1 Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болууга чакырылган Пабылдан жана бир тууганыбыз Тиметейден Кудайдын Корунт шаарындагы Жыйынына жана Ахаядагы бардык ыйыктарга салам!
2 Кудай Атабыз жана Тењирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын тљгєп, тынчтыгын бере берсин.
3 Тењирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы, боорукердиктин жана сооронуунун булагы болгон Кудай Ата макталсын!
4 Кудай бизди соороткондой эле, ар кандай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткандарды соорото алышыбыз єчєн, Ал бизди бардык кыйынчылыктарыбызда сооротуп жатат.
5 Машайак жолунда биз азапты канчалык кљп тарткан сайын, Машайак аркылуу ошончолук сооронуп жатабыз.
6 Эгерде кайгырып жатсак, силердин сооронушуњар єчєн жана куткарылышыњар єчєн кайгырып жатабыз. Эгерде сооронуп жатсак, силердин сооронушуњар єчєн сооронуп жатабыз. Анткени бул сооронуу биз сыяктуу эле кыйынчылыктарды башынан љткљрєп жаткан силерге да кыйынчылыктарды чыдамкайлык менен кљтљрєєгљ жардам берет.
7 Биздин силерден ємєтєбєз чоњ, анткени биз сыяктуу эле силер да кыйынчылыктарды башыњардан љткљрєп жатканыњарды, биз сыяктуу эле сооронуп жатканыњарды билебиз.
8 Бир туугандар, Асия жеринде башыбызга тєшкљн кыйынчылык жљнєндљ билишињерди каалайм. Љтљ оор, адам чыдагыс кыйынчылыкка туш болгон элек, тирєє каларыбызга да ємєттљнбљй калганбыз.
9 Љзєбєздє љлєм жазасына љкєм кылынган адамдардай сезген элек. Бул кыйынчылык љзєбєзгљ таянбай, љлгљндљрдє тирилткен Кудайга таянышыбыз єчєн болду.
10 Ал бизди љлєм коркунучунан куткарып алды, куткарып жатат, дагы да куткарат деп, биз Андан ємєттљнљбєз.
11 Силердин да биз єчєн сыйынганыњар боюнча, кљптљрдєн арачылык кылып сыйынганы боюнча Кудай бизге ырайым кылгандыгы єчєн, кљптљр Кудайга ыраазычылык билдиришет.
12 Дєйнљдљ, айрыкча, силердин арањарда биз адамдык акылмандуулук менен эмес, Кудайдын ырайымы, Кудайдан келген ыйыктык, тазалык менен жашаганыбызга абийирибиз кєбљ. Бул биздин мактанычыбыз.
13 Биздин силерге жазганыбыз силер окуп тєшєнљ албагыдай нерсе эмес, бизди толук тєшєнљсєњљр деп ємєттљнљм.
14 Тењирибиз Ыйса Машайак келген кєнє биз силердин мактанычыњар болорубузду, силер биздин мактанычыбыз болоруњарды силер азыр кандайдыр бир дењгээлде тєшєнєп калдыњар.
15 Буга мен бекем ишенгендиктен, эки ирет батага ээ болушуњар єчєн,
16 Македонияга бара жатып да, ал жактан келе жатып да силерге тие кетейин деп ойлогом. Силер мени Жєйєт аймагына узатып коймоксуњар.
17 Ушундай максатты алдыма койгонум жењил ойлуулукпу? Же эмне, мен адамдык акыл менен чечим чыгарып, бир туруп «ооба», бир туруп «жок» деп жатыптырмынбы?
18 Кудай ишенимдєє, биз силерге бир туруп «ооба», бир туруп «жок» дечє эмеспиз.
19 Мен, Сылас жана Тиметей аркылуу арањарда жарыяланган Кудай Уулу Ыйса Машайак бир туруп «ооба», бир туруп «жок» болгон эмес, Анда «ооба» гана болгон.
20 Кудайдын бардык убадалары Машайак аркылуу «ооба». Ошол себептєє Кудай дањкталыш єчєн Машайак аркылуу Кудайга «Оомийин» дейбиз.
21 Машайак аркылуу силерди да, бизди да бекемдеген жана бизди майлаган – Кудай.
22 Мљљрєн басып, жєрљгєбєзгљ Рухту аманат кылып салып берген да – Ал.
23 Кудайды кєбљгљ тартам, Корунтка кайра келбегенимдин себеби: силерди аядым.
24 Биз силердин ишенимињердин єстєнљн бийлик кылып жаткан жокпуз, тескерисинче, силердин кубанышыњарга љбљлгљ тєзєп жатабыз, анткени силердин ишенимињер бекем.
1 Ошондуктан мен дагы барып силерди капалантпаш єчєн, келбей эле коёюн деп чечтим.
2 Эгерде мен силерди капа кылган болсом, капа болуп калган силерден башка мени ким кубантат?
3 Барганымда, мени кубантчу адамдар мени капалантышпагандай болсун деп, буларды жаздым. Менин кубанычым жалпыњардын кубанычыњар болот деп, бекем ишенем.
4 Силерди капа кылыш єчєн эмес, менин силерге болгон терењ сєйєємдє сезишињер єчєн, кайгыга батып, жєрљгєм сыздап, кљз жашымды тљгєп жаздым.
5 Эгерде кимдир бирљљ мени капа кылса, мени эмес, кандайдыр бир дењгээлде (ашыра айтпайын) баарыњарды капа кылды.
6 Мындай адамга кљпчєлєктєн бул жазасы жетиштєє.
7 Кайгыга чљгєп мєњкєрљп калбашы єчєн, ал адамды кечирип, сооротконуњар жакшы.
8 Ошондуктан ага сєйєє менен мамиле кылууњарды суранам.
9 Мен муну силерге бардык учурда эле тил алар-албасыњарды иш жєзєндљ кљрєш єчєн жаздым.
10 Кимди кечирсењер, мен да аны кечирем. Эгерде мен бирљљнє кечирсем, силер єчєн Машайактын атынан кечирдим.
