ЖАКАН АЛГАН АЯН

1-БЉЛЄМ

Кириш сљз

1 Бул – Ыйса Машайактын аяны. Жакында эмне болорун Љзєнєн кулдарына кљрсљтєє єчєн, Кудай Ага ушул аянды берди. Кудай бул аянды Љзєнєн периштеси аркылуу Љзєнєн кулу Жаканга кљрсљттє.

2 Жакан болсо Кудайдын сљзєн, Ыйса Машайактын кєбљлљндєрєєсєн жана љзєнєн кљргљндљрєн кєбљлљндєрдє.

3 Ушул пайгамбарчылыктарды окугандар жана уккандар, ошондой эле аянда жазылганды кармангандар бактылуу, анткени убакыт жакындап калды.

Жети Жыйынга айтылган салам

4 Асиядагы жети Жыйынга Жакан мындай деп жазат: Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан Кудай, Анын тактысынын алдында турган жети рух,

5 ошондой эле ишенимдєє кєбљ, љлгљндљрдєн арасынан биринчи болуп тирилген, жер єстєндљгє падышалардын падышасы болгон Ыйса Машайак силерге ырайымын тљгєп, тынчтыгын бере берсин! Бизди сєйгљндєктљн, кєнљљлљрєбєздє Љзєнєн каны менен жууган,

6 бизди Љзєнєн Атасы Кудайга таандык падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылган Ал тєбљлєккљ дањкталып, бийлик кыла берсин! Оомийин!

7 Мына, Ал булуттар менен келе жатат, Аны бардык кљздљр кљрљт, Аны найза менен сайгандар да кљрєшљт. Жер єстєндљгє бардык элдер Анын алдында боздоп ыйлашат. Ооба, ошондой болот, оомийин.

8 Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Тењир мындай дейт: «Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын».

Жакандын Патмос аралында кљргљн кљрєнєшє

9 Ыйса Машайактын азап чегєєсєнљ, падышачылык кылуусуна жана чыдамкайлык кљрсљтєєсєнљ ортоктош болгон силердин бир тууганыњар мен, Жакан, Кудайдын сљзє єчєн жана Ыйса Машайак жљнєндљ кєбљлљндєргљнєм єчєн, Патмос аралында болдум.

10 Тењирдин кєнєндљ мен Рухка толдум. Ошондо мен арка жагымдан сурнайдын єнєндљй болгон катуу єндє уктум, ал єн мындай деп айтты: «Мен Альфамын жана Омегамын, биринчимин жана акыркымын.

11 Эмнени кљрєп турсањ, ошону китепке жазып, аны Асиядагы Эфес, Смирна, Пергам, Тиатира, Сардес, Филаделфия жана Лаодикея Жыйындарына жибер».

12 Мага сєйлљгљн єн кимдин єнє экенин кљрљйєн деп, артымды карадым. Ошондо мен жети алтын чыракты кљрдєм.

13 Жети чырактын ортосунда Адам Уулуна окшогон бирљљ туруптур. Ал узун кийим кийип, кљкєрљгєн алтын кемер менен курчап алыптыр.

14 Анын башы менен чачы ак жєндљй жана кардай аппак, кљздљрє оттун жалынындай,

15 буттары меште кызып жаркыраган жездей, єнє суулардын шаркыраган єнєндљй эле.

16 Анын оњ колунда жети жылдыз бар экен, Анын оозунан эки миздєє кылыч чыгып туруптур. Анын жєзє болсо жаркырап тийип турган кєндљй эле.

17 Мен Аны кљргљндљ, Анын бут алдына љлєк сыяктуу жыгылдым. Ошондо Ал менин єстємљ оњ колун коюп, мындай деди: «Коркпо! Мен биринчимин жана акыркымын.

18 Мен тирєємєн. Љлгљн элем, азыр болсо тєбљлєккљ тирєємєн, оомийин. Љлгљндљр жаткан жай менен љлємдєн ачкычтары Менде.

19 Ошондуктан эмнени кљрсљњ, азыр эмне болуп жатса, мындан кийин эмне боло турган болсо, ошонун баарын жаз.

20 Менин оњ колумдагы сен кљргљн жети жылдыздын жана жети алтын чырактын жашыруун сыры мындай: жети жылдыз – жети Жыйындын периштелери, ал эми сен кљргљн жети чырак – жети Жыйындын љзє.

2-БЉЛЄМ

Эфес шаарындагы Жыйынга жазылган кат

1 Эфестеги Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Оњ колунда жети жылдыз кармап турган жана жети алтын чырактын арасында басып жєргљн Тењир мындай дейт:

2 “Мен сенин иштерињди, эмгегињди, чыдамкайлыгыњды, бузулгандарга чыдай албастыгыњды, элчи эмес болушса да, љздљрєн элчибиз деп эсептегендерди сынап кљрєп, алардын жалганчы экенин аныктаганыњды билем.

3 Сен кљп нерсени башыњдан љткљрдєњ, сенде чыдамкайлык бар, Менин ысымым єчєн иштедињ, чарчаган жоксуњ.

4 Бирок Менин сага айта турган бир нааразычылыгым бар: сен биринчи сєйєєњдє таштап койгонсуњ.

5 Ошондуктан кайсы жерден жыгылганыњды эстеп, тобо кыл да, мурун жасап жєргљн иштерињди жасай бер. Эгерде андай кылбасањ, тобо кылбасањ, анда Мен сага жакын арада келем да, чырагыњды ордунан алып таштайм.

6 Бирок сенин Николайдын окутуусун жолдоочулардын иштерин жек кљргљнєњ жакшы, алардын иштерин Мен да жек кљрљм.

7 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жењген адамга Кудайдын бейишинин ортосундагы љмєр дарагынын жемишинен даам таттырам”.

Смирна шаарындагы Жыйынга жазылган кат

8 Смирнадагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Љлєп кайра тирилген Биринчи жана Акыркы мындай дейт:

9 “Мен сенин иштерињди, тарткан азаптарыњды жана жакырдыгыњды билем (бирок сен байсыњ). Љздљрєн жєйєтпєз деп эсептеп жєргљндљрдљн жаман сљздљрдє укканыњды билем, бирок алар – жєйєттљр эмес, шайтанга таандык адамдардын тобу.

10 Башыњдан љтљ турган кыйынчылыктардан коркпо. Сыналышыњар єчєн, шайтан силердин арањардан кээ бирљљлљрєњљрдє зынданга салат, он кєн кыйналасыњар. Љмєрєњдєн акырына чейин ишенимдєє бол, ошондо Мен сага љмєр таажысын берем.

11 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жењген адам экинчи љлємдљн зыян тартпайт”.

Пергам шаарындагы Жыйынга жазылган кат

12 Пергамдагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: эки миздєє кылычы бар Тењир мындай дейт:

13 “Сенин иштерињди билем, сен шайтандын тактысы турган жерде жашайсыњ, Менин ысымымды бек тутуп жєрљсєњ, Менин ишенимдєє кєбљм Антипа силердин арањарда, шайтан жашаган жерде љлтєрєлгљн кєндљрдљ да Мага болгон ишенимињден баш тарткан жоксуњ.

14 Бирок Менин сага айта турган бир аз нааразычылыгым бар: сенде Биламдын окутуусун жолдогондор бар. Ошол Билам Балакты Ысрайыл уулдарын азгырууга: аларды буркандарга чалынган курмандыктан жегенге, бузуктук кылууга єйрљткљн.

15 Ошондой эле сенде Николайдын окутуусун жолдогондор бар, Мен ал окутууну жек кљрљм.

16 Тобо кыл. Эгерде антпесењ, Мен сага жакында келип, ошол окутууну жолдогондорго каршы оозумдагы кылыч менен согушам.

17 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жењген адамга жашыруун маннадан даам таттырам жана ага бир ак таш берем. Ал таштын бетинде жањы ысым жазылуу болот, алган адамдан башка эч ким ал ысымды билбейт”.

Тиатира шаарындагы Жыйынга жазылган кат

18 Тиатирадагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: кљздљрє оттун жалынындай кєйєп турган, буттары жездей жаркырап турган Кудайдын Уулу мындай дейт:

19 “Сенин иштерињди да, сєйєєњдє да, ишенимињди да, кызматыњды да, чыдамкайлыгыњды да, кийинки иштерињ мурунку иштерињден кљп экенин да билем.

20 Бирок Менин сага айта турган бир аз нааразычылыгым бар: сен љзєн пайгамбар эсептеген Изебел деген аялдын Менин кулдарымды бузуктук кылууга, буркандарга чалынган курмандыктан жегенге єйрљтєєсєнљ, адаштыруусуна жол берип жатасыњ.

21 Мен ал аялга бузуктугу єчєн тобо кылууга убакыт бергем, бирок ал тобо кылгысы келген жок.

22 Ошондуктан Мен аны оорутуп, тљшљккљ жаткырам. Эгерде љздљрєнєн иштери єчєн љкєнєп тобо кылышпаса, аны менен бирге бузуктук кылгандарды оор кайгыга салам.

23 Анын балдарын љлтєрљм, ошондо Жыйындардын баары Менин адамдын ички дєйнљсєн жана жєрљгєн Сыноочу экенимди билишет. Ар бирињерге иштерињерге жараша тиешењерди берем.

24 Ал эми силерге, бул окутууну жолдобогон жана «шайтандын терењ сырлары» деп аталган нерселерди билбеген Тиатиранын калган тургундарына, мындай демекчимин: Мен силердин башыњарга башка кыйынчылык салбайм.

25 Эмнењер бар болсо, ошону гана Мен келгенче, бекем кармап тургула.

26 Ким жењип чыгып, Менин иштеримди аягына чейин аткарса, Љзємдєн Атамдан бийлик алганымдай эле, аны бутпарастардын єстєнљн бийликке коём.

27 Ал аларды темир таяк менен кайтарат, алар чопо идиш талкалангандай талкаланышат.

28 Ага тањ жылдызын берем.

29 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”.

3-БЉЛЄМ

Сардес шаарындагы Жыйынга жазылган кат

1 Сардестеги Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Колунда Кудайдын жети Руху жана жети жылдыз бар Тењир мындай дейт: “Мен сенин иштерињди билем. Сен тирєє болуп аталып жєргљнєњ менен љлєксєњ.

2 Сергек бол, љлєм алдында турган нерселерињди бекемде, анткени Мен сенин иштерињди Кудайымдын алдында жеткилењ деп таппадым.

3 Эмнени кабыл алганыњды, эмнени укканыњды эстеп, ошону сакта, тобо кыл. Эгерде сен сергек болбосоњ, анда Мен сага ууру сыяктуу келем, Менин кайсы саатта келеримди билбей каласыњ.

4 Бирок сенин Сардесте бир нече кишињ бар, алар кийимдерин кирдетишкен жок. Алар ак кийимдерин кийип, Мени менен жєрєшљт, анткени алар ошого татыктуу.

