ЖАКАНДЫН БИРИНЧИ КАТЫ

1-БЉЛЄМ

Љмєр Сљзє

1 Эњ башында Љмєр Сљзє болгон. Аны биз угуп, љз кљзєбєз менен кљрєп, карап, колубуз менен кармап кљргљнбєз.

2 Љмєр келди, аны биз кљрдєк жана ал жљнєндљ кєбљлљндєрєп жатабыз. Ата менен бирге болуп, бизге келген ошол тєбљлєк Љмєрдє жарыялап жатабыз.

3 Силер менен биздин ортобузда мамиле болуш єчєн, биз силерге укканыбызды жана кљргљнєбєздє жарыялап жатабыз. Ал эми биздин мамиле – Ата жана Анын Уулу Ыйса Машайак менен болгон мамиле.

4 Муну силерге кубанычыњар толук болуш єчєн жазып жатабыз.

Кудай – жарык

5 Биз Машайактан уккан Жакшы Кабарды азыр силерге жарыялап жатабыз: Кудай – жарык, Анда эч кандай карањгылык жок.

6 Эгерде Аны менен мамилебиз бар деп жатсак, бирок карањгылыкта жєрсљк, анда жалган айтып жатабыз жана чындык боюнча мамиле кылган жокпуз.

7 Ал жарыкта болгон сыяктуу биз да жарыкта жєрсљк, анда бири-бирибиз менен мамилебиз бар жана Анын Уулу Ыйсанын каны бизди ар кандай кєнљљдљн тазалайт.

8 Эгерде кєнљљбєз жок деп жатсак, анда љзєбєздє љзєбєз алдап жатабыз жана бизде чындык жок.

9 Эгерде кєнљљлљрєбєздє мойнубузга алып ачык айтсак, ишенимдєє жана адилеттєє Кудай кєнљљлљрєбєздє кечирет жана бизди бардык адилетсиздиктен тазалайт.

10 Эгерде кєнљљ кылган жокпуз деп жатсак, анда Кудайды жалганчы кылып жатабыз жана Анын сљзє биздин ичибизде жок.

2-БЉЛЄМ

Машайак биздин арачыбыз

1 Балдарым, мен муну силерге кєнљљ кылбасын деп жазып жатам. Эгерде ким кєнљљ кылса, Атанын алдында адил Арачыбыз Ыйса Машайак бар.

2 Ал – биздин кєнљљлљрєбєз єчєн, биздин гана эмес, бєт дєйнљнєн кєнљљлљрє єчєн чалынган ырайым курмандыгы.

Кудай Сљзєн аткарып жашоо

3 Осуяттарын аткарганыбыздан улам, Аны таанып билгенибизди билебиз.

4 Ким: «Мен Кудайды таанып билдим», – десе, бирок Анын осуяттарын аткарбаса, ал жалганчы, анын ичинде чындык жок.

5 Ал эми ким Анын сљздљрєн аткарып жатса, ал адамда Кудайдын жеткилењ сєйєєсє бар. Машайактын ичинде экенибизди ушундан билебиз.

6 «Машайактын ичиндемин» деген адам Машайак кандай жашаса, ошондой жашашы керек.

Жањы осуят

7 Сєйєктєєлљрєм, мен силерге жањы осуят эмес, байыркы эле осуятты жазып жатам. Ал осуят силерде башынан эле бар болчу. Байыркы осуят – бул силер башынан бери угуп келе жаткан сљз.

8 Ошондой болсо да силерге жазып жатканым – жањы осуят, ал Анын жана силердин ичињерде. Анткени карањгылык љтєп бара жатат, чыныгы жарык жаркырай баштады.

9 Ким: «Жарыкта жєрљм», – десе, бирок бир тууганын жек кљрєп жатса, ал дагы деле карањгылыкта жєрљт.

10 Ким бир тууганын сєйсљ, ал жарыкта жашап жатат жана эч кимге азгырык болгон жок.

11 Ал эми ким бир тууганын жек кљрсљ, ал карањгылыкта жєрљт жана љзєнєн кайда бара жатканын билбейт. Анткени карањгылык анын кљзєн сокур кылып койгон.