11 Шайтан бизге зыян келтирбеши єчєн кечирдим. Анткени анын арам ойлору бизге белгилєє.
12 Машайактын Жакшы Кабарын таратыш єчєн, Троаска келгенимде, Тењир аркылуу бул жерде Жакшы Кабар таратуу єчєн, эшик ачык болгонуна карабастан, рухум тынчтана албады.
13 Анткени мен бир тууганым Титти ал жерден таппай койдум. Алар менен коштошуп, Македонияга жљнљп кеттим.
14 Машайак аркылуу бизге ар дайым жењиш берген жана Љзєн таанып билєєнєн жагымдуу жытын ар кайсы жерде биз аркылуу таратып жаткан Кудайга ыраазыбыз!
15 Анткени Кудай єчєн биз куткарыла тургандардын арасында да, љлємгљ бара жаткандардын арасында да Машайактын жагымдуу жытыбыз.
16 Бирљљлљр єчєн љлєм алып келген љлєм жыты болсок, башка бирљљлљр єчєн љмєр алып келген љмєр жытыбыз. Андай болсо бул ишке ким жљндљмдєє?
17 Биз кљптљргљ окшоп Кудайдын Сљзєн бурмалабайбыз. Кудай Сљзєн Кудайдан келген Сљз катары, Кудай алдында, Машайак менен тыгыз байланышта болуп, чын жєрљктљн айтабыз.
1 Чыны менен эле, биз љзєбєздє силерге кайрадан тааныштырышыбыз керекпи? Чыны менен эле, биз кээ бирљљлљр сыяктуу силерге мактоо катын жазганга же силерден ошондой кат алганга муктажбызбы?
2 Жєрљгєбєзгљ жазылган, бардык адамдар таанышып да, окуп да жаткан биздин катыбыз силерсињер.
3 Силер биздин кызматыбыз аркылуу сыя менен эмес, тирєє Кудайдын Руху менен, таш лоокторго эмес, жєрљктєн эт лоокторуна жазылган Машайактын каты экендигињерди љзєњљр эле кљрсљтєп жатасыњар.
4 Биз Кудайдын алдында Машайак аркылуу ушундай ишенимге ээ болдук.
5 Биз љзєбєз бир нерсе жљнєндљ ойлонууга жљндљмдєє эмеспиз, биздин жљндљмдєєлєгєбєз Кудайдан.
6 Ал бизге Жањы Келишимдин кызматчылары болууга жљндљмдєєлєк берди. Бул кызмат болсо – мыйзам тамгасына эмес, Рухка негизделген кызмат. Анткени мыйзам тамгасы љлтєрљт, ал эми Рух љмєр берет.
7 Мусанын жєзєнљн љчљ турган нур чачырап тургандыктан, Ысрайыл уулдары анын жєзєн карай алышкан эмес. Ташка чегилип жазылган, љлєм алып келєєчє мыйзам тамгасынын кызматы ушундай дањктуу болсо,
8 Рухтун кызматы андан бетер дањктуу.
9 Адамды айыптоо кызматы дањктуу болсо, адамды актоо кызматы андан бетер дањктуу.
10 Азыр дањкталып жаткан кызмат менен салыштырганда, мурун дањкталган кызмат дањктуу болбой калат.
11 Анткени љтєп кетчє кызмат дањктуу болгон болсо, азыркы кызмат андан бетер дањктуу.
12 Ушундай ємєтєбєз бар болгондуктан, кайраттуулук менен кызмат кылып жатабыз.
13 Жєзєндљгє нурдун љчєп бара жатканын Ысрайыл уулдары кљрбљсєн деп, жєзєнљ жабуу жаап алган Мусадай эмеспиз.
14 Бирок Ысрайыл уулдарынын акылы карањгыланып калган. Анткени Байыркы Келишимди окуп жаткан алардан ошол жабуу ушул кєнгљ чейин алынбай турат. Ал жабууну Машайак гана алып сала алат.
15 Муса пайгамбардын китептерин окуп жатышкан алардын жєрљктљрєндљ ушул кєнгљ чейин жабуу бар.
16 Бирок Тењирге кайрылышканда, ал жабуу алынат.
17 Тењир – Рух, Тењирдин Руху болгон жерде – эркиндик.
18 Биз баарыбыз жабуусуз жєзєбєз менен Тењирдин дањкын чагылдырып турабыз. Биз Ага окшошкон сайын, бир дањктан бир дањкка љтєп, љзгљрєлєп жатабыз. Бул Тењирдин Руху аркылуу болуп жатат.
1 Бул кызмат бизге Тењирдин ырайымы менен берилгендиктен, кљњєлєбєздє чљгљрбљйбєз.
2 Жашыруун жана ыпылас иштерди кылуудан качабыз, кууланбайбыз, Кудай Сљзєн бурмалабайбыз. Тескерисинче, чындыкты ачык жарыялап, Кудай алдында љзєбєздє ар бир адамдын абийирине коёбуз.
3 Биз жарыялаган Жакшы Кабар жабык болсо, ал љлємгљ бара жаткандар єчєн жабык.
4 Кудайдын бейнеси болгон Машайактын дањкын жарыялаган Жакшы Кабардын жарыгын кљрєшпљсє єчєн, бул дєйнљнєн тљрљсє ишенбегендердин акылын карањгылатып койгон.
5 Биз љзєбєздє жарыялап жаткан жокпуз. Машайак Ыйсаны Тењир деп, љзєбєздє болсо Ыйса єчєн силердин кулдарыњарбыз деп жарыялап жатабыз.
6 Карањгылыкта жарык жаркырасын деп буйруган Кудай Љзєнєн дањкын Ыйса Машайак аркылуу бизге кљрсљтєш єчєн, жєрљгєбєздє жарык кылды.
7 Бирок кудуреттєє кєч биздики эмес, Кудайдыкы болуп эсептелиш єчєн, ушул кенчти биз чопо идиштерде сактап жєрљбєз.
8 Биз бардык тараптан кысымга алынып жатабыз, бирок љзєбєздє кысымга алынгандай сезбейбиз. Биз ємєтсєз абалдабыз, бирок ємєтєбєздє єзбљйбєз.
