1 Кудайдын каалоосу менен Машайак Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан Эфестеги ыйыктарга – Машайак Ыйсага ишенгендерге салам!
2 Кудай Атабыз жана Тењирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын тљгєп, тынчтыгын бере берсин.
3 Бизге Машайак аркылуу асмандагы ар кандай рухий баталарды берген Тењирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы макталсын!
4 Биз Кудайдын алдында сєйєєдљ ыйык жана кемчиликсиз болушубуз єчєн, Ал бизди дєйнљ жарала электен мурун Машайак аркылуу тандап алып,
5 Љз каалоосу жана жакшы тилеги боюнча Ыйса Машайак аркылуу Љзєнљ бала кылып алууну алдын ала белгилеп койгон.
6 Кудай Љз ырайымынын дањкы чыгышы єчєн, сєйєктєє Уулу аркылуу бизге мол ырайым кљрсљттє.
7 Кудайдын мол ырайымынын негизинде Уулунун каны аркылуу кун тљлљнєп, кєнљљлљрєбєз кечирилди.
8 Кудай бизге бул мол ырайымды Љзєнєн даанышмандыгы жана акылмандыгы менен кљрсљттє.
9 Кудай бизге Машайак аркылуу алдын ала белгилеп койгон Љзєнєн жакшы тилеги боюнча Љз каалоосунун жашыруун сырын ачып берди.
10 Ал љз убагы келгенде, асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктирет.
11-12 Машайакка башынан ємєт кылып жєргљн биз аркылуу Анын дањкы чыгышы єчєн, бардыгын Љз каалоосунун чечими боюнча Жасоочунун алдын ала аныктап койгону боюнча, Машайак аркылуу биз да мурасчылар болуп калдык.
13 Чындык сљзєн – куткарылууњар жљнєндљгє Жакшы Кабарды угуп, Машайакка ишенгенињерде, силер да Ал аркылуу убадаланган Ыйык Рух менен мљљрлљнгљнсєњљр.
14 Анын дањкы макталыш єчєн, Анын энчисине алынгандар куткарылышы єчєн, Ыйык Рух – биз ээ боло турган мурастын аманаты.
15 Ошондуктан мен да силердин Тењир Ыйсага болгон ишенимињер жана бардык ыйыктарга болгон сєйєєњљр жљнєндљ уккандан бери,
16 сыйынган сайын силерди эстеп, силер єчєн дайыма Кудайга ыраазычылык билдирип жатам.
17 Тењирибиз Машайактын Кудайы, дањктуу Ата Аны таанып билишињер єчєн силерге акылмандык берєєчє жана тєшєндєрєєчє Рухун берсин деп;
18 Ал чакырып алганда ээ болгон ємєтєњљр эмне экендигин жана Анын ыйыктарга бере турган дањктуу мурасынын молдугу кандай экендигин,
19 ошондой эле Анын бийлиги бар кєчєнєн таасири астында ишенген биздин ичибизде аракеттенип жаткан Анын кудурети канчалык ченемсиз экендигин таанып билишињер єчєн, жєрљгєњљрдєн кљздљрєн ачсын деп сыйынып жатам.
20 Кудай Машайакты љлгљндљрдєн арасынан тирилтип, асманда Љзєнєн оњ жагына отургузганда, ошол эле кєч Машайактын ичинде аракеттенген;
21 Аны бардык башчылыктан, бийликтен, кєчтљн жана єстљмдєктљн, ошондой эле азыркы мезгилде гана эмес, келечекте да атала турган бардык ысымдардан жогору койгон;
22 бардыгын Анын бут алдына багындырган жана Аны бардыгынын єстєнљн, Жыйындын Башчысы кылып койгон.
23 Жыйын – Анын Денеси, бардыгын бардык жагынан Толтуруучунун толуктугу.