5 Жењген адам ак кийим киет. Мен анын ысымын љмєр китебинен љчєрбљйм, анын ысымын Атамдын алдында жана Анын периштелеринин алдында ачык тааныйм.

6 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”.

Филаделфия шаарындагы Жыйынга жазылган кат

7 Филаделфиядагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Ыйык, Чыныгы, Дљљттєн ачкычын алып жєрєєчє Тењир (Ал ачса, эч ким жаба албайт; Ал жапса, эч ким ача албайт) мындай дейт:

8 “Мен сенин иштерињди билем. Мына, Мен сенин алдыњда эшикти ачып койдум, аны эч ким жаба албайт. Анткени сен кєчєњ аз болгонуна карабастан, Менин сљзємдє сактадыњ, Менин ысымымдан баш тарткан жоксуњ.

9 Мына, Мен шайтанга таандык топтогу адамдардын кээ бирљљлљрєн, жєйєт эмес болушса да, жєйєтпєз деп калп айткандарды, сенин алдыња алып келип, таазим кылдырам, ошондо алар Менин сени сєйгљндєгємдє билишет.

10 Сен Менин чыдамкайлык жљнєндљгє сљзємдє сактадыњ, ошондуктан Мен да сени жер єстєндљ жашагандардын сыналуусу єчєн бєт дєйнљдљ боло турган сыноо убагынан сактап калам.

11 Мен жакында келем. Бирљљ сенин таажыњды тартып албаш єчєн, эмнењ бар болсо, ошону бекем карма.

12 Жењип чыккан адамды Мен Кудайымдын ийбадатканасынын тирљљчє кылам, ал ошол жерден эч качан чыкпайт. Тирљљчтєн бетине Мен Кудайымдын ысымын жана Кудайымдын шаарынын атын, Кудайымдан, асмандан тєшкљн жањы Иерусалимдин атын жана Љзємдєн жањы ысымымды жазып коём.

13 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”.

Лаодикея шаарындагы Жыйынга жазылган кат

14 Лаодикеядагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Ысымы Оомийин, ишенимдєє жана чыныгы кєбљ, Кудайдын жаратуусунун башталышы, мындай дейт:

15 “Сенин иштерињди билем. Сен муздак да, ысык да эмессињ. Атаганат, сен муздак же ысык болсоњ эмне!

16 Сен ысык да, муздак да эмес, жылуу болгонуњ єчєн, Мен сени оозумдан бєркєп чыгарып салам.

17 Анткени сен: "Мен баймын, байып калдым, эч нерсеге муктаж эмесмин", – деп айтып жатасыњ. Бирок сен љзєњдєн бактысыз, аянычтуу, жакыр, сокур жана жылањач экендигињди билбейсињ.

18 Мен сага мындай кењеш берем: байышыњ єчєн, сен Менден отко тазаланган алтын сатып алгын; жылањач этињ кљрєнбљш єчєн, Менден ак кийим сатып алып кий; кљзєњ кљрєш єчєн, Менден кљздєн майын сатып алып, кљзєњљ сыйпа.

19 Мен кимди сєйсљм, ошолорду ашкерелеп, жазалайм. Ошондуктан тырышчаак бол жана тобо кыл.

20 Мына, Мен эшиктин алдында туруп, эшикти чертип жатам. Ким Менин єнємдє угуп, эшигин ачса, Мен аныкына кирип, аны менен бирге тамак ичем, ал да Мени менен бирге тамак ичет.

21 Мен жењип чыгып, Атамдын жанына, Анын тактысына отурганымдай эле, жењип чыккан адамды Љзємдєн жаныма, тактыма отургузам.

22 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”».

4-БЉЛЄМ

Асмандагы тактыда отурган Кудай

1 Ошондон кийин мен љйдљ карап, асмандын эшиги ачылганын кљрдєм. Мен мурун уккан, сурнайдын єнєндљй болгон, мага сєйлљгљн єн мындай деди: «Бул жакка чык, Мен сага мындан кийин эмне болушу керек экендигин кљрсљтљм».

2 Ошол замат мен Рухка толдум. Ошондо мен асманда такты турганын, тактыда Бирљљ отурганын кљрдєм.

3 Анын кљрєнєшє яспис жана акак таштарындай экен. Ал эми тактыны кљрєнєшє зымырыт ташындай болгон жаа тегерете курчап турат экен.

Тактыларда отурган аксакалдар

4 Ал тактынын тегерегинде жыйырма тљрт такты бар экен. Ал тактыларда єстєлљрєнљ ак кийим, баштарына алтын таажы кийген жыйырма тљрт аксакал отурганын кљрдєм.

5 Такты тараптан чагылган чартылдап, кєн кєркєрљп, катуу дабыштар чыгып жатты. Ал эми тактынын алдында Кудайдын жети руху болгон жети чырак жалындап кєйєп туруптур.

6 Тактынын алдында кристаллга окшогон, тунук айнектей болгон дењиз, тактынын ортосунда жана тегерегинде алды-арты бєт кљз болгон тљрт тирєє жандык бар экен.

7 Биринчи жандык арстанга, экинчиси торпокко, єчєнчєсєнєн бети адамдыкына, тљртєнчєсє болсо учуп бара жаткан бєркєткљ окшош экен.

8 Тљрт тирєє жандыктын ар биринин алтыдан канаты бар эле, ал эми алардын тула бою кљзгљ толо эле. Алар кєнє-тєнє тыным албастан: «Башынан бери эле бар болгон, азыр да бар болуп турган, келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Кудай-Тењир ыйык, ыйык, ыйык!» – деп жатышты.

9 Бул тирєє жандыктар тактыда отурган, тєбљлєк жашоочу Кудайды дањктап, Ага урмат кљрсљтєп, ыраазычылык билдиришкен сайын,

10 жыйырма тљрт аксакал тактыда Отургандын алдына жыгылып, тєбљлєк Жашоочуга таазим кылып, таажыларын тактынын алдына коюп, мындай деп жатышты:

11 «Тењир, Сен дањкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуњ, анткени бардыгын Сен жараттыњ, бардыгы Сенин каалооњ менен жаратылып, бар болуп турат».

5-БЉЛЄМ

Жети мљљр басылган китеп

1 Анан мен тактыда Отургандын оњ колунан эки бетине тењ жазылган, жети мљљр басылган тєрмљк китепти кљрдєм.

2 Ошондой эле кєчтєє периштени кљрдєм, ал: «Мљљрлљрдє алып таштап, китепти ачууга ким татыктуу?» – деп, катуу єн менен сурап жатты.

3 Бирок асманда да, жерде да, жер астында да ал китепти ачууга, анын ичин кароого эч ким табылган жок.

4 Ошондо мен ал китепти ачып окууга, атєгєл, анын ичин кароого татыктуу эч ким табылбагандыгы єчєн аябай ыйладым.

5 Ошондо аксакалдардын бири мага мындай деди: «Ыйлаба, мына, Жєйєт уруусунан, Дљљттєн тукумунан чыккан Арстан жењип чыкты. Мына Ошол жети мљљрдє алып таштап, китепти ача алат».

6 Анан мен тактынын, тљрт тирєє жандыктын жана аксакалдардын ортосунда мууздалган сыяктуу Козу турганын кљрдєм. Анын жети мєйєзє жана жети кљзє бар экен. Алар – Кудайдын бєт дєйнљгљ жиберген жети руху.

7 Ошол Козу келип, тактыда Отургандын оњ колунан китепти алды.

8 Ал китепти алганда, тљрт тирєє жандык жана жыйырма тљрт аксакал Козунун алдына жыгылышты. Алардын ар биринде гусли жана жыпар жыттуу затка толгон алтын чљйчљктљр бар эле. Ал чљйчљктљрдљгє жыпар жыттуу зат – ыйыктардын сыйынуусу.

9 Анан алар мындай жањы ыр ырдашты: «Сен китепти алууга, анын мљљрлљрєн ачууга татыктуусуњ, анткени Сен мууздалдыњ, Љз каныњ менен ар бир уруудан, ар бир тилден, ар бир элден жана ар бир улуттан бизди Кудайга сатып бердињ.

10 Бизди Кудайыбызга падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылдыњ. Биз жер єстєндљ падышачылык кылабыз».

11 Анан мен тактынын, тирєє жандыктардын жана аксакалдардын тегерегинен кљптљгљн периштелерди кљрдєм, алардын єндљрєн уктум. Алар мињ-мињдеп, мињ-тємљндљп саналат экен.

12 Алар катуу єн менен: «Мууздалган Козу бийликке жана байлыкка, даанышмандыкка жана кудуретке ээ болууга, урматталууга, дањкталууга жана макталууга татыктуу», – деп айтып жатышты.

13 Ошондо мен асмандагы жана жердеги, жер астындагы жана дењиздеги, бєт дєйнљ жєзєндљгє тирєє жандыктардын баарынын: «Тактыда Отурган жана Козу тєбљлєккљ макталсын, урматталсын, дањкталсын жана бийлик кыла берсин!» – деп айтышканын уктум.

14 Ошондо тљрт тирєє жандык: «Оомийин», – дешти. Жыйырма тљрт аксакал болсо жерге жыгылып, тєбљлєк Жашоочуга таазим кылды.

6-БЉЛЄМ

Биринчи мљљр – ак атчан

1 Анан мен Козунун жети мљљрдєн биринчисин ачканын кљрдєм. Андан кийин тљрт тирєє жандыктын биринин кєндєн кєркєрљгљнєндљй болгон єн менен: «Келип кара», – дегенин уктум.

2 Мен барып карап, ак ат чыкканын кљрдєм. Аны минип тургандын жаасы бар экен. Ага таажы берилди. Ал жењєєчє катары жењєє єчєн чыкты.

Экинчи мљљр – жээрде атчан

3 Ал экинчи мљљрдє ачканда, экинчи тирєє жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум.

4 Ошондо жээрде ат чыкты. Адамдар бири-бирин љлтєрєшє єчєн, ал атты минип турганга жер єстєнљн тынчтыкты алып салуу укугу берилди. Анан ага чоњ кылыч берилди.

Єчєнчє мљљр – кара атчан

5 Ал єчєнчє мљљрдє ачканда, мен єчєнчє тирєє жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум. Карасам, кара ат чыкты, аны минип тургандын колунда тараза бар экен.

6 Ошондо мен тљрт тирєє жандыктын ортосунан мындай деп сєйлљгљн єндє уктум: «Бир ченем буудай бир динарий, єч ченем арпа бир динарий болсун, ал эми май менен шарапка кол тийгизбе».

Тљртєнчє мљљр – боз атчан

7 Ал тљртєнчє мљљрдє ачканда, тљртєнчє тирєє жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум.