12 Балдарым, силерге жазып жатканымдын себеби: силердин кєнљљлљрєњљр Машайактын ысымынын урматына кечирилген.

13 Аталар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер башынан бери бар болгон Кудайды таанып билдињер. Жаштар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер амалкљйдє жењдињер. Балдар, силерге жазып жатканымдын себеби: силер Атаны таанып билдињер.

14 Аталар, силерге жазганымдын себеби: силер башынан бери бар болгон Кудайды таанып билдињер. Жигиттер, силерге жазганымдын себеби: силер кєчтєєсєњљр жана Тењирдин сљзє силердин ичињерде жашап жатат. Силер амалкљйдє жењдињер.

Бул дєйнљнє сєйбљгєлљ

15 Бул дєйнљнє жана бул дєйнљдљгєнє сєйбљгєлљ. Ким бул дєйнљнє сєйсљ, ал адамда Атага болгон сєйєє жок.

16 Анткени бул дєйнљдљ болгон нерсенин баары: дене кумары, кљз кумары жана турмуш-тиричиликтеги текебердик. Булар Атадан эмес, бул дєйнљнєкє.

17 Бул дєйнљ љзєнєн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам тєбљлєк жашайт.

Машайактын каршылашы

18 Балдарым, замандын акыры келди. Машайактын каршылашы келерин силер уккансыњар. Азыр Машайактын кљп каршылаштары пайда болду, замандын акыры келгенин ушундан билсек болот.

19 Алар арабыздан чыгып кетишти, бирок алар биздики эмес эле. Эгерде алар биздики болсо, биз менен калышмак. Бирок алар чыгып кетишти. Баары эле биздики эмес экендиги ошондон улам айкын болду.

20 Дегинкиси, силер Ыйык тарабынан майлангансыњар, ошондуктан баарын эле билесињер.

21 Чындыкты билбегенињер єчєн эмес, чындыкты билгенињер єчєн, ошондой эле ар бир жалган нерсенин чындыктан эмес экенин билгенињер єчєн жаздым.

22 Ыйсанын Машайак экендигин жокко чыгаруучу жалганчы болбогондо, ким жалганчы болмок эле? Ким Атаны жана Уулду четке какса, ал – Машайактын каршылашы.

23 Уулду четке каккан адамда Ата да жок, ал эми Уулду ачык тааныган адамда Ата да бар.

24 Башынан бери эмнени уксањар, ошол ичињерде жашасын. Эгерде башынан бери укканыњар ичињерде жашаса, анда силер да Уулдун жана Атанын ичинде жашайсыњар.

25 Ал эми Анын бизге берген убадасы – тєбљлєк љмєр.

26 Мен силерге адаштыруучулар жљнєндљ жаздым!

27 Дегинкиси, Андан алган Рух силердин ичињерде жашап жатат, ошондуктан силер кимдир бирљљнєн єйрљтєєсєнљ муктаж эмессињер. Силерге баарын єйрљтєп жаткан ал Рух – жалган эмес, чындык. Ал силерге эмнени єйрљтсљ, ошону сактап жашагыла.

28 Ошентип, балдарым, Машайактын ичинде болгула. Ал келгенде, кайраттуу болгудай, Анын алдында уят болбогудай бололу.

29 Эгерде Анын адил экенин билсењер, анда муну билип алгыла: адил жашаган адам Андан туулган.

3-БЉЛЄМ

Кудайдын балдары

1 Карагылачы, Кудайдын балдары деп аталышыбыз єчєн, Кудайдын балдары болушубуз єчєн, Ата бизге кандай сєйєє кљрсљттє. Бул дєйнљ Атаны таанып билбегендиктен, бизди да тааныбайт.

2 Сєйєктєєлљрєм, биз эми Кудайдын балдарыбыз. Бирок эмне болорубуз бизге айкын боло элек. Машайак келгенде, Ага окшош болорубузду гана билебиз. Анткени Анын кандай экенин кљрљбєз.