1 Кылмыштарыњардын жана кєнљљлљрєњљрдєн айынан љлгљн силер
2 бир кезде бул дєйнљнєн адаты боюнча, абада бийлик кылып жаткан тљрљнєн жана Кудайга баш ийбеген адамдарда азыркы учурда аракеттенип жаткан рухтун каалоосу боюнча жашачусуњар.
3 Бир кезде мындай адамдардын арасында биз да дененин каалоолорун аткарып, оюбузга келгенди кылып, денебиздин кєнљљлєє каалоолору боюнча жашачубуз, башкалар сыяктуу эле табиятыбыз боюнча Кудайдын каарына кала турган адамдардан болчубуз,
4 бирок ырайымга бай Кудай бизге болгон улуу сєйєєсє менен
5 кылмыштарыбыздын айынан љлгљн бизди да Машайак менен бирге тирилтти (ырайымдын негизинде куткарылдыњар),
6 бизди Машайак менен бирге тирилтип, Машайак Ыйса аркылуу асманга отургузду.
7 Кудай муну Машайак Ыйса аркылуу бизге кљрсљткљн жакшылыгын жана Љз ырайымынын ченемсиз молдугун келечек кылымдарда кљрсљтєш єчєн жасады.
8 Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыњар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги.
9 Эч ким мактанбашы єчєн, бул кылган иштерден да эмес.
10 Анткени бизди Ал жараткан, Кудай алдын ала белгилеп койгон жакшы иштерди аткарышыбыз єчєн, биз Машайак Ыйса аркылуу жаратылганбыз.
11 Ошондуктан эстегилечи, бутпарас болуп тљрљлгљн силер бир кезде кол менен сєннљткљ отургузулгандар тарабынан «сєннљтсєздљр» деп аталчусуњар.
12 Ошол мезгилде силер Машайаксыз элењер, Ысрайыл коомчулугунан четтетилгендер элењер, келишимдердин негизинде берилген убадаларга чоочун элењер, бул дєйнљдљ ємєтсєз жана кудайсыз элењер.
13 Бир кезде алыс болгон силер Машайак Ыйса аркылуу, Машайактын каны аркылуу азыр жакын болуп калдыњар.
14 Анткени Машайак биздин тынчтыгыбыз, Ал экљљнљн бирди жаратып, аларды бљлєп туруучу тосмону талкалады,
15 душмандыкты Љз Денеси менен, осуяттардан турган мыйзамды окутуусу менен жок кылды. Муну Ал тынчтык орнотуп, экљљнљн Љзєнљ бир жањы адамды жаратыш єчєн,
16 душмандыкты айкаш жыгачта жок кылып, айкаш жыгач аркылуу экљљнє бир Денеде Кудай менен элдештириш єчєн кылды.
17 Ошентип, Ал келип, алыс болгон силерге жана жакын болгон аларга тынчтыкты жар салды.
18 Анткени Ал аркылуу биз – алыс жана жакын болгондор бир Рух менен Атага баруу мємкєнчєлєгєнљ ээ болуп жатабыз.
19 Демек, силер эми чоочундар жана келгиндер эмессињер, ыйыктардын мекендештерисињер жана Кудайдын Љз элисињер,
20 силер элчилер менен пайгамбарлардын пайдубалынын єстєнљ курулгандарсыњар, ал эми бурчка коюлуучу негизги таш – Ыйса Машайак Љзє.
21 Ошол Таштын єстєнљ кыналып курулуп жаткан бєт имарат Тењирдин ыйык ийбадатканасы болуу єчєн бийиктеп келе жатат.
22 Кудайдын турак жайы болуу єчєн, силер да Рух аркылуу ошол Таштын єстєнљ курулуп жатасыњар.
1 Ошондуктан мен, Пабыл, силер – бутпарастар єчєн Машайак Ыйсанын туткуну болдум.
2-3 Мага ачылган жашыруун сыр жљнєндљ, атап айтканда, Кудайдын ырайымы жљнєндљ силерге жарыялоо кызматы мага тапшырылгандыгын уккансыњар. Бул жљнєндљ жогоруда кыскача жаздым.
