1 Адамдар тарабынан да эмес, адам аркылуу да эмес, Ыйса Машайак аркылуу жана Аны љлгљндљрдєн арасынан тирилткен Кудай Ата аркылуу элчи болуп дайындалган мен – Пабылдан,
2 ошондой эле менин жанымдагы бардык бир туугандардан Галатиядагы Жыйындарга салам!
3 Кудай Атабыз жана Тењирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын тљгєп, тынчтыгын бере берсин!
4 Машайак бизди бул жаман дєйнљдљн куткарыш єчєн, Кудайыбыздын жана Атабыздын каалоосу боюнча биздин кєнљљлљрєбєз єчєн Љзєн курмандык кылган.
5 Ал тєбљлєктљн тєбљлєккљ дањктала берсин! Оомийин.
6 Силерди Машайактын ырайымы менен чакырып алган Кудайдан жєз буруп, тез эле башка «Жакшы Кабарга» љтєп кетип жатканыњарга тањ калып жатам.
7 Чындыгында, башка Жакшы Кабар жок, бирок силердин тынчыњарды алган жана Машайактын Жакшы Кабарын бурмалоону каалаган адамдар бар.
8 Бирок бизби же асмандан келген периштеби, башында силерге љзєбєз тараткан Жакшы Кабарга каршы келген «Жакшы Кабарды» таратса, ага анафема.
9 Мурун айтканыбызды мен азыр да кайталаймын: эгерде кимдир бирљљ силерге љзєњљр мурун кабыл алгандан башка «Жакшы Кабар» таратса, ага анафема.
10 Азыр мен адамдарга жагууну ойлоп жатамбы же Кудайга жагууну ойлоп жатамбы? Же силер мени адамдарга жагууга аракеттенип жатат деп ойлоп жатасыњарбы? Эгерде мен дагы эле адамдарга жагынып жєрсљм, анда Машайактын кулу болмок эмесмин.
11 Бир туугандар, муну билишињерди каалайм: мен таратып жаткан Жакшы Кабар адамдын оюнан чыгарылган эмес.
12 Анткени мен аны адамдан кабыл алган эмесмин, адамдан єйрљнгљн эмесмин. Аны мен Ыйса Машайактын аяны аркылуу кабыл алгам.
13 Силер менин жєйєт динин туткан кезимдеги мурунку жашоом жљнєндљ: Кудайдын Жыйынын ырайымсыздык менен куугунтуктап, аны жок кылууга аракеттенгенимди,
14 ата-бабаларымдын салттарын љзгљчљ кызганчаактык менен сактаганымдан улам, жєйєт динин тутууда љзєм менен тењ чамалаш болгон уруулаштарымдын бир тобуна караганда кљбєрљљк ийгиликке жетишкенимди уккансыњар.
15 Бирок мени энемдин курсагында жатканда эле тандап алып, Љзєнєн ырайымы менен чакырып алган Кудай
16 бутпарастарга Уулу жљнєндљ жар салышым єчєн, мага Љзєнєн Уулун ачып берєєнє ылайык тапты, ошондо мен эч кимден кењеш сураган жокмун.
17 Иерусалимге, менден мурун чакырылган элчилерге барбастан, Аравияга кеттим, андан кийин кайра Дамаскка кайтып келдим.
18 Єч жылдан кийин Петир менен таанышуу єчєн Иерусалимге барып, аныкында он беш кєн болдум.
19 Тењир Ыйсанын бир тууганы Жакыптан башка элчилерди кљргљн жокмун.
20 Силерге жазып жаткандарым – чындык, буга Кудай кєбљ.
21 Андан кийин Сирия, Киликия љлкљлљрєнљ бардым.
22 Машайактын Жєйєт аймагындагы Жыйындары мени таанышчу эмес.
23 Бирок алар «Бир учурда бизди куугунтуктаган адам мурун љзє жок кылууга аракеттенген ишеним жљнєндљ азыр жар салып жєрљт» деген сљздє гана угушуп,
24 мен єчєн Кудайды дањкташты.
1 Он тљрт жылдан кийин Титти жаныма алып, Барнаба менен чогуу кайрадан Иерусалимге бардым.
2 Мен ал жакка Кудай ачып бергендиктен бардым. Бекер эле эмгектенбегенимди жана бекер эле эмгектенип жатпаганымды билиш єчєн, бутпарастардын арасында таратып жаткан Жакшы Кабар жљнєндљ љзгљчљ кадырлуу адамдарга айтып бердим.
