1 Ыйса Машайактын элчиси Петирден Понтко, Галатияга, Кападокияга, Асияга жана Битинияга тараган, ошол жерлерде келгин болуп жашап жаткан,
2 Кудай Атанын алдын ала билєєсє боюнча, Рухтун ыйыктоосу менен, тил алуу єчєн жана Ыйса Машайактын каны аркылуу тазалануу єчєн тандалгандарга салам! Кудай силерге мындан ары да ырайымын тљгєп, тынчтыгын бере берсин!
3 Тењирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы дањкталсын! Анткени Ал Ыйса Машайакты љлгљндљрдєн арасынан тирилтєє аркылуу бизге тирєє ємєт берєє єчєн,
4 асманда сакталган чирибес, таза, соолгус мураска ээ кылуу єчєн, бизди Љзєнєн улуу ырайымы менен кайрадан тљрљлттє.
5 Акыркы убакта айкын кљрєнєєгљ даяр турган куткарылууга ээ болууњар єчєн, силер ишенимињер аркылуу Кудайдын кєчє менен корголуп турасыњар.
6 Мына ошондуктан азыр ар кандай сыноолордон бир аз кыйналышыњар керек болсо да, ошол ємєт менен кубангыла.
7 Анткени сыналган ишенимињер от менен тазаланса да, жок болуп кетчє алтындан баалуу. Ыйса Машайак келгенде, сыналган ошол ишенимињер силерди мактоого, урмат-сыйга, атак-дањкка ээ кылат.
8 Силер Аны кљрбљсљњљр да, сєйљсєњљр. Азыр да Ага кљрбљй туруп ишенип, сљз менен жеткире алгыс, улуу кубаныч менен кубанып жатасыњар.
9 Анткени ишенимињердин максатына – жаныњардын куткарылышына жетесињер.
10 Силерге ырайым кљрсљтєлљ тургандыгы жљнєндљ пайгамбарчылык кылган пайгамбарлар ушул куткарылууну ынталуулук менен изилдешкен.
11 Машайактын тарта турган азаптарын жана алардан кийин дањк коштоору жљнєндљ љздљрєндљгє Машайактын Руху алдын ала кєбљлљндєрткљндљ, кайсы жана кандай убакытты кљрсљткљндєгєн алар изилдешкен.
12 Асмандан жиберилген Ыйык Рухтун кєчє менен Жакшы Кабар таратуучулар аркылуу азыр силерге жар салынып жаткан Жакшы Кабар алардын љздљрєнљ эмес, бизге тиешелєє экендиги аларга белгилєє болгон. Муну периштелер да љз кљздљрє менен кљргєлљрє келген.
13 Ошондуктан, бир туугандар, акыл-оюњар иш-аракетке даяр болсун, сергек болгула. Ыйса Машайак келгенде, силерге кљрсљтєлљ турган ырайымга толук ємєттљнгєлљ.
14 Билбестиктен баткан мурунку кумарларыњарга кайрадан ык албагыла, тескерисинче, тил алуу єчєн тандалган балдар катары
15 бардык жєрєш-турушуњар ыйык болсун, анткени силерди чакырып алган Кудай ыйык.
16 Себеби Ыйык Жазууда: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын», – деп жазылган.
17 Ар бир адамды ишине жараша бет карамалык кылбастан соттоочу Кудайды Ата деп жатсањар, анда келгин катары жашап жаткан убактыњарды коркунуч менен љткљргєлљ.
18 Анткени муундан муунга љтєп келе жаткан тєйшєктєє жашоодон силер жок болуп кетчє кємєш же алтын менен эмес,
19 кемчиликсиз, таза Козунун – Машайактын кымбат баалуу каны аркылуу куткарылгандыгыњарды билесињер.
20 Ал дєйнљ жаратыла электен мурун эле дайындалган, бирок силер єчєн убакыттын акырында келди.
21 Силер Ал аркылуу Кудайга ишенип жатасыњар. Кудайга ишенип, Андан ємєттљнєшєњљр єчєн, Кудай Аны љлгљндљрдєн арасынан тирилтип дањктады.
