кљлдєн оту менен тутангандыктан, бєт жашообузду љрттљп жок кылат.
7 Бардык жырткычтар, канаттуулар, сойлоочулар, дењиз жаныбарлары адам баласы тарабынан багындырылган жана багындырылып жатат.
8 Ал эми тилди эч бир адам багындыра албайт. Тил – ээ-жаа бербеген жамандык. Ал љлтєрєєчє ууга толгон.
9 Тилибиз менен Кудайды, Атаны, дањктайбыз, тилибиз менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган адамдарды каргайбыз.
10 Бир эле ооздон дањктоо да, каргоо да чыгат. Бир туугандарым, мындай болбошу керек.
11 Бир эле булактан таза суу да, шор суу да чыгышы мємкєнбє?
12 Бир туугандарым, анжыр дарагы зайтун, жєзєм багы анжыр бере албайт. Ошол сыяктуу эле шор булактан таза суу чыкпайт!
13 Арањарда ким акылдуу жана эстєє? Ал љзєнєн ошондой экендигин жакшы жєрєм-туруму менен, акылдуу момундугу менен кљрсљтсєн.
14 Эгерде жєрљгєњљрдљ ачуу ичи тарлык жана љзємчєлдєк бар болсо, анда мактанбагыла жана чындыкты бурмалабагыла.
15 Бул асмандан келген акылмандык эмес, жердеги, табигый, шайтандан келген акылмандык.
16 Анткени кайсы жерде ичи тарлык жана менменсинген љзємчєлдєк бар болсо, ал жерде тартипсиздик жана ар кандай жаман нерселер бар.
17 Ал эми асмандан келген акылмандык баарынан мурун таза, андан кийин тынчтыкты сєйєєчє, момун, тил алчаак, боорукер, жакшы жемиштєє, калыс, эки жєздєє эмес.
18 Ал эми адилеттиктин уругу тынчтыкты сактагандарга тынчтык менен себилет.
1 Ортоњордогу чыр-чатак, талаш-тартыш кайдан чыгат? Дене мєчљлљрєњљрдљ согушуп жаткан кумарларыњардан эмеспи?
2 Каалап жатасыњар, бирок ала албай жатасыњар; киши љлтєрєп, кљрљ албастык кылып жатасыњар, бирок эч нерсеге жете албай жатасыњар; талашып-тартышып, чатакташып жатасыњар, бирок ала албай жатасыњар, анткени сураган жоксуњар.
3 Сурасањар да, ала албай жатасыњар, анткени жакшы нерсе єчєн эмес, љзєњљрдєн кумарларыњарды канааттандыруу єчєн сурап жатасыњар.
4 Бузуктук кылуучулар, бул дєйнљ менен болгон достук Кудайга каршы кастык экенин билбейсињерби? Бул дєйнљ менен дос болууну каалаган адам Кудайдын душманы болуп калат.
5 Же силер Ыйык Жазуудагы «Кудай ичибизге салган Рух кызганчаактык менен сєйљт» деген сљз жљн эле айтылган деп ойлойсуњарбы?
6 Бирок Ал кљп ырайым кылат, Ыйык Жазууда: «Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат», – деп айтылган.
7 Ошондуктан Кудайга моюн сунгула. Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат.
8 Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт. Кєнљљкљрлљр, колуњарды тазалагыла. Эки ойлуулар, жєрљгєњљрдє тазалагыла!
9 Кайгыргыла, ыйлагыла, боздогула. Кєлгљндєн ордуна ыйлагыла, кубангандын ордуна кайгыргыла.
10 Тењирдин алдында моюн сунгула, ошондо Ал силерди кљтљрљт.
11 Бир туугандарым, бири-бирињерди жамандабагыла. Ким бир тууганын жамандаса же соттосо, ал мыйзамды жамандап, мыйзамды соттогон болот. Эгерде сен мыйзамды соттоп жатсањ, анда мыйзамды аткаруучу эмес эле, соттоочусуњ.
12 Мыйзам чыгаруучу да, Соттоочу да бирљљ. Ал куткара да, жок кыла да алат. Жакыныњды соттогудай сен кимсињ?