9 Бизди кубалап жатышат, бирок кароосуз калган жокпуз. Бизди кыйнап жатышат, бирок љлгљн жокпуз.
10 Ыйсанын љмєрє денебизде кљрєнєшє єчєн, Тењир Ыйсанын љлємєн ар дайым денебизде алып жєрљбєз.
11 Анткени биз, тирєєлљр, љлљ турган денебизде Ыйсанын љмєрє кљрєнєшє єчєн, Ыйса єчєн ар дайым љлємгљ баш коюп жатабыз.
12 Ошентип, биз љлємгљ баш коюп жатабыз, силер болсо љмєргљ ээ болуп жатасыњар.
13 Забурда: «Мен ишенгем, ошондуктан сєйлљдєм», – деп жазылган. Ошол эле ишеним рухуна ээ болгон биз да ишенебиз, ошондуктан сєйлљп жатабыз.
14 Анткени биз Ыйса Тењирди тирилткен Кудай Ыйса менен бирге бизди да тирилтерин, Љзєнєн алдына силер менен кошо бизди да алып келерин билебиз.
15 Мунун баары силер єчєн, артыгы менен кљрсљтєлгљн ырайым кљптљрдєн ыраазычылык билдирєєсєн арттыруу єчєн жана Кудай дањкталышы єчєн болуп жатат.
16 Ошондуктан биз кљњєлєбєздє чљгљрбљйбєз. Сырткы адам карып бара жатса да, ички адам кєндљн-кєнгљ жањыланууда.
17 Башыбыздан љткљрєп жаткан убактылуу, анча оор эмес кыйынчылыктарыбыз тєбљлєктєє дањкты эбегейсиз кљп жаратат.
18 Анткени биз кљрєнгљн нерсеге эмес, кљрєнбљгљн нерсеге назар салабыз. Кљрєнгљн нерсе убактылуу, кљрєнбљгљн нерсе болсо тєбљлєктєє.
1 Жердеги єйєбєз, бул чатырыбыз, кыйрагандан кийин, Кудай бизге асмандан адамдын колу менен жасалбаган имаратты, тєбљлєк єйдє, берерин билебиз.
2 Ошон єчєн асмандагы єйєбєздє кийєєнє каалап, улутунуп жатабыз.
3 Кийимчен туруп, жылањач деп табылып калбасак эле болду.
4 Бул чатырыбызда турганыбызда кыйналып, єшкєрєнєп жатабыз. Анткени љлљ турган нерсенин бардыгынын єстєнљн љмєр жењишке жетиши єчєн, биз жылањач болууну эмес, кийимчен болууну каалайбыз.
5 Кудай бизди ошого даярдаган жана бизге Рухту аманат кылып берген.
6 Ошондуктан ар дайым кайраттуубуз, бул денебизде жашап жатканыбызда, Тењирден алыс экенибизди билебиз.
7 Анткени биз кљргљнєбєз боюнча эмес, ишенимибиз менен жашап жатабыз.
8 Ошондуктан биз кайраттуубуз, денеден чыгып, Тењирдин жанына барууну артык кљрљбєз.
9 Денебизде жашап жатсак да, денебизден чыгып кете турган болсок да, Тењирге жагууга аракеттенип жатабыз.
10 Анткени денеде жашап жєргљндљ кылган жаман же жакшы иштерибизге жараша тиешебизди алуу єчєн, баарыбыз Машайактын сот тактысынын алдына келишибиз керек.
11 Ошентип, Кудайдан коркуу деген эмне экенин билгендиктен, адамдарды ынандырууга аракеттенип жатабыз. Кудай алдында ачыкпыз, силердин абийирињердин алдында да ачыкпыз деп ойлойм.
12 Биз љзєбєздє силерге кайрадан тааныштырып жаткан жокпуз. Жєрљгє менен эмес, сырткы кљрєнєшє менен мактангандарга жооп бере алгыдай болушуњар єчєн, биз менен мактана алгыдай мємкєнчєлєк берип жатабыз.
13 Эгерде љзєбєздє кармай албай калып жатсак, анда Кудай єчєн ошентип жатабыз. Эгерде љзєбєздє токтоо алып жєрсљк, анда силер єчєн ошентип жатабыз.
14 Анткени Машайактын сєйєєсє: «Бирљљ бардыгы єчєн љлдє, демек, бардыгы љлєштє», – деп ойлогон бизди ошентєєгљ милдеттендирет.
15 Жашап жаткандар эми љздљрє єчєн эмес, љздљрє єчєн љлгљн жана кайра тирилген Машайак єчєн жашашы єчєн, Машайак бардыгы єчєн љлгљн.
16 Ошондуктан биз мындан ары эч кимди сырткы кљрєнєшє боюнча баалабайбыз. Биз мурун Машайакты сырткы кљрєнєшє боюнча адам катары бааласак да, азыр андай баалабайбыз.
17 Ошентип, ким Машайактын ичинде болсо, ал – жањы адам. Мурункунун баары љтєп кетти, азыр баары жањы болду.
18 Мунун баары Кудайдан, Кудай Машайак аркылуу бизди Љзє менен элдештирди жана бизге элдештирєє кызматын берди.
19 Анткени Кудай Машайактын ичинде дєйнљнє Љзє менен элдештирди, адамдардын кєнљљлљрєн эске алган жок. Бизге болсо Кудай менен элдешєє жљнєндљгє сљздє жарыялоону тапшырды.
20 Ошентип, биз Машайактын атынан келген элчилербиз, Кудай Љзє биз аркылуу адамдарга кайрылып жатат. Машайактын атынан суранабыз: Кудай менен элдешкиле.
21 Машайак аркылуу Љзєнєн алдында бизди адилеттєє кылыш єчєн, кєнљљнє билбеген Машайакты биз єчєн кєнљљ кылды.
1 Кудайдын кызматташтары катары силерге эскертебиз: Кудайдын ырайымын кабыл алганыњар пайдасыз болуп калбасын.