4 Силер бул катты окуганда, Машайактын жашыруун сырын кандай тєшєнљрємдє байкай аласыњар.
5 Азыркы кєндљ Анын ыйык элчилерине жана пайгамбарларына Рух аркылуу белгилєє болгон бул сыр мурунку муундун адамдарына белгилєє болгон эмес.
6 Ал сыр мындай: бутпарастар да мураскорлор жана ошол эле дененин мєчљлљрє болушат, ошондой эле Жакшы Кабардын негизинде Машайак Ыйса аркылуу Анын убадасы аларга да тиешелєє.
7 Кудайдын кєчє менен берилген Кудайдын ырайым белегинин негизинде мен Жакшы Кабар тарата турган кызматчы болуп калдым.
8 Ыйыктардын эњ кичинеси болгон мага берилген ырайым бул: Кудайдын ырайымы менен Машайактын изилденгис байлыгын бутпарас элдерге жар салуу,
9 ошондой эле Кудайдын ар тараптуу акылмандуулугу асмандагы башкаруучуларга жана бийликтегилерге Жыйын аркылуу азыркы учурда белгилєє болушу єчєн,
10 бардыгын жараткан Кудайдын Љзєндљ эзелтеден бери жашыруун болуп келген сырдын мааниси кандай экендигин бардык адамдарга ачып берєє.
11 Бул сыр Анын Тењирибиз Машайак Ыйса аркылуу жєзљгљ ашырылган эзелтеден берки максатына негизделген.
12 Машайак аркылуу жана Машайакка болгон ишенимибиз аркылуу Кудайга кайраттуулук менен, ишенимдєє тєрдљ кайрылууга мємкєнчєлєгєбєз бар.
13 Ошондуктан силер єчєн азап тартып жатканыма кайгырбооњорду љтєнљм, анткени менин азап тартуум – силердин дањкыњар.
14-15 Ошол себептен мен Тењирибиз Ыйса Машайактын Атасынын – жердеги жана асмандагы бардык єй-бєлљ Ким аркылуу аталса, Ошонун алдында тизе бєгєп,
16 Ал Љз дањкынын молдугу боюнча Руху аркылуу ички адамыњарды бекемдесин деп;
17 ишеним аркылуу Машайак силердин жєрљгєњљрдљн орун алсын деп;
18 ошондой эле сєйєєгљ тамырланышсын жана негизделишсин, бардык ыйыктар менен бирге Машайактын сєйєєсєнєн кењдиги менен узундугу, терењдиги менен бийиктиги эмне экенин тєшєнљ алышсын деп;
19 акыл жеткис ошол сєйєєнє таанып билишсин, Кудайдын толуктугуна толушсун деп сыйынам.
20 Биздин ичибизде кєчє менен аракеттенип жаткан, сураганыбыздан да же ойлогонубуздан да артык кыла ала турган Кудай
21 Жыйында Машайак Ыйса аркылуу муундан муунга, кылымдан кылымга дањкталсын! Оомийин!
1 Ошентип, Тењир єчєн туткун болгон мен силерден љтєнљмєн: Кудай тарабынан чакырылып алынганыњарга ылайык жашагыла,
2 бардык учурда момун, жоош жана чыдамдуу болгула, бири-бирињерге сєйєє менен мамиле кылып, кљтљрємдєє болгула.
3 Рух биримдигин тынчтык байланышы аркылуу сактоого аракеттенгиле.
4 Дене бирљљ, Рух бирљљ, чакырылып алынганыњарда, бир ємєткљ чакырылгансыњар.
5 Тењир бирљљ, ишеним бирљљ, чљмєлдєрєє бирљљ,
6 бардыгынын єстєндљ, бардыгы аркылуу жана бардыгынын ичинде болгон, бардыгынын Кудайы жана Атасы бирљљ.
7 Машайактын чени менен ар бирибизге ырайым берилген.