22 Бир туугандык таза сєйєєгљ ээ болуу єчєн, рух аркылуу чындыкка тил алуу менен жаныњарды тазалап, бири-бирињерди дайыма чын жєрљктљн сєйгєлљ.
23 Себеби силер чирий турган уруктан эмес, чирибей турган, Кудайдын тєбљлєк кала турган тирєє Сљзє аркылуу кайрадан тљрљлдєњљр.
24 Анткени ар бир адам чљп сыяктуу, анын дањкы да талаа гєлєндљй. Чљп куурайт, гєл соолуйт.
25 Ал эми Тењирдин сљзє тєбљлєк калат. Бул сљз болсо – силерге жарыяланган сљз.
1 Ошондуктан ачууланууну, алдамчылыкты, эки жєздєєлєктє, кљрљ албастыкты жана ушакчылыкты таштап,
2 жањы тљрљлгљн балдар катары рухий таза сєттє сєйгєлљ. Ал аркылуу љсєп, куткарылууга жеткиле.
3 Анткени силер Тењирдин жакшы экенин татып калдыњар.
4 Адамдар жаратпай койгон, бирок Кудай тандап алган кымбат баалуу тирєє ташка – Машайакка жакындагыла.
5 Љзєњљр да тирєє таштар катары љзєњљрдљн рухий єй тургузгула. Ыйса Машайак аркылуу Кудайга жагымдуу рухий курмандыктарды алып келєє єчєн, ыйык кызмат кылуучу болгула.
6 Анткени Ыйык Жазууда: «Мына, Мен Сионго тандалган, кымбат баалуу, негизги таш коём. Ага ишенген адам уятка калбайт», – деп жазылган.
7 Демек, ишенгендер, силер єчєн Ал – кенч. Ал эми ишенбегендер єчєн Ал – куруучулар жаратпай койгон, бирок бурчтун башкы ташы болуп коюлган, ошондой эле мєдєрєлтєєчє, азгыруучу таш.
8 Алар Кудай Сљзєнљ баш ийишпегендиктен, ошол ташка мєдєрєлєшљт, анткени аларга ошол нерсе белгиленген.
9 Ал эми силер тандалган уруусуњар, Падышанын ыйык кызмат кылуучуларысыњар, ыйык элсињер, Кудай энчилеп алган элсињер. Силерди карањгылыктан Љзєнєн ажайып жарыгына чакырып алган Кудайдын улуу иштерин жар салыш єчєн тандалгансыњар.
10 Бир кезде эл эмес элењер, азыр Кудайдын элисињер. Бир кезде силерге ырайым кылынган эмес, азыр силерге ырайым кылынды.
11 Сєйєктєє бир туугандар, силер бул дєйнљдљ жолоочу жана келгинсињер, ошондуктан силерден љтєнљрєм, жаныњарга каршы кєрљшкљн дене кумарларынан качкыла.
12 Бутпарастардын арасында таза жашагыла. Алар силерди жаман иштерди кылуучулар деп жамандашса да, жакшы иштерињерди кљрєп, Кудай љздљрєнљ келген кєнє Аны дањкташсын.
13 Ошентип, жогорку бийликте турган падышага болобу, кєнљљкљрлљрдє жазалоо єчєн, жакшы иш кылгандарды сыйлоо єчєн, падыша тарабынан коюлган башкаруучуларга болобу,
14 мамлекеттик бардык бийликке Тењир єчєн баш ийгиле.
15 Анткени Кудайдын каалоосу мындай: силер эркин адамдар катары, бирок эркиндик менен жаман иштерди жаап-жашыруучулар катары эмес,
16 Кудайдын кулдары катары жакшы иштерди жасап, акылсыз жана адепсиз адамдардын оозун жабышыњар керек.
17 Бардык адамдарды урматтагыла, бир туугандарыњарды сєйгєлљ, Кудайдан корккула, падышаны урматтагыла.