2 Себеби Ал мындай деген: «Жакшы убакта Мен сени уктум, куткарылуу кєнє сага жардам бердим». Мына азыр – жакшы убакыт, мына бєгєн – куткарылуу кєнє.
3 Кызматыбыз сљзгљ калбаш єчєн, эч кимге эч нерседе кедерги болбойбуз.
4 Тескерисинче, кыйынчылык келгенде, муктаж болгондо, кысымчылык болгон учурларда,
5 таяк жегенде, тєрмљлљргљ тєшкљндљ, куугунтуктар болгондо, эмгектенгенде, уйкусуз тєндљрдљ, орозо кармаганда,
6 тазалыкты, кеменгерликти, кењ пейилдикти, чыдамдуулукту, жакшылыкты, Ыйык Рухтун кєчєн жана таза сєйєєнє кљрсљтєєдљ,
7 чындык сљзєн жарыялоодо, Кудайдын кєчєн кљрсљтєєдљ адилдиктин куралын оњ колубузга да, сол колубузга да кармап,
8 бизди сыйлап жатышканда да, кордоп жатышканда да, жамандап жатышканда да, мактап жатышканда да – бардык учурда бардык нерсеге чыдап, љзєбєздє Кудайдын кызматчылары катары кљрсљтєп жатабыз. Бизди жалганчы деп эсептешет, бирок биз ишенимдєєбєз.
9 Таанымал болбосок да, бизди таанышат. Бизди љлгљн адамдар катары кљрєшљт, бирок биз тирєєбєз. Бизди жазалап жатышат, бирок љлгљн жокпуз.
10 Бизди капа кылып жатышат, бирок биз ар дайым кубанабыз. Жардыбыз, бирок биз кљптљрдє байытабыз. Эч нерсебиз жок, бирок биз баарына ээбиз.
11 Корунттуктар, силер менен ачык сєйлљштєк, силерге жєрљгєбєздє кенен ачтык.
12 Биз силерди жєрљгєбєзгљ батырдык, бирок силер бизди батыра албадыњар.
13 Силерге балдарым катары кайрылып жатам, биз сыяктуу эле силер да бизге жєрљгєњљрдє кенен ачкыла.
14 Ишенбегендер менен бирге жат моюнтурукка кошулбагыла. Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар? Жарык менен карањгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?
15 Машайак менен Белиардын ортосунда кандай макулдашуу бар? Ишенген адам менен ишенбеген адамдын ортосунда кандай жалпылык бар?
16 Кудайдын ийбадатканасы менен буркандардын ортосунда кандай байланыш бар? Анткени силер тирєє Кудайдын ийбадатканасысыњар. Кудай мындай деген: «Алардын арасына жайгашып, алардын арасында жєрљм, алардын Кудайы болом, алар Менин элим болушат».
17 «Ошон єчєн алардын арасынан чыккыла, алардан бљлєнгєлљ, – дейт Тењир, – арам нерселерге жолобогула, ошондо Мен силерди кабыл алам».
18 «Мен силерге Ата болом, силер болсо Менин уулдарым, кыздарым болосуњар», – дейт кудуреттєє Тењир.
1 Сєйєктєє бир туугандарым, Кудай бизге ушундай убадаларды бергендиктен, денебизди жана рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан арылалы, Кудайдан коркуу менен, ыйыктыкка умтулалы.
2 Бизге жєрљгєњљрдљн орун бергиле: биз эч кимди таарынткан жокпуз, эч кимге зыян келтирген жокпуз, эч кимди пайдаланган жокпуз.
3 Муну силерди айыпташ єчєн айтып жаткан жокмун. Мурун айтып кеткенимдей, силер биздин жєрљгєбєздљсєњљр, љлсљк да, жашасак да силер менен биргебиз.
4 Силерге болгон ишенимим чоњ, силер менен љзгљчљ сыймыктанам. Бардык кайгы-капабызга карабай, толугу менен сооронуп, аябай кубанып жатам.
5 Себеби Македонияга келгенибизде, жаныбыз тынчтык тапкан жок, ар тарабыбыздан кысымга алындык: сырттан – кол салуу, ичтен – коркунуч.
6 Бирок кљњєлє чљккљндљрдє соороткон Кудай бизди Титтин келиши менен сооротту.
7 Титтин келиши гана эмес, анын силер аркылуу сооронгондугу да бизди сооротту. Мага болгон камкордугуњар, сагынычыњар, мен єчєн тљккљн кљз жашыњар жљнєндљ Титтен укканымда, ого бетер кубандым.
8 Ошондуктан жазган катым менен силерди капалантканыма љкєнбљйм. Катымдын силерди капалантканын кљрєп, љкєнгљн элем, бирок силер убактылуу эле капаландыњар.
9 Азыр болсо кубанып турам. Албетте, кайгырганыњар єчєн эмес, кєнљљњљрдє сезип љкєнєп, кайгырганыњар єчєн кубанып жатам. Анткени силер Кудайга жаккандай кайгырдыњар, демек, биз силерге эч кандай зыян келтирген жокпуз.
10 Себеби Кудайга жаккан кайгы тобо кылып куткарылууга алып келет, ал эми бул дєйнљнєкєндљй кайгы љлємгљ дуушар кылат.
11 Себеби Кудайга жаккан кайгы силерде кандай тырышчаактыкты, кечирим суроону, кєнљљ кылган адамга нааразыланууну, коркунучту, каалоону, кызганчаактыкты, жазаны жаратканын карагылачы. Бул иште таза экенињерди бардык жагынан кљрсљттєњљр.
12 Мен бул катты таарынткан адам єчєн да, таарынган адам єчєн да жазган жокмун. Болгону, биз жљнєндљ кандай кам кљрљрєњљр Кудай алдында љзєњљргљ белгилєє болушун гана кааладым.
13 Анткени биз силердин сооронууњар аркылуу сооронуп калдык. Буга кошумча Титтин кубанычы бизди ого бетер кубантты, баарыњ анын рухун тынчтандырыптырсыњар.