8 Карасам, боз ат чыкты, аны минип тургандын ысымы «Љлєм» экен. Анын артынан љлгљндљр жаткан жай ээрчип алыптыр. Ага жердин тљртєнчє бљлєгєн кылыч жана ачкачылык менен, жугуштуу оору жана жырткычтар менен љлтєрєєгљ бийлик берилди.

Бешинчи мљљр – курмандык чалынуучу жайдын алдындагы азап тарткан адамдар

9 Ал бешинчи мљљрдє ачканда, мен курмандык чалынуучу жайдын алдынан Кудайдын сљзє єчєн жана љздљрєнєн кєбљлљндєрєєсє єчєн љлтєрєлгљн адамдардын жандарын кљрдєм.

10 Алар єндљрєн бийик чыгарып, мындай деп кыйкырып жатышты: «Ыйык жана чыныгы Эгедер, качанкыга чейин сот жєргєзбљйсєњ, качанкыга чейин биздин каныбыз єчєн жер єстєндљ жашагандардан љч албайсыњ?»

11 Ошондо алардын ар бирине ак кийим берилди жана аларга: «Кызматташтарыњар менен бир туугандарыњар да силердей болуп љлтєрєлєп, белгиленген санды толуктаганга чейин, дагы бир аз убакыт тынчтана тургула», – деп айтылды.

Алтынчы мљљр – Козунун каары

12 Ал алтынчы мљљрдє ачканда, карасам, катуу жер титирљљ болду, кєн зумбал сыяктуу карарды, ай кан сыяктуу кызарды.

13 Катуу шамалдан анжыр дарагынын быша элек мљмљлљрє кєбєлєп тєшкљн сыяктуу, асмандагы жылдыздар жерге тєштє.

14 Асман да тєрєлгљн кагаз сыяктуу тєрєлєп жок болду. Бардык тоолор, бардык аралдар ордунан жылды.

15 Жер єстєндљгє падышалар да, башчылар да, байлар да, мињ башылар да, кєчтєєлљр да, кулдар да, эркин адамдар да єњкєрлљргљ жана капчыгайларга жашынып,

16 тоолорго жана аскаларга: «Yстєбєзгљ кулап, бизди тактыда Отургандын жєзєнљн жана Козунун каарынан жашыра кљргєлљ.

17 Анткени Анын каары тљгєлљ турган улуу кєн келди, ага ким туруштук бере алат?» – дешти.

7-БЉЛЄМ

Мљљрлљнгљндљрдєн саны

1 Андан кийин мен жердин тљрт бурчунда турган тљрт периштени кљрдєм. Алар жерге, дењизге, бир да даракка шамал тийбесин деп, жердин тљрт тарабынын шамалын кармап турушуптур.

2 Анан мен чыгыштан кљтљрєлєп келе жаткан, колунда тирєє Кудайдын мљљрє бар башка периштени кљрдєм. Ал жерге жана дењизге зыян келтирєєгљ буйрук алган тљрт периштеге катуу єн менен мындай деди:

3 «Кудайыбыздын кулдарынын чекелерине биз мљљр басканга чейин, жерге да, дењизге да, дарактарга да зыян келтирбегиле».

4 Анан мен мљљрлљнгљндљрдєн санын уктум: Ысрайылдын бардык урууларынан мљљрлљнгљндљрдєн саны жєз кырк тљрт мињ экен.

5 Жєйєт уруусунан он эки мињ адамга, Рубейин уруусунан он эки мињ адамга, Гат уруусунан он эки мињ адамга,

6 Ашыр уруусунан он эки мињ адамга, Напталы уруусунан он эки мињ адамга, Менаше уруусунан он эки мињ адамга,

7 Шымон уруусунан он эки мињ адамга, Леби уруусунан он эки мињ адамга, Исахар уруусунан он эки мињ адамга,

8 Забулун уруусунан он эки мињ адамга, Жусуп уруусунан он эки мињ адамга, Бенжемин уруусунан он эки мињ адамга мљљр басылыптыр.

Ар кайсы элдердин арасынан куткарылгандар

9 Ошондон кийин карасам, ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден эч ким санай алгыс, эбегейсиз кљп адамдар тактынын жана Козунун алдында ак кийим кийип, колдоруна курма пальмасынын бутагын кармап турушуптур.

10 Алар єндљрєн бийик чыгарып: «Тактыда отурган биздин Кудайдан жана Козудан куткарылуу келет!» – деп айтып жатышты.

11 Бардык периштелер тактыны, аксакалдарды жана тљрт тирєє жандыкты тегеректеп алып, тактынын алдына жєзтљмљндљп жыгылып, Кудайга мындай деп табынып жатышты:

12 «Оомийин! Алкыш, дањк, даанышмандык, ыраазычылык, урмат-сый, кєч-кубат жана кудурет тєбљлєккљ биздин Кудайыбызга таандык! Оомийин».

13 Анан аксакалдардын бири сљз баштап, менден: «Бул ак кийимчендер кимдер, булар кайдан келишкен?» – деп сурады.

14 Мен ага: «Сен аны билесињ, мырза», – деп жооп бердим. Ошондо ал мага мындай деди: «Булар – улуу кайгыдан келгендер. Алар љздљрєнєн кийимдерин жуушкан, алар љздљрєнєн кийимдерин Козунун канына агартышкан.

15 Ошон єчєн алар азыр Кудайдын тактысынын алдында туруп, Анын ийбадатканасында Ага кєнє-тєнє кызмат кылып жатышат. Тактыда Отурган алардын арасында жашайт.

16 Алар эми эч качан ачка болушпайт, суусашпайт, аларды кєн жана эч кандай ысык куйкалабайт.

17 Анткени аларды тактынын ортосундагы Козу кайтарып, тирєє суунун башатына алып барат. Кудай алардын бардык кљз жашын аарчыйт».

8-БЉЛЄМ

Жетинчи мљљр – тынчтыктын љкєм сєрєєсє

1 Козу жетинчи мљљрдє ачканда, асманда жарым саатча тынчтык љкєм сєрдє.

2 Андан кийин мен Кудайдын алдында турган жети периштени кљрдєм, аларга жети сурнай берилди.

3 Анан башка бир периште келип, курмандык чалынуучу жайдын алдына турду. Анын колунда жыпар жыттуу зат тєтљтєлєєчє алтын чљйчљк бар экен. Ага кљп жыпар жыттуу зат берилди. Анткени ал аны бардык ыйыктардын сыйынуулары менен бирге тактынын алдында турган, алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайдын єстєнљ коюшу керек эле.

4 Жыпар жыттуу заттардын тєтєнє ыйыктардын сыйынуулары менен бирге периштенин колунан Кудайдын алдына кљтљрєлдє.

5 Анан периште жыпар жыттуу заттар тєтљтєлєєчє чљйчљктє алды да, аны курмандык чалынуучу жайдагы от менен толтуруп, жерге ыргытып жиберди. Ошондо катуу дабыштар чыгып, кєн кєркєрљп, чагылган чартылдап, жер титиреди.

6 Анан жети сурнайы бар жети периште сурнай тартууга даярданды.

Биринчи сурнай – кан аралаш тєшкљн мљндєр жана от

7 Биринчи периште сурнай тартканда, жерге кан аралаш мљндєр жана от тєштє. Ошондо дарактардын єчтљн бир бљлєгє љрттљндє, кљк чљптєн баары кєйєп кетти.

Экинчи сурнай – жалындап кєйєп жаткан тоонун дењизге кулашы

8 Экинчи периште сурнай тартканда, жалындап кєйєп жаткан чоњ тоо сыяктуу бир нерсе дењизге кулады. Ошондо дењиздин єчтљн бир бљлєгє канга айланды.

9 Дењизде жашаган тирєє жандыктардын єчтљн бир бљлєгє љлєп, кемелердин єчтљн бир бљлєгє кыйрады.

Єчєнчє сурнай – «Эрмен» жылдызы

10 Yчєнчє периште сурнай тартканда, асмандан шам чырактай кєйгљн чоњ жылдыз тєштє. Ал дарыялардын єчтљн бир бљлєгєн жана булактарды басып калды.

11 Бул жылдыздын аты «Эрмен» эле. Ошондо суунун єчтљн бир бљлєгє уулуу болуп калды. Бул суудан кљп адамдар љлєштє, анткени суу ачуу болуп калган эле.

Тљртєнчє сурнай – кєндєн, айдын жана жылдыздардын єчтљн бир бљлєгєнєн кыйрашы

12 Тљртєнчє периште сурнай тартканда, кєндєн, айдын жана жылдыздардын єчтљн бир бљлєгє кыйрады. Ошондо алардын єчтљн бир бљлєгє карањгыланып, кєндєзгє убактын да, тєнкє убактын да єчтљн бир бљлєгє жарыгы жок болуп калды.

13 Анан мен асмандын ортосунда учуп келе жаткан бєркєттє кљрдєм жана анын катуу єн менен мындай дегенин уктум: «Жер єстєндљ жашап жаткандарга кайгы, кайгы! Єч периште тарта турган калган сурнайлардын єнє чыкканда, алардын башына кайгы тєшљт!»

9-БЉЛЄМ

Бешинчи сурнай – чегиртке жана туњгуюктун периштелери

1 Бешинчи периште сурнай тартканда, мен асмандан жерге тєшкљн жылдызды кљрдєм. Ал жылдызга тєпсєз туњгуюктун ачкычы берилди.

2 Ал тєпсєз туњгуюкту ачканда, чоњ мештен тєтєн чыккансып, андан тєтєн чыкты. Тєпсєз туњгуюктан чыккан тєтєндљн улам, аба карарып, кєн кљрєнбљй калды.

3 Ошондо тєтєндљн жер єстєнљ чегиртке чыкты, ага жер єстєндљгє чаяндыкындай бийлик берилди.

4 Ал чегирткеге мындай деп айтылды: «Жер єстєндљгє чљпкљ, эч бир љсємдєккљ, эч бир даракка зыян келтирбе, чекесинде Кудайдын мљљрє жок адамдарга гана зыян келтир».

5 Ага аларды љлтєрєєгљ эмес, беш ай кыйноого гана уруксат берилди. Чаян чакканда адам кандай кыйналса, анын кыйноосу да ошондой эле.

6 Ошол кєндљрдљ адамдар љлємдє издешет, бирок таба алышпайт; алар љлємдє каалашат, бирок љлєм алардан качып кетет.

7 Чегирткенин сырткы кљрєнєшє согушка даярдалган аттардай эле. Анын баштарында алтын таажыларга окшогон нерселер бар эле, анын беттери болсо адам баласынын бетиндей эле.

8 Чачтары аялдын чачындай, тиштери арстандын тишиндей эле.