3 Машайактан ушундай ємєт кылган адам Машайактай таза болуу єчєн, љзєн тазалайт.

4 Ким кєнљљ кылса, ал мыйзамсыздык кылган болот. Кєнљљ – бул мыйзамсыздык.

5 Машайак бизди кєнљљлљрдљн арылтыш єчєн келгенин жана Анда эч кандай кєнљљ болбогондугун билесињер.

6 Машайактын ичинде жашап жаткан адам кєнљљ кылбайт. Ал эми кєнљљ кылган адам Аны кљрљ элек, Аны таанып биле да элек.

7 Балдарым, силерди эч ким алдабасын: адил иш кылган адам Машайак сыяктуу адил.

8 Кєнљљ кылып жаткан адам шайтандан, анткени шайтан башынан бери кєнљљ кылып келе жатат. Кудайдын Уулу шайтандын иштерин талкалаш єчєн келген.

9 Кудайдан туулган адам кєнљљ кылбайт, анткени анын ичинде Кудайдын уругу жашайт. Ал кєнљљ кыла албайт, анткени Кудайдан туулган.

10 Адил иш кылбаган жана бир тууганын сєйбљгљн адам Кудайдан эмес. Кудайдын балдары менен шайтандын балдары ушундан айырмаланат.

Бири-бирињерди сєйгєлљ

11 Анткени силер башынан бери угуп келе жаткан кабар бул: бири-бирибизди сєйљлє.

12 Амалкљйдљн болгон, љз бир тууганын љлтєргљн Кабылдай болбогула. Кабыл љз бир тууганын эмне єчєн љлтєрдє эле? Анын иштери жаман, ал эми бир тууганынын иштери туура болчу.

13 Бир туугандарым, эгерде бул дєйнљ силерди жек кљрєп жатса, тањ калбагыла.

14 Љлємдљн љмєргљ љткљнєбєздє биз билебиз, анткени бир туугандарыбызды сєйљбєз. Бир тууганын сєйбљгљн адам љлємдєн бийлиги астында.

15 Бир тууганын жек кљргљн адам – киши љлтєрєєчє. Киши љлтєрєєчє адам љзєндљ бар болуп турган тєбљлєк љмєргљ ээ эмес экендигин силер билесињер.

16 Ал биз єчєн Љз жанын бергендиктен, сєйєєнєн кандай болорун билдик. Ошондуктан биз да бир туугандарыбыз єчєн љз жаныбызды беришибиз керек.

17 Колунда бар болгонуна карабастан, бир тууганынын муктаждыгын кљрєп туруп жардам бербеген адамда кантип Кудайдын сєйєєсє болсун?

18 Балдарым, сљзєбєз же тилибиз менен эмес, ишибиз менен, чын жєрљгєбєз менен сєйљлє.

Кудай алдындагы кайраттуулук

19-20 Чындыктан экенибизди ушундан билип алабыз, бизди жєрљгєбєз айыптаса да, жєрљгєбєздє Кудай алдында тынчтандырабыз. Анткени Кудай жєрљгєбєздљн чоњ, Ал баарын билет.

21 Сєйєктєєлљрєм, эгерде жєрљгєбєз айыптабаса, анда Кудай алдында кайраттуу-лукка ээбиз.

22 Эмне сурасак да, Андан алабыз, анткени Анын осуяттарын аткарып жатабыз жана Ага жакканды кылып жатабыз.

23 Ал эми Анын осуяты болсо бул: Уулу Ыйса Машайакка ишенєє жана бири-бирибизди Ыйса осуяттагандай сєйєє.

24 Ким Кудайдын осуяттарын аткарса, ал Кудайдын ичинде болот жана Кудай ал адамдын ичинде болот. Анын биздин ичибизде экенин бизге берген Руху боюнча билебиз.

4-БЉЛЄМ

Рухтарды айырмалоо

1 Сєйєктєєлљрєм, рухтун баарына эле ишене бербегиле. Рухтарды: «Кудайданбы же Кудайдан эмеспи?» – деп сынап кљргєлљ. Анткени дєйнљдљ кљптљгљн жалган пайгамбарлар пайда болду.