14 Мен силерди ага мактап, уятка калган жокмун. Силерге айткандарыбыздын баары чындык болгондой эле, Титке силерди мактаганыбыз да туура болуп чыкты.
15 Баарыњардын тил алчаактыгыњарды, љзєн коркунуч менен кандай ызааттап кабыл алганыњарды эстеген сайын, анын жєрљгє жылыйт.
16 Ошентип, бардык нерседе силерге таяна ала тургандыгыма кубанам.
1 Бир туугандар, силерди Кудайдын Македониядагы Жыйындарга кљрсљткљн ырайымы жљнєндљ кабардар кылабыз.
2 Баштарына оор сыноолор келгенине карабастан, алардын кубанычы чоњ; љтљ жакырдыгына карабастан, алар љтљ берешен.
3 Анткени мен алардын чын кљњєлдљн, колдорунан келишинче, атєгєл, ашыра беришкенине кєбљмєн.
4 Ыйыктарга кызмат кылууга кошкон салымдарын кабыл алышыбызды алар бизден кљптљн-кљп љтєнєштє.
5 Алар биз кєткљндљн да артык кылышты. Алгач љздљрєн Кудайга арнашты, андан кийин Кудайдын эрки менен љздљрєн бизге арнашты.
6 Ошондуктан биз Титтен силердин арањарда баштаган ушул жакшы ишин да аягына чыгарышын љтєндєк.
7 Силерде бардыгы мол: ишенимге, сљзгљ, билимге байсыњар, бардык жагынан тырышчааксыњар, бизди чын дилињер менен сєйљсєњљр, эми ушул кайрымдуулук ишинде да ынталуулук кљрсљткєлљ.
8 Муну мен силерге буйрук иретинде айткан жокмун. Башкалардын ынталуулугуна салыштыруу аркылуу силердин сєйєєњљрдє да сынап жатам.
9 Тењирибиз Ыйса Машайактын ырайымы силерге белгилєє, Ал Љзє бай болуп туруп, силер єчєн жардыланды. Силер Анын жардылыгы аркылуу бай болушуњар єчєн ошентти.
10 Бул нерсеге карата мен љз оюмду айтайын: бул ишти жањы эле баштабастан, љткљн жылы эле љз каалоосу менен баштаган силер єчєн бул пайдалуу.
11 Эми бул ишти аягына чыгаргыла. Љзєњљр каалап баштаган ишти љз мємкєнчєлєгєњљргљ жараша аягына чыгаргыла.
12 Бергенге каалоосу болсо, колунда жок нерсеге жараша эмес, колунда болгон нерсеге жараша кабыл алынат.
13 Башкаларга жењилдик болуп, силерге оордук тєшпљсєн, тескерисинче, тењдик болсун.
14 Тењдик болуш єчєн, азыр силердин ашык нерсењер тигилердин кем-карчын толуктоого жумшалсын, кийин тигилердин ашык нерсеси силердин кем-карчыњарды толуктоого жумшалсын.
15 Ыйык Жазууда: «Кљп жыйнаган адамдыкы ашып калган жок, аз жыйнаган адамдыкы жетпей калган жок», – деп жазылган.
16 Титтин жєрљгєндљ силерге карата ушундай камкордукту пайда кылган Кудайга ыраазымын.
17 Анткени мен да андан љтєнгљм, бирок анын љзєндљ эле ушунчалык каалоо бар болгондуктан, ал силерге љз ыктыяры менен кетти.
18 Тит менен кошо дагы бир бир тууганды жибердик. Ал Жакшы Кабар тараткандыгы єчєн бардык Жыйындар тарабынан макталып жєрљт.
19 Анын єстєнљ, бул бир тууган ушул кайрымдуулук ишин аткарууда биз менен чогуу жєрєш єчєн, Жыйындар тарабынан дайындалган. Биз бул ишти Тењирди дањкташ єчєн жана жардам берєєгљ даяр экенибизди кљрсљтєш єчєн кылып жатабыз.
20 Биз аны љзєбєз жыйнаган бул мол жардам тууралуу кимдир бирљљдљн жеме угуудан сактануу єчєн жибердик.
21 Анткени биз Тењирдин алдында эле эмес, адамдардын алдында да таза болууга аракеттенебиз.
22 Аны менен кошо дагы бир бир тууганыбызды жиберип жатабыз. Анын ынтасы кљп жолу кљп жагынан сыналган. Азыр анын ынтасы мурдагыдан да артты, анткени ал силерге бекем ишенет.
23 Тит жљнєндљ айтсам: ал менин жолдошум, силердин арањарда кызмат кылган кызматташым. Берки бир туугандар болсо – Жыйындар тарабынан жиберилген љкєлдљр, алар – Машайактын дањкы.
24 Ошентип, Жыйындардын алдында аларга љзєњљрдљ сєйєє бар экендигин жана силер менен мактанганыбыздын жљнє бар экендигин кљрсљткєлљ.
1 Ыйыктарга жардам берєє тууралуу силерге жазганым ашыкча эле болот деп ойлойм.
2 Анткени мен силердин жардам берєєгљ даяр экенињерди билем. «Ахаядагылар љткљн жылдан бери эле даяр», – деп, македониялыктарга ошон єчєн мактанып жєргљм. Силердин аракетињер кљптљргљ дем берди.
3 Силерди мактап жєргљнєм куру сљз болуп калбаш єчєн, мен айткандай даяр турушуњар єчєн, бир туугандарды жибердим.
4 Мени менен бирге барган македониялыктар силердин даяр эмес экенињерди кљрсљ, силер эмес, силерди бекем ишеним менен мактап жєргљн биз уятка калабыз.
5 Ошондуктан мен бир туугандардан силерге бизден мурун барууларын суранууну туура таптым. Алар љзєњљр убадалаган тартууларыњарды оор салык катары эмес, тартуу катары алдын ала даярдоонун камын кљрєшљт.
6 Айтарым бул: «Аз эккен аз жыйнайт, мол эккен мол жыйнайт».
7 Кыйналып же аргасыз болуп эмес, ар кимињ жєрљгєњдљн чыкканды бер. Анткени Кудай чын кљњєлє менен берген адамды сєйљт.