9 Анын кийгени темир соотко окшогон сооттор эле, ал эми канаттарынын шуулдоосу согушка бара жаткан, кљп атка чегилген арабалардын калдыраганына окшош эле.

10 Анын чаяндыкындай куйруктары, куйруктарында болсо уусу бар эле. Ага адамдарды беш ай кыйноого бийлик берилди.

11 Анын падышасы туњгуюктун периштеси эле. Ал периштенин аты эврейче Абадон, ал эми грекче Аполион экен.

12 Биринчи кайгы љтєп кетти. Мына, анын артынан дагы эки кайгы келе жатат.

Алтынчы сурнай – кыйратуучу тљрт периште

13 Алтынчы периште сурнай тартканда, мен Кудайдын алдында турган, алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайдын тљрт мєйєзєнљн чыккан бир єндє уктум.

14 Ал єн сурнай кармап турган алтынчы периштеге: «Улуу Эфрат дарыясынын боюнда байланып турган тљрт периштени бошот», – деди.

15 Ушул жылга, ушул айга, ушул кєнгљ жана ушул саатка даярдалган тљрт периште адамдардын єчтљн бир бљлєгєн љлтєрєє єчєн бошотулду.

16 Атчан аскерлердин саны эки жєз миллион экенин уктум.

17 Ошентип, мен кљрєнєштљ аттарды жана аларга мингендерди кљрдєм. Атчандардын оттой кызыл, кара кљк жана кєкєрттљй сары сооттору бар эле. Аттардын баштары арстандын башындай эле. Алардын ооздорунан от, тєтєн жана кєкєрт чыгып турду.

18 Алардын ооздорунан чыккан бул єч жазадан – оттон, тєтєндљн жана кєкєрттљн адамдардын єчтљн бир бљлєгє кырылды.

19 Анткени бул аттардын кєчє ооздорунда жана куйруктарында эле. Алардын куйруктары жыландарга окшош эле. Жыландардын баштары бар болчу, ошолор менен зыян келтиришчє.

20 Бул єч жазадан љлбљгљн адамдар болсо жиндерге жана љздљрєнєн колу менен алтындан, кємєштљн, жезден, таштан, жыгачтан жасалган, кљрбљгљн, укпаган, баспаган кудайларга табынышканы єчєн љкєнєп тобо кылышкан жок.

21 Алар љздљрєнєн киши љлтєрєшкљнє єчєн да, сыйкырчылык кылышканы єчєн да, ойноштук кылып нике бузушканы єчєн да, уурулук кылышканы єчєн да љкєнєп тобо кылышкан жок.

10-БЉЛЄМ

Колунда ачылган китепчеси бар периште

1 Анан мен асмандан булут жамынып тєшєп келе жаткан кєчтєє, башка периштени кљрдєм. Анын башынан жогору жакта кљк желе бар эле. Анын жєзє кєндљй жаркырап, буттары оттуу тирљљчтљрдљй болуп турду.

2 Анын колунда ачылган китепче бар экен. Ал оњ бутун дењизге, ал эми сол бутун кургак жерге коюп,

3 арстандын айкырыгындай болгон катуу єн менен кыйкырды. Ал кыйкырганда, жети кєн кєркєрљљ љздљрєнєн єнє менен сєйлљй баштады.

4 Жети кєн кєркєрљљ љздљрєнєн єндљрє менен сєйлљп жатканда, мен жазып алмакчы болдум. Бирок асмандан мага: «Жети кєн кєркєрљљнєн эмне деп сєйлљгљнєн жазба, аны жашырып кой», – деп айткан єндє уктум.

5 Бир буту менен дењизде, экинчи буту менен кургак жерде турган, мен кљргљн периште оњ колун асманга кљтљрєп,

6 асманды жана андагы бардык нерсени, жерди жана анын єстєндљгє бардык нерсени, дењизди жана анын ичиндеги бардык нерсени жараткан тєбљлєк Жашоочунун ысымы менен мындай деп ант берди: «Мындан ары создуктурулбайт.

7 Жетинчи периште сєйлљп, сурнай тарткан кєндљрдљ Кудайдын Љз кулдарына – пайгамбарларына айткан жашыруун сыры ишке ашат».

8 Мен асмандан уккан єн мага кайрадан мындай деп сєйлљй баштады: «Бар, бир буту дењизде, экинчи буту кургак жерде турган периштенин колундагы ачылган китепчени ал».

9 Ошондо мен периштеге барып: «Мага китепчени бер», – дедим. Ал мага: «Алгын да жегин. Ал сенин карыныња барганда, ачуу, бирок оозуњда балдай таттуу болот», – деди.

10 Мен периштенин колунан китепчени алдым да жедим. Ал менин оозумда балдай таттуу болду, бирок жегенден кийин, карынымда ачуу болуп калды.

11 Анан ал мага: «Сен элдер, уруулар, тилдер жана падышалар жљнєндљ кайрадан пайгамбарчылык кылууњ керек», – деди.

11-БЉЛЄМ

Ийбадаткананы ченљљ

1 Анан мага ченегич камыш таяк берилип, мындай деп айтылды: «Ордуњдан туруп, Кудайдын ийбадатканасын жана курмандык чалынуучу жайды чене, ал жерде табынып жаткандардын санын эсепте.

2 Ал эми ийбадаткананын сырткы короосун ченебей эле кой, анткени ал бутпарастарга берилген: алар ыйык шаарды кырк эки ай тебелеп-тепсешет.

3 Мен Љзємдєн эки кєбљмљ бийлик берем, алар зумбал кийип алып, бир мињ эки жєз алтымыш кєн пайгамбарчылык кылышат».

4 Алар – бєт дєйнљ жєзєнєн Кудайынын алдында турган эки зайтун дарагы жана эки шам чырак.

5 Эгерде аларга кимдир бирљљ зыян келтирєєнє кааласа, анда алардын ооздорунан от чыгып, душмандарын жалмап коёт. Ким аларга зыян келтирєєнє кааласа, ал љлтєрєлєшє керек.

6 Пайгамбарчылык кылып жаткан кєндљрєндљ жер бетине жамгыр жаабашы єчєн, аларда асманды жаап коюу бийлиги бар. Аларда сууларды канга айландыруу жана каалаган убактыларында жерди ар кандай жазалар менен кыйратуу бийлиги бар.

7 Кєбљлљндєрєп бєтєшкљндљн кийин, тєпсєз туњгуюктан чыккан жырткыч алар менен согушуп, аларды жењет, аларды љлтєрљт.

8 Алардын љлєктљрєн каймана мааниде Содом жана Мисир деп аталган улуу шаардын кљчљсєнљ ташташат. Алардын Тењири да ошол шаарда айкаш жыгачка кадалган.

9 Ар бир элден, ар бир уруудан, ар бир тилден жана ар бир улуттан кљптљгљн адамдар єч жарым кєн алардын љлєктљрєн мєрзљгљ коюуга жол бербей, карап тура беришет.

10 Жер єстєндљ жашап жаткан адамдар алардын љлтєрєлгљнєнљ кубанып, шаттанып, бири-бирине белектерди жиберишет, анткени бул эки пайгамбар аларды кыйнашкан эле.

11 Бирок єч жарым кєндљн кийин аларга Кудайдан љмєр руху кирип, экљљ тењ орундарынан турушту. Ошондо аларды карап тургандарды чоњ коркунуч басты.

12 Анан ал экљљ асмандан катуу єндє угушту, ал єн аларга: «Бул жакка чыккыла», – деди. Ошондо алар булут менен асманга кљтљрєлєп кетишти, душмандары болсо аларды карап турушту.

13 Ошол учурда катуу жер титирљљ болуп, шаардын ондон бир бљлєгє кулап калды. Жер титирљљдљн жети мињ адам љлдє. Калган адамдарды коркунуч басып, асмандагы Кудайды дањкташты.

14 Экинчи кайгы љтєп кетти. Мына, єчєнчє кайгы жакындап келе жатат.

Жетинчи сурнай

15 Жетинчи периште сурнай тартканда, асмандан «Бул дєйнљнєн єстєнљн болгон падышачылык биздин Тењирдин жана Анын Машайагынын колуна љттє, Ал тєбљлєккљ падышачылык кылат» деген катуу єндљр чыкты.

16 Кудайдын алдында, љздљрєнєн тактыларында отурган жыйырма тљрт аксакал жєзтљмљндљп жыгылып, Кудайга мындай деп табынып жатышты:

17 «Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Кудай-Тењир, биз Сага ыраазычылыгыбызды билдиребиз, анткени Сен Љзєњдєн улуу бийлигињди колуња алып, падышачылык тактыња отурдуњ.

18 Бутпарастар ачууланышты. Ошон єчєн Сенин Љз каарыњды тљгљ турган, љлгљндљрдє соттой турган, Љзєњдєн кулдарыња – пайгамбарларыња, ыйыктарыња жана Љзєњдєн ысымыњдан корккондорго, чоњдорго да, кичинелерге да љздљрєнєн тиешесин бере турган, жерди кыйраткандарды жок кыла турган убагыњ келди».

19 Ошондо Кудайдын асмандагы ийбадатканасы ачылып, андан Анын келишим сандыгы кљрєндє. Чагылган чартылдап, катуу добуштар чыгып, кєн кєркєрљп, жер титиреп, мљндєр тљктє.

12-БЉЛЄМ

Аял жана ажыдаар

1 Асмандан улуу жышаан: кєн жамынган аял кљрєндє. Анын бутунун астында ай, башында он эки жылдыздуу таажы бар экен.

2 Ал кош бойлуу болгондуктан, тљрљт азабынан кыйналып, кыйкырып жатты.

3 Асмандан дагы бир жышаан: жети башы, он мєйєзє, жети таажысы бар чоњ кызыл ажыдаар кљрєндє.

4 Ал љзєнєн куйругу менен асмандагы жылдыздардын єчтљн бир бљлєгєн жерге шыпырып тєштє. Ажыдаар наристени тљрљлљрє менен жеп салуу єчєн, тљрљр маалы келип калган аялдын алдына келип турду.

5 Аял бардык элдерди темир таяк менен кайтара турган эркек бала тљрљдє. Бала Кудайдын жана Анын тактысынын жанына кљтљрєлєп кетти.

6 Аял болсо чљлгљ, Кудай даярдап койгон жерге, качып кетти. Анткени ал жерде ал бир мињ эки жєз алтымыш кєн багылышы керек эле.

7 Анан асманда согуш чыкты: Михаел жана анын периштелери ажыдаарга каршы согушушту, ажыдаар жана анын жин-перилери тигилерге каршы согушушту,

8 бирок жењилип калышты, аларга андан ары асманда орун жок эле.

9 Ошентип, чоњ ажыдаар – бєткєл ааламды азгырган, шайтан жана ибилис деп аталган байыркы жылан жерге кулатылды, аны менен кошо жин-перилери да кулатылды.