8 Ошондуктан Ыйык Жазууда: «Жогоруга чыкты, туткундоону туткундады, адамдарга белектерди берди», – деп айтылган.
9 Ал эми «чыкты» деген сљздєн мааниси Машайак адегенде жердин тєпкєрєнљ тєштє дегенди билдирбейби?
10 Тљмљн тєшкљн да, бардыгын толтуруш єчєн, асмандан жогору кљтљрєлгљн да – Ал.
11 Бардыгыбыздын ишенимибиз жана Кудай Уулун таанып билєєбєз бирдей дењгээлге жеткенге чейин,
12 жеткилењ адамдын, Машайактын дењгээлине жеткенге чейин, Машайактын Денесин тєзєєдљ ыйыктарды кызмат кылууга жљндљмдєє кылуу єчєн,
13 Ал бирљљлљрдє элчи, бирљљлљрдє пайгамбар, бирљљлљрдє Жакшы Кабар таратуучу, бирљљлљрдє Жыйын башчысы жана окутуучу кылып дайындады.
14 Ал буларды адамдык амалкљйлєк жана ар кандай азгыруу ыкмасы менен адаштырган ар кандай окутуулардын шамалына айдалган, олку-солку болгон жаш балдардай болбой,
15 тескерисинче, чындыкты сєйєє менен айтып, бардык жагынан Башчыбыз Машайакка окшошуп љсєшєбєз єчєн дайындады.
16 Анын башчылыгы астында љз ара бириккен бардык муундардын жардамы менен бириктирилген жана тєзєлгљн дене љзєн сєйєє менен бекемдеп, ар бир мєчљнєн љз алдынча кылган аракетине жараша љсљт.
17 Ошондуктан Тењирдин атынан айтып эскертемин: мындан ары силер бутпарастарга окшоп куру кыял менен жашабагыла.
18 Алардын акылы карањгылангандыктан, тєркљйлєктљрєнєн жана жєрљктљрєнєн катууланганынын айынан Кудайдын жашоосунан четтеп калышкан.
19 Ыйманынан ажырап калган алар ар кандай ыпылас иштерди тойбостук менен жасап, бузуктукка берилип кетишкен.
20 Бирок силер Машайакты мындай таанып билген эмессињер,
21 силер Ал жљнєндљ уккансыњар жана Андан єйрљнгљнсєњљр, анткени чындык Ыйсада.
22 Силер Андан алдамчы кумарлары менен чирип бара жаткан эски адамдын мурдагы жєрєм-турумун таштоо керек экендигин,
23 акыл-оюњарды жањыртып турушуњар керек экендигин,
24 чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жањы адамды кийєє керек экендигин єйрљнгљнсєњљр.
25 Мына ошондуктан жалгандан баш тартып, ар кимињер жакыныњарга чындыкты айткыла, себеби биз бири-бирибизге мєчљбєз.
26 Ачууланганыњарда кєнљљ кетирбегиле: кєн батканча, ачууњарды баскыла,
27 шайтанга орун бербегиле.
28 Ким уурулук кылып жєрсљ, мындан ары уурулук кылбасын, тескерисинче, эмгектенип, муктаж болгон адамга бир нерсе бере алгыдай болуш єчєн, љз колу менен пайдалуу нерсе жасасын.
29 Оозуњардан эч кандай жаман сљз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайдалуу боло турган, ишенимди бекемдей турган жакшы сљздљрдє сєйлљгєлљ.
30 Кудайдын Ыйык Рухун капа кылбагыла. Куткарылуу кєнє ошол Рух менен мљљрлљнгљнсєњљр.
31 Кыжырдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, заар тилден жана бардык жаман нерселерден арылгыла.
32 Бири-бирињерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машайак аркылуу кечиргендей, бири-бирињерди кечиргиле.