8 Ар дайым бардык нерсењер жетиштєє болуп, жакшы иштерге бай болушуњар єчєн, силерди ар кандай жакшы нерселерге байытууга Кудайдын кудурети жетет.
9 Ыйык Жазууда: «Жакырларга марттык менен таратып берди. Анын адилеттиги тєбљлєк болот», – деп жазылган.
10 Єрљн себєєчєгљ єрљн, жегенге нан берген Кудай сепкен єрљнєњљрдєн тєшємєн да мол кылып, адилеттигињердин жемишин арттырат.
11 Бардык нерсеге бай, жоомарт болушуњар єчєн ошондой кылат. Ошентип, силердин жоомарттыгыњар бизде Кудайга болгон ыраазычылыкты жаратат.
12 Анткени бул кызмат ыйыктардын кем-карчын толуктоо менен гана чектелбестен, кљп адамдарда Кудайга болгон чексиз ыраазычылыкты жаратат.
13 Анткени бул кызматтын натыйжасын кљргљндљ, љзєњљр кабыл алган Машайактын Жакшы Кабарына моюн сунуп, алар менен жана башкалар менен чын ниеттен мамилелешип жаткандыгыњар єчєн, алар Кудайды дањктап жатышат.
14 Силерде Кудайдын ырайымы мол болгондуктан, силерди жакын санап, силер єчєн сыйынып жатышат.
15 Сљз менен айтып жеткире алгыс улуу белеги єчєн Кудайга дањк!
1 Арањарда жєргљндљ момун, алыста жєргљнємдљ кайраттуу деп эсептелинген мен, Пабыл, Машайактын момундугу жана ырайымдуулугу менен силерден љтєнљм.
2 Силерге эскерте кетейин: мен келгенде, бизди адамдык кылып жатат деп эсептеген адамдарга каршы кљрсљтљйєн деп жєргљн кайраттуулугумду силерге каршы кљрсљтпљгєдљй болоюн.
3 Бул дєйнљдљ жашап жатканыбыз менен, адамдык кылып кєрљшпљйбєз.
4 Анткени кєрљшљ турган куралдарыбыз адамдык куралдар эмес, алар – чептерди талкалаган Кудайдын кєчєнљ ээ куралдар.
5 Алар менен биз Кудайды таанып билєєгљ каршы турган ар кандай ойлорду, менменсинєєчєлєктє талкалайбыз жана ар кандай ой жєгєртєєлљрдє Машайакка тил алдыруу єчєн туткундайбыз.
6 Силер тил алгандан кийин, биз тил албагандарды жазалоого даярбыз.
7 Кљз алдыњардагыны карагылачы! Ким љзєнєн Машайакка таандык экенине бекем ишенсе, ал ойлонуп кљрсєн. Анткени ал Машайакка таандык болгондой эле, биз да Машайакка таандыкпыз.
8 Тењирдин бизге силерди зыянга учуратуу єчєн эмес, бекемдљљ єчєн берген бийлиги менен ашыра мактанып койсом, уят болбойм деп ойлойм.
9 Бирок мен силерди каттарым менен коркутуп жаткандай болбоюн.
10 Анткени кээ бирљљлљр мени: «Каттарында курч жана кайраттуу болгону менен, бетме-бет келгенде, алсыз, сљзє љтємсєз», – дешет экен.
11 Ушинтип айтып жєргљндљр билип коюшсун: кљзєбєз жокто, катыбызда кандай болсок, бетме-бет келгенде деле ошондойбуз.
12 Љзєн љзє мактагандарга тењелєєгљ, љзєбєздє аларга салыштырууга батынбайбыз. Љздљрєнљ љздљрє баа берип, љздљрєн љздљрєнљ салыштырышканы – акылсыздык.
13 Биз ашыкча мактанбайбыз, Кудай белгилеген чекте мактанабыз. Бул чек силерди да камтыйт.
14 Силерге жете элек болгонсуп кєч жумшабайбыз. Анткени биз Машайактын Жакшы Кабары менен силерге да жеткенбиз.
15 Биз ашыкча мактанбайбыз, башка бирљљлљрдєн эмгеги менен да мактанбайбыз. Тескерисинче, ишенимињер љскљн сайын, силердин арањардагы иш-аракетибиз да кљбљйљт деп ємєттљнљбєз.
16 Жакшы Кабарды силерден нары жашагандарга да таратабыз, биз башка бирљљнєн даяр эмгеги менен мактанбайбыз.
17 Мактанган адам Тењир менен мактансын.
18 Мактоого љзєн љзє мактаган адам эмес, Тењир мактаган адам татыктуу.
1 Менин акылсыздыгыма бир аз чыдап койсоњор боло! Бирок силер мага чыдап жатасыњар.
2 Мен силерди Кудайдын кызганычы менен кызганып жатам, анткени силерди бир Кєйљљгљ – Машайакка никелеп койгом. Анын алдына таза бойдон барышыњарды каалагандыктан кызганып жатам.
3 Обо энени жылан љзєнєн куулугу менен алдап кеткендей эле, силерди да кимдир бирљљ Машайак жолундагы жљнљкљйлєктљн жана тазалыктан четтетип, акылыњарды адаштырбаса экен деп корком.
4 Анткени бирљљ келип, силерге биз жарыялагандан башка Ыйсаны, силер алгандан башка рухту, силер кабыл алгандан башка Жакшы Кабарды жарыяласа, силер ага чыдайсыњар.
5 «Мыкты элчилерден» менин эч жерим кем эмес деп ойлойм.
6 Сљзгљ чечен болбосом да, билимим бар. Дегинкиси, биз силерге бардык жагынан белгилєєбєз.
7 Силерди жогорулатуу єчєн, љзємдє басынтып, Кудайдын Жакшы Кабарын силерге акысыз тараткандыгым єчєн кєнљљлєємєнбє?
8 Силерге кызмат кылыш єчєн, башка Жыйындарды чыгымга учураттым, алар мени каржылап турушту. Арањарда жєргљндљ муктаж болгонума карабастан, бирљљњљргљ да оорчулук келтирген жокмун.