3 Бирок алар мени менен жєргљн Титти да, эллин болгонуна карабастан, сєннљткљ отурууга мажбурлашкан жок,
4 ал эми биздин Машайак Ыйса аркылуу ээ болгон эркиндигибиз жљнєндљ астыртан билип алып, бизди кулга айландырыш єчєн,
5 Жыйынга жашыруун тєрдљ кирген жалган «бир туугандарга» бир азга да макул болгон жокпуз, кљнгљн жокпуз. Жакшы Кабардагы чындык силерде сакталыш єчєн ошенттик.
6 Кээ бирљљлљр тарабынан кадырлуу деп эсептелгендер (алардын качан, кантип кадырлуу болушкандыгы мен єчєн мааниге ээ эмес, анткени Кудайда бет карамалык жок) мага эч кандай кошумча нерсе жєктљшкљн жок.
7 Бирок Петирге сєннљткљ отургузулгандарга Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылгандай эле, мага сєннљткљ отургузулбагандарга Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылганын билишти.
8 Анткени Петирдин сєннљткљ отургузулгандардын арасындагы элчилик кызматын колдоп жаткан Кудай менин да бутпарастардын арасындагы элчилик кызматымды колдоп жатат.
9 Жыйындын кадыр-барктуу тиректери деп эсептелген Жакып, Кейфа жана Жакан Кудайдын мага кљрсљткљн ырайымы жљнєндљ билишип, мага жана Барнабага биргелешип иштљљ єчєн кол сунушту. Ошентип, биз бутпарастарга бара турган болдук, алар болсо сєннљткљ отургузулгандарга бара турган болушту.
10 Бирок алар бизден жакырларды эстен чыгарбообузду љтєнєштє, мен бул ишти бєт кєчєм менен аткарууга аракеттендим.
11 Петир Антийохеяга келгенде, мен ага ачык эле каршы чыктым, анткени анын кылганы туура эмес эле.
12 Жакып жиберген кишилер келгенге чейин, Петир бутпарастар менен чогуу тамактанып жєргљн. Бирок ошол сєннљткљ отургузулгандар келгенде, Петир коркуп, сєннљткљ отургузулбагандардан четтеп, алыстай баштаган.
13 Кээ бир жєйєттљр да ага окшоп эки жєздєєлєк кылышкан, атєгєл, Барнаба да аларга азгырылып, эки жєздєєлєк кылган.
14 Бирок мен алардын Жакшы Кабардагы чындыкка ылайык жашашпагандыгын кљргљнємдљ, бардыгынын кљзєнчљ Петирге: «Эгерде сен жєйєт болуп туруп, жєйєттљрдљй эмес, бутпарастардай жашап жатсањ, анда эмнеге бутпарастарды жєйєттљрдљй жашоого мажбурлап жатасыњ?» – деп айттым.
15 Биз жєйєт болуп тљрљлгљнбєз, кєнљљкљр бутпарастар эмеспиз.
16 Бирок адам мыйзамды аткаруу менен эмес, Ыйса Машайакка болгон ишеними аркылуу гана акталарын билебиз. Ошондуктан биз да мыйзамды аткаруу менен эмес, Машайакка ишенєє аркылуу акталыш єчєн, Машайак Ыйсага ишенип калдык. Анткени мыйзамды аткаруу менен эч бир адам акталбайт.
17 Эгерде Машайак аркылуу акталууга умтулуп жєргљн биз љзєбєз да кєнљљкљр болуп чыксак, анда Машайак кєнљљнєн кызматчысы болуп калабы? Албетте, жок!
18 Эгерде мен љзєм талкалаганды кайра куруп жатсам, анда љзємдє љзєм кылмышкер кылып жатам.
19 Себеби мен Кудай єчєн жашайын деп, мыйзам аркылуу мыйзам єчєн љлгљм. Мен Машайак менен кошо айкаш жыгачка кадалгам.
20 Азыр мен жашап жаткан жокмун, менин ичимде Машайак жашап жатат. Ал эми азыркы денедеги жашоомду айта турган болсом, мени сєйгљн жана менин ордума Љзєн курмандык кылган Кудай Уулуна болгон ишеним менен жашап жатам.
21 Мен Кудайдын ырайымын четке какпайм. Эгерде мыйзам аркылуу акталсак, анда Машайак бекер эле љлдє.
