1 Кудай Атабыздын жана Тењирибиз Ыйса Машайактын Тесалоника Жыйынына Пабылдан, Сыластан жана Тиметейден салам!
2 Кудай Атабыз жана Тењирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын тљгєп, тынчтыгын бере берсин!
3 Бир туугандар, Кудайга ар дайым ыраазычылык билдиришибиз керек, ошенткенибиз туура, анткени силердин ишенимињер љсєєдљ, баарыњардын бири-бирињерге болгон сєйєєњљр артууда.
4 Ошондуктан биз Кудайдын Жыйындарында силер менен мактанып жатабыз. Башыњардан кечирип жаткан куугунтуктар, кыйынчылыктар учурундагы чыдамдуулугуњар, ишенимињер менен мактанып жатабыз.
5 Ушуларды башыњардан кечирип жаткандыгыњар – Кудайдын адилет соту боло тургандыгынын белгиси. Кудайдын Падышачылыгы єчєн азап чегип жаткан силер Кудайдын адилет сотунун негизинде Кудайдын Падышачылыгына татыктуу деп табыласыњар.
6 Кудай адилеттєє: силерди кордогондорго Ал кордук кљрсљтљт,
7 кордолуп жаткан силерге жана бизге кубаныч тартуулайт. Тењир Ыйса Љзєнєн кєчтєє периштелери менен, жалындаган от менен асмандан келгенде ушундай болот.
8 Ошондо Ал Кудайды тааныбагандарды жана биздин Тењирибиз Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди жазалайт.
9 Алар Тењирден жана Анын кудуретинин дањкынан ажырап, тєбљлєк љлєм жазасына тартылышат.
10 Мунун бардыгы Тењирибиз Ыйса Машайак Љзєнєн бардык ыйыктарынын арасында дањкталыш єчєн жана бардык ишенгендер аркылуу тањ калтырарлык улуулугу менен кљрєнєш єчєн келген кєнє болот. Алардын ичине силер да киресињер, анткени биздин кєбљлљндєрєєбєзгљ ишенгенсињер.
11 Ошондуктан биз Кудайыбыздын жана Тењирибиз Ыйса Машайактын ырайымына ылайык Тењирибиз Ыйса Машайактын ысымы силер аркылуу дањкталышы єчєн жана силер Ал аркылуу дањкталышыњар єчєн,
12 Кудайыбыз силерди Љзєнєн чакырыгына татыктуу кылсын деп, жакшы иштерди кылууга болгон ниетињерди ишке ашырсын деп, ишенимден улам кыла турган иштерињерди Љзєнєн кєчє менен аягына чыгарсын деп, силер єчєн дайыма сыйынабыз.
1 Бир туугандар, Тењирибиз Ыйса Машайактын келиши жљнєндљ жана биздин Аны менен биригєєбєз жљнєндљ айта турган болсок, мындай љтєнєчєбєз бар:
2 «Машайак келип калды» деген рухка же сљзгљ, же биздин атыбыздан жазылгансыган катка таянып, дєрбљлљњгљ тєшпљгєлљ, єрљйєњљрдє учурбагыла.
3 Силерди эч ким эч бир жол менен адаштырбасын, анткени адегенде Кудайдан четтей турган учур келет; љлєм уулу, кєнљљнєн адамы, ачыкка чыгат;
4 ал Кудай деп аталгандын же ыйык деп аталгандын бардыгына каршы чыгып, љзєн жогору кљтљрљт; Кудайдын ийбадатканасында отуруп, љзєн Кудай кылып кљрсљтљт.
5 Арањарда жєргљнємдљ, ушул жљнєндљ айтканым эсињерде жокпу?
6 Белгиленген убакытта ачыкка чыгышы єчєн, аны азыр эмне токтотуп жатканын силер билесињер.
7 Анткени мыйзамсыздыктын жашыруун сыры азыр аракетте, бирок токтотуп туруучу алынмайынча, ал ачыкка чыкпайт.
8 Ошондон кийин гана мыйзамсыз адам ачыкка чыгат, аны Тењир Ыйса оозунун деми менен љлтєрљт, Љзєнєн келгендеги кљрєнєшє аркылуу жок кылат.