10 Анан мен асмандан мындай деп сєйлљгљн катуу єндє уктум: «Биздин Кудайыбыздын куткаруу иши иш жєзєнљ ашты, Анын кєчє кљрєндє, Анын падышачылыгы орноду, Анын Машайагы бийликти колуна алды, анткени биздин бир туугандарыбызды Кудайдын алдында кєндєр-тєндєр жамандаган ушакчы жерге кулатылды.

11 Алар аны Козунун каны менен, љздљрєнєн кєбљлљндєрєєсє менен жењишти. Алар љз љмєрлљрєн аяшкан эмес, љлємгљ баш байлашкан.

12 Ошондуктан, асман жана анда жашагандар, кубангыла! Бирок жер єстєндљ жана дењизде жашагандарга кайгы! Анткени шайтан љз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен тєштє!»

13 Ажыдаар љзєнєн жерге кулатылганын кљргљндљ, эркек бала тљрљгљн аялдын артынан сая тєштє.

14 Ошондо чљлдљгє ордуна качып кетиши єчєн, аялга чоњ бєркєттєн эки канаты берилди. Ага жыландан алыс жерде бир мезгил, мезгилдер жана жарым мезгил кам кљрєлдє.

15 Аялды агызып кетиши єчєн, анын артынан жылан љзєнєн оозунан чоњ суу коё берди.

16 Бирок аялга жер жардам берди. Ал љзєнєн оозун ачып, ажыдаар коё берген сууну жутуп алды.

17 Ошондо ажыдаар аялга аябай ачууланып, аялдын башка балдары менен – Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайактын кєбљлљндєрєєсєнљ ээ балдары менен согушууга жљнљдє.

13-БЉЛЄМ

Эки жырткыч

1 Мен дењиздин жээгиндеги кум єстєндљ туруп, дењизден чыгып келе жаткан жырткычты кљрдєм. Анын жети башы, он мєйєзє, мєйєздљрєндљ болсо он таажы, ал эми баштарында Кудайды жамандаган ысымдар бар эле.

2 Мен кљргљн ал жырткыч илбирске окшош экен. Анын буттары аюунукундай, оозу арстандыкындай экен. Ажыдаар ага љзєнєн кєчєн, тактысын жана улуу бийлик берди.

3 Мен ал жырткычтын бир башынын оор жарадар экенин кљрдєм, бирок ал оор жаракат айыгып калды. Бєт жер жєзє тањ калып, жырткычтын артынан ээрчиди. Алар жырткычка бийлик берген ажыдаарга таазим кылып жатышты.

4 «Бул жырткычка ким тењ келе алат? Аны менен ким салгылаша алат?» – деп, алар жырткычка табынып жатышты.

5 Ага текеберденип сєйлљгљн жана Кудайды жамандаган ооз берилди, ошондой эле ага љз бийлигин колдонууга кырк эки ай берилди.

6 Ошондо ал Кудайды, Анын ысымын, Анын жашаган жайын жана асманда жашагандарды жамандоо єчєн оозун ачты.

7 Ага ыйыктар менен согушуп, аларды жењєєгљ жол берилди. Ага бардык уруулардын, элдердин, тилдердин, улуттардын єстєнљн бийлик берилди.

8 Жер єстєндљ жашагандардын бардыгы, ысымдары дєйнљ жаралганда эле союлган Козунун љмєр китебине жазылбаган адамдар ага таазим кылышат.

9 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун.

10 Ким бирљљнє туткундаса, ал љзє туткундалат. Ким кылыч менен бирљљнє љлтєрсљ, ал љзє да кылычтан љлљт. Бул жерде ыйыктардын чыдамкайлыгы жана ишеними керек.

11 Анан мен жерден чыгып келе жаткан башка жырткычты кљрдєм. Анын козунукундай эки мєйєзє бар экен, бирок ал ажыдаардай сєйлљйт экен.

12 Ал биринчи жырткычтын алдында анын бєт бийлиги менен иш жєргєзєп, бєт жер жєзєн жана анда жашагандардын баарын оор жаракаты айыккан биринчи жырткычка таазим кылууга мажбурлайт.

13 Ал улуу кереметтерди кљрсљтљт. Атєгєл, адамдардын кљз алдында асмандан жер єстєнљ от да тєшєрљт.

14 Ага жырткычтын алдында кереметтерди жасоого бийлик берилген. Ал ошол кереметтери менен жер єстєндљ жашагандарды азгырып, аларга: «Кылычтан жаракат алып, бирок тирєє калган жырткычтын айкелин жасагыла», – деп айтат.

15 Жырткычтын айкели сєйлљшє єчєн, љз ишин жєргєзєп, љзєнєн айкелине табынбаган ар бир адамды љлтєрєшє єчєн, ага анын айкелине рух киргизєєгљ бийлик берилди.

16 Ал чоњго да, кичинеге да, байга да, жакырга да, эркин адамга да, кулга да – бардыгынын оњ колуна же чекесине белги салдырат.

17 Ошондо ушул белги: же жырткычтын ысымы, же анын ысымын билдирген сан коюлбаган адамга сатууга же сатып алууга болбойт.

18 Бул жерде акылмандык керек. Кимдин акылы бар болсо, ал жырткычтын санын эсептеп алсын, анткени бул – адамдын саны. Бул сан – алты жєз алтымыш алты.

14-БЉЛЄМ

Козу жана жєз кырк тљрт мињ адам

1 Анан мен Козунун Сион тоосунда турганын кљрдєм. Анын жанында чекелерине Анын жана Атасынын ысымы жазылган жєз кырк тљрт мињ адам туруптур.

2 Анан мен асмандан суулардын шаркыраганындай, кєндєн катуу кєркєрљгљнєндљй болгон єндє уктум. Мен уккан єн гусли чертип ырдагандардын гуслисинин єнєндљй эле.

3 Алар тактынын алдында, тљрт тирєє жандыктын жана аксакалдардын алдында жањы ыр ырдап жатышкандай болду. Ал ырды жер єстєнљн сатылып алынган бул жєз кырк тљрт мињ адамдан башка эч ким єйрљнљ алган жок.

4 Булар – аял заты менен булганбагандар, анткени алар аял затына жакындашкан эмес. Алар – Козу кайда гана барбасын, Анын артынан ээрчигендер. Алар – Кудайга жана Козуга арналган, адамдардын арасынан сатылып алынган туњгучтар.

5 Алардын оозунан эч кандай жалган сљз чыккан эмес, алар кемчиликсиз.

Тєбљлєк Жакшы Кабары бар периште

6 Анан мен асмандын ортосунда учуп келе жаткан периштени кљрдєм. Ал периштеде жер єстєндљ жашаган бардык урууларга жана улуттарга, тилдерге жана элдерге таратыла турган тєбљлєктєє Жакшы Кабар бар эле.

7 Ал катуу єн менен мындай деди: «Кудайдан корккула, Аны дањктагыла, анткени Анын соттой турган убагы келди. Асман менен жерди, дењиз менен булактарды Жаратканга табынгыла».

8 Анын артынан дагы бир периште келе жатты. Ал мындай деди: «Кулады! Улуу шаар Бабыл кулады, анткени ал љзєнєн бузуктугунун ачуу шарабы менен бардык элдерди мас кылган».

9 Бул периштенин артынан дагы бир периште келе жатты. Ал катуу єн менен мындай деди: «Ким жырткычка жана анын айкелине табынса, анын белгисин чекесине же колуна койдурса,

10 ал Кудайдын каарынын шарабын – Анын каары толтурулган чљйчљктљгє таза шарапты ичет. Ал ыйык периштелердин жана Козунун алдында отко жана кєкєрткљ кєйєп кыйналат.

11 Алардын кыйналуусунан чыккан тєтєн тєбљлєккљ кљтљрєлєп турат. Жырткычка жана анын айкелине табынгандар, анын ысымынын белгисин койдургандар кєн да, тєн да тынч ала алышпайт.

12 Бул жерде Кудайдын осуяттарын аткарган жана Ыйсага болгон ишенимди сактаган ыйыктардын чыдамкайлыгы талап кылынат».

13 Анан мен асмандан сєйлљгљн єндє уктум, ал єн мага мындай деди: «Жаз: “Ушул учурдан баштап, Тењирге таандык болуп љлгљндљр бактылуу. Ооба, – дейт Рух, – алар љздљрєнєн иштеринен эс алышат, иштери алардын артынан барат”».

Тєшєм жыйноо

14 Анан мен ак булутту кљрдєм. Анын єстєндљ Адам Уулуна окшогон бирљљ отуруптур. Анын башында алтын таажы, колунда курч орок бар экен.

15 Ийбадатканадан бир периште чыгып, булуттун єстєндљ отурганга катуу єн менен мындай деди: «Орогуњду шилтеп, оро башта, анткени тєшєм жыйноо убагы келди, себеби жер єстєндљ эгин бышты».

16 Ошондо булуттун єстєндљ отурган колундагы орогун жерге шилтеди эле, жер орулуп калды.

17 Асмандагы ийбадатканадан дагы бир периште чыкты. Анын колунда да курч орок бар экен.

18 Оттун єстєнљн бийлиги бар бир периште курмандык чалынуучу жайдан чыгып, курч ороктууга катуу єн менен мындай деп кыйкырды: «Курч орогуњду ал да, жер єстєндљгє жєзєм шињгилдерин кес, анткени жєзєм бышты».

19 Ошондо периште орогун жерге шилтеди да, жер єстєндљгє жєзємдє кесип, Кудайдын каары толтурулган жєзєм сыгылуучу жайга ыргытты.

20 Жєзєм шаардын сыртындагы жєзєм сыгылуучу жайда тебеленди. Ошондо жєзєм сыгылуучу жайдан аккан кан аттын жєгљнєнчљлєк бийиктикке чейин кљтљрєлєп, бир мињ алты жєз стадий аралыкка чейин жетти.

15-БЉЛЄМ

Жети периште жана жети алаамат

1 Анан мен асмандан башка жышаанды, улуу жана тањ каларлык жышаанды, кљрдєм: акыркы жети алааматты алып жєргљн жети периште кљрєндє. Бул алааматтар менен Кудайдын каары басылат экен.

2 Анан мен от менен аралашкан, айнектей болгон дењизди кљрдєм. Жырткыч жана анын бейнеси менен, анын белгиси жана анын ысымын билдирген сан менен болгон кєрљштљ жењип чыккандар ушул айнек дењиздин єстєндљ Кудайдын гуслисин кармап турушуптур.

3 Алар Кудайдын кулу Мусанын жана Козунун ырын ырдап жатышты: «Бардыгын кармап туруучу Кудай-Тењир, Сенин иштерињ улуу жана кереметтєє! Элдердин Падышасы, Сенин жолдоруњ туура жана адилеттєє!