1 Акылсыз галатиялыктар, айкаш жыгачка кадалган Ыйса Машайак силердин кљз алдыњарга тартылгыдай сєрљттљлєп берилбеди беле, ким силерди чындыкка баш ийбљљгљ азгырды?
2 Силерден бул нерсени гана билгим келет: силер Рухту мыйзамды аткаруу аркылуу алдыњар беле же айтылган сљзгљ ишенєє аркылуу алдыњар беле?
3 Силер ушунчалык акылсызсыњарбы? Рух менен баштап, эми адамдык аракеттер менен бєтєрєп жатасыњарбы?
4 Башыњардан љткљргљнєњљрдєн баары пайдасыз болуп калдыбы? Чын эле, пайдасыз болдубу?
5 Мыйзамды аткаргандыгыњар єчєн Кудай силерге Ыйык Рухту берип, арањарда кереметтерди кљрсљтєп жатабы? Же айтылган сљзгљ ишенгендигињер єчєн ошентип жатабы?
6 Бизге белгилєє: «Ыбрайым Кудайга ишенди, ишеними ага адилдик катары эсептелинди».
7 Ошентип, ишенгендер гана Ыбрайымдын балдары экенин билип койгула.
8 Ыйык Жазуу да Кудайдын бутпарастарды ишеними аркылуу актай тургандыгы жљнєндљ алдын ала билгендиктен, Ыбрайымга: «Бєт элдер сен аркылуу бата алышат», – деп, алдын ала жарыялаган.
9 Ошентип, ишенгендер ишенимдєє Ыбрайым менен бирге бата алышат.
10 Ал эми мыйзамга таянгандардын бардыгы каргыш астында. Анткени Ыйык Жазууда: «Тооратта жазылган мыйзамдын бардыгын дайыма аткарбаган адамга каргыш!» – деп жазылган.
11 Мыйзам аркылуу Кудай алдында эч кимдин акталбастыгы белгилєє. Анткени «Адил адам ишеними аркылуу тирєє болот».
12 Мыйзам болсо ишенимге негизделген эмес, тескерисинче, «Мыйзамды аткарган адам ал аркылуу тирєє болот».
13 Ыбрайымга берилген бата Ыйса Машайак аркылуу бутпарастарга да берилиши єчєн жана биз ишеним аркылуу убадаланган Рухту алышыбыз єчєн,
14 Машайак биздин ордубузга каргышка калып, бизди мыйзамдын каргышынан кун тљлљп куткарып алды. Анткени Ыйык Жазууда: «Жыгачка асылган ар бир адам каргышка калган», – деп жазылган.
15 Бир туугандар, жашоодон бир мисал келтирейин: адам тарабынан бекитилген мурас кагазын эч ким жокко чыгара да, ага эч нерсе кошумчалай да албайт.
16 Бирок убадалар Ыбрайымга жана анын урпагына берилген. Кудай Ыбрайымга кљптєк тєрдљ: «Сенин урпактарыња», – деп айткан эмес, «Сенин урпагыња», – деп, бирљљ жљнєндљ, башкача айтканда, Машайак жљнєндљ айткан.
17 Мен бул нерсени айткым келет: тљрт жєз отуз жылдан кийин келген мыйзам Кудай тарабынан алдын ала бекитилген келишимди жокко чыгарбайт, демек, убада љз кєчєн жоготпойт.
18 Анткени мураска мыйзамдын негизинде ээ болууга болсо, анда убаданын зарылчылыгы жок болмок. Бирок Кудай аны Ыбрайымга убаданын негизинде белек кылган.
19 Андай болсо мыйзам эмне єчєн берилген? Ал кийинчерээк, кылмыштардын айынан, Урпак келгенге чейин берилген. Кудайдын убадасы ошол Урпакка байланыштуу. Мыйзам периштелер аркылуу бир арачынын колу менен берилген.
20 Бирок жалгыз бирљљгљ арачынын кереги жок, Кудай болсо бирљљ.
21 Демек, мыйзам Кудайдын убадаларына каршыбы? Албетте, жок! Эгерде љмєр бере турган мыйзам берилген болсо, анда мыйзам аркылуу акталууга болор эле.
22 Бирок Ыйык Жазуу бєткєл адамзат кєнљљнєн туткунунда экендигин жарыялайт. Демек, убадаланган нерсе ишенгендерге Ыйса Машайакка болгон ишенимдери аркылуу берилет.