13 «Бєгєн же эртењ баланча шаарга барып, ал жерде бир жыл жашап, соода кылып пайда табабыз», – дегендер, кулак салгыла,
14 силер, эртењ эмне болорун билбегендер, силердин љмєрєњљр эмне? Пайда болуп, кайра тез эле жок болуп кеткен буу.
15 Анын ордуна «Кудай буюрса, аман болсок, тигини же муну кылабыз» дешињер керек эле.
16 Бирок силер текебер болгондуктан, курулай мактанып жатасыњар. Мындай курулай мактанчаактыктын баары – жаман нерсе.
17 Демек, ким жакшылык кылуу керек экендигин билип туруп, жакшылык кылбаса, ал кєнљљ кылган болот.
1 Байлар, кулак салгыла, башыњарга келе турган оор кєндљр єчєн боздоп ыйлагыла.
2 Байлыгыњар чириди, кийимињерди кєбљ жеди.
3 Алтын-кємєшєњљр карарды. Алардын карарганы силерге каршы кєбљ болуп, денењерди оттой жалмайт. Силер байлыкты акыркы кєндљргљ жыйнадыњар.
4 Эгинињерди жыйнаган жумушчуларга тљлљнбљгљн эмгек акы љзєњљргљ каршы айгак болуп, боздоп жатат, орокчулардын боздогон єнє Себайот Тењирге жетти.
5 Силер жер єстєндљ доорон сєрєп, ыракат алып жашадыњар. Љзєњљрдє бордоп, союлчу кєнєњљргљ даярдадыњар.
6 Силер адил адамды айыптап, аны љлтєрдєњљр. Ал силерге каршылык кљрсљткљн жок.
7 Ошентип, бир туугандар, Тењирдин келишин чыдамдуулук менен кєткєлљ. Дыйканды карагылачы, ал жерден жакшы тєшєм алыш єчєн, эрте жаздагы жана кеч кєздљгє жамгырды чыдамдуулук менен кєтљт.
8 Силер да чыдамдуулук менен кєткєлљ, бекем болгула, анткени Тењирдин келер убагы жакындап калды.
9 Бир туугандар, соттолбош єчєн, бири-бирињердин єстєњљрдљн арызданбагыла. Соттоочу босогодо турат.
10 Бир туугандар, Тењирдин атынан сєйлљгљн пайгамбарлардан єлгє алгыла, алар кыйынчылыктарга чыдамдуу болушкан.
11 Чыдамдуулук кљрсљткљндљрдє бактылуу дейбиз. Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жљнєндљ уккансыњар, акырында Тењирдин ага эмне кылганын да билесињер. Анткени Тењир аябай ырайымдуу жана боорукер.
12 Бир туугандарым, баарынан мурун айтарым: асманды да, жерди да, башка нерселерди да оозанып ант бербегиле. Соттолбошуњар єчєн, «ооба» деп айтуу керек болсо, «ооба» дегиле; «жок» деп айтуу керек болсо, «жок» дегиле.
13 Ким кыйналып жатса, ал сыйынсын. Ким кубанып жатса, ал Кудайды дањктап ырдасын.
14 Ким ооруп жатса, ал Жыйын башчыларын чакыртсын. Алар аны Тењирдин атынан зайтун майы менен майлап, ал єчєн сыйынышсын.
15 Ишеним менен сыйынганда, оорулуу айыгат, Тењир аны бутуна тургузат. Эгерде оорулуу кєнљљ кылган болсо, кєнљљлљрє кечирилет.
16 Ошондуктан айыгышыњар єчєн, бири-бирињерге кєнљљлљрєњљрдє ачык айтып, бири-бирињер єчєн сыйынгыла. Адил адамдын кєчтєє сыйынуусу кљп нерсени аткара алат.
17 Илияс пайгамбар бизге окшогон эле адам болгон. Ал жамгыр жаабасын деп сыйынганда, єч жыл, алты ай бою жамгыр жааган эмес.
18 Ал кайра сыйынганда, жамгыр жаап, жер тєшєм берген.
19 Бир туугандарым, ким чындык жолунан четтеген адамды кайра туура жолго салса, ал билип койсун:
20 кєнљљкљрдє туура жолго салуу менен ал анын жанын љлємдљн алып калат жана кљп кєнљљлљрєн жаап коёт.