9 Анткени менин кем-карчымды Македониядан келген бир туугандар толукташты. Силерге эч бир нерседе оорчулук келтирбегенге аракеттендим, дагы да аракеттенем.
10 Машайактын мендеги чындыгы менен айтайын, Ахая жеринде бул мактоону менден эч ким тартып ала албайт.
11 Эмне єчєн минтип жатам? Силерди сєйбљгљндєгєм єчєнбє? Силерди сєйљрєм Кудайга белгилєє!
12 Бирок мактанган нерселери менен бизге окшошуш єчєн шылтоо издеп жєргљндљргљ тєрткє бербљљ єчєн, мен кандай кылып жатсам, ошондой кыла берем.
13 Анткени алар – жалган элчилер, алдамчы кызматчылар, љздљрєн Машайактын элчилери кылып кљрсљтєшљт.
14 Бул тањ каларлык нерсе эмес, анткени шайтан да љзєн Жарыктын Периштеси кылып кљрсљтљт.
15 Ошондуктан шайтандын кызматчылары да љздљрєн чындыктын кызматчылары кылып кљрсљтєшсљ, бул тањ каларлык эмес. Бирок алар акырында иштерине жараша тиешесин алышат.
16 Дагы да кайталайм: эч ким мени акылсыз деп эсептебесин. Эгерде ошондой эсептеп жатсањар, анда мени акылсыз катары кабыл алгыла, мен да бир аз мактангыдай болоюн.
17 Айтып жатканым Тењирден эмес, «акылсыз» болгондугумдан улам мактоого татыктуумун деген бекем ишеним менен айтып жатам.
18 Кљптљр адамдык кылып мактанып жатышат, ошондуктан мен да мактанып коёюн.
19 Анткени, силер, акылдуулар, акылсыздарга жан-дилињер менен чыдайт эмессињерби.
20 Силерди кул кылып жаткандарга да, силердикин жеп тєгљтєп жаткандарга да, силердикин тартып алып жаткандарга да, силерге менменсинип жаткандарга да, силерди жаакка чаап жаткандарга да чыдайсыњар.
21 Уялсам да, айтышым керек, мындай иштерге биздин кєчєбєз жеткен жок. Эгерде кимдир бирљљ бир нерсе менен мактанууга батынса, акылсыз адамдай айтайын, анда мен да мактанууга батынам.
22 Алар эврейби? Мен да эвреймин. Алар ысрайылдыктарбы? Мен да ысрайылдыкмын. Алар Ыбрайымдын урпактарыбы? Мен да урпагымын.
23 Алар Машайактын кызматчыларыбы? Акылсыз адамдай айтайын, мен кызматчыдан да жогорумун. Мен аларга караганда кљп эмгектендим, кљп жолу жарадар болдум, тєрмљгљ кљп тєштєм, кљп жолу љлємдљн калдым.
24 Жєйєттљрдљн беш жолу отуз тогуздан камчы жедим.
25 Єч жолу таяк менен сабашты, бир жолу таш барањга алышты, єч жолу кеме кырсыгына учурадым, бир кєн, бир тєн дењизде калдым.
26 Кљп жолу сапарга чыгып, дарыялардын єстєндљ, шаарда, чљлдљ, дењиз єстєндљ коркунучка дуушар болдум; каракчылар, уруулаштарым, бутпарастар, жалган бир туугандар коркунуч туудурушту.
27 Эмгектендим, кыйналдым, кљп жолу уйкудан калдым, ачка калдым, суусадым, кљп жолу орозо кармадым, суукка калдым, кийимсиз калдым.
28 Мындан тышкары мага адамдар кєн сайын агылып келип турушат, бардык Жыйындар єчєн кам кљрљм.
29 Бирљљ алсыз болсо, мен да љзємдє алсыз сезбейминби? Бирљљ азгырылса, ал єчєн кєйєп-бышпаймынбы?
30 Эгерде мактанышым керек болсо, мен алсыздыгым менен мактанам.
31 Тењирибиз Ыйса Машайактын тєбљлєккљ дањктуу Кудайы жана Атасы менин жалган айтып жатпаганымды билет.
32 Падыша Аретанын кол астындагы дубан башчысы мени колго тєшєрєш єчєн, Дамаск шаарын кароолго алган эле. Бирок мени чабырага салып, шаар дубалынын терезесинен тєшєрєп коюшту. Ошентип, мен анын колунан качып кутулдум.
1 Пайдасыз болгонуна карабастан, мактанууга туура келет. Тењирдин кљрєнєштљрє жана аяндары жљнєндљ сљз кылууга љтљйєн.
2 Машайакка таандык бир адамды билем, мындан он тљрт жыл мурун ал єчєнчє асманга кљтљрєлгљн эле. Ал денеси менен жогору алындыбы же денесиз жогору алындыбы, билбейм, Кудай билет.
3 Мен ушундай адам жљнєндљ билем, бирок ал денеси менен жогору алындыбы же денесиз жогору алындыбы, билбейм, муну Кудай билет.
4 Ал адамдын бейишке кљтљрєлгљндєгєн билем. Ал жерден ал адам сљз менен айтып жеткиргис, адам айтып бере алгыс сљздљрдє уккан.
5 Мындай адам менен мактана алам. Љзєм болсо алсыздыктарымдан башка эч нерсе менен мактана албайм.
6 Деген менен мактангым келсе, акылсыз болбойм, анткени мен чындыкты айтам. Кимдир бирљљ мен жљнєндљ уккан-кљргљнєнљн да жогору ойлоп албашы єчєн, љзємдє токтотуп жатам.
7 Љзгљчљ аяндарды алгандыгымдан улам менменсинип кетпешим єчєн, менин денемде тикенек бар. Менменсинип кетпешим єчєн, денемди кыйнап турууга шайтандын бир периштеси жиберилди.
8 Менден аны четтетєєсєн љтєнєп, Тењирге єч ирет сыйындым.