23 Ишеним келгенге чейин, ишеним айкын болгонго чейин, биз мыйзамдын сакчылыгы астында туткундалган болчубуз.
24 Ошентип, ишеним аркылуу акталышыбыз єчєн, мыйзам биз єчєн Машайакка жетелеп келєєчє болду.
25 Ал эми ишеним келгенде, жетелљљчєнєн кљзљмљлєнљн бошондук.
26 Анткени силер, бардыгыњар, Машайак Ыйсага болгон ишенимињер аркылуу Кудайдын балдарысыњар.
27 Анткени силер, бардыгыњар, Машайактын урматына чљмєлдєрєлєп, Машайактын бейнесин кийдињер.
28 Мындан ары силердин арањарда жєйєт да, эллин да, кул да, эркин адам да, эркек да, аял да жок, анткени бардыгыњар Машайак Ыйсанын ичинде бирсињер.
29 Эгерде силер Машайактыкы болсоњор, анда силер Ыбрайымдын урпактарысыњар, убада боюнча мурасчыларсыњар.
1 Бирок бул нерсени айткым келет: мурасчы бардык нерсенин кожоюну болсо да, бала кезинде кулдан эч айырмаланбайт,
2 атасы белгилеген убакытка чейин кам кљрєєчєлљрдєн жана єй башкаруучулардын кљзљмљлє астында болот.
3 Ошондой эле биз да «бала кезибизде» дєйнљдљгє алгачкы негиздерге кул болчубуз.
4 Бирок љз убагы келгенде, Кудай Љз Уулун жиберди. Ал аялдан тљрљлдє, мыйзамга баш ийди.
5 Ал мыйзамдын бийлиги астындагыларды кун тљлљп куткарды. Ал мыйзамдын бийлиги астындагылар Кудайдын балдары болушу єчєн ошондой кылды.
6 Силер Кудайдын балдары болуп калгандыктан, Кудай силердин жєрљгєњљргљ Љз Уулунун «“Абба!”, Ата!» деп чакырган Рухун жиберди.
7 Демек, эми сен кул эмессињ, сен Анын баласысыњ. Эгерде баласы болсоњ, анда Кудай сени Ыйса Машайак аркылуу мурасчы да кылды.
8 Бирок ошол убакта силер Кудайды тааныбагандыктан, чыныгы Кудай эмес кудайлардын кулдары элењер.
9 Азыр болсо Кудайды таанып билгенињерден кийин, тагыраак айтканда, Кудай тарабынан таанылганыњардан кийин, кантип кайрадан алсыз жана жакыр алгачкы негиздерге кайрылып жатасыњар? Кайрадан аларга кул болгуњар келеби?
10 Кээ бир кєндљрдє, айларды, мезгилдерди, жылдарды ыйык тутуп жатасыњар!
11 Мен силердин арањарда куру бекер эле эмгектендимби деп коркуп жатам.
12 Бир туугандар, силерден љтєнљмєн: мендей болгула, анткени мен да силердей болчумун. Силер мени эч таарынткан эмессињер.
13 Љзєњљр билесињер, мен биринчи жолу Жакшы Кабарды силерге алсыз абалымда тараткам,
14 алсыз абалым силер єчєн азгырык болсо да, кемсинткен эмессињер, жийиркенген эмессињер, тескерисинче, мени Кудайдын периштеси катары, Машайак Ыйса катары кабыл алгансыњар.
15 Силердин ошол убактагы кубанычыњар кайда? Мен љзєм кєбљлљндєрљ алам, мємкєн болсо, ошондо силер мага кљзєњљрдє оюп берєєгљ да даяр элењер.
16 Эми мен чындыкты айтуу менен, силерге душман болуп калдымбы?
17 Тигилер силерди таза ниет менен кызганып жатышкан жок, тескерисинче, силер аларды кызганышыњар єчєн, силерди бизден бљлєп кетєєнє каалап жатышат.
18 Дайыма таза ниет менен кызганган жакшы, бирок мен арањарда болгондо эле эмес.
19 Балдарым, силерден Машайак кљрєнгљнгљ чейин, мен силер єчєн кайрадан толгоо азабын тартамын.
20 Азыр жаныњарга барып, єнємдє љзгљртєп сєйлљгєм келип жатат, анткени мен силерге айран-тањ калып жатам.