1 Сєйєктєє балдар катары Кудайды туурагыла,
2 Машайак бизди сєйгљндєктљн, биз єчєн Љзєн Кудайга жыты жагымдуу тартуу жана курмандык катары бергендей, силер да сєйєє жолунда жєргєлљ.
3 Арањарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дєнєйљкорлук жљнєндљ сљз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт.
4 Ошондой эле уятсыз, мањызсыз жана маскаралаган сљздљрдє сєйлљбљгєлљ, мындай кылуу жарабайт, анын ордуна ыраазычылык билдиргиле.
5 Билип койгула: ойноштук кылуучу, нике бузуучу, дєнєйљкор, башкача айтканда, бутка табынуучу Машайактын жана Кудайдын Падышачылыгында мураска ээ болбойт.
6 Эч ким силерди мањызсыз сљздљр менен алдабасын. Ошондой кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат.
7 Ошондуктан аларга шерик болбогула.
8 Силер бир кезде карањгы элењер, бирок азыр Тењир аркылуу жарык болдуњар, жарыктын балдары катары жашагыла.
9 Анткени жарыктын жемиши: боорукердик, адилдик, чындык.
10 Кудайга эмне жагарын ажырата билгиле.
11 Карањгылыктын жемишсиз иштерине аралашпагыла, тескерисинче, аларды ашкере кылгыла,
12 анткени алардын жашыруун кылып жаткандарын айтканга ооз да барбайт.
13 Анткени ашкереленген нерсенин баары жарык аркылуу ашкереленет, ачыкка чыккан нерсенин баары – жарык.
14 Ошондуктан Ыйык Жазууда: «Уктап жаткан љлєк адам, ойгон, тирил, Машайак сени жарык кылат», – деп айтылган.
15 Ошентип, кандай жашап жатканыњарга кљњєл коюп карап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла.
16 Убакытты пайдалана билгиле, анткени убакыт жаман.
17 Ошон єчєн акылсыз болбогула, тескерисинче, Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билгиле.
18 Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Рухка толгула:
19 бири-бирињерге забурларды, дањктоо ырларын жана рухий ырларды айтып, Тењирди чын жєрљгєњљр менен дањктап ырдагыла;
20 Тењирибиз Ыйса Машайактын атынан Кудай Атабызга бардык учурда бардык нерсе єчєн ыраазычылык билдиргиле;
21 Кудайдан коркуу менен бири-бирињерге баш ийгиле.
22 Аялдар, кєйљљњљргљ Тењирге баш ийгендей баш ийгиле,
23 анткени дененин Куткаруучусу Машайак Жыйындын башчысы болгон сыяктуу эле, кєйљљ да аялдын башчысы.
24 Жыйын Машайакка баш ийгендей эле, аялдар да бардык нерседе кєйљљлљрєнљ баш ийишсин.
25 Кєйљљлљр, аялыњарды Машайак Жыйынды сєйгљндљй сєйгєлљ. Машайак Жыйын єчєн Љзєн берген.
26 Ал Жыйынды сљз менен, суу менен жууп тазалап, ыйыктоо єчєн;
27 тагы, кемчилиги же ушул сыяктуу бир нерсеси жок, ыйык жана кемчиликсиз кылып, Љзєнєн алдына дањктуу кылып коюу єчєн Љзєн берген.
28 Ошол сыяктуу эле кєйљљлљр да аялдарын љздљрєнєн денесин сєйгљндљй сєйєшє керек. Аялын сєйгљн адам љзєн сєйљт.
29 Анткени эч ким эч качан љзєнєн денесин жек кљрбљйт, тескерисинче, Машайак Жыйын єчєн кам кљргљн сыяктуу, љз денесин азыктандырат, жылытат,
30 анткени биз Анын дене мєчљлљрєбєз. Анын этинен жана сљљгєнљн жаратылганбыз.
31 «Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экљљ бир дене болот».
32 Бул сыр аябай терењ, менин айтканым Машайакка жана Жыйынга тиешелєє.