18 Кулдар, љзєњљрдєн кожоюндарыњардын жакшы жана момундарына гана эмес, катаалдарына да урмат кљрсљтєє менен баш ийгиле.
19 Анткени ким адилетсиз эле жерден азап тартып жатса, бирок ошол азапты Тењир єчєн кљтљрљ билсе, бул Кудайга жагат.
20 Эгерде силер кылмыш кылып, ошон єчєн сабаганга чыдап жатсањар, мунун эмнеси мактарлык? Бирок силер жакшы иш кылып жатып азап чегип жатсањар жана ошого чыдап жатсањар, анда бул Кудайга жагат.
21 Анткени силер ушуга чакырылгансыњар. Себеби Машайак да биз єчєн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз єчєн, Ал бизге єлгє калтырып кеткен:
22 Ал эч кандай кєнљљ кылган эмес, Анын оозунан бир да кошомат сљз чыккан эмес.
23 Кордошкондо, Ал кордоо менен жооп берген эмес. Азап тартканда, эч кимди коркуткан эмес, бирок адилет Сотко тапшырган.
24 Кєнљљдљн арылып, адил жашашыбыз єчєн, Ал биздин кєнљљлљрєбєздє Љзєнєн денеси менен жыгачка кљтљрєп чыкты. Силер Анын жарааты менен айыктыњар.
25 Анткени силер адашып жєргљн койлордой болчусуњар, азыр болсо жаныњарды Кайтаруучуга жана Коргоочуга кайтып келдињер.
1 Ошондой эле, силер, аялдар кєйљљњљргљ баш ийгиле. Кимињердин кєйљљњљр Кудайдын сљзєнљ баш ийбесе,
2 ал силердин таза, Кудайдан корккон жашооњорду кљрєп, cилердин сљзєњљр аркылуу эмес, жєрєш-турушуњар аркылуу Кудайга баш ийгидей болсун.
3 Жасалгањар сырткы кооздуктар болуп эсептелген љрєлгљн чач, алтын жасалга, жакшы кийим эмес,
4 Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жєрљктљ сакталган, туруктуу, момун жана жоош рух болсун.
5 Качандыр бир убакта Кудайдан ємєттљнгљн ыйык аялдар да љздљрєн кєйљљлљрєнљ баш ийєє менен жасалгалашкан.
6 Ошолордун бири Саара Ыбрайымды кожоюнум деп, ага баш ийген. Эгерде силер жакшы иш кылып жатсањар жана эч бир коркунучтан коркпосоњор, Сааранын кыздарысыњар.
7 Ошондой эле, силер, кєйљљлљр, аялзатынын алсызыраак экенин эске алып, аялыњарга туура мамиле кылгыла. Сыйынууњарга тоскоолдук болбошу єчєн, аларга урмат кљрсљткєлљ, анткени алар да ырайымдуу жашоонун мураскорлору.
8 Ошентип, баарыњар бир ойдо болгула, кайрымдуу болгула, бир туугандарыњарды сєйгєлљ, боорукер жана момун болгула.
9 Жамандыкка жамандык менен, жаман сљзгљ жаман сљз менен жооп кайтарбагыла. Тескерисинче, батањарды бергиле. Анткени ушуга – Кудайдын батасын мурастоого чакырылгансыњар.
10 Себеби ким жашоону сєйсљ жана жакшы жашагысы келсе, ал љзєнєн тилин жаман сљздљрдє айтуудан, оозун жалган кептерди сєйлљљдљн сактасын.
11 Жамандыктан четтеп, жакшы иштерди жасасын. Тынчтыкты издеп, ошого умтулсун.
12 Анткени Тењир адил адамдарга назарын салат, алардын сыйынууларына кулак тљшљйт, ал эми жамандык жасагандардан Тењир Љз жєзєн бурат.
13 Эгерде жакшы иштерди кылууга тырышып жатсањар, анда силерге ким жамандык кыла алат?