21 Силер, мыйзамдын бийлиги астында болууну каалагандар, айткылачы мага, мыйзамда эмне айтылганын уккан жок белењер?
22 Анткени Ыйык Жазууда: «Ыбрайымдын эки уулу бар эле, бири кєњ аялынан, бири эркин аялынан», – деп жазылган.
23 Бирок кєњ аялынан тљрљлгљн уул кадимки балдардай, ал эми эркин аялынан тљрљлгљн уул убада боюнча тљрљлгљн.
24 Мында каймана маани бар. Бул эки келишимди билдирет. Бири Синай тоосунда тєзєлгљн, ал – балдарын кулчулук єчєн тљрљгљн Ажар.
25 Ажар Аравиядагы Синай тоосун билдирет. Ал азыркы кєндљгє Иерусалимге туура келет, анткени Иерусалим љзєнєн балдары менен кулчулукта.
26 Жогорку Иерусалим болсо эркин, ал баарыбыздын энебиз,
27 анткени Ыйык Жазууда: «Кубан, баласы жок, тљрљбљс аял! Кубанып кыйкыр, катуу єн сал, толгоо тартып кыйналбаган аял! Анткени кєйљљсє бар аялга караганда кєйљљсє таштап кеткен аялдын балдары кљп», – деп жазылган.
28 Бир туугандар, силер да Ыскакка окшоп, убада боюнча тљрљлгљн балдарсыњар.
29 Бирок ошол убакта кадимки балдардай тљрљлгљн бала Рух боюнча тљрљлгљн баланы кубалаган, азыр да ошондой.
30 Бирок Ыйык Жазууда эмне деп айтылат? «Кєњ аялды баласы менен кууп чык, анткени кєњ аялдын баласы эркин аялдын баласы менен бирге мураскор болбойт».
31 Ошондуктан, бир туугандар, биз «кєњ» аялдын балдары эмеспиз, «эркин» аялдын балдарыбыз.
1 Машайак бизге тартуулаган эркиндикте жашагыла, кайрадан кулчулуктун моюнтуругун кийбегиле.
2 Мен, Пабыл, силерге муну айтамын: эгерде силер сєннљткљ отургузула турган болсоњор, анда Машайактан силерге эч кандай пайда жок.
3 Сєннљткљ отургузулган ар бир адамга дагы муну билдиремин: ал бєт мыйзамды аткарууга милдеттєє.
4 Мыйзам аркылуу акталууну каалагандар, силер Машайактан четтеп, ырайымдан ажырап калдыњар.
5 Ал эми биз љзєбєз ємєттљнгљн, ишенимдин негизинде келе турган адилдикти рухубуз менен кєтєп жатабыз.
6 Себеби Машайак Ыйса жолунда сєннљткљ отургузулуу да, сєннљткљ отургузулбоо да маанилєє эмес, љзєн сєйєє аркылуу кљрсљткљн ишеним маанилєє.
7 Силер жакшы эле чуркап бара жаттыњар эле, силердин чындыкка баш ийєєњљргљ ким тоскоолдук кылды?
8 Бул ынандыруу силерди Чакырып алгандан эмес.
9 Бир аз ачыткы бєт камырды ачытат.
10 Силер башкача ойлобойсуњар деп, мен толук ишенемин, бул ишенимим Тењирден. Ал эми силерди адаштырган адам, ал ким болбосун, жазага тартылат.
11 Бир туугандар, эгерде мен дагы деле сєннљт жљнєндљ жар салып жатсам, эмне єчєн мени куугунтуктап жатышат? Андай болсо айкаш жыгачтын азгырыгы токтойт эле да!
12 Силерди адаштыргандар љздљрєн бычып салышса кана!
13 Бир туугандар, силер эркиндикке чакырылгансыњар, бирок эркиндигињер кєнљљкљр табиятыњарды канааттандырууга негиз болуп бербесин, тескерисинче, бири-бирињерге сєйєє менен кызмат кылгыла.
14 Анткени бєт мыйзам «Љзєњдє кандай сєйсљњ, жакыныњды да ошондой сєй» деген бир сљз менен жыйынтыкталат.
15 Бирок бири-бирињер менен тиштешип, бири-бирињерди жеп жатсањар, абайлагыла, бири-бирињерди жеп-жутуп койбогула!
16 Мен болсо муну айтамын: Ыйык Рухтун жетеги менен жашагыла, ошондо денењердин кєнљљлєє каалоолорун аткарбайсыњар.