4 О, Тењир, Сенден коркпогон ким бар, Сенин ысымыњды дањктабаган ким бар? Анткени бир гана Сен ыйыксыњ. Бардык элдер Сенин алдыња келип, баш ийип таазим кылышат, анткени Сенин адилеттєє иштерињ айкын болду».

5 Андан кийин мен асмандагы ийбадаткананын – кєбљлєк чатырынын ачылганын кљрдєм.

6 Ийбадатканадан жети алааматты алып жєргљн жети периште чыкты. Алар зыгыр кездемеден тигилген, таза жана жаркыраган кийим кийип, кљкєрљгєн алтын кур менен курчап алышыптыр.

7 Тљрт тирєє жандыктын бири жети периштеге тєбљлєк жашоочу Кудайдын каары толтурулган жети алтын чљйчљктє берди.

8 Ошондо ийбадаткана Кудайдын дањкы менен кєчєнљн улам тєтєнгљ толду. Жети периштенин жети алааматы бєткљнгљ чейин, ийбадатканага эч ким кире алган жок.

16-БЉЛЄМ

Кудайдын каары толтурулган жети чљйчљк

1 Анан мен ийбадатканадан чыккан катуу єндє уктум, ал єн жети периштеге: «Баргыла, Кудайдын жети чљйчљктљгє каарын жерге тљккєлљ», – деди.

2 Биринчи периште барып, љзєнєн чљйчљгєндљгєсєн жерге тљктє. Ошондо жырткычтын белгисин койдурган, анын бейнесине табынган адамдарга жугуштуу жана жийиркеничтєє ирињдєє жаралар чыкты.

3 Экинчи периште љзєнєн чљйчљгєндљгєсєн дењизге тљктє. Ошондо дењиз суусу љлгљн адамдын канындай болуп калды, дењиздеги тирєє жандыктын бардыгы љлдє.

4 Yчєнчє периште љзєнєн чљйчљгєндљгєсєн дарыяларга жана булактарга тљктє. Ошондо алар канга айланды.

5 Анан мен суулардын периштесинин мындай деп сєйлљгљнєн уктум: «Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон Тењир, Сен адилетсињ жана ыйыксыњ, анткени Сен туура љкєм чыгардыњ.

6 Алар ыйыктардын жана пайгамбарлардын канын тљгєштє. Ошон єчєн Сен аларга кан ичирдињ, алар ошого татыктуу».

7 Анан мен курмандык чалынуучу жайдан мындай деп сєйлљгљн єндє уктум: «Ооба, бардыгын кармап туруучу Кудай-Тењир, Сенин љкємдљрєњ туура жана адилет».

8 Тљртєнчє периште љзєнєн чљйчљгєндљгєсєн кєнгљ тљктє. Ошондо кєнгљ адамдарды от менен кєйгєзєєгљ бийлик берилди.

9 Адамдар катуу ысыкка кєйєп, ушул алааматтардын єстєнљн бийлиги бар Кудайдын ысымына тил тийгизип жатышты. Алар тобо кылышкан жок, Аны дањкташкан жок.

10 Бешинчи периште љзєнєн чљйчљгєндљгєсєн жырткычтын тактысына тљктє. Ошондо анын падышачылыгын карањгылык каптады. Адамдар оор азаптан кыйналып, тилдерин тиштешти,

11 љздљрєнєн тарткан азабы жана жаралары єчєн асмандагы Кудайга тил тийгизип жатышты. Алар љздљрєнєн иштери єчєн љкєнєп тобо кылышкан жок.

12 Алтынчы периште љзєнєн чљйчљгєндљгєсєн улуу Эфрат дарыясына тљктє. Ошондо кєн чыгыштан келе турган падышаларга жол даяр болуш єчєн, дарыя соолуп калды.

13 Анан мен ажыдаардын, жырткычтын жана жалган пайгамбардын оозунан курбакага окшогон єч таза эмес рух чыкканын кљрдєм.

14 Бул рухтар – жышаандарды кљрсљткљн жиндердин рухтары. Алар бєт дєйнљнєн падышаларына барып, аларды бардыгын кармап туруучу Кудайдын улуу кєнєндљ боло турган согушка чогултуп келишет.

15 «Мен ууру сыяктуу кєтєлбљгљн жерден келем. Сергек жєргљн жана жылањач калып уят болбош єчєн, љзєнєн кийимдерин сактап жєргљн адам бактылуу».

16 Ал рухтар падышаларды эврейче Армагедон деп аталган жерге чогултушту.

17 Жетинчи периште љзєнєн чљйчљгєндљгєсєн абага тљктє. Ошондо асмандагы ийбадатканадагы тактыдан «Аткарылды!» деген катуу єн чыкты.

18 Чагылган чартылдап, кєн кєркєрљп, дабыштар чыгып, катуу жер титирљљ болду. Адамдар жер єстєндљ жашагандан бери мындай катуу жер титирљљ болуп кљргљн эмес. Бул ушунчалык катуу жер титирљљ эле.

19 Ошондо улуу шаар єч бљлєккљ бљлєндє, бутпарастардын шаарлары кулады. Љзєнєн каары толтурулган шарап чљйчљгєн берєє єчєн, Кудай улуу Бабылды эсине алды.

20 Ошондо аралдардын баары жок болуп кетти, тоолор да жер менен жексен болду.

21 Асмандан адамдардын єстєнљ салмагы бир талант болгон мљндєр жаады. Ошондо адамдар мљндєр алааматы єчєн Кудайга тил тийгизишти, анткени мљндєр алааматы аябай оор эле.

17-БЉЛЄМ

Бабылдын соттолушу

1 Жети чљйчљк кармаган жети периштенин бири келип, мага мындай деди: «Бери жакын кел, мен сага кљптљгљн суулардын єстєндљ отурган љтљ бузулган аялдын єстєнљн болгон сотту кљрсљтљм.

2 Ал аял менен жер єстєндљгє падышалар бузуктук кылышкан, ал аялдын бузуктугунун шарабына жер єстєндљ жашагандар мас болушкан».

3 Анан ал мени Рух аркылуу чљлгљ алып барды. Ошондо мен кыпкызыл жырткычтын єстєндљ отурган аялды кљрдєм. Жети башы, он мєйєзє бар ал жырткыч Кудайды жамандаган ысымдарга толо эле.

4 Аялдын кийими кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемеден, жасалгасы алтындан, кымбат баалуу таштардан жана берметтен эле. Ал колуна жийиркеничтєє нерселерге жана љзєнєн бузуктугунун ыпылас иштерине толгон алтын чљйчљк кармап алыптыр.

5 Анын чекесинде бир ысым жазылуу эле, жашыруун сыр: «Улуу Бабыл – жер єстєндљгє бузулган аялдардын жана жийиркеничтєє нерселердин энеси».

6 Мен бул аялдын ыйыктардын жана Ыйсанын кєбљлљрєнєн канына тойгонун кљрдєм. Аялды кљрєп, мен аябай тањ калдым.

7 Ошондо периште мага мындай деди: «Эмнеге тањ калып жатасыњ? Мен сага бул аялдын жана аны кљтљрєп жєргљн жети баштуу, он мєйєздєє жырткычтын жашыруун сырын айтып берем.

8 Сен кљргљн жырткыч мурун бар болчу, азыр жок. Ал тєпсєз туњгуюктан чыгып, кыйроого учурайт. Жер єстєндљ жашагандардын ичинен ысымдары дєйнљ жаралгандан тартып эле љмєр китебине жазылбагандар мурун бар болуп, азыр жок болуп кеткен жана келе турган бул жырткычты кљрєп тањ калышат.

9 Бул жерде акылмандык керек. Жети баш – аял отурган жети тоо, ошондой эле жети падыша.

10 Алардын бешљљ кулаган, бирљљ турат, бирљљ али келе элек. Ал келгенде, кљпкљ турбайт.

11 Мурун бар болгон, азыр жок болгон жырткыч – сегизинчиси. Ал жетљљнєн бири болуп, кыйроого учурайт.

12 Сен кљргљн он мєйєз – он падыша. Алар љздљрєнєн падышачылык бийлигин алыша элек, бирок алар падыша катары падышачылык бийликти жырткыч менен бирге бир саатка алышат.

13 Алардын ой-максаты бир, алар љздљрєнєн кєчєн жана бийлигин жырткычка љткљрєп беришет.

14 Алар Козу менен согушушат, бирок Козу аларды жењет, анткени Ал – тењирлердин Тењири, падышалардын Падышасы. Анын жанындагылар – чакырылгандар, тандалгандар жана ишенимдєєлљр».

15 Анан периште мага мындай деди: «Сен кљргљн, бузулган аял отурган суулар – адамдар, элдер, уруулар жана тилдер.

16 Сен кљргљн он мєйєз жана жырткыч бузулган аялды жек кљрєп, талап-тонойт, жылањачтайт. Анын этин жеп, љзєн љрттљп жиберет.

17 Анткени Кудай алардын жєрљгєнљ Љзєнєн каалоосун аткарууну, Љзєнєн ушул каалоосун аткарууну, Кудайдын сљзє аткарылганга чейин, алардын падышачылыгын жырткычка љткљрєп берєєнє салган.

18 Сен кљргљн аял болсо – жер єстєндљгє падышалардын єстєнљн бийлик жєргєзгљн улуу шаар».

18-БЉЛЄМ

Бабылдын кулашы

1 Ошондон кийин мен асмандан тєшєп келе жаткан, улуу бийлиги бар периштени кљрдєм. Жер анын дањкы менен жарык болуп турду.

2 Ал катуу єн менен мындай деди: «Кулады! Улуу шаар, бузуктук кылуучу Бабыл кулады, ал жиндердин турак жайы, таза эмес рухтардын баш калкалар жайы, бардык арам жана жийиркеничтєє канаттуулардын жашай турган жайы болду. Анткени анын бузуктук кумарынын шарабынан бардык элдер ичип мас болушкан.

3 Жер єстєндљгє падышалар аны менен бузуктук кылышкан, анын байлыгы менен бєт жер жєзєндљгє кљпљстљр байышкан».

4 Анан мен асмандан мындай деп сєйлљгљн башка єндє уктум: «Менин элим, анын кєнљљлљрєнљ ортоктошуп, анын башына тєшљ турган алааматтарга кабылып калбашыњ єчєн, андан чык!

5 Анткени анын кєнљљлљрє асманга чейин жетти, Кудай анын адилетсиздиктерин эсине алды.

6 Ага силерге кылган иштерине жараша тиешесин бергиле, анын кылган иштерине жараша эки эсе тиешесин бергиле. Анын шарап даярдаган чљйчљгєнљ аныкынан эки эсе кљп шарап даярдап бергиле.