14 Эгерде чындык єчєн азап тартып жатсањар, анда силер бактылуусуњар. Алардын коркутканынан коркпогула, кысынбагыла.
15 Машайакты жєрљгєњљрдљ Тењир катары ыйык туткула. Силердин ємєтєњљр жљнєндљ айтып берєєњљрдє сураган ар бир адамга момундук жана коркунуч менен жооп берєєгљ дайым даяр болгула.
16 Абийирињерди таза сактагыла, Машайак жолундагы таза жашооњор єчєн силерди жамандык кылуучулар катары жамандагандар уялгандай болушсун.
17 Анткени Кудайдын эрки болсо, жамандык кылып азап тарткандан кљрљ, жакшылык кылып азап тарткан жакшы.
18 Себеби Машайак да бизди Кудайга алып келєє єчєн, биздин кєнљљлљрєбєз єчєн бир ирет азап тартты. Адил Адам адилетсиз адамдар єчєн азап тартты. Анын денеси љлтєрєлдє, бирок руху тирилтилди.
19 Ал ошол руху менен зындандагы рухтарга барып жар салды.
20 Алар качандыр бир убакта, Нухтун убагында, кеме курулуп бєткєчљктє Кудай чыдап кєтсљ да, баш ийбей койгондор эле. Ошол кемеде аз эле адам, тактап айтканда, сегиз гана жан суу аркылуу аман калган.
21 Ошол сыяктуу эле азыр да бизди сууга чљмєлдєрєє Ыйса Машайактын тирилєєсє аркылуу куткарып жатат. Сууга чљмєлдєрєє – дененин кирин жууп кетирєє эмес, Кудай алдында таза абийир менен жашоого убада берєє.
22 Асманга кљтљрєлєп кеткен Машайак Тењирдин оњ жагында отурат. Ага периштелер да, кєчтљр да, бийликтер да багындырылган.
1 Машайак биз єчєн денеси менен азап тарткандыктан, силер да ошол ой менен куралдангыла. Анткени денеси менен азап тарткан адам кєнљљ кылганын коёт.
2 Эми мындан аркы жашооњорду адамдык кумарлар менен эмес, Кудайдын эрки менен жашагыла.
3 Анткени буга чейин бутпарастык жашоо менен, бузуктук кылып, кумарларга, (бачабаздыкка, мал менен жанашуучулукка, арам ойлуулукка), аракечтикке, тамаксоолукка жана жийиркеничтєє бутка табынуучулукка берилєє менен жашап келгенињер жетишет.
4 Бутпарастар менен кошо бузуктук кылбай калганыњарга тањ калып, алар силерди жамандап жатышат.
5 Алар љлгљндљрдє жана тирєєлљрдє соттоого даяр турган Сот алдында жооп беришет.
6 Адам баласы сыяктуу денеси менен соттолуп, Кудай сыяктуу руху менен жашашы єчєн, љлгљндљргљ да Жакшы Кабар таратылган болчу.
7 Бирок бардык нерсенин аягы жакын. Ошондуктан акылдуу болгула жана сыйынуу єчєн сергек болгула.
8 Баарынан мурда бири-бирињерди ынталуулук менен сєйгєлљ, анткени сєйєє кљп кєнљљлљрдє жаап коёт.
9 Бири-бирињерге кєњкєлдљљсєз меймандостук кљрсљткєлљ.
10 Ар бирињер Кудайдан алган жљндљмдєєлєгєњљр менен бири-бирињерге кызмат кылгыла. Кудайдын ырайымы менен берилген кљп тєрдєє жљндљмдєєлєктљрдє жакшы єй башкаруучулар катары колдонгула.
11 Ким сєйлљсљ, Кудайдын сљзєн сєйлљгљндљй сєйлљсєн. Ким кызмат кылса, Кудай берген кєчєнљ жараша кызмат кылсын. Ошентип, Кудай бардык нерседе Ыйса Машайак аркылуу дањкталсын. Дањк жана бийлик тєбљлєктљн тєбљлєккљ Аныкы! Оомийин.