33 Силерге тиешелєєсє болсо бул: кєйљљсє аялын љзєн сєйгљндљй сєйсєн, аял болсо кєйљљсєн урматтасын.
1 Балдар, ата-энењерге баш ийгиле, бул Тењирге жагат, анткени ушундай кылганыњар туура.
2 «Ата-энењди сыйла» деген осуят – убадалуу осуяттардын биринчиси:
3 «Сага жакшы болушу єчєн жана жер єстєндљ љмєрєњ узак болушу єчєн, ата-энењди сыйла».
4 Аталар, силер да балдарыњарды кыжырдантпагыла, аларды Тењирдин єйрљтєєсє жана акыл-насааты менен тарбиялагыла.
5 Кулдар, кожоюнуњарга Машайакка баш ийгендей, чын жєрљктљн, коркунуч жана титирљљ менен баш ийгиле.
6 Бирок адамдарга жагынуучуларга окшоп кљзгљ кљрєнєш єчєн баш ийбегиле, тескерисинче, Машайактын кулдары катары Кудайдын эркин чын жєрљктљн аткарып,
7 адамдарга эмес, Тењирге кызмат кылгандай, тырышчаактык менен кызмат кылып баш ийгиле.
8 Анткени кул болобу, эркин адам болобу, ар ким љзєнєн кылган жакшы ишине жараша Тењирден тиешесин аларын билесињер.
9 Кожоюндар, силер да кулдарыњарга катаал мамиле жасабагыла, анткени алардын да, силердин да єстєњљрдљ, асманда Кожоюнуњар бар экендигин, Анда бет карамалык жок экенин билесињер.
10 Акырында айтарым, Тењирден жана Анын кудуреттєє кєчєнљн кєч алгыла.
11 Шайтандын айла-амалдарына каршы тура алуу єчєн, Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле,
12 анткени биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул карањгы дєйнљнєн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы кєрљшљбєз.
13 Ошондуктан кыйын кєндљрдљ каршы тура алышыњар єчєн, бардыгын жењип, туруштук бере алышыњар єчєн, Кудайдын бардык курал-жарагын алгыла.
14 Ошентип, чындык менен курчанып, адилдикти соот кылып кийип,
15 бут кийимињерди кийип, тынчтык жљнєндљгє Жакшы Кабарды таратууга даяр тургула.
16 Баарынан мурун амалкљйдєн оттуу жебелеринин баарын љчєрљ алышыњар єчєн, ишенимди калкан кылып алгыла.
17 Ошондой эле куткарылгандыгыњарды туулга кылып кийип, Кудай Сљзєн – рухий кылычты алгыла.
18 Жалынуу жана сурануу менен, бардык учурда Рухтун жетеги менен сыйынгыла. Дайыма сергек болуп, туруктуулук менен сыйынгыла, бардык ыйыктар єчєн,
19 ошондой эле мен єчєн сыйынгыла: мага керектєє сљз берилсин, Жакшы Кабардын сырын кайраттуулук менен ачык жарыялагыдай болоюн.
20 Жакшы Кабар єчєн мен элчилик кызматты кишенде жєрєп аткарып жатам. Ошондуктан Жакшы Кабарды кайраттуулук менен, кандай таратышым керек болсо, ошондой таратышым єчєн сыйынып тургула.
21 Менин абалым, иштерим кандай экендигин силер да билишињер єчєн, Тењирдин ишенимдєє кызматчысы, сєйєктєє бир тууганыбыз Тихик силерге бєт баарын айтып берет.
22 Мен аны силерге ушул максат менен жиберип жатам, ал силерге биздин абалыбыз жљнєндљ билдирип, силерди сооротот.
23 Кудай Атадан жана Тењир Ыйса Машайактан бир туугандарга тынчтык, ишеним жана сєйєє тилейм.
24 Тењирибиз Ыйса Машайакты љзгљрєлбљс сєйєє менен сєйгљндљрдєн бардыгына Кудай ырайымын тљгљ берсин! Оомийин.