7 Ал љзєн канчалык дањктаса, канчалык сайран курса, ага ошончолук азап, ошончолук кайгы тарттыргыла. Анткени ал љз ичинен: “Мен тактыда отурган ханышамын, мен жесир эмесмин. Мен кайгы тартпайм!” – деп айтып жатат.

8 Ошон єчєн ага бир кєндєн ичинде алааматтар – љлєм, кайгы жана ачарчылык келет. Ал љрттљлљт, анткени аны соттогон Кудай-Тењир кєчтєє.

9 Аны менен бирге бузуктук кылып жыргалчылык кљргљн жер єстєндљгє падышалар анын љртєнљн чыккан тєтєндє кљрєшкљндљ, аны жоктоп, боздоп ыйлашат.

10 Анын кыйналганын кљрєп єрљйлљрє учкан алар алыста туруп алып мындай дешет: “Башыња каран тєн тєштє, улуу шаар, бекем шаар Бабыл! Анткени сенин єстєњљн бир сааттын ичинде љкєм чыгарылды”.

11 Бєт жер жєзєндљгє кљпљстљр аны жоктоп ыйлашат, анткени алардын дєнєйљ-мєлктљрєн:

12 алтын менен кємєштљн жасалган буюмдарын, асыл таштарын, берметин, зыгыр буласын, кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемелерин, жибектерин, ар кандай жыпар жыттуу жыгачтарын, пилдин сљљгєнљн, эњ кымбат жыгачтан, жезден, темирден жана мармардан жасалган ар кандай буюмдарын,

13 дарчиндерин, жыпар жыттуу заттарын, миросун, ладанын, шарабын, зайтун майын, ак унун, буудайын, малын, койлорун, аттарын жана арабаларын, кулдарын, адамдардын жандарын эми эч ким сатып албайт.

14 “Љзєњ жактырган жемиштерињ калбай калды, баалуу жана жаркыраган нерселерињдин баарынан ажырадыњ, эми сен аларды таба албайсыњ”.

15 Ушулардын баары менен соода кылгандар, ушул шаардын аркасы менен байыгандар анын кыйналганын кљрєп, корккондорунан жакын бара албай, жоктоп ыйлап, мындай дешет:

16 “Башыња каран тєн тєштє, зыгыр буласынан, кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемеден кийим кийип, алтын менен, асыл таштар жана бермет менен жасалгаланган улуу шаар, башыња каран тєн тєштє!

17 Анткени ушундай байлык бир сааттын ичинде жок болду”. Кеме башкаруучулар менен кеме жєргєнчєлљрєнєн бардыгы, кемечилер жана дењиз аркылуу соода кылган соодагерлер алыста туруп алып,

18 анын љртєнљн чыккан тєтєндє карап: “Ушул улуу шаарга тењ келген шаар бар беле!” – деп боздошот.

19 Алар баштарына кєл чачып, боздоп ыйлап: “Башыња каран тєн тєштє, улуу шаар! Дењизде кемеси барлардын бардыгы сенин байлыктарыњ менен байышчу эле! Бир сааттын ичинде кыйрадыњ”, – дешет.

20 Асман, ыйыктар, элчилер жана пайгамбарлар, буга кубангыла, анткени Кудай алардын єстєнљн сот жєргєзєп, силер єчєн љч алды».

21 Анан бир кєчтєє периште тегирмендин ташындай болгон чоњ ташты алып, дењизге ыргытты да: «Улуу шаар Бабыл да ушундай кєч менен кулатылат, ал таптакыр жок болот.

22 Сенде мындан ары гусли черткендердин, ырчылардын, чоорчулардын жана сурнайчылардын єнє угулбайт. Мындан ары сенде эч кандай уста, эч кандай устачылык болбойт, мындан ары жаргылчактын єнє угулбайт.

23 Мындан ары сенде шам чырактын жарыгы жаркырабайт, кєйљљ менен колуктунун єнє угулбайт, анткени сенин кљпљстљрєњ бул дєйнљнєн тљрљлљрє эле, сенин сыйкырчылыгыњ менен бардык элдер адашкан.

24 Бул шаардан пайгамбарлардын, ыйыктардын жана жер єстєндљгє бардык љлтєрєлгљн адамдардын каны табылган», – деди.

19-БЉЛЄМ

Бабыл кулагандагы асманда болгон кубаныч

1 Ошондон кийин мен асмандан кљп кишинин єнєндљй болгон катуу єн уктум, ал єн мындай деди: «Кудайды дањктагыла! Куткаруу иши, дањк, урмат-сый жана кєч биздин Кудай-Тењирибизге таандык.

2 Анткени Анын љкємдљрє адилет жана акыйкат! Анткени Ал бузуктугу ашынган аялды соттоду. Ал аял жер жєзєн љзєнєн бузуктугу менен бузган. Кудай Љзєнєн кулдарынын каны єчєн андан љч алды».

3 Экинчи жолу: «Кудайды дањктагыла! Ал шаардын тєтєнє тєбљлєк кљтљрєлєп турат», – деп айтышты.

4 Ошондо жыйырма тљрт аксакал жана тљрт тирєє жандык жыгылып, тактыда отурган Кудайга таазим кылып: «Оомийин! Кудайды дањктагыла!» – дешти.

Козунун Љз колуктусу менен никелешєєсє

5 Анан тактыдан мындай єн чыкты: «Кудайдын бардык кулдары, Андан корккондор, чоњдор да, кичинелер да, биздин Кудайды мактагыла!»

6 Анан мен топ элдикиндей, суулардын шаркыраганындай жана кєндєн катуу кєркєрљгљнєндљй болгон єндє уктум. Ал єн мындай деп жатты: «Кудайды дањктагыла! Анткени бардыгын кармап туруучу Кудай-Тењир падышачылык бийликти колуна алды.

7 Сєйєнљлє, кубаналы жана Аны дањктайлы, анткени Козунун никелешєє убагы келди, Анын колуктусу љзєн даярдады».

8 Ага таза жана жаркыраган зыгыр буласынан кийим кийєєгљ укук берилди. Анткени зыгыр кийим – ыйыктардын адилдиги.

9 Анан периште мага: «Жаз: Козунун нике тоюна чакырылгандар бактылуу», – деди. Анан ал мага дагы мындай деди: «Бул сљздљр – Кудайдын чындык сљздљрє».

10 Ошондо мен ага таазим кылуу єчєн, бутуна жыгылдым. Бирок ал мага: «Мындай кылба. Мен Ыйса Машайактын кєбљлљндєрєєсєнљ ээ болгон сенин жана сенин бир туугандарыњдын кызматташымын. Кудайга таазим кыл. Анткени Ыйса Машайактын кєбљлљндєрєєсє – пайгамбарчылыктын руху», – деди.

Ак атчан

11 Анан мен ачылган асманды жана ак аттын єстєндљ Отурганды кљрдєм. Анын ысымы – Ишенимдєє жана Чындык. Ал адилеттєєлєк менен сот жєргєзљт жана адилеттєєлєк менен согушат.

12 Анын кљздљрє оттун жалынындай, Анын башында болсо кљп таажы бар. Анын Љзєнљн башка эч ким билбеген, жазылган ысымы бар.

13 Анын кийген кийими канга боёлгон. Анын ысымы – Кудайдын Сљзє.

14 Анын аркасынан ак ат минген, ак жана таза зыгыр буласынан кийим кийген асман кошуундары ээрчиди.

15 Анын оозунан элдерди кыра турган курч кылыч чыгып туруптур. Ал элдерди темир таяк менен кайтарат. Ал бардыгын кармап туруучу Кудайдын каарынын жана ачуусунун шарабы толтурулган жєзєм сыгылуучу жайды тебелеп жатат.

16 Анын кийиминде жана санында Љзєнєн ысымы жазылган: «Падышалардын Падышасы жана тењирлердин Тењири».

17 Анан мен кєндєн єстєндљ турган бир периштени кљрдєм. Ал бийик асманда учуп жєргљн бардык канаттууларга мындай деп кыйкырды: «Кудайдын улуу Кечки Тамагына чогулуп келгиле.

18 Падышалардын, мињ башылардын жана кєчтєєлљрдєн этин, аттардын жана аларды мингендердин этин, эркин адамдардын жана кулдардын, чоњдордун жана кичинелердин этин жеш єчєн чогулгула».

19 Анан мен жырткычты, жер єстєндљгє падышаларды жана алардын чогулган аскерлерин кљрдєм. Алар ат єстєндљ Отурган менен, Анын аскерлери менен согушууга чогулушкан эле.

20 Ошондо жырткыч жана аны менен бирге жалган пайгамбар колго тєшєрєлдє. Ал жалган пайгамбар жырткычтын алдында кљрсљткљн кереметтери менен жырткычтын белгисин кабыл алгандарды жана анын бейнесине табынгандарды азгырчу. Ал экљљ тењ кєйєп жаткан кєкєрттєє кљлгљ тирєєлљй ыргытылды.

21 Ал эми калгандары ат єстєндљ Отургандын оозунан чыккан кылыч менен љлтєрєлєштє. Бардык канаттуулар алардын љлєгєн жеп тоюшту.

20-БЉЛЄМ

Мињ жылдык падышачылык

1 Анан мен асмандан тєшєп келе жаткан периштени кљрдєм. Анын колунда тєпсєз туњгуюктун ачкычы жана чоњ чынжыр бар эле.

2 Ал шайтан жана ибилис болуп эсептелген байыркы жыланды – ажыдаарды кармап алып, мињ жылга чынжырлап койду.

3 Мињ жыл љткљнгљ чейин элдерди азгырбасын деп, ал аны тєпсєз туњгуюкка кулатып тєшєрєп, камап салды, анан єстєнљн мљљр басып койду. Ал ошондон кийин гана бир аз убакытка бошотулууга тийиш эле.

4 Анан мен тактыларды жана аларда отургандарды кљрдєм. Аларга сот жєргєзєєгљ укук берилди. Ошондой эле мен Ыйсаны кєбљлљндєрєшкљнє єчєн жана Кудайдын сљзє єчєн башы алынгандардын жандарын – жырткычка жана анын бейнесине табынбаган, љздљрєнєн чекесине да, колуна да белги койдурбагандарды кљрдєм. Алар тирилип, Машайак менен бирге мињ жыл падышачылык кылышты.

5 Калган љлгљндљр мињ жыл љткљнгљ чейин тирилишкен жок. Бул – биринчи тирилєє.

6 Биринчи тирилєєгљ катышкан адамдар – бактылуу жана ыйык адамдар: экинчи љлєм алардын єстєнљн бийлик кыла албайт, алар Кудайдын жана Машайактын ыйык кызмат кылуучулары болушат жана Аны менен бирге мињ жыл падышачылык кылышат.

Шайтандын жазаланышы

7 Мињ жыл љткљндљн кийин шайтан камалган жеринен бошотулуп, жердин тљрт тарабында жашаган элдерди, Гок менен Магокту азгыруу єчєн чыгат, аларды согушка чогултат. Алардын саны дењиз кумундай кљп.