17 Анткени кєнљљкљр табияттын каалоолору Рухка, Рухтун каалоолору болсо кєнљљкљр табиятка каршы. Алар бири-бирине каршы, ошондуктан силер љзєњљр каалаганды жасабайсыњар.
18 Эгерде силер Рухтун жетеги менен жашап жатсањар, анда мыйзамдын бийлиги астында эмессињер.
19 Кєнљљкљр табияттын иштери болсо белгилєє, алар: ойноштук кылуу, нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик,
20 бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр-чатак, кљрљ албастык, ачуулануу, уруш-талаш, келишпестик, жалган окутуу,
21 жек кљрєє, киши љлтєрєє, аракечтик, шапар тебєє жана башка ушул сыяктуулар. Силерге мурда эскерткенимдей эле, дагы да эскертемин: мындай кылуучулар Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт.
22 Рухтун жемиши болсо булар: сєйєє, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак кљњєлдєк, боорукердик, ишенимдєєлєк,
23 момундук, љзєн љзє токтото билєє, буларга каршы мыйзам жок.
24 Машайак Ыйсага тиешелєє болгондор љздљрєнєн кєнљљкљр табиятын кумардануулары жана кєнљљлєє каалоолору менен бирге айкаш жыгачка кадашкан.
25 Эгерде биз Рух аркылуу љмєргљ ээ болсок, анда Рухтун жетеги менен жашайлы.
26 Менменсинбейли, бири-бирибизди кыжырдантпайлы, кљрљ албастык кылбайлы.
1 Бир туугандар, кандайдыр бир кєнљљ жасап айыбы ачылган адамды, силер, Рухтун жетеги менен жашагандар, момундук менен оњ жолго салгыла, бирок љзєњљр да азгырылып кетпеш єчєн, сак болгула.
2 Бири-бирињердин кыйынчылыгыњарды кљтљргєлљ, ошентип, Машайактын мыйзамын аткарасыњар.
3 Анткени, эгерде кимдир бирљљ чынында эч ким эмес болуп туруп, љзєн жогору бааласа, ал љзєн љзє алдайт.
4 Ар ким љзєнєн ишин текшерсин, ошондо ал башка бирљљ тарабынан эмес, љзє тарабынан мактоого ээ болот,
5 анткени ар ким љз жєгєн љзє кљтљрљт.
6 Насаат алып жаткан адам колунда болгон нерсесин љзєнєн насаатчысы менен бљлєшсєн.
7 Алданбагыла: Кудай шылдыњ болбойт, анткени адам эмнени сепсе, ошону орот.
8 Себеби љзєнєн кєнљљкљр табиятына сепкен адам кєнљљкљр табиятынан чирий турган нерсени алат, ал эми Рухка сепкен адам Рухтан тєбљлєк љмєрдє алат.
9 Жакшылык кылып жатып кейибейли, анткени алсырап калбасак, љз учурунда жыйнап алабыз.
10 Ошондуктан убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы.
11 Карагылачы, мен љз колум менен, чоњ тамгалар менен жазып жатам.
12 Адамдык табияты боюнча беделдєє болгусу келгендердин бардыгы Машайактын айкаш жыгачы єчєн куугунтукка алынбоолору єчєн гана силерди сєннљткљ отурууга мажбур кылып жатышат.
13 Анткени сєннљткљ отургузулгандардын љздљрє да мыйзамды аткарышпайт, бирок алар силердин денењер менен мактаныш єчєн, силердин сєннљткљ отургузулушуњарды каалап жатышат.
14 Мен болсо Тењирибиз Ыйса Машайактын айкаш жыгачынан башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Мен бул дєйнљ єчєн, бул дєйнљ мен єчєн айкаш жыгачка кадалган.
15 Анткени Машайак Ыйса жолунда сєннљткљ отургузулуу же сєннљткљ отургузулбоо маанилєє эмес, жањы адам маанилєє.
16 Ушул эреже боюнча жашагандардын бардыгына жана Кудайдын Ысрайыл элине Кудай тынчтыгын берип, ырайымын тљгљ берсин!
17 Мындан ары эч ким мага кыйынчылык келтирбесин, анткени мен Тењир Ыйсанын жараатын љзємдєн денемде алып жєрљм.
18 Бир туугандар, биздин Тењирибиз Ыйса Машайактын ырайымы силердин рухуњар менен бирге болсун! Оомийин!