9 Бирок Ал мага мындай деди: «Менин сага болгон ырайымым жетиштєє. Анткени Менин кєчєм алсыздыкта жеткилењ болот». Ошондуктан Машайактын кєчє менден орун алат деп, љзємдєн алсыздыгым менен артыгыраак мактанам.
10 Ошондуктан Машайак єчєн алсыз болгонума, кордук кљргљнємљ, муктаж болгонума, куугунтукталганыма жана кысымчылыкты башымдан љткљргљнємљ ыраазымын. Анткени мен алсыз болгондо кєчтєємєн.
11 Мактанып акылсыз болдум, бирок ошондой болууга мени силер аргасыз кылдыњар. Мени силер макташыњар керек эле, анткени мен эч ким эмес болсом да, «мыкты элчилерден» эч жерим кем эмес.
12 Элчиликтин белгилери силердин арањарда улуу чыдамдуулук, жышаандар, кереметтер жана кудурет-кєч менен кљрсљтєлдє.
13 Башка Жыйындар менен салыштырганда, силер эмнеден кем болдуњар? Силерге жєк болбогонум менен элеби? Бул айыбымды кечирип койгула.
14 Мына, мен силерге єчєнчє ирет барууга даярмын, бирок силерге оордук келтирбейм. Анткени каалаганым силердеги эмес, силерсињер. Балдары ата-энеси єчєн эмес, ата-энеси балдары єчєн мал-мєлк жыйнашы керек.
15 Силер мени мен силерди сєйгљнчљлєк сєйбљсљњљр да, силердин жаныњар єчєн мен чын кљњєлєм менен колумда болгондун баарын сарптаймын, љзємдє да аябаймын.
16 Мындай деп коёлу, мен љзєм силерге оорчулук келтирген жокмун, бирок куулук кылып, силерден айла-амал менен алып турдум.
17 Жиберген адамдарым аркылуу силерден пайда кљрдємбє?
18 Титтен силерге баруусун љтєнєп, аны менен кошо бир туугандардын бирин жибердим эле: Тит силердин бир нерсењерди пайдаландыбы? Экљљбєз тењ бир рух менен кызмат кылып жаткан жокпузбу? Экљљбєз тењ бир жол менен бара жаткан жокпузбу?
19 Алиге чейин силер бизди љзєњљрдєн алдыњарда актанып жатат деп ойлойсуњарбы? Машайакка таандык болгон биз Кудай алдында айтып жатабыз. Сєйєктєє бир туугандар, мунун баары силердин ишенимињердин бекемделиши єчєн болуп жатат.
20 Анткени силерге барганымда, силер мен каалабагандай абалда болбосоњор экен деп, мен љзєм да силер каалабагандай абалда болбосом экен деп корком: силердин арањарда љз ара талаш-тартыш, кљрљ албастык, ачуулануу, чыр-чатак, жалаа жабуу, ушак, текебердик, тартипсиздик бар болбосо экен деп,
21 кайра барганымда, Кудайым мени силердин алдыњарда басынтпаса экен деп, буга чейин кєнљљ кетирип, љздљрє кылган ыпылас иштерин, ойноштук кылгандарын, адепсиздиктерин мойнуна алып љкєнбљгљн кљптљр єчєн ыйлабасам экен деп корком.
1 Ушуну менен силерге єчєнчє ирет бара жатам. Ар бир сљз эки же єч кєбљ аркылуу бекемделет.
2 Экинчи жолу барганымда эскерткендей эле, арањарда жок болгонума карабастан, азыр да эскертип жатам: эми барганымда, буга чейин кєнљљ кылгандарды да, башкасын да аябайм.
3 Мен аркылуу Машайак сєйлљп жатканына далил издеп жатасыњар. Арањарда Љзєнєн кудуретин кљрсљтєп жаткан Машайак силер єчєн кєчсєз эмес.
4 Алсыз болуп айкаш жыгачка кадалган эле, бирок Кудайдын кєчє менен азыр Ал тирєє. Ошол сыяктуу эле биз да Анын ичинде алсызбыз, бирок силердеги Кудайдын кєчє аркылуу тирєє болобуз.
5 Љзєњљрдє љзєњљр текшерип кљргєлљчє: ишеним жолундасыњарбы? Љзєњљрдє љзєњљр сынап кљргєлљчє. Же силер љзєњљрдє, Ыйса Машайак ичињерде экенин билбейсињерби? Андай болсо силер ким болушуњар керек болсо, ошол эмессињер.
6 Биз жљнєндљ болсо, биз ким болушубуз керек болсо, ошол экенибизди билип аласыњар деп ємєттљнљм.
7 Силер эч кандай жамандык кылбашыњар єчєн, Кудайга сыйынып жатабыз. Љзєбєздєн ким болушубуз керек экендигин кљрсљтєш єчєн эмес, тескерисинче, ким болушубуз керек болсо, ошол эмес болуп кљрєнсљк да, жакшылык кылышыњар єчєн сыйынабыз.
8 Себеби биз чындыкка каршы кєчтєє эмеспиз, тескерисинче, чындык єчєн кєчтєєбєз.
9 Биз алсыз, силер кєчтєє болгондо, биз кубанабыз, жеткилењ болушуњар єчєн сыйынып жатабыз.
10 Тењирдин мага бузуу єчєн эмес, куруу єчєн берген бийлигин силердин арањарда жєргљнємдљ катаалдык менен колдонуп койбошум єчєн, буларды мен силердин арањарда жок кезимде жазып жатам.
11 Ошондой болсо да, бир туугандарым, кубангыла. Жеткилењ болууга умтулгула. Кайраттуу болгула, бир ойдо болгула, тынчтыкты сактагыла! Ошондо сєйєєнєн жана тынчтыктын булагы болгон Кудай силер менен болот.
12 Ыйык љбєшєє менен саламдашкыла. Бардык ыйыктар силерге салам айтып жатышат.
13 Силерде Тењирибиз Ыйса Машайактын ырайымы, Кудай Атанын сєйєєсє жана Ыйык Рухтун баарлашуусу болсун! Оомийин.