9 Мыйзамсыз адамдын келиши шайтандын аракети боюнча болот. Анын келиши ар кандай кєчтљр, белгилер жана жалган ажайыптар менен,
10 куткара турган чындыкты сєйбљгљндєктљрє єчєн љлємгљ дуушар боло тургандарды адаштыруучу азгырыктар менен коштолот.
11 Ошондуктан жалган нерселерге ишениши єчєн, Кудай аларга адаштыруучу кєч жиберет.
12 Ошентип, жалганды жакшы кљрєп, чындыкка ишенбегендердин баары соттолот.
13 Тењир сєйгљн бир туугандарым, биз силер єчєн Кудайга дайыма ыраазычылык билдирєєгљ милдеттєєбєз, анткени Рух аркылуу ыйыкталып, чындыкка болгон ишенимињер аркылуу куткарылышыњар єчєн, Кудай силерди башында эле тандап алган.
14 Ал силерди биз тараткан Жакшы Кабар аркылуу куткарылып, Тењирибиз Ыйса Машайактын дањкына жетишињер єчєн чакырып алды.
15 Ошентип, бир туугандарым, бекем тургула! Сљзєбєз аркылуу, катыбыз аркылуу єйрљткљндљрєбєздє сактагыла.
16 Тењирибиз Ыйса Машайак Љзє жана бизди сєйгљн, Љз ырайымы менен бизди тєбљлєк соороткон, бизге жакшы ємєт берген Кудай Атабыз
17 силерди сооротсун жана силерге ар кандай жакшы иштерди кылууга, жакшы сљз сєйлљљгљ кєч берсин.
1 Бир туугандар, биз єчєн сыйынып тургула, силердегидей эле бизде да Кудайдын Сљзє таратылсын жана дањкталсын.
2 Адепсиз, жаман адамдардан кутулушубуз єчєн да сыйынгыла, анткени баарында эле ишеним жок.
3 Бирок Тењир ишенимдєє, Ал силерди бекемдейт жана амалкљйдљн сактайт.
4 Тењир жолунда силер тууралуу биздин мындай бекем ишенимибиз бар: силер биздин буйруктарыбызды аткарып жатасыњар жана аткарасыњар.
5 Тењир силердин жєрљгєњљрдє Кудайдын сєйєєсєнљ жана Машайактын чыдамдуулугуна багыттасын.
6 Бир туугандар, Тењирибиз Ыйса Машайактын атынан буюрабыз: биздин силерге єйрљткљнєбєз боюнча эмес, оюна келгенин кылган ар бир бир туугандан алыс болгула.
7 Бизден кандай єлгє алуу керектигин билесињер, анткени биз силердин арањарда жєргљнєбєздљ, адепсиздик кылган эмеспиз.
8 Эч кимдин нанын бекер жеген эмеспиз, эч кимињерге оорчулук келтирбеш єчєн, болгон кєчєбєздє жумшап, кєнє-тєнє иштедик.
9 Укугубуздун жоктугунан эмес, силер бизди туурашыњар єчєн, силерге єлгє бололу деп ошенттик.
10 Анткени биз арањарда жєргљнєбєздљ, силерге «Ким иштегиси келбесе, ал жебеши да керек» деген кљрсљтмљ бергенбиз.
11 Бирок силердин арањардан кээ бирљљлљр иштебей, болбогон иштер менен алек болуп, оюна келгенин кылып жатышканын угуп жатабыз.
12 Мындайларга Тењирибиз Ыйса Машайактын атынан буйрук кылабыз жана алардан љтєнљбєз: тынч иштеп, љз нанын таап жешсин.
13 Ал эми силер, бир туугандар, жакшылык кылуудан чарчабагыла.
14 Ушул каттагы сљздљрєбєзгљ кулак салбаган адамга эскертєє бергиле жана уяткарыш єчєн, аны менен мамиле тєзбљгєлљ.
15 Бирок аны душман катары кљрбљй, бир тууганыњар катары акыл айткыла.
16 Тынчтыктын булагы болгон Тењир Љзє силерге ар дайым бардык нерседе тынчтык берсин! Тењир баарыњар менен болсун!
17 Мен, Пабыл, бул саламымды љз колум менен жазып жатам. Ар бир катымдагы белгим ушул. Мен ушундай жазам.
18 Тењирибиз Ыйса Машайак баарыњарга ырайымын тљгљ берсин! Оомийин.