8 Алар дєйнљнєн тљрт тарабына чыгып, ыйыктардын кошуунун жана Кудайдын сєйєктєє шаарын курчап алышты.

9 Ошондо асмандан, Кудайдан от тєшєп, аларды љрттљп жиберди.

10 Ал эми аларды азгырган шайтан кєйєп жаткан кєкєрттєє кљлгљ ыргытылды. Ал жерде жырткыч жана жалган пайгамбар бар. Алар кєнє-тєнє, тєбљлєк кыйналышат.

Акыркы сот

11 Анан мен чоњ ак тактыны жана анда Отурганды кљрдєм. Анын жєзєнљн асман менен жер качты: аларга орун табылбай калды.

12 Ошондо мен тактынын алдында турган љлгљндљрдє – чоњдорду да, кичинелерди да кљрдєм. Китептер ачылды. Дагы бир китеп ачылды, ал љмєр китеби эле. Љлгљн адамдар китептерде жазылган љздљрєнєн иштерине жараша соттолушту.

13 Ошондо дењиз љзєндљгє љлгљн адамдарды кайрып берди, љлєм жана љлгљндљр жаткан жай да љздљрєндљгє љлгљн адамдарды кайрып беришти. Ар бир адам љз иштерине жараша соттолду.

14 Анан љлєм жана љлгљндљр жаткан жай кєйєп турган кљлгљ ыргытылды. Кєйєп турган кљл – экинчи љлєм.

15 Ал эми ким љмєр китебине жазылбаган болсо, ал кєйєп турган кљлгљ ыргытылды.

21-БЉЛЄМ

Жањы асман жана жањы жер

1 Анан мен жањы асманды жана жањы жерди кљрдєм. Анткени мурунку асман менен мурунку жер жок болгон эле, дењиз да жок болгон.

2 Мен, Жакан, ыйык шаарды – жањы Иерусалимди кљрдєм. Ал кєйљљсє єчєн жасанган колуктудай даярдалып, асмандан, Кудайдан тєштє.

3 Анан мен асмандан мындай деген катуу єндє уктум: «Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге. Кудай алар менен жашайт, алар Анын эли болушат. Кудай Љзє алар менен болуп, алардын Кудайы болот.

4 Кудай алардын бардык кљз жашын аарчыйт. Љлєм деген болбойт. Ый деген, љкєрєк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары љтєп кеткен».

5 Анан тактыда Отурган мындай деди: «Мына, Мен бардыгын жањы жаратып жатам». Анан мага мындай деди: «Жаз, анткени бул сљздљр туура жана чындык».

6 Анан мага мындай деди: «Аткарылды! Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын. Суусаганга тирєє суунун башатынан сууну бекер берем.

7 Жењип чыккан адам бардыгын мураска алат, Мен анын Кудайы болом, ал Менин уулум болот.

8 Коркоктор жана ишенбегендер, кара ниеттер жана киши љлтєргєчтљр, бузулгандар жана сыйкырчылар, бутка табынуучулар жана бардык жалганчылар кєйєп жаткан кєкєрттєє кљлгљ ыргытылышат: бул – экинчи љлєм».

9 Акыркы жети алаамат толтурулган жети чљйчљк кармаган жети периштенин бири мага келип: «Жєр, мен сага колуктуну – Козунун єйлљнљ турган аялын кљрсљтљм», – деди.

10 Анан ал мени Рух аркылуу чоњ жана бийик тоого алып чыгып, асмандан, Кудайдан тєшкљн улуу, ыйык Иерусалим шаарын кљрсљттє.

11 Ал Кудайдын дањкына толуп турган эле. Анын шам чырагы асыл ташка, кристалл сыяктуу тунук яспис ташына окшош экен.

12 Анын чоњ жана бийик дубалы, он эки дарбазасы бар эле. Дарбазалардын єстєндљ он эки периште, дарбазалардын бетинде Ысрайыл уулдарынын он эки уруусунун аттары жазылыптыр:

13 чыгыш тарапта єч дарбаза, тєндєк тарапта єч дарбаза, тєштєк тарапта єч дарбаза, батыш тарапта єч дарбаза бар экен.

14 Шаардын дубалынын пайдубалы он эки таштан турат экен, алардын бетине Козунун он эки элчисинин ысымы жазылыптыр.

15 Мени менен сєйлљшкљндєн колунда шаарды, анын дарбазаларын жана дубалын ченей турган алтын таягы бар экен.

16 Шаар тљрт бурчтук тєрєндљ эле, анын узундугу менен туурасы бирдей экен. Ал шаарды таяк менен ченегенде, он эки мињ стадий болду: узундугу, туурасы жана бийиктиги бирдей.

17 Ал анын дубалын да ченеди: периште адамдар колдонгон чен менен ченегенде, бир жєз кырк тљрт чыканак болду.

18 Анын дубалы яспис ташынан тургузулуптур, шаар болсо тунук айнекке окшош таза алтындан эле.

19 Шаардын дубалынын пайдубалы ар кандай асыл таштардан экен: биринчи негизги таш – яспис, экинчиси – сапфир, єчєнчєсє – халкидон, тљртєнчєсє – зымырыт,

20 бешинчиси – сардоникс, алтынчысы – кызыл агат, жетинчиси – хризолит, сегизинчиси – берилл, тогузунчусу – топаз, онунчусу – сары зымырыт, он биринчиси – гиацинт, он экинчиси – аметист.

21 Он эки дарбазасы – он эки бермет. Ар бир дарбазасы љзєнчљ берметтен жасалган эле. Шаардын кљчљсє – тунук айнек сыяктуу таза алтын.

22 Мен ал шаардан ийбадаткананы кљргљн жокмун, анткени бардыгын кармап туруучу Кудай-Тењир жана Козу анын ийбадатканасы экен.

23 Шаар кєндєн да, айдын да жарык кылып туруусуна муктаж эмес экен, анткени аны Кудайдын дањкы жарык кылып турду, анын шам чырагы – Козу Љзє.

24 Куткарылган элдер анын жарыгы астында басып жєрєшљт, жер єстєндљгє падышалар љздљрєнєн атак-дањкын шаарга алып келишет.

25 Анын дарбазалары кєндєз бекитилбейт, анткени ал шаарда тєн болбойт.

26 Ал шаарга элдердин атак-дањкын жана урмат-сыйын алып келишет.

27 Ал шаарга эч бир таза эмес нерсе кирбейт, жийиркеничтєє жана жалган иштерди жасаган эч бир адам кирбейт, ысымы Козунун љмєр китебине жазылгандар гана киришет.

22-БЉЛЄМ

1 Анан ал мага Кудайдын жана Козунун тактысынан агып чыгып жаткан љмєр суусунун кристаллдай тунук дарыясын кљрсљттє.

2 Анын кљчљсєнєн ортосунда, дарыянын аркы тарабында да, берки тарабында да љмєр дарагы љсєп туруптур. Ал ай сайын, бир жылда он эки жолу жемиш берет экен. Анын жалбырактары элдерди айыктырууга арналыптыр.

3 Ал шаарда каргышка калган эч нерсе болбойт. Ал жерде Кудайдын жана Козунун тактысы болот, Ага Љзєнєн кулдары кызмат кылышат.

4 Алар Анын жєзєн кљрєп турушат, алардын чекесинде Анын ысымы жазылуу болот.

5 Ал жерде тєн болбойт, алар шам чырактын жарыгына же кєндєн жарыгына муктаж болушпайт, анткени Кудай-Тењир Љзє алардын єстєнљн жаркырап турат. Алар тєбљлєккљ падышачылык кылышат.

Машайактын келиши

6 Анан ал мага мындай деди: «Бул сљздљр туура жана чындык, ыйык пайгамбарлардын Кудай-Тењири жакында эмне боло тургандыгын Љзєнєн кулдарына кљрсљтєє єчєн, Љзєнєн периштесин жиберди».

7 Ыйса мындай дейт: «Мына, Мен жакында келем. Бул китептеги пайгамбарчылыктарды карманган адам бактылуу».

8 Мен, Жакан, ушуну кљрдєм жана уктум. Мен муну уккандан кийин жана кљргљндљн кийин, мага ушуну кљрсљткљн периштеге таазим кылуу єчєн, бутуна жыгылдым.

9 Бирок ал мага мындай деди: «Мындай кылба, анткени мен сенин, сенин бир туугандарыњ болгон пайгамбарлардын жана ушул китептеги сљздљрдє сактагандардын кызматташымын. Кудайга таазим кыл».

10 Анан ал мага мындай деди: «Бул китептеги пайгамбарчылыктарга мљљр басып бекитпе, анткени убакыт жакындап калды.

11 Адилетсиз иштерди жасаган адам адилетсиз иштерин жасай берсин, ыпылас адам ыпылас иштерин жасай берсин. Ал эми адил адам адил иштерин жасай берсин, ыйык адам ыйыктала берсин».

12 Ыйса мындай дейт: «Мына, Мен жакында келем. Ар бир адамга иштерине жараша бере турган сыйлыгымды ала келем.

13 Мен Альфамын жана Омегамын, биринчимин жана акыркымын, башымын жана аягымын.

14 Љмєр дарагынын жемишинен жегенге жана шаарга дарбаза аркылуу кирєєгљ укук алуу єчєн кийимдерин жуугандар бактылуу.

15 Шаардын сыртында болсо – иттер жана сыйкырчылар, бузулгандар жана киши љлтєргєчтљр, бутка табынуучулар, жалганды сєйєєчєлљр жана адилетсиз иштерди кылуучулар.

16 Мен, Ыйса, ушуну силерге Жыйындарда кєбљлљндєрєшє єчєн, Љзємдєн периштемди жибердим. Мен Дљљттєн тукумунан чыккан тањкы жарык жылдызмын».

17 Рух менен колукту: «Кел!» – дешет. Муну уккан да: «Кел!» – десин. Суусаган келсин, каалоочу љмєр суусун бекер эле алсын.

18 Мен, Жакан, бул китептеги пайгамбарчылыктарды уккан ар бир адамга эскертемин: ким аларга бир нерсе кошо турган болсо, Кудай ага бул китепте жазылган алааматтарды кошуп берет.

19 Ким бул пайгамбарчылыктар жазылган китептеги сљздљрдљн бир нерсе алып салса, Кудай андан љмєр дарагындагы жана ыйык шаардагы єлєшєн, ошондой эле бул китепте жазылган єлєшєн алып коёт.

20 Муну кєбљлљндєрєєчє мындай дейт: «Ооба, Мен жакында келем!» Оомийин. Ооба, кел, Тењир Ыйса!

21 Биздин Тењирибиз Ыйса Машайак бардыгыњарга ырайымын тљгљ берсин! Оомийин.