2 Кудайдын Рухун мындан билип аласыњар: адам болуп келген Ыйса Машайакты ачык тааныган рух Кудайдан.

3 Ал эми адам болуп келген Ыйса Машайакты ачык тааныбаган рух Кудайдан эмес. Ал – Машайактын каршылашынын руху. Анын келерин уккансыњар, дегинкиси, ал азыр эле дєйнљдљ.

4 Балдарым, силер Кудайдансыњар, ошондуктан аларды жењдињер. Анткени силердин ичињердеги Рух бул дєйнљдљгє рухтан чоњ.

5 Алар бул дєйнљдљн, ошондуктан бул дєйнљнєкєндљй сєйлљшљт, дєйнљ болсо аларды угат.

6 Биз Кудайданбыз. Ким Кудайды тааныса, ал бизди угат. Ким Кудайдан болбосо, ал бизди укпайт. Чындык Рухун жана жалган рухту ушундан билип алабыз.

Кудай – сєйєє

7 Сєйєктєєлљрєм, бири-бирибизди сєйљлє, анткени сєйєє Кудайдан. Ким сєйсљ, ал Кудайдан туулган жана Кудайды билет.

8 Ким сєйбљсљ, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай – сєйєє.

9 Кудайдын сєйєєсє бизге бул аркылуу айкын болду: Уулу аркылуу љмєргљ ээ болушубуз єчєн, Кудай бул дєйнљгљ Љзєнєн жалгыз Уулун жиберди.

10 Сєйєє деген мындай: биз Кудайды сєйгљн жокпуз, бирок Ал бизди сєйгљндєктљн, биздин кєнљљлљрєбєз єчєн Љз Уулун ырайым курмандыгы катары берди.

11 Сєйєктєєлљрєм, эгерде Кудай бизди ушундай сєйсљ, анда биз да бири-бирибизди сєйєшєбєз керек.

12 Кудайды эч ким эч качан кљргљн эмес. Эгерде биз бири-бирибизди сєйсљк, анда Кудай биздин ичибизде жашайт жана биздин ичибизде Анын жеткилењ сєйєєсє бар.

13 Кудайдын ичинде жашап жатканыбызды жана Анын биздин ичибизде жашап жатканын бизге берген Руху аркылуу билебиз.

14 Атанын Љз Уулун дєйнљгљ Куткаруучу кылып жибергенин биз љз кљзєбєз менен кљрєп, кєбљлљндєрєп жатабыз.

15 Ыйсанын Кудай Уулу экендигин ачык тааныган адамдын ичинде Кудай жашайт, ал адам да Кудайдын ичинде жашайт.

16 Кудайдын бизге болгон сєйєєсєн билип, ошого ишендик. Кудай – сєйєє. Сєйєп жашаган адам Кудайдын ичинде жашайт, Кудай да анын ичинде жашайт.

17 Биздин ичибиздеги сєйєє жеткилењдикке жеткендиктен, сот боло турган кєнє биз кайраттуулукка ээбиз. Анткени Ал кандай болсо, биз да бул дєйнљдљ ошондойбуз.

18 Сєйєєдљ коркунуч жок. Тескерисинче, жеткилењ сєйєє коркунучту жок кылат, корккон адам кыйналат. Корккон адамдын ичиндеги сєйєє жеткилењ эмес.

19 Ал бизди биринчи сєйгљндєктљн, биз да Аны сєйљлє.

20 Ким: «Мен Кудайды сєйљм», – десе, бирок бир тууганын жек кљрсљ, ал – жалганчы. Анткени љзє кљрєп турган бир тууганын сєйбљсљ, кљрєнбљгљн Кудайды кантип сєймљк эле?

21 Биз Андан «Ким Кудайды сєйсљ, ал бир тууганын да сєйсєн» деген осуятты алганбыз.

5-БЉЛЄМ

Дєйнљнє жењєєчє ишеним

1 Ыйсанын Машайак экендигине ишенген адам Кудайдан туулган. Ким Кудайды сєйсљ, ал Кудайдан туулгандарды да сєйљт.