12 Сєйєктєє бир туугандар, сыналышыњар єчєн жиберилип жаткан оттуу сыноону жат нерсе катары љгљйлљбљгєлљ.
13 Тескерисинче, Машайак тарткан азапка ортоктош болуп жаткандыгыњар єчєн кубангыла, анткени Анын дањкы кљрєнгљндљ, кубанычка жана шаттыкка бљлљнљсєњљр.
14 Эгерде Машайактын ысымы єчєн кордолуп жатсањар, анда бактылуусуњар. Анткени дањк Руху – Кудайдын Руху силерде. Алар аркылуу Ага акарат келтирилет, ал эми силер аркылуу Ал дањкталат.
15 Бирок силердин арањардан эч ким киши љлтєрєп, же уурулук кылып, же жаман иштерди кылып, же бирљљнєн ишине кийлигишип азап тартпасын.
16 Эгерде машайакчы болгону єчєн азап тартып жатса, анда уялбасын. Тескерисинче, ушул наамы єчєн Кудайды дањктасын.
17 Анткени сот Кудайдын Жыйынынан баштала турган убакыт келди. Эгерде сот биринчи бизден башталса, анда Кудайдын Жакшы Кабарына баш ийбегендердин акыры эмне болот?
18 Эгерде адил адам арањ куткарылып жатса, анда кудайсыз, кєнљљкљр адам кайсы жерде болот?
19 Ошондуктан Кудайдын эрки боюнча азап тартып жаткандар жакшы иш кылуу менен, љздљрєнєн жанын ишенимдєє Жаратуучуга тапшырышсын.
1 Жыйын башчыларынын бири, Машайактын азап тартканына кєбљ болгон, айкын кљрєнљ турган дањкка ортоктош боло турган мен силердин Жыйын башчыларыњардан љтєнљмєн:
2 Кудайдын силерге тапшырган єйєрєн кайтаргыла. Аны аргасыздан эмес, чын кљњєлдљн, Кудайга жаккандай, љзєњљрдєн керт башыњардын кызыкчылыгы єчєн эмес, ынталуулук менен,
3 энчињердин єстєнљн єстљмдєк кылуу менен эмес, єйєргљ єлгє болуу менен кайтаргыла.
4 Жыйын башчыларынын Башчысы келгенде, силер дањктын соолубас таажысын аласыњар.
5 Ошондой эле, жаштар, Жыйын башчыларына баш ийгиле. Бардыгыњар бири-бирињерге баш ийип, момун болгула. Анткени Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат.
6 Демек, Кудай силерди Љз убагында жогору кљтљрєшє єчєн, Анын кєчтєє колунун астында моюн сунгула.
7 Бардык тєйшєктљрєњљрдє Ага тапшыргыла, анткени Ал силер єчєн кам кљрљт.
8 Эстєє жана сергек болгула. Силердин душманыњар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жєрљт.
9 Ага бекем ишенимињер менен каршы тургула, дєйнљнєн ар тарабындагы бир туугандарыњар да силер сыяктуу эле азап тартып жатышканын билгиле.
10 Бизди Машайак Ыйса аркылуу Љзєнєн тєбљлєк дањкына чакырып алган жана ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап тартканыњардан кийин, силерди Љзє жеткилењ, бекем, кайраттуу жана туруктуу кылат.
11 Бийлик тєбљлєктљн тєбљлєккљ Аныкы! Оомийин.
12 Силерге жазган ушул кыска катымды мен ишенимдєє бир тууган деп эсептеген Сыласка жаздырдым. Бул катты силерге кайрат берєє єчєн, Кудайдын ырайымынын чындык экендигин кєбљлљндєрєє єчєн жаздым. Силер ошол ырайым менен жашап жатасыњар.
13 Бабылдагы силер сыяктуу эле тандалган Жыйын жана уулум Марк силерге салам айтып жатышат.
14 Бири-бирињер менен љбєшєп саламдашкыла. Машайак Ыйсага ишенгендердин бардыгына тынчтык болсун. Оомийин.