2 Эгерде Кудайды сєйєп, Анын осуяттарын аткарып жатсак, анда Кудайдын балдарын сєйєп жатканыбызды билебиз.

3 Кудайды сєйєє деген – Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес.

4 Анткени Кудайдан туулган адам дєйнљнє жењет. Дєйнљнєн єстєнљн жењишке жеткирген нерсе – бул биздин ишенимибиз.

5 Дєйнљнє Ыйсанын Кудай Уулу экендигине ишенген адамдан башка ким жење алат?

Кудайдын Уулу жљнєндљгє кєбљлљндєрєєлљр

6 Ал – суу жана кан менен келген Ыйса Машайак. Ал суу менен гана эмес, суу жана кан менен келди. Ал жљнєндљ Рух кєбљлљндєрљт, анткени Рух – чындык.

7 Ошентип, асманда єчљљ кєбљлљндєрљт: Ата, Сљз жана Ыйык Рух. Бул єчљљ бир.

8 Жерде єчљљ кєбљлљндєрљт: рух, суу жана кан. Бул єчљљнєн кєбљлљндєрєєсє бир.

9 Адамдардын кєбљлљндєрєєсєн деле кабыл алып жатпайбызбы, адамдардын кєбљлљндєрєєсєнљн Кудайдын кєбљлљндєрєєсє жогору эмеспи. Анткени бул – Љз Уулу жљнєндљ кєбљлљндєргљн Кудайдын кєбљлљндєрєєсє.

Кудай Уулуна ишенген адам тєбљлєк љмєргљ ээ

10 Кудай Уулуна ишенген адамдын кєбљлљндєрєєсє љз ичинде. Ал эми Кудайга ишенбеген адам Кудайды жалганчы кылган болот. Анткени ал Љз Уулу жљнєндљ кєбљлљндєргљн Кудайдын кєбљлљндєрєєсєнљ ишенген жок.

11 Кудайдын кєбљлљндєрєєсє болсо бул: Кудай бизге тєбљлєк љмєр берди. Ал љмєр Анын Уулунда.

12 Ким Кудайдын Уулуна ээ болсо, ал љмєргљ ээ. Ким Кудайдын Уулуна ээ эмес болсо, ал љмєргљ ээ эмес.

13 Кудайдын Уулуна ишенєє аркылуу тєбљлєк љмєргљ ээ болгонуњарды билишињер єчєн, мен муну силерге – Кудайдын Уулуна ишенгендерге жаздым.

Кудайдын Уулуна ишенген адамдын сыйынуусу

14 Анын алдында кандай кайраттуулукка ээбиз: Анын эрки боюнча эмнени сурасак да, Ал бизди угат.

15 Эмнени сурасак да, Ал бизди угарын билсек, Андан сураганыбызды аларыбызды да билебиз.

16 Ким бир тууганынын љлємгљ дуушар кылбай турган кєнљљ жасап жатканын кљрсљ, ал єчєн сыйынсын, Кудай ага љмєр берет. Љлємгљ дуушар кылбай турган кєнљљ кетиргендер жљнєндљ айтып жатам. Љлємгљ дуушар кыла турган кєнљљ бар, ал жљнєндљ сыйынгыла дебейм.

17 Жалгандыктын баары – кєнљљ, бирок љлємгљ дуушар кылбай турган кєнљљ бар.

Акыркы сљз

18 Кудайдан туулган адамдын кєнљљ кылбастыгын билебиз. Кудайдан туулган адам љзєн сактайт, ошондуктан ага амалкљй жолобойт.

19 Биз Кудайдан экенибизди, ал эми бєт дєйнљ амалкљйдєн бийлиги астында экенин билебиз.

20 Кудайдын Уулу келип, бизге чыныгы Кудайды таанып билєєгљ акыл бергенин да билебиз. Биз Анын чыныгы Уулу Ыйса Машайактын ичиндебиз. Ал – чыныгы Кудай жана тєбљлєк љмєр.

21 Балдарым, љзєњљрдє буркандардан сактагыла. Оомийин!